Кышта

Созу: А. Токомбаевдики
Обону: А. Малдыбаевдики

Мына, мына аппак кар,
Аппак карда алтын бар.
Жазда тердеп эришет,
Жерге жашын тогушот.

Келе берсин аппак кар,
Муз тебели курдаштар.
Аппак даки, аппак кар,
Ак кар сенде алтын бар.

Жер остурот эгинди,
Эгин осуш тегинби?
Учуп тушкон аппак кар,
Ак кар сенде алтын бар.







Кыш чилде

Созу жана обону М. Касейдики

Кыш чилдеси кычырап,
Кылыч сунуп ал турат.
Каарын бир чачып кээ куну,
Каардуу бороон жулкунат (а-ай)
Каардуу бороон жулкунат.

Ызгаар аяз чилдеде,
Ышкырып ал булкунат.
Алкынып кетпейт короодо,
Алды-артынан ургулап (а-ай)
Алды-артынан ургулап.

Кышкы суугу чилденин,
Кырк кун отуп басылат.
Ызгаары катып аяздын,
Ышкырыгы катылат (а-ай)
Ышкырыгы катылат.




Кичине балаты үшүдү кышта

Кичине балаты үшүдү кышта,
Токойдон алып келдик, калтырбай тышка (эки жолу).
Канча бир оюнчук кооздоп байладык,
Алтындан тоо буурчак, пряник камдадык (эки жолу).
Айланып биз аны, ырдап, бийледик,
Кутмандуу жаңы жыл, келсең кетпегин (эки жолу).

Жаңы жыл

Кел, Жаңы жыл күтүп жатат калкыбыз,
Жаңы жылды күтүү биздин салтыбыз.
Дагы кандай ийгиликтер келет деп,
Даярданып болушунча шартыбыз.

Ар бир үйгө барып кел,
Алыстан кабар алып кел.
Кубанычты, бакытты,
Куржунуңа эй салып
Кел, Жаңы жыл!

Бекем тутуп ынтымакты эми биз,
Берекеге толсун кутман жерибиз.
Томкорулуп сары майдай береке,
Токчулукта болсун кыргыз элибиз.

Кечикпестен ылдам кел,
Кемибеген эй жыргал бер.
Күткөндөр бүт кубансын,
Күлкү чачып, ырдап бер.
Кел, Жаңы жыл!

Ак өргөөмдүн уугундай тирелген,
Ар улут бар жаралгандай бир элден.
Ал элиме ынтымакты алып кел,
Ала-Тоомдун аскасындай ширелген.

Жакшылыктын көбүн бер,
Жаштык маанай көңүл бер.
Ооругандар болсобун,
Ден соолук бер, өмүр бер.
Кел, Жаңы жыл!
(Кемелгазы Ниязов)

Жаңы жыл жонундо ыр саптар

jany jyl jonundo yrlar

Балатыбыз супсулуу,
Токойдо өсүп жылтылдайт.
Оюнчуктары кызыктырат,
Кытыштырат колумду.

Орундалсын кыялдар,
Орундалсын жакшы ойлор.
Сыйкырдуу болсун жаңы жыл,
Аз калды келет ал дагы.

Тышта кар жаайт бапылдап,
Айлананы ак басты.
Терезенин жарыктары,
Жымыңдашат жылдыздай.

Тышта жатса кар дагы,
Жылуу болот негедир.
Келип калган турбайбы,
Жаңы жылым, жомогум.

Ак сакалчан эски жыл,
Кетип барат улгайып.
Ассалоуму-алейкум,
Жаңы жылым жылдыздуу.

Көп иштеди тынбастан,
Кетүү мезгил келди эми.
Рахмат сага эски жыл,
Жакшы болдун биз үчүн.

Жаңы жыл келет алыстан,
Жетип калды биз жакка.
Сонун, шайыр, таптаза.
Белек берет баарына.

Коркпо жылым жап-жаңы,
Алабыз тосуп соп-сонун.
Жылды мыкты тосууну,
Ар адам каалайт оюнда.

Куттуу болсун жаңы жыл,
Мыкты болсун жаңы жыл.
Куттуктаймын эл-журтум,
Жакшы-тилек ыр менен.

