Кыз жонундо макалдар

Бул бетте кыз жонундо макалдар чыгарылды.

  1. Алжаке кызга — жалжаке күйөө.
  2. Алысты жакын кылган кыз, тамакты таттуу кылган туз.
  3. Аңкоо бала атасына асылат, аңкоо кыз энесин коркутат.
  4. Ар ким өз камында, кары кыз эр камында.
  5. Кызды берсең жашка бер, кучакташып ойносун.
  6. Арык атка туз бербе, акылсызга кыз бербе.
  7. Ат уяты — сатуу, кыз уяты — тартуу.
  8. Ата данкы менен кыз өтөт, мата даңкы менен бөз өтөт.
  9. Ата жакшы — уул жакшы, эне жакшы — кыз жакшы.
  10. Атага окшоп уул туулбас, энеге окшоп кыз туулбас.
  11. Атадан таяк жеген балдар жакшы, энеден тил укпаган кыздар жакшы.
  12. Атаны көрүп уул өсөт, энени көрүп кыз өсөт.
  13. Эненин кеби — кыз —келинге, эженин кеби — синдиге эм.
  14. Атасы болушчаактын — уулу урушчаак, энеси болушчаактын — кызы ыйлаак.
  15. Атасы өлгөн уул көбөт, энеси өлгөн кыз көбөт.
  16. Атасы көргөндү уулу көрөт, энеси көрбөгөндү кызы көрөт.
  17. Атасыз уул (бала) жетесиз, энесиз кыз никесиз.
  18. Атка бергис кунан бар, кызга бергис жубан бар.
  19. Аттын жоргосу кызык, тондун торкосу кызык.
  20. Аттын көркү — жалында, кыздын көркү — чачында.
  21. Аттын сыры ээсине маалым, кыздын сыры төркүнгө маалым.
  22. Ачууну таттуу кылган — туз, алысты жакын кылган — кыз.
  23. Ашыккан (шашкан) кыз эрге жетпейт, эрге жетсе, этеги жерге жетпейт.
  24. Баардык жигит кыз тандайт, бактылуу жигит уз тандайт.
  25. Багыштын кызы баймалуу (кийиз өтүктүү), багалеги саймалуу.
  26. Бак коноор адамдын уулу эптүү, кызы көрктүү болот.
  27. Бактысы ачылар жерине кыз ыйлап барат.
  28. Бакылдаган текени, суу кечкенде көрөбүз. Шакылдаган катынды, кыз бергенде көрөрбүз. Такылдаган келинди, үй чечкенде көрөрбүз.
  29. Бала жакшысы атанын даңкы, кыз жакшысы эненин даңкы.
  30. Бербес кыздын салыгы оор.
  31. Кадырман болсо зайыбың, картайса да кызга тең.
  32. Бирөөнүн катыны, бирөөгө кыз көрүнөт.
  33. Бирөөнүн тоогун жесең, каз байла; малын жесең, кыз байла.
  34. Буудайдын бараар жери — тегирмен, кыздын бараар жери — күйөө.
  35. Гүл өссө — жердин көркү, кыз өссө — үйдүн көркү.
  36. Даяр ашка саламчы көп, жетим кызга жуучу көп.
  37. Жазганбаган кыздан түңүл, жаздай болгон кыштан түңүл.
  38. Жакшы кушка жаман куш бабы менен теңелет, жакшы кызга жаман кыз багы менен теделет.
  39. Жакшы кыз — жакадагы кундуз, жакшы уул — көктөгү жылдыз.
  40. Жакшы кыз кылыгы менен, жакшы ийне учугу менен.
  41. Жакшы кыз эрден чыкпайт, эрден чыкса да элден чыкпайт.
  42. Жакшы кызга жаман кыз багы менен теңелет.
  43. Жакшы кыздын башына бермет менен шуру ойнойт, жаман кыздын башында сирке менен бит ойнойт.
  44. Жакшы эрге кыз барса, сылап сылап султан кылат.
  45. Жалгыз кыз — жалама туз, эки кыз — эрмек кыз, үч кыз ата —энеге күч кыз.
  46. Жаман үйдүн ити кабанаак, жаман кыз болор тубанак.
  47. Жаман киши өз үйүндө коноксуйт, жаман кыз өз үйүндө манапсыйт.
  48. Жаман кыз бет тырмаак болот.
  49. Жаман кыз тамак үчүн ыйлайт, жакшы кыз энесин сыйлайт.
  50. Жаман кыздын белгиси — жазгы келген коноктой, үй —бүлөсүн жүдөтөт мизи мокок ороктой.
  51. Жаман кыздын сөздөрү, көк желкеге ургандай.
  52. Жаманга берсең кызыңды, алтын башы кор болот.
  53. Жардынын кызы арзан деп, жайсыздан катын алба.
  54. Жарыбагандын кызын жалчыбаган алыптыр, экөө биригип журтта калыптыр.
