Жаныбарлар жөнүндө

Бул бетке кесип жонундо макалдар чыгарылды.

  1. Адам төрөлсө да, өлсө да койдун шору.
  2. Ак койдон аңкоо, боз койдон момун.
  3. Аксак кой түштөн кийин маарайт.
  4. Ала койду бөлө кырккан жүнгө жарыбайт.
  5. Арык кой тырышчаак, ач киши урушчаак.
  6. Арык койдун терисин алты ашатса ий болбойт, атадан жаман тууганды ак кийизге салдырып көтөргөн менен бий болбойт.
  7. Ат алсаң айылдашың, кой алсаң коңшуң менен кеңеш.
  8. Ат алсаң минип ал, аял алсаң сүйүп ал/
  9. Ат арпа жесе, эшек кулагын салат.
  10. Ат кечкен суу деп, аюу ичет, кой кечкен суу деп, бөрү ичет/
  11. Ат кишенешип табышат, адам сүйлөшүп табышат/
  12. Ат куйругун кармасаң суудан өтөөрсүң, ит куйругун кармасаң сууга чөгөөрсүң.

Убакыт жөнүндө

Бул бетке убакыт жонундо макалдар чыгарылды.

  1. Ак төөнүн карды жарылып жаткан убакыт.
  2. Иштүүгө убакыт жетпейт, ишсизге убакыт өтпөйт.
  3. Убакыттан уттурганың — ырыскыдан куру калганың.
  4. Жел желпинте соккон менен, таң мезгилсиз ата койбос.
  5. Эмгектин деңгээлин мезгил тастыктайт.
  6. Эртеден кечке тартактап, тактай тилген эки акмак.
  7. Аттууга жөө жете албайт, экөөнө бирөө баталбайт, эки ат минген кеч калбайт.
  8. Ач калардыкы кеч калар.
  9. Бирөө эрте, бирөө кеч, барабыз кербен жолуна.
  10. Бүгүнкүнүн эртеңи бар, кечээгиңди бүгүндөн издебе.
  11. Жалкоого кеч кирбейт, жаманга эс кирбейт.
  12. Жалкоого күн кечкирбейт.
  13. Жумуру башка бир өлүм, эрте — кечи баары бир.
  14. Ийгиликтин кечи жок.
  15. Кеч калар ишке кар жаайт.
  16. Кечээ көргөн бүгүн жок, ушундай экен дүйнө шок.
  17. Кечээки күндүн алысы жок, эртеңки күндүн жакыны жок.
  18. Ач бала ток бала менен ойнобойт, ток бала эртеңкисин ойлобойт.
  19. Бербеске эртең менен саамал, берерге бешимде кымыз.
  20. Бүгүн — пэшэ (бай), эртең — гэдэ (кедей).
  21. Бүгүн бар да, эртең жок, атаңдын көрү дүйнө бок.
  22. Бүгүн бүтүрүүчү ишти эртеңкиге калтырба.
  23. Бүгүн көргөн — эртең жок, бүгүнкү ач — эртеңток, тоюнганда топук күт, толгоп салар дүнүйө шок.
  24. Кыз өлсө — кырчындай башы кыйылат, жигит өлсө —үч кун жалын, үч күн чок, үч күндөн кийин көздөн жаш тыйылат.

Короз жөнүндө

Бул бетте короз жонундо макалдар чыгарылды.

  1. Ар жердин корозу бирдей кыйкырат.
  2. Үйдө короз, тышта жөжө.
  3. Ачка короздун түшүнө актаган таруу кирет.
  4. Беймаал кыйкырган короздун, башын жулуш керек (кесмек парыс).
  5. Мурун кыйкырган короздун башы кетет.
  6. Короодо жүрсө короз кыйкырат.
  7. Корозго буудай берметтен да кымбат.
  8. Кимге бакыт консо, корозу тукум тууйт.
  9. Жаш короз улуусунан укканын ырдайт.
  10. Тоок менен тен жаткан, короз менен тен турат.
  11. Короз кун чыкканча ойгонот, ниети жаман тун чыкканча ойлонот.
  12. Короз оз уйундо катуураак кыйкырат.
  13. Короз коп уйдо, тан кеч атат.
  14. Короз кыйкырса да, кыйкырбаса да тан атат.
  15. Согушчаак короздун таажысы дайым кан болот.

Китеп жөнүндө

Бул бетте китеп жонундо макалдар чыгарылды.

ilim bilim jonundo makal opt
  1. Билимдин кени китепте.
  2. Китеп — билим ачкычы.
  3. Китеп — билимдин булагы
  4. Китепсиз дүйнө — жапайылардын дүйнөсү.
  5. Маанидарлар маселде, маселе сөздөр китепте, мааниге жетмек мээнетте.
  6. Тамак көрсө күлкүсү келет, китеп көрсө уйкусу келет.
  7. Китеп билим булагы, билим өмүр чырагы.
  8. Китепсиз акыл – канатсыз куш.
  9. Китеп, илим-тилсиз мугалим.
  10. Күч-билимде, билим китепте.
  11. Айдабай аштык чыкпайт, үйрөнбөй билим жукпайт.
  12. Адамдагы эң сонун нерсе — акыл менен билим.
  13. Акыл — деңизден терең, билим — тоодон бийик.
  14. Акыл — деңизден терең, билим — тоодон бийик.
  15. Акыл — тозбогон тон, билим — түгөнбөгөн кенч.
  16. Акыл азбайт, билим тозбойт.
  17. Акыл менен билим эр адамдын сөөлөтү.
  18. Акылдуунун иши дагы акылдуу, билимсиз жан баалай албайт акылды.
  19. Акылдын өбөгү билим, жөлөгү тажрыйба.
  20. Акылы бар билимди самайт, акылы жок кийимди самайт.
  21. Байдасыз билим — жаансыз булут.
  22. Байлыктын баарысы жакшы, барктуусу билим.
  23. Бийикке чыксаң көзүң ачылат, билимдүүгө жолуксаң көңүлүң ачылат.
  24. Билбегенди бил, билимдүү —пир.
  25. Билеги жоон бирди жыгат, билими зор миңди жыгат.
  26. «Билем —билем» дей бербе, билгендерди көргөндө.
  27. Билек жирей албаганды — билим жирейт.
  28. Билемин десен тутулдуң, билбеймин десең кутулдуң.
  29. Билим — адамдын канаты.
  30. Билим — деңиз, акыл — кайык.
  31. Билим — жанып турган чырак.
  32. Билим — жашоо чырагы, өнөр — элдин курамы.
  33. Билим — жашоо чырагы, өнөр — элдин курамы.
  34. Билим — мейман, акыл — ээ.
  35. Билим — оошот, ырыс — жугушат.
  36. Билим — өнөр азыгы, өнөр — эрик казыгы.
  37. Билим — элге, суу — жерге.
  38. Билим алууну бешиктен башта.
  39. Билим болбой, илим болбойт.
  40. Билим издеген өсөөр, бүлүк издеген өчөөр.
  41. Билим көптүк кылбайт, өнөр аздык кылбайт.
  42. Билимден өткөн досуң жок, оорудан өткөн касың жок.
  43. Билимди сатып албайт, аны казып алат.
  44. Билимди элден изде, алтынды жерден изде.
  45. Билимдин кени китепте.
  46. Билимдин күчтүүсү — адамдык.
  47. Билимдүү баарына түшүнөт, билимсиз өз ишине күтүлөт.
  48. Билимдүү билимин берет, акылдуу акылын берет.
  49. Билимдүү билсе да сурайт, билимсиз билбесе да сурабайт.
  50. Билимдүү бөлмөк — оңой, адам болмок — кыйын.
  51. Билимдүү болсоң озорсуң, билимсиз болсоң осолсуң.
  52. Билимдүү зор, билими жок кор.
  53. Билимдүү өлсө кагазда каты калат, уста өлсө балтасы менен чоту калат.
  54. Билимдүү көп, билген аз, күйүмдүү көп, күйгөн аз.
  55. Билимдүү мээге салат, билимсиз мээден алат.
  56. Билимдүүгө дүйнө — жарык, билим өмүр азыгы.
  57. Билимдүүгө дүйнө жарык.
  58. Билимдүүдө бедер бар, билимсизде нелер бар.
  59. Билимдүүдөн акыл сура.
  60. Билимдүүнүн — билими жугат, билимсиздин —ириңи жугат.
  61. Билимдүүнүн белгиси, билгенин келет бергиси, акылдуунун белгиси, акылын келет бергиси.
  62. Билимдүүнүн билими жугат, билимсиздин кири жугат.
  63. Билимдүүнүн сөзү өткүр, мергенчинин көзү өткүр.
  64. Билимдүүнүн түнү — күн, билимсиздин күнү — түн.
  65. Билими бар — ар балаадан кутулат, билими жок — миң балаага тутулат.
  66. Билими жокко күн да түн.
  67. Билимиңди элге бере албасаң бекерсиң.
  68. Билимсиз бирди көрсө, билимдүү миңди көрөт.
  69. Дүйнөнүн шамы — билим, жашоонун шамы — эмгек.
  70. Жакшылык болсо билип ал, жаш куракта билим ал.
  71. Жер — ырыстын киндиги, билим — ырыстын тизгини.
  72. Жердин көркү — эгин, эрдин көркү — билим.
  73. Жылдыздын көбү — асмандын көркү, билимдин көбү — акылдын көркү.
  74. Илим — ийне менен кудук казгандай.
  75. Илим — окуу булагы, өнөр — турмуш чырагы.
  76. Илим — турмуш чырагы, өнөр — эрдин куралы.
  77. Илим — элдин көркү, токой — жердин көркү.
  78. Илим акылдын кайрагы.
  79. Илим албай — мактанба, өнөрлүү болбой — баптанба.
  80. Илим башка жугат, кына ташка чыгат.
  81. Илим өнөрсүз болбойт, куш канатсыз болбойт.
  82. Илим — тозбогон кудук, билбеген киши —дудук.
  83. Илимдин падышасы — акыл, сөздүн падышасы — макал.
  84. Илимдүү баштайт, илимсиз ээрчийт.
  85. Илим—элге, суу — жерге.
  86. Ишке ашпаган илим—жемишсиз дарак, ишке ашчу илим инсанды ойго жеткирет.
  87. Окуу — билим азыгы, билим — ырыс азыгы.
  88. Окусаң озосуң, окубасаң тозосуң.
  89. Окуган — жарык, окубаган — чарык.
  90. Окуганыңды айтпай, токуганыңды айт.
  91. Окуй берсең — көзүңдү ачат, отура берсең жалкоолук басат.
  92. Окуу — билим азыгы, билим — ырыс азыгы.
  93. Окуу — жакшылык, окуусуз — караңгылык.
  94. Окуунун түбү жок.
  95. Өмүрдүн чеги бар, илимдин чеги жок.
  96. Өмүрдөн өткөн бакыт жок, өнөрдөн өткөн билим жок.
  97. Өнөр — аккан булак, билим — күйгөн чырак.
  98. Суу — жерге, илим (билим, байлык)— элге.
  99. Тобокелге салгандык—илимден артта калгандык.
  100. Ырыс жугушат, билим (же акыл) оошот.
  101. Эмгек — дайра, билим — кеме.
  102. Эмгекчинин — эмгеги байлык, билимдүүнүн — пикири байлык

Душман жөнүндө

  1. Агасын агалай албаган, душманын сагалайт.
  2. Айтпай келген конок, душмандан жаман
  3. Акмак достон, акылдуу душман артык.
  4. Акылсыз (акмак) достон, акылдуу душман (жат) артык.
  5. Акылың көп болуп, ачууң аз болсо — зор болорсуң, душманың көп болуп, досуң аз болсо — кор болорсуң.
  6. Алыстагы душмандан, аңдып жүргөн дос жаман.
  7. Алыстагы душмандан, кашындагы кас жаман.
  8. Атты достой сүйсөң, душмандай минесиң.
  9. Ачуу — душман, акыл—дос, акылыңа акыл кош.
  10. Баатыр болсоң — душмандан качпа.
  11. Беймаал конок душмандан жаман.
  12. Бирөөнүн (душманыңдын) өлүмүн тилегенче, өзүңдүн өмүрүңдү тиле.
  13. Бөлтүрүктү ит деп бакпагын, иттей болбойт кыялы, душманга өйдө караба, тийбей койбойт зыяны!
  14. Дос (тууган) күйгүзүп (же күйдүрүп) айтат, душман сүйгүзүп (же күлдүрүп) айтат.
  15. Дос алдында жооп берүүдөн көрө, душман алдында өлгөн жакшы
  16. Дос башка карайт, душман бутка карайт
  17. Дос гүл болсо, душман күл болот.
  18. Дос жеритип сүйлөйт, душман эритип сүйлөйт.
  19. Дос изде, душман өзү табылат.
  20. Дос сыйлайт, душман кыйнайт.
  21. Дос сыртыңдан мактайт, душман көзүңчө мактайт.
  22. Дос табышат, душман кагышат.
  23. Дос эгиз, душман сегиз
  24. Досуң канча болсо, душманың ошончо.
  25. Досуң миң болсо да — аз, душман бирөө болсо да — көп.
  26. Досуң миң болсо да аздык кылат, душманың бирөө болсо да көптүк кылат.
  27. Досуңдан сырыңды жашырба, душманыңды башыңдан ашырба.
  28. Досуңдун бычагы менен мүйүз кес, душмандын бычагы менен кийиз кес.
  29. Досуңдун тепкени душманыңдын өпкөнүнөн артык.
  30. Досунан ажыраган — өзүнө өзү душман.
  31. Дудуктун душманы жок.
  32. Душманыңды мактаган досуңдан сак бол.
  33. Душманыңды мактаган досуңдан сак бол.
  34. Душман алыстабайт —жаныңда.
  35. Душман буйруса барба, дос буйруса калба.
  36. Душман жумурткадан кыр табат, тууган (дос) күйдүрүп айтат.
  37. Душман жумурткадан кыр табат.
  38. Душман иши душманЖоо аяган жаралуу, катыны каралуу.
  39. Душман не (же эмне) дебейт, түшкө не (же эмне) кирбейт.
  40. Душман сүйдүрүп айтат, тууган күйдүрүп айтат.
  41. Душман сырттан жылмаят, ичинен кубанат.
  42. Душманга (же жатка) таба, доско (өзгө) күлкү болбо.
  43. Душманга боор оорусаң, боорго тебет.
  44. Душманга жаныңды (өзүндү) берсең да, сырыңды (сөзүңдү) бербе.
  45. Душманга өздөй караба, тийбей койбойт зыяны.
  46. Душманга өлүм тилегенче өзүңө өмүр тиле.
  47. Душманга кекти кетиргенче, денеден башты кетирген артык.
  48. Душманга кекти кетиргенче, денеден башты кетирген артык.
  49. Душманга таба, доско (өзгө) күлкү болбо!
  50. Душмандан бир сактан, жаман достон миң сактан.
  51. Душмандашкан киши оңолбойт.
  52. Душманды таш менен урба, аш менен ур.
  53. Душманды тууган дебе, тууганды душман дебе.
  54. Душмандын биринчи кадамы — жылмалап айткан саламы.
  55. Душмандын душманы — сенин досуң.
  56. Душмандын өлүмүн тилегиче, өзүңдүн өмүрүңдү тиле.
  57. Душмандын өчү канбайт, тутулсаң төбө кандайт.
  58. Душмандын сөзү жылуу, боору таш.
  59. Душмандын сырты жылма, ичи кара.
  60. Душмандын сыртында болгончо, ичинде бол!
  61. Душмандын чырагына май тамызба.
  62. Душманы жок адам болбойт, дудуктун да жанын койбойт.
  63. Душманың кылдай болсо, тоодой көр, ийнедей
  64. болсо, тоодой көр.
  65. Душманың суу берсе, досундай көр.
  66. Душманын аяган кийин өкүнөт.
  67. Жакшы күндө — душман дос, жаман күндө —тууган дос.
  68. Жаман достон ачык душман артык.
  69. Жаман туугандын намысын талашам деп, жакшы душманың менен кас болбо.
  70. Журт кыйырын күзөткөн алп кеткенде өз жоолашар, душман көк ташка кылычын жанаар
  71. Жылуу келген душманды суук чыгарба.
  72. Ийри жыгач түз болот — тезге салып мордосо, душманына кор болот — өз тууганын кордосо.
  73. Катындан башка душман жок, койнуңда жатып билинбейт.
  74. Кашыңда ким отурса, душманың ошол.
  75. Көзүңө чөп салган, душмандыктын белгиси.
  76. Көмүскө достон көрүнөө душман артык
  77. Көп душманың болсо, көз ирмебес эр болгун.
  78. Ооздон кан чыкса да, душманга ырыңды ырдаба.
  79. Өз жоокерин күтө албаган, душманына түтө албайт.
  80. Өз күйдүрүп айтат, душман сүйдүрүп айтат.
  81. Өз тууганын кордосо, душманына кор болот
  82. Өз элин күтө албаган, душманына түтө албайт.
  83. Өз элине батпаган, душманына кор болот.
  84. Өткүр ок — душманга, өткүр сөз — тууганга.
  85. Сен калкалаган душманды биз талкалаганда сүйлөшө жатарбыз.
  86. Сокку канчалык күчтүү болсо, душман ошончолук басынат.
  87. Сыйлашпаган тууганың — сыр айтпаган душмандай.
  88. Тил — душман, акыл — дос, тиш — коргон.
  89. Тил — менин тууганым, тил — менин душманым.
  90. Түлкүнүн душманы — териси.
  91. Тууган катары кучакташтырган — тил, душман катары бычакташтырган — тил
  92. Тууганга душман болбо, душманга тууган болбо.
  93. Туугандан өтөм десең, коон бак, душмандан өтөм десең аштык бак.
  94. Туюнтпай мээнет жолукса тууганың сага кас болот, туш келип деөлөт жолукса душманың келип дос болот
  95. Уйку — душман.
  96. Уулдун уулу мекен коргойт, душмандын астын торгойт.
  97. Үйдө бир душманың болгуча, тышта миң душманың болсун.
  98. Чиелешкен түйүндү чечиш кыйын, үйүгүшкөн душмандан кетиш кыйын.
  99. Чындык сөздүн душманы көп.
  100. Ынтымак болсо калкыңда, душманыңдан тартынба.
  101. Эзелден душман журтту тууган кылуу — бул эң бийик сыймык.
  102. Эзелден душман журтту тууган кылуу — бул эң бийик сыймык.
  103. Элдин сөзү элде калсын, душмандын сөзү жерде калсын
  104. Элине моюшкан азамат душманына тизе бүкпөс.
  105. Этекти кессең жең болбойт, эзелки душман эл болбойт, жеткилең бийик жол болбойт, жээн — тага эл болбойт.
  106. Этекти кессең жең болбойт, эзелки душман эл болбойт.

Жигит жөнүндө

jigit jonundo makal opt

Бул бетте жигит жонундо макал бар.

  1. Жигитти сөзүнөн тааныйт.
  2. Адамдын көркү — адилеттүүлүктө, жигиттин көркү — адептүүлүктө.
  3. Адеби жок жигит — жүгөнү жок атка окшош.
  4. Адептүү жигит азаптан алыс болот.
  5. Азамат (эр жигит) — бир сырдуу, миң кырдуу болот.
  6. Азамат акылдуу болсо, алганы мээримдүү болот.
  7. Азамат бир күнү ат минет, бир күнү жөө жүрөт.
  8. Азамат болсоң ак иште — аздыр — көптүр малболот. Бекеринен мал тапсаң — берекеси жок болот.
  9. Азамат болсоң ак иште, аздыр көптүр мал болот.
  10. Азамат болсоң шаңдуу бол, «Атың ким?» деп сурасын.
  11. Азамат болсоң эр жигит, ардактуу иштен корунба.
  12. Азамат эрге алтымыш өнөр аздык кылат.
  13. Азаматка — эл арка.
  14. Азаматка дайыма ракмат.
  15. Азаматтын азганы — көчкөндө жөө басканы.
  16. Азаматтын азганын өзү билбейт, жат билет.
  17. Азаматтын белгиси — көп ойлонуп, аз сүйлөйт.
  18. Азаматтын даңкын чыгарган — эмгек, арамзанын жанын чыгарган — эрмек.
  19. Азаматтын жакшысы азыраак сүйлөп, көп тыңшайт.
  20. Азаматтын жакшысы бирде мырза, бирде кул, аргымактын жакшысы чапса күлүк, сатса пул.
  21. Азаматтын жакшысы он бешке келсе — кичүүлүк жок, жүзгө келсе — карылык жок.
  22. Азаматтын кадырын атасы эмес, эл билет.
  23. Азбаймын деген жигитти, караңгы түн аздырат.
  24. Азынаган айгырдын үйрүн көр, менменсинген жигиттин үйүн көр.
  25. Ай — толгонун билбейт, жигит — болгонун билбейт.
  26. Айыбы чыккан жигиттин, узун бою пас болот.
  27. Акыл конбогон жигитке, бакыт да конбойт.
  28. Жышааналуу эр жигиттин, кайда жүрсө жолу болоор.
  29. Асыл жигит — алты кырдуу, он эки сырдуу.
  30. Ат сыйлабас жигиттин, жөөчүлүк берээр сазайын.
  31. Атты арыганда көр, эрди (жигитти) карыганда көр.
  32. Атты арыганда көр, жигитти карыганда көр/
  33. Аюунуң жанында жолборс, жылмакай жигит турбайбы.
  34. Баардык жигит кыз тандайт, бактылуу жигит уз тандайт.
  35. Баатыр (эр жигит, жакшы) өлсө бир өлөт. Коркок өлсө миң өлөт.
  36. Баатырсынган жигитти жоо келгенде көрөбүз.
  37. Бай болбоочу жигитке, өлөсөл мал жолугат. Куу баш болчу жигитке, туубас катын жолугат.
  38. Бай болуучу жигитке өлбөгөн мал жолугат.
  39. Байге бербес күлүктүн жүрүшүнөн байкалат, ашык болгон жигиттин күлүшүнөн байкалат.
  40. Бакага балыр көл жакшыБалыкка терең суу жакшыЖигитке өскөн эл жакшы.
  41. Менменсинген жигитти жоо келгенде көрөрбүз, чеченсинген жигитти доо келгенде көрөрбүз.
  42. Балыктын күнү – көл менен, жигиттин күнү — эл менен.
  43. Басмайылдын батканын ээси билбей ат билет, эр жигиттин кадырын агайын билбей жат билет.
  44. Бедели жок жигиттен, белес жорткон жел артык.
  45. Билиги жок чырак жарылбайт, иштегиси жок жигит жарыбайт.
  46. Эр жигит элдин камын жейт, эселек элдин малын жейт.
  47. Бир жигиттин атагы көп жигитке даңк берет.
  48. Бирде жигит жөө жүрөт, бирде жигит төө минет.
  49. Бөрү атар жигиттин бөркүнөн тааны.
  50. Даана карт даркан жигиттен чыгат.
  51. Дөөлөттүү адам ток болот, жашыңда жигит шок болот.
  52. Жабыгып жүрсө жигитти жакырсың деп кордобо.
  53. Жакшы аттын жалын сактагыча, жакшы жигиттин арын сакта.
  54. Жакшы жигит көктөгү (асмандагы) жылдыз.
  55. Жакшы жигит сыртта — мырза, үйдө — кул.
  56. Жакшы жигит сыртта мырза, үйдө кул; жаман жигит үйдө мырза — сыртта кул.
  57. Жакшы жигит эл камы үчүн жүгүрөт, жаман жигит өз камы үчүн жүгүрөт.
  58. Жакшы жигит элин өргө сүйрөйт, жаман жигит элин көргө сүйрөйт.
  59. Жакшы көргөн досунан мал аяган жигитпи.
  60. Эл четине жоо келсе жан аяган жигитпи.
  61. Жакшы кыз — жакадагы кундуз, жакшы жигит — көктөгү жылдыз.
  62. Жакшы жигит элин өргө сүйрөйт, жаман эр жигит элин көргө сүйрөйт.
  63. Жалгыз жыгач үй болбойт, жалгыз жигит бий болбойт.
  64. Жаман болоор жигит чегинчээк, кедей болоор жигит эринчээк.
  65. Жаман болоор жигиттер, өз боюна кас болот.
  66. Жарды болоор жигиттер, дөөлөтүнө мас болот.
  67. Жаман жигит жан сактайт, жакшы жигит эл сактайт.
  68. Жаман жигит той бузат, жаман аял үй бузат.
  69. Жарды болсоң — көчүп көр, жалгыз болсоң — өлүп көр.
  70. Жатып ичеер жигиттен, сарамжалдуу чал жакшы.
  71. Жаш бутактын ийилгени— сынганы, жаш жигиттин уялганы — өлгөнү.
  72. Жашында жигит октолот, жашаганда токтолот, жалгабаса кудайым жабыгып жүрүп жок болот.
  73. Жашында жигит октолот, жашаганда токтолот.
  74. Жашында жигит шок болот, карыганда токтолот.
  75. Желип өмүр өткөн соң, жигит болбойт чал кайтып.
  76. Жигит бир сырдуу, кырк кырдуу болот.
  77. Жигит болсоң бекем болгун, чириген талдай бош болбой.
  78. Жигит үйдө туулат, жоодо өлөт.
  79. Жигит өзү менсинет, жигитти ким теңсинет?
  80. Жигит өлөөр жерине күлүп барат, кыз жыргаар жерине ыйлап барат.
  81. Жигит келсе, кыз даяр.
  82. Жигит тереңи көк ирим көлдөй, жигит күчтүүсү каптаган селдей.
  83. Жигитке бир сыр, жети кыр керек.
  84. Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат.
  85. Жигитке жетимиш түрлүү өнөр аз.
  86. Жигитке кырк өнөр аздык кылат.
  87. Жигитке намыс кымбат, ар кыйын.
  88. Жигиттик желип өтөт ашкан белдей карылык каршы келет казган көрдөй.
  89. Жигиттик өттү ашкан белдей, карылык келди казган көрдөй.
  90. Жигиттик келип өтөт соккон желдей, карылык каршы келет казган көрдөй.
  91. Жигиттин өзү жакшы болсо, тегин сураба.
  92. Жигиттин өзүнө караба, сөзүнө кара.
  93. Жигиттин куну — жүз жылкы, ары — миң жылкы.
  94. Жигиттин сөзү өлгөнчө, өзү өлсүн.
  95. Жигиттин түзүн айтпай, ишин айт.
  96. Жигиттин уялганы — өлгөнү.
  97. Жөнү жок багыныш, эр жигитке өлүм менен тең.
  98. Жолборс изинен кайтпайт, жигит сөзүнөн кайтпайт.
  99. Жолу болор жигиттин жеңеси алдынан чыгат.
  100. Иштин агы билбейт, жигиттин багы билет.
  101. Калкынан азган кор экен, элдүүнүн баары эр экен, элинен азган жигитке эртелеп өлүм эп экен.
  102. Камчы болсоң төрт кырдуу бол, жигит болсоң, бир сырдуу бол.
  103. Кары карап турбайт, жигит жилик албайт.
  104. Кашкулак семиз — карта жок, катыны жакшы жигиттин кайда болсо көөнү ток.
  105. Кишенеген айгырдын үйрүн көр, чиренген жигиттин үйүн көр.
  106. Күл жигит — ээси экен жылкынын.
  107. Көп сүйлөгөн жигиттин бир ажалы көптөн.
  108. Көпкөн жигит (же киши) басыгынан байкалат.
  109. Көпкөн жигит (уул) көп сүйлөйт, чечен жигит бап сүйлөйт.
  110. Көпкөн жигит көп сүйлөйт, чечен жигит эп сүйлөйт.
  111. Кудай ураар жигитке кумгандай жүрөк жаралат.
  112. Куубаш болчу жигитке, туубас катын жолугат.
  113. Куур тондун ичинде куурасын жигит өлбөсүн, тери тондун ичинде тердесин жигит өлбөсүн.
  114. Кыз өлсө — кырчындай башы кыйылат, жигит өлсө — үч кун жалын, үч күн чок, үч күндөн кийин көздөн жаш тыйылат.
  115. Кырдаалың барда жигиттер, кызыгып ишке жарагын.
  116. Кырсык чалар жигиттин жалгыз атын ууру алат.
  117. Кээде жигит төө минет, кээде жигит жөө жүрөт, төө мингенде жигитти, төбөсүнө көтөрүп тегеректеп эл жүрөт.
  118. Майкана көрбөй бала оңолбойт, жокчулук көрбөй жигит оңолбойт.
  119. Менменсинген жигитти жоо келгенде көрөрбүз, чеченсинген жигитти доо келгенде көрөрбүз.
  120. Оозу чалпоо жигиттин бир ажалы элинен, аягы суюк аялдын бир ажалы эринен.
  121. От түтүнсүз болбос, жигит жазыксыз болбос.
  122. Өзү болбос жигиттин атасын сурап нетесиң.
  123. Өзү чогоол болгон жигиттин бир ажалы көптөн.
  124. Өзүм билем деген жигит, башына ойрон салганы. Көп билет деген жигит, башына коргон салганы.
  125. Өнөрү жок жигит — канаты жок куш.
  126. Сөздүн көркү — макал, жигиттин көркү — сакал.
  127. Сулуу кыздын — саамайы көрк, эр жигиттин —таалайы көрк, саябан бактын — маанайы көрк.
  128. Тетиги жигит кыз көрөт, ал жигитти ким көрөт.
  129. Тиккен бак өнбөй калбайт, эр жигит жакшылыкты көрбөй калбайт.
  130. Төө мингенде жигитти тегеректеп эл жүрөт, жөө жүргөндө жигитти, келекелеп эл күлөт.
  131. Эр жигитти эл ичинде сынаба, эл четинде сына, канжыгадан баш чечишкен, карыдан кан кечишкен жоо бетинде сына.
  132. Узун бойлуу жигитке, чарчы бойлуу кыз керек.
  133. Уул таппас аял болбос, анын тураарын айт, мал таппас жигит болбос, анын кураарын айт.
  134. Уятсыз жигит— жүгөнү жок атка окшош.
  135. Чырпыктын ийилгенн — сынганы, жигиттин уялганы — өлгөнү.
  136. Шакылдаган жигитти жоо бетинде көрөрмүн.
  137. Эки тизгин, бир чылбыр, эл башкарган жигитте.
  138. Эки чанач, бир козу — эр жигиттин жолдошу.
  139. Эки эл тарап болсо, эптүү жигит катын алат.
  140. Эл четине жоо келсе—жан аяган жигитпи, жакшы көргөн досунан — мал аяган жигитпи.
  141. Эр жигит ачкадан өлбөйт, ардан өлөт.
  142. Эр жигит бирде мырза, бирде кул.
  143. Эр жигит жигит болобу, этеги шорго малынбай! Эр жигит жолу болобу, кез — кезде торго чалынбай.
  144. Эр жигит жолго жүрөр жолдош менен, карышкыр жолдош болбойт жолборс менен, бир жүрбө миң — миллиард берсе дагы, акылы жок — акмак наадан менен.
  145. Эр жигит үйдө туулуп, жоодо өлөт.
  146. Эр жигит күрөшпөгүн балбан менен, балбанды жыга албайсың чалган менен.
  147. Эр жигит менен бөрү азыгы — жолдо.
  148. Эр жигит эки айтпайт.
  149. Эр жигит эл камын жейт.
  150. Эр эл камын ойлойт.
  151. Эр жигит эл четинде, жоо бетинде.
  152. Эр жигит элдин камын жейт, эселек малын жейт.
  153. Эр жигит эмгекти сүйөт, эмгектин үзүрүндө жүрөт.
  154. Эр жигит энеден туулат, эл үчүн өлөт.
  155. Эр жигитке жетимиш түрлүү өнөр аз.
  156. Эр жигитке жетимиш түрлүү өнөр аздык кылат.
  157. Эр жигиттин алганы жарашса алка жакасы ак болот да, элине эмгек сиңип бак конот.
  158. Эр жигиттин алганы жарашпаса алка жакасы ак болобу да, элине эмгек сиңип бак конобу.
  159. Эр жигиттин башы канжыгада, каны көөкөрдө.
  160. Эр жигиттин башына, нелер (эмне) келип, нелер (эмне) кетпейт.
  161. Эр жигиттин кадырын агайын билбейт, жат билет.
  162. Эр канаты — күлүк ат, журт тиреги — эр жигит.
  163. Эрте турган жигиттин ырысы артык, эрте турган аялдын, бир жумушу артык.

Тууган жөнүндө

tuugan jonundo makaldar opt

Бул бетте тууган жөнүндө 70 макал бар.

