Букардан келген мунаажын,
Куйругу чолок кунаажын.
Бул неменин жүрүшү,
Тумшугунун чүрүшү

Конок башын керткен экен
Ажырык түбүн жеген экен,
Үйүн карай жорткон экен.

Бүлдүр-бүлдүр бүлдүркөн,
Жер айлана жүгүргөн,
Наясаттын баласы
Мылтык ала жүгүргөн.

Бүгүр, бүгүр, бүгүргөн,
Муз алдынан жүгүргөн
Шаанын уулу Шамурза
Мылтыгын ала жүгүргөн

Көчөгө чыгып «дат» деп ыйлайт.

Тону бар, киерине чапаны жок,
Муруту бар, ээгинде сакалы жок,
Пайдасы үй ичинен табылган соң,
Талаага кирип чыгар сапары жок.

Тамак жесе сокур,
Аң ууласа соо.
Үй жаныбар болгон менен
Тилеги жаман ошо.

Өзүнөн чоңду коркуткан,
Чокчолой баатыр.

От жанында кумган,
Эки көзүн жумган.

Кырдан келген кылкылдак,
Эки көзү былкылдак.

Үй ичинде лөк,
Эки көзү көк.

Кашкардан келген лөк,
Эки көзү көк.

Каз акемин кыздары.
Каздай болуп отурат.
Таранарга чачы жок,
Таздай болуп отурат.

Итче отуруп,
Адамча жуунат.

Бар-бар, бар эки,
Бармактары көп эки,
Куур ала тону бар
Куралагай көзү бар.
Муну ойлоп табыңдар?

Бар-бар, бар эки,
Бармактары он эки,
Кулаалыдан тону бар,
Куйругунун учунда
Кыркка жакын калы бар.

Баркы жок өлүптүр,
Кунан чаап кетиптир.

Караңгыда какылдак,
Түнүндөсү түпүлдөк,
Саары менен чыпылдак.

Көчсө көттө, консо четте.

Бир чексе, элүү баксага карыздар.

Өз үйүмдүн кулагы,
Бир жаныбар бу дагы.

Көзү үңкүр бейли тар,
Бадуба кылып баш урса,
Ойлобойт намыс-ар.
Урумда бар, кырымда бар.
Бул сөзүмдө бир кабар.

Көзү үңкүр бейли тар,
Батыба кылып баш кошсо,
Ойлонушпайт намыз, ар.

Ичибизде бир жандар бар,
Көзү питик, көңүлү тар,
Күндө үч убак урсаң да,
Эч кылбайт намыс, ар.

Какебай акем «как» этет,
Кабыргасы солк этет.

Аргый-аргый жүгүрөт,
Аргымакча бүгүлөт,
Муну ойлоп ким билет?

Төрт киши:
Экөө басса,
Экөө турат.

Он эки — төө, он — жылкы,
Тогуз — уй, беш — эчки,
Бир жарым — коен, үч — түлкү,
Таба албасаң бол күлкү.

Эртең менен кетет чубалып,
Кечинде келет көнөккө суу алып.

Тогуз — томолок
Сегиз — семелек
Төрт — мардек,
Эки зардек.

Жүндүү жырбак
Жүнү жок жырбак.

Үч буту бар аксабайт,
Жаагы бар жокшобойт,
Аркасы бар оонабайт,
Куйругу бар шыйпанбайт

Аркалуудан оонабас,
Жаактуудан кепшебес,
Кулактуудан тыңшабас.

Аркалуудан оонабас,
Куйруктуудан шыйпанбас,
Жаактуудан кепшебес.

Түктүүдөн оонабас,
Аяктуудан кепшебес.

Аркалуудан оонабас,
Бул нимедир, Калим таз?
Жаактуудан кепшебес,
Бул нимедир Калим таз?

Ары барып топос эмес,
Бери келип уй эмес.
Кылоо-кылоо арабөк.

Сааса сүтүн берет,
Минсе күчүн берет.
Өзү баш билги элпек,
Биз үчүн абдан керек.

