Жемиштер жонундо табышмактар жооптору менен. Кызыктуу, жеңил жана оор. Балдарга кызыктуу сабак өткөнгө аябай керектүү. Эгер, сиз бизде жок табышмак билсеңиз жиберип коюнуздар.

Топтоголок бою бар,

Кабат-кабат тону бар.

Чечип жатсам көйнөгүн,

Ыйлап иет көздөрүм.

Ак болуп гүлдөйт,
Жашыл болуп салаңдайт,
Кызыл болуп түшөт.

Чоң ата отурат тонун кийип,
Тонун чечкендин баары ыйлайт.

Бутакта шарлар турат илинип,
Ысыгында күн табы көгөрүп кетет чыдабай.

Тааладан чаар сызыктуу топ келди.

Жашылы бар, кызылы бар,
Бутакта өсөт жай бою.
Тоголок болуп топтолуп,
Баары аны жактырат.

Сары кыз караңгыда отурат,
Чачы тышта созулат.

Үпүлдөккө кан куюп,
Үлөй талга байладым.

Теңселип жерден туулган камыш сабак,
Чеңгелдүү таманынан тамактанат,
Кучактап, жылуу ороп кабат-кабат,
Капырай колсуз туруп бала багат.

Жерден жек чыкты,
Эки кулагы тик чыкты,
Селдесин ороно чыкты,
Кылычын байлана чыкты.

Жерден тып чыкты,
Эки кулагы тик чыкты,
Көгөндөрүн тарта чыкты.

Сырты бирөө тоголок,
Ичинде миң сан томолок.

Үлбүрчөккө кан куюп,
Үйлөп талга байладым.

Кап, каптын ичинде ун,
Ундун ичинде устун.

Алыстан карасам, аңгыл-дүңгүл,
Жанына барсам, капкалуу кара темир,
Татып койсом, таптаттуу.

Алыстан карасам, аңгыл-дүңгүл,
Жанына барсам, капкалуу кара темир,
Татып койсом, таптаттуу.

Асты такта,
Үстү такта,
Ортосунда бышкан алча.

Асты таш, үстү таш,
Орто жери жашыл аш.
(Мисте)

Кичине гана сары киши,
Өзү ичкери, сакалы тышкары.

Жер астында алтын казык.

Башы күндү ээрчиме,
Төлүн багат бетине.

Жер алдында төлдөгөн,
Төлүн өзү бөлбөгөн.

Токсон катар тону бар,
Тоголок келген бою бар.

Биз бир топ кыз элек,
Шыпка илиндик,
Жипке тизилдик.

Союп жатам, жаны жок,
Эти кызыл, каны жок.

Көк улагым көгөндө жатып семирет.

Жер үстүндө чачы,
Жер астында башы.Бул эмне?

Жер үстүндө чачы,
Жер астында башы.