Бул бетте канаттуулар жонундо сонун табышмактар бар. Балдарды канаттуулардын туру менен тааныштырууга жардам берет. Сабак отуудо колдонгонго ото ынгайлуу.

Жайда бар да күздө жок,
Акын деп айтат элибиз,
Гүлдүү жерде, чөлдө жок,
Кай жан бул ойлоп көр.

Табиятта укмуш кеп,
Бу да ошонун дал өзү.
Күндүз көрбөй, түнкүсүн
Көрөт экен ал өзү.

Бири-ак, бири көгүштөн,
Тынчтыктын символу
Кайсы куш, Билсен – …………

syrot tabychmaktar9
syrot tabychmaktar8
syrot tabychmaktar7
syrot tabychmaktar6
syrot tabychmaktar5
syrot tabychmaktar4
syrot tabychmaktar3
syrot tabychmaktar2
syrot tabychmaktar1

Кичине гана ак өргөө
Жылчык-тешиги жок.

Эшиги да, тешиги да жок.

түбүндө чынар чөйчөк.

Чий түбүндө чынар терек.

Чий түбүндө алты чөйчөк.

Өзү сопу заар кыз,
Катыныдыр никесиз
Баласы алалбы, арамбы?

Кутусун куп келтирип куруптур,
Ичинде эки түрдүү сүт туруптур.

Үстү такта, асты такта,
Орто жери сары пахта.

Ары тоо, бери тоо,
Ортосунда сары тоо.

Жартысы сары, жартысы ак.

«Кудайдын кудурети» бу турат,
Бир чыныда эки түрдүү суу турат.
Отко төксө муз болот,
Жерге төксө суу болот.

Бир чынынын ичинде,
Эки түрдүү суу бар,
Бири-бирине кошулбайт.

Кудайдын кудурети бир турат,
Бир чөйчөктө эки түрлүү суу турат.

Бир пиялада эки башка суу турат.

Каныкей кайда кыштайт,
Кан ичине кыштайт23.
Каны эмне үчүн жукпайт,
Каны аппак үчүн жукпайт.

Казыктын түбүндө кар токтобойт.

Казык үстүнө кар турбас.

Бышырсаң аш болор,
Бышырбасаң куш болор.

Бир күмбөз бар эшиги жок,
Ичинде алтыны бар, зергери жок.
Күмүшү бар, устасы жок.

Алды дагы ак таш,
Үстү дагы ак таш,
Деги туш тарабы таш,
Бирок ортосунда бышкан аш.

Алда кандай ак сандык,
Эч тетиги жок сандык.
Ачылганда бул сандык,
Ичинен чыгат бир жандык.

Ак отоом оозу пүтүк.

Ай талаада ак отоо,
Оозу-мурду жок отоо.

Ай талаада ак сандык,
Оозу мурду жок сандык.

Сенде жок, менде жок,
Сеңир тоодо жок.
Отто жок, ташта жок,
Кыпчакта жок.

Чий түбүндө чуңкур чөйчөк.

Чий түбүндө чымырала чөйчөк

Тал-тал, тал башы,
Тамдарымды карачы.
Таба албасаң уят бол,
Тапсаң кана таап алчы.

Жоголуп кышта,
Жазында келет,
Жодурап таңшып,
Сайрап да берет.
Огородду айланып учуп,
Өсүмдүккө зыян курттарды терет.

Сайрап кетет ар түркүн:
Үнүн да кошуп күкүктүн,
Кишинеп куду жылкыча,
Үргөнүн туурайт күчүктүн.

Тап-таалай чечек
Тамактары агалай чечек.

Таманы жаргак үч салаа,
Жыйнала түшөт басканда.
Тизесин бекем өңөрүп,
Төөчө чөгөт жатканда.
Бул куштун атын эл айтат,
Бут шилтеп бала басканда.

Өзү меңсизден ак,
Эки кулагы сак.
Үшүбөгөн жүрөгү бар,
Эки кара күрөгү бар.

Өзү биз менен жүрөт,
Шамал болорун билет.
Чапаны ак же карала,
Дайым кызыл өтүк кийет.

Кыргоолу кызыл экен,
Куйругу узун экен.
Жолго түшсө жортор экен,
Жолдон чыкса оттор экен.

Гөшү тышында
Териси ичинде.

Тогуз кыздын энеси
Тоңкулдаган келинчек.
Сегиз кыздын энеси,
Селкилдеген келинчек.

