Бул бетте жер, суу, тоо, таш жонундо кызыктуу табышмактар топтолду. Балдарга жана чон кишилерге ылайыктуу, оор жана женил табышмактар.

Казанымдын капкагы жок,
Кылычымдын кыны жок,
Үйүмдүн төрү жок.

Өзү ток, көлөкөсү жок.

Өзү узун киши
Уулу апызчы
Кызы оюнчу.

Шылдур-шылдур жүгөнүм,
Жылма кара кунаным.

Узун сайда уй мөөрөйт,
Кыска сайда кыз ыйлайт.

Кышында каймактап калат,
Жазында алчактап чуркайт.
Бульдозердой үнү бар,
Буулбай тили ким табат?

Күр-шар, күр-шар
Киргилденген ким бар.
Түнкү тынчтыкты бузуп,
Тим эле боздогондой нар.

Өзү бар, көлөкөсү жок.

Өзү узун, көлөкөсү жок.

Күлүң-күлүң, күлүң ат,
Күлүп өттү билдиңби?
Көлөкөсүн көрсөтпөй,
Жүрүп кетти билдиңби?

Кете берет, кете берет,
Аркасына карабайт.

Жай болгондо көбөйүп,
Кыш болгондо азаят.

Жазында ташыйм,
Кышында катыйм.
Жалпы эл үчүн,
Кымбатка татыйм.

Бир атым бар кишенебес,
Отту көрсө тиштебес.

Тектир, кырга гүл чыгат,
Таш колоттон үн чыгат.

Өрттөсөң күйбөйт.
Чапсаң өтпөйт.

Оюп алсам — орду жок,
Кесип алсам каны жок.

Күүн-күүн күркүрөйт,
Күмөн тайлак буркурайт.
Күмөн тайлак ичинде,
Седеп, мончок жылтырайт.

Күн-түнү тынбайт,
Белге чапса сынбайт

Күнү-түнү тынбаган,
Бөлө чапса сынбаган.

Түнү-күнү тынбаган,
Билген ырын ырдаган.

Жылт-жылт этти,
Жылгадан өттү.

Муз астында жүгүргөн,
Музоо кашка тикилдек.
Жер астында жүгүргөн,
Жээрде кашка тикилдек.

Шар-шар этет,
Сайдан ылдый кетет.
Кыр-кыр этет,
Кырдан ылдый кетет

Шар-шар үнү бар,
Парча таягы бар.
Жүгүрсө жетпес,
Жолдо аягы бар.

Шар-шар үндүү
Жүгүрүп жетпес,
Жүгөн катпас.

Укмуштуу узун кыз экен,
Узуну менен жалтырайт,
Бүткөн бою калтырайт.

Узун-узун уз келет,
Узун бойлуу кыз келет.
Көбөктөрү көлдүрөп,
Шакектери шалдырап.

Узун-узун уз келет.
Узун бойлуу кыз келет.
Кабактары калтырайт,
Эки бети жалтырайт.

Узун-узун кетти
Узун бойлуу кыз кетти.

Жүгүрүп жетпес.

Жүгүрүп жетпес,
Жүгөн катпас.

Пар-пар үндүү,
Парча таяктуу
Жүгүрсө жетпес,
Жүгөн аяктуу.

Бар-бар үнү бар,
Башкача кыйын сүрү бар.
Жүгүрүп жетпес,
Күлүктүгү дагы бар

Бар-бар үнү бар,
Барча таягы бар,
Жүгүрүп жетпес,
Жүн аягы бар.

Бар-бар үндүү, бачым жүгүрсө
Жетпей жүгөн каттырбас.

Бар-бар үндүү,
Барча таяктуу.
Жүгүрсө жетпес,
Жүлүн аяктуу.

Бар-бар үндүү,
Барчын таяктуу.

0 Бар-бар үндүү,
Барандуу таяктуу
Жүгүрсө жетпейт,
Жүлүндүү аяктуу.

Жер жылат, асман көчөт.

Тең-тең кийиз,
Эки арасы кең кийиз.

Зар-зар килем.
Көтөрөйүн десем оор килем.

Түр-түр килем, түр килем
Түрө албадым бир килем
Жый-жый килем, жый килем
Жыя албадым бир килем
Сал-сал килем, сал килем
Сала албадым бир килем.

Жыйдым-жыйдым миң килем,
Жыя албадым бир килем.

Жыйдым-жыйдым бир килем,
Жыя албадым бир килем.
Тердим, тердим бир килем,
Тере албадым бир килем.

Жыйдым-жыйдым бир килем,
Жыя албадым бир килем

Жыйдым-жыйдым бир бөлөк,
Жыя албадым бир бөлөк.
Түйдүм, түйдүм бир бөлөк,
Түйө албадым бир бөлөк

Бүт дүйнөдө көгүш төшөк.