***

alykul osmonov

Мен өзүңдү сүйгөнүмө кайгырам,
Билем сенин таалайың кең жайылган.
Сен күлөсүң мени таба кылгандай
Убалыңа жетер көздөн аккан кан.
1938



***

alykul osmonov

Түн жарык, түшкөн ийне табылгандай,
Ай калкыйт, уялыңкы акырын жай.
Суранса энелери уруксат берип,
Оюнга бирин бири чакырышмай.
Ыргытса кулачы узун алыс кетип,
Уландар ак чөлмөк деп жулкулашмай.
Бозойлор сүйгөнүнө жоолук таштап,
Байкатпай ала калып ургулашмай,
Селкилер ай деп жалган чочуп кетип,
Бураңдап элди айланып катуу качмай.
Кап дешип, ажырашмай көзү кыйбай
Оюнга чала канып, чала канбай.
3/ХII 1939

***

alykul osmonov

Кой-Сарыда эс алышты көп балдар,
Жаңы ачылган жаркыраган жылдыздар.
Турмуш менен алеги жок, ою жок
Арасында эркеги бар, кызы бар.
Бир кыз, бир уул: Күлай менен Керимбек,
Кайда болсун: ажырашбай бир жүрөт,
Балдар ойнойт, булар четте турушат,
Неге мындай, эмне экенин ким билет?
Ай аяктап, кеме келди эл түштү,
Тигилер да улуу менен кичүүсү.
Күлай жүрөт букет кармап элтеңдеп,
Ким болду экен, анын бүгүн күтчүсү?
«Кош-кош» деди. Кеме акырын жылжыды,
Күлай гүлдү Керимбекке ыргытты,
А да ыйлады, бу да ыйлады карашып,
Көздөрүнөн ысык-ысык жаш чыкты.
Таң калтырды карап турган элдерди,
Ичинде бар бир тууган го дегени.
Неге ыйлашат деп сурасам бир бала
Керимбекти сүйөт го деп жооп берди.
Көл күүлөнүп жарга урунду шуулдап,
Түш маал эле, күн нуруна жымыңдап.
Керимбекти алаксытты достору
Каютадан көлдү карап ыр ырдап.
Анда калган кайгыларын Күлайдын
Унуттурду чаңк деп учкан ак чардак.
3/XII 1939

***

alykul osmonov

Шаарымдын бир учунан бир учуна карасам
Жаңы түшкөн, тааныш эмес, жаңы там…
Замандардан замандарга калкуучу,
Чөкпөй турган кораблдей салынган.
Ал тамдарда жашагандар ким десең?
Менин бир боор кыргыз деген үй-бүлөм!
Жаш калаага турактуу уул болууга,
Аз жыл болду тоодон көчүп келишкен.
1/III 1940

***

alykul osmonov

Душман жакын
Ленинград жанында.
Кармашуулар
Ок жамгыры алдында
Ушул жерге
Катуу урунуп
Кыйроодо:
Чабуул салган
Коркунучтуу
Техника!
Бербес үчүн

***

alykul osmonov

Мен тансам: жаштан танам, ырдан танбайм,
Ыры жок өмүрүмө канааттанбайм.
Кудайга миң мертебе калп айтсам да,
Ырыма бир мертебе калп айта албайм.
9/XI 1946
Чолпон-Ата

***

alykul osmonov

Жакшы ыр жазсам:
Бутунан өөп жөнөтөм,
Жаза албасам: көз жашымды көлдөтөм,
Ыр жараткан, шам чырактын алдында
Бактылуу мен,
Бактылуу менин көлөкөм.
17/X 1948
Чолпон-Ата

