Математикалык табышмактар жооптору менен.

tabyshmak esep1 1
Суроо белгисинин ордуна кайсыл сан болот?
tabyshmak parkovka 2
Парковка орунунун номери канча?
tabyshmak esep
Бир эле учурда 18 адамды ташуу үчүн канча төрт орундуу кайык керек?

Усталар узундугу 5 метр болгон устунду 1 метрден кылып кесишти. Устундун бир жерин кесиш үчүн бир жарым мүнөт талап кылынса, алар канча мүнөттө устунду кесип бүтүшөт?

Төрт оюнчу 4 саат бою домино ойношту. Ар бир оюнчу канча сааттан ойноду?
Эки жумушчу бирге 900 сом иштеп табышты. Биринчиси 2 жума, экинчиси 4 жума иштеди. Алардын ар-бири канчадан акча табышты?
1) 200, 800
2) 300, 600
3) 400, 500
4) 150, 720
Коён 2 саатта 14 км чуркайт, ал эми шумкар 3 саатта 210 км учат. Шумкар коёндон канча эсе ылдамыраак?Эки дос эки башка шаардан бирдей убакытта бири-бирин көздөй жолго чыгышты. Биринчисинин ылдамдыгы 60 км / саат. Экинчисинин ылдамдыгы 15 км / саат. Алар 2 сааттан кийин жолугушса, эки шаардын ортосундагы аралык канча?
Велосипедчен шаардан айылга 17 км / саат ылдамдык менен 5 саатта жетет. Жөө жүргүнчү 5 км / саат ылдамдык менен ошол эле жолду канча саатта басып өтөт?
Эки дос эки башка шаардан бирдей убакытта бири-бирин көздөй жолго чыгышты. Биринчисинин ылдамдыгы 60 км / саат. Экинчисинин ылдамдыгы 15 км / саат. Алар 2 сааттан кийин жолугушса, эки шаардын ортосундагы аралык канча?
Васяда 10 рубль жана 5 рубль бар болчу. Ал 2 рублга дептер сатып алса, анда канча акча калат?
Катя менен Митя бирдей баада 7 стикер сатып алышты. Катя стикерлер үчүн 12 рубль, ал эми Митя 9 рубль төлөгөн. Катя канча стикер сатып алды?
Айдар 8 сомдон 4 ручка жана 10 сомдон 3 маркер сатып алды. Ал жалпысынан канча акча төлөдү?
Бир булочка 4 сом, ал эми пончик 5 сом турат. 6 булочка 3 пончиктен канча сомго кымбат?
Асан 4 сомдон 8 чаптама кагаз жана 5 конверт сатып алды. Ал бардыгына 67 сом төлөсө, бир конверттин баасы канча сом?
Бермет 7 сомдон 3 калем жана 4 сомдон ошончо карандаш сатып алды. Бермет жалпысынан канча акча төлөдү?
Коробкада 43 пряник бар. 6 таңгакта 3 пряниктен жана бир нече таңгакта 5 пряниктен. 5 пряниктен болгон канча таңгак бар?
Үй жаныбарларынын дүкөнүндө 52 тоту куш бар. 7 клеткада 4 тоту куштан жана бир нече клеткада 3 тоту куштан. 3төн тоту кушу менен канча клетка бар?
6 отургучтан 3 катар, 5 отургучтан 5 катар коюшту. Жалпысынан канча отургуч коюшту?
6 отургучтан 3 катар, 5 отургучтан 5 катар коюшту. Жалпысынан канча отургуч коюшту?
10 баштыкка 5тен алмурут салгандан кийин, дагы 9 алмурут калды. Бардыгы канча алмурут бар эле?
Алмаз 40 ящик кулпунай чогултту. 16 ящигин сатып, калгандарын 4 унаага ар бирине бирдей кылып салса, ар бир унаада канча ящик кулпунай болот?
Марат ар биринде 9 дан пряник болгон 3 коробка сатып алды. Ал 6 прянигин бирөөгө берип салса, Маратта канча пряник калат?
25 сомго 5 ручка сатып алса, 45 сомго канча ручка сатып алат?
Айбек баасы бирдей болгон 7 өчүргүч жана 8 карандаш сатып алды. Эгер Айбек өчүргүчтөргө 28 сом төлөгөн болсо, карандаштарга канча төлөдү?
Дашада 17 рубль, Соняда 15 рубль бар. Бир пончиктин баасы 4 рубль болсо, алар канча пончик сатып ала алышат?
Люся 21 пирогду эт менен жасады. Ал эми капустадан жасалган пирогу 3 эсе аз болду. Люси жалпысынан канча пирог жасады?

