Бул баракчада асман жонундо кызыктуу табышмактар жооптору мене камтылды.Бул балдардын жана чон кишилердин ойлоонуусун, ой жугуртуусун арттырууга жардам берет.


Үркөр, үркөр топ жылдыз,
Үркүп кайда барасың?
Жоо желимге барамын.
Жоо желимде эмнең бар?
— Аштык айдар уулум бар,
Жибек созор кызым бар.

Жапыз бойлуу,
Тогуз тондуу.

Жомогум жомок,
Толгон ай жомок.
Тогуз бир кыздын,
Баасы ай жомок.
Акылдуу адам,
Айткысыз жомок.
Чечен бир жигит,
Чечкисиз жомок.

Куттук сейит куш кармайт.

Темирден-темирден,
Ортосун чычкан кемирген.

Кырда кылыч жаркылдайт.

Бара жалтырайт.

Жылт этти-жылгага түштү,
Кылт этти-кырдан ашты.

Оор килем кага албаймын,
Майда ташты тере албаймын.

Эгиз ирана, тегиз тирана.
Миң бир чечек, бир жапырмак.

Асты тагара,
Үстү загара,
Кырк миң чечек,
Бир гүлала.

Эгиз тырана,
Тегиз тырана,
Миң бир чечек,
Бир жапырмак.

Күндө көрдүм дарыя чалкар көлдү,
Эки каз мекен кылып жатыр аны,
Ортосунда жети сары балапаны.

Атам берген тыйынды санап алармын,
Энем берген килемди кечип калармын.

Энем токуган килемди карай албадым,
Атам берген пулду санай албадым.

Карып калган энеси бар,
Майда сары баласы бар,
Жалгыз көздүү атасы бар,
Муну издеп табыңар.

Дүйнөдө бир дарыя,
Көрдүк аны эки кыз мекен кылып жатат,
Анын үстүндө сармашанын балапаны.

Кою саналбаган,
Жайыты өлчөнбөгөн,
Койчусу мүйүзчөн.

Бир курсакта эгиз кыз,
Бир жатууга зар болот.
Бир учу көк тирейт,
Бир учу жер тирейт,
Ушуну ким билет?

Алтын табак,
Күмүш кашык,
Алты жүз шуру таш.
Ат-Башыдан ат качырдым,
Куюнчудан кунан качырдым.

Кырда кылыч жаркырайт,
Сайда төө баркырайт.

Кырда кылыч жаркырайт,
Ойдо кара атан баркырайт.

Этегим толгон көп чүкө,
Ортосунда бир сака.

Ордодогу көп чүкө,
Ортосунда бир сака.

Көп чүкө,
Көп чүкөнүн ичинде
Чоң чүкө.

Миң чүкөдө бир томпой.

Миң кочкор,
Миң кочкордун ичинде
Бир алп кочкор.

Асманда койлор жайнайт,
Артынан койчусу айдайт.

Көктөн учкан от болот,
Талыганда жок болот.

Үй үстүндө көп бермет.

Уучтасам ууч жетпейт,
Санасам сан жетпейт.

Түндөсүндө сандыкка салдым бир сыпыра ок,
Күндүзүндө тура калып карасам, бирөө да жок.

Сандыгымда көп ок,
Эрте туруп карасам бири да жок.

Түн ичи бүлбүлдөп жанат,
Күндүзү көрүнбөй калат.

Таруумду жыйнап алдым таң атканча.

Там үстүнө таруу жайдым,
Таң атпай жыйып алдым.

Талаага таруу чачтым.

Күзгү бетинде күйгөн мончок,

Көл үстүнө бермет чачтым,
Бирок чөкпөйт.

Көк майсаңдуу жер ачылды,
Көп эле бермет чачылды.

Көк көйнөккө гозо жайдым.

Кечинде таруу септим,
Эртең менен жыйып кеттим.

Дүйнөдө эсеп жеткиз.

Бир жалгыздын жүз жылкысы бар,
Биринен бири озбой турган,
Кыямат кайымгача түшпөй турган.

Эки бөрү жеп жатат кан чыгарбай,
Эки күлүк келе жатат чаң чыгарбай.

Эки тулпар келе жатат чаң чыгарбай,
Бир карышкыр соруп жатат кан чыгарбай.

Учуптур Машырыктан эки булбул,
Булбулдун издегени бир кызыл гүл.
Булбул издеп бир кызыл гүл тапса дагы,
Конууга бакча таппай айланып жүр.

Эки тулпар жүгүрөт, чаң чыгарбайт.

Эки көзүм бар,
Дүйнөнүн баарын көрүп турат.

Эзелден бери эки адам,
Бир-бирине жете албайт.

Байдын кызы наадан,
Нааданга битта нан.
Битта нанды бөлүп жейт,
Ар бир адам.

Ак боз аттын башы,
Алтын ээрдин кашы,
Муну тапкан киши
Жүз бешке чыксын жашы.

Өзү тегерек,
Жарыгы эң керек.
Күндүз көрөм,
Түндөсү көрбөйм.

Жаратканды жалгаган,
Жаратылыш байлаган.
Эч бир жакка козголтпой,
Өз жайына кармаган.
Ал эмине болучу?

Дүйнөдө бир чырак бар, дайым күйгөн,
Майы жок, билиги жок илгертеден.

Бир түп караган,
Дүнүйөгө тараган.

Бир топ караган,
Амма жакка тараган.

Он беш алма, он беш шак,
Он беши кара он беши ак.

Он беш күнү тегерек,
Он беш күнү бак.
Он беш күнү кара,
Он беш күнү ак.

Он беш күнү достошуп күлөт,
Он беш күнү кабагын бүркөп жүрөт.

Муз үстүндө булан сөйкө.

Муз үстүндө жаадай сөйкө.

Тор жорго аттын кермеси,
Ашыкча сулуу формосу.

Тептегерек чоң айнек,
Көлгө түшүп чөкпөдү.
Аны көрүп чочулап,
Атым басып өтпөдү.

Жапсарга жарты нан койдум.

Там үстүндө жарты нан.

Өзү асманда, жарыгы жерде.

Кырга кылыч көмдүм,
Кылычымды түндө көрдүм.

Көк тасторкон бетинде,
Кээде бүтүн жарты нан.
Көп көрөбүз байкасак,
Бүтүн эмес жартыдан.

Жабыктагы жарты нан,
Жатып жесем түгөнбөйт.

Дүйнөдө бар алтын терек,
Мунун жарымы алтын,
Жарымы күмүш болсо керек,
Аны тапкан адамдын акылы зерек.

Бүчук аякка айран уюттум.

Бир калыпта жүгүрбөс шок,
Түндө бар да, күндүз жок.

Бир бети кара, бир бети ак,
Терең ойлоп аны тап.

Жалгыз патыр,
Баары жокко татыр.

Жарты патир, ааламга татыр.

Кичине баатыр, ааламга татыр.

Алакандай бети ааламга татыр.