Бул баракчада адамдардын кесиби,кол онорчулугу жонундо табышмактар бар. Сабак отуудо колдонууга ынгайлуу.

Балдар барганын койбойт,
А л жерде түрдүү айбанаттар ойнойт.

Талаада бир ажыдаар уктап жаткан,
Ким басса, өз жанына ажал тапкан,
Ойготпосо, жайы-кышы жата берет,
Аягы чапма болот жерге баткан.

Жапанда бир ажыдаар бугуп жаткан,
Нерсеге не түрлүү себеп,
Аны ойготкон өз жанына каза тапкан.

Жаанда бир ажыдаар бар бугуп жаткан,
Ойготкон жан өз жанына каза тапкан,
Нерсеге нечен түрлүү буюм баткан,
Өзү тажаал, бирок чебер,
Кара жерге абдан баткан.

Кара күчүк кабаган,
Артына кийиз жамаган

Кара итим кабаган,
Оозуна кийиз жамаган.

Ай талаага бир падыша коргон салган,
Азаптуу менен ажалдуу шого барган.
Кудайдын кудуретин карап турсаң,
Адамзат шонусуна айран калган.

Алысты жакын кылат,
Жакынды алыс кылат,
Каалагандай көрө аласың,
Көз алдыңа чагылдырат.

Алысты жакын кылам колго алсам,
Көрөмүн не да болсо түрү салсам,
Калтырап көрө албадым көзүм менен,
Адашып кала берем тартып алсам.

Бир кушум бар, чаар канат менен учар,
Тумшугу жарык, таш тешер.
Өлүү куш тирүү куштун канын ичер,
Ай жарандар кулак салың,
Өлүү куш тирүү куштан ылдам учар

Тап-тап, тап жорго,
Таманы жок боз жорго,
Желип кетсе жеткирбес,
Жерге түшсө табылбас

Куураган куурайдын ичинде,
Кутурган жылан жатат.

Зың-зың этти билдиңби?
Зыңгырап өттү билдиңби?
Көлөкөсү күмүштөй,
Көлкүлдөп өттү билдиңби?

Жылт этти,
Жылгадан ашты

Башы баргылала,
Барган жери кызыл ала

Бакырганы тайлактай,
Түшкөн жери бармактай.

Эмир-эмир, эмирден,
Ат кулагы темирден.
Сымыроо деген бир куш бар,
Жумурткасы темирден.

Эмил-эмил, эмилден,
Жаккан оту көмүрдөн,
Шаарда бир куш бар дейт,
Жумурткасы темирден.

Үнү заар кучкач бар,
Жеген жеми көмүрдөн,
Жумурткасы темирден.

Өмүр-өмүр, өмүрдөн,
Жаккан оту көмүрдөн,
Чыңыроо деген бир куш бар,
Жумурткасы темирден.

Айыл-айыл, айылдыр,
Жаккан оту көмүрдүр,
Жумурткасы темирдир.

Эки колу боорунда,
Бардык күчү оозунда.

«Шырт» этти, шырданга жетти.

Узун бойлуу кара сарт,
Темир ыштан жарашат.

Теңгедей жерге күн тийбейт.

Оймоктой жерден от чыгат

Караңгы үйдөн түтүн чыгат

Кумган, бир көзүн жумган

Бүкүр бээмдин кулуну күлүк.

Бели бүкүрү, алыска түкүрү.

Белең-белең, белең ат,
Бели жоор күрөң ат,
Такаласа тайбаган,
Тоодон теке койбогон.

Баскан изи бармактай
Бакырган үнү тайлактай.

Балта урдум терекке.

Балта салдым даракка,
Үнү кетти каякка?

Алты карыш таякча,
Асынма боосу бар.
Ажалды бүрккөн,
Айбаттуу оозу бар.

Тогуз жолдун тоомуна,
Казык каккан ким экен?

Алтын казык кактырып,
Бек байлаткан ким экен?

9Тоодон токум ыргыттым.

Тегирмендин ташын көтөрүп,
Теңиринин жогун издеген.

Алтын тондун жакасын,
Тек кайрыткан ким экен?
Алтын казык кактырып,
Бек байлаткан ким экен?

Ала тоонун бооруна,
Ат ойноткон ким экен?

Узун убары
Учундагы желеги

Эртең менен кетет элөөрүп,
Кечинде келет өсөрүп.

Узун жыгач учунан,
Ийип алган ким экен?

Эки жыгач түбүнөн,
Эптеп алган ким экен?
Жалгыз жыгач түбүнөн
Жарып алган ким экен?

Кыска жыгач түбүнөн,
Кыйып алган ким экен?

Бети кара безгелдек,
Бешик чаап отурат.
Кашы кара безгелдек,
Кашык чаап олтурат.

Керегеде кесик төш,
Кесип жесем табылбайт.

Бирөө шуңкуюп курсагын тосот,
Бирөө койгулайт үстөккө босток.

Отто эрийт,
Ойсоң оюлат,
Оюңдагыдай чоюлат.

Оозу кызыл аламат,
Түбү кызыл кыямат.
Мыктап тиштеп согушат,
Атасына ырахмат.

Күш-күш күшүлдөп,
Оттор жаркылдап,
Темирлер жалтылдап,
Иштеп жаткан бир үй бар.

Өмүр-өмүр, өмүр экен,
Жаккан оту көмүр экен,
Жалтанбаган жалынынан,
Тууган жумурткасы темир экен.

Күш-күш этет,
Күмөндөрү чү этет,
Ажыдаар оозун ачат,
Алп кара куш башын чайкайт.

Күү-күү, күү этет,
Күмөндөрү жарк этет.
Азоо турат, башын ийкейт,
Ак боз ат башын чайкайт.

Гүр-гүр этет,
Күмөндөрү шарк этет.
Асирейил оозун ачат,
Ак боз ат башын ийкейт.

Гүр-гүр этет,
Күмүрөйүн чакырат.
Тору ат башын ийкейт,
Асирейил оозун ачат.

Күн күркүрөйт,
Күмөн шаркырайт