Жеңиш күнү

Бизди көргөн бул жеңиш,
Катаал согуш каарынан.
Өрт ичинде жаралган,
Аталардын канынан.
Билүү керек ар бир кыз,
Билүү керек ар улан.
Бизди коргоп аталар,
Кечкендигин жанынан.
Ошон үчүн бул майрам,
Бизге кымбат баарынан.

Ж. Садыков