  1. Ага — тууган кимде жок, сыйлашпаса жатча жок.
  2. Адам адамга дос, жолдош, бир тууган.
  3. Адамды шайтан азгырат, артык дөөлөт мас кылат, тумшугу таштай катаарда, тууган менен кас кылат.
  4. Азганды кууп, тозгонго жолукпа, тууган издеп, достон кетпе.
  5. Айы оңунан тууганга, ажайып кубаныч жолугат.
  6. Айы лдашың жакшы болсо, агайын — тууган не керек,алган жарың жакшы болсо, атың, тонуң не керек.
  7. Акылдуу элге тартат, акмак тууганына тартат.
  8. Аяшар тууган болбосо, акырын сүйлөп жатка жак.
  9. Күйүшөр тууган болбосо, күлө багып жатка жак.
  10. Алыстагы туугандан жакындагы коңшу артык.
  11. Алыш — бериш (келиш — кетиш) туугандыктын белгиси, уруш — кериш душмандыктын белгиси.
  12. Адашкан жыйып эл кылдым, айланып кетсин туугандан
  13. Аргымак тандап ат жыйдым, буудан болуп бербеди, азамат тандап дос жыйдым, тууган болуп бербеди.
  14. Аргымакты жаман деп, бууданды кайдан табасың.Агайынды жаман деп, тууганды кайдан табасың.
  15. Арык койдун терисин алты ашатса ий болбойт, атадан жаман тууганды ак кийизге салдырып көтөргөн менен бий болбойт.
  16. Атың жаман болсо айлаң кетет, алганың жаман болсо тууганың кетет.
  17. Бети бетиме тийген тууганыма баркым жок, эти этиме тийген катыныма баркым жок.
  18. Бир көргөн — билиш, эки көргөн — тааныш, үчүнчү көргөн — тууган.
  19. Бөкөндү минсе ат болбойт, тууган менен үч бөлүнсө жат болбойт.
  20. Дарак — тамыры менен, адам — тууганы менен.
  21. Тууган күйдуруп айтат, душман сүйгүзүп айтат.
  22. Достун жаны бир, туугандын малы бир.
  23. Душманды тууган дебе, тууганды душман дебе.
  24. Жакшы күндө — душман дос, жаман күндө —тууган досю
  25. Жаман туугандан жакшы коңшу артык.
  26. Жаман туугандан жакын кошуна артык.
  27. Жаман туугандын намысын талашам деп, жакшы душманың менен кас болбо.
  28. Ийри жыгач түз болот — тезге салып мордосо, душманына кор болот — өз тууганын кордосо.
  29. Калыс канда, кайын жок. Туура канда, тууган жок.
  30. Качканды айтпай кууганды айт, карадан төрө тууганды айт.
  31. Келип — кетиш туугандыктын белгиси, уруш — кериш — душмандыктын белгиси.
  32. Кепти сууга сал, мени тууган кылып ал.
  33. Күмүш ээр ак кабат, ат жоорутар болгон соң — күмүшүн алып отко жак, күйүшөр тууган болбосо — күлүмсүрөп жатка жак.
  34. Көтөрүп сууга салган жаман, көз салбаган тууган жаман.
  35. Медери жок туугандан, бек сүйлөшкөн жат жакшы.
  36. Өз тууганын кор көргөн, ашуу таппай белде өлөт, кечүү таппай сууда өлөт.
  37. Өз тууганын кордосо, душманына кор болот.
  38. Өткүр ок — душманга, өткүр сөз — тууганга.
  39. Пайдасыз тууган — чекеге чыккан чыйкан.
  40. Сөөк (тууган) кайрылат, дос айрылат.
  41. Суук сөз тууганга да жакпайт.
  42. Сыйлашпаган тууганың — сыр айтпаган душмандай.
  43. Тең туугандын жаманы болгуча, ак буудайдын сабагы бол.
  44. Тирүүдө сыйлашып, өлгөндө ыйлашпаган урук —тууган, дос —тамыр, куда — сөөктөрдөн оолак бол.
  45. Томугу толук буудайдын өз колунда болбосо, азабы артык туугандын.
  46. Тулпар сөөгүн оордобойт, тууган сөөгүн кордобойт.
  47. Тулпарга минген турчу эмес, тууганга жетпей тынчу эмес.
  48. Тулпарды минген турабы, тууганга жетпей тынабы.
  49. Тууган ай — туураган май.
  50. Тууган бар болсо көрө албайт, жок болсо асырай албайт.
  51. Тууган бир жакшылыкта, бир жамандыкта.
  52. Тууган жер алтын бешик (уя), туулган жерге тууңду тик, туулган жердин топурагы алтын, эли мазар.
  53. Тууган издеп, достон кетпе
  54. Тууган катары кучакташтырган — тил, душман катары бычакташтырган — тил.
  55. Тууган күйгузуп айтат, душман сүйгүзүп айтат.
  56. Тууган күйдүрүп айтат, душман күлдүрүп айтат.
  57. Тууган менен үч бөлүнсө жат болбойт.
  58. Тууган туугандын казанына аш салбайт.
  59. Тууганга душман болбо, душманга тууган болбо.
  60. Тууганга кара санаган, туура жалчыбайт,
  61. Туугандан өтөм десең, коон бак, душмандан өтөм десең аштык бак.
  62. Туугандын өзү таарынса да, боору таарынбайт.
  63. Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок.
  64. Туура сөз (кеп) — тууганга жакпайт, катуу айткан — катынга жакпайт.
  65. Туурамчыдан тууганың болсун.
  66. Туюнтпай мээнет жолукса тууганың сага кас болот, туш келип деөлөт жолукса душманың келип дос болот.
  67. Ыраактагы туугандан, жакындагы дос өйдө.
  68. Эзелден душман журтту тууган кылуу — бул эң бийик сыймык.
  69. Эне өлсө — төркүн жок, ата өлсө — тууган жок.
  70. Эшек баксаң ардактап тулпар болбойт, эли башка бул арам тууган болбойт.

Уй булоо жөнүндө

ui buloo jonundo makaldar opt

Бул бетте уй-булоо жонундо 41 макал бар.

  1. Азазил азгырганда катын эрин чанат.
  2. Ак селделүү кожодон, ак жоолуктуу катын артык.
  3. Агасы минген атты — иниси минет, атасы салган кушту — баласы салат.
  4. Агасын агалай албаган, душманын сагалайт.
  5. Агасын чапса балаңыз, атасын урам дегени.
  6. Эжесин чапса балаңыз, энесин урам дегени.
  7. Азамат акылдуу болсо, алганы мээримдүү болот.
  8. Адеби жок аял кабанаак итке окшош.
  9. Ажаан аялың болгуча, ажаан итиң болсун.
  10. Ажарлуу аял — адамдын периштеси.
  11. Ажарлуу аял адамдын периштеси, акылдуу аял эркектин шериктеши.
  12. Атка бергис кунан бар, кызга бергис жубан бар.
  13. Адамдын жаман — жакшысы туулгандан эмес, көргөн тарбиясынан.
  14. Адамзаттын жакшысы азыраак сүйлөп, көп тыңдайт, аргымактын жакшысы азыраак оттоп, көп жуушайт.
  15. Ай күн менен жакшы, эр эл менен жакшы.
  16. Айылдашың жакшы болсо, агайын — тууган не керек, алган жарың жакшы болсо, атың, тонуң не керек.
  17. Акылдуу болсо алганың, кулпундуруп жакшы бак.
  18. Акылсыз болсо алганың, көп узатпай эбин тап.
  19. Алганың жакшы болсо, аргымак минип дуулаарсың,
  20. Алганың жаман болсо, азабын тартып куураарсың.
  21. Алганың жакшы болсо, жакаң агарат, алганың жаман болсо, сакалың агарат.
  22. Алганың жакшы болсо, табылат акылың, келе берет жакының.
  23. Алганың жаман болгон соң, абийириң кайдан жабылат.
  24. Алганың жаман болсо, суук сөз угуп күйөсүң, алганың жакшы болсо, бал сөзүн угуп сүйөсүң.
  25. Алганың жаман болсо, чабылат акылың, кас болот жакының.
  26. Алганың көөнүн кирдетпе, «атаң» деп бизди тилдетпе.
  27. Алганың сулуу болгон соң, аркырап беттен алган соң, сулуулугу не пайда.
  28. Алганыңа сүйүнбө, ардагына сүйүн.
  29. Акылдуу карыя — агып жаткан дарыя.
  30. Ата баласы болбосоң болбо, эл баласы бол.
  31. Ата болдум деп мактанба, адам болдум деп мактан.
  32. Ата болсоң акылдуу бол, эне болсоң мээримдүү бол.
  33. Алжаке кызга — жалжаке күйөө.
  34. Балдыз күйөөнүн кулагын чоет, жылкычы ышкырып коет.
  35. Буудайдын бараар жери — тегирмен, кыздын бараар жери — күйөө.
  36. Кемпирге — чал, келинге — күйөө, кызга — бозой.
  37. Күйөө — жүз жылдык, куда — миң жылдык.
  38. Күйөөнү пайгамбарым сыйлаптыр.
  39. Күйөө келсе — кыз даяр, жүйөө келсе — баш даяр.
  40. Күйөөң жаман болсо кызыңдан көр, келиниң жаман болсо уулуңдан көр.
  41. Өз үй — өлөң төшөк, өз эл — өмүрлүк жөлөк.

.

Чындык жонундо

chyndyk jonundo makaldar opt

Бул жерде чындык жонундо 33 макал бар.

  1. Акылдуу чындык калптан кийин сүйлөөгө тийиш.
  2. Жакшы болсоң жатык бол, чындык сенден адашпайт, карапайым калыс бол — сени төмөн санашпайт.
  3. Жалган сөз сени жарытпайт, чындык сөз сени карытпайт.
  4. Калпты чындай айтса, чындык чычая качат.
  5. Калп — дар, чындык — эм.
  6. Калп — оору, чындык — дары.
  7. Калп айтып жыргайм дегенче, чындыкты айтып азап чек.
  8. Калп көп, чындык бирөө.
  9. Калп менен жыргал көргөнчө, чындык менен азап чек.
  10. Өмүр бою өзүңдү чындыкты айтууга үйрөт.
  11. Тамашанын теңи — чындык.
  12. Таттуу калптан, ачуу чындык жакшы.
  13. Тоодой калпты томуктай чындык жеңиптир.
  14. Чогулушта чындык керек, чогууда тынчтык керек.
  15. Чыбык кармаганга ит өч, чындыкты айтканга акмак өч.
  16. Чындыктын куюшканы кабат.
  17. Чымындай чындык алптай калпты жеңет.
  18. Чындык — ачуу, калп — таттуу.
  19. Чындык — сегиз, бакыт — эгиз.
  20. Чындык жерде калбайт.
  21. Чындык күндөн жарык.
  22. Чындык көз тешет
  23. Чындык кудайдан күчтүү.
  24. Чындык отко күйбөйт, сууга чөкпөйт.
  25. Чындык сөздүн душманы көп.
  26. Чындык чычалатат.
  27. Чындыкка от үйлөгөндүн сакалы өрттөнөт.
  28. Чындыкты жарадар кылууга болот, бирок аны өлтүрө албайсың.
  29. Чындыкты танууга болбойт, достукту чанууга болбойт.
  30. Чынчыл адамга жүгүн.
  31. Чынчылдын чынысы сынбайт.
  32. Чынын айткан чырдан алыс, калпты айткан болбойт калыс.
  33. Чын айтып залал тап — акыры жетерсиң муратка, калп айтып, пайда тап — акырында каларсың уятка.

Акча жонундо

Бул жерде акча жонундо 22 макал бар.

  1. Акча аябаган— көр соодагер, акча аяган — нак соодагер.
  2. Акча сүйүп турган жерде, адилеттик ыйлап турат.
  3. Акча сүйлөгөндө, акыйкат унчукпай калыптыр.
  4. Акча тапкан бай эмес, акыл тапкан бай.
  5. Акча шаар жерине жарашат.
  6. Акчадан айрылсаң — күйүнөрсүң, ар — намыстан айрылсаң — кантип басып жүрөсүң.
  7. Акчалуу адам мөөр үстүндө, акчасыз адам көр үстүндө.
  8. Акчалууга — базар, акчасызга — мазар.
  9. Акчалуунун колу ойнойт, акчасыздын көзү ойнойт.
  10. Акчасы болсо, акмак да төрө.
  11. Акы төлөбөсөң, молдо үйүңө да кирбейт.
  12. Акылы жокко акча токтобойт.
  13. Артыкбаш акча баш жарбайт.
  14. Атаңдан акча алсаң да санап ал.
  15. Ач көздөн айран сурасаң, акчаң барбы дейт.
  16. Бакча баксаң — макта, акча тапсаң — сакта.
  17. Берерге акчаң болбосо, молдо үйүңө да кирбейт.
  18. Дос табылбайт, акча табылат.
  19. Жардынын чөнтөгүнө акча түшсө, турна болуп кыйкырат.
  20. Көп акча көздү көр кылат.
  21. Молдо акча үчүн итке куран түшүрөт.
  22. Соодагерде акча болбосо, сууда балык да болбойт.
  23. Бир теңге (тыйын) берип айттыра албаганды, миң теңге (тыйын) берип койдура албайсың.
  24. Дүнүйө — бир тыйындан куралат.
  25. Достун көңүлү бир тыйындан калат.
  26. Жакырчылыкта табылбайт тыйын.
  27. Өзү бир тыйын, дымагы миң тыйын.
  28. Паракорлор кызыгат бир токочтук тыйынга.
  29. Тыйын, тыйын иши кыйын.
  30. Эрдин куну, нардын пулу эмес.
  31. Азаматтын жакшысы бирде мырза, бирде кул, аргымактын жакшысы чапса күлүк, сатса пул.
  32. Аңдап турсаң акылдуунун сөзү пул болот.
  33. Жүз сом күткөнчө, жүз жолдош күтөйүн.
  34. Жүз сомуң болгуча, жүз жолдошуң болсун.
  35. Миң сомдук камчыдан, бир сомдук пайда жок.
  36. Этти касапчы сомдойт, төөнү жүгү бар комдойт.

Ушакчы жонундо

uschakchy jonundo makaldar opt 1

Бул жерде ушакчы жонундо 14 макал бар.

  1. Бекерчиден безе кач, ушакчыдан көчө кач, жатакчыдан алыс кач.
  2. Алы жетпеген аракетчил, колунан келбеген ушакчыл.
  3. Бекерчиден безе кач, ушакчыдан көчө кач, жатакчыдан алыс кач.
  4. Жылан кээде чагат, ушакчы күндө чагат.
  5. Күйөөсү молдо болсо, аялы ушакчы.
  6. Күндү бузган ала булут, элди бузган ушакчы чуут.
  7. Ушакчы — ушакчы эмес, ушакты уккан — ушакчы.
  8. Ушакчыдан узак кач.
  9. Ушакчыны жолотпогун жаныңа, сырыңды жайып салат баарына.
  10. Ушакчыны узатпайт, элдер аны тузактайт.
  11. Ушакчынын үйү күйөт.
  12. Ушакчынын оозу тынбайт.
  13. Эчкилүү кой өкүнчүл, келиндүү эл ушакчыл.
  14. Эшектин кулагы узун, ушакчынын тили узун.

Келин жонундо

kelin jonundo makaldar opt

Бул бетте келин жонундо 45 макал бар.

  1. Эненин кеби — кыз —келинге, эженин кеби — синдиге эм.
  2. Такылдаган келинди, үй чечкенде (эл көчкөндө) көрөрбүз.
  3. Баласынан намыс кетет, катыны айыңчы, келини ууру болот.
  4. Бээ туумайынча байтал аты калбайт, катын төрөмөйүнчө келин аты өчпөйт.
  5. Бээ туугуча — байтал, катын төрөгүчө — келин.
  6. Жакшы келин — келин, жаман келин — өлүм.
  7. Ийменчектик кыз —келинге жарашат, күймөнчүлүк дин колун байлайт.
  8. Илгери барардын ити чөп жейт, кедери кеткендин келини ууру кылат.
  9. Иши оңолбогондун уулу урушчаак, келини керишчээк.
  10. Кайнага калтайбаса, келин келгейбейт.
  11. Кайнене айбаттуу болсо, келини уяттуу болот.
  12. Келиндин тарбиясы башынан.
  13. Кедей кызы байга келин болуп барганда: куңкулчуңкул мүлжүгөнгө моюн жакшы, карт —карт чайнаганга карын жакшы» дептир.
  14. Келген журттан көчө элек, келин аты өчө элек.
  15. Келген журттан көчө элек, келин аты өчө элек.
  16. Келер (же келген) сөздү келин айтат.
  17. Келер сөздү келин айтат.
  18. Келин жакшы — үйдүн керегеси алтын.
  19. Келин жакшысы — керемет, келин жаманы — кетпес кесик.
  20. Келин жаман эмес, келген жери жаман.
  21. Келин жаманы — кетпес кесик, келин жакшысы — керемет.
  22. Келин келет, кыз чыгат.
  23. Келинди келгенде көр, же тезек терип жүргөндө көр.
  24. Келинди келгенде көр, кемпирди — өлгөндө көр.
  25. Келиндин — аягынан, койчунун — таягынан.
  26. Кыргыз макал-лакап, учкул сөздөрү.
  27. Келиндин баласын кеңешип сүй.
  28. Келиндин бетин ким ачса ошол ысык.
  29. Келиндин бетин ким мурун ачса, ошол ысык көрүнөт.
  30. Келиндин жаман болгону — кереги тийбес ташка тең, уулдун жаман болгону — апийим ичкен сартка тең.
  31. Келиндүү болсоң кекээр сүйлөбө.
  32. Кел —келине келгенде келинден мурун кыз тууйт.
  33. Кемпирге — чал, келинге — күйөө, кызга — бозой.
  34. Керегем сага айтам, келиним сен ук, уугум сага айтам, уулум сен ук.
  35. Кереч ичсе келиним калбайт беле, жалбыз ичсе жалгызым калбайт беле.
  36. Керишпес келин, урушпас уул болбойт.
  37. Кечинде күн кызарса, келиниң эркек төрөгөндөй сүйүн, эртең менен күн кызарса, элиңе жоо тийгендей күйүн.
  38. Күйөөң жаман болсо кызыңдан көр, келиниң жаман болсо уулуңдан көр.
  39. Койчунун — таягынан, келиндин — аягынан.
  40. Кыз жаманы— кыроо, уул жаманы — уйгак, келин жаманы — кетпес кезик.
  41. Уул жакшысы — урмат, келин жакшысы — келбет.
  42. Уулдан уят кетсе, келинден келбет кетет.
  43. Ыңырчагы ырдагандын, келини (керегеси) кердейт.
  44. Эри өлүп, эрге тийген катын келинчек болот.
  45. Эчкилүү кой өкүнчүл, келиндүү эл ушакчыл.

Ынтымак жонундо

yntymak jonundo makaldar opt

Бул жерде ынтымак жонундо 28 макал бар.

  1. Ага —тууган ынтымактуу болсо ат көп, абысындар ынтымактуу болсо аш көп.
  2. Өздөн чыккан жоону ынтымакка чакыр.
  3. Өөн бириксе тон болбойт, ынтымак болбой эл болбойт.
  4. Сылыктыктын белгиси — алыш — бериш, ынтымактын белгиси — барыш — келиш.
  5. Ынтымактан айрылсаң, колуңдагы иш кетет.
  6. Ынтымак — бейкуттуктун көрөңгөсү, ымала — ырыстуу элдин жөрөлгөсү.
  7. Ынтымак — ийгиликтин башаты.
  8. Ынтымак бар жерде (же элде) ырыс бар.
  9. Ынтымак бар жерде— ырыс бар.
  10. Ынтымак бар үйгө ырыс түнөйт.
  11. Ынтымак болбой, ырыс турбайт.
  12. Ынтымак болбосо, иш оңолбойт.
  13. Ынтымак болсо калкыңда, душманыңдан тартынба.
  14. Ынтымак достордун жолун ачат, ынтымак болбосо, ырысың качат.
  15. Ынтымак жакшы ырк жакшы, ынтымактуу журт жакшы.
  16. Ынтымак түбү — ийгилик, тирдиктин түбү — бирдик.
  17. Ынтымак турбай, ырыс турбайт.
  18. Ынтымаксыз атадан алтоо болсоң — оңбоссуң.
  19. Ынтымаксыз эл жетим.
  20. Ынтымактан айрылсаң, колуңдагы иш кетет.
  21. Ынтымактуу атадан алтоо болсоң — жолборссуң.
  22. Ынтымактуу үйгө ырыс түнөйт.
  23. Ырыс алды — ынтымак, ыркы жокко конбос бак.
  24. Ырыс алды — ынтымак.
  25. Ырыс алды ынтымак, ынтымагың болбосо (жок болсо), жашоо кыйын тынчыраак, башыңдан учат конгон бак.
  26. Ырыс алды ынтымак, ынтымагың жок болсо, алдыңдан таяр алтын так.
  27. Ырыс алды ынтымак, ыркы жокко (эринчекке) конбос бак.
  28. Ырыскыны жер берет, ынтымакты эл сүйөт.

Бала жонундо

bala jonundo makaldar opt 2

Бул баракчада бала жонундо 203 макал бар.

  1. Ач бала ток бала менен ойнобойт, ток бала ач болом деп ойлобойт.
  2. Агасын чапса балаңыз, атасын урам дегени. Эжесин чапса балаңыз, энесин урам дегени.
  3. Адамдын мөмөсү бала.
  4. Адепсиз бала — таманга жабышкан чыла.
  5. Адептүү бала — абийир, адепсиз бала — жабыр.
  6. Айран ичкен алсырайт, кымыз ичкен кансырайт, эрке бала көч үстүнөн нан сурайт.
  7. Айылчынын баласы «опаа» деп ыйлайт, уйкучунун баласы «жатаа» деп ыйлайт, соргоктун баласы «мама» деп ыйлайт.
  8. Ак сүт берген эненин, балада акы зор болот.
  9. Аксак атка — чаң үйүр, арык атка — бала үйүр.
  10. Акылдуу бала — элпек, акылсыз бала — тентек.
  11. Алты жашар бала атка минсе, алтымыштагы чал алдынан чыгаар.
  12. Алты жашар бала атка минсе, алтымыштагы чал салам берет.
  13. Алыс карма балаңды, аңга чалыш бекерден.
  14. Аңкоо бала атасына асылат, аңкоо кыз энесин коркутат.
  15. Асыранды баланы айылчы абысын чыгарат.
  16. Ат болуучу кулундун, мүчөсүнөн белгилүү. Киши болуучу баланын кирпигинен белгилүү.
  17. Ата — аска тоо, Эне — оргуган булак, бала — экөөнө тең шам чырак.
  18. Ата — бала урушат, ага — ини жулушат.
  19. Ата баласы — тон жакасы.
  20. Ата баласы болбосоң болбо, эл баласы бол.
  21. Ата даңкы, эне баркы — балага дем.
  22. Ата өлүп бала калса тилегине жеткени, бала өлүп ата калса арманы ичте кеткени.
  23. Ата — балага сынчы.
  24. Атага окшоп уул туулбас, энеге окшоп кыз туулбас.
  25. Атаңа көрсөткөндү балаңдан көрөсүң.
  26. Аталуу бала арсыз жетим, энелүү жетим эрке жетим.
  27. Аталуу бала кулак жейт, жетим бала туяк жейт.
  28. Атанын баласы азаарында бакшы болот.
  29. Атанын баласы болбосоң да, адамдын баласы бол.
  30. Атанын баркын көзү барда билбейт, балалуу болгондо билет.
  31. Атанын кадырын билбеген баланын башы кор болот.
  32. Атанын каргышы балага ок, өрттөп ийчү чок.
  33. Атанын көөнү балада, баланын көөнү талаада.
  34. Атанын тилдегени — баласын бил дегени.
  35. Атасы балам десе, баласы балам дейт.
  36. Атасы козу бычпагандын, баласы өгүз бычаар.
  37. Атасыз уул (бала) жетесиз, энесиз кыз никесиз.
  38. Атасынан баласы ашып түшпөсө, акыр заман болот.
  39. Ачарчылыкта туулган баланын эки көзү ашта.
  40. Аялды ашынан тааны, баланы башынан тааны.
  41. Аялдын акылын жесиринде көр, баланын акылын жетиминде көр.
  42. Аялыңды атым дебе камчы салып, балаңды өзүм дебе эрке багып.
  43. Баары шумдук баладан чыгат.
  44. Бадалдуу жерде сайгак көп, балалуу үйдө айгак көп.
  45. Бай баласы кубанаар койдон тууган эгизге, арамзалар көз салаар—жылкыдагы семизге.
  46. Бай баласы сүйлөсө, төө, тайлакты кеп салат. Чач Тарачтын баласы, устара, кайрак кеп салат.
  47. Бакпаганды балам дебе, келбегенди өзүм дебе.
  48. Бала — баладай, башы көзү чарадай.
  49. Бала — биздики, акылы — өзүнүкү.
  50. Бала адамдын канаты.
  51. Бала баккандыкы.
  52. Бала бар үйдө калп сүйлөбө.
  53. Бала билет, билбесе неге күлөт.
  54. Бала боор эт менен тең.
  55. Бала жакшысы атанын даңкы, кыз жакшысы эненин даңкы.
  56. Бала жетиге чыкканча жерден таяк жейт.
  57. Бала калса — мал табат, катын калса — бай табат.
  58. Бала калса мал (эл) табат, катын калса бай (эр) табат. Чымын жаның чыркырап, кайда барып жай табат.
  59. Бала калса эл табат, катын калса эр табат.
  60. Бала күлкүгө тойбойт, жалкоо уйкуга тойбойт.
  61. Бала көргөнүн кылат, көсөө түрткөнүн кылат.
  62. Бала оюнга тойбойт, жалкоо уйкуга тойбойт.
  63. Бала оюнга тойбос, жаман уктаганын койбос.
  64. Бала падышадан кудуреттүү.
  65. Бала суу төксө, андан чоң тайып жыгылар.
  66. Бала тапкандыкы эмес, баккандыкы.
  67. Бала таттууга өч.
  68. Бала чуркаса, чалдын буту зыркырайт.
  69. Бала ыйлабай эмчек кайда?
  70. Бала ыйламайынча эмчек жок.
  71. Бала ыйламайынча эмчек кайда. (Ыйлабаган балага — эмчек жок).
  72. Бала ыйламайынча эмчек кайда?
  73. Бала, баланын иши чала.
  74. Бала, баланын кылган иши чалаБала боор эт менен тең.
  75. Балаадан — машаяк да качыптыр.
  76. Балаадан машайык качыптыр.
  77. Балага — атасы сынчы. (Ата балага сынчы).
  78. Балага ойлоп айтсаң угат, ойлобой айтсаң отко жыгат.
  79. Баладан да пайгамбардык сөз чыгат.
  80. Балаң жакшы болсо өргө чыгарат, балаң жаман болсо, көргө тыгат.
  81. Балаң мыкты болсо даңкың.
  82. Балаң пайдалуу болсо, аштыгың айдалуу. Катының жакшы болсо, малың байлануу.
  83. Балаңдан бөлүп кутуласың, небереңден өлүп кутуласың.
  84. Балаңды жашынан тарбияла.
  85. Балаңды элиң мактаса, андан ашкан бакыт жок.
  86. Балалуу үй — базар, баласыз үй — мазар.
  87. Балалуу үй — бактылуу үй.
  88. Балалуу үй — гүлүстөн, баласыз үй — көрүстөн.
  89. Балалуу үй — күлкүнүн куту, баласыз үй — кубанычтын жуту.
  90. Балалуу үй — падышалуу үй.
  91. Балалуу үйгө (дө) бакьгг үйүр (бар).
  92. Балалуу үйдө — сыр жок, оорулуу үйдө — ыр жок.
  93. Балалуу өрдөк талпынса, балалары чуу болот.
  94. Баласыз өрдөк талпынса, жез канаты куу болот.
  95. Балалуу каргага бок артпайт.
  96. Балалуу каргага бок тийбейт (артпайт).
  97. Балалуунун багы бар, баласыздын жүрөгүндө муңу бар.
  98. Балалуунун баласын алганча, колунан ишин ал.
  99. Балалуунун бели тынат, баласыздын бели сынат.
  100. «Балам бар» деп мактанба, топто бирөө жок болсо, «атам бар» деп мактанба, атаң санда жок болсо.
  101. Балам бар» деп, мактанба, топто бирөө жок болсо.
  102. Балам, балалуу болгондо билерсиң.
  103. Баланы — жашынан, катынды — башынан.
  104. Баланы бак, жоону чап.
  105. Баланы жакшылыкка жетелеп жанаштыр, жамандыктан кубалап адаштыр.
  106. Баланы кебезге ороп бага албайсың.
  107. Баланы мээнет чырмаса, саргара түшүп таз болот.
  108. Баланы тарбиялоо — ташты кемиргенге тете.
  109. Баланы таяк менен урба, сөз менен ур.
  110. Баланы таяк менен эмес, акыл менен тарбияла.
  111. Баланы чыйрак өстүр, жоодо сына.
  112. Баланы—жашынан, катынды— башынан.
  113. Баланын балакайы да бар, калакайы да бар.
  114. Баланын бары да балаа, жогу да балаа.
  115. Баланын жогу да балээ, бары да балээ.
  116. Баланын үйү — бапанын алачыгы.
  117. Баланын үйү, бапанын алачыгы эмес.
  118. Баланын өзүн төрөйт, кыял —жоругун (кошо) төрөбөйт.
  119. Баланын сегизинде тиши түшөт, сексенинде эрдин эрге иши түшөт.
  120. Баланын тарбиясы жашынан,
  121. Баланын тентек болмогу үйүнөн, эрдин тентек болмогу бийинен.
  122. Баланын тентек болмогу үйүнөн.
  123. Баланын тентек болушу үйдөн, таалим — тарбиядан.
  124. Баланын тили «апа» деп чыкса да, атанын тарбиясын алат.
  125. Баланын туулганына кубанба (же сүйүнбө), тураарына кубан (же сүйүн).
  126. Баланын ырайына жараша ат кой.
  127. Балапандарды күзүндө санайт.
  128. Баласы баатырдын, атасы ардактуу.
  129. Баласы жоктун — ырысы жок.
  130. Баласыз — бир азап, балалуу — миң азап.
  131. Баласыз үй — бактысыз.
  132. Балдар эмне дедирбейт, ачкалык эмне жедирбейт.
  133. Балдардын буламыгын жеп койду деп, акмак аялын күнөөлөйт.
  134. Балдарыбыз — биздин келечегибиз.
  135. Башка түшсө, бала да көнөт.
  136. Бешик баласы беш түлөйт.
  137. Бешиктеги баланын Бек болоорун ким билет, карындагы баланын хан болоорун ким билет.
  138. Бешиктеги баланын ким болорун ким билет?
  139. Бир ата он баланы багаар, он бала бир атаны талаар.
  140. Бир тентек—бала, бир тентек — кан.
  141. Бирөөгө кор бала, бирөөгө зар бала.
  142. Бөрү баласы ит болбойт, бөтөн бала өз болбойт.
  143. Бөрүнүн кулагы (эки көзү) ууда, баланын кулагы чууда.
  144. Болоор бала богунан.
  145. Болоор кулун желеде жулкунат, болоор бала бешикте булкунат.
  146. Болоюн деген балаңды жибербегин базарга, болбоюн деген балаңды коё бергин казанга.
  147. Дайранын көркү кемеде, баланын көркү энеде.
  148. Жакшы бала тил алчаак, жаман бала уялчаак.
  149. Жакшы бала эр болот, жаман бала жер болот.
  150. Жакшы болуучу балаңды соодагер кылба.
  151. Жакшы өскөн бала эшикте калган ата — энесин төргө чыгарар, жаман өскөн бала төрдөгү ата —энесин сыртка чыгарар.
  152. Жакшыны мээнет чырмаса, жакыны менен кас болот, баланы мээнет чырмаса, сарыкарт түшүп таз болот.
  153. Жалгыз бала атка чапса, атасы көчүгүн көтөрөт.
  154. Жаман бала тентек, жакшы бала элпек.
  155. Жаман энеден бала да качат.
  156. Жарыңды гүл арасынан тап, багыңды эл арасынан тап, балаңды эл арасына бак.
  157. Желдүү боз баланы жеткире мактаба.
  158. Жетим бала кекчил, жесир катын элчил, өгөй өөнчүл.
  159. Жетимиштеги чалдын көңүлү калса да, жетидеги баланын көңүлү калбасын.
  160. Зээндүү бала сүйүнтөт, кежир бала күйүнтөт.
  161. Ит менен ойносоң үрөсүн, бала менен ойносоң— күлөсүң.
  162. Ишти ыгына карай иште, баланы шыгына карай тарбияла.
  163. Карга баласын аппагым дейт, кирпи баласып жумшагым дейт.
  164. Карыганда катын жоо, баркыңды билбейт балаңжоо, кылыгың жакпайт кызың жоо, кебиң жакпайт келин жоо, туурадан чыккан тууган жоо, ошолордун ичинде кантип болот дениң соо.
  165. Катын — карга, бала — сагызган.
  166. Көп карынын ичинде бир бала болсө, даана болот, көп баланын ичинде бир кары болсо, бала болот.
  167. Колунда талканы бар бала — сүйгүнчүктүү.
  168. Кыз — кырк жылкы, эркек бала — ырыскы.
  169. Кыз баласы — кызыктырат, уул баласы — ууктурат.
  170. Кызы жаман болсо—жаш дейт, баласы жаман болсо — мас дейт.
  171. Майкана көрбөй бала оңолбойт, жокчулук көрбөй жигит оңолбойт.
  172. Мал — асырагандын көз оту, бала — асырагандын боор эти.
  173. Мал маарап өсөт, бала ыйлап өсөт.
  174. Малга — ээ, балага — ата керек.
  175. Ойногон бала от басат.
  176. Ойноп жатып ыйлаган бала таз болот.
  177. Оолукмалуу балага ээликмелүү жин тиет.
  178. Орозойдун баласы отузга чыкканча жаш.
  179. Өгөй эне — өөнчүл, жетим бала — кекчил.
  180. Өз балаңдан бөлүп кутуласың, небереңден өлүп кутуласың.
  181. Өзү тийген бала ыйлабайт.
  182. Өлөр карга бүркүт менен ойнойт, ыйлаар бала атасынын сакалы менен ойнойт.
  183. Өлүп тапкан баламды өрдөк чокуп өлтүрдү.
  184. Пайгамбар да күйөө баласын сыйлаптыр.
  185. Сагызгандын баласы агынан көп карасы.
  186. Тиши чыккан балага, чайнап берген аш болбойт.
  187. Уккан бала тарбия алат, укпаса талаада калат.
  188. Уурулук кесип эмес, энелүү бала жетим эмес.
  189. Чуркаган баланы көрүп, чалдын буту зыркырайт.
  190. Ыйлабаган балага эмчек жок.
  191. Ыймандуу уул болбосо, баланын баласына кор экен.
  192. Ыйманы бар боз бала күйүп турган чырактай, ыйманы жок боз бала, жакын да болсо ыраактай.
  193. Ымыркай бала куштун көлөкөсүнө тоңот.
  194. Ырксыз үйдүн баласы тентек, баштуу үйдүн карысы жөнтөк.
  195. Эне — тоодогу булак, бала — чөлдөгү кулан.
  196. Эне көөнү —бешикте, бала көөнү — эшикте.
  197. Эне элжиресе — өпкө — боорун чабат, баласы акылдуу болсо — ысык мээрим табат.
  198. Энелүү баланын өзү ток, энесиз баланын көзү ток.
  199. Эрке бала — туз, ташбоор бала — муз.
  200. Эркек бала шок болсун, шок болбосо жок болсун.
  201. Эркек баланы туурап кыз колуна сиет.
  202. Эркек бала туулганда намыс үчүн жараткан.
  203. Эчки сүйөт баласын, «тентегим» деп, кой сүйөт баласын, «жөнтөгүм» деп.