***

alykul osmonov

Катуу жатып, жумшак ойгонуп,
Көңүлүм сергип кенен дем алдым.
Өмүрдө дарт тагын жоготуп,
Өз энчиме жаңы жаш алдым.
Жумшак жатып, таттуу ойгонуп
Көктө турган күндү карадым.
Кайра чыйрак, кайра бек болуп,
Койнум толо ырыс санадым.
Тыңшап, тыңшап боюм балкыды,
Мен укпаган өмүр күүлөрүн.
Жан жыргатар жыргал салкыны,
Эх, заман… сенин күндөрүң!
29/Х 1948
Чолпон-Ата

***

alykul osmonov

Чыр, талаш, октуу, оттуу күндөр бүтсө,
Кең уктап, кең ойгонгон мезгил келсе,
Нечен жыл катуу ойлоп мээлери ооруп,
Каржалган акылдуулар жеңилдешсе, –
Болотту колуң менен кармап көргөн,
Бейиштей эң укмуштуу убак жетсе,
Жер жүзү бир атанын баласындай,
Чакырып бирин бири мейман этсе.
1/ХI 1939

***

alykul osmonov

Бул айтылуучу кеп,
Шаршенбай кеби,
Ар нерсеге анын сонун эби.
Бир жакка сапар баратып,
Аты жүрбөй калганда
Арылбай али жолдун теңи.
Атынан түшүп
Ээр токумун алып,
Чогултуп таңып,
Анан аны далыга салып,
Өзү көтөрүп алып,
Атына жайдак минип,
Кайра кете берди,
Бирөө жолдон чыгып,
-Э, Шаке, мунуң кандай – десе;
-Атым баспаган соң
Ээр токумун көтөрүп алдым деди!
17/XI 1948
Чолпон-Ата

***

alykul osmonov

Өңгө жалган, өлүм ак,
Өлүмдүн адил бийлиги,
Аябайт асыл жаныңды,
Карабайт алтын киймиңди.
Бактылуу барат баш ийип,
Мансапкор барат үшкүрүп,
Аракеч барат темтеңдеп,
Асмайчы барат чүчкүрүп.
Ошондо:
Жаакка чуу дедире бир коюп
Үңкүр-накир жаракун
Сурагына алганда,
-Эй, күнөкөр, ойгон деп
Күрсү менен салганда.
Асмайчы:
Тура калат селт этип,
Сезилбей,
Келген өлүм, жаткан көр,
-Мен чатагыңды билбеймин,
Келе,
Бир атым асмай бере көр.
17/XI 1948
Чолпон-Ата

***

alykul osmonov

Аялына күйөөсү,
Ачуулана калганда,
Каяша айтчу аялы:
Актыгыма антым бир –
Ок аттаймын, тап, кана!
Ишендирчү күйөөсүн,
Таттуу сүйлөп эбиреп.
Каргана койчуу, жаңылсам –
-«Атам эрим болсун» деп.
Айтканына ишенип,
Чынында аппак ой менен,
Бир күнү келип күйөөсүАялын туштан шаштырат.
-Бол сыртка чык, иш жаман
Тиги айылда:
Бирөө ок аттоого чакырат.
Чуркап чыгып аялы,
Күйөөсүнө учкашат,
Чын пейилден күйөөсү:
Тез жетели деп шашат.
Мингени жорго ат болуп,
Орто жолго келгенде,
Бир кечмеден жаңы эле
Шартылдап өтө бергенде:
Аялы айтат эрине:

Я, берекем!
Ок аттай турган аял:
Бир жаңылып койсо,
Эчтеке болбойт дешет ээ…
-Эчтеке болбойт деп эри,
Чу! – дейт атын темине.
Жайылган малдар көрүнүп,
Айылга кирип келгенде:
Орто суудан шартылдап
Эми кече бергенде:
Аялы айтат эрине:
-Я, берекем!
Ошол ок аттай турган аял:
Эки эле жанылып койсо,
Эчтеме болбойт дейт ээ…
-Ооба, – дейт да күйөөсү,
Чу! – дейт атын темине.
Ок аттай турган айылга,
Жете кирип келгенде:
Чоң кечмеден шартылдап
Кечип өтө бергенде,
Аялы айтат эрине:
-Я, берекем!
Тиги, ок аттай турган аял дейм,
Үч эле жаңылып койсо,
Эчтеме болбойт дейт ээ…
Белгилүү го андан соң,
Эринин берер жообу эмине?…
17/ХI 1948
Чолпон-Ата

