Конгондо кооз,
Көчкөндө бооз.

Биз бир топ кыз элек,
Шыпка илиндик,
Жипке тизилдик.

Үч төөм бар: Бирөө адам жейт, бирөө төө жейт, бирөө жем жейт. Бирине бирин
жегизбей чиркештирип алып кетүү керек.

Он эки атты төрт акырга байлоо үчүн, үч акырга үч-үчтөн бир акырга
экиден байлап, он эки атты төрт акырга сыйдырылсын

Бир жыгачта он эки бутак,
Жарымы кара, жарымы ак.

0Бир түп терек,
Ону тапкан жигитке
Пулсуз тийсе керек.

Бир бөлмөдө 100 бир тууган, тышка чыкпайт,
Суу ичинде уктайт, же суусун жутпайт.

Жорго миндим, жолдо жүрдүм чаңы жок.
Отуз уул көрдүм ичинде бир да кызы жок.
Кара суудан каймак алдым музу жок.
Канжыгага каз толтуруп байландым,
Бир да өрдөгү жок.

Бир адамдын үч буту бар.

Ичи бирөө, ичегиси экөө.

Бийчи бирөө, эчкиси экөө.

Бир жерден сүйлөп, миң жерге угулат.

Арабам дөңгөлөйт, жер баспайт,
Канча, канча чатак чыкса,
Жакшылар жыйылып, кеп, акыл салса
Эч бирөөдөн акылы жанашбайт.

Бир адамды он адам кылам десе,
Башынан ойлоп жүрүп камын жесе,
Бир адамды он адам кылат экен,
Көрүнөө сандык алып өзү келсе.

Эч качан болгон эмес,
Жана болбойт да,
Бирок ал азыр бар.

Мен энеден жалгыз кызмын,
Алдымдан бир эркек баша өткөнү,
Бир кече жарсыз жатканым жок,
Хакиз кызмын.

Кылым падышадан чыкканыма кырк жыл болду,
Ар күнү жарым менен жатып чыгам,
Бирок дагы эле кызмын.

Сары запаста бир сарай,
Сырты бирөө ичи жүз.
Ал сарайдын ичинде,
Алмадай болгон толгон кыз.
Акча берген адамдар,
Ал кыз менен аралашып жата тур!
Бул бербеген адамдар,
Көзү сокур, көңүлү түз.
Ошо азыр кыз болсо да,
Катын болор келер күз.

Бир тартар өлүп жатыптыр,
Аны он эки карышкыр жеп жатыптыр.
Тартардын бир жилигин алып үйгө киргизсе,
Батпай сыртка чыгып жатыптыр.
Бул эмне болгон үй дейин десе,
Көчкөндө токсон нарга жүк чыгыптыр.
Бул эмне болгон нарлар дейин десе,
Аларды чөгөрүп тистей койсо,
Теректин башындагы бүрүн сындырып жеп жатат.
Бул эмне деген терек десе,
Эртең менен учкан таан кечинде араң жетип конуптур.
Булар гана эмес, дагы бир укмуш,
Кечинде букадан качкан уйлар эртең менен тууп жатыптыр.
— Жыл, он эки ай, жыйылган түшүм (акты-көктү), токсон (үч ай), жерден өсүп
чыккан өсүмдүк, Күн, кечинде баткан Күн, эртең менен чыккан Күн.

Мурун, мурун бир заманда кандын жалгыз кызы бар эле. Анын сулуулугу
перинин кыздарына тең эле. Бул кыз караңгы түндө кай жакка карап жатса,
калк «ошо жактан күн чыктыбы?…» деп калар эле. Бул кызга үч жигит тең
ашык болду. Кыз үчөөнү тең көрдү. Анан үчөө тең «мен аламын, мен аламын»
деп талаш кылды. Кыз айтты:
— Өнөрүңөр ашканыңарга тиемин — деди. Бул үч жигит чет
падышалыктарга жаан кезип жөнөдү. Булар бир канча жыл дүйнө кезип
жүргөндөн кийин, бири өлгөндү тиргизер илеген тапты. Бири дүйнөнүн ар
жагын тең көрсөтөр күзгү тапты. Бири көз ачып жумганча дүйнөнү айланып
чыгар төө тапты. Анан кийин баары бир жерде чогуу сүйлөшүп олтурушса,
күзгү тапкан күзгүсүнө карап:
— Кандын кызы өлүптүр — деди. Анда төө тапкан:
— Жүргүлө менин төөмө минип жаназага жетип баралы — деди.
Андай болсо макул экен деп, үчөө тең аттанып жүрдү. Көз ачып жумганча
кандын сарайына келип түшүштү. Кызды жуумак болуп жаткан экен. Анда
өлгөндү тиргизер илеген тапкан жигит ошо илегенге олтургузуп жуугула деп
илегенди бере койду. Кыз-аял дебей жабылып жууй баштаган эле, кыз
тирилип тура келди. Кан бул жигитке кызын бермек болду. Анда эки жигит
жагында талаш болуп топтогон бийге салмай болду. Бийлер эч кайсысына
буюруп бере албады. Бул кызды булардын кайсысына бересиз?


Бир кыз чыгарды табышмак, Мысыр шаарында кырк тарак, алтымыш энелүү
карышкыр, жетимиш балалуу карышкыр, баарынын көңүлү кой кырмак. Байбиче
турар, токолун тур турлап, укуругу жок, жүгөнү жок, асоо устадым кыр кырлап.
Уугу жок үй үйлөдүм сыр сырлап, туурда шумкар олтурар уңкулдап. Тапкан адам
ак төштө жатар былкылдап.

Илгери бир хан эки вазири менен жол жүрүп, калаага кире бериште бир
куудай сакал карыя тилемчиге кезигет. Бирок ага тыйын бербейт да, өтө
берип, кайра кайтканда, тилемчи дагы «оомийин» дейт. Бирок хан өтө түшүп
кайрылып келет да:
— Сен экини онго неге сатпайсың? — деди.
— Мен сатар элем тиркичим жок, тишим жок — деди.
— Жашыңдан бери тууган жоксуңбу? — деди.
— Үч тууп, үч сүрүндүм — деди.
— Эмесе акмакка арзан болбо — деп жасоолдору менен бастыра берди.
Эки жасоол:
— Ханым, кандай сүйлөштүңөр? — деп сурайт.
— Эй, акмактар мен силерден жашырып сүйлөштүмбү, үч күнгө чейин
таппасаңар башыңарды алам — деди хан. Вазирлер таба алышпайт да,
карыяга эки эрдин кунун берип, баягы табышмак сөздү айттырып алат да,
ханга айтышат. Эртеси хан жалгыз бастырып тилемчиге келет.
— Арзан болдуңбу, кымбат болдуңбу? — дейт хан.
— Кымбат болдум — дейт тилемчи.
— Эх, болуптур — деп, хан бастыра берет.
Хан менен тилемчи эмне деп сүйлөшкөн? «Сен экини онго сатпайсыңбы»
дегени, «эки ай иштеп, он ай жатпайсыңбы» дегени. «Тиркичим жок, тишим
жок» дегени, «карып-арып калдым» дегени. «Тууган жоксуңбу?» дегени, «балачакаң жокпу» дегени. «Үч тууп, үч сүрүндүм» дегени, «үч аял алып, үчөө тең
бала-бакыралуу болгондо өлдү» дегени. «Акмакка арзан болбо» дегени,
«менин эки вазиримден кымбат алып айтып бер» дегени. «Кымбат болдуңбу?»
дегени, «эки вазирден кымбат алдыңбы?» — дегени.

Илгери бир хандын кызы болгон экен. Бул кыз турмушка чыгуу үчүн
хандын элин бүт жыйдырат. Хандын кызы келген элге:
— Менин бул табышмагымды ким тапса, мен ошол жигитке тиемин —
дейт. Жыйылган элдин ичинде бир молдо жигит табышмакты табууга макул
болот. Кыз табышмагын айта баштайт.
Кыз:
Молдо торгой, боз торгой
Канатында каты бар.
Кармап алып сайраткан,
Кайсы-кайсы байгамбар?
Молдо жигит:
Молдо торгой, боз торгой
Канатында каты бар.
Кармап алып сайраткан —
Ибраим байгамбар.
Кыз:
Төбөдөгү төрт жылдыз,
Баткан жери кайсы экен?
Төрт чалыяр биригип,
Жаткан жери кайсы экен?
Молдо жигит:
Төбөдөгү төрт жылдыз,
Баткан жери — кыбыла.
Төрт чалыяр биригип,
Жаткан жери — Медина.
Кыз:
Жатып калган жыгачка,
Жан киргизген ким болду?
Молдо жигит:
Жатып калган жыгачка,
Жан киргизген — кыякчы.
Кыз:
Кумурсканы кой кылып,
Кумга жайган ким болду?
Молдо жигит:
Кумурсканы кой кылып,
Кумга жайган — куу шайтан.
Кыз:
Чегирткени ат кылып,
Чертип минген ким болду?
Молдо жигит:
Чегирткени ат кылып,
Чертип минген — куу шайтан.
Кыз:
Көпөлөктү куш кылып,
Көндүрүп жүргөн ким болду?
Молдо жигит:
Көпөлөктү куш кылып,
Көндүрүп жүргөн — куу шайтан.
Кыз жеңилип, жигит менен турмуш курган экен.

