Дос жонундо

Бул бетте дос жонундо макалдар чыгарылды.

  1. Адал болсоң дос көбөйөт, арам болсоң кас көбөйөт.
  2. Адам адамга дос, жолдош, бир тууган.
  3. Адамга таандык мыкты дөөлөт — достук
  4. Ажырашаар досуңа көңүл калар сөз айтпа
  5. Аз кайгыны аш басат, көп кайгыны дос басат.
  6. Азганды кууп, тозгонго жолукпа, тууган издеп, достон кетпе.
  7. Айрылаар дос, бербести сурайт.
  8. Айрылаар дос, ээрдин арткы кашын сураар
  9. Айылды алалык бузат, араны (достукту) каралык бузат
  10. Акмак достон, акылдуу душман артык
  11. Акылдан жакын дос барбы, ачуудан жаман кас барбы.
  12. Акылдуу касыңдан коркпой, акмак досуңдан корк.
  13. Акылдуулардын кастыгы, акмактардын достугунан артык.
  14. Акылсыз (акмак) достон, акылдуу душман (жат) артык.
  15. Акылың көп болуп, ачууң аз болсо — зор болорсуң, душманың көп болуп, досуң аз болсо — кор болорсуң.
  16. Алдым, жуттум дос күтсөң, кубанычың аз болоор
  17. Алыскы достон, жакынкы кас артык.
  18. Алыстагы душмандан, аңдып жүргөн дос жаман.
  19. Аңдышкан айыл болбойт, сатуулашкан дос болбойт.
  20. Аңдышкан айыл конбойт, эсептешкен дос болбойт.
  21. Аргымак тандап ат жыйдым, буудан болуп бербеди, азамат тандап дос жыйдым, тууган болуп бербеди.
  22. Ат алсаң, досуң менен кеңеш, кой алсаң, коңшуң менен кеңеш.
  23. Ат жакшысы алыскы жолдо сыналат, дос жакшысы айыгышкан жоодо сыналат
  24. Атан төө мас болсо, тайлак төө менен дос болот
  25. Аттууга жөө дос эмес.
  26. Атты достой сүйсөң, душмандай минесиң.
  27. Атың барда жол тааны, атаң барда дос тааны.
  28. Ачуу — душман, акыл — дос.
  29. Ачуу — душман, акыл—дос, акылыңа акыл кош
  30. Аш сунгандын баары дос эмес, таш ургандын баары кас эмес
  31. Баатыр — согушта, акыл —ачуу келгенде, дос —зарылдыкта сыналат.
  32. Байыганда досуң көп, жакырлансаң доочу көп
  33. Бактылууга эки дос келет, бактысызга эки ууру келет
  34. Бакыт оросо, дос торойт
  35. Бардар менен дос болсоң, каалаганың аласың, жаман менен дос болсоң, кара өзгөй — доого каласың.
  36. Билимден өткөн досуң жок, оорудан өткөн касың жок.
  37. Бир баатыр—согушта, акыл — ачуу келгенде, дос — зарылдыкта (сыналат).
  38. Бүркүт алжыса кулаалы менен дос болот.
  39. Дүрбөлөңчү башчынын чолок этек бакан ооз досу болот.
  40. Дос — сенин күзгүң.
  41. Дос (тууган) күйгүзүп (же күйдүрүп) айтат, душман сүйгүзүп (же күлдүрүп) айтат.
  42. Дос айрылат, сөөк кайрылат.
  43. Дос алдында жооп берүүдөн көрө, душман алдында өлгөн жакшы.
  44. Дос балаада билинер, баатыр талаада билинер.
  45. Дос башка карайт, душман бутка карайт.
  46. Дос гүл болсо, душман күл болот.
  47. Дос деген ыйык нерсе, эгер аны баалай билсе.
  48. Дос досту үлпөттө сынайт, жылкы семирсе жылкычы сүйүнөт.
  49. Дос досту кыйынчылыкта таштабайт; дос —доско жаныңды кош.
  50. Дос жеритип сүйлөйт, душман эритип сүйлөйт.
  51. Дос изде, душман өзү табылат.
  52. Дос күйгүзүп (же күйдүрүп) айтат, душман сүйгүзүп (же күлдүрүп) айтат.
  53. Дос көтөрөт көңүлдү, кой көтөрөт семизди.