Аял жонундо

Бул баракчада аял жонундо 103 макал кошулду.

ayal jonundo makaldar opt 1
  1. Адеби жок аял кабанаак итке окшош.
  2. Ажаан аялың болгуча, ажаан итиң болсун.
  3. Ажарлуу аял — адамдын периштеси.
  4. Ажарлуу аял адамдын периштеси, акылдуу аял эркектин шериктеши.
  5. Айылды карай аял күлүк, үйдү карай уй күлүк.
  6. Алтын баштуу аялдан, бака баштуу эркек артык.
  7. Алтын баштуу аялдан, бака баштуу эркек артык.
  8. Ат — мингенднкн, тон — кийгендики, аял —тийгендики, эр — элдики.
  9. Ат алсаң минип ал, аял алсаң сүйүп ал.
  10. Атасына баласы аш ичкенди (аял алганды) үйрөтөт.
  11. Аттын жоргосу кызык,суусундун тунугу кызык,аялдын сулуусу кызык.
  12. Ашканада аял көп болсо, аш бышпайт.
  13. Аял — үйдүн куту.
  14. Аял — үйдүн туткасы.
  15. Аял болбосо ашкана жетимсирейт.
  16. Аял жакшы — эр жакшы, вазир жакшы — хан жакшы.
  17. Аял жакшы — эр жакшы.
  18. Аял жакшысы — ырысы мол, аял жаманы —кайгысы зор.
  19. Аял жакшысын — эри сүйөт, эр жакшысын — эли сүйөт.
  20. Аял намыс үчүн кара киет.
  21. Аял сергегинен жумуш бүтөт, эркек сергегинен ырыс түтөт.
  22. Аял турмушу — заман күзгүсү.
  23. Аял — эрдин жарым өмүрү.
  24. Аялды ашынан тааны, баланы башынан тааны.
  25. Аялды ашынан тааны.
  26. Аялдын азабы көп, түйшүгү түмөн.
  27. Аялдын акылын жесиринде көр, баланын акылын жетиминде көр.
  28. Аялдын анткорү улуу болбой кичүү болот, ага болбой жеңе болот.
  29. Аялдын жаманы атыңды булгайт, эрдин жаманы элди булгайт.
  30. Аялдын сулуулугу — ажарында, эркектин сулуулугу — акылында.
  31. Аялдын чачы узун болгон менен акылы кыска.
  32. Аялсыз үй — суусуз тегирмен.
  33. Аялсыз үй суусуз тегирмен менен тең.
  34. Аялың мыкты болсо — бактың, аялың кыйды болсо — каттың.
  35. Аялыңды атым дебе камчы салып, балаңды өзүм дебе эрке багып.
  36. Баатырдын алдынан түлкү чыкса кылактап — олжоболот, аял чыкса булактап — жолтоо болот.
  37. Балдардын буламыгын жеп койду деп, акмак аялын күнөөлөйт.
  38. Балчы менен төлгөчүдөн, өз аялың артык айтат.
  39. Бейжай аял белгисиз ыйлайт.
  40. Бейтаалай эрдин башына, бэйжай аял жолугат.
  41. Бир аял — аял, эки аял — базар, үч аял кошулса жарманке.
  42. Вазир жакшы, кан жакшы, аял жакшы эр жакшы.
  43. Жакшы аял — дөөлөт, жаман аял — мээнет
  44. Жакшы аял — ырыс, жаман аял -уруш
  45. Жакшы аял алгандын тою үйүндө.
  46. Жакшы аял бир айыл элди агартат, жаман аял өз башын эптеп агартат.
  47. Жакшы аял жакын кошот, талыкпай окуу акыл кошот.
  48. Жакшы аял жаман эрди жакшы кылат, жаман аял жакшы эрди жер кылат.
  49. Жакшы аял үй ээси, жаман аял жол ээси.
  50. Жакшы аял үйдүн жайсаңы, жаман аял үйдүн шайтаны.
  51. Жакшы таз башын жашырбайт, жакшы аял ашын жашырбайт.
  52. Жаман атты жал басат, жаман аялды чач басат.
  53. Жаман аял белгиси казаны калат жуулбай, кабы калат буулбай.
  54. Жаман аял кетем деп коркутат, жаман эркек өлөм деп коркутат.
  55. Жаман жигит той бузат, жаман аял үй бузат.
  56. Жолдошуң жаман болсо алыс жолго түн катпа,аялың жаман болсо, киши алдында үн катпа.
  57. Каракчы үйүнө кирсе, аял да курал көтөрөт.
  58. Качан болсо да аял боорукер келет.
  59. Күйөөсү молдо болсо, аялы ушакчы.
  60. Көп аялдуунун кокую көп.
  61. Оймоксуз аял болбойт.
  62. Оозу чалпоо жигиттин бир ажалы элинен, аягы суюк аялдын бир ажалы эринен.
  63. Өтө жаман — өзүн мактайт, башкы жаман —баласын мактайт, аяккы жаман — аялын мактайт.
  64. Сүйүүсүз аял карыз алган буюмдай.
  65. Сулуу аялдын сузу жакшы.
  66. Турмуштун туткасы — аял.
  67. Уул таппас аял болбос, анын тураарын айт, мал таппас жигит болбос, анын кураарын айт.
  68. Үй кылган да аял, күл кылган да аял.
  69. Үйдү кырк эркек толтуралбайт, бир аял толтурат.
  70. Үйдүн көркү — аялда.
  71. Үйдө олтурган аялдын ашы менен иши бар, кушу менен неси бар.
  72. Чыр аялдын күйөөсү эрте карыйт.
  73. Шайыр аялдан шылдыңчыл уул туулат.
  74. Эки уйлуунун үйү — айран, эки аялдуунун үйү — ойрон.
  75. Эки эчкиң болсо, үйүң толо быштак, эки аялың болсо, үйүң толо мушташ.
  76. Эр картайса эрки кетет, аял картайса көркү кетет.
  77. Эр төркүнү эшиктен кайтат, аял төркүнү төрдөн кайтат.
  78. Эрге жаккан аял элге да жагат.
  79. Эрди жарыткан да аялы, арыткан да аялы.
  80. Эрди эр кылган да, жер кылган да — аял.
  81. Эркек үндүү аялдын уяты жок, катын үндүү эркектин кубаты жок.
  82. Эркек опкогу үй толтурат, аял опкогу үй түгөтөт.
  83. Эркекке жүрөк, аялга жөлөк керек.
  84. Эркектин көй сойгону, аялдын сайма сайганы менен тең.
  85. Эрте турган аялдын, бир жумушу артык.
  86. Азазил азгырганда катын эрин чанат.
  87. Азансыз молдо болсо да, казансыз катын болбойт.
  88. Айланайын молдоке, катын алып берсең, канаке.
  89. Айлаш катын — муңдаш, жылдаш катын — сырдаш.
  90. Айт күнү — катын алба, жамгыр күнү — ат чаппа.
  91. Айыл десе катын күлүк, үй десе уй күлүк.
  92. Ак селделүү кожодон, ак жоолуктуу катын артык.
  93. Акылдуу атын мактайт, акылсыз катынын мактайт.
  94. Алган эри жарашса, кара катын ак болот.
  95. Алган эри жарашса, кара катын ак болот, баккан ээси жарашса, кара күчүк сак болот.
  96. Алжаке эркекке жалжаке катын туш келет.
  97. Алты катын азага барса (же келсе), ар кимиси өз муңун айтат.
  98. Ана катын мас болсо, беш көкүл менен урушат.
  99. Асыранды баланы айылчы катын чыгарат.
  100. Ат качаган болгон соң, аштан, тойдон калган соң, күлүктүгү не пайда!Катының сулуу болгон соң, аркырап беттен алган соң, сулуулугу не пайда!
  101. Ат менен катынга ишенич жок.
  102. Эр сыйлабас катындын, тулчулук берээр сазайын.
  103. Ат сыйлаган азамат жөө баспайт, эр сыйлаган катын эшикте калбайт.

Ата жонундо

ata jonundo makaldar opt 1

Бул баракчада ата жонундо макалдар топтолду.

  1. Агасы минген атты — иниси минет, атасы салган кушту — баласы салат.
  2. Агасын чапса балаңыз, атасын урам дегени.
  3. Ай тегерек, сабы жок, атакемдин табы жок.
  4. Ак калпактуу көрүнсө, атакем менин дебейминби.
  5. Аксабаса ат кадыры билинбейт, ата өлбөсө аксакал кадыры билинбейт
  6. Ак — Кайдын башы жошо бол, атаң өлүп калыптыр, эмне болсоң ошо бол.
  7. Акылсыз — атасын акмалайт.
  8. Акылы жетсе, атаны уул билет.
  9. Алганың көөнүн кирдетпе, «атаң» деп бизди тилдетпе.
  10. Алдыңа аш келсе, атаңдын кунунан кеч.
  11. Алты күн ачка калсаң да атаңды сыйла!
  12. Алтымыш күн атан болуп жүргөнчө, алты күн буура болуп зиркилде.
  13. Алтымышка чыккан атаңды алыс жолго жибербе.
  14. Алтымышка чыккан атаңды алыс жолго жибербе.
  15. Аңкоо бала атасына асылат, аңкоо кыз энесин коркутат.
  16. Атадан алтоо туулса, сыйлашпаса жат болот.
  17. Ата — аска тоо, Эне — оргуган булак, бала — экөөнө тең шам чырак.
  18. Ата — бала урушат, ага — ини жулушат.
  19. Ата — мекен, эне —нур.
  20. Ата арбагы ыйык.
  21. Ата баласы — тон жакасы.
  22. Ата баласы болбосоң болбо, эл баласы бол.
  23. Ата болдум деп мактанба, адам болдум деп мактан.
  24. Ата болсоң акылдуу бол, эне болсоң мээримдүү бол.
  25. Ата болуш — ардак, эне болуш — сыймык.
  26. Ата даңкы, эне баркы — балага дем.
  27. Ата данкы менен кыз өтөт, мата даңкы менен бөз өтөт.
  28. Ата жакшы — уул жакшы, эне жакшы — кыз жакшы.
  29. Ата өлүп бала калса тилегине жеткени, бала өлүп ата калса арманы ичте кеткени.
  30. Атам өлсө өлсүн, атамды көргөн өлбөсүн, энем өлсө өлсүн, энемди көргөн өлбөсүн.
  31. Ата каргышы — ок, эне каргышы — бок.
  32. Ата каргышына учураган перзент оңолбойт.
  33. Ата каргышына учураган перзент оңолбойт.
  34. Ата кебин эшиткен уул адеп тутат.
  35. Ата көргөн — ок бычат, эне көргөн — тон бычат.
  36. Ата көргөн ат берет, эне көргөн тон берет.
  37. Ата көргөн ок жонор, эне көргөн тон бычар.
  38. Ата конушу ардак, ата салты — сыймык.
  39. Ата намысын арсыз уул кетирет.
  40. Ата сөзү — акыл, ага сөзү — асыл.
  41. Ата сөзү — алтын, көңүл коюп уксаң.
  42. Ата сөзүн укпасаң, ажырайсың журтуңан.
  43. Ата сөзү уулга эм.
  44. Ата сыйлаган абийир табат.
  45. Ата уулду билет, ат ээсин билет.
  46. Ата уулу айтканынан кайтпайт, жоомарт бергенин айтпайт.
  47. Ата, башты алып мага бере коюп, жамбашты өзүң албайсыңбы — дептир.
  48. Ата — балага сынчы.
  49. Атага (же энеге) баланын алалыгы жок.
  50. Атага окшоп уул туулбас, энеге окшоп кыз туулбас.
  51. Атадан алтоо болсо да, ар жалгыздык башыңда.
  52. Атадан алтоо туулса, ар жалгыздык башта бар.
  53. Атадан жакшы туулса эшиктен төргө сүйрөөр, жаман туулса төрдөн көргө сүйрөөр.
  54. Атадан калган мал барбы, аяна турган жан барбы.
  55. Атадан таяк жеген балдар жакшы, энеден тил укпаган кыздар жакшы.
  56. Атадан уул туулса — ийги, ата жолун кууса—ийги.
  57. Атаң алтымышка чыкканда алдап — соолап күчүн ал.
  58. Атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны.
  59. Атаң жоо чапса кошо чап.
  60. Атаң өлсө, тайлак бар, кому жерде калган жок.
  61. Атаң карыса кул кылба, энең карыса күң кылба.
  62. Атаң кимди алса энең ошол, агаң кимди алса жеңең ошол.
  63. Атаң конгон конушка сен да бир күн конорсун, мактанбагын уулум ай, сен да мендей болорсуң.
  64. Атаң мурап болбосун, эгиниң суунун башында болсун.
  65. Атаң мурап болгуча: жериң суулуу болсун.
  66. Атан төө мас болсо, тайлак төө менен дос болот.
  67. Атаң этин оордобойт, султан сөөгүн кордобойт.
  68. Атаңа көрсөткөндү балаңдан көрөсүң.
  69. Атаңа эмне кылсаң, балаңдан ошону көрөсүң.
  70. Атаңдан акча алсаң да санап ал. Ачка болсоң да азанчыдан үмүт этпе.
  71. Атаңды дегендин тилеги катат, айланайын дегендин тилеги ашат.
  72. Атаңды өлтүргөнгө — энеңди алып бер.
  73. Атаңды көргөндөн акыл сура, энеңди көргөндөн тон сура.
  74. Аталар сөзү — акылдын көзү.
  75. Аталардын иши балдарга үлгү.
  76. Аталаштан алтоо болгончо, энелештен экөө бол.
  77. Аталаштан алтоо болгончо, энелештен экөө бол.
  78. Аталуу бала арсыз жетим, энелүү жетим эрке жетим.
  79. Аталуу бала кулак жейт, жетим бала туяк жейт.
  80. Аталуу жетим — арсыз жетим, энелүү жетим — эрке жетим.
  81. Аталуу уул — кожолуу кул.
  82. Аталуу уул кулак жейт, жетим бала туяк жейт.
  83. Атам, энем бар болсун, оозу мурду жок болсун.
  84. Атамды ажыга жиберип айныттык.
  85. Атамдын өлөөрүн билсем, бир табак кебекке сатпайт белем.
  86. Атамдын тапканы энемдин баракелдесине да жарабаптыр.
  87. Атаны сыйлаган абийир табат, энени сыйлаган элге жагат.
  88. Атанын баласы азаарында бакшы болот.
  89. Атанын баркын көзү барда билбейт, балалуу болгондо билет.
  90. Атанын жаман көргөн уулу түк күттү.
  91. Атанын кадырын билбеген баланын башы кор болот.
  92. Атанын каргышы — атылган ок.
  93. Атанын каргышы балага ок, өрттөп ийчү чок.
  94. Атанын кеби — балага, аганын кеби — иниге.
  95. Атанын көөнү балада, баланын көөнү талаада.
  96. Атанын мээри түшкөнгө адамдын каары түшөт.
  97. Атанын салган жолу бар, эненин бычкан тону бар.
  98. Атанын сыймыгын арсыз уул кетирет.
  99. Атанын тилдегени — баласын бил дегени.
  100. Атанын уулу болуш — урмат, элдин уулу болуш — кымбат.
  101. Атасы балам десе, баласы балам дейт.
  102. Атасы башка менен коён уулаба.
  103. Атасы башка, аты кашка.
  104. Атасы болушчаактын — уулу урушчаак.
  105. Атасы жиндинин — бири жинди, энеси жиндинин — баары жинди.
  106. Атасы өлгөн киши уктаса да, ачка киши уктабайт.
  107. Атасы көргөндү уулу көрөт, энеси көрбөгөндү кызы көрөт.
  108. Атасы топко кирбеген сөзгө кулак салбайт.
  109. Атасыз уул (бала) жетесиз, энесиз кыз никесиз.
  110. Атасына баласы аш ичкенди (аял алганды) үйрөтөт.
  111. Атасынан баласы ашып түшпөсө, акыр заман болот.
  112. Ата — эне берген тарбиядан турмуш өзү берген тарбия он эсе артык.
  113. Ата — эне кара мүртөз болсо, өз баласын каргайт, кан кара мүртөз болсо, өз башын өзү жалмайт.
  114. Ата —энеге баланын алалыгы жок.
  115. Ата — эненди сыйласаң өз балаңдан жакшылык көрөсүң.
  116. Ата —энеңди сыйласаң, өз балаңдан опаа (жакшылык) көрөсүң.
  117. Ата —эненин кадырын билген уул эл багар.
  118. Ата —энеси жоктун эли бар, эли жоктун өлүмү бар.
  119. Ата — энесине акаарат кылганды ташбараң кылат, шарият деп законун табат.
  120. Атың барда желип жүрүп жер тааны; атаң барда берип жүрүп эл (же дос) тааны.
  121. Атың барда жол тааны, атаң барда дос тааны.
  122. Бала жакшысы атанын даңкы, кыз жакшысы эненин даңкы.
  123. «Балам бар» деп мактанба, топто бирөө жок болсо, «атам бар» деп мактанба, атаң санда жок болсо.
  124. Баланын тили «апа» деп чыкса да, атанын тарбиясын алат.
  125. Баласы баатырдын, атасы ардактуу.
  126. Бекердин атасы өлүптүр.
  127. Билген жолуңду атаңа бербе.
  128. Бир акмак атасы өлгөндө көбөт, бир акмак катын алганда көбөт.
  129. Бир ата он баланы багаар, он бала бир атаны талаар.
  130. Бир ата отуз уулду багат, отуз уул бир атаны багалбайт.
  131. Бузулаар үйдөн ырк кетет, атасынан адилдик кетет.
  132. Жакшы ата — жаман уулга кырк жыл азык.
  133. Жакшы ата алысты жакын кылат.
  134. Жакшы атанын кашыктап жыйнаганын жаман уул чөмүчтөп чачат.
  135. Жакшы ата кашыктап жыйнаганын, жаман уул чеңгелдеп чачат.
  136. Жакшы уул атадан, жаман уул батадан.
  137. Жакшыга бир ата, жаманга да бир ата.
  138. Жаман да болсо атабыз, жакшыны кайдан табабыз.
  139. Жаман уул — атага кул.
  140. Күмүш үйлүү кыз чөп алачыктагы атасынан үмүт кылат.
  141. Атасы топко кирбеген, сөздүн баркын билеби.
  142. Теңир кошкон теңтуш болот, ата тапкан кайын болот.
  143. Кыз энеден үлгү албаса чоркок болот, уул атадан үлгү албаса коркок болот.
  144. Малга — ээ, балага — ата керек.
  145. Мата даңкы менен бөз өтөт, ата даңкы менен кыз өтөт.
  146. Өзү болбос жигиттин атасын сурап нетесиң.
  147. Өзүң көргөн жолду атаңа да бербе.
  148. Өлөр карга бүркүт менен ойнойт, ыйлаар бала атасынын сакалы менен ойнойт.
  149. Сакалдуунун баары эле чоң ата эмес.
  150. Сарттын ашына күйгөнчө, атаңдын башына күй.
  151. Таш менен урганды аш менен ур, атаңдыөлтүргөнгө энеңди алып бер.
  152. Уулсуз ата — канаты кыркылган куш.
  153. Уулу жакшы болсо, катардагы атасы бек үйүнөн жай табат. Уулу жаман болсо, тоодой болгон атасын төө үстүнөн ит кабат.
  154. Чоң атаңдын кадырын чоңойгондо билесиң.
  155. Эл – эне, жер — ата.
  156. Элдин салты — атанын наркы.
  157. Эне өлсө — төркүн жок, ата өлсө — тууган жок.
  158. Эне сыры — кызында, ата сыры — уулунда.
  159. Эне тыйбас кыздан түңүл, ата тыйбас уулдан түңүл.
  160. Эненин сөзү — нур, атанын сөзү —ур.
  161. Энеси жок кыз — эпсиз, атасы жок уул — жетесиз.
  162. Энеси жок кыздын эмчеги чоң, атасы жок уулдун аласы чоң.
  163. Энеси жоктун — кызы баш, атасы жоктун — уулу баш.
  164. Энеси көрбөгөнүн кызы көрөөр, атасы көрбөгөнүн уулу көрөөр.
  165. Энеси ой ойлобогон, атасы той тойлобогон.
  166. Эр атасыз болбос.
  167. Эр тайын тартат, ит атасын тартат.

Сан катышкан

Бул бетте сандар катышкан макалдар чыгарылды.

san jonundo makal opt
  1. Адал өлсө бир казан эт, арам өлсө бир талпак.
  2. Адам болмок аста —аста, айбан болмок бир паста.
  3. Адам дүйнөдө бир жаралат.
  4. Адамдын көзү өлгөндө (бир чымчым) топуракка тоёт.
  5. Ажы болмок — кырк жылда, пенде болмок — бир күндө.
  6. Аз сүйлөсөң, элиңе жагасың, көп сүйлөсөң бир балээге каласың.
  7. Азамат (эр жигит) — бир сырдуу, миң кырдуу болот.
  8. Азамат (эр жигит) — бир сырдуу, миң кырдуу болот.
  9. Азамат (эр жигит) — бир сырдуу, миң кырдуу болот.
  10. Ак ит, кара ит — баары бир ит.
  11. Акмактын өмүрү — акылмандын бир күнүнө татыбайт.
  12. Акыл деген — алтын таажы, ар бир башка жарашпайт.
  13. Акылдуу бир жылдыгын ойлосо, акмак бир күңдүгүн ойлойт.
  14. Акылдуу бир сөздөн түшүнөт, акмакты түртмөйүнчө түшүнбөйт.
  15. Акылдуу миң азаптан кутулат, акылсыз бир азапка тутулат.
  16. Акылы жок көпкөн, бир ажалы көптөн.
  17. Ала карганы адал десе, бир чалымы бок татыйт.
  18. Алга бир карасаң, артка беш кара.
  19. Алдырган бир киши, уурусу миң киши.
  20. Алтай менен Култайга, жалчы жүрдүм бир тайга.
  21. Антар атка бир санат, учар кушка бир канат.
  22. Аппак карда көп жүрсөң, көзүң бир күн карыгат.
  23. Ар адамда бир кыял, ал кыялды ким тыяр.
  24. Ар бир башта миң кыял.
  25. Ар бир ит — өз короосунда кожо.
  26. Ар дарттын бир дабасы бар.
  27. Ар заманда бир чукулдай.
  28. Ар кимде бар бир кыял, ал кыялды ким тыяр?
  29. Арамдын түбү бир тамыр, адалдын түбү миң тамыр.
  30. Арамзанын куйругу бир (алты) тутам.
  31. Аргасыз кулдук эткендин ичинде кеги калат, аны бир күнү алат.
  32. Арстан эрдин башына, алтымыш мүшкүл бир келет.
  33. Ат башы менен эр башы, кайда калбайт бир башы.
  34. Ат бир мүдүрүлсө, үч мүдүрүлөт.
  35. Ат жаманы кор болот, куш жаманы бир чымчыкка зар болот.
  36. Ат сыноосу бир болот, эр сыноосу миң болот.
  37. Ачкалыкта алтындан, бир жутум жарма артык.ың арык болсо — бир чап, отунуң аз болсо—бир жак.
  38. Ачкалыкта алтындан, бир жутум жарма артык.
  39. Ачылган кабак жакшылык табат, бүркөлгөн кабак бир балээге калат.
  40. Аяш жолу бир башка, адаш жолу бир башка.
  41. Баатыр — бир октук, бай бир жуттук.
  42. Баатыр бир өлөт, коркок миң өлөт.
  43. Баатырдын атын алыстан ук, жанына барсаң бир киши.
  44. Бай мактанса бир жуттук, эр мактанса бир октук.
  45. Баласыз — бир азап, балалуу — миң азап.
  46. Балкачынын миң урганы — барсканчынын бир урганы.
  47. Баскандан эринген, бир кезекте жүгүрөөр.
  48. Бир бээнин эки эмчеги, бири кетсе, экинчисинин сүтү жок, бир төөнүн эки өркөчү, бири кетсе,экинчисинин күчү жок.
  49. Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат.
  50. Бир айтканын эки айткан, төп айтпай сөзүн чеки айтат.
  51. Бир акмак атасы өлгөндө көбөт, бир акмак катын алганда көбөт.
  52. Бир акмак сууга таш ыргытса, жүз акылдуу ала албайт.
  53. Бир амал менен, эки алдай албайсың.
  54. Бир ата он баланы багаар, он бала бир атаны талаар.
  55. Бир ата отуз уулду багат, отуз уул бир атаны багалбайт
  56. Бир аял — аял, эки аял — базар, үч аял кошулса жарманке.
  57. Бир байдын журтун эки чычкан талашат.
  58. Бир барган жериңе миң жолу салам айт.
  59. Бир башта миң үмүт.
  60. Бир буту — көрдө, бир буту — жерде.
  61. Бир дарак бакча эмес, бир таш дубал эмес.
  62. Бир жолу калп айтсаң, ишенимден ажырайсың.
  63. Бир күнү тузун татсаң, кырк күнү таазим кыл.
  64. Бир күнү уруш болгон үйдөн, кырк күнү береке кетет.
  65. Бир көргөн — билиш, эки көргөн — тааныш, үч көргөн — алыш.
  66. Бир казан сүттү иритиш үчүн, бир тамчы айран жетиштүү.
  67. Бир казанда эки кочкордун башы кайнабайт.
  68. Бир карын майды бир кумалак чиритет.
  69. Бир катындын мекери — кырк эшекке жүк деген.
  70. Бир киши арык казса, миң киши суу ичет.
  71. Бир күндө эки шашкени көрбөйсүң, бир жылда эки жазды көрбөйсүң.
  72. Бир койлууга миң койлуунун иши түшөт.
  73. Бир конгон конок кут, эки конгон конок жут, үч конгон конок курут.
  74. Бир ок менен эки коён атам дебе.
  75. Бир карын сары майды бир кумалак чиритет.
  76. Бир сүйлө, эки ук.
  77. Бир тамчы таш жарат, бир сөз баш жарат.
  78. Бир уядан — бир сасык.
  79. Бир чыбык менен миң кой айдалат.
  80. Бир эрден чыккан жакшыраак, эки эрден чыккан как шыйрак, үч эрден чыккан катындан жолдо турган жоор инек жакшыраак.
  81. Бир кишинин арыгы, миң кишиге суу берет.
  82. Бир үйдүн жарыгы бир үйгө тийбейт, бирөөнүн көрүнө бирөө кирбейт.
  83. Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт.
  84. Бир чайнасаң — май чайна, былчылдасын оозуңда.
  85. Бөдөнө бөлтөйүп, кыргый кымпыйып, тоодак томпоюп мындай жаткыла, эки сартка бир тартар, бир саны бизге артар.
  86. Бөрү карыса да, бир койлук алы бар.
  87. Бою бир карыш сакалы миң карыш.
  88. Дарак бир жерде көгөрөт.
  89. Дүнүйө — бир тыйындан куралат.
  90. Дос, жолдош — бир жылдык, куда —сөөк — миң жылдык.
  91. Достун көңүлү бир тартым насыбайдан калат.
  92. Душмандан бир сактан, жаман достон миң сактан.
  93. Жакшы атка — бир камчы, жаман атка — миң камчы.
  94. Жакшы аял бир айыл элди агартат, жаман аял өз башын эптеп агартат.
  95. Жакшы деген бир атты кууса жетпейт, жаман деген бир атты жууса кетпейт.
  96. Жакшыга бир сөз, жаманга миң сөз.
  97. Жаман — эки аяк аш ичсе, бир аягы башына жүк болот.
  98. Жаман болсоң — бир кишисиң, жакшы болсоң — миң кишисиң
  99. Жаман койчу жайытын бир күндө түгөтөт.
  100. Жан эки чыкпайт, бир чыгат.
  101. Жараткандын бир күнү бар—жарым айга бергисиз, бир түнү бар — жатса уйку келгисиз.
  102. Жардынын бир тойгону — байыганга барабар.
  103. Жетесиз жети уулуң болгончо, эстүү бир кызың болсун.
  104. Жети өлчөп бир кес.
  105. Жети атасын билбеген уул — кул, жети энесин билбеген кыз — күң.
  106. Жети баштуу ажыдаардан коркпо, эки жүздүү адамдан корк.
  107. Жети кишинин бири кыдыр.
  108. Жети күндүк жаандан желип өткөн суу артык.
  109. Жети күндүн бири өлүм.
  110. Жетимиштеги чалдын көңүлү калса да, жетидеги баланын көңүлү калбасын.
  111. Жеткен — жети муштайт, жетпеген — бир муштайт.
  112. Жигит бир сырдуу, кырк (төрт, сегиз) кырдуу болот.
  113. Жигитке бир сыр, жети кыр керек.
  114. Жүз дос — аз, бир кас — көп.
  115. Жүз жолу айткандан бир жолу көргөн жакшы.
  116. Жүз сөздү бир сөз токтотот.
  117. Жүз сом күткөнчө, жүз жолдош күтөйүн.
  118. Жүз, жүзгө жеткенде кудайдан күдөрүңдү үз.
  119. Жүзгө жет, мүдөөм кет.
  120. Жүзгө чейинди «жасоол» дейт, миңге чейинди «кол» дейт, миңден ашыгын «кошуун» дейт.
  121. Жүздөн — бирди, миңден — онду танда.
  122. Жүздөн бирөө — чечен, миңден бирөө — көсөм.
  123. Жүздөн күлүк, миңден тулпар.
  124. Жылкычынын бир көргөнүн хан көрбөйт, бир көргөнүн ит көрбөйт.
  125. «Көрдүм» деген көп сөз, «көрбөдүм» деген бир сөз.
  126. Калпычынын куйругу бир тутам.
  127. Камчы болсоң төрт кырдуу бол, жигит болсоң, бир сырдуу бол.
  128. Кандын да бир татым тузу кемиптир.
  129. Кара атан өлсө союлар, кан ата өлсө коюлар, он эки айда бир келген кар сонор кайдан табылар.
  130. Карга да эки чокуп, бир карайт.
  131. Карганы алты жылы борго байласа, бир чалымы — жин (же бок) татыйт.
  132. Катын алсаң отун ал, бир кучагын ашык ал.
  133. Кембагал байдан кем эмес, бир айыбы малы жок.
  134. Көп акмактын агасы болгончо, бир акылмандын иниси бол.
  135. Коёндун териси бир жыл чарыкка чыдаптыр
  136. Конок бир күн консо — кут, эки күн консо — жут.
  137. Коркконго бир ок да көп, баатырга жүз ок да аз.
  138. Кулалыдай салпактап миң жыл өмүр сүргөнчө, барчындай асманда чалкып, бир жыл өмүр сүр.
  139. Кырк киши — бир жакта, кыңыр киши — бир жакта.
  140. Кырманды кырк таптаган аз.
  141. Мейманга аш кой, эки колун бош кой.
  142. Миң бирге чыккан торгоймун, өз жанымды коргоймун.
  143. Миң жылдыздын бир айча жарыгы жок.
  144. Миң кайгы бир карыздан куткарбайт.
  145. Миң калп бир чынга татыбайт.
  146. Миң каракчы бир жылаңачты тоной албаптыр.
  147. Миң кишинин атын билгенче, бир кишинин сырын бил.
  148. Миң күнү кыйналсаң, бир күнү унутаарсың.
  149. Миң күнкү бейиштен бир күнкү бакырчылык артык.
  150. Миң койду бир серке башкарат.
  151. Миң койлууга карышкыр тийсе, бир койлуу бычак алып чуркаптыр.
  152. Миң кошчуга бир башчы.
  153. Миң ооз сөз бир болсо, бир ооз сөз тек турат
  154. Миң сомдук камчыдан, бир сомдук пайда жок.
  155. Миң чеченди бир дөөрүк жеңиптир.
  156. Миңди айдаган да бирди минет, бирди айдаган да бирди минет.
  157. Миңден тандап бирди сүй, сүйгөнүң үчүн отко күй.
  158. Миңин айтпай, бирин айт, чөп санабай, гүлүн айт.
  159. Миң жылдык караңгылыктан бир күндүк жарыкчылык.
  160. Миң карганы бир таш учурат.
  161. Он күндүк ашың болгончо, бир күндүк эшиң (ишиң же дос) болсун.
  162. Он түгөттөн — бир табышкер артык.
  163. Он эки пайгамбардан бир кудай улуу.
  164. Он эки пайгамбардан, бир кудай өтүптүр.
  165. Он экинин бири жок, уй байларга жиби жок.
  166. Ооз—бирөө, кулак экөө, бир сүйлөсөң, он тыңша.
  167. Ооз—бирөө, кулак экөө, бир сүйлөсөң, он тыңша.
  168. Орозойдун он тамыры бир келиптир.
  169. Орозойдун баласы отузга чыкканча жаш/
  170. Отуз жыл ийилип өскөн тал бир жылда түзөлбөйт.
  171. Отуз өлчөп бир кес, он жолу ченеп бир жолу кес.
  172. Отуз күндүк орозонун, уч күндүк айты бар.
  173. Отуз тиштен чыккан сөз отуз уруу элге тараар.
  174. Отуз уулум болгуча, осурак чалым болсочу.
  175. Отузунда ок ата албаган, кыркында кылыч чаппас.
  176. Өлсөк, бир чуңкурда, тирүү болсок, бир дөбөдө.
  177. Өспөс элдин балдары, бир —бирине кас болот, өсөөр элдин балдары, бир — бирине дос болот.
  178. Паракорлор кызыгат бир токочтук тыйынга.
  179. Саап ичсең — миң күндүк, союп жесең — бир күндүк.
  180. Сөз бирөө, кулак экөө.
  181. Сөздүн башы бир бычак, аягы бир кучак.
  182. Сөздүн сөздөй баркы бар, отуз эки наркы бар.
  183. Соко бир кишини багат, соода миң кишини багат.
  184. Теңирим бир жааса, терегим эки жаайт.
  185. Темирдин бир башы ысык, бир башы суук.
  186. Төрт өлчөп бир кес, ток этээр сөздү бир айт.
  187. Тулпардын бир туягы кем.
  188. Тулпардын үйүрү бир болсо да оттоосу башка.
  189. Тууган бир жакшылыкта, бир жамандыкта.
  190. Улугуң сокур болсо, бир көзүндү жум.
  191. Улугуң сокур болсо, бир көзүндү жум.
  192. Уурунун бир бети кара, айгактын эки бети кара.
  193. Үйдү кырк эркек толтуралбайт, бир аял толтурат.
  194. Үйдө бир душманың болгуча, тышта миң душманың болсун.
  195. Чакырылбаган бир конок үчүн — жок.
  196. Чычкандай жүз жыл жашаганча, жолборстой бир жыл жашаган артык.
  197. Эбин тапкан — эки ичет, эңсеси каткан — бир ичет.
  198. Эки бакыр — бир тукур.
  199. Эки бай куда болсо — жорго алышат, эки кедей куда болсо — дорбо алышат.
  200. Эки аял — базар, үч аял — жарманке.
  201. Эки аяктуудан бажа таттуу, төрт аяктуудан бото таттуу.
  202. Эки аяктуу адам түгүл, төрт аяктуу мал аксайт.
  203. Эки ат минген кеч калбайт, элдүү түлкү ач болбойт.
  204. Эки арамза дос болбойт.
  205. Эки бээлүү — эл сактайт, жалгыз бээлүү — жан сактайт.
  206. Эки дөө кагылышса, орто жерде кара чымын кырылат.
  207. Эки доо бир келсе амалыңдын кеткени,эки оору бир келсе ажалыңдын жеткени.
  208. Эки жагыңа байкап иш кыл, жылкыңа карап ышкыр.
  209. Эки жакшы баш кошсо — ырыс, бир жаман менен бир жакшы баш кошсо — дурус, эки жаман баш кошсо — күн сайын уруш.
  210. Эки жакшы бир жайлоого чыкса — кудалашып түшөт, эки жаман бир жайлоого чыкса — кубалашып түшөт.
  211. Эки жакшы кас болбойт, эки жаман дос болбойт.
  212. Эки жаман таарынышса — амандашпайт, ‘ки жакшы таарынышса — жамандашпайт.
  213. Эки жарты бир бүтүн — эптүү кыздын калыңы, сексен жылкы, сегиз төө — септүү кыздын калыңы.
  214. Эки жинди бир кетти — эсен барып, соо келсин.
  215. Эки жүздүү эл бузат.
  216. Эки өчтүүнү бир күчтүү кошуптур.
  217. Эки катын алганча, эки каптал чай керек, эки семиз бээ керек.
  218. Эки күнгө ээси бербейт, бир күнгө өгүз өлбөйт.
  219. Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт.
  220. Эки кылыч бир кынга сыйбайт.
  221. Эки молдо — бир киши, бир молдо — жарты киши.
  222. Эки текем бир букача жок бекен.
  223. Эки тизгин, бир чылбыр, эл башкарган жигитте.
  224. Эки тоо кошулбайт, эки киши көрүшөт.
  225. Эки уйлуунун үйү — айран, эки аялдуунун үйү — ойрон.
  226. Эки чанач, бир козу — эр жигиттин жолдошу.
  227. Эки эрдин достугу, бир белден ашырат, эки элдин достугу, миң белден ашырат.
  228. Экөө келжиресе, үчүнчүсү болбо.
  229. Экөөнө бирөө бата албайт.
  230. Эки көздүн бири жоо чыккан заман.
  231. Эки коёнду кууган бирин да кармай албайт.
  232. Эки ооз бириксе, жалгыз ооз тим турат.
  233. Эчки эгизди тууйт, ит сегизди тууйт, жолборс бирди тууйт, бир жолборс миң иттин жолун бууйт.
  234. Эшеги — бир теңге, токуму — миң теңге.
  235. Ээси эки кылам десе, эгем бир кылат.
  236. Адамга эки нерсе тирек деги, бири тил, бири дилиң жүрөктөгү.
  237. Адамдын көркү — бөз, көңүлү — эки ооз сөз.
  238. Айлың ала болсо, эки атың шала.
  239. Эки уулдуу кишинин өлөөр — өлбөс жаны бар.
  240. Алтыга алып, бешке сат, атың болсун соодагер.
  241. Алтымыш күн атан болуп жүргөнчө, алты күн буура болуп зиркилде.
  242. Алты ай таптасаң да, карганын иши карга.
  243. Асыл жигит — алты кырдуу, он эки сырдуу.
  244. Ат айланып казыгын табат, жөө калсаң, эки өңүрүң саныңды чабат.
  245. Ачарчылыкта туулган баланын эки көзү ашта,
  246. Аштык көп болуп, эки жыл ичпейт.
  247. Бактылууга эки дос келет, бактысызга эки ууру келет.
  248. Балалык кишиге эки келет, бири жашында бири карыганда.
  249. Бир амал менен, эки алдай албайсың.
  250. Бир ата он баланы багаар, он бала бир атаны талаар.
  251. Адамды билиш үчүн аны менен бирге үч пуд туз жеш керек.
  252. Акыл үч жолу кемийт: капалуу болгондо, уктабай жүргөндө, курсак ачканда.
  253. Акыл үч жолу толот: шат болгондо, уктагандан кийин, курсак тойгондо.
  254. Ат баспайм деген жерин — үч басат, эр көрбөйм деген жерин — үч көрөт.
  255. Жетимчиликти көп көргөн, үч чакыртпай «ии» дебес.
  256. Бай жарды болсо, үч жылы байлыгын коё бербейт, жарды бай болсо, үч жылы жардылыгын коё бербейт.
  257. Төрт уулдуу кишинин, төрт өрөөндө малы бар.
  258. Жоомарт менен калыстын төрт аягы кыбыла.
  259. Жоргодон жорго чыкса төрт аягы тыбырайт, чеченден чечен чыкса оозу — мурду кыбырайт.
  260. Күлүктөн күлүк чыкса — төрт аягы тыбырайт.
  261. Төрт аяктуу мал да мүдүрүлөт.
  262. Эсиң болсо эчки бак, эчки тууйт төрт улак, эч оокатың болбосо, эгин айдап, жериң чап.
  263. Адамды акылга бай кылган — эмгек, төрт түлүктү шай кылган эмгек.
  264. Азаматтын жакшысы он бешке келсе — кичүүлүк жок, жүзгө келсе — карылык жок.
  265. Ай он бешинде кайда бараар дейсиң?
  266. Айдаганы беш эчки—ышкырыгы таш жарат.
  267. Айдын он беши жарык, он беши караңгы.
  268. Аларманга алтоо аз, берерманга бешөө көп.
  269. Алга бир карасаң, артка беш кара.
  270. Алтыга сатып, бешке алган соодагердин адаты.
  271. Ана катын мас болсо, беш көкүл менен урушат.
  272. Бешимде туруп кеп айтсаң, беш күнгө чейин оолугат.
  273. Берерге бешөө чыкпаса, аларга алтоо чыгат.
  274. Беш кол оозго батпайт.
  275. Беш кол тең эмес.
  276. Беш тогоол өтпөй бел чечпейт.
  277. Бешик баласы беш түлөйт.
  278. Жакшы адам он бешинде жашмын дебейт, жүзгө чыкса карыдым дебейт.
  279. Жаман катын белгиси, жапкан наны карала. Беш эчкиси тууса эле, бел кырчоодон сарала.
  280. Жаманга эш тарткыча, камчы менен беш тарт.
  281. Коркконго кош көрүнөт, кошогу менен беш көрүнөт.
  282. Мытандан жасалган буламык — ичейин деген ашым эмес, токсон беш — сени көрөйүн деген жашым эмес.
  283. Нысапсызга кашык салса беш ууртайт.
  284. Азамат эрге алтымыш өнөр аздык кылат.
  285. Алкың бузулбаса, аяктагы аш алты кишини тойгузат.
  286. Алсыздын тили алты кулач.
  287. Алты жашар бала атка минсе, алтымыштагы чал салам берет.
  288. Алты өлөңүм бек болсо, атым туйлап не кылат.
  289. Алты күн ачка калсаң да атаңды сыйла!
  290. Алты саны аманда, жер караган оңоорбу!
  291. Алты уулдуу кишинин, алты өрүштө малы бар. Төрт уулдуу кишинин, төрт өрөөндө малы бар. Эки уулдуу кишинин өлөөр — өлбөс жаны бар.
  292. Алтымыш менен жетимиш абышканын курагы.
  293. Алтымышта атаңдын, алдап соолап күчүн ал.
  294. Айгакка — алты таяк.
  295. Жардынын жети каңшаары бар.
  296. Жер кулагы жети кат.
  297. Жеримде жээрде сакал бий элем, эми жети сакал кул болдум.
  298. Жеринен ажыраган жети жыл ыйлайт, элинен ажыраган өлгөнчө ыйлайт.
  299. Жетеси жокко жети күн айт.
  300. Жээн келгенче, жети бөрү келсин.
  301. Жээриңе келгенде жети кабат бөрү элең, жебесиңе келгенде жин окуган молдо элең.
  302. Кыз жети жашка келгенде энесин жергеге кошот.
  303. Кызың жаман болсо, жети атаңа жетээр, «аттигиниң ай» деп өмүрүң өтөөр.
  304. Сопусунган молдонун үйүнөн жети камандын башы чыгыптыр.
  305. Уй сойсоң үч күн үйүңө жолобо, жылкы сойсоң, жети күн үйүңөн чыкпа.
  306. Жардынын жети каңшаары бар.
  307. Аскар — аскар тоо — аягы келип чап болот, атадан сегиз болсо да — сыйлашпаса жат болот.
  308. Секет үчүн сегиз сөм ыйгарганың — молдонун кызын септүү кылганың.
  309. Билгениң бир тогуз, билбегениң токсон тогуз.
  310. Жерге чачылган кык, тогуз жылы пайдасын тийгизет.
  311. Кан тартуусу — тогуз.
  312. Соёрун сойдук, тогуз катын ким артат?
  313. Тогуз кабат торкодон токтучагымдын териси артык.
  314. Тогуз кабат торкодон токтучагымдын териси артык.
  315. Билгениң бир то
  316. гуз, билбегениң токсон тогуз.
  317. Ата — эне берген тарбиядан турмуш өзү берген тарбия он эсе артык.
san jonundo makaldar 2

