Аргымактай жулунган
Ак буудайды сугунган
Тазаланган кызылдан
Барасында чубурган.


Үйлөрү бар катар-катар,
Чарчабай жүрөт, эң алыс сапар.


Төбөсүндө эки сызык
Бир күлүк жүрөт сызып
Алтымыштай адамды
Алат ичине кытып.


Денеси темир
Жегени көмүр
Айчылык жолго
Чуркайт жеңил.


Теңдешсиз бул заманда ага балбан,
Төө моюн, болот дене, өрдөк таман.
Сугунат таш болсо да саман өңдүү,
Ойлонуп тапкылачы ал кандай жан?

Жер түбүндө ай көчөт.

Инисин кууп, агасы жетпейт.

Диң-диң чолок жер казат.

Дөңгөлөгү бар,
Бирок изи жок кетет.
Тоо-токой, суу, талаадан
Тоскоолсуз өтөт,
Барар жерине бат эле жетет.

Суу ичпейт, жем жебейт,
Каалашынча минесин.
Чарчабайт да, тердебейт.

Өтө баалуу бир зат бар,
Сүйлөгөндү билбеген.
Кызыл-тазыл көздөрүн,
Ирети менен ирмеген.

Тиши болот темирден
Тийген жерин кемирген
Түзөп аңын-дөңүн
Түйшүктүн баарын бүтүргөн

Бир таягы бар,
Төрт аягы бар.
Орто жеринде куйругу бар,
Өзү айтчу буйругу бар

Өзү битта, буту алтыта

Кеп айтууга тили жок,
Тилдүүлөрдөн бат сүйлөйт.
Көөнүңдөгү жалпыңды,
Жашырбастан так сүйлөйт.

Талдан таягы бар,
Темирден туягы бар.

Бу айылда буйругу,
Ол айылда буйругу,
Ортосунда куйругу

Алты аягы бар,
Эки туягы бар,
Бир таягы бар.

Алты аягы, эки туягы.

Алты буту бар,
Белинде куйругу бар.

Ай экөө, жылдыз үчөө.

А тоо, бу тоо,
Ортосунда саңгил тоо.

Ачалакта жумалак,
Айры бутка кумалак.

Жоор боз ат,
Жорго сур ат.
Эжигей Мурат,
Эчки сурат.

Жоор боз ат.

Суу ичпеген бөдөнөм,
Жем жебеген бөдөнөм,
Түрдүү гүлдүн үстүндө,
Жөргөлөгөн бөдөнөм.

Ок жыландай шыпылдайт,
Арканын сүйрөп тыкылдайт.
Азуусу бар чайнайт,
Илгери карай айдайт.

Кара тоогум какылдайт,
Канаттары шакылдайт.

Жылганы жыландай,
Жылма кара кунандай,
Отурганы кишидей,
Оттогону куландай.

Бир нерсе бар жүгүрөт, тойбойт,
Астына келгенди бир саатта койбойт.

Бир кушум бар аңги,
Кулактары баңги,
От жебейт, суу ичпейт,
Ошонусуна балли.

Аш жемайди Лайликан
Көш жемайди Лайликан
Узун килем үстүдө
Отурады Лайликан.

Уңкур-уңкур энеси бар,
Убак сары баласы бар,
Ачуулу как баш атасы бар.

уңкул-чуңкул энеси,
Убак сары балдары,
Урмак экен атасы

уңкул-чуңкул энеси,
Убак сары баласы.

Кичинекей жетим кыз,
Жер тували, тували.

үңүрөкөйгө — теңирекей.

Карса-курса атасы,
Үңүрөйгөн энеси.
Майда-чуйда баласы.

Ачалакка жумалак,
Айры … томолок,
Жоон эле жондук,
Узун эле кестик,
Бүтүн жерин тештик.
«Кудай» ырахмат кылды,
[Көчүккө] чак кылды.

Төрт молдо,
Жылаңач иштейт жолдо.

Чымчык чаар атым бар,
Чыпылдаган камчым бар

Сагызганым шак этет,
Саны менин колумда.
Узун чыбык солк этсе,
Учу менин колумда.

Өзү битта, көзү жүзта.

Кашкардан келген буурул ат,
Таманы ташка туурулат.

Казыктын башында, калдыргач ойнойт.

Арадан келген алты пил,
Аркасынан кайыш тил,
Акылдуу болсоң муну бил.

«Шып» деди, шыпка чыкты.

Салпылдаган чыбыктын,
Сабы менин колумда.
Узун чыбык солк этет,
Учу менин колумда.

Сабоом мылтык шалк этет,
Сабы менин колумда.
Узун чыбык солк этет,
Учу менин колумда.

Бирөө жүрөт из салып,
Бирөө жүрөт кыскарып.

Шыпылдаган камчым бар.

Ушаласам турбады,
Тешигин ям таппады.

Кытайдан келет кырк эшек,
Кырып алар жүнү жок.

Жылт этти, жылгага түштү

Жылт этти, жети жылгадан ашып кетти.