Чейрек болуш элди,
Тажылуу жан башкарат.

Турса да кыш чыкырап,
Таң атпастан чыкырат.

Намазсыз азан айтады
Бир тайфун элдин молдосу.

Куйругу көркөм,
Чачпак салынгандай.
Өтүгү өзүнчө порум,
Шпор тагынгандай.
Кыйкырыгын да койбойт,
Убакытты да болжойт.

Чий башында коңгуроолуу куш отурат.

Бүлбүлдөккө май куюп,
Бүйрүп талга байладым.

Үйү сонун кутудай,
Кирип алсаң чыккыстай.

4 Бир үй жасалыптыр жүндөн,
Устасы талдын учуна илген.
Алды суу, тиет же тийбейт,
Андагылар коркунучту билбейт.

Кичинекей учуп жүрөт,
Үйү бар, сууда түнөйт.

Кыр башында кызыл короз.

Кара-кара каралар,
Көпчүлүгүн карасаң,
Чегирткеге барабар.

Кара атым каңтаргалуу,
Кара ичигим бөктөргөлүү

Бир кичине боз бала,
Короолордон кетпейт.
Оозунун шоктугунан,
Элдин баары жектейт.

Короодо жүрөт жаш бала,
Укмушта мындай жок бала.
Эгиндин ээсин кыйкырткан,
Тартиби жок шок бала.

Жар башында жарганат,
Жатып туруп карганат.

Суулуу жерге бээсин байлайт,
Кургак жерге өзү жайлайт.

Суксуйган узун мойну бар,
Саймалап кийген тону бар.

Кызарат башы, нурланат,
Кыйналса кээде кумсарат.
Кымындай болгон булчуң эт,
«Күлкү-күлкү» деп койсо,
Кере карыш узарат.

Кын кыналы, кыналы,
Куйруктары кыналы.
Кызыл ала тон кийген,
Жайнап чыккан кыналы.

Дүйнөдө бир макулук бар,
Беш ай туруп, үйүнө өзү кайтар.
Күндө-күндө жаңылбастан бир сөз айтар.
Ал сөздөн башка сөздү таба албаган,
Кандай баласын өзү бага албаган.

Өзү кичине чеңгелдей,
Үнү сонун аргендей.

Уккулуктуу сайраган,
Жаз айында жайлаган.
Кыш болгондо кетет да,
Жазында келет кайрадан.

Адам карап тургандай,
Канаты бар калдайган.
Түнкүсүн уйку көрбөгөн,
Күндүзү учуп жүрбөгөн.

Шыбак түбү, «шарп» этет,
Камыш түбү «калт» этет.

Эвен дейди — эвен дейди,
Эвен жайлап биздин эл төмөндөйдү.
Акын болсоң алдыңа айтайын.
Чөп башына конбогонду немне дейди.

Топ-топ, топ камыш,
Топ камыш ичинде Токтомуш.

Тап-тап, тап жорго,
Таман аяк боз жорго,
Желип кетсе жеткирбейт,
Жерге түшсө көрүнбөйт.

Белестеги беш бээ,
Балалайт да, кулундайт.
Куйруктары карала,
Канаттары сарала.

Өзү тоодо,
Түнөгү зоодо.

Курамадан тону бар,
Куйругунда калы бар.

Ала чапан таажылуу
Узун тумшук бакандай,
Бир айтканын кайталап,
Жайда жүрөт такалбай.

Ылайдан үй салышат жай айында,
Кышында түк калышпайт бул айылга.

Кыш куйбайт, ылай чылабайт,
Ичи тышын шыбабайт.
Бирок колуна аспап кармабайт,
Салган тамы заңгырайт.

Кыш куйбай, ылай чылабай,
Ичи тышын шыбабай,
Үй куруп алат кайсы уста,
Балта, керки кармабай?

Тепмейинче албаган,
Тепкенин албай калбаган.
Канаттуунун учкулу,
Канча жүрсө талбаган.
Ойлоп атын тапкыла,
Бул укмуштуу кандай жан?

Жүк бурчунда маңкайып,
Каралуу катын отурат.
Качан да болсо ордунда,
Кыймылдабайт кылт этпейт,
Бир жеринен былк этпейт.

Тоодон талаган көрдүм,
Суудан сулаган көрдүм,
Куушуп жаткан ташты көрдүм,
Тузсуз ичкен ашты көрдүм.
Түп нускада — «Кекилик».

