Бул жерде адамдарга байланышкан ар кандай кызыктуу табышмактар орун алды. Табышмак табуу балдардын ойлонуусуна, логикалык ой жугуртуусуно чон таасирин берет.

Ааламга бир жан келди,
Үнү бар, сөзү жок.

Эртең менен төрт буттап басат,

түштө эки буттап басат,

кечинде үч буттап басат?

Алты аягы бар,
Эки башы бар,
Бир куйругу бар.

Бири жылмайып, бири мостоет,
Тамдын боорунан.
Бирок жансыздай, кыймылсыз
Ушуга боорум ооруган.

Адамча тиктейт,
Адамдай өзү,
Ирмелбейт көзү.

Аралаштырып айтканын уксаң, абдан таттуу,
Бирден талдап түшүнсөң, уудан ачуу.

Очором катын он айда,
Үрөгөн катын үч айда,
Жакшы катын жарым айда

Очором 48 жандык он айда,
Үрөөнөк жандык үч айда,
Жакшы жандык жарым айда.

Болдум мен бир заманда кандан тентек,
Чапчу элем көрүнгөнгө катуу келтек.
Бир башым экөө болду, жүрүп-жүрүп,
Басылдым акырында мен да желдеп.

Эртең менен жүрөт төрт аяктап,
Түшкө жакын жүрөт эки аяктап,
Кечке жакын жүрөт үч аяктап.
Үчөөнүн түйүнүн чечип кетсең,
Мени ургун чоң таяктап.

10, 20, 30, 40, 60, 70 деген эмне?

15, 25, 30, 40 деген эмне?

Отуз чидер, кырк кишен,
Алтымыш — жолборс, жетимиш — аюу

Алты — аркар, он сегиз — калтар,
Жыйырма — жылачын,
Жыйырма беш — уядан учкан ылачын.

Шырдактай жерге күн тийбейт.

Токумдай жерге күн тийбейт.

Кирген из бар,
Чыккан из жок.

Талаага таяк көмдүм.

Кочкор мүйүз койгон баш
Койгон жерде чайпалбас.

Жаралганга жармашкан.

Жаралганда жабышкан,
Өлгүчө качпаган.

Жаратканга жабышкан.

Бир калта буудайым бар,
Жеген менен түгөтө албайм.

Эл ичинде миң дайра,
Миң дайранын ичинде,
Эң абзели бир дайра.
Көбүк кысып көп түшсө,
Бөгөй турган кул кайда?
Бул сөзүмдү чечерге,
Акылы ашкан шум кайда.

Каламын жүрүшүнө мен таң түңүлүп,
Бир заттын дүнүйөдө жандан күлүк.
Башында болгон эле бир айбандай,
Бактысы келе жатат эч байланбай.
Күндөн күн басып барат алдын карай,
Бүткөн жок шондо иши көп бир далай.

Сымаптай чайкалады куштан катты,
Бүтүн дүйнөнү карап келген.
Он сегиз миң ааламда көрбөдүм мындай күлүк,
Тынч алып бир ордунда кайдан жатты.

Каза берсе түбү жок,
Кайда жүрсө жүгү жок.

Бир нерсе бар эң күлүк,
Адам менен бир жүрүп.

Сары ат минип суу кечтим,
Салкыны мага тийген жок.
Сары кестик алып тон бычтым,
Мунун өөнү да мага тийген жок.

Сары ат минип суу кечсем,
Салкыны мага тийген жок.
Сары кымкап тон бычсам,
Өөнү мага тийген жок.

Түйдүм төргө таштадым.

Кичинекей мык,
Элдин баарын жык

Кичинекей мати, кан кожону жыгышты.

Базарда сатылбайт,
Таразада тартылбайт.
Өзү аселден ширин, жесе болбойт

Балдан таттуу,
Таштан катуу.
Сатсаң албайт,
Сурасаң бербейт.

Балдан таттуу, пахтадан жумшак,
Базарга алып барып сатса,
Бир тыйындык баасы жок.

Балдан таттуу, пахтадан жумшак.

