Логикалык суроолорду күн сайын чечүү баланын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жардам берет. Онлайн логикалык суроолор күн сайын толукталып турат. Сүрөт суроолор да бар.

tabyshmak esep1 1
Суроо белгисинин ордуна кайсыл сан болот?
tabyshmak parkovka 2
Парковка орунунун номери канча?
tabyshmak esep
25 сомго 5 ручка сатып алса, 45 сомго канча ручка сатып алат?
Айбек баасы бирдей болгон 7 өчүргүч жана 8 карандаш сатып алды. Эгер Айбек өчүргүчтөргө 28 сом төлөгөн болсо, карандаштарга канча төлөдү?
Дашада 17 рубль, Соняда 15 рубль бар. Бир пончиктин баасы 4 рубль болсо, алар канча пончик сатып ала алышат?
Люся 21 пирогду эт менен жасады. Ал эми капустадан жасалган пирогу 3 эсе аз болду. Люси жалпысынан канча пирог жасады?

Биринчи текчеде 9 китеп бар. Биринчи текчеде экинчисине караганда 3 эсе аз китеп болсо, эки текчеде бардыгы канча китеп бар?
17 кызыл жана 19 көк чыны 4 столго бирдей санда коюлса, ар бир столдо канча чыныдан болот?
Мелдешке 7 кыз жана 9 бала катышты. Эгер алар 2 командага тен бөлүнүшсө, ар бир командада канчадан катышуучу болот?
Биринчи шаарга 4 театр курулган, ал эми экинчи шаарга 8 ге коп театр курулган. Биринчи шаарда экинчи шаарга караганда канча эсе аз театр курулган?
Биринчи кутуда 28 карандаш бар. Экинчи кутучада 24 карандашка аз. Биринчи кутуда экинчи кутуга караганда канча карандашка көп?
Бир пачка май 36 сом турат, ал эми бир упаковка майонез 4 эсе арзан. Бир пачка май бир упакока майонезге караганда канчага кымбат?
4 чоң шам чыракта 32 лампочка, ал эми 3 кичинекей шам чыракта 12 лампочка бар. Бир чоң шам чыракта бир кичинекей шам чыракка караганда канча эсе көп лампочка бар?
5 тарелкада 35 конфет, ал эми 4 чыныда 36 конфет болгон. Чыныда тарелкага караганда канчага коп конфет бар?
Столдо 18 ак чыны жана 6 көк чыны бар эле. Көк чынылардын саны ак чынылардын санына караганда ​​канча эсе аз?
Мектептин ашканасында 54 отургуч жана 9 стол бар. Ашканадагы столдордун саны отургучтардын санынан канча эсе аз?
Кайыктын ылдамы 5 км / с, ал эми моторлуу кайыктын ылдамы 10 эсе ылдамыраак болсо, моторлуу кайыктын ылдамы канча?
40 килограмм картошканы 2 капка бирдей кылып бөлүп салышты. Ар бир капка канча кг дан картошка салынды?
Окуучуларга 21 китеп берилди. Ар бирине 7 китептен берилсе, канча бала китеп алды?
Коп кабаттуу уйдүн 5 кире бериш жери бар. Ушундай 3 үйдө канча кире бериш бар?
Автобус 8 саат жүрүп 48 литр күйүүчү май сарптайт. Автобус 6 саат жүргөндө канча литр күйүүчү май сарптайт?
Атасы 36 жашта, ал эми уулу 9 жашта. Атасы баласынан канча эсе улуу?

Балдар аянтчасында балдар эки жана үч дөңгөлөктүү велосипед тебип жүрүшөт. Бардыгы 21 дөңгөлөк жана 8 велосипед болсо, канча жана кандай велосипед тебип жүрүшөт?

1) 4 үч дөңгөлөктүү жана 4 эки дөңгөлөктүү.

2) 5 үч дөңгөлөктүү жана 3 эки дөңгөлөктүү.

3) 2 үч дөңгөлөктүү жана 6 эки дөңгөлөктүү.

4) 3 үч дөңгөлөктүү жана 5 эки дөңгөлөктүү.

Бир ящик жүзүмдүн жана бирдей үч ящик алманын салмагы 45 кг. Бир ящик жүзүмдүн салмагы 15 кг болсо, алманын салмагы канча?

Тоого 24 эркек бала эс алганы чыгышты. Кыздар эркек балдарга караганда 3 эсе аз болду. Бардыгы канча бала эс алганы чыкты?

Мектептин ашканасына 6 кг лимон алып келишкен, алма лимонго караганда 24 кг га көп, ал эми алмурутту алмага караганда 12 кг га аз алып келишкен. Мектептин ашканасына канча килограмм алмурут алып келишкен?

Биринчи сан 12, экинчиси 3 эсе аз, үчүнчүсү экинчисинен 4 эсе көп. Ушул үч сандын суммасын тап.

Оля кагаздан 5 квадрат, 7 үч бурчтук кесип алган. Андан сырткары Оля үч бурчтукка караганда 2 эсе көп айлана кесип алды. Оля жалпысынан канча фигураны кесип алды?