Балаты жашыл татына,
Оюнчуктар, шариктер.
Салют, жылдыз, чаналар
Момпосуйлар, белектер.
Айтып койчу бул эмне,
Кайсы майрам элимде?

Неге шашпайт жаңы жыл,
Асынып алып куржунун.
Куржунунда эмне бар,
Мага кызык негедир.

Күндүн баарын бакытка,
Толтурасың жаңы жыл.
Маанайдын баарын шаттыка,
Жык жыясын жаңы жыл.

Сезип жатам караанын,
Жакын калды жаңы жыл.
Жүрөктөрдүн баарысын,
Кубандырып эл журттун.

Белектерди күтөмүн,
Жомокторду күтөмүн.
Кош айтамын, жакшы бар,
Эски жылга жылмайып.

Күткөнүмө бул күндү,
Көп болдуго аябай.
Чыдап жүрдүм унчукпай,
Мына эми келди ал.

Рахмат сага жаңы жыл,
Кубанычка, шаттыкка.
Бириктирип сен баарын,
Адамдарды кубанттың.

Ак пахтадай ак карым,
Кулпунат го жылмайып.
Арасында ак кардын,
Аяз ата бар окшойт,
Чоң куржуну көрүнөт.
Кел жаңы жыл, келегой,
Жаркындыкты берегой.

Ишенебиз жомокко,
Сөзсүз барам конокко.
Майрам менен мен баарын,
Куттуктаймын, ырдаймын.

Айылды аппак каптады,
Жаңы жыл келет турбайбы.
Алып келип белекти,
Аяз ата берет турбайбы.

Кат жазам аяз атама,
Калкым үчүн суранам.
Кайгы-капа болбосун,
Күлкү-шаңга үй толсун.

Декабрь айы кандай кооз,
Бүт дарактар күмүштө.
Терезеде оймолор,
Жүрөктүн баары ойгоноор.

Тышта баары апапак,
Жолдун барын кар басты.
Жакындады жаңы жыл,
Ак сакал аяз атабыз.

Мен айтамын ырымды,
Аяз атага жакшылап.
Кышы бою токтобой,
Айлана акка боелсун.

Жаңы келген жылым менен,
Куттуктаймын жалпыны.
Ала келсин үмүттөрдү,
Белек-бечкек баарысын.

Аяз кызды чакырабыз,
Кар кишини жасайбыз.
Жан-жаныбар чогултабыз,
Чоң майрамды баштайбыз.

Баарыңарды куттуктайбыз,
Кирип келген жыл менен.
Чакырабыз бүт балдарды,
Балаты майрам кечине.

Балдар дагы, кыздар дагы,
Жаңы жылды сүйүшөт.
Карышкыр, коен,
Кирпи, аюу,
Болсо дагы сүйүнөт.

Аяз ата алып келди,
Белектерди толтура.
Бирок берүүгө шашылбайт,
Ыр саптарын күтөт бизден.

Айлана кандай керемет,
Жалт-жулт эткен жалындар.
Балатылар көпкөмдүү,
Жаңы жылга кооздолгон.

Аяз ата, аяз кыз,
Балдар күтөт аларды.
Жаңы жылды тосуу үчүн,
Шаңдуу маанай шат менен.

Куттуктаймын жыл менен,
Оливье салат, момпосуй.
Сыналгылар көгүлтүр,
Манту, хашан дүр-дүйүм.

Жакшы көрөм жаңы жылды,
Айтып бүткүс жаңылык.
Аман жүрөлү баарыбыз,
Жаңы бакыт төгүлүп.

Балатынын астына,
отуруп алам жалпайып.
Ошондо көрөм ким экенин,
Белектерди алып келген.

Уйку келип баратат,
Кел жаңы жыл, кел.
Тезирээк кел, жомогум,
Жаным чыгым баратат.

Мандаринден жейбиз,
Момпосуйга тоебуз.
Аяз ата белектерин беребер,
Жаңы жылда кубантып.

Безип келди жаңы жыл,
Сызып келди жаңы жыл.
Аяз ата, аяз кызды,
Ээрчите келди жаңы жыл.