Кан каркыт, кара бүркүт,
Томоголуу өрдөк, тоң карчыга,
Курмушу кийиз.

Камкаргыт, карала бүркүт,
Томоголуу өрдөк, тор карчыга.

Улар-улар, улар куш,
Улуп шаңшып отурат.
Мурутуна муз тоңсо,
Булкуп-силкип отурат.
Канатына кар жааса,
Кагып-силкип отурат.

Мурдуна буйла тага элек,
Бук эткис каймал жоготтук.

Жүк бурчунда кызыл чыбык.

Узун Терек башында,
Улар конуп отурат.
Узуну эми түгөнүп,
Учайын деп отурат.

Жерди жемире баскан чал буура,
Жерип кеткен чал буура.

Желини сүттүү куу инген.

Эки дөңдүн чокусунда,
Эки кара таш.
Эки таштын чокусунда,
Тешик бир пас.

Керегеде сасык эт,
Кескилесең түгөнбөйт.

Тапа-тупа таарбан,
Уктап жаткан мээрбан,
Эки чанач азыгы,
Башында бар жаздыгы.

Эки тулуп азыгы,
Куу карагай казыгы.
Конок келди алсыз,
Ат байладым жайсыз,
Эки кой союп бердим кансыз.

Алтай азыгы, (көчүгүндө) казыгы.

Эки тулуп азыгы,
Куу карагай казыгы.

Баа-баа бакырчак,
Кичинекей тыкырчак.
Эки тулуп азыгы
Көчүгүндө казыгы.

Така-тука араба,
Ичинде мурава.
Артындагы казыгы,
Эки чанач азыгы.

Кытыр-кытыр ыңырчак,
Ортосунда бакырчаак.
Эки тулуп азыгы бар,
Кыдыңдаган казыгы бар.

Кыйкыр-кыйкыр кыйкырчак,
Ортосунда бакырчак,
Эки тулай азыгы,
Ортосунда казыгы

Жарган жыгач, жаткан коен,
Эки көөкөр азыгы, астындагы казыгы.

Үйүбүзгө элчи келди,
Сүйлөп берер алы жок.
Мингени бир сонун ат,
Бирок анын жаны жок.
Союш бердик эки кой,
Эти бар да сөөгү жок.

Конок келди алсыз,
Ат байлады жалсыз,
Эки кой союп бердим кансыз.

Сүйрү тоо, сүттүү көл,
Жарака жыгач, жаткан коен.

Минген атынын төрт буту бар жаны жок.
Сойгон коюнун сөлү жок, калы бар.

Там-там элек, там элек,
Тамдан чыккан коенек.
Гүлү шаар ичиден,
Күлүп чыккан коенек.

Тыкыр-тыкыр, тыкырчак,
Тыкырчактын ичинде бакырчак.

Кыңыр-кыңыр кыңырчак,
Кыңырында быдырчак.

Бир жигит үч белбоо байланат.

Акта чилен, чилен куш,
Акырегин таңган куш.
Көктө чилен, чилен куш,
Көкүрөгүн таңган куш.

Үйдүн чырагы,
Эшиктин кулагы.

Алдадан бир жан келди,
Үнү бар, сөзү жок.

Алдадан бир жан келди,
Өнөрү бар сөзү жок.

Багылаң козу бакырчаак.

Табиятка жаралса, эң бир таттуу,
Табияттан жоголсо, өтө ачуу.

Эки тоонун ортосунда бир ашык бар,
Анын алчы экенин да, таа экенин да билбедим.

Көлдө жаткан ашыктын,
Оң-солуну билбедим.

Алтын сандык ичинде, алтын сака,
Алчы таасы билинбейт, барың байка.

Алтын сандык ичинде алтын сака,
Алчы таасы билинбейт.

Ак кардуу тоонун ары жагына,
(Алты кырдын башына)
Алтын чүкө өкчөдүм,
Алчы-таасын билбедим.

Ак сандыкта тобум бар.

Көк улакты көтөрүп чаптым.

Жогортон келген эки калча,
Алыстан келген беш калча
Алып урса чил парча.

