Суусу бар, ичүүгө болбойт,
Жолу бар, жүрүүгө болбойт,
Шаары бар, басууга болбойт.

Өзү тоголок, топ эмес,
Шаары бар, үйү жок
Дайрасы бар, суусу жок

Үйдө олтуруп дүйнөнүн төрт бурчун көрөт

Жылан боор камчы алып дулдул миндиң,
Акылың болсо бир иш бар ойлоп билгин.

Суудан мен барамын суу алмакка,
Идишим кенен эмес бир табакка.
Табагым толор толбос, толуп койбос,
Түшөмүн сарсан болуп мен абакка.

Өзү жеңил өзү аз,
Асман-жерге кабарлаш.
Саргайсаң көп күн, жетесиң чегине,
Эптесем десең, кулайсың тесинде.

Агыны катуу бир дарыя агып жатыр,
Эрикпей өзү барган адам баатыр.
Кудукту кирпик менен казганга окшоп,
Акылым барган сайын ашып жатыр.

Менде бар, сенде да бар
Сен турмак бүткүл ааламда жок.
Ормондо бар да, кырда жок,
Мончодо бар да, үйдө жок.

Сенде бар, менде жок.
Аскарда бар, Алымда жок.
Жерде жок, сууда бар.
Койдо жок, серкеде бар.
Саманда бар, чөптө жок.
Эшикте жок, сыртта бар.

Мен айтайын табышмак бар көп тилде,
Алсаң дагы түгөнбөй күндө-күндө
Жүктөсөм да оор келет жүз төрт пилге
Санасам чыга бербейт отуз бирге.

Бири кем отуз.

Аягы жок, жүрөт,
Тили жок сүйлөйт

Быягы зоо, ал жагы зоо,
Ортосунда шыңгыр зоо.

Коюм кара, короом ак,
Койчум ырчы, тилим так.
Таягы учтуу колго чак,
Бул эмне ойлоп тап?!

Коюм кара, короом ак,
Таягым учтуу, тилим так.

Короосу — ак, кою — кара.
Койчусу — ырчы, таягы — ача.

Короо ак, кой кара.

Жаанда бир кудук бар соолбой жаткан
Билбеймин оордугу канча батман
Бетинен бетегеси өнүп жаткан.

Бир чөйчөктүн ичинде
Адам ичпес суу жатат.
Кармап келсем күнүгө
Колсуз, бутсуз жорго ичет.
Ак баракта жазуумду
Адашпастан ким чечет?

Өзү аппак жазылат,
Жер түбүнөн казылат.

Актан карага сайганы — сайма,
Ийне-жиби кайда?

Такыр кат билбейм,
Аны мойнума алам.
Кыла жүргөн кесибим,
Кылымдар бою жазам.

7Бир ат бар ойноктогон,
Тайгылбайт жорголосо тайгак жолдо
Үч жигит баштап турат араң зорго,
Беш жигит түшүп турат терең орго.

Сыйыр мингендин зыяны бар,
Жөө жүргөндүн уяты бар,
Үч убаранын бир аты бар.

Минемин кара атымды кадаңдатып,
Басмайды карсыз жерге кадам басып.
Бутуну балчыкка илип алып,
Кетеди кар үстүнө кадам басып.

Таяк сымак, ача туяк,
Өзү чакан, чөнтөккө сыят,
Көп нерсени ар жерге жыят.
Кызматы баалуу билбесек уят.

Өзү тик турат, башы жарык.
Көзүнүн жашы агат зарык-зарык

Кирди да чыкты,
Көзүнүн жашын төктү.

Ийнедей жалгыз аягы,
Түптүз жолдо жорголойт.
Мончоктой болуп тизилип,
Учунан сөздөр шорголойт.

Москвадан келген мунар куш,
Буту-колу кынал куш.
Кара көлгө малынат,
Ак көлгө барып жазылат.

Туу түбүндө бир куш бар тумшугу узун,
Сыпат менен келтирет жердин жүзүн.

Дүйнөдө бир куш бар тумшугу узун,
Чыбыр ала жорголойт жердин жүзүн.

Бир куш бар тумшугу узун сууга салат,
Тумшугун суудан тартып сайма саят.
Саймада жомок да бар, жамак да бар,
Көркөмдөп сыпат менен элге жаят.

Асманда бир куш бар тумшугу узун
Мукамына жеткирет айткан сөзүн.

Ассолоому алейкум молдо шарк
Эки тутам эки эли башы жарык.

Ичин тамгасыз койгон
Китеп дейин десем,
Он эки беттүү, тамгасыз, жолдон
Оңой нерсени окуучум ойлон.

Жылга толгон чаар ат.

Бир коктуда миң чаар ат.

Өзү сүйлөбөйт,
Бирок кишиге акыл үйрөтөт.

Там үстүдө терек,
Ону кесмекке эр керек

Татынакай сырты бар,
Түркүн-түркүн нерсени
Таамай айтат чынчыл ал

Бир куш бар дүйнөдө берери көп,
Өзү жансыз, адам менен акылдаш акылы көп.

Ай Талаада бир дарыя бар, бети каткан,
Бетинде бетегеси чыгып жаткан,
Кор болбос ушул дарыянын даамын таткан.

Өзү ак, сөзү кара.

Кат-кат жалбырагы бар,
Чынында жыгач эмес.
Тиккен тиштери бар,
Бирок кийим эмес.
Тил оозу жок туруп,
Киши менен сүйлөшөт.
Чындыгында киши эмес,
Кишиге акыл үйрөтөт

Кат-кат тону бар,
Ичи толо кени бар.