Макал

  • “Сиз”, “Биз” деген сылык сөз, “Сен”, “Мен” деген сенек сөз
  • Сабырдын түбү – сары алтын
  • Сагызган сактыгынан өлбөй, суктугунан өлөт
  • Сакадай бою сары алтын
  • Сакалдан айрылсаң, мурут койбо
  • Сакалдын көркү чалда, сулуунун көркү калда
  • Сактансаң – сактаармын
  • Сактыкта кордук жок
  • Санаа тарткандын ичкени – ирим, жегени – желим
  • Санаасы жок сары сууга семирет
  • Санабай туруп түгөл дебе
  • Саны бар сапаты жок
  • Сараңдын казаны кайнабайт
  • Саргара жортсоң – кызара бөртөсүң
  • Сарт – санаасы менен байыйт
  • Сарт үйүн көргөндө чабат
  • Саяк жүрсөң таяк жейсиң
  • Сиркеси суу көтөрбөйт
  • Соко бир кишини багат, соода миң кишини багат
  • Сокур атка котур ат үйүр
  • Сокур намыс баш жарат
  • Сокурдан күзөтчүң болсо, элиңди жоого алдырат
  • Сокурдун тилегени – эки көз
  • Соодада достук жок
  • Соргоктун көөнү казанда, сопунун көөнү азанда
  • Союл камдаганга – токмок көтөр
  • Сөз – жип, кандай созсо кете берет
  • Сөз баштаган, эл баштайт
  • Сөз билгич адамдын, ар сөзүндө бир тузак
  • Сөз доодон да куткарат, жоодон да куткарат
  • Сөз сөөктөн өтөт, чучукка жетет
  • Сөздү билген таап айтат, сөздү билбеген каап айтат
  • Сөздү убагында айтпаса – атасы өлөт
  • Сөздү уккан жерге айт, сууну сиңген жерге сеп
  • Сөздүн атасы – ыр, сөздүн катасы – чыр
  • Сөзү аздын иши аз
  • Сөзү экинин – иши да чеки
  • Сөзүң менен орок орбо, көзүң менен машак тербе
  • Сөөктүн эң жаманы суу кечирет
  • Суктан сураба, сараңга бербе
  • Сулуу сулуу эмес, сүйгөнүң сулуу
  • Сулуулугунан – жылуулугу артык
  • Сулуулуктан – жылуулук
  • Сулуунун этеги кургабайт
  • Сунган башты суурган кылыч кеспейт
  • Сунган колду сындырба
  • Сураган жеңил, жооп бериш оор
  • Сурай – сурай мекеге барат
  • Сурап бергиче, уруп бер
  • Суу – жашоонун булагы
  • Суу ичкен кудугуңа – түкүрбө
  • Суудан өткөнчө энемди берейин, суудан өткөндөн кийин энегимди берейин
  • Сууну көп кечсең – балчык, сөздү көп айтсаң – тантык
  • Суюктун баары cорпо болбойт, теринин баары көрпө болбойт
  • Сүйбөгөнгө – сүйкөнбө
  • Сүйлөй-сүйлөй чечен болот, көрө-көрө көсөн болот
  • Сүйүнгөндөн маңдай айрылып, корккондон жүрөк жарылып кетпес
  • Сүйүү менен жаша, күрөш менен өл
  • Сүткө түшкөн чычкандай
  • Сый – сыйга жарашат, сый билбеген адашат
  • Сыйга – сый, сыр аякка – бал
  • Сыйлаганды билбеген, сыйпалаган көр сокур
  • Сыйлаганды күтө бил, кыйнаганды түтө бил
  • Сыналбаган атка сын салба
  • Сынчынын сыңар өтүгү майрык
  • Сыр аяктын сыры кетсе да, сыны кетпейт
  • Сырты жылтырак, ичи кылтырак
  • Сырыңды айтсаң бирөөгө, каласың катуу күнөөгө