Бир көз миңди карайт,
Миң көз бирди карайт.

Пытыкыйда миң көз.

Көпкө турбайт, бат эле кургайт.

Боор ылдый боз баштык кулады.

Карача нардан суу чыкты.

Бир дөбөдө жети ийин.

Тентек сайдын башынан
Темир тил комуз жоготтум.
Көмүркөйдөн каты бар,
Көз мончоктору дагы бар.

Ээн талаа, кыян камыш,
Шам чырак, быш-быш булак.

Күңгөйдөгү таш кудук,
Тегереги ак кудук.
Тескейдеги таш кудук,
Тегереги ак кудук.
Бүркөлгөндө караңгы,
Түнү түшкөн таш кудук.
Ачылганда караңгы,
Ааламга жеткен ак кудук,
Ортосунда сары кыр,
Оргуштап агат булагы.
Жайкалып сонун көрк берет,
Бетеге, шыбак, тулаңы.
Ойлонуп муну ким табат?
Адамда болот бу дагы.

Ээгимдеги эчки,
Мурун жакта кирпи.
Мекен кылып бетти
Жылаан жылып кетти.

Зоо башында бир түп чаңгал.

Бакпай, тикпей бак болгон,
Өз боюна сак болгон.

Оро, короо,
Тегереги бадал.

Оро, оронун оозу шоро

Калың токой,
Калың токойдун алды жар кабак,
Жар кабактын алды чийме саз,
Чийме саздын алды кайнар булак,
Кайнар булактан ары шаркыратма,
Шаркыратманын алды жалжайма,
Жалжаймадан тик бурма.

Быш булак-быш булак,
Быш булактын үстүндө кайнар булак,
Кайнар булак үстүндө кара кыя,
Кара кыя үстүндө кара токой.

Шап-шапылдак
Шап-шапылдак үстүдө пыш-пышылдак
Пыш-пышылдак үстүдө кайнар булак
Кайнар булак үстүдө шам чырак
Шам чырак үстүдө кара пилик
Кара пилик үстүдө сары тескей
Сары тескей үстүдө кара токой
Кара токой ичиде кара доңуз.

Шапылдак,
Анын ары жагы жерге тал,
Анын ары жагы кызыл өгүз,
Андан ары бышылдак, калың токой,
Анын арасында кара доңуз.

Эп-эпилдек,
Эп-эпилдек үстүндө пыш-пышылдак,
Пыш-пышылдак үстүндө кайнар булак,
Кайнар булак үстүндө кара кыя,
Кара кыя үстүндө кара токой,
Кара токой ичинде кара доңуз.

Тап-тап, тапылдак,
Тапылдактын үстүндө пышылдак.
Пышылдактын үстүндө кайнар кара булак.
Кайнар кара булактын үстүндө кыя жол,
Кыя жолдун үстүндө кара токой.

Эв-эпилдек, жаа жапылдак,
Беш булак, беш булак,
Беш булактын үстүндө кайнар булак.
Кайнар булак үстүндө кара кыя,
Кара кыя үстүндө кара токой.

Ээ, эпилдек,
Жаа, жапылдак.

«Тий-тий» десем тийбейт,
«Тийбе-тийбе» десем тиет.

Ойлосом жаман экен көңдөй терек,
Дем алган дүнүйөдө жанга керек.
Мун үчүн отко түштү, чокко түштү,
Болбосо дүнүйөдө жан-жаныбарга не керек.

Өзүңдө бар,
Эсиңде жок.

Жаламанын боорунда жалгыз ыргай.

Узун-узун уз кетти,
Узун бойлуу кыз кетти.

Эки аттуу келет аяктан
Беш аттуу барат быяктан.

Кырдан чыгат эки аттуу,
Көтөрүп алат беш аттуу.

Кырдан кызыл көйнөкчөн кыз жүгүрөт,
Алдынан беш жигит тосуп алат.

Аң ылдый кызыл көйнөкчөн кыз жүгүрөт.