Бир хандын кызын дагы бир хандын уулу алмак болот. Анан отуз күнү той
берет. Дүнүйө-тамашанын баарын жасайт. Эр да сайыштырат, төө да чечтирет.
Анан өргөсүн көтөрүп, тойду таратып жөнөтө турган болот кызды. Ошондо
кыздын атасы оолугуп кетип мындай деген табышмак айтат:
— Он ит, жыйырма карышкыр, отуз жолборс, кырк аюу, элүү өгүз,
алтымыш аркандаган ат, жетимиш үч буттаган ат, сексен жумуртка, токсон
торгой. Ушул табышмакты тапсаңар кызымды алгыла, таппасаңар бербейм, —
дейт.
Бул табышмакты эч ким таба албай, сегиз ат коштоп киши алдырат. Келген
киши мындай деп чечкен экен:
— Он — ит: он жаштагы бала, итче ыркырашып турбайбы. 20 —
карышкыр: карышкырдай тытышып, жулкушуп турбайбы. 30 — жолборс:
отузунда жолборстой эле алдуу-күчтүү болот да. 40 — аюу: кыркында кандай
болбосун бастап калат го киши. 50 — өгүз: элүүсүндө өгүздөй жоош тартып,
муңайып калат да. 60 — арканданган ат: алтымышка чыкканда аттай болуп
калат да. 70 — үч буттаган ат: үч буттаган дегени, үч буттап тушап койгон
аттай болалбай каласың дегени. 80 — жумуртка дегени: 80 деги кезде
жумурткадай чайкалып калбайбы. 90 — торгой дегени — торгойдой эле
сайрап калбайбы.
Ошентип кызын берген экен

Бир байдын койчуманынын ашкан сулуу аялы болгон экен. Бай «Жакшы аял
койчуманга ылайык эмес» деп ыраа көрбөй, тартып алмакчы болуп табышмак
айтат:
— Таба албасаң катының меники, таап алсаң беш жүз кой сеники — дейт.
Кантмек эле, койчу макул болуптур.
— Бир коонду он эки тилсе болот, он бир тилимин жесе болот, бир
тилимин жебесе болот, бир тилимин жеген кишини мусулман дебесе болот —
дейт бай. Он эки күн мөөнөт бериптир. Он күн ойлонуп таппай, жигит арыктап
бүтүптүр. Он биринчи күнү аялы:
— Эмне арыктап кеттиң? — деп сурап калат. Жигит бай менен болгон
окуяны айтып берет.
— О, кокуй десе, анын жарасы жеңил — дейт аялы. Анан күйөөсүнө
табышмактын жандырмагын айтып берет.
— Бир коон дегени — бир жыл; он эки тилим дегени — он эки ай; он бир
тилим жесе болот дегени — он бир ай ооз ачык болот, бир тилимин жебесе
болот дегени — бир ай ичинде орозо кармабаган кишини мусулман дебесе
болот — дептир.

Эсенаман:
Бурай-бурай сөз келди,
Балам, бурачу жерге кез келди.
Толгой-толгой сөз келди,
Балам, толгочу жерге кез келди.
Алыс менен жакындын,
Ченин алган бар бекен?
Кызыл жылан ширгелеп,
Кымыз ичкен бар бекен?
Сары жылан ширгелеп,
Саамал ичкен бар бекен?
Узун жыгач башынан,
Улап алган ким экен?
Эки жыгач башынан,
Эптеп алган бар бекен?
Туура жаткан жыгачтан,
Чек чыгарган бар бекен?
Тубар-тубар жыгачты,
Туурап алган ким экен?
Аштан ырдап ат алдың,
Тойдон ырдап тон алдың.
Муну таап айтып бер,
Муну таап айтпасаң,
Чонду аке, алганыңды кайтып бер.
Чонду:
«Кудайдын» жайын билбейсиң,
«Кудайдын» сөзүн сүйлөйсүң,
Кадимки каапыр болдуң сен.
Чалыяр жайын билбейсиң,
Чаар китеп сөзүн сүйлөйсүң,
Чала капыр болдуң сен.
Бериште жайын билбейсиң,
Байгамбар сөзүн сүйлөйсүң,
Билбестен капыр болдуң сен.
Асмандагы Айыңдын,
Батар жери кыбыла.
Азизтериң чогулуп,
Жатар жери Медина.
Алакандай никенин
Адалдыгы Алемдуу,
Муну билбес ырчынын
Ичкен ашы арам да,
Анын өз башына залал да.
Эсенаман:
Бурай-бурай сөз келсе,
Бурачу жерге кез келсе,
Толгой-толгой сөз келсе,
Толгочу жерге кез келсе,
Беш убакыт намаздын,
Ак сакалы кайсы экен?
Таңга маал болгондо
Келбейт сопу уйкусу,
Кайсы болот, Чонду аке,
Кураныңдын кулпусу?
Кой кыштатып короого,
Сооп алган бар бекен?
Өткөн менен кеткенден,
Жооп алган бар бекен?
Куу ылачын теппеген,
Кууда бүтүн бар бекен?
Кара ылачын теппеген,
Канатта бүтүн бар бекен?
Боору бүтүн башы эсен,
Калкта бүтүн бар бекен?
Чонду:
Беш убаккы, беш намаз
Аксакалы багымдат,
Таңга маал болгондо
Келбейт сопу уйкусу,
Кайда болот дегениң
Кураныңдын кулпусу,
Кулкулдават эмеспи.
Өткөн менен кеткенди,
Сооп алат дегениң
Оң ийниңде периште,
Сактап турат турбайбы.
Сол ийниңде периште,
Күнөөң менен соопту,
Каттап турат турбайбы.
Куу ылачын теппеген,
Кулдуюп жерге түшпөгөн,
Кууда бүтүн куркулдай.
Кара ылачын теппеген,
Калдайып жерге түшпөгөн,
Канатта бүтүн карлыгач.
Боору бүтүн, башы эсен
Алда жараткан гана бир кудай.
Эмесе мен — периште, сен — шайтан,
Билбесем сөздү неге айтам.
Эсенаман:
Камыш башы калк этет,
Бул эмне болучу?
Жекен башы желп этет,
Бул эмне болучу?
Жер чапчыган чал буура,
Бул эмне болучу?
Желини сүттүү куу инген,
Бул эмне болучу?
Кумурсканы кой кылып,
Кумга жайган бар бекен?
Чегирткени кой кылып,
Черүүгө минген бар бекен?
Көпөлөктү ат кылып,
Көл кыдырган бар бекен?
Сокбилекти кыз кылып,
Эрге берген бар бекен?
Кара тоонун боорунда,
Казык КЙККЯН бар бекен?
Кунан койдун куйкум эт,
Бутун жеген бар бекен?
Бедел менен жайыктын,
Белин ашкан бар бекен?
Узун чыбык колго алып,
Жар кыдырган бар бекен?
Токумдугун тердетип,
Түндө жүргөн бар бекен?
Карлуу тоонун боорунда,
Кар бургуткан бар бекен?
Эки таштын түбүндө,
От жактырган бар бекен?
Чонду:
Камыш башы калк этсе,
Казы элечек эмеспи.
Жекен башы желп этсе,
Желке чачың эмеспи.
Желини сүттүү куу инген,
Өз энекең эмеспи.
Жер чапчыган чал буура,
Өз атаңыз эмеспи.
Кумурсканы кой кылып,
Кумга жайган шайтаның.
Чегирткени ат кылып,
Черүүгө минген шайтаның.
Көпөлөктү ат кылып,
Көл кыдырган шайтаның.
Сокбилекти кыз кылып,
Эрге берген шайтаның.
Кара тоонун боорунда,
Казык каккан капканчы.
Кунан койдун куйкум эт,
Бутун жеген карышкыр.
Жети төрдүн башына,
Шерне жеген боз балдар.
Бедел менен жайыктын,
Белин бууган арыкчы.
Узун чыбык колго алып,
Жер кыдырган балыкчы.
Токумдугун тердетип,
Түндө жүргөн каракчы.
Кара-Тоонун башынан,
Ат ойноткон бүркүтчү.
Карлуу тоонун бооруна,
Кар бургуткан куу түлкү.
Эки таштын түбүнө,
От жактырган жылкычы.

