
Бул баракчада ата жонундо макалдар топтолду.
- Агасы минген атты — иниси минет, атасы салган кушту — баласы салат.
- Агасын чапса балаңыз, атасын урам дегени.
- Ай тегерек, сабы жок, атакемдин табы жок.
- Ак калпактуу көрүнсө, атакем менин дебейминби.
- Аксабаса ат кадыры билинбейт, ата өлбөсө аксакал кадыры билинбейт
- Ак — Кайдын башы жошо бол, атаң өлүп калыптыр, эмне болсоң ошо бол.
- Акылсыз — атасын акмалайт.
- Акылы жетсе, атаны уул билет.
- Алганың көөнүн кирдетпе, «атаң» деп бизди тилдетпе.
- Алдыңа аш келсе, атаңдын кунунан кеч.
- Алты күн ачка калсаң да атаңды сыйла!
- Алтымыш күн атан болуп жүргөнчө, алты күн буура болуп зиркилде.
- Алтымышка чыккан атаңды алыс жолго жибербе.
- Алтымышка чыккан атаңды алыс жолго жибербе.
- Аңкоо бала атасына асылат, аңкоо кыз энесин коркутат.
- Атадан алтоо туулса, сыйлашпаса жат болот.
- Ата — аска тоо, Эне — оргуган булак, бала — экөөнө тең шам чырак.
- Ата — бала урушат, ага — ини жулушат.
- Ата — мекен, эне —нур.
- Ата арбагы ыйык.
- Ата баласы — тон жакасы.
- Ата баласы болбосоң болбо, эл баласы бол.
- Ата болдум деп мактанба, адам болдум деп мактан.
- Ата болсоң акылдуу бол, эне болсоң мээримдүү бол.
- Ата болуш — ардак, эне болуш — сыймык.
- Ата даңкы, эне баркы — балага дем.
- Ата данкы менен кыз өтөт, мата даңкы менен бөз өтөт.
- Ата жакшы — уул жакшы, эне жакшы — кыз жакшы.
- Ата өлүп бала калса тилегине жеткени, бала өлүп ата калса арманы ичте кеткени.
- Атам өлсө өлсүн, атамды көргөн өлбөсүн, энем өлсө өлсүн, энемди көргөн өлбөсүн.
- Ата каргышы — ок, эне каргышы — бок.
- Ата каргышына учураган перзент оңолбойт.
- Ата каргышына учураган перзент оңолбойт.
- Ата кебин эшиткен уул адеп тутат.
- Ата көргөн — ок бычат, эне көргөн — тон бычат.
- Ата көргөн ат берет, эне көргөн тон берет.
- Ата көргөн ок жонор, эне көргөн тон бычар.
- Ата конушу ардак, ата салты — сыймык.
- Ата намысын арсыз уул кетирет.
- Ата сөзү — акыл, ага сөзү — асыл.
- Ата сөзү — алтын, көңүл коюп уксаң.
- Ата сөзүн укпасаң, ажырайсың журтуңан.
- Ата сөзү уулга эм.
- Ата сыйлаган абийир табат.
- Ата уулду билет, ат ээсин билет.
- Ата уулу айтканынан кайтпайт, жоомарт бергенин айтпайт.
- Ата, башты алып мага бере коюп, жамбашты өзүң албайсыңбы — дептир.
- Ата — балага сынчы.
- Атага (же энеге) баланын алалыгы жок.
- Атага окшоп уул туулбас, энеге окшоп кыз туулбас.
- Атадан алтоо болсо да, ар жалгыздык башыңда.
- Атадан алтоо туулса, ар жалгыздык башта бар.
- Атадан жакшы туулса эшиктен төргө сүйрөөр, жаман туулса төрдөн көргө сүйрөөр.
- Атадан калган мал барбы, аяна турган жан барбы.
- Атадан таяк жеген балдар жакшы, энеден тил укпаган кыздар жакшы.
- Атадан уул туулса — ийги, ата жолун кууса—ийги.