***

alykul osmonov

Себеп болор бекен деп,
Оору деген бетбакка,
Кара улактын өпкөсүн,
Садага кылып чапмакка,
Бейшембай менен Дүйшөмбай,
Улак союп жатышты.
Бакалоорго кол салып,
Терисин сыйрып, тартышты.
Колун салган Дүйшөмбай
Өзү шашма эр экен,
Урунбай койсо өпкөсү:

Ээ, айланайын, Бейшембай,
Кудай урсун калп айтсам,
Бул улак:
Өпкөсү жок неме экен!
17/ХI 1948
Чолпон-Ата

***

alykul osmonov

Баланын эне өбөгү,
Эненин бала жөлөгү.
Жигиттикке жеткиче,
Баласы –
Энеден жапа көрбөдү,
Карып кетти энеси,
Эринин –
Көп болсо керек өлгөнү,
«Ушундай кылсам энекем
Кечер бекен ак сүтүн»
Деп баласы, энесин –
Мекеге –
Жөө көтөрүп жөнөдү.
Бара жатты шартылдап,
Кээде –
Чапкан атка теңеле:
Жолуга калып бир адам,
Калаадан чыга бергенде:

Э чырагым, бул эмнең?

Энем болсун, өз энем?

Жол болсун?

Кечеби деп ак сүтүн,
Мекеге жете бармакка
Үйдөн чыга жөө келем.

О акылы жок, кем неме
Сен бала экенсиң дагы эле,
Арылам десең күнөөдөн:
Кадыр билер эмгектеш
Эр таап бер энеңе!
Баласы,
Энесин ыргытып ие жаздады:
Энеси:

А…а… айланайын
Аны билчү уул кайда?
Дегенде.
17/XI 1948
Чолпон-Ата

ЧИЛДЕ

alykul osmonov

Жердин жарык бетине,
Биринчи чилде келгенде,
Баарыдан мурда жолугуп:
Уй, кой, жылкы жана төө
Төртөө көрүп калыптыр

Жоготуу керек чилдени
Мунун катуу киргени,
Жаман экен билгени,
Дешип акыл салыптыр.

Кана муну ким басат?
Деп масылат кылганда:

Мен басайын курдаштар,
Деп өтүнөт жылкы анда!

Жок, сеники туура эмес,
Уй баарыдан аксакал,
Биринчи жол уйдуку,

Бар чилдени басып кал!
Уйга буйрук берген соң
Мына ушундай деп чечип:
Мактангансып уй мырза
Жер үстүнөн чилдени
Жоготомго дегенсип,
Жүгүрүп келип алыстан
Баскан кезде, Чилде акең
Тилигинен туяктын
Чыга качты бурт этип.

Кап, мен бассам чилдени,
Жердин жеткен түбүнө –
Житкире басат элем деп,
Жылкы ыйлап алыптыр,
Уйдан кетип чалалык
Ошол күндөн ушул күн
Чилде –
Жер үстүндө калыптыр.
13/XI 1948
Чолпон-Ата

ЖЫЛ ТАЛАШУУ

alykul osmonov

Адамзаттын өмүрүн
Жазмыш койгон эсептеп,
Ошондуктан өлчөлүү
Биринчи ирет жыл келет.
Биринчи ирет жарыкка,
Жакын басып жыл жылат,
«Мен жыл башы болом» деп,
Айбанаттар сөз кылат.
Жармы кара, жармы аппак,
Күнгө минип жыл жылат,
Мурда көрсөк кимибиз,
Ошол болсун жыл башы,
Деп айбандар сөз кылат.
Мына ошентип өз ара,
Жыл талашып чырлашты,
«Менден ким чоң» дегендей,
Көп кенебей төө басты…
Кирип алган капкачан
Кулагынын ичине,
Көрө коюп биринчи
Чычкан болду жыл башы.
13/ХI 1948
Чолпон-Ата