Талым кыз:
Адам зат пендеси,
Сүйгөн нуру ким болот?
Асман менен закымдап,
Жүргөн нуру ким болот?
Арасында тунарык,
Кирген нуру ким болот?
Асман-жерди жаркыткан,
Ачык нуру ким болот?
Асман жерди бүркөгөн,
Сасык нуру ким болот?
Асман-жердин сыйнаты,
Канык нуру ким болот?
Жан бүткөндүн баарысын,
Тазалаган ким болот?
Жарды дебей, бай дебей
Жабыр кылган ким болот?
Эл ортосун ынтымак,
Кылган нуру ким болот?
Бир ордуна кебелбей,
Турган нуру ким болот?
Талымдын тартпа домогун,
Таба салгын жомогун.
Менин атым Талым кыз,
Ченеп мага жологун.
Көбөк:
Адам заат пендеси,
Сүйгөн нуру таң болот.
Асман менен закымдап,
Жүргөн нуру Ай болот.
Арасында тунарык,
Кирген нуру түн болот.
Асман-жерди жаркыткан
Ачык нуру Күн болот.
Жер-асманды бүркөгөн,
Сасык нуру туман дейт.
Жер-асманды жаркыткан,
Анык нуру жылдыз дейт.
Жан бүткөндүн баарысын,
Тазалаган эки көз.
Жарды, байды кейитип,
Жабырлаган суук сөз.
Эл ортосун ынтымак,
Кылган нуру жакшы сөз.
Бир ордуна кебелбей,
Турган нуру убада.
Таптымбы, Талым, сөзүңдү,
Келтирдимби кезиңди?
Аптыкпагын, Талым кыз,
Ачмак болдум көзүңдү.
Талым кыз:
Жер сиңип кеткен жети атан,
Ал эмне, Көбөк чоң?
Жерди жемире баскан чал буура,
Ал эмне, Көбөк чоң?
Желини сүттүү куу инген,
Ал эмне, Көбөк чоң?
Жез буйлалуу нар тайлак,
Ал эмне, Көбөк чоң?
Оргочордон от күйөт,
Ал эмне, Көбөк чоң?
Ысык-Көлдөн ит үрөт,
Ал эмне, Көбөк чоң?
Жан бүткөндөн баарынан,
Каргыш алган ким болот?
Жанга залал кылбастан,
Алкыш алган ким болот?
Түйүлгөндүн түйүнүн,
Чечип турган ким болот?
Түндөп-күндөп токтобой,
Көчүп турган ким болот?
Сөөгүңдү ысытып,
Эзип турган ким болот?
Көбөк:
Жер сиңип кеткен жети атан,
Жети атабыз эмеспи.
Жерди жемире баскан чал буура,
Түп атабыз эмеспи.
Желини сүттүү куу инген,
Өз энебиз эмеспи.
Жез буйлалуу нар тайлак,
Карындашым эмеспи,
Оргочордон от күйсө,
Эки көзүң жайнаган.
Ысык-Көлдөн ит үрсө,
Бака болот чардаган.
Жан бүткөндүн баарынан,
Каргыш алган карышкыр.
Жанга салал кылбастан,
Алкыш алган байкуштар.
Түйүлгөндүн түйүнүн,
Чечип турган чечендер.
Түндөп-күндөп токтобой,
Көчүп турган санаа дейт.
Сөөгүңдү ысытып,
Эзип турган бала дейт.
Талым кыз:
Узун-узун, узун жол,
Учун билген ким экен?
Күндөп-түндөп жүгүрүп,
Аянбай жүргөн ким болот?
Алыс менен жууктун,
Ченин билген ким болот?
Ачуу менен чүчүүнүн,
Даамын таткан ким экен?
Кара сууну кайнатып,
Таттуу кылган ким болот?1
Оолуктуруп адамды,
Чечен кылган ким болот?
Ойдо жокту ойлонтуп,
Кесел кылган ким болот?
Мүңкүрөтүп адамды,
Карып кылган ким болот?
Мууну-жүүнүн бошотуп,
Арык кылган ким болот?
Кызыл жүзүн оңдуруп,
Сарык кылган ким болот?
Көбөк:
Узун жолду узартып,
Учун билген кербенчи.
Күндөп-түндөп жүгүрүп,
Аянбаган мергенчи.
Алыс менен жууктун,
Ченин билген базарчы.
Ачуу менен чүчүүнүн,
Даамын таткан казанчы.
Кара сууну кайнатып,
Таттуу кылган туз болот.
Кан төгүшкөн душманды,
Жакын кылган кыз болот.
Калжыраган тантыкты,
Асыл кылган мал болот.
Кайраты бар жигитти,
Баатыр кылган эл болот.
Оолуктуруп адамды,
Чечен кылган тил болот.
Ойдо жокту ойлонтуп,
Кесел кылган жин болот.
Мүңкүрөтүп адамды,
Карып кылган ургачы.
Муунун-жүүнүн бошотуп,
нускада — «Каймак алган ким болот?»
Арык кылган убайым.
Кызыл жүзүн оңдуруп,
Сарык кылган бересе.
Жана сөзүң бар болсо,
Жообун берем бир нече.
Талым кыз:
Куу ылаачын теппеген,
Кулдуюп жерге түшпөгөн.
Кууда бүтүн бар бекен?
Кара ылаачын теппеген,
Калдайып жерге түшпөгөн,
Казда бүтүн бар бекен?
Башынан алыш албаган,
Таш оодарып салбаган,
Сууда бүтүн бар бекен?
Качырганын кайсаган,
Иттин чоңу бар бекен?
Кармашканын куткарбас,
Куштун чоңу бар бекен?
Көбөк:
Куу ылачын теппеген,
Кулдуюп жерге түшпөгөн,
Кууда бүтүн куркулдай.
Кара ылаачын теппеген,
Калдайып жерге түшпөгөн,
Каздан бүтүн карлыгач.
Башынан алыш албаган,
Таш оодарып салбаган,
Суудан бүтүн Ысык-Көл.
Качырганын кайсаган,
Иттин чоңу Кумайык.
Кармаганын куткарбас,
Куштун шери Буудайык.
Каргашалуу, Талым кыз,
Ушул кимге ылайык?
Талым кыз, сен да шайтансың
Дагы айтар кебиң калдыбы?
Бар болсо кебиң айтарсың.
Талым кыз:
Акыр заман калкынын,
Алпы белең, эр Көбөк?
Алптардын калган соңунда,
Артыгы белең, эр Көбөк!
Тим жүрбөстөн сөзүңө,
Тийиштик кылдым өзүңө,
Күнөөм болсо кечкин деп,
Күрмөгөн жибим чечкин деп,
Таппадым деп ыгыңды,
Талым кыз сөзгө жыгылды.

Талим кыз деген падышанын кызы бар экен. Табышмакты кыйын билет экен.
Ал: «Мени менен айтышып, мени ким жеңсе, ошол кишиге тийемин. Айтышып
менден жеңилген кишинин башын кесип өлтүрөмүн» — деп, көп киши менен
айтышып, жеңген кишилерин өлтүрүп койгон экен. Айтышууга эч бир адам
чыкпаган соң, бир күнү Көбөк деген ханга жолугуп: «Сени кыйын акын деп уктум,
сени менен айтышам. Менден жеңилсең хандыгыңды таштап менин атама кул
болгун. Агер мени жеңсең, мен сага тиемин» деди.
Көбөк хан кыздын сөзүн макул көрүп, айтышмак болду. Экөө тең жети
атасынан бери журт сураган падышалардан экен. Экөө тең убаданы бир жерге
коюп,
ошондо Талим кыз баштайт:
Аркы айдын ичинде,
Берки айдын башында,
Желигип кеткен жети атан.
Бу немине болучу?
Жерди жемире баскан чал буура,
Ал немине болучу?
Желини сүттүү куу инген,
Бул немине болучу эле?
Жез буйлалуу нар тайлак,
Бул немине болучу?
Кара-Тоо башын кар чалды,
Бул немине болучу?
Ала-Тоо башын күн чалды,
Бул немине болучу?
Камыш башы калк этет42,
А немине болучу?
Чийдин башы чилиет,
Бул немине болучу?
Көбөктүн жообу:
Наркы айдын ичинде,
Берки айдын башында,
Желигип кеткен жети атан,
Түпкү жети атаң турбайбы.
Жерди жемире баскан чал буура,
Сенин өз атаңыз турбайбы.
Желини сүттүү куу инген.
Өз энеңиз болбойбу.
Жез буйлалуу нар тайлак,
Талим кыз өзүң эмеспи.
Кара-Тоо башын кар чалса,
Атаңдын ак сакалы болбойбу.
Ала-Тоо башын күн чалса,
Энеңдин элечеги эмеспи.
Камыш башы калк этсе,
Кас элечек болбойбу.
Жекендин башы желп этсе,
Энеңдин бүркөнчөгү турбайбы.
Анда Талим кыз:
Ак таман тору ат баспаган,
Жерде бүтүн бар бекен?
Бөрү бөлбөс, жоо чаппас,
Элде бүтүн бар бекен?
Боору бүтүн, башы эсен
Адамда бүтүн бар бекен?
Таш оодарып салбаган,
Тоодо бүтүн бар бекен?
Арык буруп албаган,
Сууда бүтүн бар бекен?
Анда Көбөктүн жообу:
Ак таман тору ат баспаган,
Жерде бүтүн Индистан.
Бөрү бөлбөс, жоо чаппас
Жерде бүтүн Меке де.
Боору бүтүн, башы соо
Адам эмес, «бир кудай».
Таш оодарып салбаган,
Тоода бүтүн Ала-Тоо.
Арык буруп албаган,
Сууда бүтүн Ысык-Көл.
Таптым бекен, Талим кыз.
Акын болсоң карайын
Дагы айтың, Залим кыз.
Анда Талим кыз:
Кара ылачын теппеген,
Казып жерге түшпөгөн,
Канаттууда бүтүн бар бекен?
Куу ылачын теппеген,
Куруп жерге түшпөгөн,
Түшкөнүн адам билбеген,
Куйруктууда бүтүн бар бекен?
Анда Көбөктүн жообу:
Кара ылачын теппеген,
Казып жерге түшпөгөн,
Түшкөнүн адам билбеген,
Канаттууда карлыгач.
Куу ылачын теппеген,
Куруп жерге түшпөгөн,
Куйруктууда куркулдай.
Таптым бекен, Талим кыз.
Акын болсоң карайын
Дагы айтчы, Залим кыз.
Талим кыз:
Сары жылан чиргелең,
Саамал ичкен ким экен?
Куба жылан чиргелең,
Куруп алган ким экен?
Кумурсканы кой кылып,
Кумга жайган ким экен?
Чегирткени ат кылып,
Черүүгө минген ким экен?
Көпөлөктү куш кылып,
Көл кыдырган ким экен?
Куурчакты кыз кылып43,
Эрге берген ким экен?
Көбөк:
Сары жылан чиргелең,
Саамал ичкен шайтаның.
Кара жылан чиргелең,
Куруп алган шайтаның.
Кумурсканы кой кылып,
Кумга жайган шайтаның.
Чегирткени ат кылып,
Черүүгө минген шайтаның.
Көпөлөктү куш кылып,
Көл кыдырган шайтаның.
Куурчакты кыз кылып,
Эрге берген шайтаның.
Таптым бекен, Талим кыз,
Акын болсоң карайын,
Дагы айтчы, Залим кыз.
Талим кыз:
Алыс менен жууктун,
Ченин алган ким экен?
Ачуу менен таттуунун,
Даамын алган ким экен?
Узун-узун торгундун,
Учунан кыйган ким экен?
Кыска-кыска торгундун,
Түбүнөн кыйган ким экен?
Эки жыгач боорунан,
Эптеп жеген ким экен?
Чырканактын түбүнө,
Үйүн тиккен ким экен?
Эки таштын ортосуна,
Отун жаккан ким экен?
Көбөк:
Алыс менен жууктун,
Ченин алган — жолоочу.
Ачуу менен чүчүүнүн,
Даамын таткан — ашмачы.
Узун-узун торгундун,
Учунан кыйган — уукчу.
Кыска-кыска торгундун,
Түбүнөн кыйган — түндүкчү.
Эки жыгач боорунан,
Эптеп жеген — кырмачы.
Жалгыз жыгач боорунан,
Жарып жеген — чертмекчи.
Чырканактын түбүнө,
Үйүн тиккен — саятчы.
Эки таштын ортосу,
От жакканың — жылкычы.
Таптым бекен, Талим кыз,
Акырын кеп айтышып.

