Адам жонундо

adamdar jonundo makal opt

Бул бетте адам жонундо макалдар чыгарылды.

  1. Агын чогулуп сел болот, адам чогулуп эл болот.
  2. Адам — адам менен адам.
  3. Адам – акылы менен адам.
  4. Адам эли менен, ордок колу менен.
  5. Адам (көзү) жок жерде кеп (ушак) кылба.
  6. Адам адам үчүн табылгыс дары.
  7. Адам адам менен адам.
  8. Адам адамга дос, жолдош, бир тууган.
  9. Адам аласы — ичинде, мал аласы — тышында.
  10. Адам аласынан, сөз аласы жаман, от (эт)чаласынан, сөз чаласы жаман.
  11. Адам алсызы — урушчаак.
  12. Адам аракты жутат, арак кийин адамды жутат.
  13. Адам ачтан өлбөйт, ардан өлөт.
  14. Адам ашка тойсо да, башка (жашка) тойбойт
  15. Адам баласы тетиксиз сандык, сыртынан сынчы жаңылат.
  16. Адам болмок аста —аста, айбан болмок бир паста.
  17. Адам болор кишинин адам менен иши бар, адам болбос кишинин адам менен неси бар.
  18. Адам болуу — ураан, адамды билүү — кымбат.
  19. Адам болуу арзан, адамды билүү кыйын.
  20. Адам да көктөмдө арыктайт.
  21. Адам даңк үчүн от менен сууга кирет.
  22. Адам дүйнөдө бир жаралат.
  23. Адам жакшылыкты жерден таап албайт, адамдан үйрөнөт.
  24. Адам жаман эмес, анын кыялы жаман.
  25. Адам жаманы — сопу, жыгач жаманы — соку.
  26. Адам жүргөн жол менен адам жүрөт.
  27. Адам жүрүшүнөн — кул болот, ат жүрүшүнөн — пул болот.
  28. Адам жүрөгү менен күчтүү, жыгач тамыры менен күчтүү.
  29. Адам жолу — улук.
  30. Адам ит жандуу.
  31. Адам өзү ажалдуу болсо да, өлбөс нерселерди жасайт.
  32. Адам өзү карыса да, көөдөнү карыбайт.
  33. Адам өзүнөн кийинкилерди көрүп картаят.
  34. Адам өзүнөн эмес, сөзүнөн байкалат.
  35. Адам өлбөсө — айыл башы, сарт өлбөсө — кербен башы.
  36. Адам өлбөсө айыл башы, соодагер өлбөсө кербен башы.
  37. Адам өлөт, атак өлбөйт.
  38. Адам өлмөйүнчө ырыскысы түгөнбөйт.
  39. Адам өлсө даңкы калат, ат өлсө териси калат.
  40. Адам өчкө кудай өч.
  41. Адам кааласа таштан суу, такырдан гүл чыгарат.
  42. Адам карыган сайын бала.
  43. Адам катасыз болбойт, көлчүк бакасыз болбойт.
  44. Адам келсе таң аткандай, акмак келсе күн баткандай.
  45. Адам көңүлүнөн азат, тилинен жазат.
  46. Адам көптү көрбөй акыл кирбейт.
  47. Адам көркү — адеп.
  48. Адам көркү — чүпүрөк, дарак көркү — жалбырак.
  49. Адам көркү — чүпүрөк, жыгач көркү — жапырак.
  50. Адам кулагынан жаңылат, тулпар туягынан жаңылат.
  51. Адам курсагынан арыктабайт, кулагынан арыктайт.
  52. Адам маңдайга жазылгандан өтө албайт.
  53. Адам менен малдын айырмасы — акылда.
  54. Адам ойго тойбойт, бөрү койго тойбойт.
  55. Адам ооруган жеринен колун албайт.
  56. Адам сүйлөшкөнчө, айбан (жылкы) кашынышканча.
  57. Адам сөзгө (кепке) байланат, айбан чөпкө (жипке) байланат.
  58. Адам сөзүнөн сынат, уй мүйүзүнөн сынат.
  59. Адам темирден катуу, (таштан бек), гүлдөн назик.
  60. Адам тилинен табат.
  61. Адам тирүүлүгү — бейиш, молдонун тирүүлүгү — кейиш.
  62. Адам төрөлсө да, өлсө да койдун шору.
  63. Адам чакырса барбайм деген, аш чакырса калбайм дейт.
  64. Адам ызаатка келет, айбан чөпкө келет.
  65. Адам эли менен, каз — өрдөк көлү менен.
  66. Адам эмгеги менен даңктуу (таанылат).
  67. Адам эмгек менен адам.
  68. Адамга — ишарат, айбанга — келтек.
  69. Адамга адам кымбат.
  70. Адамга өлүм ак.
  71. Адамга көрбөгөндүн баары кызык.