Жалкоолук жонундо

Бул бетте жалкоолук жонундо макалдар чыгарылды.

jalkoo jonundo makal opt
  1. Аңкоонун эч нерседен кабары жок, жалкоонун эч нерсени табаары жок.
  2. Бала күлкүгө тойбойт, жалкоо уйкуга тойбойт.
  3. Бала оюнга тойбос, жаман уктаганын койбос.
  4. Жайбаракат — жазга жакпайт, жабыла иштөө — жалкоого жакпайт.
  5. Жайбаракат жазга жакпайт, жарыша иштөө жалкоого жакпайт.
  6. Жакшы — жумуш башында, жалкоо — үй кашында.
  7. Жакшы киши мал бакса — торугун семиртет, жалкоо киши мал бакса — сөөгүн итке кемиртет,
  8. Жалгыздык жалдыратат, жалкоолук шалдыратат.
  9. Жалкоого кеч кирбейт, жаманга эс кирбейт.
  10. Жалкоо — ашка белен, ишке керең.
  11. Жалкоо «биз бүтүрдүк» деп, бүткөн иштин башында.
  12. Жалкоо «качан тамак берет» деп, катынынын кашында.
  13. Жалкоо жеңилдин асты менен оордун үстү менен жүрөт.
  14. Жалкоо карап отуруп чарчайт.
  15. Жалкоого аш болсо да, иш болбосо.
  16. Жалкоого иш буюрсаң, өзүңө акыл үйрөтөт.
  17. Жалкоого күн кечкирбейт.
  18. Жалкоого шылтоо көп.
  19. Жалкоолук адамды карытат, эмгек адамды байытат.
  20. Жалкоону алкы башкарат, ак ниетти намыс башкарат.
  21. Жалкоонун иши аз, себеби көп.
  22. Жалкоонун сыркоосу көп, жандеменин шылтоосу көп.
  23. Жаман дарт—жалкоолук.
  24. Жардылык жаман эмес, жалкоолук жаман.

Кыш жонундо

kysch jonundo makal opt

Бул бетте кыш жонундо макалдар чыгарылды.

  1. Кыш азыгын жайда камда.
  2. Айдагың келсе эгин, күздүн камын жазында жегин, жаздын камын кышында жегин.
  3. Ач өлтүрбө, ток өлтүр, кыш өлтүрбө, жаз өлтүр.
  4. Аштык айда жазында, айдабасаң жазында, ачка өлөрсүң кышында.
  5. Какаары болбой, кыш болбойт, катыны болбой, эр болбойт.
  6. Жаз жардыныкы, кыш алдуунуку.
  7. Жазганбаган кыздан түңүл, жаздай болгон кыштан түңүл.
  8. Жазгы жамгырга ишенбе, кышкы күнгө ишенбе.
  9. Жазда жамынчагыңды таштаба, кышта өзүң билесиң.
  10. Жазда жаныңды айдабай, кышта казаның кайнабайт.
  11. Жазда кылган мээнетти, кышта көрөт дөөлөттү.
  12. Жазда магдырасаң, күздө жалдырайсың, кышта дабдырайсың.
  13. Жазда малды айдап бак, кышта малды байкап бак.
  14. Жазда кыл мээнетти, кышта көр дөөлөттү.
  15. Жаздын тонун кыш кийсе, тоңуп калат азамат.
  16. Жаздын уйкусу (түйшүгү) — кышка кам.
  17. Жазында ырдап жүрбөсөң, кышында жыргап жүрөсүң.
  18. Жай — бейиштин белгиси, кыш — тозоктун белгиси.
  19. Жай кийгенин кыш кийген жарды кайдан байысын.
  20. Жайкы жамгырга, кышкы күнгө ишенбе.
  21. Жайында баспаган, кышында чуркайт.
  22. Жайында иштебей жаткан катын, кышында колун отко кактаган.
  23. Калыпсыз кыш болбойт, ойлонбосо иш болбойт.
  24. Катуу кыштан калган мал олжо, катуу оорудан калган жан олжо.
  25. Күзүндө чыгынбаган, кышында жылынбайт.
  26. Кыш азыгын жайда камда.
  27. Кыш арабаңды дайында (шайла), жай чанаңды дайында (шайла).
  28. Кыш деген айттырбай келет.
  29. Кыш кырга конбо, жаз сайга конбо.
  30. Кышкы суукта куу сакта, жазгы чөлдө суу сакта.
  31. Кышта көрсөң камылга, келерки күздө табылга.
  32. Кыштын камын жайда көр, жайдын камын кышта көр.
  33. Кышын кышына кынаштырган, ташын ташына кынаштырат.
  34. Кышында арабаңды дайында, жайында чанаңды дайында.
  35. Үйдүн жакшы жаманы кыш түшкөндө билинет.
  36. Үйдүн ысык — суугун кыш түшкөндө билерсиң, кишинин жакшы — жаманын иш түшкөндө билерсиң.
  37. Эгер адамзат жай менен кыш, ысык менен суук, ачуу менен таттууну көрбөсө, бул чиркин бир катырган сүрөт эмеспи.

Суйуу жонундо

Бул бетте суйуу жонундо макалдар чыгарылды.

suiuu jonundo makal opt
  1. Дыйкандын сүйүүсү жашыл жерде, учкучтун сүйүүсү көгүлтүр асманда.
  2. Зер кадырын зергер билет, сүйүү кадырын сүйгөн билет.
  3. Сүйүү башталган жерде, акыл аягына чыгат.
  4. Сүйүү өлүмдөн күчтүү.
  5. Сүйүү кары — жашты ылгабайт.
  6. Сүйүү менен жаша, күрөш менен өл.
  7. Сүйүү оттон ысык, гүлдөн назик.
  8. Сүйүү сулуу издебейт, уйку төшөк издебейт.
  9. Сүйүүнүн көзү сокур.
  10. Сүйүүсүз адамдардын оту күйүшпөйт.
  11. Сүйүүсүз аял карыз алган буюмдай.
  12. Ат алсаң минип ал, аял алсаң сүйүп ал.

Адеп, уят, абийир жонундо

Бул бетте адеп, уят, абийир жонундо 80 макал чыгарылды.

adep jonundo makal opt 2
  1. Адам көркү — адеп.
  2. Адамдын көркү — адилеттүүлүктө, жигиттин көркү — адептүүлүктө.
  3. Адеби жок жигит — жүгөнү жок атка окшош.
  4. Адеби жок жигит жүгөнү жок атка окшош,
  5. Адеби жок аял кабанаак итке окшош.
  6. Адеби жоктун аты —жөнүн сураба.
  7. Адеби жоктун, уяты жок.
  8. Адепсиз бала — таманга жабышкан чыла.
  9. Адепсизден алыс кач.
  10. Адепсизден да адептүүлүктү үйрөн.
  11. Адептүү — алкыш алат, адепсиз — каргыш алат.
  12. Адептүү бала — абийир, адепсиз бала — жабыр.
  13. Адептүү жигит азаптан алыс болот.
  14. Адептүү киши — азаптан алыс.
  15. Адептүүлүк— адамдын көркү.
  16. Ата кебин эшиткен уул адеп тутат.
  17. Уулуңду адепке сөз менен эмес, өрнөк менен (өрнөктүү иш менен) үйрөт.
  18. Ынанымы жоктун адеби жок.
  19. Адамдын башкы милдети — ыймандуулук.
  20. Картаңдан ыйман кетсе, жаштардан уят кетет.
  21. Катының жаман болсо мейманың кетер, уулуң жаман болсо ыйманың кетер.
  22. Молдо менен жүрсөң ыйманың озор, араба менен жүрсөң, ыйманың тозор.
  23. Туура бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок.
  24. Ыйман турар токтуктан, ыйман качар жоктуктан.
  25. Ыймандуу уул болбосо, баланын баласына кор экен.
  26. Ыйманы бар боз бала күйүп турган чырактай, ыйманы жок боз бала, жакын да болсо ыраактай.
  27. Ырайына жараша ыйманы.
  28. Эрден ыйман качып кутулбайт.
  29. Ак ниет болсоң — жетерсиң муратка, арамдык кылсаң — каларсың уятка.
  30. Бай малын жейт, кедей жанын жейт, уятсыз арын жейт.
  31. Байлык — мурат эмес, жоктук — уят эмес.
  32. Бар барын жейт, уятсыз арын жейт.
  33. Бардын малын чачам, жоктун уятын ачам.
  34. Билбеген — уят эмес, билгиси келбеген — уят.
  35. Бирди жеп уятың чыкканча, миңди жеп атың чыксын.
  36. Жакшы менен жүрсөң — жетесиң муратка, жаман менен жүрсөң — каласың уятка.
  37. Жакшынын жаты болбойт, жамандын уяты болбойт.
  38. Жардылык уят эмес, байлык мурас эмес.
  39. Кайнене айбаттуу болсо, келини уяттуу болот.
  40. Калк кадырына жетүү кымбат, урмат — сыйдан ажыроо — уят.
  41. Камчы кайраттуу болсо, катын уяттуу болот.
  42. Кандын өлүмү — эли терс караганы, алптын өлүмү — эл алдында уятка калганы.
  43. Карыганда — көздүн кубаты кетсе, мас болгондо — сөздүн уяты кетет.
  44. Кыз уяты — тартуу, ат уяты — сатуу,
  45. Мыйзамды аткарсаң жетээрсиң муратка, болбосо каларсың уятка.
  46. Осурактын уяты жок, аз гана бетке чиркөөсү бар.
  47. Өзүнүн уяты жоктун, сөзүнүн туруму жок.
  48. Саламсыз кирген уят, жоопсуз чыккан уят.
  49. Сураган уят эмес, уурдаган уят.
  50. Улуу сөздө уят жок.
  51. Уулдан уят кетсе, келинден келбет кетет.
  52. Уулду төрөйт — уятын кошо төрөбөйт, кызды төрөйт — кыялын кошо төрөбөйт.
  53. Уясы жок күкүк болот, уяты жок түксүз болот.
  54. Уят — өлүмдөн катуу.
  55. Уят — уяттуу үчүн.
  56. Уят өзүнчө бир уруу журт.
  57. Уят өлүмдөн катуу экени кийин билинет, бирок анда кеч болуп калат.
  58. Уят өлүмдөн күчтүү.
  59. Уятсыз дыйкан — жерсирээк, уятсыз катын — эрсирээк.
  60. Уятсыз жигит— жүгөнү жок атка окшош.
  61. Уятсыз уул — урматсыз жээн болор.
  62. Уяты жоктун бети калың.
  63. Уяты жоктун колуна кашык тийсе, беш ууртайт.
  64. Эркек үндүү аялдын уяты жок, катын үндүү эркектин кубаты жок.
  65. Акмакты сыйласаң, абийириңди төгөт.
  66. Алганың жаман болгон соң, абийириң кайдан жабылат.
  67. Абийири мүлдө төгүлсө, эл караган оңоорбу!
  68. Арактын кулу болгонуң, абийириңден куру болгонуң.
  69. Ата сыйлаган абийир табат.
  70. Атаны сыйлаган абийир табат, энени сыйлаган элге жагат.
  71. Аттан айрылсаң да, абийирден айрылба.
  72. Бир ооз сөз абийир каралайт, бир ооз сөз жүрөк жаралайт.
  73. Калп айтпай абийир ачылбайт, кысталбай малың чачылбайт.
  74. Кудай малыңды алса да, абийириңди албасын.
  75. Өз абийирин сактабаган, өзгө абийирин сактабайт.
  76. Өзүн сактай билген, абийирин барктай билет
  77. Өлүм — бардын малын чачат, жоктун абийирин ачат.
  78. Уулуң чоңойсо, абийирдүү менен айылдаш бол, кызың чоңойсо, өнөрлүү менен айылдаш бол.
  79. Эки доочу бир келсе — абийириңдин кеткени.
  80. Адал иш абийир таптырат, арам иш азабын тарттырат.

Куз жонундо

Бул бетте куз жонундо макалдар чыгарылды.

kuz jonundo makal opt
  1. Балапандарды күзүндө санайт.
  2. Жаз — жарыш, күз — күрөш.
  3. Жазгы муздун жабыктайынан кач, күзгү муздун күзгүдөйүнөн кач.
  4. Жазгы мээнет — күзгү ыракат,
  5. Жазда магдырасаң, күздө жалдырайсың, кышта дабдырайсың.
  6. Жаздын аракети, күздүн берекети.
  7. Жөжөнү күзүндө санайт.
  8. Күз — талаш маалы.
  9. Күзгү күчүңдү күйөөңө бербе, жазгы күчүңдү атаңды өлтүргөндөн да аяба.
  10. Күзгү муздун күзгүдөйүнөн качпа, жазгы муздун жабыктайынан кач.
  11. Күзүндө үркүп калат, жазында илкип калат.
  12. Күзүндө чыгынбаган, кышында жылынбайт
  13. Кыргыек келбей күз болбойт, кыямга келбей иш болбойт.
  14. Кышта көрсөң камылга, келерки күздө табылга.
  15. Малдын төлүн күзүндө сана.
  16. Эрте жазда куймак жеген, кеч күздө ээрдин тиштейт.
  17. Айдагың келсе эгин, күздүн камын жазында жегин, жаздын камын кышында жегин.
    6789101112131415161718192021222324252627282930313233343536373839404142434445464748495051525354555657585960616263646566676869707172737475767778798081828384858687888990919293949596979899100101102103104105106107108109110111112113114115116117118119120121122123124125126127128129130131132133134135136137138139140141142143144145146147148149150151152153154155156157158159160161162163164165166167168169170171172173174175176

Мекен жонундо

Бул бетте мекен жонундо макалдар чыгарылды.

ata meken jonundo makal opt
  1. Ар бир адам Мекенин сүйөт, соодагер бекерин сүйөт.
  2. Ата — мекен, эне —нур.
  3. Мекенден айрылганча — өмүрдөн айрыл.
  4. Мекендин бактысы өмүрдөн кымбат.
  5. Мекендин кадыры башка жерде билинет.
  6. Мекенсиз адам — үнсүз булбул.
  7. Мекенсиз турмуш — жаналы турмуш.
  8. Өз мекениңди көздөй сакта.
  9. Уулдун уулу мекен коргойт, душмандын астын торгойт.
  10. Элиң барда жардымын дебе, мекениң барда шордуумун дебе.
  11. Ар бир адам Мекенин сүйөт, соодагер бекерин сүйөт.
  12. Ашказандын кебин кылып, Ата Журттун даңкын чыгара албайсың.
  13. Ата журтуң — алтын бешик.
  14. Ат арытмак арзан, журт арытмак кымбат.
  15. Ата сөзүн укпасаң, ажырайсың журтуңан.
  16. Атажурт — алтын бешик.
  17. Бир байдын журтун эки чычкан талашат.
  18. Бир жакшы — бар журттун камын жейт, бир жаман — бар малын жейт.
  19. Жоолашкан эки журттун кыйыры ыйык.
  20. Журт аймагы кең, аалам менен тең.
  21. Журт арасын атанын арам сийдик уулу бузат.
  22. Журт кечээ кубарса, бүгүн көгөрөт.
  23. Журт мазар, журттан чыккан азар.
  24. Журт кыйырын күзөткөн алп кеткенде өз жоолашар, душман көк ташка кылычын жанаар.
  25. Журтка жек көрүнгөндү кудай жек көрөт.
  26. Журтту жалгасын, журт ичинде бечера бизди жалгасын.
  27. Журттун ынтымагына балта чапкан бузукуну журт алдында мууздайт.
  28. Журту тирүүнүн өзү тирүү.
  29. Илгеркинин жакшысы журттун камын жейт, эмдигинин жакшысы өзүнүн кара жанын жейт.
  30. Камдуу журт жоого кор болбойт.
  31. Көчкөн журттун баркын, конгон журтуңда билесиң.
  32. Кой көтөрөт өлүмдү, журт көтөрөт көңүлдү.
  33. Кулалы жыйып куш кылган, куранды жыйып журт кылган.
  34. Өнөрлүү журт — амалдуу.
  35. Тентекке санат болбосо, журт ырааты бузулат.Тукум уласа, журттун жылдызы жарык.
  36. Ынтымагың бар болсо, айылың менен журтка тең болоорсуң, ынтымагың болбосо, жашоо кыйын тынчыраак.
  37. Ынтымак жакшы ырк жакшы, ынтымактуу журт жакшы.
  38. Эзелден душман журтту тууган кылуу — бул эң бийик сыймык.
  39. Эл башчылар достошсо, бактысы болот журтунун.
  40. Элдин элчилиги, журттун журтчулугу — даңаза.
  41. Эли журтуң болбосо, ай — күнүңдөн не пайда.
  42. Эр канаты — күлүк ат, журт тиреги — эр жигит.
  43. Эрдин бир журту — өз эли, бир журту — кайыны, бир журту — тайы.
  44. Эски журттун кадыры өрүүдө билинет.
  45. Эстүү киши кыйшайбай, эл — журтуна тең болот.
  46. Акылман билги өлсө — журт акылсыз, эр кол башчы өлсө — кол жетим.
  47. Агын чогулуп сел болот, адам чогулуп эл болот.
  48. Адал эмгек элге жеткирет, арамдык элден кетирет.
  49. Адал эмгек элге жеткирет, арамдык элден кетирет.
  50. Ажоосу жок эл — серкеси жок кой.
  51. Азаматка — эл арка.
  52. Ай күн менен жакшы, эр эл менен жакшы.
  53. Айрылган эл — азаар. Кошулган эл — озоор.
  54. Акмак эл мени билбейт деп наалыса, акылдуу элди мен билбейм деп наалыйт.
  55. Акыны болбой эл болбойт, эсеби болбой мал болбойт.
  56. Аңдышкан эл болбойт, эсептешкен коңшу болбойт.
  57. Эл эмгегин жебегин, жегенден жетөө болбойсуң.
  58. Арамзаада эл бузар, айкын жерди сел бузар.
  59. Адашкан жыйып эл кылдым, айланып кетсин туугандан.
  60. Ата баласы болбосоң болбо, эл баласы бол.
  61. Атаң барда эл тааны, атың барда жер тааны.
  62. Баатыр туулса — эл ырысы, жамгыр жааса — жер ырысы.
  63. Байлыксыз эл болбойт, байгамбарсыз дин болбойт.
  64. Байлыкты эл жаратат, басынткан жер каратат.
  65. Бакага балыр көл жакшыБалыкка терең суу жакшыЖигитке өскөн эл жакшы.
  66. Бала калса эл табат, катын калса эр табат.
  67. Азаматтын кадырын атасы эмес, эл билет.
  68. Ата —энеси жоктун эли бар, эли жоктун өлүмү бар.
  69. Ханды кудай ураарда катыны менен кабышат, эли менен чабышат.
  70. Эли байдын, өзү бай.
  71. Элиң барда шордуумун дебе, мекениң барда жардымын дебе.
  72. Элиң сынганы — белиң сынганы.
  73. Элиң түлкү болсо түлкү бол, бөрү болсо бөрү бол.
  74. Элиңде жаманың болсо — эрмегиң ошол.
  75. Элиңде тынчтык жок болсо, алдыңдан таяр алтын так.
  76. Элиңди жаман көрсөң, элге кантип батасың? Жериңди жаман көрсөң, көргө кантип батасың?
  77. Элин коргоп жоо сайган — баатыр атка конот.
  78. Элин сагынбас эр болбос, үйрүн сагынбас ат болбос.
  79. Элин сыйлабаган тилин жерийт.
  80. Элине арка болуучу уул — эки миздүү шап.
  81. Элине моюшкан азамат душманына тизе бүкпөс.
  82. Элинен безген эр оңбос, көлүнөн безген каз оңбос.
  83. Элинен качканды бөрү жейт.
  84. Элүү жылда — эл жаңырат, жүз жылда — жер жаңырат.
  85. Эл—мазар, элден чыккан (же кеткен) —азар.
  86. Ажоосу жок эл — серкеси жок кой.

6789101112131415161718192021222324252627282930313233343536373839404142434445464748495051525354555657585960616263646566676869707172737475767778798081828384858687888990919293949596979899100101102103104105106107108109110111112113114115116117118119120121122123124125126127128129130131132133134135136137138139140141142143144145146147148149150151152153154155156157158159160161162163164165166167168169170171172173174175176


Байлык жонундо

bailyk jonundo makal opt

Бул бетте байлык, бийлик жонундо макалдар чыгарылды.