КАШАБАҢ

alykul osmonov

Арстан айтат «мен эр» деп,
Анда:
Кабылан чыгат бакырып,
Анда да эмес, мында эмес,
Чынында:
Карышкырда баатырлык.
Качырганын кайсаган
Мунун:
Кулк-мүнөзү жакшы эмес,
Жалгыз-жарым адамга
Кашабаң:
Кол салуудан каршы эмес.
Капканга түшсө жаңылып,
Ал:
Үн чыгарбайт каңкылдап,
Чабылып калган тарабын
Кемирип жеп алат да,
Бошонуп
Кете берет заңкылдап.
Карышкырдын тукуму аз,
Себеби:
Өмүрүндө бир тубат.
Тууган кезде жатынын
Кайра өзү –
Жеп алат дейт бу чунак.
Колго түшсө кокустан,
Адамзат:
Кандай кордук иштетбейт!
Капаска салып тирүүлөй, –
Терисин тетир сыйырса:
Ошондо:
Канын тартып бүлк этбейт,
Терисин сыйрып тирүүлөй,
Анан –
Жылаңач коё бергенде:
Чуркап барып көп жерге
Ошондо да жыгылбай
Чочоюп,
Олтуруп өлөт эр неме!
Тайбас, илбирс деген бар,
Баянжабыр берен бар,
Кимиси:
«Мен баатыр» деп мактанбайт!
Баары келип чынында
Чын баатырлык жагынан:
Кашабаңа жете албайт.
13/XI 1948
Чолпон-Ата

КЫДЫР, БАКЫТ

alykul osmonov

Ар адамдын башына
Айланып кыдыр үч келет.
Дубана, касың, жолоочу
Ууру болуп кубулуп,
Билгениндей түрдөнөт.
Үйгө келген ким болсун,
Ырайым кылсаң көз карап,
Кызыр даарып өзүңдү,
Ырыска толот ар тарап.
Бакыттын өңү жыландай,
Бирок, такыр карабайт.
Кылчайып койсо кокустан,
Бакытка баткан жыргалды айт.
13/XI 1948
Чолпон-Ата

ЖЕР АЛБАГЫР

alykul osmonov

Ар адамга нээти жат,
Кесиби ууру, сөзү ушак
Сөзү ушак,
Бузуку, арам кишини,
Көптү билген карылар:
«Жер албайт» деп сөз кылат.
Андай адам өлгөндө,
Ажалына келип дарт:
Көмөлү деп көр казса,
Кагыраган таш чыгат.
Илгери бир заманда,
Алакөз деген бар экен.
Кылган иши кыянат,
Ойлогону кара экен.
Байкушка кылып зордугун,
Акысын жеп момундун,
Ушак айтып, калп сүйлөп,
Малын уурдап шордуунун,
Ак санабай бир жанга,
Көрканачтай күркүрөп,
Жамандык жагын кынадай,
Бай жашаган дүркүрөп.
Ажал жетип, күн бүтүп,
Кийин ошол өлгөндө,
Ак тилегин парс кылып
Калк жыйылган көмгөнгө,
Казган жерден таш тосуп,
Кетмен, күрөк сынат дейт,
Же болбосо суу оргуп,
Бака, жылаан чыгат дейт.
Нечен түрлүү айла издеп,
Амалдан амал талаша,
Эптеп коюп эртеси,
Көрүн келип караса:
Жийиркенип көмгөнгө,
Көрүн түртүп салыптыр,
Алакөздү жер албай,
Алыс бүркүп салыптыр.
Кайра көрүн жаңыртса.
Кара сөөгүн ыргыткан,
Эки жолдун кошконго,
Ырым кылып мал союп,
Ыйлаган соң калың журт,
Жер ачуусун тынчыткан.
13/ХI 1948
Чолпон-Ата