Нурмолдо:
Долононун топ бутак,
Токулдаткан ким болду?
Эки жыгач боорунан,
Эп кыйдырган ким болду?
Жалгыз жыгач боорунан,
Жарып алган ким болду?
Ак жамынчы жамынып,
Кериге чыккан ким болду?
Тумшугу жок куш салып,
Турна алдырган41 ким болду?
Ала-Тоонун боорунан,
Ат ойноткон ким болду?
Кара-Тоонун бооруна,
Казан аскан ким болду?
Он эки та бээ бар,
Алтоо бооз дегеним,
Алтоо кысыр дегеним,
Кара кашка дулдулдун,
Сойгон жери кайсы жер?
Чын Мухаммед өзүнүн,
Койгон жери кайсы жер?
Баркырак сары жылдыздын,
Баткан жери кайсы жер?
Бар олуя биригип,
Жаткан жери кайсы жер?
Тоголок сары жылдыздын,
Баткан жери кайсы жер?
Топ олуя биригип,
Жаткан жери кайсы жер?
Казы ылачын теппеген,
Казда бүтүн бар бекен?
Куу ылачын теппеген,
Кууда бүтүн бар бекен?
Жээ тору ат таман баспаган,
Жерде бүтүн бар бекен?
Жам Кулубек чаппаган,
Кенде бүтүн бар бекен?
Муса:
Долононун топ бутак,
Токулдаткан токмокчу.
Карагай менен ыргайдын,
Башын бууган түндүкчү.
Эки жыгач боорунан,
Эп кыйдырган комузчу.
Жалгыз жыгач боорунан,
Жарып алган челекчи.
Ак жамынчы жамынып,
Кериге чыккан жылкычы.
Тумшугу жок куш салып,
Турна алдырган тузакчы.
Канаты жок ок салып,
Каз алдырган мергенчи.
Казан аскан саятчы.
Он эки та бээ бар
Алтоо бооз дегениң,
Алтоо кысыр дегениң,
Үч ай, токсон, үч ай кыш,
Үч ай жаз, үч ай күз.
Кара кашка дулдулдун,
Сойгон жери Мекедир.
Чын Мухаммед өзүнүн,
Койгон жери Мекедир.
Баркырак сары жылдыздын,
Баткан жери Мекедир.
Бар олуя биригип,
Жаткан жери Мекедир.
Жээ тору ат таман баспаган,
Жерде бүтүн Индостан.
Жам Кулубек чаппаган,
Кенде бүтүн Индостан.
Куу ылачын теппеген,
Кууда бүтүн куркулдай.
Каз ылачын теппеген,
Казда бүтүн карлыгач.
Табышмагың таптымбы,
Оозуңду жаптымбы?

Айган Алты шаардын каны болуп, ордосу Уч деген жерде, кан уюгу деген ордо
болуп, тагы Уч болуп аталган. Бара-бара Турпан деген атак пайда болот. Бул шаар
Уч жерге салынгандыктан Уч, үчкө айланып, Үч турпан болуп кеткен. Бул жердин
каны Айган болуп, баласы токтобой өлүп турат. Бир баласы токтоор бекен деп
ырым кылып, жарташтын бооруна атайлап үй салдырып ошондо бактырат. Бала
6—7 жашка келгенде жемиш менен кара курт барып, баласы Канбачаны
чагып өлтүрөт. Калк чогулуп, Кетбука деген комузчу комуздун күүсү менен
угузат.
Кетбуканын күүсү:
Туу куйругу бир кучак,
Тулпар качты Айганым.
Туурунан бошонуп,
Шумкар качты Айганым.
Алтын така күмүш мык,
Дулдул качты Айганым.
Алтын туур ордунан,
Туйгун качты Айганым.
Алтын ордо багынан,
Булбул качты Айганым.
Деңиз толкуп чайкалып,
Көл бөксөрдү Айганым.
Терек түптөн жулунуп,
Жер бөксөрдү Айганым.
Ала-Тоо кулап бас болуп
Бел бөксөрдү Айганым.
Берекелүү нур качып,
Эл бөксөрдү Айганым.
Төрөлөрдүн уругунан,
Төл бөксөрдү Айганым.
Агын дайра соолуп,
Көл бөксөрдү Айганым.
Кара жандан таптаттуу,
Ынак көчтү Айганым.
Касиети башкача,
Чырак көчтү Айганым.
Айгандын жообу:
Кет-кет Кетбука,
Кеби суук ит Бука.
Карап турган кашыңда
Кашыңда курсун ит Бука.
Күү менен сүйлөгөн
Сөзүң курсун ит Бука.
Комуз чертип ырдаган,
Ырың курсун ит Бука.
Кара жанды кашайткан,
Чырың курсун ит Бука.
Атайы келген алдыма,
Ишиң курсун Кетбука,
Комуз чертип жоруган
Түшүң курсун Кетбука.

Жеңижок:
Баятан айткан сөзүмө
Капа болбо чырагым,
Жүрөгүңдү чыгарып,
Бир аз сени сынадым.
Өйдө өтөт көк дөбөт,
Ылдый өтөт боз дөбөт,
Эки дөбөт айрымын
Акыл менен ким бөлөт?
Барпы:
Өйдө өткөн көк дөбөт
Амал болот, Жеңижок.
Ылдый өткөн боз дөбөт
Шамал болот, Жеңижок.
Муну Барпы билбесе,
Жаман болот Жеңижок.
Жеңижок:
Дүнүйөдө бирөө бар,
Турбай кетет жолунан.
Бөлөк жакка өзүнү
Бурбай кетет оңунан,
Бул эмне болучу?
Барпы:
Өзүң айткан касиет
Адашпаган оңунан,
Тайгылбаган жолунан,
Күндүн өзү, Жеңижок.
Шуну чечпей такалса,
Болбойбу Барпы эби жок!
Жеңижок:
Кыйын жерде көз билген,
Кысталышта сөз билген,
Калышпайсың, карагым,
Ак таңдай акын эстүүдөн.
Ошо, Күндөй жүргүн жолуңда,
Акындык салттын оңунда…

Ракыйма:
Асманда бир жылдыз бар жылыстаган,
Базарда бир ногой бар күл устаган.
Көзөлгөн көмөкөйүң акын болсоң
Сүөгүн Мухаммеддин ким устаган.
Буурабай:
Мухаммеддин сүөгүн апасы куюп, Аалы жууган,
Келме айтып Калый Молдо тыңлап турган.
Эми, өзөк менен өзөк менен,
Болмойду каапыр жолдош Тезек менен,
Өлөңдү мен айтайын кезек менен.
Арпада алың түөң кымбат экен,
«Аллага» төрт периште тил кат экен,
Көзөлгөн көмөкөйүң акын болсо,
О дүйнө, бу дүйнөдө не таттуу экен?
Ракыйма табышмакты чече албай калганда
Буурабай өзү чечет:
Алмага шекер кошкон бал таттуу экен,
Кошулган он бешинде жар таттуу экен,
«Жебирейил периште» укурукту салган чакта,
Бир чымындай жан таттуу экен.
Ракыйманын суроосу боюнча экинчи
табышмагын айтат:
Бүтүптүр ай талаага ак бай терек,
Жаман сөз жарабаган кимге керек.
Көзөлгөн көмөкөйүң акын болсо,
Отуз үч миң жалбырак,
Төрт бутагын тапсаң керек.
Ракыйма муну да чече албайт. Буурабай өзү
Ак бай терек дегеним — ак пайгамбар,
Отуз үч миң дегеним — саабалары,
Төрт бутагы дегеним — төрт чалыяр,
Өлөңүңдү таап алдым, өлөңүңдү ал.

Ыбырай:
Энеси өлсө жетим бала кече болот,
Көзөлгөн көмөкөйүң акын болсоң,
Сакалы өз акеңдин эче болот?
Буурабай:
Кушка алдырбас куу өрдөк жез канаттыр,
«Кудайга» аяң, «периштеге» ак
Сакалын өз акемдин ким санаптыр — деп
табат да, өзү айтат:
Апар-сапар, апар-сапар,
Аштыкчынын колунда ала кап бар,
Акын болсоң алдыңа сал айтайын
Бир дөбөнүн боорунда канча чөп бар?
Ыбырай муну таппайт. Ушуга чейин эч ким
таба элек.

Бөрүбай менен Ибраим бир жыйында айтышып калган экен.
Бөрүбай:
Ала-Тоонун бооруна,
Ат ойноткон ким экен?
Кара-Тоонун боорунда,
Карсылдаткан ким экен?
Өйүз менен бүйүздүн,
Аңышын алган ким экен?
Баркыраган жылдыздын,
Баткан жери кайда экен?
Жамы олуя биригип,
Жаткан жери кайда экен?
Мунун маанисин айтып бер.
Айта албасаң маанисин,
Журттан алган тонуңду
Жай-жайыга кайтып бер.
Ибраим:
Ала-Тоонун боорунда,
Ат ойноткон жылкычы.
Кара-Тоонун боорунда,
Карсылдаткан мылтыкчы.
Өйүз менен бүйүздүн,
Аңышын алган бүркүтчү.
Баркыраган жылдыздын,
Баткан жери кыбыла.
Жамы олуя биригип,
Жаткан жери Медина.
Бөрүбай:
Илек-илек, илген куш,
Тал тагинде балыкты
Бал көргөндөй билген куш.
Путу неге узарган,
Тумшугу неге кызарган?
Мунун маанисин айтып бер.
Айталбасаң маанисин.
Журттан алган тонуңду
Жай-жайыга кайтып бер.
Ибраим:
Илек-илек, илген куш,
Суу тагинда балыкты
Бал көргөндөй билген куш.
Путуну менден сурасаң,
Амир болуп кудайдан
Анан путу узарган.
Тумшугуну сурасаң,
Чокуй берип кызарган.