Биринчи текчеде 9 китеп бар. Биринчи текчеде экинчисине караганда 3 эсе аз китеп болсо, эки текчеде бардыгы канча китеп бар?
17 кызыл жана 19 көк чыны 4 столго бирдей санда коюлса, ар бир столдо канча чыныдан болот?
Мелдешке 7 кыз жана 9 бала катышты. Эгер алар 2 командага тен бөлүнүшсө, ар бир командада канчадан катышуучу болот?
Биринчи шаарга 4 театр курулган, ал эми экинчи шаарга 8 ге коп театр курулган. Биринчи шаарда экинчи шаарга караганда канча эсе аз театр курулган?
Биринчи кутуда 28 карандаш бар. Экинчи кутучада 24 карандашка аз. Биринчи кутуда экинчи кутуга караганда канча карандашка көп?
Бир пачка май 36 сом турат, ал эми бир упаковка майонез 4 эсе арзан. Бир пачка май бир упакока майонезге караганда канчага кымбат?
4 чоң шам чыракта 32 лампочка, ал эми 3 кичинекей шам чыракта 12 лампочка бар. Бир чоң шам чыракта бир кичинекей шам чыракка караганда канча эсе көп лампочка бар?
5 тарелкада 35 конфет, ал эми 4 чыныда 36 конфет болгон. Чыныда тарелкага караганда канчага коп конфет бар?
Столдо 18 ак чыны жана 6 көк чыны бар эле. Көк чынылардын саны ак чынылардын санына караганда ​​канча эсе аз?
Мектептин ашканасында 54 отургуч жана 9 стол бар. Ашканадагы столдордун саны отургучтардын санынан канча эсе аз?
Кайыктын ылдамы 5 км / с, ал эми моторлуу кайыктын ылдамы 10 эсе ылдамыраак болсо, моторлуу кайыктын ылдамы канча?
40 килограмм картошканы 2 капка бирдей кылып бөлүп салышты. Ар бир капка канча кг дан картошка салынды?
Окуучуларга 21 китеп берилди. Ар бирине 7 китептен берилсе, канча бала китеп алды?
Коп кабаттуу уйдүн 5 кире бериш жери бар. Ушундай 3 үйдө канча кире бериш бар?
Автобус 8 саат жүрүп 48 литр күйүүчү май сарптайт. Автобус 6 саат жүргөндө канча литр күйүүчү май сарптайт?
Атасы 36 жашта, ал эми уулу 9 жашта. Атасы баласынан канча эсе улуу?

Балдар аянтчасында балдар эки жана үч дөңгөлөктүү велосипед тебип жүрүшөт. Бардыгы 21 дөңгөлөк жана 8 велосипед болсо, канча жана кандай велосипед тебип жүрүшөт?

1) 4 үч дөңгөлөктүү жана 4 эки дөңгөлөктүү.

2) 5 үч дөңгөлөктүү жана 3 эки дөңгөлөктүү.

3) 2 үч дөңгөлөктүү жана 6 эки дөңгөлөктүү.

4) 3 үч дөңгөлөктүү жана 5 эки дөңгөлөктүү.

Бир ящик жүзүмдүн жана бирдей үч ящик алманын салмагы 45 кг. Бир ящик жүзүмдүн салмагы 15 кг болсо, алманын салмагы канча?

Тоого 24 эркек бала эс алганы чыгышты. Кыздар эркек балдарга караганда 3 эсе аз болду. Бардыгы канча бала эс алганы чыкты?

Мектептин ашканасына 6 кг лимон алып келишкен, алма лимонго караганда 24 кг га көп, ал эми алмурутту алмага караганда 12 кг га аз алып келишкен. Мектептин ашканасына канча килограмм алмурут алып келишкен?

Биринчи сан 12, экинчиси 3 эсе аз, үчүнчүсү экинчисинен 4 эсе көп. Ушул үч сандын суммасын тап.