  54. Дос көтөрөт көңүлдү, мал көтөрөт өлүмдү, кой көтөрөт семизди.
  55. Дос менен дос болсоң — мактан, кас менен дос болсоң — сактан.
  56. Дос сыйлайт, душман кыйнайт.
  57. Дос сыртыңдан мактайт, душман көзүңчө мактайт.
  58. Дос таарынса, (доолашса) бергенин алат.
  59. Дос табылбайт, акча табылат.
  60. Дос табышат, душман кагышат
  61. Дос тапмак арзан, аны күтмөк кыйын.
  62. Дос эгиз, душман сегиз.
  63. Дос, доско жаныңды кош.
  64. Дос, досту үлпөттө сынайт.
  65. Дос, жолдош — бир жылдык, куда —сөөк — миң жылдык.
  66. Дос — жолдошуң бир жылдык, куда— сөгүң миң жылдык.
  67. Доско берип турсаң жакшы, бербей калган күнү бергенин кайта доолайт.
  68. Доско ишенгиче, дооранынды байлана жүр.
  69. Досондону ант урат, куданданы бата урат.
  70. Досондонун жаны бир, куданданын малы бир.
  71. Доссуз адам — канатсыз куш.
  72. Досторуңа таттуу бол, кастарыңа катуу бол.
  73. Досторум келсе дудукмун, досторго барсам —кудукмун.
  74. Достук барча байлыктан абзел.
  75. Достук тар кыяда сыналат.
  76. Достуктун наркы доорунда.
  77. Достун (досуңдун) көңүлү бир тартым насыбайдан калат.
  78. Достун каны башка, жаны бир.
  79. Достун көңүлү бир тартым насыбайдан калат.
  80. Достун көңүлү бир тыйындан калат.
  81. Достун орду — төр, кастын орду — көр
  82. Достун түбү — маймак, уурунун түбү — айгак.
  83. Достун жаны бир, туугандын малы бир.
  84. Достун кадыры бир татым насыбайдан калат.
  85. Досу жок жан жетимден да жаман.
  86. Досу жок киши канаты жок куштай.
  87. Досу көп менен сыйлаш, досу аз менен сырдаш.
  88. Досу көптү жоо албайт, акылы көптү доо албайт.
  89. Досуң баягыдай эмес баягыдай болсо эч нерсесин аягыдай эмес.
  90. Досуң баягыдай эмес, баятыдай болсо, аягыдай эмес.
  91. Досуң канча болсо, душманың ошончо.
  92. Досуң күзгүдөй, сындырсаң эптей албайсың.
  93. Досуң миң болсо да — аз, душман бирөө болсо да — көп.
  94. Досуң миң болсо да аздык кылат, душманың бирөө болсо да көптүк кылат.
  95. Досуңа сыр (же сырыңды) айтпа, досуңдун да досу бар.
  96. Досуңдан (төркүнүңдөн) төө сура, уялгандан (чыдабаса) бээ берет.
  97. Досуңдан сырыңды жашырба, душманыңды башыңдан ашырба.
  98. Досуңду ант урат, куданы бата урат.
  99. Досуңду токтотпо, жолунан калат, касыңды токтотпо, сырыңды алат.
  100. Досуңдун ашын касындай же.
  101. Досуңдун ашын касыңкындай ич!
  102. Досуңдун бергенин (же берген малынын) тишин ачпа.
  103. Досуңдун бергенинин тишин ачпа.
  104. Досуңдун бычагы менен мүйүз кес, душмандын бычагы менен кийиз кес.
  105. Досуңдун касынан сактан, касыңдын досунан сактан.
  106. Досуңдун сүйгөн буюмун сураба.
  107. Досуңдун сөккөнүнөн коркпой, касыңдын өпкөнүнөн корк.
  108. Досуңдун тепкени душманыңдын өпкөнүнөн артык.
  109. Досуңдун тоогун алсаң, канжыгасына каз байла.
  110. Досуңдун эсеби туура чыкса, кудуңдайт.
  111. Досум дос элек — коон үзгөндө (окууну бүткөндө), көзүңдү сүзүп калыпсың — бозо сүзгөндө
  112. Досум, дос элек коон үзгөндө, кас болдук бозо сүзгөндө.
