Убакыт жөнүндө

Бул бетке убакыт жонундо макалдар чыгарылды.

  1. Ак төөнүн карды жарылып жаткан убакыт.
  2. Иштүүгө убакыт жетпейт, ишсизге убакыт өтпөйт.
  3. Убакыттан уттурганың — ырыскыдан куру калганың.
  4. Жел желпинте соккон менен, таң мезгилсиз ата койбос.
  5. Эмгектин деңгээлин мезгил тастыктайт.
  6. Эртеден кечке тартактап, тактай тилген эки акмак.
  7. Аттууга жөө жете албайт, экөөнө бирөө баталбайт, эки ат минген кеч калбайт.
  8. Ач калардыкы кеч калар.
  9. Бирөө эрте, бирөө кеч, барабыз кербен жолуна.
  10. Бүгүнкүнүн эртеңи бар, кечээгиңди бүгүндөн издебе.
  11. Жалкоого кеч кирбейт, жаманга эс кирбейт.
  12. Жалкоого күн кечкирбейт.
  13. Жумуру башка бир өлүм, эрте — кечи баары бир.
  14. Ийгиликтин кечи жок.
  15. Кеч калар ишке кар жаайт.
  16. Кечээ көргөн бүгүн жок, ушундай экен дүйнө шок.
  17. Кечээки күндүн алысы жок, эртеңки күндүн жакыны жок.
  18. Ач бала ток бала менен ойнобойт, ток бала эртеңкисин ойлобойт.
  19. Бербеске эртең менен саамал, берерге бешимде кымыз.
  20. Бүгүн — пэшэ (бай), эртең — гэдэ (кедей).
  21. Бүгүн бар да, эртең жок, атаңдын көрү дүйнө бок.
  22. Бүгүн бүтүрүүчү ишти эртеңкиге калтырба.
  23. Бүгүн көргөн — эртең жок, бүгүнкү ач — эртеңток, тоюнганда топук күт, толгоп салар дүнүйө шок.
  24. Кыз өлсө — кырчындай башы кыйылат, жигит өлсө —үч кун жалын, үч күн чок, үч күндөн кийин көздөн жаш тыйылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

восемнадцать + 8 =