  1. Адамды бузган — байлык менен бийлик.
  2. Айды этек менен жаба албайсың, байлыкты бекер жерден таба албайсың.
  3. Акыл — ардак, байлык — бакыт.
  4. Акыл байлыгы — азбас байлык.
  5. Акыл байлыгы — тозбос байлык.
  6. Акылы жоктун байлыгы да жок, бактысы да жок.
  7. Алтын байлык эмес, акыл — байлык.
  8. Алтын жерден чыккан байлык болсо, акыл элден чыккан байлык.
  9. Алтын күмүштү байлык туткан киши башын жолдо калтырар, баба сөзүн улаган кишинин орду төрдө болор.
  10. Аша байлык жоону көбөйтөт.
  11. Баатыр элден чыгат, байлык жерден чыгат.
  12. Бай байлыгын, кул чарыгын салат.
  13. Бай жарды болсо, үч жылы байлыгын коё бербейт, жарды бай болсо, үч жылы жардылыгын коё бербейт.
  14. Байкуш эңсейт — байлыкты, карыя эңсейт — жаштыкты.
  15. Байлыгың болбосо да баркың болсун.
  16. Байлык — байлык эмес, бирдик — байлык.
  17. Байлык — куушурат, жоктук — бышырат.
  18. Байлык — мурат эмес, жоктук — уят эмес.
  19. Байлык адамды эсиртет, эсирген адамдын кесири көпкө тиет.
  20. Байлык бакыт эмес.
  21. Байлык бирөөнүн маңдайына бүтсө, бирөөнүн таңдайына бүтөт.
  22. Байлык жерде, күч элде.
  23. Байлык өтөт, кедейлик кетет.
  24. Байлык колдун кириндей, бирде келет, бирде кетет, жукса турат, жууса кетет.
  25. Байлык мактантат, кедейлик сактантат.
  26. Байлык менен бийлик колдун кири, жууса кетет, өлсө калат.
  27. Байлык мүлктө эмес — талантта.
  28. Байлык мурат эмес, жоктук уят эмес.
  29. Байлык не дедирбейт, жоктук не жедирбейт.
  30. Байлык эмне дегизбейт, жоктук эмне жегизбейт
  31. Байлыксыз эл болбойт, пайгамбарсыз дин болбойт.
  32. Байлыктан көрө биримдик артык.
  33. Байлыктуу — баатыр, байлыксыз — жалтак.
  34. Байлыкты бөлүм түгөтөт, ооруну өлүм түгөтөт.
  35. Байлыкты бөлүм түгөтөт, ооруну өлүм түгөтөт.
  36. Байлыкты сүйгөн намысты билбейт.
  37. Байлыкты эл жаратат, басынткан жер каратат.
  38. Байлыкты эмгектен изде, теңдикти күрөштөн изде.
  39. Байлыктын атасы — эмгек, энеси — жер.
  40. Байлыктын баарысы жакшы, барктуусу билим.
  41. Баймын деп, мактанба, жокмун деп, суктанба.
  42. Байыганда досуң көп, жакырлансаң доочу көп.
  43. Байыдым деп сүйүнбө, ийгилигиңе сүйүн.
  44. Бардар киши байлыкка мас, акылга пас, кедей киши акылга мас, байлыкка кас.
  45. Бардар менен дос болсоң, каалаганың аласың,жаман менен дос болсоң, кара өзгөй — доого каласың.
  46. Барды аябаган, жокко тойбойт.
  47. Барды көрө албайт, жокко бере албайт.
  48. Биринчи байлык — ден соолук, экинчи байлык —ак жоолук, үчүнчү байлык — жүз соолук.
  49. Бойлукта байлык жок.
  50. Жардылык уят эмес, байлык мурас эмес.
  51. Жер байлыгы — эл байлыгы.
  52. Карысаң каруулугуңду айтпа, кемисең байлыгыңды айтпа.
  53. Кен байлыгы—кең байлык.
  54. Көз байлыкты эңсейт, көңүл чындыкты эңсейт.
  55. Кына ташка чыгат, байлык башка жугат.
  56. Сарамжалдуу — байлыкка алып баруучу байсалдуу жол.
  57. Үйүңдүн байлыгын көчкөндө көрөсүң.
  58. Үйрөнгөнүң байлыктан артык.
  59. Шамал жерди кургатат, байлык элди жыргатат.
  60. Эл байлыгынан жер байлыгы.
  61. Эмгекчинин — эмгеги байлык, билимдүүнүн — пикири байлык.
  62. Айдап кел менен байлап кел, катаал кандын буйругу.
  63. Айдап тургузган да бийлик, ийрип жаткызган да бийлик.
  64. Бийди кул десе күлкүсү келет, кулду кул десе өлгүсү келет.
  65. Бийдин максаты — бийлик кылуу, бай максаты — байлык жыйноо.
  66. Бийиң кылаң болсо, журтуң ылаң болор.
  67. Бийиктен кулаган катуу тиет, бийликтен кулаган кара киет.
  68. Бийлик бар жерде зордук бар, зордук бар жерде кордук бар.
  69. Бийлик бар жерде кулдук бар.
  70. Бийлик жаратканда андан кийин элде.
  71. Жамандын колуна бийлик тийсе оңдурбайт.
  72. Катын бийликке жетсе азынат.
  73. Катынга бийлик тийсе, теңирин тааныбайт.
  74. Арык койдун терисин алты ашатса ий болбойт, атадан жаман тууганды ак кийизге салдырып көтөргөн менен бий болбойт.


6789101112131415161718192021222324252627282930313233343536373839404142434445464748495051525354555657585960616263646566676869707172737475767778798081828384858687888990919293949596979899100101102103104105106107108109110111112113114115116117118119120121122123124125126127128129130131132133134135136137138139140141142143144145146147148149150151152153154155156157158159160161162163164165166167168169170171172173174175176


Ынтымак, ырыскы жонундо

yntymak yrysky jonundo makal opt

Бул бетте ынтымак, ырыскы жонундо макалдар чыгарылды.

  1. Ага —тууган ынтымактуу болсо ат көп, абысындар ынтымактуу болсо аш көп.
  2. Өздөн чыккан жоону ынтымакка чакыр.
  3. Өөн бириксе тон болбойт, ынтымак болбой эл болбойт.
  4. Сылыктыктын белгиси — алыш — бериш, ынтымактын белгиси — барыш — келиш.
  5. Ынтымактан айрылсаң, колуңдагы иш кетет.
  6. Журттун ынтымагына балта чапкан бузукуну журт алдында мууздайт.
  7. Ити семиз, мал арык — жер азганы, ынтымагы болбосо — эл азганы.
  8. Өздөн чыккан жоону ынтымакка чакыр.
  9. Ынтымактан айрылсаң, колуңдагы иш кетет.
  10. Ынтымагы бар элдин карды ток болот.
  11. Ынтымагы жок элден ырыс качат.
  12. Ынтымагың бар болсо, айылың менен журтка тең болоорсуң, ынтымагың болбосо, жашоо кыйын тынчыраак.
  13. Ынтымагың болбосо, жашоо кыйын тынчыраак.
  14. Ынтымагың болбосо, ит менен кушка жем болорсуң.
  15. Ынтымак — бейкуттуктун көрөңгөсү, ымала — ырыстуу элдин жөрөлгөсү.
  16. Ынтымак — ийгиликтин башаты.
  17. Ынтымак бар жерде— ырыс бар.
  18. Ынтымак бар үйгө ырыс түнөйт.
  19. Ынтымак болбой, ырыс турбайт.
  20. Ынтымак болбосо, иш оңолбойт.
  21. Ынтымак болсо калкыңда, душманыңдан тартынба.
  22. Ынтымак достордун жолун ачат, ынтымак болбосо, ырысың качат.
  23. Ынтымак жакшы ырк жакшы, ынтымактуу журт жакшы.
  24. Ынтымак түбү — ийгилик, тирдиктин түбү — бирдик.
  25. Ынтымак түбү — ийгилик, тирдиктин түбү — бирдик.
  26. Ынтымаксыз атадан алтоо болсоң — оңбоссуң.
  27. Ынтымаксыз эл жетим.
  28. Ынтымактан айрылсаң, колуңдагы иш кетет.
  29. Ынтымактуу атадан алтоо болсоң — жолборссуң.
  30. Ынтымактуу үйгө ырыс түнөйт.
  31. Ырыс алды — ынтымак, ыркы жокко конбос бак.
  32. Ырыс алды — ынтымак.
  33. Ырыс алды ынтымак, ынтымагың жок болсо, алдыңдан таяр алтын так.
  34. Ырыс алды ынтымак, ыркы жокко (эринчекке) конбос бак.
  35. Ырыс жугушат, билим (же акыл) оошот.
  36. Ырыс качса, бакыт конбойт.
  37. Ырыскы — иште, иш — колдо.
  38. Ырыскыны жер берет, ынтымакты эл сүйөт.
  39. Ырыскысыз киши болбойт.
  40. Ырыстууга — жуучу келет.
  41. Ырыстууга — жуучу келет, ырысы жокко—доочу келет.
  42. Ырыстуунун аты күлүк, кызы сулуу чыгат.
  43. Ырыстуунун аты күлүк, кызы сулуу.
  44. Ырысы жок элдин ырымы күч.
  45. Ырысы жокко ышкындан айтпайт, кешиги жокко кемирчектен айтпайт.
  46. Ырысы жоктун аты, кара чабуулда жүгүрөт.
  47. Ырысы жоктун ырымы күч, таалайы жоктун табышмагы күч. Олоңунан жырышы күч.
  48. Ырысы жоктун этегине буудай салса төгүлөт.
  49. Акыл учат, ырыс жугушат.
  50. Алсызды жөлөгөнүң — ырыска бөлөгөнүң.
  51. Аял жакшысы — ырысы мол, аял жаманы —кайгысы зор.
  52. Баатыр туулса — эл ырысы, жамгыр жааса — жер ырысы.
  53. Баласы жоктун — ырысы жок.
  54. Баш көбөйсө — ырыс, кас көбөйсө — уруш.
  55. Билим — ырыс азыгы
  56. Жакшы аял — ырыс, жаман аял -уруш
  57. Жакшы менен дос болсоң — ырыскысын тең бөлөт, жаман менен дос болсоң — өзүнөн сени кем көрөт.
  58. Жакшы ниет — жарым ырыс.
  59. Жакшы санаа — жарым ырыс.
  60. Жакшы тилек — жарым ырыс.
  61. Жакшы ургаачынын колунда куту, койнунда ырысы толо.
  62. Жакшы уулдун башына ырыс менен кенч ойнойт, жаман уулдун башына келтек менен камчы ойнойт.
  63. Жакшылык кылсаң — ырыска батасың, калпың кармалса кайда качасың?
  64. Жаман адам — өз ырыскысына өзү түкүрөт.
  65. Жамгыр — жер ырысы.
  66. Жер — ырыстын киндиги, билим — ырыстын тизгини.
  67. Жөөнүн ырысын аттуу жебейт.
  68. Зулум эшиктен кирсе, ырыс түндүктөн чыгар.
  69. Ийри тумшуктун ырысы кайыптан. Адам өлмөйүнчө ырыскысы түгөнбөйт.6789101112131415161718192021222324252627282930313233343536373839404142434445464748495051525354555657585960616263646566676869707172737475767778798081828384858687888990919293949596979899100101102103104105106107108109110111112113114115116117118119120121122123124125126127128129130131132133134135136137138139140141142143144145146147148149150151152153154155156157158159160161162163164165166167168169170171172173174175176

Баатыр, эр жигит жонундо

Бул бетте баатыр, эр жигит жонундо макалдар чыгарылды.

baatyr er jigit jonundo makal opt
  1. Айгыр баатыр үйрүндө, ар ким баатыр үйүндө.
  2. Айласыз баатыр каманга чалдырат.
  3. Айласыз баатыр чочкого чабат.
  4. Акыл тоону бузат, баатыр жоону бузат.
  5. Акылсыз баатыр чорго чабат.
  6. Ала көөдөк болбосо, анын эмнеси баатыр.
  7. Алпты жеңген баатыр эмес, ачууну жеңген баатыр.
  8. Алп — чабышта, чечен — сөздө (сыналат).
  9. Алп адагы (соңу) Ормотой, тулпар адагы Тайтору.
  10. Алптын тизе бүккөнү — өлгөнү.
  11. Алтын — жерден, баатыр — элден
  12. Баатыр — баатырды көзүнөн тааныйт, чечен —чеченди сөзүнөн тааныйт.
  13. Баатыр — бир октук, бай бир жуттук.
  14. Баатыр — маңдайлаш, чечен — тандайлаш.
  15. Баатыр — орток, кут — жалгыз.
  16. Баатыр — согушта, акыл —ачуу келгенде, дос —зарылдыкта сыналат.
  17. Баатыр (эр жигит) өлсө бир өлөт. Коркок өлсө миң өлөт.
  18. Баатыр баатыр эмес, мал баккан баатыр.
  19. Баатыр бир өлөт, коркок миң өлөт.
  20. Баатыр болмок — маңдайдан, чечен болмок — таңдайдан.
  21. Баатыр болсоң — душмандан качпа.
  22. Баатыр болсоң — шер бол, коркок болсоң — жер бол.
  23. Баатыр болуп бай болсоң — бүрдөп турган терексиң, баатыр болуп жок болсоң — үрүп чыккан серексиң.
  24. Баатыр жарасыз болбойт.
  25. Баатыр жол баштайт, чечен сөз баштайт.
  26. Баатыр жоо барында сыйлуу, бий доо барында сыйлуу.
  27. Баатыр жоодо мактанат, коркок үйдө мактанат.
  28. Баатыр жоодо таанылат, чечен доодо таанылат.
  29. Баатыр өлүмү марадан.
  30. Баатыр өлсө да куралын таштабайт.
  31. Баатыр өлсө аты (наамы) калат, коркок (жанбагар) өлсө неси калат.
  32. Баатыр намыс үчүн туулуп, намыс үчүн өлөт.
  33. Баатыр табат, батман жейт.
  34. Баатыр туулса — эл ырысы, жамгыр жааса — жер ырысы.
  35. Баатыр чөлдө өлбөйт, балык көлдө өлбөйт.
  36. Баатыр чын айтат, коркок калп айтат.
  37. Баатыр элден өсөт, акмак элден безет.
  38. Баатыр элден чыгат, байлык жерден чыгат.
  39. Баатырга (эрге) да жан керек, бакырга да жан керек.
  40. Баатырга да жан керек, каапырга да жан керек.
  41. Баатырга таяк да жарак.
  42. Баатырды — жоону жеңгенден кийин макта,тамакты бойго сиңгенден кийин макта.
  43. Баатырга тийген жары эрте тул болот.
  44. Баатырды көрсөң кыдыр тут, букара көрсөң кадыр тут.
  45. Баатырдык билекте эмес, жүрөктө.
  46. Баатырдыкка даба жок.
  47. Баатырдын алдынан түлкү чыкса кылактап — олжо болот, аял чыкса булактап — жолтоо болот.
  48. Баатырдын атын алыстан ук, жанына барсаң бир киши.
  49. Баатырдын баш ийгени — өлгөнү.
  50. Баатырдын жоодон өлгөнү — элине шыпаа.
  51. Баатырдын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт.
  52. Баатырдын өмүрү кыска, даңкы узун.
  53. Баатырдын көркү — маңдайда, чечендин көркү — таңдайда.
  54. Баатырдын көркү— эрдикте
  55. Баатырлар маңдайлашып, чечендер таңдайлашып.
  56. Баатырсынган жигитти жоо келгенде көрөбүз.
  57. Бактылуу болмок мүнөздөн, баатыр болуу күрөштөн.
  58. Бакыргандын баары эле баатыр эмес,
  59. Баласы баатырдын, атасы ардактуу.
  60. Балык көлдө өлбөйт, баатыр чөлдө өлбөйт.
  61. Берген баатыр эмес, алган баатыр.
  62. Бирөөнүн — өзү баатыр, бирөөнүн — сөзү баатыр.
  63. Булдурсун камчы тийсе да, баатырдын жүзү түктөйбөс.
  64. Дос балаада билинер, баатыр талаада билинер.
  65. Жакшы атын аябайт, баатыр жоону санабайт.
  66. Жолборс изинен кайтпайт, баатыр сөзүнөн кайтпайт.
  67. Жоо качканда баатыр көбөйөт.
  68. Жоо келгенде — баатыр бол, доо келгенде — акыл бол.
  69. Жоо кыстаса баатырга бар.
  70. Жоргодон туулган жорток бар, баатырдан туулган коркок бар.
  71. Кардың ачса дыйканга бар, жоо кыстаса баатырга бар.
  72. Көп баатырдан жоо кетет, көи чеченден доо кетет.
  73. Колго түшкөн баатырдын башын чабыш — канкордук.
  74. Коркконго бир ок да көп, баатырга жүз ок да аз.
  75. Коркок миң өлөт, баатыр бир өлөт.
  76. Коркоктун асылы болгончо, баатырдын жесири бол.
  77. Кылычтуу коркокту союлдуу баатыр жеңет.
  78. Маңдай жарылган — баатыр, таңдай жарылган — чечен.
  79. Менменсинген жигитти жоо келгенде көрөрбүз, чеченсинген жигитти доо келгенде көрөрбүз.
  80. Мергендин ажалы — зоодон, баатырдын ажалы —жоодон.
  81. Молдону суктугунан бил, баатырды курчтугунан бил.
  82. Опсуз баатыр жоого түшөт.
  83. Суу ылдый агат, баатыр өр талашат.
  84. Үйдө — баатыр, жоодо — жок.
  85. Чечендин — сөзү, баатырдын — көзү (курч).
  86. Чын жакшыга жолуксаң, суу ордуна бал берер, чын баатырга жолуксаң, сен үчүн ал жан берер.
  87. Эки баатыр эрегишсе, бирөө калат, бирөө өлөт.
  88. Эл менен эрегишпе, баатыр менен жоолашпа.
  89. Элин коргоп жоо сайган — баатыр атка конот.
  90. Элин сагынбас эр болбос, үйрүн сагынбас ат болбос.
  91. Элине арка болуучу уул — эки миздүү шап (канжар).
  92. Элине моюшкан азамат душманына тизе бүкпөс.
  93. Элинен безген эр оңбос, көлүнөн безген каз оңбос.
  94. Айгыр баатыр үйрүндө, ар ким баатыр үйүндө.
  95. Алп — чабышта, чечен — сөздө
  96. Жолборс чапкан эр — жоону чабат.
  97. Жоо чапкан алпка айып жок.
  98. Журт кыйырын күзөткөн алп кеткенде өз жоолашар, душман көк ташка кылычын жанаар.
  99. Азамат (эр жигит) — бир сырдуу, миң кырдуу болот.
  100. Азамат акылдуу болсо, алганы мээримдүү болот.
  101. Азамат бир күнү ат минет, бир күнү жөө жүрөт.
  102. Азамат болсоң ак иште — аздыр — көптүр мал болот, бекеринен мал тапсаң — берекеси жок болот.
  103. Азамат болсоң эр жигит, ардактуу иштен корунба.
  104. Азамат эрге алтымыш өнөр аздык кылат.
  105. Азаматка — эл арка.
  106. Азаматтын азганы — көчкөндө жөө басканы.
  107. Азаматтын азганын өзү билбейт, жат билет.
  108. Азаматтын белгиси — көп ойлонуп, аз сүйлөйт.
  109. Азаматтын даңкын чыгарган — эмгек, арамзанын жанын чыгарган — эрмек.
  110. Азаматтын жакшысы азыраак сүйлөп, көп тыңшайт.
  111. Азаматтын жакшысы бирде мырза, бирде кул, аргымактын жакшысы чапса күлүк, сатса пул.
  112. Азаматтын жакшысы он бешке келсе — кичүүлүк жок, жүзгө келсе — карылык жок.
  113. Азаматтын кадырын атасы эмес, эл билет.
  114. Акылман билги өлсө — журт акылсыз, эр кол башчы өлсө — кол жетим.
  115. Ай күн менен жакшы, эр эл менен жакшы.
  116. Акыл менен билим эр адамдын сөөлөтү.
  117. Алгырдын зорун — шер дейбиз, азамат зорун — эр дейбиз.
  118. Алдыңа баш ийип азамат келсе, эр кунун кеч.
  119. Алтын чыккан жер кадырлуу, калыс жүргөн эр кадырлуу.
  120. Жышааналуу эр жигиттин, кайда жүрсө жолу болоор.
  121. Эр жигиттин белгиси, бирде мырза, бирде кул.
  122. Ат — эриндүү келет, эр — мурундуу келет.
  123. Ат айланып казыгын табат, эр айланып элин табат.
  124. Ат башы менен эр башы, кайда калбайт бир башы.
  125. Ат башына күн түшсө, ооздугу менен суу ичет, эр башына күн түшсө, өтүгү менен суу кечет.
  126. Ат жакшысы боз болот, эр жакшысы айткан сөзгө бек болот.
  127. Ат жакшысы кермеде, эр жакшысы термеде.
  128. Ат сыноосу бир болот, эр сыноосу миң болот.
  129. Ат кызыгы арыганча, эр кызыгы карыганча.
  130. Ат мүдүрүлбөй жер тааныбайт, эр мүдүрүлбөй, эл тааныбайт.
  131. Ат семирип нык болот, эр семирип бук болот.
  132. Ат сыйлаган азамат жөө баспайт, эр сыйлаган катын эшикте калбайт.
  133. Ат сыноосу бир болот, эр сыноосу мин, болот.
  134. Ат тойгон жерине качат, эр туулган жерине шашат.
  135. Ат чабышта ат өлөт, эр сайышта эр өлөт.
  136. Аял жакшысын — эри сүйөт, эр жакшысын — эли сүйөт.
  137. Эр жигит элдин камын жейт, эселек элдин малын жейт.
  138. Эр жигиттин белгиси, бирде мырза, бирде кул.
  139. Басмайылдын батканын ээси билбей ат билет, эр жигиттин кадырын агайын билбей жат билет.
  140. Жөнү жок багыныш, эр жигитке өлүм менен тең.
  141. Нар төөнү өргө тартса — алкынар, эр жигитке дөөлөт бүтсө — шалпынар, каздын этин жебеген шумкарлар колго түшсө, тартынакка талпынар.
  142. Эр жигиттин —таалайы көрк, саябан бактын — маанайы көрк.
  143. Тиккен бак өнбөй калбайт, эр жигит жакшылыкты көрбөй калбайт.
  144. . Эр жигитти эл ичинде сынаба, эл четинде сына, канжыгадан баш чечишкен, карыдан кан кечишкен жоо бетинде сына.
  145. Эки чанач, бир козу — эр жигиттин жолдошу.
  146. Эр жигит ачкадан өлбөйт, ардан өлөт.
  147. Эр жигит бирде мырза, бирде кул.
  148. Эр жигит жигит болобу, этеги шорго малынбай! Эр жигит жолу болобу, кез — кезде торго чалынбай.
  149. Эр жигит үйдө туулуп, жоодо өлөт.
  150. Эр жигит күрөшпөгүн балбан менен, балбанды жыга албайсың чалган менен.
  151. Эр жигит менен бөрү азыгы — жолдо.
  152. Эр жигит эки айтпайт.
  153. Эр жигит эл камын жейт.
  154. Эр жигит эл четинде, жоо бетинде.
  155. Эр жигит элдин камын жейт, эселек малын жейт.
  156. Эр жигит эмгекти сүйөт, эмгектин үзүрүндө жүрөт.
  157. Эр жигит энеден туулат, эл үчүн өлөт.
  158. Эр жигитке жетимиш түрлүү өнөр аз.
  159. Эр жигиттин алганы жарашса алка жакасы ак болот да, элине эмгек сиңип бак конот.
  160. Эр жигиттин башы канжыгада, каны көөкөрдө.
  161. Эр жигиттин кадырын агайын билбейт, жат билет.
  162. Эр жолдошу — тобокел.
  163. Эр өлүмгө күлүмсүрөп барат.
  164. Эр өлсө да, эл өлбөйт.
  165. Эр кадырын эр билет, зер кадырын зергер билет.
  166. Эр кайраттуу болсо, катын уяттуу болот.
  167. Эр кайраты бир күндүк, эл кайраты миң күндүк.
  168. Эр канаты — күлүк ат, журт тиреги — эр жигит.
  169. Эр кармаган эмгегинен кутулат.
  170. Эр күзгүсү — эмгеги.
  171. Эр колбашчы өлсө — кол жетим.
  172. Эр колунан куш тойбос, эне колунан кыз тойбос.
  173. Эр мактанса, бир октук, бай мактанса, бир жуттук.
  174. Эр намыстын кулу.

Нан жонундо

Бул бетте нан жонундо макалдар чыгарылды.

nan jonundo makal opt
  1. Адамдан улуу ат жок, нандан улуу аш жок.
  2. Айран ичкен алсырайт, кымыз ичкен кансырайт, эрке бала көч үстүнөн нан сурайт.
  3. Ак эмгектин наны таттуу, жалкоонун жаны таттуу.
  4. Ач койнунда нан болбойт.
  5. Ачка менен токтун ортосу жарты нан.
  6. Ачка турганча айранга нан сындырып жеген артык.
  7. Ачкадан өлгөн наабайдын койнунан нан чыгыптыр.
  8. Ачтын көзү нанда, токтун көзү тондо.
  9. Баарынан — нан улук.
  10. Бир күн кетмен чапкан нандын даамын билет.
  11. Бозо — болгондуку, токоч — тойгондуку.
  12. Бирөөгө нан кайгы, бирөөгө жан кайгы.
  13. Даны жоктун — наны жок, наны жоктун — жаны жок.
  14. Дүйнөдө нан улук.
  15. Жамгыр болбой дан болбойт, тегирмен болбой нан болбойт.
  16. Жапкан наны карала.
  17. Карды ачкан нанга карайт, суукка тоңгон күнгө карайт.
  18. Кедейдин байы буудай нандан шерине жейт.
  19. Кетмен менен иштебей, нанды кайдан табасың.
  20. Кетмен чапкан нанын жейт, ууру кылган жанын жейт.
  21. Кетмен чаппай нан кайда, айраны келди, мал кайда.
  22. Колунда токочу (же талканы) бар бала сүйгүнчүктүү.
  23. Кымыз — кишинин каны, эт — кишинин жаны, токоч — тоют, жарма — оокат.
  24. Минерге ат болбогон, жээрге нан болбойт.
  25. Найза жеңбегенди нан жеңет.
  26. Нандан улуу тамак жок, адамдан улуу атак жок.
  27. Нандын ысыгы жакшы, сөздүн бышыгы жакшы.
  28. Нансыз тамак даамсыз.
  29. Нан – адамдын мандай тери.
  30. Кулактай нан жесен, улактай куч толот.
  31. Наны жок чай курусун кайыры жок бай курусун.
  32. Наны жок чайдан без, кайыры жок байдан без.
  33. Сан тийбеске сан тийди, табак —табак нан тийди.
  34. Суу мол болсо, нан да мол.
  35. Нан баарынан улук.
  36. Эмгектин наны таттуу, жалкоонун жаны таттуу.

Адам жонундо

adamdar jonundo makal opt

Бул бетте адам жонундо макалдар чыгарылды.