Мүйүзү болуп уй эмес,
Шыйпанган менен жылкы эмес.
Чуудасы туруп төө эмес,
Туягы ача, бирок эчки эмес.

Мүйүзү бар — үй эмес,
Куйругу бар — жылкы эмес.
Чуудасы бар — төө эмес,
Туягы курч — эчки эмес.

Топ этти, тоголонуп кетти.

Тоодон томолонот,
Ойго карай омолонот.

Көч кетти,
Көмөч калды.

Жолго көмөч көмдүм.

Асмандан таяк (көсөө) саңгилдейт.

Жапар колу жалгыз,
Эгем колу экөө
Аттан бийик, иттен жапыс.

Жалама зоонун боорунда
Жаңгыз куурай кыштамыш.

Бир нерсе бар «аа» деп оозун ачкан
Оозунан заарын чачкан,
Төрт аягын тең баскан.

Буттары апан-тапан,
Кийгени тигилбеген чапан,
Көзү жакшы болсо да,
Мойну тетири бүткөн эмедей,
Өзү чоң болсо да,
Куйругу кенедей.

Ар тараптан көрөмүн мойну узун,
Буту-колу тартайган аның түсүн.
Үстүнө эки бала минип алган,
Чолок куйрук айбан деп анык өзүн.

Түбүр-түбүр төртөө,
Эсил кайран экөө,
Жапаркулу жалгыз,
Ийри комуз,
Жарык жылдыз.

Төрт тап-тап,
Эки дөң-дөң,
Ийри комуз,
Бакыракай жылдыз.

Төмөн-төмөн төртөө
Төмөн менен бешөө
Эвелей кийик экөө
Соголор соргок сок жалгыз.

Төрт таптаң, ийри саптаң,
Эки диң-диң, бир гилдиң.

Төрт тап-тап,
Бир сап-сап,
Эки диңгилик,
Бир чыйпылык.

Төрт тапан,
Ийри саптан,
Эки быйвылдак,
Бир шыйвылдак.

Эки диң-диң, төрт жампак,

Апан-тапан, жаман чапан,
Карагай комуз, жарык жылдыз,
Эки дик-дик, бир шибеге.

Апан-тапан, жаман чапан,
Ийри комуз, чолпон жылдыз.

Бир байдын бир айгыр үйүр жылкысы бар,
Кылт деп суу ичпейт, керт деп чөп жебейт.
Үйүрүм кана экен деп кишинебейт.

Отузу ордунда,
Кыркы кыйноодо,
Төртү ойноодо,

Бир экөө отурады ай жабанда
Он экиси биригип бир чапанда
Он экинин колунда он эки токмок
Кармайды качанакты кырк укуруктап.

Он эки бээм бар:
Сегизи анык бооз,
Төртөө арсар бооз,
Экөө кынтык,
Экөө тантык.

Он эки бээ, бир асый,
Алтоо анык бооз,
Төртөө кысыр,
Экөө арсар.

Он эки бээ:
Алтоо даана бооз,
Экөө даана кысыр,
Экөө бооз кысырдын ортосунда,
Эки бээ даана сокур.

Он эки байталым бар,
Экөө кыйрактын кыйыры.
Экөө туура кысыр,
Сегизи бооз.

Он эки байтал,
Андан сегизи бооз.
Төртөө кысыр,
Кысырдын ичинен экөө сокур.

Он эки байтал, бир айгыр
Үйүрүн жерден алдырдым.
Алтоо анык бооз,
Төртөө туура кысыр,
Экөө арсар-күмөн.

Бир айгырга бөлдүм он эки байтал,
Сегизи бооз, экөө кысыр, экөө жоор.

Керип койгон бирөө,
Кедеңдеген бирөө,
Балталаган бирөө,
Басып куйган бирөө.
Карападан кабы бар,
Бурамадан сабы бар,
Айкөл деген көлү бар,
Аңдып турган эли бар.

Керип койгон эмине?
Кекеңдеген эмине?
Чалып койгон эмине?
Чалпаңдаган эмине?