ЖАМАН КӨЗ

alykul osmonov

Илгери
Ырым болгон кыргызда
Балдарын
Жаман көзгө көргөзбөс.
Өткөн экен бир кезде,
Кыргыздан
Туякбай деген жаман көз.
Туякбайды биздин эл,
Жан алгычтай жек көргөн.
Жек көрүүнүн себеби,
Анын
Караганы мүрт өлгөн.
Эркелетип жаман көз,
Карап койсо бала өлгөн,
«Жакшы экен – деп, – жаныбар» –
Тиктеп койсо жаман көз,
Нечен күлүк ат өлгөн.
Көрүнө калса карааны:
«Туякбай келе жатат» – деп,
Балдарын бекем жашырган.
Көзү тийип калбасын.
Өндүү-түстүү эле деп,
Келиндерин качырган.
Ал эмес бир топ дубалчы,
Дубалын жаңы бүткөрүп,
Анын сонун көркүнө –
Нечен-нечен күч кетип.
Көңүл тоюп ишине,
Карап турса байкоосуз
Туякбай өтүп баратып;
«Жакшы экен го» – деп койсо,
Дубалы
Кулап кеткен күр этип.
Ошондуктан Туякбай,
Тура калып таң заардан,
Төрт саат көзүн ирмебей,
Кара ташты караган.
Ташка күчүн кетирип,
Чоочун катын-баладан,
Эми туура болор деп,
Атка минип калк ичин –
Анан,
Аралоого жараган.
13/XI 1948
Чолпон-Ата

УУРУЛУК

alykul osmonov

Илгери атыккан бир ууру чыккан
Умтулса умтулганын алып чыккан.
Калсын деп бул өнөрүм өз уулума,
Деп ойлоп: өзүмдөй бир болсун сырттан:

Э, балам эр жигитке өнөр керек,
Ал өнөр мен болбосом кимден келет!
Уурулук – өнөр алды, билген эрге,
Сен али балапансың жетиле элек.

Эмесе үйрөнүп кал, мени кара,
Бактагы уя баскан сагызганга
Атакең шырп дегизбей чыгып барып,
Байкап тур жумурткасын уурдаганда.
Айткандай бакка атасы чыгып барды,
Чочутпай уядагы сагызганды,
Билгизбей, басып жаткан жумурткасын
Атасы ошол замат уурдап алды.

Тос балам калпагыңды – деген кезде
Дейт, уулу: – ай, атаке, өзүңдү эсте!
Караса кийип турган дамбалы жок,
Болобу анын уулун ууру дешке?
11/XI 1948
Чолпон-Ата

ШУМКАРДЫН ТУУЛУШУ

alykul osmonov

Баласы ителгинин-Шумкар делет,
Асманда өзүмсүнөт алгыр мен деп.
Алыскы суук жакка жазда кетип,
Шуулдап күзгү үшүктө кайра келет.
Жашоодо өмүр жолун канга маштап,
Тукумун туура өстүрүп, туура баштап.
Жол кезет, зарлап тапкан жумурткасын
Кароосуз кышкы аязга уч ай таштап.
Көңүлүңдө эсеп кылып ай эсебип
(Аскада бир мерзенти бар экенин)
Өзүндөй шумкар кылып алып кетет
Ким билсин жүз жыл да анан бир келерин/
11/XI 1948
Чолпон-Ата

МАРТЧЫЛЫК

alykul osmonov

Жоомарттан-жоомарт чыкпас Атантайдай,
Акындар мактоого алган сайрай, сайрай,
Жашы өсүп эр жеткенде не болду экен?
Айтышат уламышта аны ар кандай.
Жатканда бешигинде ээ-жаа бербей,
Кайда али ымыркай кез, бирге келбей,
Тили жок айтам десе, кандай кылсын?
Элиркеп ыйлай берген эмчек эмбей.
Бирөөнүн бир жетимин таап келип,
Эненин бир мамасын ага берип,
Экөөнү бирдей алып эмизгенде
Атантай жыргай түшкөн, эрип, кеңип.
11/XI 1948
Чолпон-Ата