  1. Агын чогулуп сел болот, адам чогулуп эл болот.
  2. Адам — адам менен адам.
  3. Адам – акылы менен адам.
  4. Адам эли менен, ордок колу менен.
  5. Адам (көзү) жок жерде кеп (ушак) кылба.
  6. Адам адам үчүн табылгыс дары.
  7. Адам адам менен адам.
  8. Адам адамга дос, жолдош, бир тууган.
  9. Адам аласы — ичинде, мал аласы — тышында.
  10. Адам аласынан, сөз аласы жаман, от (эт)чаласынан, сөз чаласы жаман.
  11. Адам алсызы — урушчаак.
  12. Адам аракты жутат, арак кийин адамды жутат.
  13. Адам ачтан өлбөйт, ардан өлөт.
  14. Адам ашка тойсо да, башка (жашка) тойбойт
  15. Адам баласы тетиксиз сандык, сыртынан сынчы жаңылат.
  16. Адам болмок аста —аста, айбан болмок бир паста.
  17. Адам болор кишинин адам менен иши бар, адам болбос кишинин адам менен неси бар.
  18. Адам болуу — ураан, адамды билүү — кымбат.
  19. Адам болуу арзан, адамды билүү кыйын.
  20. Адам да көктөмдө арыктайт.
  21. Адам даңк үчүн от менен сууга кирет.
  22. Адам дүйнөдө бир жаралат.
  23. Адам жакшылыкты жерден таап албайт, адамдан үйрөнөт.
  24. Адам жаман эмес, анын кыялы жаман.
  25. Адам жаманы — сопу, жыгач жаманы — соку.
  26. Адам жүргөн жол менен адам жүрөт.
  27. Адам жүрүшүнөн — кул болот, ат жүрүшүнөн — пул болот.
  28. Адам жүрөгү менен күчтүү, жыгач тамыры менен күчтүү.
  29. Адам жолу — улук.
  30. Адам ит жандуу.
  31. Адам өзү ажалдуу болсо да, өлбөс нерселерди жасайт.
  32. Адам өзү карыса да, көөдөнү карыбайт.
  33. Адам өзүнөн кийинкилерди көрүп картаят.
  34. Адам өзүнөн эмес, сөзүнөн байкалат.
  35. Адам өлбөсө — айыл башы, сарт өлбөсө — кербен башы.
  36. Адам өлбөсө айыл башы, соодагер өлбөсө кербен башы.
  37. Адам өлөт, атак өлбөйт.
  38. Адам өлмөйүнчө ырыскысы түгөнбөйт.
  39. Адам өлсө даңкы калат, ат өлсө териси калат.
  40. Адам өчкө кудай өч.
  41. Адам кааласа таштан суу, такырдан гүл чыгарат.
  42. Адам карыган сайын бала.
  43. Адам катасыз болбойт, көлчүк бакасыз болбойт.
  44. Адам келсе таң аткандай, акмак келсе күн баткандай.
  45. Адам көңүлүнөн азат, тилинен жазат.
  46. Адам көптү көрбөй акыл кирбейт.
  47. Адам көркү — адеп.
  48. Адам көркү — чүпүрөк, дарак көркү — жалбырак.
  49. Адам көркү — чүпүрөк, жыгач көркү — жапырак.
  50. Адам кулагынан жаңылат, тулпар туягынан жаңылат.
  51. Адам курсагынан арыктабайт, кулагынан арыктайт.
  52. Адам маңдайга жазылгандан өтө албайт.
  53. Адам менен малдын айырмасы — акылда.
  54. Адам ойго тойбойт, бөрү койго тойбойт.
  55. Адам ооруган жеринен колун албайт.
  56. Адам сүйлөшкөнчө, айбан (жылкы) кашынышканча.
  57. Адам сөзгө (кепке) байланат, айбан чөпкө (жипке) байланат.
  58. Адам сөзүнөн сынат, уй мүйүзүнөн сынат.
  59. Адам темирден катуу, (таштан бек), гүлдөн назик.
  60. Адам тилинен табат.
  61. Адам тирүүлүгү — бейиш, молдонун тирүүлүгү — кейиш.
  62. Адам төрөлсө да, өлсө да койдун шору.
  63. Адам чакырса барбайм деген, аш чакырса калбайм дейт.
  64. Адам ызаатка келет, айбан чөпкө келет.
  65. Адам эли менен, каз — өрдөк көлү менен.
  66. Адам эмгеги менен даңктуу (таанылат).
  67. Адам эмгек менен адам.
  68. Адамга — ишарат, айбанга — келтек.
  69. Адамга адам кымбат.
  70. Адамга өлүм ак.
  71. Адамга көрбөгөндүн баары кызык.
  72. Адамга конгон касbет качпайт, бирок издеген киши таппайт.
  73. Адамга кылган жакшылык, айда тийген ай эмес, күндө тийген күн эмес.
  74. Адамга мал табылышы оңой, адамга адам табылышы кыйын.
  75. Адамга таандык мыкты дөөлөт — достук.
  76. Адамга тубаса акыл бүтпөйт, эмгек менен заман жасайт.
  77. Адамга чычалак жарашпайт, атка жаталак жарашпайт.
  78. Адамга чычалак жарашпайт, атка жаталак жарашпайт.
  79. Адамга эки нерсе тирек деги, бири тил, бири дилиң жүрөктөгү.
  80. Адамдагы эң сонун нерсе — акыл менен билим.
  81. Адамдан айла качып кутулбайт.
  82. Адамдан улуу ат жок, нандан улуу аш жок.
  83. Адамды (кишини, жигитти) сөзүнөн тааныйт.
  84. Адамды адам кылып арга үрөгөн үмүт.
  85. Адамды акылга бай кылган — эмгек, төрт түлүктү шай кылган эмгек.
  86. Адамды акылынан, даракты жалбырагынан байка.
  87. Адамды алыстан тааныш (байкаш) кыйын.
  88. Адамды билиш үчүн аны менен бирге үч пуд туз жеш керек.
  89. Адамды бузган — байлык менен бийлик.
  90. Адамды үмүт жашатат, кайгы какшатат.Адамды кийминен тааныбайт, ишинен тааныйт.
  91. Адамды көзүнөн түшүнбөй, сөзүнөн түшүн, акмакты өзүнөн түшүнбөй, элден түшүн.
  92. Адамды кордобо, акмакты бордобо.
  93. Адамды сөзүнөн тааныбайт, ишинен тааныйт.
  94. Адамды шайтан азгырат, артык дөөлөт мас кылат, тумшугу таштай катаарда, тууган менен кас кылат.
  95. Адамды шорго салган да, өлтүргөн да тил.
  96. Адамдын адам билет сымбатын, акмактар кайдан билсин, адамдын арзан менен кымбатын.
  97. Адамдын адамкерчилиги, ачуусу келгенде билинет.
  98. Адамдын акысын жер жебейт.
  99. Адамдын аласы жаман, айбандын куласы жаман
  100. Адамдын ардуусу тырышчаак болот.
  101. Адамдын башкы милдети — ыймандуулук.
  102. Адамдын бетин бөрү жебейт.
  103. Адамдын бири тентек, бири жөнтөк, бири эпчил, бири кекчил.
  104. Адамдын даңкын чыгарган да — тил, тарпын чыгарган да — тил.
  105. Адамдын жалаңгычы да адам.
  106. Адамдын жаман — жакшысы туулгандан эмес, көргөн тарбиясынан.
  107. Адамдын жылдыздуусун айбан да билет.
  108. Адамдын ийгилиги эмес, акылына карап баа бер.
  109. Адамдын иши, жемиштин мөмөсү.
  110. Адамдын өзү картайса да, сөзү картайбайт.
  111. Адамдын өзү карыса да, сөзү карыбайт.
  112. Адамдын өзүнө баа бербе, акылына баа бер.
  113. Адамдын ким экенин билгиң келсе, кебин шашпай тыңшап көр.
  114. Адамдын көзү өлгөндө (бир чымчым) топуракка тоёт.
  115. Адамдын көркү — адеп.
  116. Адамдын көркү — адилеттүүлүктө, жигиттин көркү — адептүүлүктө.
  117. Адамдын көркү — акыл.
  118. Адамдын көркү — бөз, көңүлү — эки ооз сөз.
  119. Адамдын көркү — бөз, кулактын көркү — сөз.
  120. Адамдын көркү баш болот, кабактын көркү каш болот.
  121. Адамдын кыйноосу — санаа, өлүмү — оору.
  122. Адамдын мөмөсү бала.
  123. Адамдын мыктысы — жөнөкөйлүк.
  124. Адамдын оозунда болсо — алданын кулагында болот.
  125. Адамдын пейли тойбой, карды тойбойт.
  126. Адамдын түсүн айтпай, ишин айт.
  127. Адамдын эмгектен улуу тиреги жок.
  128. Атанын баласы болбосоң да, адамдын баласы бол.
  129. Ата болдум деп мактанба, адам болдум деп мактан.
  130. Адамзатты сөз бузат, тоо — ташты сел бузат.
  131. Адамзаттын жакшысы азыраак сүйлөп, көп тыңдайт, аргымактын жакшысы азыраак оттоп, көп жуушайт.
  132. Адамзаттын уругу — ажырыктын тамыры.
  133. Адамча туулуп, айбанча жашаба.
  134. Ай — чыгышынан, адам — жүрүшүнөн билинет.
  135. Ай чырайлуу, бал сөздүү — акылман адам элеси.
  136. Айбан ачуусу көзүнөн билинет, адам ачуусу сөзүнөн билинет.
  137. Атты билгенче ай керек, адамды билгенче жыл керек.
  138. Ак ниеттүү адамга жамандык жабышпайт.
  139. Акмак өлүп коркутат, адам таарынып чоочутат.
  140. Акчалуу адам мөөр үстүндө, акчасыз адам көр үстүндө.
  141. Акыл менен билим эр адамдын сөөлөтү.
  142. Алтымышка чыккан адамды, алыс жолго жибербе.
  143. Алтынды билүү — оңой, адамды билүү — кыйын.
  144. Ар адамда бир кыял, ал кыялды ким тыяр.
  145. Ар бир адам Мекенин сүйөт, соодагер бекерин сүйөт.
  146. Ар бир адамдын киндик каны тамган жер—Мисир.
  147. Ат — адамдын канаты, аш — адамдын кубаты.
  148. Ат жакшысы – ардак, адам жакшысы — урмат.
  149. Ат тойгон жерине качат, адамзат туулган жерине качат.
  150. Ат кишенешип табышат, адам сүйлөшүп табышат.
  151. Ат жашарып кунан болбойт, эр (адам) жашарып улан болбойт.
  152. Ат жакшысы – ардак, адам жакшысы — урмат.
  153. Ат азгыны — жорго, адам азгыны — молдо.
  154. Ат адамдын (эрдин) канаты, аш адамдын кубаты.
  155. Аттын жаманы — аңги, адамдын жаманы — баңги.
  156. Атпаса мылтык сай болбойт, анткор адам бай болбойт.
  157. Аюу — аманын тилейт, адам — жакшыны тилейт, акмак жамандыкты тилейт.
  158. Ашыкпаган адам араба менен коен уулаптыр.
  159. Ашык болгон адам акын болот.
  160. Аштын даамы туз менен, адамдын даамы сөз менен.
  161. Ач көз адам тойбос, соргок соргоктугун койбос.
  162. Сууга чөккөн адам өлөт, кайгыга чөккөн адам көнөт.
  163. Сөзү суук адам, баш бербеген торпокко окшош.
  164. Сөз жебеген адамдын ар сөзүндө бир тузак.
  165. Сөз билги — тапчыл, адам сулуусу— акыл.
  166. Сүйүүсүз адамдардын оту күйүшпөйт.
  167. Сүйүүсүз адамдардын оту күйүшпөйт.
  168. Сабырдуу адам — жылдыздуу.
  169. Пейли тар адам кең идиштен аш иче албайт.
  170. Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет.
  171. Өзүнө пайдасыз адам өзгөгө да пайдасыз.
  172. Өзүнө жакшылык кылбаган адамдан өзгөгө жакшылык артпайт.
  173. Өзүң адам болгон соң, өлбөсүңдү билген соң, кайда барсаң анда бар.
  174. Өзү сары, көзү көк — ал адамдын шумкары, өзү кара, көзү көк— ал адамдын шумпайы.
  175. Осол өскөн жыгач бутагын көтөрө албас, осол адам атагын көтөрө албас.
  176. Нандан улуу тамак жок, адамдан улуу атак жок.
  177. Муңдуу жүргөн адамга, мукамдуу айткан ыр жакшы.
  178. Муңдуу адамга мукамдуу ыр жакшы.
  179. Мекенсиз адам — үнсүз булбул.
  180. Мал үйүрчүл, адам уюмчул.
  181. Мал аласы — сыртында, адам аласы — ичинде.
  182. Кыябын таап сөз айтса, көнбөгөн адам болобу.
  183. Куш жемге алданат, адам сөзгө алданат.
  184. Көп баскан адам, бок басат.
  185. Күлүп сүйлөгөн адамдан корк, күлүмсүрөп жааган жамгырдан корк.
  186. Күүсү жанбас заман жок, күчү кайтпас адам жок.
  187. Кечүү билбей кечпе, адамдын сырын билмейинче ишенбе.
  188. Кесел адам кейикчил.
  189. Кеп билген адам — көп билген адам.
  190. Карыганда адам кичирейет, көркү кетип чүгүрөйөт.
  191. Кары адам — үйдүн куту.
  192. Карт адам акылга бай, март адам доско бай.
  193. Каргылуу тайган бар, адамдан чыккан айбан бар.
  194. Карапайым адам — касиеттүү адам.
  195. Карагай болбой чер болбойт, кайратсыз адам эр болбойт.
  196. Кара жемсөө адамда калыстык жок.
  197. Кара далы — эр тандабайт, өлөөр адам — жер тандабайт.
  198. Канжыгалуу кара сеңсел — алгыр кырааны, калкка туу, баатыр чеңгел — адам кырааны.
  199. Каман өлсө тиши калат, адам өлсө иши калат.
  200. Кайраттуу адам калкка башчы болот.
  201. Кайгыдан адам картаят, шаттыктан адам жашарат
  202. Кайгы адамдын өзүн чиритет, калп адамдын сөзүн чиритет.
  203. Ички ооруну табуу кыйын, карт адамды багуу кыйын.
  204. Ийне көзүнөн сынат, уй мүйүзүнөн сынат, адам (чечен) — сөзүнөн сынат.
  205. Зор адамга жакшы адам, сөзү менен теңелет, бар адамга жок адам, күчү менен теңелет.
  206. Жылкы аласы — тору ала, сыртынан таанылат, адам аласы — ичинде, баамчылар жаңылат.
  207. Жыгачтын жумшагын курт жейт, адамдын жумшагын адам жейт.
  208. Жоктон барды жараткан адамдын акылы.
  209. Жети баштуу ажыдаардан коркпо, эки жүздүү адамдан корк.
  210. Жерде жүргөн коңуз бар, адамдан чыккан доңуз бар.
  211. Жашыңдан жаман жолго баспаганың, адамдык сапатынды сактаганың.
  212. Жанашып калсаң (койсоң) жаманга, жакшылык кылбайт адамга.
  213. Жаман төө жабуусун жерийт, жаман адам айлын жерийт.
  214. Жаман адам өзү боло албайт, болгонду көрө албайт.
  215. Жаман адам жакшыны тааныбайт.
  216. Жаман адам — өз ырыскысына өзү түкүрөт.
  217. Жалкоолук адамды карытат, эмгек адамды байытат.
  218. Жалгыз таруу ботко болбойт, жалгыз адам тутка болбойт.
  219. Жалгыз адам тутка болбойт, тутка болсо да журтка болбойт.
  220. Жакшы тондун жакасы бар, жеңи жок; жакшы адамдын ачуусу бар, кеги жок.
  221. Жакшы үйгө келгенде, жаман адам мас болот.
  222. Жакшы үйгө келгенде, жаман адам мас болот.акшы малдын тишин ачпа, жакшы адамдын жашын сураба.
  223. Жакшы болом десең, жакыныңа жан тартпа, бактылуу болом десең, башка адамга көз артпа.
  224. Жакшы адамга жамандар, малы менен теңелет.
  225. Жакшы адамдын досу көп, жакшы аттын ээси көп.
  226. Жакшы адамда жаштык жок, тобокелдин көөнү ток.
  227. Жакшы адам улууну ак дилинен урматтайт, кичүүнү орду менен ызааттайт.
  228. Жакшы адам сөздү таап айтат, жаман адам каап сүйлөйт.
  229. Жакшы адам он бешинде жашмын дебейт, жүзгө чыкса карыдым дебейт.
  230. Жакшы адам макалчы, жаман адам сакалчы.
  231. Жакшы адам иш үстүндө, жаман адам сөз үстүндө.
  232. Жакшы адам жер себинен, жаман адам эл эсебинен жан сактайт.
  233. Жакшы адам жайлоодогу гүлдөй, тийип турган күндөй.
  234. Душманы жок адам болбойт, дудуктун да жанын койбойт.
  235. Доссуз адам — канатсыз куш.
  236. Дөөлөттүү адам ток болот, жашыңда жигит шок болот.
  237. Дүнүйө адамды таппайт, дүнүйөнү адам табат.
  238. Дүйнөгө устун болгон адам жок.
  239. Даракты жер көгөртөт, адамды эл көгөртөт.
  240. Дарак жемишинен таанылат, адам акылынан таанылат.
  241. Дарак — тамыры менен, адам — тууганы менен.
  242. Гүл — аарыныкы, бал — адамдыкы.
  243. Бышыксынган адамдар бересеге чалынат.
  244. Буюмду адам жаратат, адамды кудай жаратат.
  245. Буту менен басып, мурду менен тынгандын баары адам атала бербейт.
  246. Боору бүтүн, башы эсен адам болбойт (жок).
  247. Болот отто чыңалат, адам иште чыңалат.
  248. Билинбей туруп адамга, бир ооз сөз оору дарылайт.
  249. Билимдүү бөлмөк — оңой, адам болмок — кыйын,
  250. Беттешүүдө өзүн жоготкон адам жетелеме болот.
  251. Башынан багы качкандан — адам да качат.
  252. Башы тоголоктун (же томолоктун) бардыгы адам боло бербейт.
  253. Бактылуу адам кааласа, муз үстүндө от жанаар, бактысыз адам кааласа, кургак үйдөн суу чыгаар.
  254. Бак коноор адамдын уулу эптүү, кызы көрктүү болот.

Тил жонундо

Бул бетте тил жонундо макалдар чыгарылды.

  1. Адам көңүлүнөн азат, тилинен жазат.
  2. Адам тилинен табат.
  3. Адамга эки нерсе тирек деги, бири тил, бири дилиң жүрөктөгү.
  4. Адамды шорго салган да, өлтүргөн да тил.
  5. Адамдын даңкын чыгарган да — тил, тарпын чыгарган да — тил.
  6. Айтсаң — тилиң күйөт, айтпасаң — дилиң күйөт.
  7. Акыл сокурга көз, өлөсөгө жан, дудукка тил боло алат.
  8. Алсыздын тили алты кулач.
  9. Аткан ок таштан кайтпайт, элчи кандан тилин тартпайт.
  10. Ачуу тил — жыландын заары. Таттуу тил — жүрөккө дары.
  11. Ачуу тил таттуу турмушту бузат.
  12. Ачынган — тилдүү, ачыккан — ууру болот.
  13. Адамдын даамы тилинде (сөз менен).
  14. Баланын тили «апа» деп чыкса да, атанын тарбиясын алат.
  15. Балыкка тил, дөңгөчкө жан киргизгенди сыйкырчы дейт.
  16. Бассаң бутуңа этият бол, сүйлөсөң тилиңе сак бол.
  17. Баш кесмек бар, тил кесмек жок.
  18. Булбулдун мукам үнү бар, торгойдун жумшак тили бар.
  19. Бутунан мүдүрүлгөн (жаңылган) турат, тилинен (оозунан) мүдүрүлгөн (жаңылган) турбайт.
  20. Дили узундан түңүлбө, тили узундан түңүл.
  21. Дүлөйдүн тилин дудук билет.
  22. Дымак — өрдө, ооз — баатыр, тил — текебер.
  23. Жайдак тилден чаң чыкпайт.
  24. Жакшы — сыйлайт дили менен, жаман кыйнайт тили менен.
  25. Жакынга көз жеткирет, алыска тил жеткирет.
  26. Жаман тил үчүн жакшы баштан айрылыптыр.
  27. Жамандан тил укканча, жакшыдан таяк же.
  28. Жүрөк сыры тилден чыгат.
  29. Ичтегини тилден бил, тилдегини түрдөн бил.
  30. Каргыштын эң жаманы: «өзүң билбе, билгендин тилин алба».
  31. Катуу камчы, заар тил, оор жумуш, тузсуз аш, шордуулардын энчиси.
  32. Кекечтин тилин энеси билет.
  33. Күчүңдү тилиңден чыгарбай, ишиңден чыгар.
  34. Тил учунан сүйлөбө, зыяны келет өзүңө.
  35. Колу байлангандын тили байланбайт.
  36. Колунан иш, тилинен сөз качып кутулбайт.
  37. Кулактан кирген заар тил, курсакка барып муз болот.
  38. Куран кудайдын тили дешет.
  39. Кыйнаган да тил, сыйлаган да тил.
  40. Кылыч — бирди, тил — миңди жыгат.
  41. Кылыч жарасы — бүтөт, тил жарасы — бүтпөйт.
  42. Кылычынан кан тамганды, тилинен бал тамган жеңиптир.
  43. Макал сөз —тилдин байлыгы.
  44. Мастын күчү тилинде.
  45. Мокок бычак кол кесет (колдун душманы). Чоркок сөз тил кесет (тилдин душманы).
  46. Молдонун тили сылык, жакшынын өзү сылык.
  47. Молдонун тили таттуу, тилеги катуу.
  48. Мытайым шайтандын тилин билет.
  49. Ооз — айгак, тил — тайгак.
  50. От менен суу — тили жок жоо.
  51. Өзү билбес, билгендин тилин албас — тил билбеген макоо.
  52. Өнөр алды — кызыл тил.
  53. Өрт менен суу — тили жок жоо.
  54. Пил көтөрбөгөндү тил көтөрөт.
  55. Сүйгүзгөн да тил, күйгүзгөн да тил.
  56. Сүйлөсө тилинен бал тамат.
  57. Сөөксүз тил сөөктү сындырат.
  58. Соонуку — дилинде, мастыкы — тилинде.
  59. Сылап көргүн (билгин) тил менен.
  60. Тартар тилинен тартар.
  61. Тартынбаган тил, таттуу турмушту бузат.
  62. Таттуу тилден жаның жыргайт.
  63. Тикенексиз гүл болбөйт, тик айтылбас тил болбойт.
  64. Тил — душман, акыл — дос, тиш — коргон.
  65. Тил — менин тууганым, тил — менин душманым.
  66. Тил — ойдун сандыгы.
  67. Тил — топчусуз, ооз — ачкычсыз.
  68. Тил азар — тилге кирбейт, тилинен — өлөөрүн билбейт.
  69. Тил акыйкатты табат.
  70. Тил акыл талаасы (же акылдын жарчысы).
  71. Тил акыл таразасы.
  72. Тил акылдын жарчысы.
  73. Тил албаган жаманга, акыл сөздөн муш жакшы.
  74. Тил албаган уулуң — бел ашпаган арыктай.
  75. Тил албасты жумшаганча, тына —тына өзүң бар.
  76. Тил ачуусу шакардай.
  77. Тил ачуусу шакардай. Тил башты багат.
  78. Тил баш жарат, жел таш жарат.
  79. Тил билги жүйөөкөч кол ийиктен элпек.
  80. Тил көргө чейин түшүрөт, көккө чейин чыгарат.
  81. Тил курсак тойгузат.
  82. Тил кылычтан да өткүр, адамды адам кылат, аша чапса, жаман кылат.
  83. Тил кылычтан өткүр.
  84. Тил менен тикенди да аласың.
  85. Тил менен тирүү адамды да өлтүрүүгө болот.
  86. Тил ойдун сандыгы.
  87. Тил ооруткан дос эмес. Тил таш (ты да) жарат.
  88. Тилдин топчусу жок, ооздун ачкычы жок.
  89. Тилде сөөк жок, айбанда акыл жок.
  90. Тилден бал да тамат, уу да тамат.
  91. Тилден жыгылганча буттан жыгыл.
  92. Тилден кыйын жоо жок, кыздан кыйын доо жок.
  93. Тилди бош койсо (эрк берсе) тишти сындырат.
  94. Тилди тил кесет.
  95. Тилди тилге бүлөйлү, тишти тишке кайрайлы, анан жарыя окуйлу.
  96. Тилдин кулпусу – тиш.
  97. Тили — бал, жүрөгү — муз.
  98. Тили жүгүрүк — кепке, буту жүгүрүк — ашка.
  99. Тили жумшак (татты) аш жейт. Тили катуу (ачуу) муш жейт.
  100. Тили тайгактын, оозу айгак.
  101. Тили шогураактын — батымы жогураак.
  102. Тиш өтпөгөнгө тил өтөт.
  103. Тилиң жүгүргүчө, колуң жүгүрсүн.
  104. Тилиң тишиңе күбө.
  105. Тилин тишине каткан жакшы адат.
  106. Тилинген жара айыгат, тил жарасы айыкпайт.
  107. Тилинде актык келмеси бардын, дилинде шайтан сөзү бар.
  108. Тиши бүтүнүрөөктүн, тили тагыраак, томуктай түйүнү бар болот.
  109. Тишиңди жашырсаң, тилиңди сунарсың (же чыгарасың).
  110. Тууган катары кучакташтырган — тил, душман катары бычакташтырган — тил.
  111. Узун тил — уудан жаман.
  112. Узун тил өмүрдү кыскартат.
  113. Четтен келген жоону тилге келтиргин, ал тилге келбесе, кылычыңды тос.
  114. Чечендин — тили орток, чебердин — колу орток.
  115. Чулдурдун тилин энеси билет.
  116. Ырчынын тилинде мурчу болбосо, сөзүнүн курчу болбойт.
  117. Элдин тили — эм.
  118. Элин сыйлабаган тилин жерийт.
  119. Эмдик боз минсең, оозун тарт, элдүү жерде тилиң тарт.
  120. Эне тилин билбеген элин сүйүп жарытпайт, эне тилин сүйбөгөн, эси жогун аныктайт.
  121. Эшектин кулагы узун, ушакчынын тили узун.

Ден соолук жонундо

Бул бетте ден соолук жонундо макалдар чыгарылды.

den sooluk jonundo makal opt
  1. Биринчи байлык — ден соолук, экинчи байлык —ак жоолук, үчүнчү байлык — жүз соолук.
  2. Даана байлык — ден соолук.
  3. Ден соолук — карылар үчүн да кубаныч.
  4. Ден соолук — чоң (терең) байлык.
  5. Ден соолук — биринчи байлык.
  6. Дендин сагы жакшы, пейилдин агы жакшы.
  7. Дене тарбия —ден соолукка табылбас дары.
  8. Дени сактын — руху бийик.
  9. Дени соонун — байлыгы түмөн.
  10. Дени соонун — жаны соо.
  11. Дени тазанын деми таза.
  12. Жашоо ырахаты — ден соолук.
  13. Жаштык менен ден соолуктун кадыры карыганда билинет.
  14. Жыргалдын ана башы — ден соолук.
  15. Күлкү — ден соолуктун мүлкү.
  16. Күлкү — өмүргө күлазык.
  17. Өз ден соолугуңа шалаакылык кылсаң, коомго кошо мүшкүл апкелесиң.
  18. Ырыс алды — ден соолук, андан кийин ак жоолук.
  19. Адам ооруган жеринен колун албайт.
  20. Адамдын кыйноосу — санаа, өлүмү — оору.
  21. Ажал жуучусу — оору.
  22. Айыга турган оорунун дарымчысы (табыбы) өзү келет.
  23. Айыгар оорунун дарысы өзү табылат.
  24. Айыгар оорунун табыбы өзү келет.
  25. Аксактын аягына (сабырына) кара, оорунун тамырына кара.
  26. Аңдабай сүйлөгөн оорубай өлөр.
  27. Ар ким ич оорусун өзү билет.
  28. Асылган оору алмайынча тынбайт, асылган ууру алмайынча койбойт.
  29. Ач кадырын ток билбейт, оору кадырын соо билбейт.
  30. Аш турган жерге оору турбайт.
  31. Байлыкты бөлүм түгөтөт, ооруну өлүм түгөтөт.
  32. Бактылуу — эмгегинде зор, бактысыз — ооруда, кор.
  33. Балалуу үйдө — сыр жок, оорулуу үйдө — ыр жок.
  34. Батмандап кирген оору маскалдап чыгат.
  35. Баш аманда мал таттуу, баш ооруса жан таттуу.
  36. Башы оорубаган кишинин — кудай менен иши жок.
  37. Башы оорубаган кудай менен иши жок.
  38. Башы оорубастын башка менен иши жок.
  39. Башы ооруган бакшыга барат, дөөлөтү ашкан жакшыга барат.
  40. Башы ооруп, балтыры сыздабагандын эчтеме менен иши жок.
  41. Башың ооруса бакшы изде, жаның ооруса жакшы изде.
  42. Бели ооруп көрбөгөн киши, бекерликти жакшы көрөт. Колу жоорубаган киши, кошоматчылыкты жакшы көрөт.
  43. Билимден өткөн досуң жок, оорудан өткөн касың жок.
  44. Билинбей туруп адамга, бир ооз сөз оору дарылайт.
  45. Боор оорусу — киндик толгойт.
  46. Боору ооруган бозорот, табалаган тамылжыйт.
  47. Боорукер жардамга келет, боору таш өлгөнгө күлөт.
  48. Далдал күчөсө — пулуңду алат, оору күчөсө — жаныңды алат.
  49. Доону төлөбөгөн төлөйт, ооруну кенебеген өлөт.
  50. Душманга боор оорусаң, боорго тебет.
  51. Жакшы киши ооруса тойго барып келгендей, жаман киши ооруса көрдөн чыгып келгендей.
  52. Жан — ооруган жерде.
  53. Жаткан оору эмес, баккан оору.
  54. Жейин десе — тиши ооруйт, берейин десе — ичи ооруйт.
  55. Жоголуп табылган мал — олжо, ооруп айыккан жан — олжо.
  56. Илең —салаң оорудан, шара —бара өлүм артык.
  57. Ичи оорулуу күлкү сүйбөйт.
  58. Ички ооруну табуу кыйын, карт адамды багуу кыйын.
  59. Иши кыйшык кишинин жүгү кетээр артына. Ооруп өлөөр кишинин, дабаа болбос дартына.
  60. «Келе» деген доон жок болсо, ыңк эткен (онтогон) ооруң жок болсо, башкы бакыт ошол да.
  61. Кагаз жазып колу жоорубагандын, иштеп бели да оорубайт.
  62. Кайгыга жеңдирбеген көңүл сергек, оору — сыркоодон алыс.
  63. Кайгырып уктасаң, ооруп ойгоносуң.
  64. Калп — оору, чындык — дары.
  65. Катуу кыштан калган мал олжо, катуу оорудан калган жан олжо.
  66. Катуудан тиш оору жаман, жумшактан ич оору жаман.
  67. Оорубай өлөйүн десең, эски дубалдын түбүнө жат.
  68. Көзүң ооруса колуңду тый, ичиң ооруса оозуңду тый.
  69. Көзүң чалыр болсо да, сөзүң, кыңыр болбосун.
  70. Кордук — оору, муңдук — өлүм, зарлык — жокчулук.
  71. Кызганчаактын ашы ич оорутат.
  72. Март марттыгын карматса, сараңды сары оору басат.
  73. Миң киши сөөмөйүн кезесе, оорубай өлөсүң.
  74. Мээнет пилди карып кылат, оору дөөнү карып кылат.
  75. Ойлобой сүйлөгөн онтобогон ооруга жолугат.
  76. Ойлогонун бербеген онтотпой ооруга жолугат.
  77. Онтоткон — оору, мөгдөткөн — карылык.
  78. Оозу оорубагандын, кулагы (таңдайы) жоорубайт.
  79. Оору — аштан, доо — карындаштан.
  80. Оору — өмүр бычагы, орой сөз — көңүл бычагы.
  81. Оору — кор, өлүм — зар.
  82. Оору батмандап кирип, мыскылдап чыгат.
  83. Оору кадырын сак билбейт, өлүк кадырын тирик билбейт.
  84. Оору кадырын соо билбейт, ач кадырын ток билбейт.
  85. Оору кайда болсо, жан ошол жерде.
  86. Оору калса да, адат калбайт.
  87. Оору оору эмес, оору баккан оору.
  88. Оору тилинин эми барды издебей, колунун эми барды издейт.
  89. Оору эмгектен качат, эмгек көңүлдү ачат.
  90. Оорубаган өлүмдөн коркпойт.
  91. Оорубаган онтобойт.
  92. Ооруган жерден кол кетпейт.
  93. Ооруган жериң урунду болот.
  94. Ооруганды сураса айыкканга тете (кээде эсе).
  95. Ооруда чанчуу жаман, сөздө каңкуу жаман.
  96. Ооруң жок болсо — котур бол, дооң жок болсо кепил бол.
  97. Оорулуу жылмайса — айыкканга тете, арамза жылмайса — алдаганга тете.
  98. Оорулууга жардам берсең эсели эсинен кетпейт.
  99. Оорулуунун ою онго бөлүнөт.
  100. Оорулуунун оюна эмне келип, эмне кетпейт.
  101. Ооруну жашырсаң, өлүм ашкерелейт.
  102. Ооруну кенебеген өлөт.
  103. Оорунун жакшысы жок, дарынын таттуусу жок.
  104. Ооруп турсаң, ойноп турдум де.
  105. Өлүм өксүтөт, оору кор кылат.
  106. Сүйлөсөм тилим ооруйт, сүйлөбөсөм дилим ооруйт.
  107. Тил ооруткан дос эмес.
  108. Тишиң ооруса — жулуп тын, коңшуң жаманбы — көчүп тын.
  109. Тишим кетик болсо да, көөнүм тетик.
  110. Тишиң барда таш чайна, тишиңден кийин аш кайда.
  111. Чыйкандан жаман оору жок, аны сурар киши жок.
  112. Ылай суу — оору булагы.
  113. Эки доо бир келсе амалыңдын кеткени, эки оору бир келсе ажалыңдын жеткени.
  114. Эл жасаса жүрөгүм ооруйт, өзүм жасасам белим ооруйт.
  115. Эл энчисин жеп алып сары ооруга баткан бар.
  116. Элдин көөнүн оорутпа, аттын жонун оорутпа.

Эмгек жонундо

emgek jonundo makaldar

Бул бетте эмгек жонундо макалдар чыгарылды.

  1. Адал эмгек — абийир таптырат, арам эмгек — азабын тарттырат.
  2. Адал эмгек астыңа ат, үстүңө тон.
  3. Адал эмгек нурдантат арам эмгек кырдантат.
  4. Адал эмгек элге жеткирет, арамдык элден кетирет.
  5. Адам эмгеги менен даңктуу (таанылат).
  6. Адам эмгек менен адам.
  7. Адамга тубаса акыл бүтпөйт, эмгек менен заман жасайт.
  8. Адамды акылга бай кылган — эмгек, төрт түлүктү шай кылган эмгек.
  9. Адамдын эмгектен улуу тиреги жок.
  10. Азаматтын даңкын чыгарган — эмгек, арамзанын жанын чыгарган — эрмек.
  11. Ак ойлоп, адал иште.
  12. Ак эмгек азаптан коргойт, карылык жолуңду торойт.
  13. Ак эмгектин наны таттуу, жалкоонун жаны таттуу.
  14. Акак көркү берметте, азамат көркү эмгекте.
  15. Акылыңдан адашсаң — эмгек менен дарылан.
  16. Ардак күткүң келсе ак иште.
  17. Ардакты сүйсөң, эмгекти сүй.
  18. Ат сыйлаган азабынан кутулат, эр сыйлаган эмгегинен кутулат.
  19. Байлыкты эмгектен изде, теңдикти күрөштөн изде.
  20. Байлыктын атасы — эмгек, энеси — жер.
  21. Бакыт жерде, эринбей эңкейип ал.
  22. Бакыт эмгектен жаралат.
  23. Бактылуу — эмгегинде зор,бактысыз — ооруда, кор.
  24. Билим — кенч, эмгек анын ачкычы.
  25. Динчил түшүнө ишенет, эмгекчил күчүнө ишенет.
  26. Дыйкандын эмгегин жер кайтарат.
  27. Дүйнөнүн шамы — билим, жашоонун шамы — эмгек.
  28. Жалкоолук адамды карытат, эмгек адамды байытат.
  29. Жамгыр менен жер гүлдөйт, эмгек менен эр гүлдөйт.
  30. Жеңилбес кол — эл, кыйшайбас жол — эмгек.
  31. Жер эмгекти жебейт.
  32. Жер жемишин берет, эл эмгегин берет.
  33. Жоболоңдуу жолго чыкса, эмгектүүнүн этеги булганат.
  34. Калыстыкты элге жаса, камбылдыкты эмгекте жаса!
  35. Күйүттү күйүп ызала, кырсыкты эмгектенип табала.
  36. Куш канаты менен конот, гүлдөр ысыкта соолот, жокчулукту эмгек жоет.
  37. Кыялдуу короо, кооз бак, эмгекчил эрдин колунан.
  38. Окуу — бул эмгек, эмгекчил болсоң — алга барасың, эмгексиз болсоң — артта каласың.
  39. Оору эмгектен качат, эмгек көңүлдү ачат.
  40. Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин.
  41. Өз эмгегиң көзгө көрүнбөйт, жалкоо элден бөлүнбөйт.
  42. Спорт — адамдын денесин чыңайт, эмгек —адамдын туруктуулугун сынайт.
  43. Таза аба жуткуң келсе — эрте тур, таза өмүр сүргүң келсе — эмгек кыл.
  44. Түркүктү түртпөй билбейт, эмгексиз бакыт үйгө кирбейт.
  45. Улуу сезим — улуу сүйүүнү жаратат, улуу эмгек —улуу акылманды жаратат.
  46. Эгизден төл өсөт, эмгек менен эр өсөт.
  47. Эл дөөлөтү — эмгек, эмгек баарын жеңмек.
  48. Эл эмгегин жебегин, жегенден жетөө болбойсуң.
  49. Элге эмгек кылган өсөт, эл эрдикке кошот.
  50. Эмгеги аздын — өнмөгү аз.
  51. Эмгегиң адал болсо татканың таттуу болор.
  52. Эмгегиң менен элге жак, кор кылбай асыл жанды бак.
  53. Эмгегиң шаңдуу болсо, жегениң майлуу болот.
  54. Эмгегиңден баар тапсаң мартабаң көтөрүлөт.
  55. Эмгегине карай өнмөгү.
  56. Эмгегинен бакыт тапкан адам — чыныгы сулуу адам.
  57. Эмгек — адамдын үзүрү.
  58. Эмгек — даңкка жеткизет.
  59. Эмгек — дайра, билим — кеме.
  60. Эмгек — чыйралтат, өмүр — үйрөтөт
  61. Эмгек — эрдин көркү, эр — элдин көркү.
  62. Эмгек — азоо ат, максат — аны үйрөтүш.
  63. Эмгек бар жерде жылыш бар, жылыш бар жерде ырыс бар.
  64. Эмгек бар жерден дөөлөт күт.
  65. Эмгек даңкка жеткизет.
  66. Эмгек жокко жеткизет, эрикпей кетменди алгын колуңа.
  67. Эмгек кылбай эр оңбос, бириндеген эл болбос.
  68. Эмгек кылсаң — өнмөк бар.
  69. Эмгек кылсаң эринбей, тоет кардың тиленбей.
  70. Эмгек менен эр көгөрөт, жамгыр менен жер когорот.
  71. Эмгек эрдикке жеткирет, эрдик элдикке жеткирет.
  72. Эмгексиз бакыт — тузу жок тамактай.
  73. Эмгексиз иш бүтпөйт, эринчээктин колу тийбейт.
  74. Эмгексиз киреше — бетке чиркөө.
  75. Эмгексиз тапкан мал эсепсиз кетет.
  76. Эмгексизге ыракат жок.
  77. Эмгектен арыктаган, түшүмүнө семирет.
  78. Эмгектен булчуң чыңалат, эринчээкке конбос бак.
  79. Эмгектен качсаң —дөңгөккө.
  80. Эмгектеп жылсаң да эртеңиңе умтул.
  81. Эмгекти барктасаң, эмгек сени барктайт.
  82. Эмгекти көрбөгөн — ыракаттын кадырын билбейт.
  83. Эмгектин деңгээлин мезгил тастыктайт.
  84. Эмгектин көркү ыракат, эринчээкке конбос бак.
  85. Эмгектен качсаң —дөңгөккө.
  86. Эмгектеп жылсаң да эртеңиңе умтул.
  87. Эмгекти барктасаң, эмгек сени барктайт.
  88. Эмгекти көрбөгөн — ыракаттын кадырын билбейт.
  89. Эмгектин деңгээлин мезгил тастыктайт.
  90. Эмгектин көркү ыракат, эринчээкке конбос бак.
  91. Эмгектин наны таттуу, жалкоонун жаны таттуу.
  92. Эмгектин түбү — ыракат, эринчээкке конбойт бак.
  93. Эмгектүү (же жазган) кулда чарчоо жок.
  94. Эмгекчил кулда чарчоо жок.
  95. Эмгектүүнүн — наны таттуу, жалкоонун — жаны таттуу.
  96. Эмгектүүнүн аты калат, эселектин даты калат.
  97. Эмгекчил таң атаарын күтөт, жалкоо күн батаарын күтөт.
  98. Эмгекчинин — эмгеги байлык, билимдүүнүн — пикири байлык.
  99. Эмнени эксең, ошону оросуң.
  100. Эр жигит эмгекти сүйөт, эмгектин үзүрүндө жүрөт.
  101. Эр жигиттин алганы жарашса алка жакасы ак болот да, элине эмгек сиңип бак конот.
  102. Эр эгиз, эмгексиз жалгыз.
  103. Эрдин атын эмгек чыгарат.
  104. Эстүү адам эмгектен качпайт, эзели жаман жакка баспайт.
  105. Ээн баштык менен тапкан малың, өз башыңа жүк болор, эмгек менен тапкан малың, өлгөнүңчө мүлк болор.

