Кырда кылыч жарк этет,
Өөндө эшик шалп этет.

Кырда кылыч жаркылдайт.

Шылдыр-шылдыр, шылайкан,
Колго түшкөн кедейкан,
Маңдайы кашка баатыркан,
Кулагы чунак капыркан.

Кырда кылайма,
Отто олоймо,
Сууда сулайма.

Сууда сулайманды көрдүм,
Тоодо тулайманды көрдүм.

Көк торпок болуп жээктен чыктым,
Кулун болуп тээктен чыктым.
Закымданып талаадан чыктым,
Жүгөн катынбай желеден чыктым.

Дүбүр-дүбүр, дүбүркан,
Дүбүркандан бууракан,
Бууракандан бугушкан,
Бугушуп терек жыгышкан.
Жаан-жаан жанаркан,
Колго түшкөн кедейкан,
Кул кулагын култуйткан
Кулагы чунак Норускан.

Кандар!
Дүмбүр-дүмбүр, дүмбүркан,
Дүмбүркандан бууракан,
Бууракандан бугушкан,
Бугушуп терек жыгышкан.
Жаан-жаан, жаан аркан,
Колго түшкөн кедейкан.

Баар-баар, бар эки,
Бармактары он эки,
Пати шайы тону бар,
Соорусунда калы бар.

Ары кетет торучан,
Бери кетет торучан.
Ортосунда чалчык суу,
Тандап ичет торучан.

Аякка өтөт торучан,
Быякка өтөт торучан.
Тал түбүндө тунук суу,
Тандап ичет торучан.

Тишин кара ташка бүлөгөн,
Ырысын кара жерден тилеген.
Качырганын койбогон,
Караңгыда жойлогон.

Ылдыйга аста келет, жай кетет,
Өйдөгө өр кетет, октой кетет.

Күндүз жатып, түндө жүрөт,
Муну көргөн адам күлөт
Айсыз караңгыда көзү көрөт

Күндүз жатып, түндө жүрөт,
Муну көргөн адам күлөт
Айсыз караңгыда көзү көрөт

Кыртышы кара жаргактай,
Канаты кадимки чатырдай.
Учат дайым талыкпай,
Күндүзү жатат жансыздай.

Көргүлөчү куйругун,
Куйругунан мурду узун,
Атын атап андан соң,
Тапкылачы тумшугун.

Төрт буттуу,
Төөдөн күчтүү.

Эчкини куйругуна жапырган,
Эшекти башына көтөргөн.
Бөксө тоону жайлаган,
Чөп сарасын аймаган.

Эшек кулак, уй мурун,
Жазы маңдай кургуруң.
Ача туяк, казык бут,
Кескен өңдүү куйругун.

Турук менен качат,
Түнү дагы тынбай басат,
Тойгон мерген болсо да,
Токтоно албай атат.

Ача туяк, төрт казык,
Өтө кыйын жүгүрөт.

Тумшугу шиштей кара,
Кийген кийими ала.
Денесине найза сайынат,
Ачууланса үрпөйүп жайылат.

Өзү чычканча басат,
Тумшугун бооруна катат.
Бүт денесин ийне катынып,
Топтомолок болуп жатат.

Көпүрөнүн түбүндө,
Көр эшен ийне сатып отурат.

Шалдыр-шалдыр, шалдырак,
Куш кабак,
Олтурганы кишидей,
Оттогону жылкыдай,
Муну тап.

Шалдыр-шалдыр саадак,
Буту-колу кадак.

Калдыр-кулдур каадак,
Жаны толгон саадак.
Отурганы кишидей,
Оттогону жылкыдай.

Отурганы кишидей,
Оттогону жылкыдай.

Жылмалыгы жыландай,
Оттогону куландай,
Отурганы адамдай,
Жайкысын болчу жаныбар,
Кышкысын болбойт бул кандай?

Карагандын түбүндө,
Какаш сулуу отурат,
Салпаң кулак келет деп,
Ыйлап-сыктап отурат.

Жездекемдин жээрде аты
Жер алдында кишинейт.

Жер түбүндө жездекемдин аты кишинейт.

Бар-бар, бар эки,
Бармактары он эки
Ала саргыч тону бар,
Куйругунда калы бар.

Бар-бар, бар эки,
Бармактары он эки.
Куйругунда калы бар,
Куйтулугу дагы бар.

Багал-багал, багал кийик,
Багалчактуу жүндүү кийик,
Кашык толбос кандуу кийик,
Казан толбос гөштүү кийик.

Чекендинин түбүндө
Чекил калча олтурат.

Төөнү эрдине кыскан,
Итти таманына баскан,
Эчкини куйругуна таккан,
Эшекти башына жапкан,
Бул эмне?

Төө ооздуу,
Бото көздүү,
Эшек кулатуу,
Эчки чычаңдуу
Ат аяктуу,
Кой жүндүү.

Жылып кетсе жыландай,
Жылма түбү коендей.
Отурганы кишидей,
Оттогону жылкыдай,
Качырганы кара барчын бүркүттөй.

Желбейт, баспайт,
Өкүрөңүн жазбайт,
Арткы бутунун изин,
Дайым алдыга таштайт.

Бою бастек,
Көзү тосток.

Баспас, желбес, текиреңин жасбас.

Акырын баспайт, текиреңин жазбайт.

Бакса байлык,
Арткы буту майрык

Оттогон жери оймоктой,
Баскан жери бармактай.

Аттаган жери атандай,
Оттогон жери оймоктой
Баскан жери бармактай.

Элең-элең, элең келер,
Этек жеңин кыя келер,
Кон арыкка коно келер,
Коктунун суусун иче келер.

Үйдүн арты топ камыш,
Кууп кирди чоботой.

Узун сайда уй мөөрөйт.

Талаадан тамак аңдыган,
Адыраңдаган кандай жан?

Талаада татак,
Татырман матак.

Оргочордон от күйөт,
Кызыл суудан ит үрөт.
Дүүр-дүүр дүк келет,
Эшикти кара ким келет?
Мамадияр кан келет,
Оозунан май таамп келет.

Миң койду аралай чапкан Байбарак баатыр.

Кыядан чапкан Кыйкырык баатыр.

Капталды капталдай чапкан Байбарак баатыр,
Бирөөнүн эмгегинен пайда тапкан кайрымсыз капыр.

Дүүр-дүүр, дүк келет,
Эшикти кара ким келет?
Мамадияр кан келет
Камчысынан кан таамп келет.

Дүп-дүп, дүп этет,
Чыга калып карасам,
Акансейит хан келиптир,
Камчысынан кан таамп,
Жоолугунан май таамп.

Дүмөн-дүмөн, дүм келет,
Дүмөн черик кан келет.
Камчысына кан жукпайт.
Жоолугуна май тамбайт.

Жогорудан келген муналуу байтал,
Бу капырдын жүрүшүн кара,
Такымынын тырышын кара.

Букардан келген муналуу байтал,
Буту-колу кыналуу байтал,
Мунун жүрүшүн кара,
Буту-колу тырышын кара.

Бир күнү элден,
Он күнү жерден.

Саксайган түрү бар,
Адам коркор сүрү бар.

Апсайган түрү бар,
Адам коркор үнү бар.