Ал алып келсин баарына,
Молчулук, бакыт, ден-соолук.
Болсун дайы үй-бүлөөдө,
Тартип жана бейкуттук.

Ийгилик келсин баарыбызга,
Жаңы жылдык таң менен.
Куттуктаймын баарынарды,
Ушул келген жыл менен.

Муз үстүндө жылтылдаган кыроолор,
Терезеде оймо-чийме сүрөттөр.
Балдар чана тебишип,
Көңүл ачат жыргашып.

Кыш мезгили жыргал ай,
Алып келет шаттыкты.
Жаңы жыл келип кубантып,
Баарыбызды шыктантат.

Жолдун баарын, талааларды,
Кашааларды кар басты.
Аяз ата келсин деп,
Бизге белек берсин деп.

Аяз ата жолго чыкты,
Дайындаймын ырларымды.
Баарына каалап жакшылык,
Момпосуйду аламын.

Кандай сонун жаңы жыл,
Кубанычтуу сааттар көп.
Бүт баарысы бактылуу,
Балдар көркөм кийинип.

Баары күтөт аяз атаны,
Балдардын ал жакшы көргөнү.
Кат жазышат баары ага,
Ал жөнүндө китеп окушат.

Кыялдарды орундатат,
Аракет менен эмгек үчүн.
Балдар менен шаттанат,
Балатынын жанында.

Оюнчуктар, шарлар,
Мандариндер, шоколаддар.
Кооз лента илемин,
Балатыма мен эми.

Конокко бизге тезирээк,
Майрам келет мелмилдеп.
Шайыр-шатман ал жыргал,
Анын аты жаңы жыл.

Коңгуроолор шылдырап,
Балатыбыз жылтылдайт.
Жаңы жыл менен аяз ата,
Чүрпөлөрдү куттуктайт.

Сыйкырдуу майрам жалындары,
Күйсүн жарык, жап-жарык.
Балакайга аяз ата,
Белектерди таратсын.

Жаңы жыл келе жатат эшик ачып,
Ааламга жаңы, жаңы бакыт чачып.
Адамдардын куунак тартып көңүлдөрү,
Каалашат бири-бирине чоң, чоң бакыт.
Жаңы жыл жаңы максат өчпөс таалай,
Келе бер баарыбызга бакыт каалай.

Жаңы жылдык каалоо

Өлөкөм менин бай болсо,
Тунук асман таң болсо.
Шаркыраган шаң менен,
Ак куу, турна мол болсо.
Мылтыктын үнү угулбай,
Сай боюнда тизилип,
Каз, өрдөгү көп болсо.
Аркар кулжа, элигиң,
Аска-зоодо көп болсо.
Ашык болгон аларга,
Аңчыларың жок болсо.
Ар төрүңдүн баарында,
Жан-жаныбар ойносо.
Балыр түктө жойлогон,
Балыктарың көп болсо.
Чөп тамырын чукуган,
Доңуздарың көп болсо.
Күндөп-түндөп пайлаган,
Доңуздарды жайлаган,
Браконьерлер жок болсо.
Элиме калканч көп болсо,
Алтыныңды талатпай,
Арманың такыр жок болсо.
Ыпластык жоголуп,
Байлык, бакыт колдосо.
Кыргыз деген кымбатым,
Өнүп, өскөн эл болсо.
Тегиз тийген күнүндөй,
Улугуң калыс жан болсо.
Болсо такыр түгөнбөйт,
Ишке аша турган ой болсо.
Жолборс жылдын башында,
Айтылды ушул каалоо.
(Жумакан Калилова)

Жаңы жылда жашыл нур (үзүндү)

Жаңы жылым, сенде дем бар ажайып,
Жаркып маанай жакындашып жашайлык.
Эскиртишпей салттуу, аруу достуктун,
Эшиктерин кененирээк ачалык.

Кайда жүрсө жеңиш менен шыктанып,
Катарымдын ийгилигин санайлык.
Ушул жылым уюткулуу, мээрим бол,
Урматташып ынтымакка салган жол.
(Оролбай Бердигулов)

Жаңы жыл келет жылмайып,
Жакшылык камдап нурданып.
Таттуу, ширин момпосуй,
Аяз-ата камдаптыр.