  113. Досунан ажыраган — өзүнө өзү душман.
  114. Досуңдун ашын касыңдай же (же ич).
  115. Душманыңды мактаган досуңдан сак бол.
  116. Душман буйруса барба, дос буйруса калба.
  117. Душман жумурткадан кыр табат, тууган (дос) күйдүрүп айтат.
  118. Душманга (же жатка) таба, доско (өзгө) күлкү болбо.
  119. Душмандан бир сактан, жаман достон миң сактан
  120. Душмандын душманы — сенин досуң
  121. Душманың суу берсе, досундай көр.
  122. Жакшы адамдын досу көп, жакшы аттын ээси көп.
  123. Жакшы дос жан жыргатаар азык, жаман дос башка тиер казык.
  124. Жакшы дос пайдасын тийгизбесе да зыянын тийгизбейт
  125. Жакшы көргөн досунан мал аяган жигитпи.
  126. Жакшы күндө — душман дос, жаман күндө —тууган дос.
  127. Жакшы көргөн досуңа ат байлатып сына.
  128. Жакшы көргөн досуңдун, атын албай, тайын ал.
  129. Жакшы көргөн досунан, мал (ат) аяган жигитпи?!
  130. Жакшы мал (ат) жанга аралжы, жакшы дос (жолдош) малга аралжы.
  131. Жакшы менен дос болсоң — ырыскысын тең бөлөт, жаман менен дос болсоң — өзүнөн сени кем көрөт.
  132. Жакшы менен дос болсоң, өлгүчөктү коштошот.
  133. Жакшылыкты досуңа кыл, досуңдан артса өзүңө кыл.
  134. Жакшыны жатым дебе, жаманды досум дебе.
  135. Жакшыны жатым дебе, жаманды өзүм дебе
  136. Жалгыз өгүз кош болбойт, жаакташкан дос болбойт.
  137. Жалгыз өлө жегиче, досуң менен бөлө же
  138. Жаман дос көлөкө сыяктуу: күн ачыкта кутула албайсын, күн бүркөктө издеп таба албайсың.
  139. Жаман достон ачык душман артык.
  140. Жамандык жолго баспагын — кырсык тилеп аласың, досуңа чуңкур каспагын — өзүң түшүп каласың.
  141. Жан аяшкан дос болбойт
  142. Жанга күйбөс кандай (таңдай) дос.
  143. Жанга күйгөн — жандай дос; жанга күйбөс —кандай дос?
  144. Жанга күйгөн жандай дос
  145. Жаңы дос келгенде, эски достун көзүнөн жаш чыгат.
  146. Жаныңа ким күйсө досуң ошо.
  147. Жүз дос — аз, бир кас — көп
  148. Жойпу дос ишке жарабайт, мыкты күчүн аябайт
  149. Жоодон корккон — жоого дос, элди сүйгөн — эрге дос.
  150. Ит менен дос болсоң сөөк талашасың.
  151. Иштесең досуң көбөйөт ушактан касың көбөйөт.
  152. «Көңүлүмө жагат» деп көрүнгөн менен дос болбо.
  153. Каалаганыңыздын кабылганы — досуңуздун сагынганы.
  154. Калем курчу — изденүү менен акылда, достук күчү — бирдик менен жакында.
  155. Карт адам акылга бай, март адам доско бай.
  156. Карыз бергенде — дос, кайра сураганда — кас
  157. Кастыктын түбү — көмүр, достуктун түбү — өмүр.
  158. Кастын ою — бөлөк, достун ою — жөлөк,
  159. Касыңдан бал жегенче, досундан суу ич.
  160. Досуңду тозокто сына, кайрылып суу береби!?
  161. Катын албай кайын ал, жакшы көргөн досундун (тамырдын) атын албай, тайын ал.
  162. Кедей менен бай от болбос, бөрү менен кой дос болбос.
  163. Кечмеликти кечпейли досум, кечкен соң (кечишели, кетишпейли) кечели, кечпейли дешпейли досум.
  164. Күлгөндүн баары дос эмес, урушкандын баары кас эмес.
  165. Көмүскө достон көрүнөө душман артык
  166. Коңшулуктун белгиси — алыш —бериш, досчулуктун белгиси — барыш —келиш.
  167. Колуңдан келип турганда бөйпөңдөп, бак тайган күнү баса берген киши дос болбойт.
