Ат сыйлаган жөө баспайт

Тердик, желдик, көрпөчө,
Тизгин, суулук, жүген дейт.
Ак каңкы ээр, басмайыл –
Ат жабдыгы түгөнбөйт.

Ашкан күлүк ат мына,
Арпа берип баккыла.
Жал куйругун түргөн соң,
Жибек жабуу жапкыла.

Көмөлдүрүк каткыла,
Куюшканды таккыла.
Үзөңгүнү чире тээп,
Күндү көздөй чапкыла.

А. Рыскулов

Адамга канат ат болгон

Автор: Аалы Туткучев

Арыбас үчүн ак жолдон,

Адамга канат ат болгон.

Ок өтпөс баатыр жигитке,

Ок жетпес күлүк чак болгон.

Баатырга күлүк жарашса,

Башына таалай, бак конгон.

Ага окшогон баатырдын,

Айылы жоодон сак болгон.

Жел менен сызып жарышса,

Жеткирген ылдам алыска.

Кулпуруп жалы шибердей,

Кулагы окшоп камышка.

Жинигип өлсө да ыраазы,

Жигитти сүрөп намыска.

Мекенин коргоп душмандан,

Мертинбей чуркап чабышта.

Керилип арыш таштаган,

Келсе эгер аң же арыкка.

Аргымак эгер чалынса,

Айланмак жигит майыпка.

Мүдүрүлгөндү мындай кой,

Туягы койбойт тайып да.

Бир изин ката баспаган,

Мейли түн мейли жарыкта.

Жардамчы болгон баатырга,

Жалпы элди сактап калышка.

Себепкер кылган күлүктү,

Жараткан өзү калыс да. 

Жаныбарым Гүлсарым

Сөзү Э.Токтогуловдуку. Обону К.Тагаевдики

Деп, ошондо кыргызымдын тулпары,
Күлүктөрдөн күлүк чыккан Гүлсары,
Ак маңдайга алтын нуру төгүлүп,
Дүбүртүңдөн дүнгүрөдү жер шары.

Тери кургап билбеди басканы,
Тең узады текирени, таскагы,
Кылым билет ат жалына келгенде,
Кыйын келет кыргыздардын чапканы.

Эр Манастын куласындай чуркасын,
Жаныбарым, жаныбарым Гүлсарым,
Жел жетпеген учкул канат боло көр,
Темингенде тегеренип жер шарын.

Ат келет

Урматына Манастын дүйнөдөн эл келишти,
Кылым айтып түгөткүс кызык тойду көрүштү.
Түнкү уядан Ала-Тоо — ат чабыштын марасы,
Күлүктөрдүн күлүгү сыналышат карачы.
Кайырма:
Ат келет, аттар келет,
Желдей учуп бат келет.
Дүңгүрөтүп Жер шаарын Аккуладай арышы,
Бабалардын салты экен, аргымактар жарышы.
Куштай учуп-сызышат, тоо-талааны калтырып,
Кетери чын, ким чыкса, сыйлыктарды артынып.
«Ат — адамдын канаты» деген сөз бар элимде,
Ат туягы баспаган жер жок чыгар жеримде.
Куйрук-жалы төгүлөт, көз кандырат сымбаты,
Жакшылыкта той берген кыргыз элим кымбатым.

Ат кыргыздын канаты – Муса Жангазиев


Тоо көркүнө көзүм такыр тойбогон,
Көргөн кезде абамдарды ойлоном:
Көчүп жүрүп оюн-кырын кыдырып
Адырында ат чабышып ойногон.

Улак тартып ойго, дөңгө карабай,
Ат үстүндө жаш чабандес баладай.
Душманын да ат үстүндө кыйраткан,
Кылыч сунуп, ок атсаң да жадабай.

Минген аты канат болуп кыргызга,
Атчан болсо, жеңемин деп тырмышпа.
Дабыратып чабышканын көргөндө
Жетчү сымак жетигенге, жылдызга.

Жолго чыкса ат куйругу түйүлүп,
Аял, эркек ат мингенге сүйүнүп.
Ат үстүндө абаларым жүргөндө
Айбатынан ар кыл душман бүлүнүп.

Күлүктөрүн саяпкери таптаган,
Көмөлдүрүк күмүш менен чаптаган.
Ээр токумун, куюшканын, жүгөнүн
Жөө калса да сураганга сатпаган.