Жылт-жылт этет,
Жүгүрүп өтөт

Жылт-жулт этип токтогуз
Жалгыз көздүү желмогуз.

Жыландан ийри, октон түз

Кичинекей маңбаш
Көтөрүп чапса сынбас

Денеси — темир,
Куйругу — узун.

Денеси — темир,
Куйругу — жип.

Куу-куу бараган,
Куу-куу келеген.
Алтын менен мадаган,
Темир менен кадаган.

«Ылдам-ылдам чуркайлы,
Иш бүтөбү эринсек» —
Деп жүгүрөт тызылдап,
Кичинекей келинчек.

Учтуу терек үлпүлдөйт,
Учу менин колумда.

Кичинекей келинчек,
Жүгүрүп жүрүп боозуйт

Тегеренип ак үйдү,
Аппак улак жүгүрөт.

Кичинекей келин
Үй айланып боозуйт.

Жүгүрүп жүрүп бооз болду.

Ободо бир куш бар жалгыз аяк,
Тиштегени чөптөн таяк.
Урган сайын семирет,
Курчанган сайын теминет.

Жомогум, жомок,
Толгонай чомок.

Дүйнөдө бир кемпир бар жалгыз аяк,
Оозуна тиштегени чийден таяк.

Бир кемпир бар жалгыз аяк,
Тиштегени чийден таяк.
Шапалакта болгон сайын семирет,
Белинде куру миң сексен кабат.

Базарда бир макулук бар жалгыз аяк,
Оозуна тиштей турган чийден таяк.
«Чарп» этер шапалак менен салып калса,
Жүгүрөт өзүн-өзү аймай ак.

Ак улагым арканда жатып семирет,
Көк улагым көчөдө жатып семирет.

Ак улагым айылда жүрүп семирди.

Ак күчүгүм жүгүрө-жүгүрө бооз болду.

Узун терек үлпүлдөйт,
Учу менин колумда.
Сагызгандар шакылдайт,
Шагы менин колумда.

Узун терек жыгылса,
Учу менин колумда.
Булбул аке сайраса,
Тили менин колумда.

о жагы зоо, бу жагы зоо,
Орто жери шыңгыр зоо.

Аягы тоо, буягы тоо,
Орто жери шыңгыр зоо

Керегеге илинүү, асил кызга билилүү.

Тап, таппастан карап туруп калат.

Кыргоолу кызыл экен,
Куйругу узун экен,
Сагызганы сайда экен,
Жоор аты кайда экен?

Тийген жери жалтырайт

Кичине кана чилетир,
Төштүн отун кулатты.

Бир балта менен миң карагай кыйдым.

Тиши бар бирок тиштебейт.

Узун жыгачка туурасынан кылыч аштадым,
Кылычымды кынсыз сактадым.
Көк жайыктын токоюн көрдүңөрбү?
Бир күндө кыйып таштадым.

Кыңырыкта кын болбойт,
Кын болсо да тыгыны болбойт.

Бир чыбык менен миң кой айдадым.

Тиши темир, денеси жыгач,
Айныбастан кызмат кылат.
Жумшасам жердин ичине кирип,
Ичегисин да илип чыгат.

Билегим ичке, алаканым чоң,
Бир пуд жүктү көтөрүп да коем.

Баратып үйдү карайт
Келатып токойду карайт.

Боору толгон тиши бар,
Жыгач менен иши бар.

Бир киши бар,
Миң тиши бар.

Баан-баан, баани бар,
Отуз эки саны бар.
Муну тапкан кишинин,
Акылында кени бар.

Аякка өтөт чай-чай,
Быякка өтөт чай-чай.
Муну тапкан кишиге
Жүз жыйырма тай-тай.

Ар Этет,
Гүр этет,
Алып таштайт

Ыргытат жерди тиштеп,
Тыныгат иштеп-иштеп,
Жөнөрдө жумушка,
Шап эле ийинге минет.

Диң-диң чолок жер казат

Бири токойду кыят,
Экинчиси жыят,
Үчүнчүсү үйөт,
Ушу үчөөнүн атын ким билет?

Керегеде ийри кабак,
Аны таба албагандын дарты тамак.

Көк өгүзүм көл жапырып баратат.

Шып-шып этет
Шылып кетет

Ак коюумду уштадым,
[Көчүкө] бир муштадым.
Көк коюмду уштадым,
[Көчүкө] бир муштадым.

Кыл-кыбырды кыла берсе болот,
Эки четин кымырып ура берсе болот.

Кыл кыбырыны кыдыртып,
Кылса болот турбайбы.
Жилорунга жылдырып,
Урса болот турбайбы.

Кыл кыйрылуу болот
Эки чекесин ымырып-жымырып
Ура берсе болот.

Жер астында ай көчөт.

Жер үстүнөн ай кетет.

Ат-өгүзүн парлап айдап,
Артында жүрүп келет.
Боз териңди болбой ийлеп,
Тасмадай тилип берет.

Кичинекей буурусун
Тегеректи куурсун,
«Соке, Соке!» десе, ишин өзү билет.