  168. Кудай кошкон куда болот, пайгамбар кошкон дос болот
  169. Кудай сүйгөн куда, пайгамбар сүйгөн дос болот.
  170. Мал көтөрөт өлүмдү, дос көтөрөт көңүлдү.
  171. Малым барда баары дос, малым жокто кана дос?
  172. Мансап үчүн сүйбө, мал —мүлк үчүн достошпо.
  173. Миң досуң — аз, бир душманың — көп
  174. Мышык чычкан дос болсо, кампага каргыш тиет.
  175. Накүстөдөн карыздар болбо, ооган менен дос болбо.
  176. Обоо менен шыйпаң дос.
  177. Оройдун он досу да болбойт
  178. Орус менен дос болсоң айбалтаңды ала жүр.
  179. От жалынын билбеген кайрылат, дос жалынын билбеген айрылат.
  180. Өзүң өлсөң өл, бирок досуң өлбөсүн.
  181. Өсөөр элдин балдары бири — бирине дос болот, өспөс элдин балдары бири — бирине кас болот.
  182. Өткөндүн, келечектин жибин улап, достошуу ийгиликке алып барат.
  183. Пайданы башыңа кыл, башыңдан артса досуңа кыл.
  184. Пулун пулдай албаган, досун сыйлай албайт.
  185. Сөөк — кайрылат, дос — айрылат.
  186. Соодада достук жок.
  187. Сыпайы менен дос болбо, катынга сырыңды айтпа.
  188. Сырын билбей дос болбо.
  189. Тактыктан достук бузулбайт
  190. Тил — душман, акыл — дос, тиш — коргон.
  191. Тил ооруткан дос эмес.
  192. Тирүүдө сыйлашып, өлгөндө ыйлашпаган урук —тууган, дос —тамыр, куда — сөөктөрдөн оолак бол.
  193. Түзөлөр жолго түшпөйм десе, түбөлүк дешкен досуңдан кеч.
  194. Тууган издеп, достон кетпе
  195. Туюнтпай мээнет жолукса тууганың сага кас болот,туш келип деөлөт жолукса душманың келип дос болот.
  196. Учкашкандын баары дос эмес, урушкандын баары кас эмес.
  197. Үйдүн жакшы жаманы кыш түшкөндө билинет, достун жакшы жаманы иш түшкөндө билинет
  198. Үпү менен шыйпаң дос, бучук менен жыртык дос.
  199. Чабалекей менен шилекей алышып достош.
  200. Акылдуу касыңдан коркпо,арзыбас досуңдан корк.
  201. Чоң чатактан кичинекей достук артык.
  202. Чын айткандын досу көп, калп айткандын касы көп.
  203. Чындыкты танууга болбойт, достукту чанууга болбойт.
  204. Чыныгы дос уялаштан артык (тууганга тең).
  205. Шектенүү — шерттешкен достукту бузат.
  206. Ынтымак достордун жолун ачат, ынтымак болбосо, ырысың качат.
  207. Ыраактагы туугандан, жакындагы дос өйдө.
  208. Эки арамза дос болбойт.
  209. Эки жакшы кас болбойт, эки жаман дос болбойт
  210. Эки таш беттешкен жерде — күкүм, эки таш беттешкен жерде — күкүм,
  211. Эки эрдин достугу, бир белден ашырат, эки элдин достугу, миң белден ашырат.
  212. Эл башчылар достошсо, бактысы болот журтунун.
  213. Эл сүйгөндөй досуң болсун, жер сүйгөндөй кошуң болсун.
  214. Эл четине жоо келсе—жан аяган жигитпи, жакшы көргөн досунан — мал аяган жигитпи.
  215. Эр достугу — эгиз, эл достугу — деңиз.
  216. Эсен (өлбөгөн) кулга мал бүтөт. Мал бүткүчө эс кетет, эшикке келген дос кетет.
  217. Эсептешкен дос болбойт.
  218. Эсептүү дос айрылбайт, эсепсиз дос кайрылбайт.
  219. Эски дос эстен кетпейт, жаңы дос баркка жетпейт.
  220. Эски досуң кас болбос, эски касың дос болбос.
  221. Эски жоо атышаарга жакшы, эски дос алышаарга жакшы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

8 − 2 =