  72. Адамга конгон касbет качпайт, бирок издеген киши таппайт.
  73. Адамга кылган жакшылык, айда тийген ай эмес, күндө тийген күн эмес.
  74. Адамга мал табылышы оңой, адамга адам табылышы кыйын.
  75. Адамга таандык мыкты дөөлөт — достук.
  76. Адамга тубаса акыл бүтпөйт, эмгек менен заман жасайт.
  77. Адамга чычалак жарашпайт, атка жаталак жарашпайт.
  78. Адамга чычалак жарашпайт, атка жаталак жарашпайт.
  79. Адамга эки нерсе тирек деги, бири тил, бири дилиң жүрөктөгү.
  80. Адамдагы эң сонун нерсе — акыл менен билим.
  81. Адамдан айла качып кутулбайт.
  82. Адамдан улуу ат жок, нандан улуу аш жок.
  83. Адамды (кишини, жигитти) сөзүнөн тааныйт.
  84. Адамды адам кылып арга үрөгөн үмүт.
  85. Адамды акылга бай кылган — эмгек, төрт түлүктү шай кылган эмгек.
  86. Адамды акылынан, даракты жалбырагынан байка.
  87. Адамды алыстан тааныш (байкаш) кыйын.
  88. Адамды билиш үчүн аны менен бирге үч пуд туз жеш керек.
  89. Адамды бузган — байлык менен бийлик.
  90. Адамды үмүт жашатат, кайгы какшатат.Адамды кийминен тааныбайт, ишинен тааныйт.
  91. Адамды көзүнөн түшүнбөй, сөзүнөн түшүн, акмакты өзүнөн түшүнбөй, элден түшүн.
  92. Адамды кордобо, акмакты бордобо.
  93. Адамды сөзүнөн тааныбайт, ишинен тааныйт.
  94. Адамды шайтан азгырат, артык дөөлөт мас кылат, тумшугу таштай катаарда, тууган менен кас кылат.
  95. Адамды шорго салган да, өлтүргөн да тил.
  96. Адамдын адам билет сымбатын, акмактар кайдан билсин, адамдын арзан менен кымбатын.
  97. Адамдын адамкерчилиги, ачуусу келгенде билинет.
  98. Адамдын акысын жер жебейт.
  99. Адамдын аласы жаман, айбандын куласы жаман
  100. Адамдын ардуусу тырышчаак болот.
  101. Адамдын башкы милдети — ыймандуулук.
  102. Адамдын бетин бөрү жебейт.
  103. Адамдын бири тентек, бири жөнтөк, бири эпчил, бири кекчил.
  104. Адамдын даңкын чыгарган да — тил, тарпын чыгарган да — тил.
  105. Адамдын жалаңгычы да адам.
  106. Адамдын жаман — жакшысы туулгандан эмес, көргөн тарбиясынан.
  107. Адамдын жылдыздуусун айбан да билет.
  108. Адамдын ийгилиги эмес, акылына карап баа бер.
  109. Адамдын иши, жемиштин мөмөсү.
  110. Адамдын өзү картайса да, сөзү картайбайт.
  111. Адамдын өзү карыса да, сөзү карыбайт.
  112. Адамдын өзүнө баа бербе, акылына баа бер.
  113. Адамдын ким экенин билгиң келсе, кебин шашпай тыңшап көр.
  114. Адамдын көзү өлгөндө (бир чымчым) топуракка тоёт.
  115. Адамдын көркү — адеп.
  116. Адамдын көркү — адилеттүүлүктө, жигиттин көркү — адептүүлүктө.
  117. Адамдын көркү — акыл.
  118. Адамдын көркү — бөз, көңүлү — эки ооз сөз.
  119. Адамдын көркү — бөз, кулактын көркү — сөз.
  120. Адамдын көркү баш болот, кабактын көркү каш болот.
  121. Адамдын кыйноосу — санаа, өлүмү — оору.
  122. Адамдын мөмөсү бала.
  123. Адамдын мыктысы — жөнөкөйлүк.
  124. Адамдын оозунда болсо — алданын кулагында болот.
  125. Адамдын пейли тойбой, карды тойбойт.
  126. Адамдын түсүн айтпай, ишин айт.
  127. Адамдын эмгектен улуу тиреги жок.
  128. Атанын баласы болбосоң да, адамдын баласы бол.
  129. Ата болдум деп мактанба, адам болдум деп мактан.
  130. Адамзатты сөз бузат, тоо — ташты сел бузат.
  131. Адамзаттын жакшысы азыраак сүйлөп, көп тыңдайт, аргымактын жакшысы азыраак оттоп, көп жуушайт.
  132. Адамзаттын уругу — ажырыктын тамыры.
  133. Адамча туулуп, айбанча жашаба.