Жаркыраган жаңы жылым,
Жылуу жомок тартуулап,
Барыбызды кубантат.
Аяз атаны чакырып,
Балатыны жандырат.

Куттуктайбыз эл журтту,
Баары жакшы болсун деп.
Дос болушуп бакыт менен,
Бирге болсун биз менен.

Кубанычту кыш мезгили,
Алып келет жаңы жыл.
Балатыны биз кооздойбуз,
Ыр жаттайбыз баарыбыз,
Алп бакытты тилейбиз.

Жаңы жылда жомоктор,
Тирилет деп айтышат.
Жаңы жылда тилектер,
Жанданат деп айтышат.

Айткандын баары чын чыксын,
Ой-тилектер ишке ашсын.
Аткарылсын кыялдар,
Кубанып кыргыз дайыма.

Куттук айтам жаңы жылда,
Каалап кетем баарыңа,
Ырыскы, бакыт, ден-соолук,
Адилеттик, калыстык.

Ким келатат карачы?,
Бул жаңы жыл жайнаган.
Мына эми башталат,
Түркүн жомок сыйкырлар.
Орундалат бүт кыялдар,
Күлкү, шаттык тартуулап,
Кубандырат балдарды,
Татынакай балаты.
Аяз ата сыйкырчы,
Белектерди жаадырат.

Биз күткөнбүз бул күндү,
Толук бир жыл чыдабай.
Каалоолорду алдын ала,
Каалаганбыз баарына.

Амансыңбы балаты,
Амансынбы жомогум.
Бүгүн коркпойм бөрүдөн,
Бүгүн коркпойм түлкүдөн.
Ал анткени жаңы жыл,
Санат жеткис жаңылык.

Жез кемпир бийлеп жаңырып,
Жаңы шаттык агылып.
Мышык, чычкан достошуп,
Ыр ырдашат созулуп.

Түлкү ойнойт тоок менен,
Сен да турба кубангын.
Бүгүн жакшы күн экен.
Жаңы жылдын түнү экен.

Саламатбы аяз ата,
Саламатбы аяз кыз.
Үшүбөңүз бул күнү,
Жылуу маанай шаттыкта.

Кирип келди жаңы жыл,
Кубанабыз жалпыбыз.
Тынчтык берсин ал бизге,
Кайгы-капа болбосун,
Жакшы тилек жалгасын.

Аяз ата боорукерсин, айкөлсүн,
Адамзаттын жан дүйнөсүн тазарткан.
Колдосун дайым кыргыз элимди,
Бирге келген ак ниети жылымдын.

Жылы бою эмгек кылдым,
Апакемди таарынтпай.
Жада калса бүгүн дагы,
Балатыны кооздогонго,
Жардамдаштым апама.

Жакшы бала болдум мен,
Жыйнак кармап бөлмөмдү,
Тыкан болдум бул жылы,
Суранамын атакемден аяздуу,
Ынтымак болсун кыяздуу.

Куттуктаймын коендорду,
Куттуктаймын аюларды.
Куттуктаймын карышкырды,
Куттуктаймын түлкүнү.
Куттуктаймын балдарды,
Куттуктаймын кыздарды.
Куттуктаймын баарыңарды,
Жыл менен ушул жап-жаңы.

Айфон каалайм жаңы жылда,
Оюнчук каалайм дүр-дүйүм.
Таарынтпагын жаңы жыл!
Атам менен апамды.

Аяз ата

Айланып жыл мезгилдери
Ак бубактуу кыш келди.
Көп узабай жаңы жыл да
Көңүл ача тез келди.

Кайырма:
Аппак тондуу Аяз ата
Ал мектепке кош келди.
Куттук айтып жаңы жылдык,
Ырдап, бийлеп берели.

Ар дайым бар колунда (а)
Аса таяк сыйкырдуу.
Ал таягы кызыктырып,
Ага көңүл бөлүндү.