Кыз:
Чөптүн башы эмне?
Суунун башы эмне?
Элдин башы эмне?
Жолдун башы эмне?
Муну таап алчы, Байгабыл.
Байгабыл:
Чөптүн башы мыядыр,
Жолдун башы кыядыр.
Суунун башы дарыя,
Элдин башы карыя.
Тобо теңир, «кудай, а»
Таптым бекен, кудача.
Кыз:
Баракелде, Байгабыл,
Кара ылачын теппеген,
Казда бүтүн бар бекен?
Куу ылачын теппеген,
Кууда бүтүн бар бекен?
Таап алчы, Байгабыл.
Байгабыл:
Кара ылачын теппеген,
Калдайып жерге түшпөгөн.
Казда бүтүн карлыгач.
Куу ылачын теппеген,
Кулдуюп жерге түшпөгөн,
Кууда бүтүн куркулдай.
Кыз:
Үч чырпыктын башынан,
Түйүп алган ким экен?
Жалгыз жыгач башынан,
Ийип алган ким экен?
Кара жыгач түбүнөн,
Казып алган ким экен?
Таап алчы, Байгабыл.
Байгабыл:
Үч чырпыктын башынан,
Түйүп алган саятчы.
Жалгыз чырпык башынан,
Ийип алган түндүкчү.
Кара жыгач түбүнөн,
Кесип алган ээрчи.
Кыз:
Ачуу менен чулунун,
Даамын алган ким экен?
Ыраак менен жакындын,
Ченин алган ким экен?
Түлкү менен бөрүнүн,
Намызын алган ким экен?
Кара тоонун бооруна,
Казан аскан ким экен?
Улуу тоонун бооруна,
Ат ойноткон ким экен?
Кумурсканы кой кылып,
Кумга жайган ким экен?
Чегирткени ат кылып,
Черге минген ким экен?
Кара сууну кайнатып,
Каймак алган ким экен?
Таап алчы, Байгабыл.
Байгабыл:
Ачуу менен чулунун,
Даамын алган ашмачы.
Ыраак менен жакындын,
Ченин алган жортуулчу.
Түлкү менен бөрүнүн,
Намызын алган капканчы.
Кара тоонун бооруна,
Казан аскан кийикчи.
Улуу тоонун бооруна,
Ат ойноткон бүркүтчү.
Кумурсканы кой кылып,
Кумга жайган бу шайтан.
Чегирткени ат кылып,
Черге минген бу шайтан.
Кара сууну кайнатып,
Каймак алган бу шайтан.
Тобо теңир, кудай, я
Таптым бекен, кудача.
Кыз:
Отуз өрдөк, беш чүрөк,
Эки сонор, бир чүрөк
Таап алчы, Байгабыл.
Байгабыл:
Отуз өрдөк дегениң
Отуз күнкү орозоң.
Беш эле чүрөк дегениң
Беш убак эле намазың.
Эки сонор дегениң
Бири улуу айт болбосун да,
Бири кичи айт болбосун.
Жалгыз чүрөк дегениң
Ноорустама болбосун.

Илгери кыргызда бир чоң аш болуп, ошондо Байгабыл деген ырчы келип
ырдап жүрсө, Көк шалкы байдын Чата кыз дегени айтышамын деп келе жатканда
Байгабыл «бул өзү байдын кызы болсо, мен жалаң аттуу жайдак токумдуу бир
киши болсом, кызына жаман кеп айтып жыгып койсом мени өлтүрүп койбойбу»
деп качып берет. Анда баякы кыз артынан бара жатып:
Ай Байгабыл акетай
Арыз айтамын угатур.
Атыңдын башын бура тур.
Ай, Байгабыл акетай
Жооп айтамын угатур.
Жоргоңдун башын бура тур.
Анда Байгабыл токтобой эле:
Атымын башын бурбаймын,
Ай кудача, таяже,
Арзыңды угуп турбаймын.
Жоргомдун башын бурбаймын
Ай кудача, таяже,
Жообуңду угуп турбаймын —
Деп эле кетип бара жатканда Байгабылдын астынан бир жигит чыгып:
— Ой, Байгабыл, сен айтышкын, мен турганда сага өлүм жок, деди.
Ошондо Байгабыл кубаттанып:
Абийирим мындай жабылды,
Атан төөдөй азамат
Ушул жерден табылды.
Ырысымды көрөйүн,
Ырдашып жатып өлөйүн.
Азабымдан көрөйүн,
Сени менен айтышып жаттып өлөйүн — деп, кайрылып келип турду.
Кыз келип:
Ай, Байгабыл, акетай,
Көпкөр кепти таштайлы.
Айтышканга жараша
Санат ырдан баштайлы — деди.
Байгабыл:
Ай, кудача таяже,
Минген атым ток эле
Бекер кыйнап турбагын
Санат ырым жок эле — деди.
Кыз:
Минген атың ток болсо,
Санат ырың жок болсо,
Санат ырды таштайлы,
Табышмактан баштайлы — деди.
Байгабыл:
Ойду бороон боросо,
Тоону бороон боробос,
Ай, кудача, таяже,
Айтышып жеңип алганда
Баякеңдин эч эчтемеси коробос — деди.
Ошондо Чата кыз төмөнкүдөй деп табышмак айтты:
Кара ылачын теппеген,
Калдайып жерге түшпөгөн,
Канатта бүтүн бар бекен?
Куу ылачын теппеген,
Кундуюп жерге түшпөгөн,
Куйрукта бүтүн бар бекен?
Боору бүтүн, башы эсен,
Адамда бүтүн бар бекен?
Муну тапчы Байгабыл?
Байгабыл:
Кара ылачын теппеген,
Калдайып жерге түшпөгөн,
Канатта бүтүн карлыгач.
Куу ылачын теппеген,
Кундуюп жерге түшпөгөн,
Куйрукта бүтүн куркулдай.
Боору бүтүн, башы эсен
Адамда бүтүн «бир кудай»,
Мунун несин айткыдай.
Теңирим тобо, «кудайга, ай»,
Таптык бекен кудача, ай.
Кыз:
Ото тоонун бооруна,
Отоо тиккен ким экен?
Ала-Тоонун бооруна,
Ат ойноткон ким экен?
Алтын казык кактырып,
Бек байлаткан ким экен?
Беш чыбыктын башынан,
Түйүп алган ким экен?
Кара жыгач түбүнөн,
Казып алган ким экен?
Эки жыгач түбүнөн,
Эптеп алган ким экен?
Жалгыз жыгач башынан,
Жарып алган ким экен?
Түн уйкусун үч бөлүп,
Түндө жорткон ким экен?
Жылаңайлак, жылаңбаш,
Суу кыдырган ким экен?
Муну тапчы Байгабыл?
Байгабыл:
Ото тоонун бооруна,
Отоо тиккен жылкычы.
Ала-Тоонун бооруна,
Ат ойноткон бүркүчтү.
Алтын казык кактырып,
Бек байлаткан капканчы.
Беш чыбыктын башынан,
Түйүп алган саятчы.
Кара жыгач түбүнөн,
Казып алган кырмачы.
Эки жыгач түбүнөн,
Эптеп алган ээрчи.
Жалгыз жыгач башынан,
Жарып алган чоорчу.
Түн уйкусун үч бөлүп,
Түндө жорткон каракчы.
Жылаңайлак, жылаңбаш
Суу кыдырган балыкчы.
Мунун несин айткыдай
Теңирим тобо, «кудайга, ай
Таптык бекен, кудача, ай.
Кыз:
Башынан булак бурбаган,
Буруп алыш албаган.
Суусун бөлөк бурбаган,
Ак сары башыл сойбогон,
Сууда бүтүн бар бекен?
Байгабыл:
Башынан булак бурбаган,
Сууда бүтүн Ысык-Көл.
Теңирим тобо, «кудай, ай»
Мунун несин айткыдай
Таптык бекен, кудача, ай.
Кыз:
Ай асмандын эркинде,
Айды берген ким экен?
Күн асмандын эркинде,
Күндү берген ким экен?
Телегейдин баарысын,
Тегиз берген ким экен?
Минип турган атыңды,
Семиз берген ким экен?
Суусап өлүп кетет деп,
Булак берген ким экен?
Өзүң угуп турсун деп,
Кулак берген ким экен?
Ачка өлүп кетет деп,
Аштык берген ким экен?
Аштык салып ичсин деп,
Баштык берген ким экен?
Эгиз бала туудуруп,
Койду берген ким экен?
Тал чыбыктай буралтып,
Бойду берген ким экен?
Муну тапчы, Байгабыл.
Байгабыл:
Ай асмандын эркинде,
Айды берген, «бир кудай».
Күн асмандын эркинде,
Күндү берген, «бир кудай».
Телегейдин баарысын,
Тегиз берген, «бир кудай».
Минип турган атыңды,
Семиз берген, «бир кудай».
Суусап өлүп кетет деп,
Булак берген, «бир кудай».
Өзүң угуп тургун деп,
Кулак берген, «бир кудай».
Ачка өлүп кетет деп,
Аштык берген, «бир кудай»
Аштык салып ичкин деп,
Баштык берген, «бир кудай»
Эгиз бала туудуруп,
Койду берген, «бир кудай».
Тал чыбыктай буралтып,
Бойду берген, «бир кудай».
Мунун несин айткыдай,
Теңирим тобо, «кудай, ай».
Таптык бекен кудача, ай.
Кыз:
Узун-узун, узун жол
Учуна чыккан ким экен?
Жер ортосу боз дөбө,
Болжоп калган ким экен?
Төгөрөктүн төрт бурчун,
Төрт айланган ким экен?
Мээриянын беш бурчун,
Беш айланган ким экен?
Кара кийик терисин,
Кайыш кылган ким экен?
Кара киши баласын,
Каныш кылган ким экен?
Көпөлөктөн куш кылып,
Көл кыдырган ким экен?
Кара сууну кайнатып,
Каймак алган ким экен?
Муну тапчы, Байгабыл.
Байгабыл:
Узун-узун, узун жол
Учуна чыккан жолоочу.
Жер ортосу боз дөбө,
Болжоп калган жылкычы.
Төгөрөктүн төрт бурчун,
Төрт айланган кербенчи.
Мээриянын беш бурчун,
Беш айланган мергенчи.
Кара кийик терисин,
Кайыш кылган мергенчи.
Кара киши баласын,
Каныш кылган суусарчы.
Көпөлөктү куш кылып,
Көл кыдырган бул шайтан.
Кара сууну кайнатып,
Каймак алган бул шайтан.
Мунун несин айткыдай,
Теңирим тобо, кудайга, ай,
Таптык бекен, кудача, ай… — деп, кызды Байгабыл жеңип алып, үйүн көздөй
жүрүп кетиптир.