Илим, билим жонундо

Бул бетте илим, билим жонундо макалдар чыгарылды.

ilim bilim jonundo makal opt
  1. Айдабай аштык чыкпайт, үйрөнбөй билим жукпайт.
  2. Адамдагы эң сонун нерсе — акыл менен билим.
  3. Акыл — деңизден терең, билим — тоодон бийик.
  4. Акыл — деңизден терең, билим — тоодон бийик.
  5. Акыл — тозбогон тон, билим — түгөнбөгөн кенч.
  6. Акыл азбайт, билим тозбойт.
  7. Акыл менен билим эр адамдын сөөлөтү.
  8. Акылдуунун иши дагы акылдуу, билимсиз жан баалай албайт акылды.
  9. Акылдын өбөгү билим, жөлөгү тажрыйба.
  10. Акылы бар билимди самайт, акылы жок кийимди самайт.
  11. Байдасыз билим — жаансыз булут.
  12. Байлыктын баарысы жакшы, барктуусу билим.
  13. Бийикке чыксаң көзүң ачылат, билимдүүгө жолуксаң көңүлүң ачылат.
  14. Билбегенди бил, билимдүү —пир.
  15. Билеги жоон бирди жыгат, билими зор миңди жыгат.
  16. «Билем —билем» дей бербе, билгендерди көргөндө.
  17. Билек жирей албаганды — билим жирейт.
  18. Билемин десен тутулдуң, билбеймин десең кутулдуң.
  19. Билим — адамдын канаты.
  20. Билим — деңиз, акыл — кайык.
  21. Билим — жанып турган чырак.
  22. Билим — жашоо чырагы, өнөр — элдин курамы.
  23. Билим — жашоо чырагы, өнөр — элдин курамы.
  24. Билим — мейман, акыл — ээ.
  25. Билим — оошот, ырыс — жугушат.
  26. Билим — өнөр азыгы, өнөр — эрик казыгы.
  27. Билим — элге, суу — жерге.
  28. Билим алууну бешиктен башта.
  29. Билим болбой, илим болбойт.
  30. Билим издеген өсөөр, бүлүк издеген өчөөр.
  31. Билим көптүк кылбайт, өнөр аздык кылбайт.
  32. Билимден өткөн досуң жок, оорудан өткөн касың жок.
  33. Билимди сатып албайт, аны казып алат.
  34. Билимди элден изде, алтынды жерден изде.
  35. Билимдин кени китепте.
  36. Билимдин күчтүүсү — адамдык.
  37. Билимдүү баарына түшүнөт, билимсиз өз ишине күтүлөт.
  38. Билимдүү билимин берет, акылдуу акылын берет.
  39. Билимдүү билсе да сурайт, билимсиз билбесе да сурабайт.
  40. Билимдүү бөлмөк — оңой, адам болмок — кыйын.
  41. Билимдүү болсоң озорсуң, билимсиз болсоң осолсуң.
  42. Билимдүү зор, билими жок кор.
  43. Билимдүү өлсө кагазда каты калат, уста өлсө балтасы менен чоту калат.
  44. Билимдүү көп, билген аз, күйүмдүү көп, күйгөн аз.
  45. Билимдүү мээге салат, билимсиз мээден алат.
  46. Билимдүүгө дүйнө — жарык, билим өмүр азыгы.
  47. Билимдүүгө дүйнө жарык.
  48. Билимдүүдө бедер бар, билимсизде нелер бар.
  49. Билимдүүдөн акыл сура.
  50. Билимдүүнүн — билими жугат, билимсиздин —ириңи жугат.
  51. Билимдүүнүн белгиси, билгенин келет бергиси, акылдуунун белгиси, акылын келет бергиси.
  52. Билимдүүнүн билими жугат, билимсиздин кири жугат.
  53. Билимдүүнүн сөзү өткүр, мергенчинин көзү өткүр.
  54. Билимдүүнүн түнү — күн, билимсиздин күнү — түн.
  55. Билими бар — ар балаадан кутулат, билими жок — миң балаага тутулат.
  56. Билими жокко күн да түн.
  57. Билимиңди элге бере албасаң бекерсиң.
  58. Билимсиз бирди көрсө, билимдүү миңди көрөт.
  59. Дүйнөнүн шамы — билим, жашоонун шамы — эмгек.
  60. Жакшылык болсо билип ал, жаш куракта билим ал.
  61. Жер — ырыстын киндиги, билим — ырыстын тизгини.
  62. Жердин көркү — эгин, эрдин көркү — билим.
  63. Жылдыздын көбү — асмандын көркү, билимдин көбү — акылдын көркү.
  64. Илим — ийне менен кудук казгандай.
  65. Илим — окуу булагы, өнөр — турмуш чырагы.
  66. Илим — турмуш чырагы, өнөр — эрдин куралы.
  67. Илим — элдин көркү, токой — жердин көркү.
  68. Илим акылдын кайрагы.
  69. Илим албай — мактанба, өнөрлүү болбой — баптанба.
  70. Илим башка жугат, кына ташка чыгат.
  71. Илим өнөрсүз болбойт, куш канатсыз болбойт.
  72. Илим — тозбогон кудук, билбеген киши —дудук.
  73. Илимдин падышасы — акыл, сөздүн падышасы — макал.
  74. Илимдүү баштайт, илимсиз ээрчийт.
  75. Илим—элге, суу — жерге.
  76. Ишке ашпаган илим—жемишсиз дарак, ишке ашчу илим инсанды ойго жеткирет.
  77. Кийим менен мактанбай, билим менен мактан.
  78. Китеп — билим ачкычы.
  79. Китеп — билимдин булагы.
  80. Күч кетет, билим кетпейт.
  81. Окуу — билим азыгы, билим — ырыс азыгы.
  82. Окусаң озосуң, окубасаң тозосуң.
  83. Окуган — жарык, окубаган — чарык.
  84. Окуганыңды айтпай, токуганыңды айт.
  85. Окуй берсең — көзүңдү ачат, отура берсең жалкоолук басат.
  86. Окуу — билим азыгы, билим — ырыс азыгы.
  87. Окуу — жакшылык, окуусуз — караңгылык.
  88. Окуунун түбү жок.
  89. Өмүрдүн чеги бар, илимдин чеги жок.
  90. Өмүрдөн өткөн бакыт жок, өнөрдөн өткөн билим жок.
  91. Өнөр — аккан булак, билим — күйгөн чырак.
  92. Суу — жерге, илим (билим, байлык)— элге.
  93. Тобокелге салгандык—илимден артта калгандык.
  94. Ырыс жугушат, билим (же акыл) оошот.
  95. Эмгек — дайра, билим — кеме.
  96. Эмгекчинин — эмгеги байлык, билимдүүнүн — пикири байлык.

Эне жонундо

Бул бетте эне жонундо макалдар чыгарылды.

ene jonundo makal opt
  1. Эжесин чапса балаңыз, энесин урам дегени. Агасын чапса баланыз, атасын урам дегени.
  2. Элиңде өлүм жок болсо, энең кана? Айылында өлүм жок болсо, атаң кана?
  3. Ак сүт берген эненин, балада акы зор болот.
  4. Ата — аска тоо, Эне — оргуган булак, бала — экөөнө тең шам чырак.
  5. Ата — мекен, эне —нур.
  6. Ата болсоң акылдуу бол, эне болсоң мээримдүү бол.
  7. Ата болуш — ардак, эне болуш — сыймык.
  8. Ата даңкы, эне баркы — балага дем.
  9. Ата жакшы — уул жакшы, эне жакшы — кыз жакшы.
  10. Атам өлсө өлсүн, атамды көргөн өлбөсүн, энем өлсө өлсүн, энемди көргөн өлбөсүн.
  11. Ата каргышы — ок, эне каргышы — бок.
  12. Ата көргөн — ок бычат, эне көргөн — тон бычат.
  13. Атага (же энеге) баланын алалыгы жок.
  14. Атага окшоп уул туулбас, энеге окшоп кыз туулбас.
  15. Атадан таяк жеген балдар жакшы, энеден тил укпаган кыздар жакшы.
  16. Атаң карыса кул кылба, энең карыса күң кылба.
  17. Атаң кимди алса энең ошол, агаң кимди алса жеңең ошол.
  18. Атаңды өлтүргөнгө — энеңди алып бер.
  19. Атаңды көргөндөн акыл сура, энеңди көргөндөн тон сура.
  20. Аталаштан алтоо болгончо, энелештен экөө бол.
  21. Аталашым аттан түш, энелешим ээрге мин.
  22. Аталуу бала арсыз жетим, энелүү жетим эрке жетим.
  23. Аталуу жетим — арсыз жетим, энелүү жетим — эрке жетим.
  24. Энем өлсө — өлсүн, энемди көргөн өлбөсүн.
  25. Атам, энем бар болсун, оозу мурду жок болсун.
  26. Атамдын тапканы энемдин баракелдесине да жарабаптыр.
  27. Атаны көрүп уул өсөт, энени көрүп кыз өсөт.
  28. Атаны сыйлаган абийир табат, энени сыйлаган элге жагат.
  29. Эненин кеби — кыз —келинге, эженин кеби — синдиге эм.
  30. Атанын салган жолу бар, эненин бычкан тону бар.
  31. Атасы болушчаактын — уулу урушчаак, энеси болушчаактын — кызы ыйлаак.
  32. Атасы жиндинин — бири жинди, энеси жиндинин — баары жинди.
  33. Атасы өлгөн уул көбөт, энеси өлгөн кыз көбөт.

Кыз жонундо макалдар

Бул бетте кыз жонундо макалдар чыгарылды.

  1. Алжаке кызга — жалжаке күйөө.
  2. Алысты жакын кылган кыз, тамакты таттуу кылган туз.
  3. Аңкоо бала атасына асылат, аңкоо кыз энесин коркутат.
  4. Ар ким өз камында, кары кыз эр камында.
  5. Кызды берсең жашка бер, кучакташып ойносун.
  6. Арык атка туз бербе, акылсызга кыз бербе.
  7. Ат уяты — сатуу, кыз уяты — тартуу.
  8. Ата данкы менен кыз өтөт, мата даңкы менен бөз өтөт.
  9. Ата жакшы — уул жакшы, эне жакшы — кыз жакшы.
  10. Атага окшоп уул туулбас, энеге окшоп кыз туулбас.
  11. Атадан таяк жеген балдар жакшы, энеден тил укпаган кыздар жакшы.
  12. Атаны көрүп уул өсөт, энени көрүп кыз өсөт.
  13. Эненин кеби — кыз —келинге, эженин кеби — синдиге эм.
  14. Атасы болушчаактын — уулу урушчаак, энеси болушчаактын — кызы ыйлаак.
  15. Атасы өлгөн уул көбөт, энеси өлгөн кыз көбөт.
  16. Атасы көргөндү уулу көрөт, энеси көрбөгөндү кызы көрөт.
  17. Атасыз уул (бала) жетесиз, энесиз кыз никесиз.
  18. Атка бергис кунан бар, кызга бергис жубан бар.
  19. Аттын жоргосу кызык, тондун торкосу кызык.
  20. Аттын көркү — жалында, кыздын көркү — чачында.
  21. Аттын сыры ээсине маалым, кыздын сыры төркүнгө маалым.
  22. Ачууну таттуу кылган — туз, алысты жакын кылган — кыз.
  23. Ашыккан (шашкан) кыз эрге жетпейт, эрге жетсе, этеги жерге жетпейт.
  24. Баардык жигит кыз тандайт, бактылуу жигит уз тандайт.
  25. Багыштын кызы баймалуу (кийиз өтүктүү), багалеги саймалуу.
  26. Бак коноор адамдын уулу эптүү, кызы көрктүү болот.
  27. Бактысы ачылар жерине кыз ыйлап барат.
  28. Бакылдаган текени, суу кечкенде көрөбүз. Шакылдаган катынды, кыз бергенде көрөрбүз. Такылдаган келинди, үй чечкенде көрөрбүз.
  29. Бала жакшысы атанын даңкы, кыз жакшысы эненин даңкы.
  30. Бербес кыздын салыгы оор.
  31. Кадырман болсо зайыбың, картайса да кызга тең.
  32. Бирөөнүн катыны, бирөөгө кыз көрүнөт.
  33. Бирөөнүн тоогун жесең, каз байла; малын жесең, кыз байла.
  34. Буудайдын бараар жери — тегирмен, кыздын бараар жери — күйөө.
  35. Гүл өссө — жердин көркү, кыз өссө — үйдүн көркү.
  36. Даяр ашка саламчы көп, жетим кызга жуучу көп.
  37. Жазганбаган кыздан түңүл, жаздай болгон кыштан түңүл.
  38. Жакшы кушка жаман куш бабы менен теңелет, жакшы кызга жаман кыз багы менен теделет.
  39. Жакшы кыз — жакадагы кундуз, жакшы уул — көктөгү жылдыз.
  40. Жакшы кыз кылыгы менен, жакшы ийне учугу менен.
  41. Жакшы кыз эрден чыкпайт, эрден чыкса да элден чыкпайт.
  42. Жакшы кызга жаман кыз багы менен теңелет.
  43. Жакшы кыздын башына бермет менен шуру ойнойт, жаман кыздын башында сирке менен бит ойнойт.
  44. Жакшы эрге кыз барса, сылап сылап султан кылат.
  45. Жалгыз кыз — жалама туз, эки кыз — эрмек кыз, үч кыз ата —энеге күч кыз.
  46. Жаман үйдүн ити кабанаак, жаман кыз болор тубанак.
  47. Жаман киши өз үйүндө коноксуйт, жаман кыз өз үйүндө манапсыйт.
  48. Жаман кыз бет тырмаак болот.
  49. Жаман кыз тамак үчүн ыйлайт, жакшы кыз энесин сыйлайт.
  50. Жаман кыздын белгиси — жазгы келген коноктой, үй —бүлөсүн жүдөтөт мизи мокок ороктой.
  51. Жаман кыздын сөздөрү, көк желкеге ургандай.
  52. Жаманга берсең кызыңды, алтын башы кор болот.
  53. Жардынын кызы арзан деп, жайсыздан катын алба.
  54. Жарыбагандын кызын жалчыбаган алыптыр, экөө биригип журтта калыптыр.
  55. Жашыл оңот, жаш чоңоет, кызыл оңот, кыз чоңоет.
  56. Жетесиз жети уулуң болгончо, эстүү бир кызың болсун.
  57. Жети атасын билбеген уул — кул, жети энесин билбеген кыз — күң.
  58. Жигит өлөөр жерине күлүп барат, кыз жыргаар жерине ыйлап барат.
  59. Ийменчектик кыз —келинге жарашат, күймөнчүлүк дин колун байлайт.
  60. Кайгысы жок кара сууга семирет, катыны жок кыздуу үйгө теминет.
  61. Кайрылыш да болсо жол жакшы, качак да болсо кыз жакшы.
  62. Калемпир ачуу—туз болбойт, катындар кыңшылап сүйлөп — кыз болбойт.
  63. Калыңсыз кыз болсо да, каадасыз болбойт.
  64. Кандын кызы кашык кармаса колу жооруйт.
  65. Кара кыздын агынан эмес, багынан.
  66. Кара кыздын багы билет.
  67. Карга каркылдап каз болбос катын шыңкылдап кыз болбос.
  68. Кары кызга таң атпайт.
  69. Катын менен айтышкан кызда не сын.
  70. Кедей кызы байга келин болуп барганда: Куңкулчуңкул мүлжүгөнгө моюн жакшы, карт —карт чайнаганга карын жакшы» дептир.
  71. Кемпирге — чал, келинге — күйөө, кызга — бозой.
  72. Кетер кызды кеңкип кал.
  73. Кетер кыздын керээзи, кетилген болот жетилет, күйүттүү кабак ачылат.
  74. Кечтим байдын кызынан.
  75. Кичине жоолук токуса — уздун чери жазылат, күйөөлөрү келгенде — кыздын чери жазылат.
  76. Күйөө келсе — кыз даяр, жүйөө келсе — баш даяр.
  77. Күйөөгө жетпей кыз тынбайт.
  78. Күйөөң жаман болсо кызыңдан көр, келиниң жаман болсо уулуңдан көр.
  79. Күмүш үйлүү кыз чөп алачыктагы атасынан үмүт кылат.
  80. Коңшу жакшы болсо, сокур кыз эр табат.
  81. Койго — бычак, кызга — кучак.
  82. Койчунун кызы кой келгенде иш кылат.
  83. Кыз — башка үйдүн жарыгы.
  84. Кыз — конок.
  85. Кыз — кырк жылкы, эркек бала — ырыскы.
  86. Кыз баласы — кызыктырат, уул баласы — ууктурат.
  87. Кыз боозуп энесин коркутат.
  88. Кыз деген буйлалаган төө.
  89. Кыз жакшысы — жакадагы кундуз.
  90. Кыз жакшысы чалкакка тийген айдай, чыныга куйган майдай.
  91. Кыз жаманы — кыроо, кыз жакшысы — кымбат.
  92. Кыз жети жашка келгенде энесин жергеге кошот.
  93. Кыз жыргаар жерине ыйлап барат.
  94. Кыз өлсө — кырчындай башы кыйылат, жигит өлсө —үч кун жалын, үч күн чок, үч күндөн кийин көздөн жаш тыйылат.
  95. Кыз күлүндөсө — кубангандык, санаа тынчыса — жубангандык.
  96. Кыз конок, бүгүн өз үйүндө, эртең башка бирөөнүн үйүндө.
  97. Кыз кылыгы менен жакшы, ийне учугу менен жакшы.
  98. Кыз Кырымга (Крым) жеткизет, уул Урумга (Үрүмчү) жеткизет.
  99. Кыз маалында — бары жакшы, жаман катын кайдан чыгат.
  100. Кыз сулуусу калмакта, сөз кычкылы саякта.
  101. Кыз турган үйдө кыл жатпайт.
  102. Кыз туудум — кыялын кошо туубадым, уул туудум — уздугун кошо туубадым.
  103. Кыз уяты — тартуу, ат уяты — сатуу.
  104. Кыз энеден үлгү албаса чоркок болот, уул атадан үлгү албаса коркок болот.
  105. Кызга катылган кедей болот.
  106. Кыздан жаман нерсе жок: өзгө эрибей, жатка эрийт, туздан жаман нерсе жок: майга эрибей, сууга эрийт.
  107. Кыздуу болсоң — көздүү бол.
  108. Кыздуу жерде — кыякчы, кымыздуу жерде — аякчы.
  109. Кыздуу үй кылыктуу.
  110. Кыздуу үйдө – кыңыр сүйлөбө, уулдуу үйдө – узун сүйлөбө.
  111. Кыздуу киши кыр ашат.
  112. Кызды берсең корго бер, кызды алсаң зордоп ал.
  113. Кызды өпсөң — алма, шекер, бал татыйт.
  114. Кыздын жаманы иттен чыгарат.
  115. Кыздын көзү кызылда.
  116. Кыздын кырк чачы улуу.
  117. Кыздын төрүндө болгуча уулдун улагасында бол.
  118. Кыздын эркеси — биттин сиркеси.
  119. Кызы бар үй — кымызы бар саба.
  120. Кызы бар үй — кыялдуу үй.
  121. Кызы жаман болсо—жаш дейт, баласы жаман болсо — мас дейт.
  122. Кызың жаман болсо, жети атаңа жетээр, «аттигиниң ай» деп өмүрүң өтөөр.
  123. Кызым кылыгыңан табаарсың.
  124. Кызым, колумдан учурган кушум.
  125. Кызыма ак халат жарашпайт, ага жакшы жигит жанашат.
  126. Кызымдын кулагына алтын сырга.
  127. Кымыздуу үй — назар, кыздуу үй— базар.
  128. Кыштак сураган кыз кыша (камыш) каланып отурган төркүнүнөн үмүт кылат.
  129. Мактаган кыз тойдо оосурат.
  130. Малдын сыры бакканга маалым, кыздын сыры төркүнгө маалым.
  131. Муңканганга — катын кыз, буюкканга —жылдыз от.
  132. Олтурган кыз ордун табат.
  133. Осурган кыз оосурбаган кыздын бетин тытыптыр.
  134. Отко жакын шиш күйөт, жеңеге жакын кыз күйөт.
  135. Өлгөн менен кыз бергенге намыс кылба.
  136. Сексен жылкы, сегиз төө септүү кыздын калыңы.
  137. Септүү кыз болгуча, эптүү кыз бол.
  138. Сөз жакшысын кулак билет, кыз жакшысын ынак билет.
  139. Сулуу кыз, кыраан бүркүт, алгыр тайган таалайлууга туш келет.
  140. Сулуу кыздын — саамайы көрк, эр жигиттин —таалайы көрк, саябан бактын — маанайы көрк.
  141. Таз кыздын көңүлү болбосо да, таза кыздын көңүлү калбасын.
  142. Тилден кыйын жоо жок, кыздан кыйын доо жок.
  143. Түзүк эле биздин кыз, түйтөк баш кылган өзүңүз.
  144. Тузду даам татканга бер, кызды издеп тапканга бер.
  145. Тузду мээнет чырмаса, даамы чыгып шор болот, кызды мээнет чырмаса, атасынын төрүндө көп олтуруп кор болот.
  146. Туулган жердин суусу — мүрөк, кызы — чүрөк.
  147. Узун бойлуу жигитке, чарчы бойлуу кыз керек.
  148. Уул аштабаган балтаны кыз аштаар, эр чаппаган кылычты зайып чабаар.
  149. Уул жаманы — уйгак, кыз жаманы — камгак.
  150. Уулду төрөйт — уятын кошо төрөбөйт, кызды төрөйт — кыялын кошо төрөбөйт.
  151. Уулдуу болсоң узун сүйлөбө, кыздуу болсоң кыя сүйлөбө.
  152. Уул — кызды үйлөмөк — тукумуна кам көрмөк.
  153. Уул —кызың эрке болсо, дооматты башкага койбо.
  154. Уулуң чоңойсо, абийирдүү менен айылдаш бол, кызың чоңойсо, өнөрлүү менен айылдаш бол.
  155. Үйдөгү ток кыз ашка барам деп ыйлайт, аштагы ач кыз үйгө барам деп ыйлайт.
  156. Чокой кийген бут куурайт, чогоолго тийген кыз куурайт.
  157. Чырдуу кыздын чыргоо жомогу ырбайт.
  158. Ырдуу күйөө, чырдуу кыз.
  159. Ырыстуунун аты күлүк, кызы сулуу.
  160. Эжелүү кызга — тон кайда, эчкилүү койго — суу кайда.
  161. Эки жарты бир бүтүн — эптүү кыздын калыңы, сексен жылкы, сегиз төө — септүү кыздын калыңы.
  162. Эки кыз — эрмек көп.
  163. Эл мактабаган кыз эрсиз калат.
  164. Эне адаты — кызга үлгү.
  165. Эне сыры — кызында, ата сыры — уулунда.
  166. Эне тыйбас кыздан түңүл, ата тыйбас уулдан түңүл.
  167. Эненин колунан — кыз тойбойт, эрдин колунан — куш тойбойт.
  168. Энеси жок кыздын эмчеги чоң, атасы жок уулдун аласы чоң.
  169. Энеси мактаган кызды алба, жеңеси мактаган кыздан калба.
  170. Энесин көрүп — кызын ал, эшигин көрүп — төрүнө өт.
  171. Эркек баланы туурап кыз колуна сиет.
  172. Этке жетпей туз тынбайт, эрге жетпей кыз тынбайт.

Дос жонундо

Бул бетте дос жонундо макалдар чыгарылды.

  1. Адал болсоң дос көбөйөт, арам болсоң кас көбөйөт.
  2. Адам адамга дос, жолдош, бир тууган.
  3. Адамга таандык мыкты дөөлөт — достук
  4. Ажырашаар досуңа көңүл калар сөз айтпа
  5. Аз кайгыны аш басат, көп кайгыны дос басат.
  6. Азганды кууп, тозгонго жолукпа, тууган издеп, достон кетпе.
  7. Айрылаар дос, бербести сурайт.
  8. Айрылаар дос, ээрдин арткы кашын сураар
  9. Айылды алалык бузат, араны (достукту) каралык бузат
  10. Акмак достон, акылдуу душман артык
  11. Акылдан жакын дос барбы, ачуудан жаман кас барбы.
  12. Акылдуу касыңдан коркпой, акмак досуңдан корк.
  13. Акылдуулардын кастыгы, акмактардын достугунан артык.
  14. Акылсыз (акмак) достон, акылдуу душман (жат) артык.
  15. Акылың көп болуп, ачууң аз болсо — зор болорсуң, душманың көп болуп, досуң аз болсо — кор болорсуң.
  16. Алдым, жуттум дос күтсөң, кубанычың аз болоор
  17. Алыскы достон, жакынкы кас артык.
  18. Алыстагы душмандан, аңдып жүргөн дос жаман.
  19. Аңдышкан айыл болбойт, сатуулашкан дос болбойт.
  20. Аңдышкан айыл конбойт, эсептешкен дос болбойт.
  21. Аргымак тандап ат жыйдым, буудан болуп бербеди, азамат тандап дос жыйдым, тууган болуп бербеди.
  22. Ат алсаң, досуң менен кеңеш, кой алсаң, коңшуң менен кеңеш.
  23. Ат жакшысы алыскы жолдо сыналат, дос жакшысы айыгышкан жоодо сыналат
  24. Атан төө мас болсо, тайлак төө менен дос болот
  25. Аттууга жөө дос эмес.
  26. Атты достой сүйсөң, душмандай минесиң.
  27. Атың барда жол тааны, атаң барда дос тааны.
  28. Ачуу — душман, акыл — дос.
  29. Ачуу — душман, акыл—дос, акылыңа акыл кош
  30. Аш сунгандын баары дос эмес, таш ургандын баары кас эмес
  31. Баатыр — согушта, акыл —ачуу келгенде, дос —зарылдыкта сыналат.
  32. Байыганда досуң көп, жакырлансаң доочу көп
  33. Бактылууга эки дос келет, бактысызга эки ууру келет
  34. Бакыт оросо, дос торойт
  35. Бардар менен дос болсоң, каалаганың аласың, жаман менен дос болсоң, кара өзгөй — доого каласың.
  36. Билимден өткөн досуң жок, оорудан өткөн касың жок.
  37. Бир баатыр—согушта, акыл — ачуу келгенде, дос — зарылдыкта (сыналат).
  38. Бүркүт алжыса кулаалы менен дос болот.
  39. Дүрбөлөңчү башчынын чолок этек бакан ооз досу болот.
  40. Дос — сенин күзгүң.
  41. Дос (тууган) күйгүзүп (же күйдүрүп) айтат, душман сүйгүзүп (же күлдүрүп) айтат.
  42. Дос айрылат, сөөк кайрылат.
  43. Дос алдында жооп берүүдөн көрө, душман алдында өлгөн жакшы.
  44. Дос балаада билинер, баатыр талаада билинер.
  45. Дос башка карайт, душман бутка карайт.
  46. Дос гүл болсо, душман күл болот.
  47. Дос деген ыйык нерсе, эгер аны баалай билсе.
  48. Дос досту үлпөттө сынайт, жылкы семирсе жылкычы сүйүнөт.
  49. Дос досту кыйынчылыкта таштабайт; дос —доско жаныңды кош.
  50. Дос жеритип сүйлөйт, душман эритип сүйлөйт.
  51. Дос изде, душман өзү табылат.
  52. Дос күйгүзүп (же күйдүрүп) айтат, душман сүйгүзүп (же күлдүрүп) айтат.
  53. Дос көтөрөт көңүлдү, кой көтөрөт семизди.
  54. Дос көтөрөт көңүлдү, мал көтөрөт өлүмдү, кой көтөрөт семизди.
  55. Дос менен дос болсоң — мактан, кас менен дос болсоң — сактан.
  56. Дос сыйлайт, душман кыйнайт.
  57. Дос сыртыңдан мактайт, душман көзүңчө мактайт.
  58. Дос таарынса, (доолашса) бергенин алат.
  59. Дос табылбайт, акча табылат.
  60. Дос табышат, душман кагышат
  61. Дос тапмак арзан, аны күтмөк кыйын.
  62. Дос эгиз, душман сегиз.
  63. Дос, доско жаныңды кош.
  64. Дос, досту үлпөттө сынайт.
  65. Дос, жолдош — бир жылдык, куда —сөөк — миң жылдык.
  66. Дос — жолдошуң бир жылдык, куда— сөгүң миң жылдык.
  67. Доско берип турсаң жакшы, бербей калган күнү бергенин кайта доолайт.
  68. Доско ишенгиче, дооранынды байлана жүр.
  69. Досондону ант урат, куданданы бата урат.
  70. Досондонун жаны бир, куданданын малы бир.
  71. Доссуз адам — канатсыз куш.
  72. Досторуңа таттуу бол, кастарыңа катуу бол.
  73. Досторум келсе дудукмун, досторго барсам —кудукмун.
  74. Достук барча байлыктан абзел.
  75. Достук тар кыяда сыналат.
  76. Достуктун наркы доорунда.
  77. Достун (досуңдун) көңүлү бир тартым насыбайдан калат.
  78. Достун каны башка, жаны бир.
  79. Достун көңүлү бир тартым насыбайдан калат.
  80. Достун көңүлү бир тыйындан калат.
  81. Достун орду — төр, кастын орду — көр
  82. Достун түбү — маймак, уурунун түбү — айгак.
  83. Достун жаны бир, туугандын малы бир.
  84. Достун кадыры бир татым насыбайдан калат.
  85. Досу жок жан жетимден да жаман.
  86. Досу жок киши канаты жок куштай.
  87. Досу көп менен сыйлаш, досу аз менен сырдаш.
  88. Досу көптү жоо албайт, акылы көптү доо албайт.
  89. Досуң баягыдай эмес баягыдай болсо эч нерсесин аягыдай эмес.
  90. Досуң баягыдай эмес, баятыдай болсо, аягыдай эмес.
  91. Досуң канча болсо, душманың ошончо.
  92. Досуң күзгүдөй, сындырсаң эптей албайсың.
  93. Досуң миң болсо да — аз, душман бирөө болсо да — көп.
  94. Досуң миң болсо да аздык кылат, душманың бирөө болсо да көптүк кылат.
  95. Досуңа сыр (же сырыңды) айтпа, досуңдун да досу бар.
  96. Досуңдан (төркүнүңдөн) төө сура, уялгандан (чыдабаса) бээ берет.
  97. Досуңдан сырыңды жашырба, душманыңды башыңдан ашырба.
  98. Досуңду ант урат, куданы бата урат.
  99. Досуңду токтотпо, жолунан калат, касыңды токтотпо, сырыңды алат.
  100. Досуңдун ашын касындай же.
  101. Досуңдун ашын касыңкындай ич!
  102. Досуңдун бергенин (же берген малынын) тишин ачпа.
  103. Досуңдун бергенинин тишин ачпа.
  104. Досуңдун бычагы менен мүйүз кес, душмандын бычагы менен кийиз кес.
  105. Досуңдун касынан сактан, касыңдын досунан сактан.
  106. Досуңдун сүйгөн буюмун сураба.
  107. Досуңдун сөккөнүнөн коркпой, касыңдын өпкөнүнөн корк.
  108. Досуңдун тепкени душманыңдын өпкөнүнөн артык.
  109. Досуңдун тоогун алсаң, канжыгасына каз байла.
  110. Досуңдун эсеби туура чыкса, кудуңдайт.
  111. Досум дос элек — коон үзгөндө (окууну бүткөндө), көзүңдү сүзүп калыпсың — бозо сүзгөндө
  112. Досум, дос элек коон үзгөндө, кас болдук бозо сүзгөндө.
  113. Досунан ажыраган — өзүнө өзү душман.
  114. Досуңдун ашын касыңдай же (же ич).
  115. Душманыңды мактаган досуңдан сак бол.
  116. Душман буйруса барба, дос буйруса калба.
  117. Душман жумурткадан кыр табат, тууган (дос) күйдүрүп айтат.
  118. Душманга (же жатка) таба, доско (өзгө) күлкү болбо.
  119. Душмандан бир сактан, жаман достон миң сактан
  120. Душмандын душманы — сенин досуң
  121. Душманың суу берсе, досундай көр.
  122. Жакшы адамдын досу көп, жакшы аттын ээси көп.
  123. Жакшы дос жан жыргатаар азык, жаман дос башка тиер казык.
  124. Жакшы дос пайдасын тийгизбесе да зыянын тийгизбейт
  125. Жакшы көргөн досунан мал аяган жигитпи.
  126. Жакшы күндө — душман дос, жаман күндө —тууган дос.
  127. Жакшы көргөн досуңа ат байлатып сына.
  128. Жакшы көргөн досуңдун, атын албай, тайын ал.
  129. Жакшы көргөн досунан, мал (ат) аяган жигитпи?!
  130. Жакшы мал (ат) жанга аралжы, жакшы дос (жолдош) малга аралжы.
  131. Жакшы менен дос болсоң — ырыскысын тең бөлөт, жаман менен дос болсоң — өзүнөн сени кем көрөт.
  132. Жакшы менен дос болсоң, өлгүчөктү коштошот.
  133. Жакшылыкты досуңа кыл, досуңдан артса өзүңө кыл.
  134. Жакшыны жатым дебе, жаманды досум дебе.
  135. Жакшыны жатым дебе, жаманды өзүм дебе
  136. Жалгыз өгүз кош болбойт, жаакташкан дос болбойт.
  137. Жалгыз өлө жегиче, досуң менен бөлө же
  138. Жаман дос көлөкө сыяктуу: күн ачыкта кутула албайсын, күн бүркөктө издеп таба албайсың.
  139. Жаман достон ачык душман артык.
  140. Жамандык жолго баспагын — кырсык тилеп аласың, досуңа чуңкур каспагын — өзүң түшүп каласың.
  141. Жан аяшкан дос болбойт
  142. Жанга күйбөс кандай (таңдай) дос.
  143. Жанга күйгөн — жандай дос; жанга күйбөс —кандай дос?
  144. Жанга күйгөн жандай дос
  145. Жаңы дос келгенде, эски достун көзүнөн жаш чыгат.
  146. Жаныңа ким күйсө досуң ошо.
  147. Жүз дос — аз, бир кас — көп
  148. Жойпу дос ишке жарабайт, мыкты күчүн аябайт
  149. Жоодон корккон — жоого дос, элди сүйгөн — эрге дос.
  150. Ит менен дос болсоң сөөк талашасың.
  151. Иштесең досуң көбөйөт ушактан касың көбөйөт.
  152. «Көңүлүмө жагат» деп көрүнгөн менен дос болбо.
  153. Каалаганыңыздын кабылганы — досуңуздун сагынганы.
  154. Калем курчу — изденүү менен акылда, достук күчү — бирдик менен жакында.
  155. Карт адам акылга бай, март адам доско бай.
  156. Карыз бергенде — дос, кайра сураганда — кас
  157. Кастыктын түбү — көмүр, достуктун түбү — өмүр.
  158. Кастын ою — бөлөк, достун ою — жөлөк,
  159. Касыңдан бал жегенче, досундан суу ич.
  160. Досуңду тозокто сына, кайрылып суу береби!?
  161. Катын албай кайын ал, жакшы көргөн досундун (тамырдын) атын албай, тайын ал.
  162. Кедей менен бай от болбос, бөрү менен кой дос болбос.
  163. Кечмеликти кечпейли досум, кечкен соң (кечишели, кетишпейли) кечели, кечпейли дешпейли досум.
  164. Күлгөндүн баары дос эмес, урушкандын баары кас эмес.
  165. Көмүскө достон көрүнөө душман артык
  166. Коңшулуктун белгиси — алыш —бериш, досчулуктун белгиси — барыш —келиш.
  167. Колуңдан келип турганда бөйпөңдөп, бак тайган күнү баса берген киши дос болбойт.
  168. Кудай кошкон куда болот, пайгамбар кошкон дос болот
  169. Кудай сүйгөн куда, пайгамбар сүйгөн дос болот.
  170. Мал көтөрөт өлүмдү, дос көтөрөт көңүлдү.
  171. Малым барда баары дос, малым жокто кана дос?
  172. Мансап үчүн сүйбө, мал —мүлк үчүн достошпо.
  173. Миң досуң — аз, бир душманың — көп
  174. Мышык чычкан дос болсо, кампага каргыш тиет.
  175. Накүстөдөн карыздар болбо, ооган менен дос болбо.
  176. Обоо менен шыйпаң дос.
  177. Оройдун он досу да болбойт
  178. Орус менен дос болсоң айбалтаңды ала жүр.
  179. От жалынын билбеген кайрылат, дос жалынын билбеген айрылат.
  180. Өзүң өлсөң өл, бирок досуң өлбөсүн.
  181. Өсөөр элдин балдары бири — бирине дос болот, өспөс элдин балдары бири — бирине кас болот.
  182. Өткөндүн, келечектин жибин улап, достошуу ийгиликке алып барат.
  183. Пайданы башыңа кыл, башыңдан артса досуңа кыл.
  184. Пулун пулдай албаган, досун сыйлай албайт.
  185. Сөөк — кайрылат, дос — айрылат.
  186. Соодада достук жок.
  187. Сыпайы менен дос болбо, катынга сырыңды айтпа.
  188. Сырын билбей дос болбо.
  189. Тактыктан достук бузулбайт
  190. Тил — душман, акыл — дос, тиш — коргон.
  191. Тил ооруткан дос эмес.
  192. Тирүүдө сыйлашып, өлгөндө ыйлашпаган урук —тууган, дос —тамыр, куда — сөөктөрдөн оолак бол.
  193. Түзөлөр жолго түшпөйм десе, түбөлүк дешкен досуңдан кеч.
  194. Тууган издеп, достон кетпе
  195. Туюнтпай мээнет жолукса тууганың сага кас болот,туш келип деөлөт жолукса душманың келип дос болот.
  196. Учкашкандын баары дос эмес, урушкандын баары кас эмес.
  197. Үйдүн жакшы жаманы кыш түшкөндө билинет, достун жакшы жаманы иш түшкөндө билинет
  198. Үпү менен шыйпаң дос, бучук менен жыртык дос.
  199. Чабалекей менен шилекей алышып достош.
  200. Акылдуу касыңдан коркпо,арзыбас досуңдан корк.
  201. Чоң чатактан кичинекей достук артык.
  202. Чын айткандын досу көп, калп айткандын касы көп.
  203. Чындыкты танууга болбойт, достукту чанууга болбойт.
  204. Чыныгы дос уялаштан артык (тууганга тең).
  205. Шектенүү — шерттешкен достукту бузат.
  206. Ынтымак достордун жолун ачат, ынтымак болбосо, ырысың качат.
  207. Ыраактагы туугандан, жакындагы дос өйдө.
  208. Эки арамза дос болбойт.
  209. Эки жакшы кас болбойт, эки жаман дос болбойт
  210. Эки таш беттешкен жерде — күкүм, эки таш беттешкен жерде — күкүм,
  211. Эки эрдин достугу, бир белден ашырат, эки элдин достугу, миң белден ашырат.
  212. Эл башчылар достошсо, бактысы болот журтунун.
  213. Эл сүйгөндөй досуң болсун, жер сүйгөндөй кошуң болсун.
  214. Эл четине жоо келсе—жан аяган жигитпи, жакшы көргөн досунан — мал аяган жигитпи.
  215. Эр достугу — эгиз, эл достугу — деңиз.
  216. Эсен (өлбөгөн) кулга мал бүтөт. Мал бүткүчө эс кетет, эшикке келген дос кетет.
  217. Эсептешкен дос болбойт.
  218. Эсептүү дос айрылбайт, эсепсиз дос кайрылбайт.
  219. Эски дос эстен кетпейт, жаңы дос баркка жетпейт.
  220. Эски досуң кас болбос, эски касың дос болбос.
  221. Эски жоо атышаарга жакшы, эски дос алышаарга жакшы.

