Макал

  • “Алайын” деп жутунба, ач көздүктүн белгиси, “Жулайын” деп умтулба, журт бузардын белгиси…
  • Ааламдын көркүн көз ачат, адамдын көөнүн сөз ачат.
  • Абийир тапса баласы, атасына бак конот.
  • Абийирди жашыңдан сакта.
  • Абийирдүү жигитке ажалдуу кийик жолугат.
  • Ага — тууган кимде жок, сыйлашпаса жатча жок.
  • Ага —тууган ынтымактуу болсо ат көп, абысындар ынтымактуу болсо аш көп.
  • Агасы минген атты — иниси минет, атасы салган кушту — баласы салат.
  • Агасын агалай албаган, душманын сагалайт.г
  • Агасын көрүп ини өсөт, эжесин көрүп сиңди өсөт.
  • Агасын чапса балаңыз, атасын урам дегени. Эжесин чапса балаңыз, энесин урам дегени.
  • Ага-тууган кимде жок, сыйлашпаса жат болот.
  • Агач катуусун курт жыгат.
  • Агыбайдын тонундай аңтара салба (ала салдырып).
  • Агын суу Арам болбойт.
  • Агын сууда арам жок.
  • Агын тапсаң аласың, караны тапсаң каласың.
  • Агын чогулуп сел болот, адам чогулуп эл болот.
  • Агынан тийишсең бирөөгө, айланып келет кезеги.
  • Адал эмгек абийир таптырат, арам эмгек азабын тарттырат.
  • Адал эмгек астыңа ат, үстүңө тон.
  • Адам — адам менен адам.
  • Адам — адам үчүн табылгыс дары.
  • Адам — адамга дос, жолдош, бир тууган.
  • Адам — акылы менен адам.
  • Адам — эли менен, өрдөк — көлү менен.
  • Адам (көзү) жок жерде кеп (ушак) кылба.
  • Адам аласы — ичинде, мал аласы — тышында.
  • Адам аласынан, сөз аласы жаман, от (эт) чаласынан, сөз чаласы жаман.
  • Адам алсызы — урушчаак.
  • Адам аракты жутат, арак кийин адамды жутат.
  • Адам ачтан өлбөйт, ардан өлөт.
  • Адам ашка тойсо да, башка (жашка) тойбойт.
  • Адам баласы тетиксиз сандык, сыртынан сынчы жаңылат.
  • Адам болмок аста —аста, айбан болмок бир паста.
  • Адам болор кишинин адам менен иши бар, адам болбос кишинин адам менен неси бар.
  • Адам болуу — ураан, адамды билүү — кымбат.
  • Адам болуу арзан, адамды билүү кыйын.
  • Адам да көктөмдө арыктайт.
  • Адам даңк үчүн от менен сууга кирет.
  • Адам дүйнөдө бир жаралат.
  • Адам жакшылыкты жерден таап албайт, адамдан үйрөнөт.
  • Адам жаман эмес, анын кыялы жаман.
  • Адам жаманы — сопу, жыгач жаманы — соку. Адам жаманы сопу болот, жыгач жаманы соку болот.
  • Адам жолу — улук.
  • Адам жүргөн жол менен адам жүрөт.
  • Адам жүрөгү менен күчтүү, жыгач тамыры менен күчтүү.
  • Адам жүрүшүнөн — кул болот, ат жүрүшүнөн — пул болот.
  • Адам ит жандуу.
  • Адам кааласа таштан суу, такырдан гүл чыгарат. Адам карыган сайын бала.
  • Адам катасыз болбойт, көлчүк бакасыз болбойт.
  • Адам келсе таң аткандай, акмак келсе күн баткандай.
  • Адам көңүлүнөн азат, тилинен жазат.
  • Адам көптү көрбөй акыл кирбейт.
  • Адам көркү — адеп.
  • Адам көркү — чүпүрөк, дарак көркү — жалбырак.
  • Адам кулагынан жаңылат, тулпар туягынан жаңылат.
  • Адам курсагынан арыктабайт, кулагынан арыктайт.
  • Адам маңдайга жазылгандан өтө албайт.
  • Адам менен малдын айырмасы — акылда.
  • Адам ойго тойбойт, бөрү койго тойбойт.