- Атаң алтымышка чыкканда алдап — соолап күчүн ал.
- Атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны.
- Атаң жоо чапса кошо чап.
- Атаң өлсө, тайлак бар, кому жерде калган жок.
- Атаң карыса кул кылба, энең карыса күң кылба.
- Атаң кимди алса энең ошол, агаң кимди алса жеңең ошол.
- Атаң конгон конушка сен да бир күн конорсун, мактанбагын уулум ай, сен да мендей болорсуң.
- Атаң мурап болбосун, эгиниң суунун башында болсун.
- Атаң мурап болгуча: жериң суулуу болсун.
- Атан төө мас болсо, тайлак төө менен дос болот.
- Атаң этин оордобойт, султан сөөгүн кордобойт.
- Атаңа көрсөткөндү балаңдан көрөсүң.
- Атаңа эмне кылсаң, балаңдан ошону көрөсүң.
- Атаңдан акча алсаң да санап ал. Ачка болсоң да азанчыдан үмүт этпе.
- Атаңды дегендин тилеги катат, айланайын дегендин тилеги ашат.
- Атаңды өлтүргөнгө — энеңди алып бер.
- Атаңды көргөндөн акыл сура, энеңди көргөндөн тон сура.
- Аталар сөзү — акылдын көзү.
- Аталардын иши балдарга үлгү.
- Аталаштан алтоо болгончо, энелештен экөө бол.
- Аталаштан алтоо болгончо, энелештен экөө бол.
- Аталуу бала арсыз жетим, энелүү жетим эрке жетим.
- Аталуу бала кулак жейт, жетим бала туяк жейт.
- Аталуу жетим — арсыз жетим, энелүү жетим — эрке жетим.
- Аталуу уул — кожолуу кул.
- Аталуу уул кулак жейт, жетим бала туяк жейт.
- Атам, энем бар болсун, оозу мурду жок болсун.
- Атамды ажыга жиберип айныттык.
- Атамдын өлөөрүн билсем, бир табак кебекке сатпайт белем.
- Атамдын тапканы энемдин баракелдесине да жарабаптыр.
- Атаны сыйлаган абийир табат, энени сыйлаган элге жагат.
- Атанын баласы азаарында бакшы болот.
- Атанын баркын көзү барда билбейт, балалуу болгондо билет.
- Атанын жаман көргөн уулу түк күттү.
- Атанын кадырын билбеген баланын башы кор болот.
- Атанын каргышы — атылган ок.
- Атанын каргышы балага ок, өрттөп ийчү чок.
- Атанын кеби — балага, аганын кеби — иниге.
- Атанын көөнү балада, баланын көөнү талаада.
- Атанын мээри түшкөнгө адамдын каары түшөт.
- Атанын салган жолу бар, эненин бычкан тону бар.
- Атанын сыймыгын арсыз уул кетирет.
- Атанын тилдегени — баласын бил дегени.
- Атанын уулу болуш — урмат, элдин уулу болуш — кымбат.
- Атасы балам десе, баласы балам дейт.
- Атасы башка менен коён уулаба.
- Атасы башка, аты кашка.
- Атасы болушчаактын — уулу урушчаак.
- Атасы жиндинин — бири жинди, энеси жиндинин — баары жинди.
- Атасы өлгөн киши уктаса да, ачка киши уктабайт.
- Атасы көргөндү уулу көрөт, энеси көрбөгөндү кызы көрөт.
- Атасы топко кирбеген сөзгө кулак салбайт.
- Атасыз уул (бала) жетесиз, энесиз кыз никесиз.
- Атасына баласы аш ичкенди (аял алганды) үйрөтөт.
- Атасынан баласы ашып түшпөсө, акыр заман болот.
- Ата — эне берген тарбиядан турмуш өзү берген тарбия он эсе артык.
- Ата — эне кара мүртөз болсо, өз баласын каргайт, кан кара мүртөз болсо, өз башын өзү жалмайт.
- Ата —энеге баланын алалыгы жок.
