Бурум-бурум, бурум токой,
Бурулушуп калган токой.
Аптыкайым алган токой,
Айкалышып калган токой.

Бурум-бурум, бурум коргон
Буралышып турат коргон.

Төрт айды, жыйырма төрт жылдыз менен бекиттим.

Керки тамдын жолунан,
Келе жатып түш көрдүм.
Түшүмдө мүшкүл иш көрдүм,
Түшүмдө төрт ай, 24 жылдыз көрдүм.

Анти – анти айдады,
Жүз жыйырма беш жылдызды,
Анти курман байлады.

Төрт ай, жыйырма төрт жылдыз.

Ант кылдым, бант кылдым,
Бир атка 24 жылдыз мант кылдым.

Хап-тап, табышмак,
Тай куйругуна жабышмак.

Узун-узун уч эле,
Учу менин колумда.
Чыйырчыктай чыпынган,
Чачи менин колумда.

Бадыр-будур баш кармайт,
Төлөк баатыр төш кармайт.
Кушбек баатыр куш кармайт,
Белек баатыр бел кармайт.

Баракелде, баш карма,
Көсөө куйрук, көч карма,
Узун боо, төш карма.

Балдыр-булдур баш кармайт,
Кудайберген куш кармайт,
Төлөберген төш кармайт.

Балдайкеси баш кармайт,
Төлөйкөсү төш кармайт.

Алыстан албыр-салбыр,
Жанына келип карасаң,
Бурама темир

Балжыр-булжур баш кармайт.

Төшөк сейит төш кармайт.

Таптым тешик,
Миндим бешик.

Тептим терекке чыктым.

Отурганы ово жер
Басканы бакырчанак.

Узун эле, кыскарттым,
Жоон эле, жондум,
Алыбай ыракмат кылды,
Астыга ылайык келди

Узун эле, кести эле,
Жоон эле, жонду эле,
Астыга ылайык кылды эле

Айерге келип чөктү,
Буйерге келип чөктү,
Бардыгына туура келди

Аттан эгиз, иттен пас.