  134. Ай — чыгышынан, адам — жүрүшүнөн билинет.
  135. Ай чырайлуу, бал сөздүү — акылман адам элеси.
  136. Айбан ачуусу көзүнөн билинет, адам ачуусу сөзүнөн билинет.
  137. Атты билгенче ай керек, адамды билгенче жыл керек.
  138. Ак ниеттүү адамга жамандык жабышпайт.
  139. Акмак өлүп коркутат, адам таарынып чоочутат.
  140. Акчалуу адам мөөр үстүндө, акчасыз адам көр үстүндө.
  141. Акыл менен билим эр адамдын сөөлөтү.
  142. Алтымышка чыккан адамды, алыс жолго жибербе.
  143. Алтынды билүү — оңой, адамды билүү — кыйын.
  144. Ар адамда бир кыял, ал кыялды ким тыяр.
  145. Ар бир адам Мекенин сүйөт, соодагер бекерин сүйөт.
  146. Ар бир адамдын киндик каны тамган жер—Мисир.
  147. Ат — адамдын канаты, аш — адамдын кубаты.
  148. Ат жакшысы – ардак, адам жакшысы — урмат.
  149. Ат тойгон жерине качат, адамзат туулган жерине качат.
  150. Ат кишенешип табышат, адам сүйлөшүп табышат.
  151. Ат жашарып кунан болбойт, эр (адам) жашарып улан болбойт.
  152. Ат жакшысы – ардак, адам жакшысы — урмат.
  153. Ат азгыны — жорго, адам азгыны — молдо.
  154. Ат адамдын (эрдин) канаты, аш адамдын кубаты.
  155. Аттын жаманы — аңги, адамдын жаманы — баңги.
  156. Атпаса мылтык сай болбойт, анткор адам бай болбойт.
  157. Аюу — аманын тилейт, адам — жакшыны тилейт, акмак жамандыкты тилейт.
  158. Ашыкпаган адам араба менен коен уулаптыр.
  159. Ашык болгон адам акын болот.
  160. Аштын даамы туз менен, адамдын даамы сөз менен.
  161. Ач көз адам тойбос, соргок соргоктугун койбос.
  162. Сууга чөккөн адам өлөт, кайгыга чөккөн адам көнөт.
  163. Сөзү суук адам, баш бербеген торпокко окшош.
  164. Сөз жебеген адамдын ар сөзүндө бир тузак.
  165. Сөз билги — тапчыл, адам сулуусу— акыл.
  166. Сүйүүсүз адамдардын оту күйүшпөйт.
  167. Сүйүүсүз адамдардын оту күйүшпөйт.
  168. Сабырдуу адам — жылдыздуу.
  169. Пейли тар адам кең идиштен аш иче албайт.
  170. Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет.
  171. Өзүнө пайдасыз адам өзгөгө да пайдасыз.
  172. Өзүнө жакшылык кылбаган адамдан өзгөгө жакшылык артпайт.
  173. Өзүң адам болгон соң, өлбөсүңдү билген соң, кайда барсаң анда бар.
  174. Өзү сары, көзү көк — ал адамдын шумкары, өзү кара, көзү көк— ал адамдын шумпайы.
  175. Осол өскөн жыгач бутагын көтөрө албас, осол адам атагын көтөрө албас.
  176. Нандан улуу тамак жок, адамдан улуу атак жок.
  177. Муңдуу жүргөн адамга, мукамдуу айткан ыр жакшы.
  178. Муңдуу адамга мукамдуу ыр жакшы.
  179. Мекенсиз адам — үнсүз булбул.
  180. Мал үйүрчүл, адам уюмчул.
  181. Мал аласы — сыртында, адам аласы — ичинде.
  182. Кыябын таап сөз айтса, көнбөгөн адам болобу.
  183. Куш жемге алданат, адам сөзгө алданат.
  184. Көп баскан адам, бок басат.
  185. Күлүп сүйлөгөн адамдан корк, күлүмсүрөп жааган жамгырдан корк.
  186. Күүсү жанбас заман жок, күчү кайтпас адам жок.
  187. Кечүү билбей кечпе, адамдын сырын билмейинче ишенбе.
  188. Кесел адам кейикчил.
  189. Кеп билген адам — көп билген адам.
  190. Карыганда адам кичирейет, көркү кетип чүгүрөйөт.
  191. Кары адам — үйдүн куту.
  192. Карт адам акылга бай, март адам доско бай.
  193. Каргылуу тайган бар, адамдан чыккан айбан бар.
  194. Карапайым адам — касиеттүү адам.
  195. Карагай болбой чер болбойт, кайратсыз адам эр болбойт.
  196. Кара жемсөө адамда калыстык жок.
  197. Кара далы — эр тандабайт, өлөөр адам — жер тандабайт.