Бир, эки үч, төрт, беш, алты, жети, сегиз, тогуз, он, он бир.

Бир, эки, үч, төрт, беш, алты, жети, сегиз, тогуз, он, он бир нерсе?

Бир, эки, үч, төрт, беш, алты, жети, сегиз, тогуз, он, он бир.

Бир, эки, үч, төрт, беш, алты, жети, сегиз, тогуз нерсе

«Бир, эки, үч, төрт, беш, алты, жети, сегиз, тогуз дейм. Тогуз күнү тогуз чанач
жуурат, 9 кой союп берейин, тапсаң ал сеники, таппасаң меники» дейт өзүнүн
жалчысынын аялына кызыккан бай. Табышмакты аялына жана элге айтат.
Кээ бири 1 деген — бит, 2 деген — эмгек, 3 деген — үшкү, 4 деген — төлгө, 5
деген — белги, 6 деген — аркар, 7 деген — жээрен, 8 деген — серке, 9 деген —
торко дешет. Карыялар муну аялына айтат. Байга айтам деген экөө талашып
жатканда, конок келип калат. Конок «мен айтам» дейт. Эртеси азанда бай
жандырмагын угууга келди.
Конок:
— Бир деймин — «бир кудаанын аты» деймин. Эки деймин — эки киши бир
төшөктө жатса тоңбос деймин. Үч деймин — үч буттаган ат эки жакка кетпес
деймин. Төрт деймин — төрөлүү жигит журтунан азбас деймин. Беш деймин
— кайберен… эки жакка кетпес деймин. Алты деймин — алты атанга жүк
артсам
муңбасмын деймин. Жети деймин — жетисинен тогобой жесе билбес деймин.
Сегиз деймин — күндө семиз ат минсем эрикпесмин деймин. Тогуз деймин —
тогуз күнү тогуз чанач жуурат ичип, 9 кара кой союп жеп тапкан
табышмагымдыр деймин.

Бир үйдө жети кан.

Бир мезгилде бир көпүрөөдөн үч адам өтөт:
бири басып, экөө баспай, экөө көрүп, бирөө көрбөй.

Бирөө кашындагы баласын сураса,
Байымдын иниси,
Атамдын баласы,
Өзүмдүн бир тууган жээним.

Бирөө келип,
Колуңду бооруңа таңып,
Өпкөнү оозуңа тыгып,
Жаактан ары чуу тартып жиберсе,
Ошол адамды эмне кылар элең?

Бир кишинин артына бир кыз учкашып келе
жатат эле.
Бирөө келип кыздан кимдин кызы болосуң деп
сурады.
Анда кыз төмөндөгүчө жооп берди:
«Бу жигит жан энемдин жан денеси,
Акылымдын бир даанасы,
Бу жигиттин энеси,
Менин энемдин кайын энеси» — деди.
Бул кимдин кызы болот?

9Кичине аралдан өрт чыкты.
Ортосунда койлор оттоп жатат.
Тегереги суу. Шамал бир жакка карай бет алган.
Койлорду кантип куткаруу керек?

Бир киши карышкыр, козу, чөп алып келе жатып бир чоң сууга кез болду.
Көпүрөдөн бирөөн гана араң алып өтө алат. Карышкырды алып кетсе,
козу чөптү жеп коет. Айтор, бир-бирден суунун аркы өйүзүнө алып өтүп, бирибирин жедирбей аман сакташ керек. Бул үчүн кандай жол табууга болот?

Үйдүн төрт бурчунда төрт мышык.
Ар биринин каршысында бирден мышык.
Баары бириксе, канча мышык?

Топ чымчык, топ чырпык.
Топ чымчык топ чырпыкка экиден консо,
Артып калат бир чырпык39.
Топ чымчык топ чырпыкка бирден консо,
Артып калат бир чымчык?
Канча чымчык? Канча чырпык?

Бир кызды бир жигит ала качып келе жатса, жолдон жыйырма каракчы
чыгып, жигитти өлтүрүп кызды тартып алмакчы болот. Ошондо кыз мындай
дейт: «Силер муну өлтүргөндө жыйырмаңар тең албайсыңар. Ошондуктан мен
силерди да, бул жигитимди да катарга тургузам да, башынан санап жыйырма
биринчиңерди ата берем» дейт. Каракчылар макул болушат. Ошондо кыз
жигитин аман алып калат.
Жигитти кыз канчанчы кылып тургузган?

Эшектерди, төөлөрдү, жылкыларды, уйларды базарга айдап келе жатат элем.
Бардыгы отуз туяк болучу. Базарга келгенде төөнү бир сомдон, жылкыны отуз
тыйындан, уйду жыйырма тыйындан, эшекти беш тыйындан саттым. Баарын
сатып бүткөндөн кийин талаага чыгып, акчамды санасам, отуз теңге болуптур.
Малым да отуз, теңгем да отуз.
Канча эшек, канча төө, канча жылкы, канча уй саткан боломун.

Жаңгыз каз өйдө учуп келе жатат, бир топ каз ылдый учуп келе жатат. Жаңгыз
каз «ассолом алеким жүз каз» деди. Анда бир топ каз айтты «биз жүз эмеспиз,
биздей бир болсо, анан жарым болсо, анан дагы жарым болсо анда сени менен
жүз болобуз» деди.
Бул каздар канча?

Бирөөнүн отуз кою бар эле.
Ошону үч баласына бөлүп бериштин акылын таппады.
Он кою бирден, он кою экиден, он кою үчтөн тууду. Энесин баласынан
ажыратпай, баласын энесинен ажыратпай туруп, үч уулуна кандайча тең
бөлүп берүүгө болот.

Төбөңдөгү төрт жылдыз
Батар жери кайда экен?
Төрт авлия, бир азиз
Жатар жери кайда экен?
Пешенеңде беш жылдыз.
Батар жери кайда экен?
Беш авлия, бир азиз,
Жатар жери кайда экен?
— Төбөңдөгү төрт жылдыз,
Батар жери кыбыла.
Төрт авлия бир азиз,
Жатар жери Медина.
Бешенеңде беш жылдыз,
Батар жери кыбыла.
Беш авлия бир азиз,
Жатар жери Медина.

Сөздүн башы эмне?
Суунун башы кайсы?
Жолдун башы эмне?
Күндүн батышы менен чыгышы нече күндүк жол?
Асман менен жердин ортосу нече күндүк жол?
Калп менен чындын ортосу нече күндүк жол?

Бир карыядан бир жигит суроо сурайт:
Экөө менен кандайсыз?

Алыс менен кандайсыз?

Жакын менен кандайсыз?

Кабарчы менен кандайсыз?

Асмандан бийик эмне?

Суудан терең эмне?

Октон күлүк эмне?

Уудан ачуу эмне?

Кардан муздак эмне?

Оттон ысык эмне?

Казана деген эмне?

Мүлк деген эмне?

Эр эгиз деген эмне?

Эмгектүү жалгыз деген эмне?

Жумшактын жумшагы эмне?
— Кебез.
Катуунун катуусу эмне?
— Таш.
Ачуу менен таттууну бирдей берген ким экен?
— Туз.

Ажайып бир нерсенин төрт көзү бар,
Атылас, шайыга бөлөнгөн төрт кызы бар.
Андан башкасын эркек- ургачы экенин
ажырата албайбыз.

Бир ажайып иш көрдүм төрт көзү бар,
Атлас, шайы кийген төрт кызы бар,
Жарак-жабдык салынган сегизи бар,
Эркек, ургаачысын билбеймин он алты бар

Тийсе келет,
Тийбесе кетет,
Бирок аны кууса жетет.

Короолоп тегерегин чийип койгон,
Ичине бир топ койду жайып койгон,
Короону теңдеп туруп ортосуна
Житирип бир казыкты кагып койгон,
Койлорду бир карышкыр айдап чыгат,
Калтырбай бир да бирин ошол бойдон.

Эки атасы бар,
Он сегиз энеси бар,
Бир жүз алтымыш эки баласы бар

Төлгөсү бирөөндө аз, бирөөндө артат,
Азы зыян, артканы олжолуу деп,
Тогуздап эки жактан төлгө тартат,
Ал төлгө аягында ачык айтат.