АЛДАР

alykul osmonov

«Алдар!» – деди Көсөөгө бир жай адам:
«Сага алдаткан эси жок кандай наадан?
Кыйын болсоң алдачы кана мени?
Элди алдаган алдоону көрсөт маган!»
«Аттиң!» деди Көсөкең анда аган:
«Менин алдар баштыгым үйдө калган»,
«Андай болсо, алып кел сен, баштыгыңды»
Минген атын Көсөөгө бере салган.
Алдар атка шап ыргып минип алган,
Алдар деген атынын неси жалган?
«Алдайт деген тууганым ушул болот»
Деп атына камчы уруп кетип калган.
11/XI 1948
Чолпон-Ата

КАЛП АЙТУУ

alykul osmonov

Шодокондой көзү ачык жок тубаса,
Шокең эмес, жалган сөзгө кунаса.
«Кече күнү бүркүтүңүз эмне алды?»
Деп атайы теңтуштары сураса:
«Сары жондон түлкү көрдү тик салды,
Шашпай туруп оң колуна бирди алды.
Боз кыядан кайып өтө берерде,
Бир түлкүнү сол колуна кармады.
Көк кайкыдан да бир түлкү кызарды,
Аны жакең тумшугуна кыстарды.
Ак түзөңдөн көрө коюп да бирин,
Кыбың-кыбың эки көзүн кысарбы»…
10/XI 1948
Чолпон-Ата

ДОМОНУН КЫЗЫ

alykul osmonov

Тең карап, айгинелеп актай агын,
Дааналап катка салып агын анын,
Айтылган уламыш сөз болсо дагы,
Угалы кушка тилмер Кыз баянын.
I
Кезинде кызы да өткөн, Домо да өткөн,
Сермесе колго түшпөй эрк көксөткөн.
Күн бүтүп, Домо карып калган кезде,
Калкына мына мындай сөз көрсөткөн:
Асманда бүркүт шаңшып үйдү айланат,
Добушун Домо жерден байкай калат:
«Э балдар бул баягы Сарежи экен»
Деп анан калдырканын урат, кагат…»
Кете албай көктө бүркүт бул белгиден
Эрчитип балапанын түшүп келген,
Караса: туура отуз жыл салып жүрүп
Домо чал азат кылган Сарежи экен.
Өмүрлүк айрылышып асыл колдон,
Сарежи кеткенине төрт жыл болгон.
«Карыдың, жаныбарым, кош» деген соң
Соңку ирет өтсөм деген ушул жолдон.
II
Домодон эркек болбой, бир кыз калат,
Не чара? Кыз болсо да болор канат.
Өзүнүн көзү тирүү бар чагында,
Оокаттуу жерге берип канааттанат.
Кыз эркин жазмыш оту ысытпаган,
Эрчитип, элиркетип кызытпаган.
Барган жер, дөөлөткө шай болгон менен,
Куш салуу сөөлөтүнө кызыкпаган.
Ошентип жыл артынан жылдар өтөт
Адаттай: сайлар кургап, кырлар көктөп.
Домонун ыраактагы кызы үстүнөн:
Армандуу күндөр учат, нечен көп-көп…
Бир күнү бир себептен иши кылып,
Акеси келинине көңүлү жылып: .
«Я балам, кимди көрүп иттер үрөт?
Деген соң: «Карап көрчү сыртка чыгып».
Келини кайра кирип жооп берет:
«Карадым. Үч бүркүтчү бизге келет,
Бири шат, биринде чоң өкүнүч бар,
Биринде күчтүү күйүт тереңденет».
Акеси: «Туюнтуп айт, балам маган»,