  55. Жашыл оңот, жаш чоңоет, кызыл оңот, кыз чоңоет.
  56. Жетесиз жети уулуң болгончо, эстүү бир кызың болсун.
  57. Жети атасын билбеген уул — кул, жети энесин билбеген кыз — күң.
  58. Жигит өлөөр жерине күлүп барат, кыз жыргаар жерине ыйлап барат.
  59. Ийменчектик кыз —келинге жарашат, күймөнчүлүк дин колун байлайт.
  60. Кайгысы жок кара сууга семирет, катыны жок кыздуу үйгө теминет.
  61. Кайрылыш да болсо жол жакшы, качак да болсо кыз жакшы.
  62. Калемпир ачуу—туз болбойт, катындар кыңшылап сүйлөп — кыз болбойт.
  63. Калыңсыз кыз болсо да, каадасыз болбойт.
  64. Кандын кызы кашык кармаса колу жооруйт.
  65. Кара кыздын агынан эмес, багынан.
  66. Кара кыздын багы билет.
  67. Карга каркылдап каз болбос катын шыңкылдап кыз болбос.
  68. Кары кызга таң атпайт.
  69. Катын менен айтышкан кызда не сын.
  70. Кедей кызы байга келин болуп барганда: Куңкулчуңкул мүлжүгөнгө моюн жакшы, карт —карт чайнаганга карын жакшы» дептир.
  71. Кемпирге — чал, келинге — күйөө, кызга — бозой.
  72. Кетер кызды кеңкип кал.
  73. Кетер кыздын керээзи, кетилген болот жетилет, күйүттүү кабак ачылат.
  74. Кечтим байдын кызынан.
  75. Кичине жоолук токуса — уздун чери жазылат, күйөөлөрү келгенде — кыздын чери жазылат.
  76. Күйөө келсе — кыз даяр, жүйөө келсе — баш даяр.
  77. Күйөөгө жетпей кыз тынбайт.
  78. Күйөөң жаман болсо кызыңдан көр, келиниң жаман болсо уулуңдан көр.
  79. Күмүш үйлүү кыз чөп алачыктагы атасынан үмүт кылат.
  80. Коңшу жакшы болсо, сокур кыз эр табат.
  81. Койго — бычак, кызга — кучак.
  82. Койчунун кызы кой келгенде иш кылат.
  83. Кыз — башка үйдүн жарыгы.
  84. Кыз — конок.
  85. Кыз — кырк жылкы, эркек бала — ырыскы.
  86. Кыз баласы — кызыктырат, уул баласы — ууктурат.
  87. Кыз боозуп энесин коркутат.
  88. Кыз деген буйлалаган төө.
  89. Кыз жакшысы — жакадагы кундуз.
  90. Кыз жакшысы чалкакка тийген айдай, чыныга куйган майдай.
  91. Кыз жаманы — кыроо, кыз жакшысы — кымбат.
  92. Кыз жети жашка келгенде энесин жергеге кошот.
  93. Кыз жыргаар жерине ыйлап барат.
  94. Кыз өлсө — кырчындай башы кыйылат, жигит өлсө —үч кун жалын, үч күн чок, үч күндөн кийин көздөн жаш тыйылат.
  95. Кыз күлүндөсө — кубангандык, санаа тынчыса — жубангандык.
  96. Кыз конок, бүгүн өз үйүндө, эртең башка бирөөнүн үйүндө.
  97. Кыз кылыгы менен жакшы, ийне учугу менен жакшы.
  98. Кыз Кырымга (Крым) жеткизет, уул Урумга (Үрүмчү) жеткизет.
  99. Кыз маалында — бары жакшы, жаман катын кайдан чыгат.
  100. Кыз сулуусу калмакта, сөз кычкылы саякта.
  101. Кыз турган үйдө кыл жатпайт.
  102. Кыз туудум — кыялын кошо туубадым, уул туудум — уздугун кошо туубадым.
  103. Кыз уяты — тартуу, ат уяты — сатуу.
  104. Кыз энеден үлгү албаса чоркок болот, уул атадан үлгү албаса коркок болот.
  105. Кызга катылган кедей болот.
  106. Кыздан жаман нерсе жок: өзгө эрибей, жатка эрийт, туздан жаман нерсе жок: майга эрибей, сууга эрийт.
  107. Кыздуу болсоң — көздүү бол.
  108. Кыздуу жерде — кыякчы, кымыздуу жерде — аякчы.
  109. Кыздуу үй кылыктуу.
  110. Кыздуу үйдө – кыңыр сүйлөбө, уулдуу үйдө – узун сүйлөбө.
  111. Кыздуу киши кыр ашат.
  112. Кызды берсең корго бер, кызды алсаң зордоп ал.
  113. Кызды өпсөң — алма, шекер, бал татыйт.