Жүрөмүн бир алтындуу кийик багып,
Мойнума үч жүз алтымыш тумар тагып.
Эки ууру карактап алам деди,
Бекиттим алтымыш эки казык кагып

Жүрөмүн бир алтындуу кийик багып,
Мойнума үч жүз алтымыш тумар тагып.

Жаннатта бардыр төрт тал
Бири алма, бири бал,
Бири курма, бири шекер,
Байымың жетсе үчөөн коюп бирөөн тап!

Бир падыша сурайт, жан чыгарбайт,
Эки бөрү кой жейт, кан чыгарбайт.

Бир чөөгүн ичтеринде чайы бардыр,
Ал чайдын кайнай турган жагы бардыр.
Алтын мисте пыяла жандарында,
Патносто мисте, жаңгак, майы бардыр.

Бир палек, ок эки камак,
Он бирин жейт,
Бирөөн жейт, же жебейт.

Беш токмок, отуз шак,
Бир бети кара, бир бети ак.

Беш безбелдек
Эки тоодак, отуз каз
Бир-биринен аз.

Алты ала карышкыр,
Алты бала карышкыр,
Он эки карышкырдын жегени бир турна.
Турнаны кичинекей десе,
Эки алты атан төөгө жүк болот.
Төөнү кичинекей дебесин десе,
Теректин башын оттойт,
Теректи кичинекей дейин десе,
Эртеңки учкан торгой кечке башына жете албайт,
Бул эмне болот?

Бар эле бир жумбагым табасыңбы,
Беш алма алакандын арасында,
Экөө күндүз бышкан күн майыз,
Үчөө көлөкөнүн саясында.

Бир палек, отуз анделек.

Дүйнөдө жети нерсе келип турар,
Ким келип ким кеткенин билип турар.
Ааламдан акыр кача алар өлбөс,
Башкалар тууп турар, өлүп турар.
Ааламда эч бир нерсе так калтырбай
Эсебин бул дүйнөнүн берип турар.
Нөөкөрү ар биринин 24,
Ар нөөкөргө 60 жигит ээрчип турар.

Бир боз, он эки каз,
Отуз өрдөк, кырк сегиз чүрөк,
Үч жүз алтымыш дүрседеп.

Бир коюм бар,
Анын он эки козусу бар,
Ар биринин төрттөн мүчөсү бар.

Он эки бир тууган,
Аларды ким тууган?

Бир теректе он эки ноода
Бир ноодада отуз жалбырак

Бир лек-лектин уясында,
360 баласы бар,
30 даанасы бар,
48 кара кучкач баласы бар.

Бир дааттын салаасында,
Он эки илегилек уясы.
360 түр баласы
2 аласы сарасы
2 кем 50 даанасы

Он эки бүркүт,
Кырк сегиз карга,
Үч жүз алтымыш беш чымчык,
Баары биригип бир жумуртка тууптур.

Бир түп дарак,
Ал даракта бар он эки бутак.
Ол бутакта бар отуздан шак,
Ал шакта бар беш-бештен гүл

Бир түп гүл,
Бир түп гүлдүн он эки шагы бар,
Он эки шагынын
Отуздан булбулу бар.

Бир түп дарак,
Ал даракта он эки бутак,
Ал бутакта бар отуздан шак.

Бир терек көрдүм он эки бутагы бар,
Ар бутакта төрттөн уясы бар,
Ар уяда жетиден жумуртка бар.

Бир терек бар, анын он эки бутагы бар,
Ар бир бутагында отуздан уя бар,
Ар уяда төрт чымчык, жетиден жумуртка бар.

Бир терек,
Он эки бутак,
Отуз жалбырак,
Он беши кара,
Он беши ак.
Муну ким ойлоп тапмак?

Бир дарак бар,
Он эки шагы бар,
Отуз барки бар,
Бир жүзү ак, бир жүзү кара,
Бири качар, бири кубалар.

Бир түп чынар терек,
Он эки шагы бар,
Үч жүз алтымыш барки бар.

Бир уянын ичинде турат төптөгөрөк,
Учтары бар бөлөк-бөлөк.
Күндө жыйырма төрт бала тууйт,
Анын бири жарты бир көпөлөк.

Бир дарыя ичинде тептегерек,
Үч жүз алтымыш бөлөк-бөлөк.
Күндө жыйырма төрттөн бала тубат,
Бири кара, бири жарык бир көпөлөк.

Абада жаралыптыр бир дөңгөлөк,
Уясы үч жүз алтымыш бөлөк-бөлөк.
Түнөккө жыйырма төрт жумурткалап,
Ыйлады актуу, каралуу бир көпөлөк.

Бир боз, он эки каз,
Үч жүз алтымыш беш өрдөк,
Сегиз миң жети жүз алтымыш чүрөк.

Эже-сиңди,
Бирөө жарык,
Бирөө караңгы.

Туу-туу, туу куйрук,
Тулпар өттү билдиңби?
Туусунан ажырап,
Шумкар өттү билдиңби?
О-оо-оо кызыл көз кабыланым,
Көрүп өттү билдиңби?
Кара чаар жолборсуң,
Кайтарып жатат билдиңби?
Жез каргылуу куу тайган,
Желип өттү билдиңби?
Эр башына бир дөөлөт,
Келип өттү билдиңби?

Төрт эшик көрдүм бир үйдөн, эй хаким!
Ар эшикте отурар үч кыз мукум.
Ар бир кызга отуз жигит болуп даакы.
Ар жигиттин башында беш даста гүл.

Бири ак ат,
Бири кара ат,
Биринин соңунан бири чуркап,
Жыл сайын куушат?

Төрт нерсе бири-бирине жете албаган,
Ажырап бири-биринен кете албаган.
Өздөрү бул дүйнөнүн камын ойлоп,
Ойлогон максатына жете албаган.

Дүйнөгө төрт падыша кылган сурак,
Экөө салар жумушка жанды кыйнап.
Бирөө букарага эрик берип,
Бирөө үчөөнөн да кыйыныраак.

Бир куу шыргый,
Бир суу шыргый.

Жылан боор камчы алып дулдул миндиң,
Акылың болсо бир иш бар ойлоп билгин.

Суудан мен барамын суу алмакка,
Идишим кенен эмес бир табакка.
Табагым толор толбос, толуп койбос,
Түшөмүн сарсан болуп мен абакка.

Агыны катуу бир дарыя агып жатыр,
Эрикпей өзү барган адам баатыр.
Кудукту кирпик менен казганга окшоп,
Акылым барган сайын ашып жатыр.

Мен айтайын табышмак бар көп тилде,
Алсаң дагы түгөнбөй күндө-күндө
Жүктөсөм да оор келет жүз төрт пилге
Санасам чыга бербейт отуз бирге.

Бири кем отуз.

Жаанда бир кудук бар соолбой жаткан
Билбеймин оордугу канча батман
Бетинен бетегеси өнүп жаткан.

Бир чөйчөктүн ичинде
Адам ичпес суу жатат.
Кармап келсем күнүгө
Колсуз, бутсуз жорго ичет.
Ак баракта жазуумду
Адашпастан ким чечет?

7Бир ат бар ойноктогон,
Тайгылбайт жорголосо тайгак жолдо
Үч жигит баштап турат араң зорго,
Беш жигит түшүп турат терең орго.

Сыйыр мингендин зыяны бар,
Жөө жүргөндүн уяты бар,
Үч убаранын бир аты бар.

Туу түбүндө бир куш бар тумшугу узун,
Сыпат менен келтирет жердин жүзүн.

Дүйнөдө бир куш бар тумшугу узун,
Чыбыр ала жорголойт жердин жүзүн.

Бир куш бар тумшугу узун сууга салат,
Тумшугун суудан тартып сайма саят.
Саймада жомок да бар, жамак да бар,
Көркөмдөп сыпат менен элге жаят.

Асманда бир куш бар тумшугу узун
Мукамына жеткирет айткан сөзүн.

Бир коктуда миң чаар ат.

Өзү сүйлөбөйт,
Бирок кишиге акыл үйрөтөт.

Бир куш бар дүйнөдө берери көп,
Өзү жансыз, адам менен акылдаш акылы көп.

Ай Талаада бир дарыя бар, бети каткан,
Бетинде бетегеси чыгып жаткан,
Кор болбос ушул дарыянын даамын таткан.

Кат-кат жалбырагы бар,
Чынында жыгач эмес.
Тиккен тиштери бар,
Бирок кийим эмес.
Тил оозу жок туруп,
Киши менен сүйлөшөт.
Чындыгында киши эмес,
Кишиге акыл үйрөтөт

Бир сандыкча ар тилде,
Сүйлөйт, ырдайт, күү чалат.

Кош таяктап кандай урсаң
Дал ошондой бакырат.
Бирок ыйлабайт,
Балдарды чакырат.

Дагы да жийделүү бай, жийделүү бай,
Сапсары омуробу түймөлү ай.
Биригип экөө-экөө обон салат,
Кандайын ал нерсенин билбедим ай

Жогорудан келет, түймөлүү бай
Омуроо жаркылдайт түймөлүү бай.
Кыз менен күйөө биригип өлөң айтса,
Булардын не дегенин билбедик ай.

Бир шаар бар капкасынын саны жети,
Сырдаган төрт бурчу бар эки беттүү.
Эки ак куу тили менен сүйлөшүшөт
Сайраган булбул көк тоонун бети.

Он эки белбоо,
Эки аркан.
Эки казык,
Бир бакан.

Бир эшек көтөрдү,
Үч катар кермемди.
Кермемди тытмалап,
Айта бердим сарменди.
Башында үч балбан,
Керишти кермемди.
Буудайдай оозу бар,
Булбулум сайрай берди.

Жомогум жомок,
Толгон ай жомок.
Тогуз бир кыздын,
Баасы ай жомок.
Акылдуу адам,
Айткысыз жомок.
Чечен бир жигит,
Чечкисиз жомок.