  • «Бүркүтү сүйүнгөндүн калтар алган,
    Бүркүтү өкүнгөндүн жазып калган,
    Бүркүтү күйүнгөндүн кур калтырган…»
    Үчөөнү аттан алып, эшик ачып,
    Колдогу сый тамакты төгүп, чачып,
    Чечилип сыр сырдашып олтурганда
    Окуя жогоркудай болгону ачык.
    Эртеси бүркүтчүлөр аттанарда:
    «Акебай, айтканымды жаман алба,
    Бүркүттүн үчүнчүсүн сатып бергин,
    Дал ошол жаманы үчүн мени карга».
    Акеси бул буйрукка кантип барбайт?
    «Сат баатыр, мунуңду» деп, жакын жандайт,
    Багжаңдап өкүнүчтүү бүркүт ээси:
  • Бекер ал! Бекер ал! деп жаны калбайт.
    «Жок аке – дейт келини, анткен болбос,
    Ызатка качан болсун убал жолдош.
    Эң кеми: айгыр үйүр жылкы бергин,
    Бүркүттүн ошондо да куну толбос».
    Ээсине айтканындай жылкы айдатты,
    Ээ бербей бүркүтчүнү ай-кайлатты,
    Эң мурда: «Шылдың кылып жүрбөсүн» деп,
    Андан соң көңүлү канып көз жайнатты:
    Акеси: «Бул бүркүттүн өнөрү эмне?»
    Дегенде берген жообу мындай эле:
  • Бул бүркүт, биринчи ирет мен бүркүт деп,

Үмүтүн биринчи ирет сермегенде:

Түз тийип, таамай мыкчып каман алган,
Каманга каарданып тырмак салган.
Ошондо жалын бүткүл жутуп ийип,
Ошол жал коё болуп катып калган.
Эртелеп ак боз бээни союу керек,
Казысын бөлүү керек үчкө теңеп:
Табактай, аяктайдан, чыныдайдан,
Сугунтуп, коё түшөр күнгө ченеп.
Түшкөн соң көкүрөктөн каман жалы,
Бүркүттүн башкача эле каранганы,
Дейт анда Домо кызы: Бул бүркүттү,
«Төө комдот» деп атайбыз мындан ары.
«Төө комдот» деп атайбыз деген себеп:
Бул бүркүт көргөнүн бүт терип берет,
Жайылып чалгын салып учкан жакка,
Түрүлө төөнү комдоп барыш керек.
Күн санап арбый берсин элдин саны,
Кошулуп жаңы санга улам жаңы,
Анткени – эл канчалык арбын болсо:
Бүркүттүн ошогон тең келер табы.
Эртеси, айткан шартты көңүлгө ала,
Чер жазып канмак үчүн бир санаага,
Тандалган кырк жигитти жанына алып,
Жайылып күйөө чыкты кең талаага.
Сайрандын ушул болуп жан эрмеги,
«Төө комдот» албаган жок эмнелерди…
Карышкыр, түлкү, кулжа, текелерди
Ар жүздөн, жүз ашырып бере берди.
«Төө комдот» илбирс алды, каблан алды,
Умтулуп мырза күйөө салганды алды.
Жаркылдап ат туягы калган жерде:
Күйөөгө: урмат, сыйлык, атак калды.
Бир күнү… ой жорубай эч шумдукка,
Бак – дөөлөт жете тийип ак булутка…
Байкоосуз Домо кызы карап турса,
«Төө комдот» коно калды туурдукка.
«Акетай, болор бир иш болгон экен»,
Деп алып, анан сурап акесинен:

«Кеткен эл, бүгүн аке арбын беле?»

«Жок балам! Балам менен бешөө кеткен!».