Зуу-зуу барган,
Зуу-зуу келген,
Алтын адаган,
Темир кадаган.

Ыкыя-ыкыя,
Белинде күмүш такыя

Кичинекей жеңил тай,
Темир ыштан кийет ай.

Кичинекей кенентай
Темир ыштан кийет ай.

Эки тартар,
Бири жыртар,
Куйругун сыйпалатар

Экөө айдайт, жетөө колу менен казат.

Кезеги келгенде бир ууч таштап,
Күзүндө алам каптап.

Дөң жерди тегиздеп чаптым,
Дөмпөйтүп жыгач чачтым,
Атка чиркеп таш кулаттым,
Жыгачым саман болду,
Жолдошум шамал болду,
Саманым шуру болду,
Шуруга кабым толду.

Аркы өйүзгү жылкым,
Апар ылдый куюкту,
Берки өйүзгү жылкым,
Сапар ылдый куюкту,
Ортосунда бир бала
Кайтара албай буюкту.

Шылдырым шырт,
Тизеден курт.
Күн жаайт,
Булут өтөт.

Ичкелиги кабарчымдын кумурска бел,
Ич калаадан кабар берген, билишет эл.

Кош балдагын басып турат,
Кабар келсе шашып турат.

Жапанга бүткөн бир жигит,
Үстү — темир, асты — таш.
Учу Самаркан менен бутакташ.
Аягы Букар мен танапташ

Жапанга бүткөн бир жыгач,
Үстү — темир, асты — таш.
Учу Самаркан менен бутакташ
Аягы Букар менен танапташ.

Жапанга бүткөн куу жыгач,
Асты — темир, үстү — таш.
Бир бутагын карасаң,
Орунбор менен чамалаш.
Бир бутагын карасаң,
Маскөө менен чамалаш.

Катар-катар, кара нар, карды өспөйдү,
Ар заманда аягын бир козгойду.
Баарын бирге тиркеген ак баш атан
Замананын төрт бурчун сап ойлойду.

Бу дүйнөдө чыгыптыр боз аргымак
Кет десеңиз кетеди уулап-чуулап,
Кел десеңиз келеди уулап-чуулап.

Бир жылан жердин жүзүн ороп жаткан,
Сурасаң өзү айтады бир тараптан.
О жаным, тапкын муну көп ойлобой,
Чыгады деп айтып турмуз, көңүл чактан.

Билбеймин аяктаарын неме менен,
Бир нерсе аркасында жалгыз кылдан.
Өзүнүн падышалары амир кылса,
Жер жүзүн бир саатта сайран кылган

Бир атактуу күлүк бар,
Кеп эмес ага кокту-жар
Деңизге туш болсо да,
Имерилбей кетет шар.
Эзели изин түшүрбөйт,
Жатса да жерде калың кар.

Куш десең, куш эмес,
Бут десең, бут эмес.
Куштай учат,
Буттай жүгүрөт.
Муну ким билет?

Машина кош чоң дөңгөлөк,
Отурам минип, бут жөлөп,
Денеси туташ дуга тиш,
Кыймылы сонун бир бөлөк.
Иштесем аянт четинен,
Чыгарам түрмөк бетинен,
Көрсөң керек көп жолу,
Ойлоп көр чыкса эсиңден.

Белең-белең, белең ат,
Бели темир күрөң ат.
Зоодон таштан тайбаган,
Бекер карап турбаган.

Тетиктери темирден,
Тээп койсо элирген.

Чапсам баспайт,
Тепсем басат.

Сымга бекем чырмалып,
Сымырады жол басып,
Чалбаса да эч нерсе,
Чарчабады карды ачып.

Маңдайында көзү бар,
Боорунда төрт буту бар,
Малдан озуп, жер оттобойт,
Бийликсиз эч токтобойт,
Ичкени суюк, кусканы түтүн.

Буту оорубайт, минсе жоорубайт

Аягынын, колуна жетер жетпес таягынын,
Эки аягын кошултуп жолго салып,
Анын салып бара жатат баягынын

Бир атым бар падышалар мингендей,
Бир атым бар сууга баштап киргендей

Узун жолдо уй мөөрөйт.

«Күк-күк» этет,
«Күш-күш» этет,
Күчү тоодой,
Жүгү зоодой.

Кашек жебейт, чөп жебейт,
Кара болуп тердебейт.

Катар-катар кара нар,
Бири-биринен озбогон.
Кураштыргандардын куп акылдары бар,
Ботосу жок боздогон.

Ичкени суу,
Чыгарганы буу,
Тартканы жүк,
Чарчабайт түк

Жегени көмүр,
Ичкени суу,
Жүргөн жолу темир,
Чарчабаган сеңир.

Жүрүп кетсе, зырылдайт,
Жакын калса, чарылдайт.
Биринчи баскан изинен,
Экинчи жолу жаңылбайт.

Жүрүп кетсе, зырылдайт,
Биринчи баскан изинен,
Экинчи жолу жаңылбайт.

Амир-амир амиржан,
Жаккан оту көмүржан.
Чин жирөө деген куш болот,
Эки аягы темирден