Караңгыда кызыл көйнөкчөн кыз жүгүрүп келе
жатат

Кырдан кызыл көйнөкчөн кыз жүгүрүп келе жатат.

Кырдан кызыл элик жүгүрөт.

Или булак-или булак.

Эки бир тууган бирин бири көрбөйт.

Калдыр-кулдур жаргагым,
Карый көрбөгүн.

Калдыр-гүлдүр этти,
Карыгыча көрбөдүм.

Карасам жок,
Кармасам бар.

Жар түбүндө жарты алачык.

Баары ичинде.

Досторум зериксе да,
Душманым зерикпейт.

Эки туяктын бири алдына кетсе,
Бири артта калат.

Эки күлүк бар,
Биринен бири озот.

Алды-кийин эки атым чуркайт.

Бир такка төрт шиш жаратты,
Барча шиштин башына
Жыйырма мис жаратты.

Он колумда он шакек бар ал Чынарбай,
Он койду карышкыр жеди кан чыгарбай,
Аны тапкан адамга өзүм барам мал чыгарбай.

Беш койду жейт бир карышкыр кан чыгарбай,
Ону тапкан жигитке кыз бериш керек мал чыгарбай.

Чолок терек башында,
Беш сагызган жайлашкан,
Аларга беш курт жабышкан.

Бир жыгачтын башында беш сагызган,
Бешөөнүн тең мүрдуна курт жабышкан.

Эрмекей, эрмекейден озбойт экен,
Алтын аяк, күмүш табак,
Акыретке барганча тозбойт экен.

Жогор жактан соно келет,
Тал башына коно келет.

Үкөктөгү үзгөн эт,
Үзсөм, үзсөм түгөнбөйт.

Беш аттуу, бешөө тең кашка аттуу.

Белбоодо беш ат,
Бешөө тең кашка ат.

Беш колумда беш жүздүк,
Он колумда он жүздүк.

Букардан келген он ат,
Ону бирдей кашка ат.

Беш сарт муз көтөрүп баратат.

Ормон Жарбанга берди
Жарбан жардан алыс ыргытты.

Он отузга берет,
Отуз желмаянга берет,
Желмаян жата калып ыргытып жиберет.

Он алып, отузга берди,
Отуз жалманбетке берди,
Жалманбет жардан ары кулатты.

Он бүркүт, отуз аккуу көлдө жаткан,
Ал аккуу ар нерсенин даамын таткан.

Беш бир тууган бар эле,
Баары бирдей жаш эле,
Ичинде бирөө баш эле,
Баарынан бою пас эле.

Беш баламдын бою барабар эмес.

Көсөө, көсөөнүн учу бешөө,
Бешөөнүн учу кылтырак.
Кылтырактын үстү жылтырак.

Көсөө, көсөөнүкү бешөө.

Күлүктү чабам, желдирем,
Камчы урбай катуу теминем.
Жем-чөп жебейт бул буудан,
Суу да ичпейт бир ууртам.

О тоо, бу тоо,
Орто жери зыңгыр тоо.

Кызыл кудук-кызыл кудук,
Турбаса суудан жутуп,
Соолуп калат, кандай шумдук?

Калалуу коргон бузулду.

Бир аралды жайлады отуз бөрү,
Беш-бештен он жигити кызматкери.

Бир текче,
Бир текчеде жүз мыкча.
Биз-биз, биз эдек,
Отуз эки кыз эдек,
Бир тактага тизилдик,
Бирер-бирер үзүлдүк.

Биз ям, биз ям, биз эдек,
Биз ям байдын кызы дек.
Бизди бузган бузулсун
Ак мончоктой тизилсин.

Бир сепилде байлануу кызыл жаян
Булкунат да сепилден чыга албаган.
Буйрукту кандайча деп болбой турган
Бир жерде жатып алып иш аткарган.

Ал тегирмен ташы бар,
Бул тегирмен ташы бар.
Ону тапкан жигиттин,
Жүз жыйырма жашы бар.

Кызыл өгүзүмдү бош койдум,
Кыдырата таш койдум,
Ашасын деп аш койдум.