  • Адам ооруган жеринен колун албайт.
  • Адам өзү ажалдуу болсо да, өлбөс нерселерди жасайт.
  • Адам өзү карыса да, көөдөнү карыбайт.
  • Адам өзүнөн кийинкилерди көрүп картаят.
  • Адам өзүнөн эмес, сөзүнөн байкалат.
  • Адам өлбөсө — айыл башы, сарт өлбөсө — кербен башы.
  • Адам өлбөсө айыл башы, соодагер өлбөсө кербен башы.
  • Адам өлмөйүнчө ырыскысы түгөнбөйт.
  • Адам өлөт, атак өлбөйт.
  • Адам өлсө даңкы калат, ат өлсө териси калат.
  • Адам өчкө кудай өч.
  • Адам сөзгө (кепке) байланат, айбан чөпкө (жипке) байланат.
  • Адам сөзүнөн сынат, уй мүйүзүнөн сынат.
  • Адам сүйлөшкөнчө, айбан (жылкы) кашынышканча.
  • Адам темирден катуу, (таштан бек), гүлдөн назик.
  • Адам тилинен табат.
  • Адам тирүүлүгү — бейиш, молдонун тирүүлүгү — кейиш.
  • Адам төрөлсө да, өлсө да койдун шору.
  • Адам чакырса барбайм деген, аш чакырса калбайм дейт.
  • Адам ызаатка келет, айбан чөпкө келет.
  • Адам эли менен, каз — өрдөк көлү менен.
  • Адам эмгеги менен даңктуу (таанылат).
  • Адам эмгек менен адам.
  • Адамга — ишарат, айбанга — келтек.
  • Адамга адам кымбат.
  • Адамга конгон касиет качпайт, бирок издеген киши таппайт.
  • Адамга көрбөгөндүн баары кызык.
  • Адамга кылган жакшылык, айда тийген ай эмес, күндө тийген күн эмес.
  • Адамга мал табылышы оңой, адамга адам табылышы кыйын. Адамга таандык мыкты дөөлөт — достук.
  • Адамга өлүм ак. (Өңгө жалган — өлүм ак).
  • Адамга тубаса акыл бүтпөйт, эмгек менен заман жасайт.
  • Адамга чычалак жарашпайт, атка жаталак жарашпайт.
  • Адамга эки нерсе тирек деги, бири тил, бири дилиң жүрөктөгү.
  • Адамдагы эң сонун нерсе — акыл менен билим.
  • Адамдан айла качып кутулбайт.
  • Адамдан улуу ат жок, нандан улуу аш жок.
  • Адамды (кишини, жигитти) сөзүнөн тааныйт.
  • Адамды адам кылып арга үрөгөн үмүт. Адамды акылга бай кылган — эмгек, төрт түлүктү шай кылган эмгек.
  • Адамды акылынан, даракты жалбырагынан байка.
  • Адамды алыстан тааныш (байкаш) кыйын.
  • Адамды билиш үчүн аны менен бирге үч пуд туз жеш керек.
  • Адамды бузган — байлык менен бийлик.
  • Адамды кийминен тааныбайт, ишинен тааныйт.
  • Адамды көзүнөн түшүнбөй, сөзүнөн түшүн.
  • Адамды сөзүнөн тааныбайт, ишинен тааныйт.
  • Адамды үмүт жашатат, кайгы какшатат.
  • Адамды шайтан азгырат, артык дөөлөт мас кылат, тумшугу таштай катаарда, тууган менен кас кылат.
  • Адамды шорго салган да, өлтүргөн да тил.
  • Адамдын адам билет сымбатын, акмактар кайдан билсин, адамдын арзан менен кымбатын.
  • Адамдын адамкерчилиги, ачуусу келгенде билинет.
  • Адамдын акысын жер жебейт.
  • Адамдын аласы жаман, айбандын куласы жаман.
  • Адамдын ардуусу тырышчаак болот.
  • Адамдын башкы милдети — ыймандуулук.
  • Адамдын бетин бөрү жебейт.
  • Адамдын бири тентек, бири жөнтөк, бири эпчил, бири кекчил.
  • Адамдын даңкын чыгарган да — тил, тарпын чыгарган да — тил.
  • Адамдын жалаңгычы да адам.