  114. Кыздын жаманы иттен чыгарат.
  115. Кыздын көзү кызылда.
  116. Кыздын кырк чачы улуу.
  117. Кыздын төрүндө болгуча уулдун улагасында бол.
  118. Кыздын эркеси — биттин сиркеси.
  119. Кызы бар үй — кымызы бар саба.
  120. Кызы бар үй — кыялдуу үй.
  121. Кызы жаман болсо—жаш дейт, баласы жаман болсо — мас дейт.
  122. Кызың жаман болсо, жети атаңа жетээр, «аттигиниң ай» деп өмүрүң өтөөр.
  123. Кызым кылыгыңан табаарсың.
  124. Кызым, колумдан учурган кушум.
  125. Кызыма ак халат жарашпайт, ага жакшы жигит жанашат.
  126. Кызымдын кулагына алтын сырга.
  127. Кымыздуу үй — назар, кыздуу үй— базар.
  128. Кыштак сураган кыз кыша (камыш) каланып отурган төркүнүнөн үмүт кылат.
  129. Мактаган кыз тойдо оосурат.
  130. Малдын сыры бакканга маалым, кыздын сыры төркүнгө маалым.
  131. Муңканганга — катын кыз, буюкканга —жылдыз от.
  132. Олтурган кыз ордун табат.
  133. Осурган кыз оосурбаган кыздын бетин тытыптыр.
  134. Отко жакын шиш күйөт, жеңеге жакын кыз күйөт.
  135. Өлгөн менен кыз бергенге намыс кылба.
  136. Сексен жылкы, сегиз төө септүү кыздын калыңы.
  137. Септүү кыз болгуча, эптүү кыз бол.
  138. Сөз жакшысын кулак билет, кыз жакшысын ынак билет.
  139. Сулуу кыз, кыраан бүркүт, алгыр тайган таалайлууга туш келет.
  140. Сулуу кыздын — саамайы көрк, эр жигиттин —таалайы көрк, саябан бактын — маанайы көрк.
  141. Таз кыздын көңүлү болбосо да, таза кыздын көңүлү калбасын.
  142. Тилден кыйын жоо жок, кыздан кыйын доо жок.
  143. Түзүк эле биздин кыз, түйтөк баш кылган өзүңүз.
  144. Тузду даам татканга бер, кызды издеп тапканга бер.
  145. Тузду мээнет чырмаса, даамы чыгып шор болот, кызды мээнет чырмаса, атасынын төрүндө көп олтуруп кор болот.
  146. Туулган жердин суусу — мүрөк, кызы — чүрөк.
  147. Узун бойлуу жигитке, чарчы бойлуу кыз керек.
  148. Уул аштабаган балтаны кыз аштаар, эр чаппаган кылычты зайып чабаар.
  149. Уул жаманы — уйгак, кыз жаманы — камгак.
  150. Уулду төрөйт — уятын кошо төрөбөйт, кызды төрөйт — кыялын кошо төрөбөйт.
  151. Уулдуу болсоң узун сүйлөбө, кыздуу болсоң кыя сүйлөбө.
  152. Уул — кызды үйлөмөк — тукумуна кам көрмөк.
  153. Уул —кызың эрке болсо, дооматты башкага койбо.
  154. Уулуң чоңойсо, абийирдүү менен айылдаш бол, кызың чоңойсо, өнөрлүү менен айылдаш бол.
  155. Үйдөгү ток кыз ашка барам деп ыйлайт, аштагы ач кыз үйгө барам деп ыйлайт.
  156. Чокой кийген бут куурайт, чогоолго тийген кыз куурайт.
  157. Чырдуу кыздын чыргоо жомогу ырбайт.
  158. Ырдуу күйөө, чырдуу кыз.
  159. Ырыстуунун аты күлүк, кызы сулуу.
  160. Эжелүү кызга — тон кайда, эчкилүү койго — суу кайда.
  161. Эки жарты бир бүтүн — эптүү кыздын калыңы, сексен жылкы, сегиз төө — септүү кыздын калыңы.
  162. Эки кыз — эрмек көп.
  163. Эл мактабаган кыз эрсиз калат.
  164. Эне адаты — кызга үлгү.
  165. Эне сыры — кызында, ата сыры — уулунда.
  166. Эне тыйбас кыздан түңүл, ата тыйбас уулдан түңүл.
  167. Эненин колунан — кыз тойбойт, эрдин колунан — куш тойбойт.
  168. Энеси жок кыздын эмчеги чоң, атасы жок уулдун аласы чоң.
  169. Энеси мактаган кызды алба, жеңеси мактаган кыздан калба.
  170. Энесин көрүп — кызын ал, эшигин көрүп — төрүнө өт.
  171. Эркек баланы туурап кыз колуна сиет.
  172. Этке жетпей туз тынбайт, эрге жетпей кыз тынбайт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

13 − 4 =