Түндө келет түрсүлдөк,
Кара сакал делпилдек.

Ташка тийсе кетилбес,
Сууга тийсе эзилбес.

Суу түбүндө төрт токоч.

Жарга таяк сүйөдүм

Азим чолок сувга түшсө битта,
Суудан чыкса миңта.

Сууга кирсе миң,
Суудан чыкса бир.

Сааганга сүтү бар,
Мингенге күчү бар.

Минсең — канат
Чапсаң — шамал.
Аны сыйлабаган
Кишилер жаман.

Жайлуу жалгыз,
Жакып чылгый экөө.

Дүбүр-дүбүр төртөө,
Дүйнө менен бешөө.
Эдир, Кадыр экөө,
Жапаркулу жалгыз.

Дүбүр-дүбүр төртөө,
Адиркулу экөө,
Жапаркулу жалгыз.

Жездекем желип бара жатат,
Жез камчысы түшүп бара жатат.

Мурун туулуп, кийин калган эмне?

Эл жатса да, Элебайдын эки уулу жатпайт.

Эл жатса да, Элебай акем жатпайт.

Эки үйдө — бир көсөө.

Эки очокко — бир көсөө,

Чапса ташты быркырайт,
Бир чуңкурда төрт нерсе ыркырайт.

Төрт сары чаначка ак суу толду,
Төртөөнү бошото турган убак болду.
Арбалаң-тарбалаң, чыйпы-чыйпы, шар-шар,
Айткылачы эмне болду жандырмагы балдар.

Төрт сарт бир ороого куят.

Төрт жолоочу бир үйгө ыйлайт

Төрт дарыя бир сайга куят.

Боорунда төрт упчу,
Мезгилдеп агат ак суусу.

«Тарт» этсе, «талп» этет.

«Тап» этти табакка айланды.

«Тап» дей түштү,
Табактай боло түштү.
Орто жери оюла түштү,
Эки чети каймактай түштү

5 «Талп» этти,
Талып калды,
Табактай жерди алып калды.

«Талп» этти, талып калды.

Сүт тикендин түбүндө,
Салпаң кулак келет деп,
Ыйлап-сыктап олтурат.

Ийри талга кар жукпайт.

Жамоосу бар, тешиги жок.

Башы балпак,
Маңдайы жалпак.
Түбү түптүү,
Түрткөнү күчтүү.

Алыска барып оттогон,
Үйүнүн алдыны булгаган.

Муун-муун муунчак,
Муун сайын түйүнчөк,
Жети кыздын кенжеси —
Бакылдаган келинчек.

Бир кулакта кырк тешик,
Кырк тешикте кырк кулак.

Бир бутак,
Бир бутакта миң уя
Миң уяда миң тукум.

Бир арчада кырк бутак.

4 Короого конок чачтым,
Койкоңдоп кайра качтым.

Кичик эжем туруп кетти,
Киши мончогу төгүлүп калды.

Кичик эжем туруп кетти,
Киши мончогу төгүлүп калды.

Ачыла элек сандыкта,
Бычыла элек кундуз бар.

Кийим кий десең,
Кылдан башканы кийбейт.
Тамак же десең,
Сакалы бийлейт.

Эртең менен кетет илек-илек,
Кечинде келет илек-илек.
Түрлүү-түрлүү жибекти,
Бурап келет илек-илек.

Атсаломуалейкум молдо чарык,
Эки тутам, эки эли башы жарык.

Топтоголок, тептегерек,
Обо делдей, көкүм бообай.

Токтомуш келсе токтобойт,
Алды-кийнин жоктобойт.

Түрлүү-түрлүү жибектен,
Түймө түйөт лайли.

Пайдасы көп жайы бар,
Өзүнчө чак бою бар.
Жайы-кышы таштабас,
Аңтара кийген тону бар.

Бастек бою бар,
Аңтара кийген тону бар.

Аңтара кийген тону бар,
Кодуракай бою бар.

Аласа гана бою бар,
Аңтара кийген тону бар.