  • Адамдын жаман — жакшысы туулгандан эмес, көргөн тарбиясынан.
  • Адамдын жылдыздуусун айбан да билет.
  • Адамдын ийгилиги эмес, акылына карап баа бер.
  • Адамдын иши, жемиштин мөмөсү.
  • Адамдын ким экенин билгиң келсе, кебин шашпай тыңшап көр.
  • Адамдын көзү өлгөндө (бир чымчым) топуракка тоёт.
  • Адамдын көркү — адеп.
  • Адамдын көркү — адилеттүүлүктө, жигиттин көркү — адептүүлүктө.
  • Адамдын көркү — акыл.
  • Адамдын көркү — бөз, көңүлү — эки ооз сөз.
  • Адамдын көркү — бөз, кулактын көркү — сөз.
  • Адамдын көркү баш болот, кабактын көркү каш болот.
  • Адамдын кыйноосу – санаа, өлүмү оору.
  • Адамдын өзү карыса да, сөзү карыбайт.
  • Адамдын өзүнө баа бербе, акылына баа бер.
  • Адамдын пейли тойбой, карды тойбойт.
  • Адамдын түсүн айтпай, ишин айт.
  • Адамдын эмгектен улуу тиреги жок.
  • Адамзааданы жакшы сөз атынан түшүрөт.
  • Адамзатты сөз бузат, тоо — ташты сел бузат.
  • Адамзаттын жакшысы азыраак сүйлөп, көп тыңдайт, аргымактын жакшысы азыраак оттоп, көп жуушайт.
  • Адамзаттын уругу — ажырыктын тамыры.
  • Адамча туулуп, айбанча жашаба.
  • Адат — адат эмес, жөн — адат.
  • Адашкан казды топтошкон карга алат.
  • Адашкан койду бөрү жейт. Адашкандын айбы жок, кайтып үйүрүн тапкан соң.
  • Адашкандын айыбы жок, айланып (кайтып) үйүрүн тапкан соң. Ачылгандын айыбы жок, өзү билип (көрүп) жапкан соң.
  • Адашкандын айыбы жок, кайтып үйүрүн тапкан соң.
  • Адашкандын алды жөн.
  • Адашкың келбесе — кара, жаңылгың келбесе — сура.
  • Адашпаймын деген эр дал түштө адашат.
  • Адашсаң атыңа ишен.
  • Адашсаң элиң менен (акылдуу менен) адаш.
  • Адеби жок жигит жүгөнү жок атка окшош, адеби жок аял кабаанак итке окшош.
  • Адептүү киши – азаптан алыс.
  • Ажал айтып келбейт.
  • Ажал жетип күн бүтсө, кимди сорбойт кара жер.
  • Ажал келсе, алтын тактан пайда жок.
  • Ажалдуу карга бүркүт менен ойнойт.
  • Аз болсо да, саз болсун.
  • Аз көбөйөт, азган оңолот.
  • Аза – арыбайт, каада – карыбайт, алтын чирибейт.
  • Азаматтын жакшысы азыраак сүйлөп, көп тыңшайт.
  • Азганды кууп, тосконго жолукпа.
  • Азды аяган, көптөн кур калат.
  • Азды жок дебе, барды көп дебе.
  • Аздын азанчысы болгончо, көптүн казанчысы бол.
