Макал
- Тааныбасты сыйлабас
- Таз кыздын көңүлү болбосо да, таза кыздын көңүлү
- Таз таранганча – той таркаптыр
- Такыры жок жер болбойт, жакыры жок эл болбойт
- Тамаксоонун табагы толбойт, топуктуунун жаманы болбойт
- Тамакты таттуу кылган – туз, алысты жакын кылган – кыз
- Тамашага – тамаша, каяшага – каяша
- Тандаган тазга жолугат
- Тапкан сүйүнөт, тааныган алат
- Таппасаң сыйпалап кал
- Тар жерде аш жегиче, кең жерде муш же
- Тарс эткендин баары тамаша, карс эткендин баары күлкү
- Тартып ичкен тай ашырат, аяп ичкен ат ашырат
- Таш менен урганды аш менен ур
- Таш түш, таалайыңан көр
- Таш түшкөн жеринде оор
- Тегинен эмес, кебинен
- Текин болсо, туз жутам
- Темене берип, төө алат
- Темирди кызуусунда сок
- Тең – теңи менен, тезек – кабы менен
- Тең жегенди Теңирим сүйүптүр
- Теңирим бир жааса, терегим эки жаайт
- Теңчилик жоголду, темингендер оңолду
- Теректей бой бергиче, теменедей акыл бер
- Тиги дүйнөнүн бейишинен, бул дүйнөнүн кейиши артык
- Тизелеп жашаганча, тик туруп өлгөн жакшы
- Тилден бал да тамат, уу да тамат
- Тилиң тишиңе күбө
- Тилиңе – тибиртке
- Тиш өтпөгөнгө, тил өтөт
- Тиши чыккан балага, чайнап берген аш болбойт
- Тишиң барда таш чайна
- Тойго барсаң тоюп бар, ашка барсаң ачка бар
- Ток бала ач балага карабайт
- Токмогу күчтүү.
- Тил-журоктун ачкычы болсо, кийиз казык жерге кирет
- Токой тоонун көркү, эр элдин көркү
- Токол уйду чапсаң, мүйүздүүгө доо кетет
- Токтогулдай ырчы бол, Толубайдай сынчы бол
- Тондууга тондуудай, тону жокко тону жоктой суук
- Төгүлгөн аяк кайра толбойт
- Төө көрдүңбү? – жок, бээ көрдүңбү? – жок
- Төө кыядан өткөн сөң, “оо” – дегениң курусун
- Төрдө орун болсо, улагага отурба
- Төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт
- Тумшугу байланган ит көчүгү менен үрөт
- Тууган издеп, достон кетпе
- Туулган жердин топурагы алтын, эли мазар
- Туулганына сүйүнбөй, тураарына сүйүн
- Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок
- Туура сөз кылычтан өткүр
- Туягы бүтүн тулпар жок, канаты бүтүн шумкар жок
- Түйшүгү жок жан болбойт
- Түтүнү бөлөктүн түйшүгү бөлөк