Макал

  • Май жок, ун болсо, казан сурап келип куймак куюп берет элем
  • Май кармаган бармагын жалайт
  • Макал атасы – сөз, мата атасы – бөз
  • Макал ыр эмес жаттап алгандай, керегинде өзү келет күтүп тургандай
  • Макоодон макул деп кутул
  • Максат менен соккон жүрөк, бакыт менен өмүр сүрөт
  • Мактаган кыз тойдо осурат
  • Мактап койсо мардаюу
  • Мал – ээсин тартпаса, арам өлөт
  • Мал арыгын сактасаң ооз майлайт, киши арыгын сактасаң төбө кандайт
  • Малдын ээси болсо, карышкырдын кудайы бар
  • Манастан Чубак кем бекен
  • Мартчылык ар кимде болбойт, сараңдын капшыты толбойт
  • Мастан – жинди качып кутулуптур
  • Меймандын өзүн бакпай, атын бак
  • Мекениңдин кадыры, башка жакта билинет
  • Менин колума да карга чычаар
  • Мергендин дарты кийикте, бүркүттүн дарты бийикте
  • Миң кишинин атын билгиче, бир кишинин сырын бил
  • Миң койду бир серке башкарат
  • Миң уккандан бир көргөн жакшы
  • Миң чеченди бир тантык жеңиптир
  • Мойнунан байлаган ит ууга жарабайт
  • Мокок бычак кол кесет, чоркок сөз тил кесет
  • Молдонун айтканын ук, кылганын кылба
  • Мурун уткан буудай чычат
  • Мурун чыккан кулактан, кийин чыккан мүйүз ашат
  • Мурунку конок кийинки конокту сүйбөйт
  • Мууздап бергенди – жиреш оңой
  • Мүйүздүү болом деп, кулагынан айрылыптыр
  • Мышык майга жетпей, сасык дептир
  • Мышыкка – оюн, чычканга – өлүм