- Ата — эненди сыйласаң өз балаңдан жакшылык көрөсүң.
- Ата —энеңди сыйласаң, өз балаңдан опаа (жакшылык) көрөсүң.
- Ата —эненин кадырын билген уул эл багар.
- Ата —энеси жоктун эли бар, эли жоктун өлүмү бар.
- Ата — энесине акаарат кылганды ташбараң кылат, шарият деп законун табат.
- Атың барда желип жүрүп жер тааны; атаң барда берип жүрүп эл (же дос) тааны.
- Атың барда жол тааны, атаң барда дос тааны.
- Бала жакшысы атанын даңкы, кыз жакшысы эненин даңкы.
- «Балам бар» деп мактанба, топто бирөө жок болсо, «атам бар» деп мактанба, атаң санда жок болсо.
- Баланын тили «апа» деп чыкса да, атанын тарбиясын алат.
- Баласы баатырдын, атасы ардактуу.
- Бекердин атасы өлүптүр.
- Билген жолуңду атаңа бербе.
- Бир акмак атасы өлгөндө көбөт, бир акмак катын алганда көбөт.
- Бир ата он баланы багаар, он бала бир атаны талаар.
- Бир ата отуз уулду багат, отуз уул бир атаны багалбайт.
- Бузулаар үйдөн ырк кетет, атасынан адилдик кетет.
- Жакшы ата — жаман уулга кырк жыл азык.
- Жакшы ата алысты жакын кылат.
- Жакшы атанын кашыктап жыйнаганын жаман уул чөмүчтөп чачат.
- Жакшы ата кашыктап жыйнаганын, жаман уул чеңгелдеп чачат.
- Жакшы уул атадан, жаман уул батадан.
- Жакшыга бир ата, жаманга да бир ата.
- Жаман да болсо атабыз, жакшыны кайдан табабыз.
- Жаман уул — атага кул.
- Күмүш үйлүү кыз чөп алачыктагы атасынан үмүт кылат.
- Атасы топко кирбеген, сөздүн баркын билеби.
- Теңир кошкон теңтуш болот, ата тапкан кайын болот.
- Кыз энеден үлгү албаса чоркок болот, уул атадан үлгү албаса коркок болот.
- Малга — ээ, балага — ата керек.
- Мата даңкы менен бөз өтөт, ата даңкы менен кыз өтөт.
- Өзү болбос жигиттин атасын сурап нетесиң.
- Өзүң көргөн жолду атаңа да бербе.
- Өлөр карга бүркүт менен ойнойт, ыйлаар бала атасынын сакалы менен ойнойт.
- Сакалдуунун баары эле чоң ата эмес.
- Сарттын ашына күйгөнчө, атаңдын башына күй.
- Таш менен урганды аш менен ур, атаңдыөлтүргөнгө энеңди алып бер.
- Уулсуз ата — канаты кыркылган куш.
- Уулу жакшы болсо, катардагы атасы бек үйүнөн жай табат. Уулу жаман болсо, тоодой болгон атасын төө үстүнөн ит кабат.
- Чоң атаңдын кадырын чоңойгондо билесиң.
- Эл — эне, жер — ата.
- Элдин салты — атанын наркы.
- Эне өлсө — төркүн жок, ата өлсө — тууган жок.
- Эне сыры — кызында, ата сыры — уулунда.
- Эне тыйбас кыздан түңүл, ата тыйбас уулдан түңүл.
- Эненин сөзү — нур, атанын сөзү —ур.
- Энеси жок кыз — эпсиз, атасы жок уул — жетесиз.
- Энеси жок кыздын эмчеги чоң, атасы жок уулдун аласы чоң.
- Энеси жоктун — кызы баш, атасы жоктун — уулу баш.
- Энеси көрбөгөнүн кызы көрөөр, атасы көрбөгөнүн уулу көрөөр.
- Энеси ой ойлобогон, атасы той тойлобогон.
- Эр атасыз болбос.
- Эр тайын тартат, ит атасын тартат.