  • Азоого – тушоо, күлүкө – чалма
  • Ай десе аркы жок, күн десе көркү жок
  • Ай караган текедей, күткөн жаман акыйып
  • Ай толгонун билбейт, жигит болгонун билбейт
  • Ай чырайлуу, бал сөздүү акылман адам элеси
  • Айгыр көпсө үйүрүн кажыйт, Хан көпсө элин кажыйт
  • Айдаганы бир эчки, ышкырыгы таш жарат
  • Айдай чырайыңды иттей кыялың бузат
  • Айды этек менен калкалай албайт
  • Айдын жарыгында жүргөнчө, күндүн көлөкөсүндө жүр
  • Айдын жарымы – жарык, жарымы – караңгы
  • Айланайын бакыраң көз сен мага тийбе, мен сага тийбейин
  • Айран сураган – аягын жашырбайт
  • Айт да болоор, айттын эртеси да болоор
  • Айткандын сөзү, ыйлагандын көзү жаман
  • Айтпа, айткандан кийин кайтпа
  • Айтсам сенден өлөөрмүн, айтпасам сындан өлөөрмүн
  • Айтып кылган иштин айыбы жок
  • Айылды алалык бузат, достукту каралык бузат
  • Айыпсыз аякка тикенек кирбейт
  • Ак ийилет, бирок сынбайт
  • Ак ит, кара ит – баары бир ит
  • Ак көңүлдүн аты арыбайт, тону тозбойт
  • Ак төөнүн карды жарылганда
  • Аке-уке деген көңүлгө жакшы
  • Аккан арыктан суу агат
  • Аккан сууда арам жок
  • Акма кулакка айтса болбойт, куйма кулакка куйса толбойт
  • Акмак достон акылдуу душман жакшы
  • Акмак өзүн – эр ойлойт, аңгек өзүн жер ойлойт
  • Акмакты өзүнөн түшүнбөй, элден түшүн. Адамды кордобо, акмакты бордобо.
  • Ак-Сайдын башы жошо бол, атаң өлүп калыптыр, эмне болсоң ошо бол
  • Акыл – баштан, асыл – таштан
  • Акыл – тирүүдө урмат, өлгөндө даңк
  • Акылдуу менен арбашпа, алдуу менен кармашпа
  • Акылдуулар сөз алышат, акылсыздар өч алышат
  • Акылсыз – атасын акмалайт
  • Акылы аздын азабы көп
  • Акылы жетсе, атаны уул билет
  • Акыркы ашка каскак түшөт
  • Акырын баскан – аксабайт
  • Акырын бассаң – аксак, катуу бассаң таскак
  • Ала жылкы жоголбойт, арамзаада оңолбойт
  • Ала каптын кагынчык, аңдыгандын жаны чык
  • Ала карганы атынан чакыр
  • Алган эри жарашса, кара катын ак болот
  • Алгандын бермейи бар
  • Алганы болот бергендин, атканы болот мергендин
  • Алдаса болот жаш башты, каргаса болот как башты
  • Алдыңа түшсө, атаңдын кунун кеч
  • Алдыңкы көч кайда барса, кийинки көч да ошол жакка барат
  • Алдыңкы көчтүн адашканын кийинки көч билет
  • Алдыраар күнү – жаздыраар
  • Алма быш – оозума түш
  • Алма сабагынан алыс түшпөйт
  • Алтымыш менен жетимиш абышканын курагы
  • Алтымышта атаңдын, алдап-соолап күчүн ал
  • Алтын дат болбойт, жакшы жат болбойт
  • Алтын жерден чыгат, баатыр элден чыгат
  • Алтынды чыккан жеринен каз
  • Алы жетпеген акыретчи
  • Алыбек алына жараша
  • Алыстагы душмандан, аңдып жүргөн дос жаман
  • Амалкөйдү ашынам дебе, ач көз байды кошунам дебе
  • Аңгектен качсаң – дөңгөккө, дөңгөккө качсаң – сөңгөккө
  • Аңдабаган төө көрбөйт
  • Аңдышкан айыл конбойт, эсептешкен дос болбойт
  • Аңкоонун эч нерседен кабары жок, жалкоонун эч нерсени табаары жок
  • Ар ким өз көмөчүнө күл тартат
  • Ар кимдики өзүнө, ай көрүнөт көзүнө
  • Ар нерсе өз чегинен чыкса, арты өкүнүчтүү болот
  • Аракет кылсаң – берекет
  • Арам тамак аш болбойт
  • Арамзаанын куйругу бир тутам
  • Араң турган көз эле, чыгып кетти өзү эле, айтылбай турган сөз эле, айтылып кетти өзү эле
  • Арачыга алты таяк
  • Арбашкан – лышат, кагышкан – кармашат