Кайырма:
Аппак жүздүү жылмайып (а)
Аяз ата көңүлдүү.
Ырдап, бийлеп берели биз,
Бийик созуп үндөрдү.

Баштыгында кереметтүү
Бизге деген белеги.
Ал өзүнчө асемдүү да,
Кызыктырган себеби.

Кайырма:
Ар түрдөгү кооз көркөм
Аяз ата белеги.
Жаңы жылдык тартуу кылып,
Ырдап, бийлеп берели.
(Музыкасы, сөзү М. Касейдики)

Аппак кар

Аппак, аппак айлана,
Жаап жатат кар кайра да.
Музду көздөй жөнөйлү,
Конькилерди байлана.

Тоого барып береги
Чана, лыжа тебели.
Тиет экен абыдан
Ден соолукка пайдасы.

Аппак, аппак, аппак кар,
Ак кийинген бак-шактар.
Мелдештерге катышып,
Жеңсем деген максат бар.
(Сөзү Т. Чокиевдики, музыкасы О. Турсуниязовдуку)

Жаны жыл

Кел, жаңы жыл, келе бер,
Тынчтык нурун себе бер.
Бирге болсун биз менен
Биздин ата-энелер.

Элге бергин береке,
Жерге бергин береке.
Өркүндөсүн Ата Журт
Өзүң берген белекке.

Жыргап жаткан чагыбыз,
Окуп билим алабыз.
Арта берсин сен менен
Биздин таалай багыбыз.
(Сөзү С. Жусуевдики, музыкасы Г. Ашымованыкы)

Жаңы жылдык калоо

Жаңы жылда жаңы кийим кийгиле,
Жаны жылда жаңы килем илгиле.

(Кайырма)
Жаңы жылда бүт бардыгы жаңырсын,
Жаңырбасын,
Жаңырбасын үй-булө.

Жаңы жылда жаңы план чийгиле,
Жаңы жылда жаңы түшүм үйгүлө.

(Кайырма)

Жаңы жылда жаңы демде жүргүлө,
Жаңы жылда жаңыча ойлой билгиле.

(Кайырма)

Жаңы жылда жаңы үйлөргө киргиле,
Жаңы жылда жаңыча өмүр сүргүлө.

(Кайырма)
(Ташмат Арыков)

Жаңы жылды тосолу


Ким ырдабайт жаңы жылды быйылкы
Кишилердин этек жеңи жыйыңкы
Жетим балаң кырктын кырын басты деп.
Жесирлердин ак чачына сыйынчу.

Ар бир үйдө жакшы санаа достору
Балдар үчүн, бакыт үчүн тосттору.
Ар бир ата ошол кезде ойлонот,
Тынчтык күндүн солдатындай постогу

Ким ырдабайт жаңы жылды быйылкы,
Жер көтөргүс жеңишине сыйынчу.
Совет эли таш каптырат душманын,
Орундатып орошон беш жылдыкты.

Кеңешебиз кең-кесири олтуруп,
Кеңейтебиз бөксөлөрдү толтуруп,
Арт жагына даңкандарын ыргыткан,
Алды жагың арзанчылык, молчулук.

Кел жаңы жыл маздап күйгөн очогу,
Эмне ойлосок, орундайлык ошону.
Эски жылда кеткен болсо кемчилик
Кетирбөөгө жаңы жылды тосолу.
(Абдылда Белеков)

Жаңы жылдагы тилек

Өткөн жылы тууган, достор көбөйдү,
Жаңы китеп бала болуп төрөлдү.
Маратымдын, Гүлсарамдын чынары,
Бутак алып, мөмө байлап көгөрдү.

Ишке ашты эки атанын тилеги,
Жакшы сокту эки эненин жүрөгү.
Бала бакыт, бала байлык кыргызда,
Барыктайлы, бапестейли, сүйөлү.

Төрт, беш алып жакшы окуду Айбегим,
Өмүрдөгү тунук, таза айнегим.
Жазган ырым, чыгып жаткан китебим –
Айбек менин өмүрдөгү бүт демим.

Күлүп турсун жакшы окуган Гүлнарам,
Чоң атасын, чоң апасын сыйлаган.
Чоң кыз болсун биздин эрке акылдуу
Көп ырымды жаттап алып ырдаган.