Ант кылдым, бант кылдым,
Бир атка 24 жылдыз мант кылдым.

Эки ээги бар.
Бир тээги бар.

Эки бир тууган суунун жээгине ойнойт,
Үчүнчүсү жээкке жыгылат.

Болсо да эки кулагы
Бир гана иймек тагынат.
Келатса суудан жутканы
Көбүнчө экөө кабылат

Бир өзү, бир өзүндө миң көзү

Жапжаңы идиш,
Бирок баары жыртык.
Эл устасын мактаса,
Такыр жок кынтык.

Аякка өтсөм урасың,
Быякка өтсөм урасың,
Нанды бирөө жейт,
Мени неге урасың?

Үшкүбайдын үч уулу,
Үшкү тартып олтурат.
Андан калган бир уулу,
Дөңгө чыгып олтурат.

Туулду бир кара куш, бир балапан,
Бошто алып, ар бир жерге ала чапкан.

Бирөөнүн төшү күйүк,
Үчөөнүн өзү күйүк.

Бирөөнүн төшү күйүк,
Бирөөнүн өзү күйүк.

Бир заттын арты күйүк,
Бир заттын төшү күйүк.

д3ү бирөө,
Кулагы төртөө

Бир малым бар тамга жармашып сиет.

Биздин үйдө бир килем,
Түрдүү түстүү сыр килем.

Эки оозу бар, бир боосу бар,
Жоголсо, козулу койлук доосу бар.

Жөө, бир мүйүзү кер
Оозу эки, көзү бир.

Жоор,
Үстү кир,
Оозу эки,
Түбү бир.

Йаапырым — мойну бир,
Оозу эки, түбү кир.

Япир
Үстү кир,
Оозу эки,
Түбү бир.

Жабык үстү,
Оозу эки, түбү бир.

Тегереги от,
Ортосу — суу,
Бир аздан соң
Көтөрүлүп буу,
Салат чуу.
Тезинен тап
Эмне экен бу?

Өзөнү жок, сайы жок,
Суусу чыгар мөлтүлдөп.
Ортосунда кызарып,
Башы чыгар кылтылдап.
Кокон бөркү башында,
Кош куржуну кашында
Чуу деп кеткен бир жумбак.

Өзөн эмес сай эмес,
Суу агады зырпылдап,
Ортосунда бир нерсе
Кызарады кыпылдап.
Кожом бөркү башында
Жакшылардын барысы
Мына ошонун кашында

Карасам бир тоодон, бир тоо бийик,
Коюптур ортосуна чаян ийип.
Чаяндын заарына чыдай албай
Бутуна жибереди сийип-сийип.

Калаада бир буюм бар тоту куштай,
Кандай адам жасаган ичи бышпай.

Биринен бири бийик турат,
Ичинен жалын күйүп турат,
Каалаганда саан болуп,
Уйдан бетер ийип турат.

Төрт бир тууган,
Бир калпак кийген.
Ат сыяктуу,
Адамдар минген.

Төрт буттун бирдей болуп аралыгы,
Бирок баспайт,
Таягычы бар эч ким таппайт.

Төрдө төрт адам отурат төрөмүн деп,
Эшикте эки адам отурат өлөмүн деп,
Капталында бир адам отурат аларды көрөмүн деп.

Жетимиш жети буту бар,
Бир башы бар.

Дүйнөгө бүтүптүр бир тегирмен,
Күн менен бирдей жүргөн.
Ичинде кылдан ичке жиби бар,
Капырай кандай уста муну ийген.

Бу дүйнөдө чыгыптыр бир тегирмен,
Күн менен бирдей жүргөн.
Ортосунда кара бир немеси бар, кылдан ичке,
Ай жапырым, колуң сыңгыр ким ийирген.

Бир эненин он эки уулу бар балбан,
Бири бир чапканча экинчиси алтымыш чапкан.

Бир үйдө күн-түн жашайт 14 адам,
Эч тынымсыз экөө эмгек кылган,
Калганы таңыркашып карап калган

Бир адам бир адамга каршы келди,
Ортосуна бир кесек муз туш келди.
Адамдын бири өлүү, бири тирүү,
Тирүү айланып өлүккө келди эле,
Алиги өлүк айланып тура келди.

Жинди-жинди жинди кыз,
Жиндиси маңга минди кыз,
Бир путуну сырайтып,
Там башыга чыкты кыз.

Бир үйдө төрт адам жашайт,
Экөө өлөм дейт,
Экөө өлбө деп тиреп турат

Бир сарт өлөмүн дейт,
Эки сарт жөлөйүн дейт.

Бирөөдө кырк уул бар,
Кыркынын кырк аягы бар.

Отуз омуртка,
Кырк кабырга,
Бир ооз омуртка.

Ай кучак, ай кучак,
Жыйып келсе бир кучак.

Бир кыз бар жоолукчан,
Ичинде балдары бар от жаккан.
Күндүзү сыйрып ачылат,
Түнкүсүн кайра салынат.

Адамды жутуп ийсе көрдүм дебейт,
Терисин сыйрып алса эч бир сезбейт.
Сөөктөрү шыгырап барча-барча,
Бөлүнөт бөлөк-бөлөк ажыратса

Дүйнөдө бир ажыдаар көрөсүңбү?
Жаркырап жалгыз көзү чекесинде,
Сөөк жок бул жаныбардын денесинде.
Кабагы күндүз ачык түндө жабык.
Тартады жакындасаң оозун ачып,
Жолобой жакындабай чарасы жок,
Адамзаат кутула албас андан качып!

Дүйнөдө бир алп бар көрөсүңбү?
Жаркырайт жалгыз көзү төбөсүндө
Мүчөсү башка-башка толуп жатат,
Кабагы күндүз ачык түндө жабык.

Дүйнөдө бир ажыдаар бар көрөсүңбү?
Жаркырайт жалгыз көзү төбөсүндө.
Кабырга башка, сөөгү толуп жатат,
Жилик жок, бутсуз турат кабыргасын жерге матап.

Ааламда бир ажыдаар билесиңби?
Жаны жок кыймылдоого денесинде.
Ичинде сөөктөрү бакча-бакча,
Жаркылдап жалгыз көзү төбөсүндө.

Аргез,
Мойну бир кез,
Чакырса келбес,
Пияда жүрбөс.

Чыгарсам колду чөнтөктөн,
Чындыкта жолду көрсөткөн.
Колду салсам чөнтөккө,
Көрсөтпөдү эчтеке,
Жумдугу мунун эмне эле,
Колдо бар эле бирдеме.

Илинип турат алмурут,
Жешке болбойт аны уруп.
Күндүз кечке уктап жатып,
Кеч киргенде көзүн ачат.
Бирдей карап баардыгына,
Үйгө тегиз мээрим чачат.

Ар бир үйдө от күйөт,
Чогу жок, бар жалыны,
Өзү ичте болсо да,
Тышка тиет жарыгы.

Көзгө тааныш бир куш бар,
Эч билинбейт акканы.
Кандай дөө кечсе да,
Өлүм болот тапканы.

Бир ташка бир байтерек, бүткөн терек,
Башына бир падыша мекен эткен.
Башында ал падышанын алтын тажы,
Акыры ошол тажысы түпкө жеткен.

Бир жылан суу ичинде от ашаган,
Ал жайды мекен кылган ар качандан.
От-суунун азабын бирдей тартты,
Бар беле жазыгы, ой жараткан?

Бир жылан ийинден чыгып от ашаган,
Куйругу төмөн жакта суу ашаган.
Жыландын тамагы от, мекени суу,
Дүйнөдө андай нерсе жок, көп жашаган.

Төрдө бирөө отурат төрөйүн деп.
Көзү башы сүзүлүп өлөйүн деп.

Жыгач күйөт бирок түтүн жок

Бирөөнүкүн албоочу,
Карматып койсоң кармоочу

Башына кийгени сүйрү калпак,
Бир колу бар түбү жалпак.
Ичкени май, ичегиси пахта,
Боорунда тетиги бар бурап тартма,
Абдан керек бул буюм адамзатка.

Бир баш буудайга үй толот.

Бир макулук жаратылды абал бактан,
Мойнуна чыйратмалап чынжыр таккан.
Аларды бир кара куш илемин деп,
Иле албай бирин-бири бу да кайткан.

Жерден чыгып бир нерсе аба айланган,
Аба айланып эч жерге коно албаган.
Ордунан бир ажайып кала берсе,
Ага түшкөн бенде оңолболгон.

узуң, узак,
Көзгө тузак,
Желбир камыш,
Кытай мончок

Төрт бир тууган сапар чегет,
Бирин бири кууп жетпейт.

Бар экен ай талаада бир жалгыз үй,
Сыр найза эшигинде тартады күү.
Барында карайганды жыйнап алып,
Аларга үмүт менен береди сый.

Жүгүрөт-жүгүрөт,
Бирок кырдан аша албайт.
Каңгыр-күңгүр үнү бар,
Чычкан кирчү ийни бар,
Айланасы кызыл жар.

Таң каларлык бир ит бар үрбөгөн,
Аягы жок жүрбөгөн.
Көмөкөйгө сайса сөз кылат,
Тилин адам билбеген.
Уруксатсыз ал үйгө,
Бей жоопсуз адам кирбеген.

Таң каларлык бир ит бар,
Үй бага алат, үрө албайт,
Буттары жок, жүрө албайт,
Курсакка сайса сөз кылат,
Тилин адам биле албайт.

Бир ит бар үрбөйт,
Аягы жок жүрбөйт.
Көмөкөйүн салса сүйлөйт,
Ошол иттен улуксатсыз,
Адам үйгө кирбейт.

Бир ит бар үрмөйдү,
Аягы жерге тиймейди.
Шол иттен улуксатсыз,
Адам үйгө кирмейди.