  • Арзан бекен мал тапмак, оңой бекен жан бакмак
  • Арзандын тузу татыбайт
  • Аркандын узуну жакшы, сөздүн кыскасы жакшы
  • Арпа сеппе таш жерге, айыл конбо кас элге
  • Артык дөөлөт баш жарбайт
  • Артык кылам деп тыртык кылды
  • Арык -семирет, ач – тоюнат
  • Арык уйга жоон мүйүздүн кереги эмне
  • Асманда жүргөн кыраан да түнөгүн көксөйт
  • Асылган оору алмайынча тынбайт, асылган ууру алмайынча койбойт
  • Асылуу казан – бышылуу аш
  • Ат – мингендики, тон – кийгендики, аял – тийгендики, эр – элдики
  • Ат адамдын канаты
  • Ат арытмак арзан, журт арытмак кымбат
  • Ат аяган арыбайт, аш аяган жарыбайт
  • Ат баспаган жерди тай басат
  • Ат баспайм деген жерин үч басат
  • Ат башына күн түшсө ооздугу менен суу ичет, эр башына күн түшсө өтүгү менен суу кечет
  • Ат жалына казан ас
  • Ат мүдүрүлбөй жер тааныбайт, эр мүдүрүлбөй эл тааныбайт
  • Ат оонаган жерде түк калат, айран төгүлгөн жерде жук калат
  • Ат сактаган ат минет, тон сактаган тон киет
  • Ат сийген жерге чөп чыкпайт
  • Ат тойгон жерине качат, эр туулган жерине шашат
  • Ат чабышта ат өлөт, эр сайышта эр өлөт
  • Ата даңкы, эне баркы – балага дем
  • Атада алтоо болсо, ар жалгыздык башта бар
  • Атадан калган мал барбы, аяна турган жан барбы
  • Атадан таяк жеген – балдар жакшы, энеден тил укпаган – кыздар жакшы
  • Аталуу жетим – арсыз жетим, энелүү жетим – эрке жетим
  • Атам өлсө өлсүн, атамды көргөн өлбөсүн, энем өлсө өлсүн, энемди көргөн өлбөсүн
  • Атам, энем бар болсун, оозу мурду жок болсун
  • Атан төө мас болсо, тайлак төө менен дос болот
  • Атаны көрүп уул өсөт, энени көрүп кыз өсөт
  • Атанын көөнү балада, баланын көөнү талаада
  • Атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны
  • Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер
  • Атка бергис кунан бар, кызга бергис жубан бар
  • Атка жеңил, тайга чак
  • Аттан түшсөң да ээрден түшпө
  • Аттанганда эле көчүгү кыйшык эле
  • Атты чапсаң алыска чап, чыкпай калса бактыңан тап
  • Аттын баары тулпар болбойт, куштун баары шумкар болбойт
  • Аттын сыры ээсине маалым, кыздын сыры төркүнгө маалым
  • Атын атаса куту сүйүнөт
  • Атына жараша – заты
  • Атың чыкпаса, жер өрттө
  • Ач – кекиртет, ток – секиртет
  • Ач иттин артын сук ит жалайт
  • Ач кадырын ток билбейт
  • Ач кулактан тынч кулак
  • Ачка киши – урушчаак, арык киши – тырышчаак
  • Ачка отурганча айранга нан тийгизип жеген жакшы
  • Ачканын аңы жүрбөйт
  • Ачуу – душман, акыл – дос
  • Ачуулуунун астынан чыкпа
  • Ачууну акыл жеңет
  • Ачууну ачуу басат
  • Ачуунун да таттуусу бар, таттуунун да ачуусу бар
  • Ачуусу чукул – айыпка жыгылат
  • Ачылбаган сандыкта, бычылбаган кундуз бар
  • Ачылган кабак жакшылык табат, бүркөлгөн кабак бир балээге калат
  • Аш көп болсо, каада көп
  • Ашаарын ашаган, жашаарын жашаган
  • Ашка жүк, башка жүк
  • Ашуудан ат алмаштырбайт
  • Ашуусу болбой тоо болбойт, аркары болбой зоо болбойт
  • Ашыкпаган араба менен коёнго жетет
  • Ашына жараша табагы, ишине жараша тамагы
  • Ашың калса калсын, ишиң калбасын
  • Аял болбосо ашкана жетимсирейт
  • Аял жакшы – эр жакшы
  • Аял жакшы – эр жакшы, вазир жакшы – хан жакшы.
  • Аял жакшысын – эри сүйөт, эр жакшысын эли сүйөт
  • Аялың мыкты болсо – бактың, аялың кыйды болсо – каттың