Тоодон талачак көрдүм,
Суудан сулайман көрдүм.
Көшүп жаткан ташты көрдүм
Тузсуз ичкен ашты көрдүм.

Тоодон токум ыргыттым,
Колдон чыкса күркүрөйт,
Ар азуулуу жырткычтар,
Аман калбай калдык деп,
Качып үркөт дүркүрөп.

Ондон камчы канаты,
Он эки ача куйругу,
Сегиз найза, төрттөн тырмагы.

Буттарында жарагы,
Бийик жерде жатагы,
Көзүнө топу кийбесе,
Көбөйөт экен чатагы.

Караңгы үйдө каралуу катын олтурат.

Бийик жерде жатагы,
Көзүнө топу кийбесе,
Көбөйөт экен чатагы.

Текир-тукур жоргосу,
Башында бар дорбосу.
Таңга маал азаны,
Тамагында казаны.

Чикең-чикең жорголойт,
Чикең ташка корголойт.

Топ-томолой чечен,
Тамактары ак ала чечен.
Куп-кумалай чечен,
Куйруктары ак ала чечен.

Сейил-сейил сейилчек,
Сегиз ала түйүнчөк.
Сегиз кыздын энеси
Алиям болсо келинчек.

Муун-муун муунчак,
Муун ала түйүнчөк.
Отуз кыздын энеси,
Он беш жашта келинчек.

Кеминде он беш, жыйырма уул-кыз бир атадан,
Анын ысмын баарысын бир атаган.
Ичинен бирөө бөлүнүп жалгыз калса,
Чакырат бир ат менен баарын тамам.

Букардан келген мунарым
Буту-колу кыналуу.

Күздүн күнү болгондо,
Өөдө чубайт
Жаздын күнү болгондо,
Ылдый чубайт.
Мойнун буруп ырдаса,
Бураган арген үндөнөт.
Кийимдерин карасаң
Боору кара сырты көк.
Канаттуу болот мындай жан!
Ойлонуп муну ким билет?

Желе тартып желпинет,
Жаз болгондо келишет.
Күз болгондо кетишет.

Жаркырап жаз чыкканда,
Абдан сонун көрүнөт.
Катар-катар учканда,
Эки жүргүн куш экен,
Мунун атын ким билет?

Ай асманда жүргөн жигит,
Алтын чоор тарткан жигит
Күн асманда жүргөн жигит,
Күмүш чоор тарткан жигит.

Эжекем эжил,
Чачпагы жашыл-алаке.

Эжекем асыр,
Чачпагы жашыл.

Чек-чек баскан,
Чек соор өтүк кийинген.
Жалаң кылыч байланган
Жоо келет деп шайланган.

Сексең-сексең секирип,
Кызылды көрсө айланган,
Жанына эмес кылычын,
Тумшугуна байланган.

Кишим-кишим жүгүргөн,
Күчала бай токунган,
Жан жагына каранган,
Жанына кылыч байланган.

Кидиң-кидиң жүгүргөн,
Кушмаш ээр токунган.
Жашыл ала жамынган (салынган)
Жакшынакай көрүнгөн

Кидиң-кидиң жүгүргөн,
Кишмеч ээр токунган,
Саймалары салынган,
Сары ала жоолук байланган.

Кидиң-кидиң жүгүргөн,
Кичинекей көрүнгөн.
Жашыл жоолук (абай) салынган,
Жакшынакай көрүнгөн

Кидиң-кидиң жүгүргөн,
Кимче ээр токунган.
Жашыл баян салынган.

Кидиң-кидиң жүгүргөн,
Кийиз ээр токунган
Жашыл чапан салынган.

Жотосунун жоондугу чийдей,
Чуркаганы жебедей.
Ак-карасы астагандай.
Байкаганы балээдей.

Жаткан жери жаздыктуу,
Жашыл ала көпчүктүү.
Чек-чек, чек баскан,
Чек суру өтүк кийинген.
Жалаң кылыч байланган,
Жоо келет деп шайланган.

Жаткан жери жаздыктуу,
Жашыл ала көпчүктүү

Акыл-акыл ак тамак,
Сарала тайдын көк чолок.

Алачадан будача,
Көзү чекир кудача.

Адачадан будача,
Татынакай кудача.

Аппактыгы пахтадай,
Каралыгы көөдөй.

Актыгы кардай,
Каралыгы көөдөй.
Учканы октой,
Отурганы мыктай.

Актыгы — кардай,
Каралыгы — көөдөй,
Отурганы — бектей,
Учканы — октой.