  198. Канжыгалуу кара сеңсел — алгыр кырааны, калкка туу, баатыр чеңгел — адам кырааны.
  199. Каман өлсө тиши калат, адам өлсө иши калат.
  200. Кайраттуу адам калкка башчы болот.
  201. Кайгыдан адам картаят, шаттыктан адам жашарат
  202. Кайгы адамдын өзүн чиритет, калп адамдын сөзүн чиритет.
  203. Ички ооруну табуу кыйын, карт адамды багуу кыйын.
  204. Ийне көзүнөн сынат, уй мүйүзүнөн сынат, адам (чечен) — сөзүнөн сынат.
  205. Зор адамга жакшы адам, сөзү менен теңелет, бар адамга жок адам, күчү менен теңелет.
  206. Жылкы аласы — тору ала, сыртынан таанылат, адам аласы — ичинде, баамчылар жаңылат.
  207. Жыгачтын жумшагын курт жейт, адамдын жумшагын адам жейт.
  208. Жоктон барды жараткан адамдын акылы.
  209. Жети баштуу ажыдаардан коркпо, эки жүздүү адамдан корк.
  210. Жерде жүргөн коңуз бар, адамдан чыккан доңуз бар.
  211. Жашыңдан жаман жолго баспаганың, адамдык сапатынды сактаганың.
  212. Жанашып калсаң (койсоң) жаманга, жакшылык кылбайт адамга.
  213. Жаман төө жабуусун жерийт, жаман адам айлын жерийт.
  214. Жаман адам өзү боло албайт, болгонду көрө албайт.
  215. Жаман адам жакшыны тааныбайт.
  216. Жаман адам — өз ырыскысына өзү түкүрөт.
  217. Жалкоолук адамды карытат, эмгек адамды байытат.
  218. Жалгыз таруу ботко болбойт, жалгыз адам тутка болбойт.
  219. Жалгыз адам тутка болбойт, тутка болсо да журтка болбойт.
  220. Жакшы тондун жакасы бар, жеңи жок; жакшы адамдын ачуусу бар, кеги жок.
  221. Жакшы үйгө келгенде, жаман адам мас болот.
  222. Жакшы үйгө келгенде, жаман адам мас болот.акшы малдын тишин ачпа, жакшы адамдын жашын сураба.
  223. Жакшы болом десең, жакыныңа жан тартпа, бактылуу болом десең, башка адамга көз артпа.
  224. Жакшы адамга жамандар, малы менен теңелет.
  225. Жакшы адамдын досу көп, жакшы аттын ээси көп.
  226. Жакшы адамда жаштык жок, тобокелдин көөнү ток.
  227. Жакшы адам улууну ак дилинен урматтайт, кичүүнү орду менен ызааттайт.
  228. Жакшы адам сөздү таап айтат, жаман адам каап сүйлөйт.
  229. Жакшы адам он бешинде жашмын дебейт, жүзгө чыкса карыдым дебейт.
  230. Жакшы адам макалчы, жаман адам сакалчы.
  231. Жакшы адам иш үстүндө, жаман адам сөз үстүндө.
  232. Жакшы адам жер себинен, жаман адам эл эсебинен жан сактайт.
  233. Жакшы адам жайлоодогу гүлдөй, тийип турган күндөй.
  234. Душманы жок адам болбойт, дудуктун да жанын койбойт.
  235. Доссуз адам — канатсыз куш.
  236. Дөөлөттүү адам ток болот, жашыңда жигит шок болот.
  237. Дүнүйө адамды таппайт, дүнүйөнү адам табат.
  238. Дүйнөгө устун болгон адам жок.
  239. Даракты жер көгөртөт, адамды эл көгөртөт.
  240. Дарак жемишинен таанылат, адам акылынан таанылат.
  241. Дарак — тамыры менен, адам — тууганы менен.
  242. Гүл — аарыныкы, бал — адамдыкы.
  243. Бышыксынган адамдар бересеге чалынат.
  244. Буюмду адам жаратат, адамды кудай жаратат.
  245. Буту менен басып, мурду менен тынгандын баары адам атала бербейт.
  246. Боору бүтүн, башы эсен адам болбойт (жок).
  247. Болот отто чыңалат, адам иште чыңалат.
  248. Билинбей туруп адамга, бир ооз сөз оору дарылайт.
  249. Билимдүү бөлмөк — оңой, адам болмок — кыйын,
  250. Беттешүүдө өзүн жоготкон адам жетелеме болот.
  251. Башынан багы качкандан — адам да качат.
  252. Башы тоголоктун (же томолоктун) бардыгы адам боло бербейт.
  253. Бактылуу адам кааласа, муз үстүндө от жанаар, бактысыз адам кааласа, кургак үйдөн суу чыгаар.
  254. Бак коноор адамдын уулу эптүү, кызы көрктүү болот.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3 + шесть =