Жаз жонундо

Бул бетте жаз жонундо макалдар чыгарылды.

jaz jonundo makal2 opt
  1. Жаз жарыш, күз күрөш
  2. Жазгы суук жандан өтөт
  3. Жалындуу жаштык кезинде, жазгы суудай ташкында
  4. Айдагың келсе эгин, күздүн камын жазында жегин, жаздын камын кышында жегин.
  5. Анык чечен — акындар жазгы жамгырдай.
  6. Ач өлтүрбө, ток өлтүр, кыш өлтүрбө, жаз өлтүр
  7. Аштык айда жазында, айдабасаң жазында, ачка өлөрсүң кышында.
  8. Бир күндө эки шашкени көрбөйсүң, бир жылда эки жазды көрбөйсүң
  9. Жаз жамгыры ылай болбойт, ууру күчөп бай болбойт.
  10. Жаз жардыныкы, кыш алдуунуку.
  11. Жаз кар эритет, жар жан сергитет.
  12. Жаз келсе гул күлөт, кут келсе — адам күлөт.
  13. Жазгы жамгырга ишенбе, кышкы күнгө ишенбе.
  14. Жазгы муздун жабыктайынан кач, күзгү муздун күзгүдөйүнөн кач.
  15. Жазгы мээнет — күзгү ыракат,
  16. Жазгы суук жандан өтөт.
  17. Жазгы этте жазык жок.
  18. Жазда жамынчагыңды таштаба, кышта өзүң билесиң.
  19. Жазда жаныңды айдабай, кышта казаның кайнабайт.
  20. Жазда кылган мээнетти, кышта көрөт дөөлөттү.
  21. Жазда магдырасаң, күздө жалдырайсың, кышта дабдырайсың.
  22. Жазда малды айдап бак, кышта малды байкап бак.
  23. Жазда кыл мээнетти, кышта көр дөөлөттү.
  24. Жаздыктан өлгөн — жаман, ат, жоодөн өлгөн —салтанат.
  25. Жаздын аракети, күздүн берекети.
  26. Жаздын жаздайы жакшы, жаштын жаштайы жакшы.
  27. Жаздын тонун кыш кийсе, тоңуп калат азамат.
  28. Жаздын уйкусу (түйшүгү) — кышка кам.
  29. Жазында ырдап жүрбөсөң, кышында жыргап жүрөсүң.
  30. Жайбаракат — жазга жакпайт, жабыла иштөө — жалкоого жакпайт.
  31. Жайбаракат жазга жакпайт, жарыша иштөө жалкоого жакпайт
  32. Жалындуу жаштык кезиңде жазгы суудай ташкында
  33. Жаман ит жазгы тамактан куру кылат.
  34. Жаман кыздын белгиси — жазгы келген коноктой, үй —бүлөсүн жүдөтөт мизи мокок ороктой.
  35. Жамгыр жааса, сел болсо — жаз да болсо кыш менен тең, бетинен бедер кеткен сон, — кымкап да болсо бөз менен тең.
  36. Жамгыр өзүн сел ойлойт, көлчүк (же кудук) өзүн көл ойлойт.
  37. Жамгыр менен жер гүлдөйт, эмгек менен эр гүлдөйт.
  38. Жамгыр менен жер көгөрөт,
  39. Жамгыр менен жер көгөрөт, бата менен эл көбөйөт
  40. Күзгү күчүңдү күйөөңө бербе, жазгы күчүңдү атаңды өлтүргөндөн да аяба.
  41. Күзүндө үркүп калат, жазында илкип калат
  42. Күн жаз, эт аз.
  43. Кыш кырга конбо, жаз сайга конбо
  44. Кышкы суукта куу сакта, жазгы чөлдө суу сакта.
  45. Өлбөгөн кулга жаз келер.
  46. Сумбула түшпөй суу тоңбойт, кыргыек келбей жаз болбойт
  47. Эрте жазда куймак жеген, кеч күздө ээрдин тиштейт.
jaz jonun do makal

Мугалим жонундо макалдар

mugalim jonundo makal opt

Мугалим келжек болсо, окуучу тентек болот.

Мугалим өзүнөн кийинкилерди көрүп картаят.

Кетенчиктеп отуруп да чокуга чыгууга болот,
Аракет кылып отуруп да, мыкты мугалим болууга болот.

Мугалим момолуу дарак

Агайынды жаман деп, тууганды кайдан табасың.

Баланы тарбиялоо — ташты кемиргенге тете.

Баланы таяк менен эмес, акыл менен тарбияла.

Баланын тентек болушу үйдөн, таалим — тарбиядан.

КЫРГЫЗДЫН ТЫЮУ ЫРЫМДАРЫ

kyrgyzdin tyiuu yrym jyrymdary opt

КЫРГЫЗДЫН ТЫЮУ ЫРЫМДАРЫ

Ата энендин астын бөгөп жолун тоспо.

Адамды колуң менен санаба.

Аксакалдын жолунан кыя кесип өтпө.

Адамды айланып жүгүрбө.

Адамдын үстүнөн аттаба.

Ата-энеңдин төшөгүн тебелебе.

Ай менен күндү карап заара кылба.

Адамды каратып мылтык мээлебе.

Адамга бычак кесебе же кишиге бычак менен тап бербе

Адамдарга арканды салып тескери карап олтурба.

Акты жерге төкпө.

Акчаны караңгыда колуң менен бербе.

Айт күнү кир жууба.

Айды сөөмөйүң менен сайып көрсөтпө.

Айрынын башын асманды каратып койбо.

Арканды аттаба.

Аял киши эркектин жолун торобош керек. Аялды караңгыда сууга жибербе.

Аягыңды асманга чыгарып жатпа.

Аккууну атпа.

Атка тескери карап минбе.

Аттын жүгөнүн аттаба.

Аттын оозун силкпе.

Аш куюлган аякты сол колуң менен сунба.

Ант суу ичпе.

Балтаны баскан жолго таштаба.

Бакандын үстүнөн аттаба.

Баласы жок бешикти терметпе.

Балдарың жаткан бешикти башкага сатпа.

Балапанды өлтүрбө.

Балтаны аттаба.

Башыңды чайкаба.

Баш кийимди босогого илбе.

Баш кийимди оюнчук кылба.

Баш кийимиңди башкага белек кылба.

Баш кийимиңди тебелендиге калтырба.

Баш кийимиңди тескери каратып кийбе.

Башты аялга мулжутпе.

Байгеге чабыла турган күлүктү аялга мингизбе.

Бетинди колун менен баспа.

Бешикти ачык калтырба.

Бешикти ар кимге бербе.

Бышып турган ашты таштап кетпе.

Бычакты оозуңа салба.

Бычакты мизинен кармаба.

Бычактын мизин өйдө каратып чалкасынан койбо.

Бычак менен күйүп жаткан отту кезебе.

Бычакты отко салба.

Бычактын мизин жалаба.

Бычак менен сайып этти казандан чыгарба.

Беймаал жаман жорону баштап ыйлаба.

Бейитти колуң менен көргөзбө.

Бейиттин топурагын жаңыртпа.

Биринчи тапкан олжоңду бирөөгө карыз бербе.

Бутунду жип менен тушаба.

Бут кийимди терге чыгарба.

Бут кийимди төңкөрүп калтырба.

Бүрдөп турган бакты кыркпа.

Бүлүнгөндөн бүчүр алба.

Бүркүттү шыйракка чаппа.

Босогону баштанып жатпа.

Босогону эки колун менен кулачтаба.

Босогого олтурба.

Босогого сүйенбе.

Босогодо турба.

Босогону бутун менен баспа.

Бөйрөгүндү таянба.

Жакшынын жашын сураба,

Жаңы байыгандан карыз сураба.

Жаш келин күйөөсүнөн мурун төшөккө жатууга

Жаш жубайлардын төшөгүнө жатпа.

Жакын адамыңа бычак тартуу кылба.

Жалгыз жыгачты кеспе.

Жамандыкка барсан жакшы көргөн кишиндин

үйүнө кайры.

Жаңы чыгып келаткан эгинди тепсебе.

Жалы менен атты камчылаба.

Жаш малдын тишин санаба.

Жер таянып олтуруп тамак жебе.

Жөө камчыланба.

Жортуулдан кайткан күнү аялыңа жолобо.

Жылдыз санаба.

Жылаңач денеңди жылдызга көрсетпе.

Жылкыны башка чаппа.

Жугундуну аккан сууга текпе.

Жуунбай туруп эртең менен наар ооз тийбе.

Жүрөөр жолуңдун убактысын кесе айтпа.

Дасторконду жайылган бойдон түн ичинде калтырба.

Дасторкондун үстүн бутуң менен баспа.

Дасторкон үстүндө оозуңду ачып чүчкүрбө.

Дасторконду аттаба.

Далынын кечирин жебе – тагандан ажырайсың.

Далынын сөөгүн тили чыга элек балага керсетпе.

Дасторкондун үстүн кагаз менен аарчыба.

Дасторконду караңгыда кагып силкибе.

Идишти теппе.

Итти бутуң менен теппе.

Итке уйде колдонгон сузгу менен тамак куйба.

Иттин үнү угулган жерге үйүңө жетпей жатып калба.

Маңканы, дүлөйдү, сокурду туураба.

Мунжуну карап мулжундап шылдыңдаба.

Караңгыда акты аякка куюп сыртка чыгарба.

Караңгыда жылаң баш сыртка чыкпа.

Караңгыда чычаланы оттон алып чыгып

жаркылдатып булгалаба.

Караңгыда чач алдырба.

Кар жиликти чакпа.

Караңгыда карызга бербе.

Караңгыда кийиз күбүбө.

Караңгыда басырык жерге барба.

Калп айтып карангыда чач алдырба.

Кар жиликти чакпа.

Караңгыда карызга бербе.

Калп айтып карганба.

Калп эле кара күчкө ыйлаба.

Казанды көңтөрүп калтырба.

Кемчилиги бар майыпты туураба.

Кесир кылып сүйлөбө.

Кесик кесе менен оокат ичпе.

Кыз кишинин төшөгүн бутуң менен баспа.

Кыбыланы карап даарат сындырба.

Койдун үстүнөн аттаба.

Кумурсканын уюгун бузба.

Куру казанга от жакпа.

Куранды жерге таштаба.

Курандын үстүнө олтурба.

Күл төккөн таштандыны тебелебе.

Кул төккөн жерге күүгүмдөн кийин жолобо.

Күүгүм киргенден кийин күл чыгарба.

Кишини карап оозуңду чоң ачып эстебе.

Кишинин кемчилигин айтып келекелебе.

Кишинин мойнуна жип салып ойнобо.

Кишини сөөмөйүң менен көрсетпе.

Кийиминдин жакасын тепсетпе.

Кийиминди желбегей жамынба.

Конокту көргөзүп колуң менен санаба.

Колуң менен оозунде кербе.

Колунду желкеңе койбо.

Колунду силкпе.

Колунду жуубай табакка кол салба.

Колунду тобоно влып жатва,

Колундун манжаларын кайчылаштырба.

Колунду оозуна салба,

Сурунду мойнуңа салба,

Күн чыкпай күл токпо,

Кун батаарда жатпа.

кулду чачпа.

Күн батканда шыпырындыны талаага чыгарба.

Кунду карал даарат ушатпа.

Кыздын тошогуно олтурба.

Кызга кызыл өңгөч жедирбе,

Кымызды жерге төкпө.

Кызарып күйгөн чычаланы караңгыда булгаба.

Малды чыбыгы жок колуң менен чаап айдаба.

Малды бычак менен зекибе.

Малды теппе.

Малдын жаңы мүлкүнгөн башын караңгыда ыргытпа.

Малды каратып даарат сындырба.

Малды каратып мал сойбо.

Мышыкты кармалаба.

Нанды бир кол менен сындырба.

Нанды тескери каратып көмкөрүп койбо.

Нанды баспа.

Нанды ыргытып таштаба.

Нандын үстүнөн башка нерсени бастырба.

Суу ичкен кудугуна түкүрбө.

Сууга сийбе.

Сөөк менен сөөктү уруп чакпа.

Сүттү жерге текпе.

Тамакты үйлөп ичпе.

Табакты тегеретип ойнобо.

Таңкы тамакты таптакыр таштаба.

Тамак-аштын устун карангыда ачык калтырба.

Тандайынды такылдатпа.

Таманынды колуң менен тартпа.

Тасмалды бычак менен кырба.

Таяк таянба – атаңдан ажырайсың.

Тасмалды баспа.

Тасмалды аттаба.

Тишиңди кычыратпа.

Тизенди кучактаба.

Тырмагынды тиштебе.

Тырмакты казан-аяк турган жерге алба.

Төрөлө элек балага ат койбо.

Төрдө отуруп тескери карап кишиге далынды салба.

Төбөңө колуңду алба.

Тузду тебелебе.

Тузга сийбе.

Түн ичинде чач тараба.

Түн ичинде түш жоруба.

Түндө кир жайба.

Түнде күзгүге каранба.

Түндө суу куюлган идишти ачык калтырба.

Тунде чач алба.

Түндө тырмак алба.

Түнде үй шыпырба.

Тун ичинде үйүңдөн от бербе.

Үйдү айланып чуркаба.

Үйге жүгүрүп кирбе.

Үйдүн үстүн чапкылап сабаба.

Үйгө аркан менен кирбе.

Үйүңө киргенге үшкүрүнүп караба.

Үйдүн ичинде жүргөндө ышкырба.

Үй ээсинен мурда наар ооз тийбе.

Үй ичине даарат сындырба.

Үйүңдүн эшигин күн батышты каратып тикпе.

Үй ичиндеги шыпырындыны түн ичинде сыртка тек

Үйгө кирген жыланды өлтүрбө, ак чачып акырын айдап чык.

Улуу кишиден озунуп тамак ооз тийбе.

Укурукту аттаба.

Оорулуунун ахывалын кеч киргенде сураба.

Очокту аттаба.

Отту теппе.

Отко түкүрбө.

Отунду күйүп жаткан кемегенин жанына жарба.

Отко сийбе.

Очокту айланып жүгүрбө.

Ооз омуртканы тиш тийгизип мүлжүбө.

Мойнуңа жипти салып ойнобо.

Мүрзөнүн үстүн тебелебе.

Мүрзөдө күрөктү бирөөнүн колунан алба.

Экинчи кишиге күрөктү колуң менен бербе.

Өлгөн адамга топурак салганда күрөктү баспа.

Өле электе кишиге жай даярдап көр казба.

Өңгөгө өлүм тилегенче өзүңө өмүр тиле.

Өрттөнгөн жерден өзүңө эч нерсе алба.

Чачыңды жулба,

Чачты тепсебе.

Чачыңды жайып журбе.

Чемүч менен балага тап бербе.

Шамалдын багытына каршы даарат ушатпа.

Шыпыргы менен баланы урба.

Шыпыргыны башындан жогору көтөрбө.

Шыпыргыны төргө жөлөбө,

Шыпыргынын башын жогору каратып койбо.

Шымды жазданып жатпа.

Шилиңди тартпа.

Эртең мененки муштумдан кайтпа.

Эркектин үстүнөн аттаба.

Эски шыпыргыны отко жакпа. Эшикти бутуң менен тээп ачпа.

Эшикти кучактаба.

Суу жонундо

Бул бетте суу жонундо макалдар чыгарылды.

suu jonundo makal opt 1
  1. Агын суу Арам болбойт.
  2. Агын сууда арам жок.
  3. Адам даңк үчүн от менен сууга кирет.
  4. Адам кааласа таштан суу, такырдан гүл чыгарат. Адам карыган сайын бала.
  5. Аккан арыктан суу агат.
  6. Аккан суу арык табат.
  7. Аккан сууда арам жок.
  8. Бай — байга куят, суу — сайга куят.
  9. Бала суу төксө, андан чоң тайып жыгылар.
  10. Балыктын өмүрү сууда.
  11. Балыкты сууга салып коркутпа.
  12. Балыктын тиричилиги суу менен.
  13. Билген суу ичет, билбеген уу ичет.
  14. Билим — элге, суу — жерге.
  15. Бир киши арык казса, миң киши суу ичет.
  16. Бир кишинин арыгы, миң кишиге суу берет.
  17. Бир тамчы суу — кумурскага дарыя көрүнөт.
  18. Бирөө кечээрге кечүү таппай жүрсө, бирөө ичээрге суу таппай жүрөт.
  19. Бирөөнүн (жамандын) өзү (өңү) суук, бирөөнүн (өзүнөн да) сөзү суук.
  20. Бирөөнүн ажалы оттон, бирөөнүн ажалы топтон, бирөөнүн ажалы уудан, бирөөнүн ажалы суудан.
  21. Бөрү сууну шалпылдатып, кой кечкен суу экен дептир.
  22. Дарыянын суусун жаан ташкындатат.
  23. Жети күндүк жаандан, желип өткөн суу жакшы.
  24. Жокко суу да жок.
  25. Ишенген кожоң сууга акса, алды- алдынан тал карма.
  26. Кайгысы жок кара сууга семирет.
  27. Калптын сөзү суу кечпейт.
  28. Конок койдон жоош, май берсе жейт, суу берсе ичет.
  29. Көрөөр күнү бардын, ичеер суусу болот.
  30. Күрүчтүн арты менен күрмөк суу ичет
  31. Күчтүү болсоң жердей бол — баарын чыдап көтөргөн. Таза болсоң суудай бол — баарын жууп кетирген.
  32. Кылгылыкты кылып коюп, кымызга сууну куюп коюп, кыл жип менен бууп коюп.
  33. Отун — олжо, суу — кордук.
  34. Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет.
  35. Сиркеси суу көтөрбөйт.
  36. Сөздү уккан жерге айт, сууну сиңген жерге сеп.
  37. Сөөктүн эң жаманы суу кечирет.
  38. Суу — жашоонун булагы.
  39. Суу ичкен кудугуңа — түкүрбө.
  40. Суудан өткөнчө энемди берейин, суудан өткөндөн кийин эмнемди берейин.
  41. Сууну көп кечсең — балчык, сөздү көп айтсаң — тантык.
  42. Суу — жерге, илим (билим, байлык)— элге.
  43. Суу — адамдын жаны, өсүмдүк — каны.
  44. Суу аккан арык жашаңча. (Суу жүргөн өзөн кургабайт).
  45. Суу атасы — булак, сөз атасы — кулак, суу атасы — булак.
  46. Суу бар жерде жашоо бар.
  47. Суу бар жерде тиричилик бар.
  48. Суу башынан тунат.
  49. Суу бойдун кирин кетирет, ойдун кирин кетирбейт.
  50. Суу да алла тааланын колунан бүткөн.
  51. Суу да катуу жерге токтойт.
  52. Суу — жерге, байлык — элге.
  53. Суу жүргөн өзөн кургабайт.
  54. Суу жок арыктан кол жууй албайсың.
  55. Суу жээгинен кудук казбайт.
  56. Суу өз тереңин табат.
  57. Суу канык— эгиндин даны толук.
  58. Суу кетсе таш калат, сурма кетсе каш калат.
  59. Суу кечпей, кепичиңди чечпе.
  60. Суу кечпес сөздү айтпаган жакшы.
  61. Суу кечпеген сөздүн кереги не.
  62. Суу менен жер көгөрөт, эл менен эр көгөрөт.
  63. Суу менен келген — жел менен кетет.
  64. Суу менен ойнобо — чөгөсүң, от менен ойнобо — күйөсүң.
  65. Суу менен ойнобо, жай күнүнө ишенбе.
  66. Суу мол болсо, нан да мол.
  67. Суу сыйлаган зор болот, суу кордогон кор болот.
  68. Суу ташыса — жээгине, эр ташыса — элине.
  69. Суу ылдый агат, баатыр өр талашат.
  70. Суу ылдый агып, суу өйдө чыкмайын адам кагылбайт.
  71. Суу эркиндикти сүйөт.
  72. Сууга жакын — кудайга жакын.
  73. Сууга чөккөн адам өлөт, кайгыга чөккөн адам көнөт.
  74. Суудан алып, сууга куйду — бозочунун неси кетти?
  75. Суудан сээп бышырган кийиз суудан да, сууктан да сактайт.
  76. Суудан тонун аябаган, жоодон жанын аябас.
  77. Сууну жер бөгөйт, жоону эр бөгөйт.
  78. Сууну чым токтотот, сөздү чын токтотот.
  79. Суунуку — сууга, сайдыкы — сайга.
  80. Суунун — ийрими жаман, карынын — ырымы жаман.
  81. Суунун жайын жар билбейт, жоктун жайын бар билбейт.
  82. Суунун жакыны, төркүндүн алысы жакшы.
  83. Суусаганга кара суу майдан жакшы.
  84. Суусаганга суу да таттуу көрүнөт.
  85. Суусасаң суудан таттуу жок.
  86. Таза болсоң — суудай бол, баарын жууп кетирген.
  87. Тамчы суудан тал көгөрөт.
  88. Ташкын суу кечүүсүз болбойт.
  89. Ташты ташка урганың менен таңдайыңа тамызаарга суу чыкпайт.
  90. Темирдин курчунан эмес, сугарган суусунан.
  91. Түшүң жаман болсо сууга жорут.
  92. Толкунсуз суу болбойт, кайгысыз эл болбойг.
  93. Тоо арасын суу бузат, эл арасын чуу бузат.
  94. Тоону, ташты суу бузат, адамзатты сөз бузат.
  95. Тунук суу кысыктан жол табат.
  96. Туулган жердин суусу — мүрөк, кызы — чүрөк.
  97. Туулган жердин топурагы – алтын, суусу — мүрөк.
  98. Туулган жердин ташы алтын, суусу дары.
  99. Угар жерде — сөз айт, сиңер жерге — суу төк.
  100. Улак маарап суу кечет.
  101. Улуу — кичүүнүн кадырын билемин десең, агыны катуу суудан кеч, ашуусу бийик тоодон аш.
  102. Уурунуку уу менен чууга кетет, жегичтики суудан сууга кетет.
  103. Уурунун бир көзү ууда, балыкчынын бир буту сууда.
  104. Чай болуп төргө өткөн суу бир кезде арыкта акканын унутпаса.
  105. Чөлдүн көркү —суу, көлдүн көркү — куу.
  106. Чын жакшыга жолуксаң, суу ордуна бал берер,
  107. Чындык отко күйбөйт, сууга чөкпөйт.
  108. Шакылдаган катынды — кыз бергенде көрөрмүн, бакылдаган текени — суу кечкенде көрөрмүн.
  109. Ыйлап жүрүп арык чапкап, ырдап жүрүп суу сугарат.
  110. Ылай суу — оору булагы.
  111. Ысык суу да бир кезде муздак болгонун унутпайт.
  112. Эжелүү кызга — тон кайда, эчкилүү койго — суу кайда.
  113. Эки жакшы баш кошсо — тунук суудай, эки жаман баш кошсо — ылай суудай.
  114. Эки кеменин башын кармаган сууга кетет.
  115. Эл башы болгуча, суу башы бол.
  116. Эл башы болгуча, суу башы бол.
  117. Эр — элден, балык — суудан.
  118. Эр башына күн түшсө өтүк менен суу кечет, ат башына күн түшсө ооздук менен суу ичет.
  119. Бай байга куят, суу сайга куят
  120. Балалыктын өмүрү сууда
  121. Балыкты сууга салып коркутпа.
  122. Билген суу ичет, билбеген уу ичет
  123. Даам таткан жериңе какырба, суу ичкен кудугуңа түкүрбө.
  124. Дарыя сууда балык бар, биз укпаган калык бар
  125. Душманың суу берсе, досундай көр
  126. Жай аккан суудан жаа бою кач.
  127. Жакшы сөз — суу, жаман сөз — уу
  128. Жаманга сый көрсөтпө, уйга суу көрсөтпө.
  129. Жапыз да болсо тоом бар, тайыз да болсо суум бар.
  130. Жар жыгылса суу бөгөйт, жалгыз өлсө ким жөлөйт
  131. Жармаңа ченеп суу куй, жылкыңа ченеп ышкыр
  132. Жер азыгы — суу.
  133. Жер — казына, суу— алтын.
  134. Жети күндүк жаандан желип өткөн суу артык.
  135. Жети күндүк жаандан, желип өткөн суу жакшы
  136. Жокко суу да жок, алып ичер идиш да жок.
  137. Жокко суу да жок.
  138. Жокко туз да жок.
  139. Жол атасы — туяк, сөз атасы — кулак, суу атасы — булак.
  140. Илим—элге, суу — жерге.
  141. Ичер суусу түгөнгөн киши өлөт
  142. Кайгысы жок кара сууга семирет, катыны жок кыздуу үйгө (кээде караңгы үйгө) теминет
  143. Кайгысы жок кара сууга семирет.
  144. Кар эрисе суу болот, кан белгиси туу болот. Кар эрисе суу болот, карыса сакал куу болот.
  145. Кара сууда каймак жок — муз болбосо, кой этинин даамы жок — туз болбосо.
  146. Касыңдан бал жегенче, досундан суу ич.
  147. Киргил суу башынан тунат
  148. Кечүүсү болбой суу болбойт, ашуусу болбой тоо болбойт.
  149. Күн жаабаса жер гүлдөбөйт, кумга тиккен жыгач бүрдөбөйт.

Ат жонундо

at jonundo makal opt
  1. Ага —тууган ынтымактуу болсо ат көп, абысындар ынтымактуу болсо аш көп.
  2. Адал эмгек астыңа ат, үстүңө тон.
  3. Адам жүрүшүнөн — кул болот, ат жүрүшүнөн — пул болот.
  4. Адам өлсө даңкы калат, ат өлсө териси калат.
  5. Адамдан улуу ат жок, нандан улуу аш жок.
  6. Адашсаң атыңа ишен.
  7. Ак көңүлдүн аты арыбайт, тону тозбойт
  8. Ат — мингендики, тон — кийгендики, аял — тийгендики, эр — элдики
  9. Ат адамдын канаты
  10. Ат арытмак арзан, журт арытмак кымбат
  11. Ат аяган арыбайт, аш аяган жарыбайт
  12. Ат баспаган жерди тай басат
  13. Ат баспайм деген жерин үч басат
  14. Ат башына күн түшсө ооздугу менен суу ичет, эр башына күн түшсө өтүгү менен суу кечет
  15. Ат жалына казан ас
  16. Ат мүдүрүлбөй жер тааныбайт, эр мүдүрүлбөй эл тааныбайт
  17. Ат оонаган жерде түк калат, айран төгүлгөн жерде жук калат
  18. Ат сактаган ат минет, тон сактаган тон киет
  19. Ат сийген жерге чөп чыкпайт
  20. Ат тойгон жерине качат, эр туулган жерине шашат
  21. Ат чабышта ат өлөт, эр сайышта эр өлөт
  22. Ашуудан ат алмаштырбайт
  23. Байды кудай урарда — байталын сатып ат кылат, жакшыны кудай урарда — жакынын сатып жаткылат.
  24. Басмайылдын батканын ээси билбей ат билет, эр жигиттин кадырын агайын билбей жат билет.
  25. Басыгын бузган ат аксайт, алкымын бузган эр аксайт.
  26. Бирөөнүн ат көтөргүс бөзү бар, бирөөнүн ат көтөргүс сөзү бар.
  27. Бирөөнүн ат көтөргүс даңкы бар, миңге бергис баркы бар.
  28. Бозмаштуу жерде бото өлбөйт, аңыздуу жерде ат өлбөйт.
  29. Желеде кулун жетилсе, аргымак күлүк ат болот
  30. Сокур атка котур ат үйүр
  31. Тартып ичкен тай ашырат, аяп ичкен ат ашырат
  32. Чапчаң ат арышын таштайт, баары бир күлүктөн ашпайт
  33. Эр башына күн түшсө өтүк менен суу кечет, ат башына күн түшсө ооздук менен суу ичет
  34. Эшек минген ат сурабайт, балык жеген эт сурабайт