Макал
- Уй мүйүзүнөн сынат, адам сөзүнөн сынат
- Уйга жүгөн салабы, үйрөнгөн адат калабы
- Уккан кулакта жазык жок
- Улук болсоң, кичик бол
- Улуу сөздө уят жок
- Улууга урмат, кичүүгө ызат
- Улууну урматта, кичүүнү ызатта
- Улуунун сөзүн ук, кичүүнүкүн ойлон
- Урматтан узарат, уяты чыккан кызарат
- Урушкандын оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман
- Урушта – туруш жок
- Уруштун башы “бок” жебе
- Устадан шакирти өтөт
- Устанын тогоосу жок
- Устукан мүлжүбөй этке тойбойт, коно жатпай кепке тойбойт
- Уулдун уулу мекен коргойт, душмандын астын торгойт
- Уунун сырын мерген билет, жоонун сырын жеңген билет
- Ууру күч болсо, ээси айыпка жыгылат
- Ууру тойгончо жеп, өлгөнчө карганат
- Ууруну каракчы урат
- Уурунун көчүгү кууш
- Ушакчы- ушакчы эмес, ушакты уккан – ушакчы
- Уядан эмне көрсө, учканда ошону алат
- Уялбагандан өзүң уял
- Уят – өлүмдөн катуу