Казан толо чий боорсок,
Ортосунда чоң боорсок.

Кыдырата таш койдум
Кызыл өгүз бош койдум.

Арийне-марийне менен озбойт экен,
Күнүгө беш-ондон кооздойт экен.
Болгондо алтын астов, күмүш казык,
Баргыча акырыга тозбойт экен.

Кыяда жатат кырк аркар,
Уяда жатат бир шумкар.

Кайнар булак үстүндө кара кыя.

Кел, кемпирим, жаталы,
Түктү түккө каталы.
Кызарганды басалы,
Бозоргонду жабалы.

Карагеримди каңтардым,
Киш ичигимди бөктөрдүм.

Эки адам аякташат,
Бири бирин таякташат.

Аркы өйүздүн карагай
Берки өйүзгө жыгылат.
Берки өйүздүн карагай
Аркы өйүзгө жыгылат.

Аркы өйүздө көп жылкы,
Берки өйүздө көп жылкы,
Тебишет да кагышат.

Кара тоонун башына
Кар жааганына канча жыл болду?
Кызыл тоонун башына
Таш ураганы канча жыл болду?

Кара тоонун башына
Кар жааптыр кетпей турган.
Алтындан ташкалаң бузулуптур,
Калкыңда уста барбы септей турган?

Капкалуу шаар бузулду,
Кайнар булак шор салды,
Ала-Тоо башын кар чалды.

Кара тоо башын кар чалды,
Кайнар булак соолду,
Отуз эки аргымак,
Ойноп жүрүп жоголду

Кар түштү кара тоого кетпей турган,
Ойдуң жерге суу түштү бүтпөй турган.
Берметтин отуз эки жиги ачылды,
Ушуну уста барбы эптей турган.

Эки терек жуп терек

Шып карагай бутаксыз,
Эгиз козу сөөксүз.

Топ терек, топ терекке суу керек.

Шып терек, шып терекке суу керек.

Тоо башына чөп чыкты,
Чыкканда да көп чыкты.

Сансыз жибек самсаалайт.

Кара кыя үстүндө кара токой.

Бурул-бурул, бурул токой
Бурулушуп калган токой.
Абылгасым алган токой,
Айкалышып калган токой.

Адырдын отун кулаттым.

Эки тор бир биринен озбойт,
Ар бири түрдүү сөздөр козгойт.
Ичинде күмүш коргон алтын күрөк,
Ар канча күрөсө да түшпөй турган.

Бир туурда беш куш бар,
Беш кушка бир куш
Экөө кырк күңгөйдү чабыттайт,
Экөө кызыл эттен бар койбойт.
Бирөө туурда турса ток,
Туурдан куласа жок.

Көлгө тубан түштү,
Тубан убара эмес, көл убара.

Көзгө төө түштү,
Төө убара эмес, көз убара.

Бир кырдын ары жагы да чырак,
Бери жагы да чырак.

Эки көлдү бир тоо бөлөт

Эки жагы эки чөл
Ортосунда ашуу бел.

Көлүм бар экен,
Кайың, тал чети.
Жалпайып акпайт,
Жалама бети.

Эртең менен туруп
Эки таш ыргыттым

Эки суу бар,
Бирине бири кошулбайт.

Чуу-чуу чөлмөгүм,
Чөмүч кара жашыгым
Алты төөгө бербеген,
Алтын кара кашыгым.

Төөгө бербеген атым,
Алтын кара кашыгым.

Төөгө бербеген атым, кара кашым.

Кичинекей медерим, жер түбүнө жетерим.

Кичинекей каратай,
Жер түбүнө барат ай.

Ит-ити булак үстүндө кайнар булак.

Дүрбү десем дүрбү эмес,
Дүрбүнүн миңине бербес.

Дөң астында кош чырак.

Ала-буйла ааламга жетет.

Бир ала арканым бар,
Жетпеген жерге жетет.

Басса бармактан чыкбайт,
Кое берсе жер-сууну чайкайт.

Ачып ийсем, ааламдын баарын көрөт,
Жуумп алсам, эч нерсени болжобойт.