Нурбек болсо мен сыяктуу ыр жазсын,
Сынчы болуп далайларды сындашсын.
Же болбосо геолог болуп керилген
Жерим каткан биз билбеген сырды ачсын.

Жаңы жылда жаңы гүлдөр жайнасын,
Элим көрсүн бул турмуштун пайдасын.
Бирге жүрүп бакыт бүткөн эл менен
Эмгектенсин, эч ким артта калбасын.
(Муса Жангазиев)

Амансыңбы жаңы жыл!

Амансыңбы, жаңы жылым, аруу бол!
Сени тостум жетимиш жол, берчи кол!
Эми он эки ай насиптешсиң биз менен
Ата-Журтка берерибиз болсун мол!

Кош бол, эми, энчилешим эски жыл!
Биз чечиштик ачуу-таттуу нечен сыр.
Арча бешик терметтирип чүрпөлүү
Абийир болдуң атпай журттан чыкпай чыр.

Нускасын эски жылдын үзбөй улап,
Айрандай аппак болсун асманыбыз.
Эриш-аркак эмгектен ырыс чубап,
Каймактай таттуу болсун тапканыбыз.
(Нинакан Жүндүбаева)

Жаңы жыл ыры


Аткарып эл милдетин карыдың сен
Ордуңду баса турган иниң элем.
Орундайм алдыдагы максатымды –
Көтөрөм чалалыктар калса сенден.

Дегендей жылуу мүнөз кыялы бар,
Жаңы жыл келди алптык түрү менен…
тоо бузар кайраты бар эли барда,
Азамат сансыз жүктү мойнуна алса.

Калын, кол казганактап пайдаланса,
Табият канча өжөр болсо дагы,
Баш ийбей турган анда айла канча!
Мурун да жылдар өткөн эчен-эчен.

Ашуу ашып, дарыя кечип терең, терең
Далай эр максатынан ажырабай,
Адамдык кең таалайдын камын жеген.
Зуулдап бара жаткан биздин доордун
Тайманбас бир мүчөсү болом деген,

Өмүрдүн алтын күнүн бошко өткөрбөй
Эр жигит сен да кириш ишке бекем!..
(Жоомарт Жусуп)

Кыш жонундо ыр

Ызгаар менен үшкүрүп,
Жетип келди кары кыш,
Жандыктан кан бөксөрүп,
Калтылдады кетти күч.

Байчечекей жайнаган,
Өлдү, солду, айтты:
«Кош!» Жаздай бизде сайраган,
Өтөр кетти келгин куш.

Тегиз кепин оронду,
Токой да аппак, тоо да аппак.
Суу четинде муз тоңду,
Терең кетти ак чабак.

Кардан бутак кайышып,
Качырады, ыйлады.
Күч бере албай майышып,
Өлүм ырын ырдады.

Маймак аюу дардактап,
Жазды жаздай тойлогон.
Согончогун кучактап,
Алда качан сойлогон.

Жалгыз айылга каралап.
Жуттап келди мал колго.
Ууру, бөрү сагалап,
Кирип келди короого.

Качан кетет кары кыш?
Качан гүлдөр жайнашат?
Өтөр кеткен акын куш,
Качан келип сайрашат?

(Касым тыныстанов)

ТӨРТ МЕЗГИЛ

jaz mezgili

Жазда

Жазды мактап тоскондой.
Ырдай берет боз торгой.
Төрт түлүк мал төлдөшөт,
Айран, сутту көлдөтөт.
Балыр чөптү кармалап,
Балдар издейт мандалак

jay mesgili

Жайда

Бедерленип жер бети,
Жашылданат келбети.
Чымын, чиркей, көпөлөк,
Учуп журет көкөлөп.
Жүр, жүр балдар, баралык,
Калкан кармап алалык.

kuz

Күздө

Керилген жер бети,
Алтындай келбети.
Тоо болуп жыйналат.
Эмгектин бермети.

kysh

Кышта

Мына, мына аппак кар.
Аппак карда алтын бар.
Жазда тердеп эришет.
Жерге жашын төгүшөт.