«Кудурет күйүтүү күн салган тура,
Салтанат сайран күнү жалган тура,
Чабытта эрдик анты канбаган соң,
«Төө комдот» бешөөн бирдей алган тура.
Деп анан, баш тарта албай эрдик анттан,
Кайгырып ичтен күйүп, кыял тарткан.
Бүркүттү кармап туруп, балта менен –
Колунун ортоңкусун кыя чапкан.
Кош энди бир болор иш болгон экен,
Кир күнөө сенден кетпей, кетти менден.
Шертиң ак, жаныбарым аман бол деп,
Бүркүттү азаттыкка коё берген.
9/ХI 1948
Чолпон-Ата

БАЛТА ЖУТАР (ТАЗ ЖОРУ)

alykul osmonov

Таз жорунун жумурткасы зоокада,
Уя салат миң жыл жаткан муздарга,
Кай жакадыр каңгып учуп кетет дейт,
Болжол кылып, кайра барар бир маалга.
Балапанга жан киргенче кыбырап,
Бөгөт болуп үч күн жатат жылтырап,
Адам көрбөй ал шартынан өткөндө:
Үч күн жатат күчүк болуп кыңшылап.
Адамзатка кез келишсе бул доору,
Ойлогондой табар эле олжону…
Көзгө түшпөй, алты күндөн өткөн соң:
Балта жутар баягы эле таз жору.
8/ХI 1948
Чолпон-Ата

КУУ КУМПАЙ

alykul osmonov

Азуулунун арстанына алдырбас,
Айткылачы эр ителги кимден пас?
Салышканда салмагы өйдө болгон соң:
Бүркүт баатыр ителгиге катуу кас.
Бир заманда.:. Ушул Арпа талаасы,
Боз түшкөндөй асман-жердин арасы,
Боз түшкөндөй бозорсо эгер абасы,
Болжогондо күз мезгил го чамасы.
Болгон өңдүү балбандардын согушу,
Зоболу зор зордукчунун зору ушу…
Барган сайын аянычтуу угулат
Ителгинин баркылдаган добушу.
Ал айланат, асманды чарк айланат,
Бир нерсеге эрдик эрки байланат.
Ыйлайт баатыр, бирок кулча жалынбайт,
Жалынбаса, көңлү кантип жайланат?..
Айланганын эч ким ойго албаган,
Калдаң этип көтөрүлдү бир караан,
Ал эр бүркүт… албарстай курч тумшугун
Ителгинин балдарына кандаган.
Учат, сызат, кекке канып шаттанат,
Кек канынын таттуусуна мактанат.
Жердеги адам, көктө теңри алдында
Бул кылганым баатырлык деп актанат.
Буга ителги ичиркенген окшоду,
Көктү айланып шаңшыганы токтолду.
Балдарына аза күтүп болгон соң
Кай жаккадыр караан үзүп жок болду.
Кетсе келер, кезмеги бар бул турмуш
Кемтик дүйнө кеңдигине болор туш.
Чай кайнамдай мезгил өтөр-өтпөстө,
Пайда болду көктү жарган бир добуш.
Күркүрөгү жерди ордунан козгоду,
Күткөн өңдүү күч бийлиги ошону,
Эр бүркүттү муштумдай боз бир нерсе,
Шуу дей түшүп серпип кеткен окшоду.
Бүркүт жатты, кара жерде калдайып,
Как бөлүнүп канаттары далдайып,
Бир тебүүдөн тең бөлүнүп чалгыны
Колу сынып жаны кетип шалдайып.
Эрлер-эрди каран түнгө урунтпай,
Колдойт тура, керегинде, унутпай…
Карап туруп күркүрөк үн өчкүчө
Карыялар: «Ушул дешти Куу Кумпай».
8/ХI 1948
Чолпон-Ата

ЫСЫК-КӨЛ

alykul osmonov

Бул жерди аманында кимдер көргөн?
Көргөндөр көр эркине небак көнгөн.
Эл айтат: миң дарбаза, кырк капкалуу –
Калмактын шаары эле дейт, көркөмдөлгөн.
Бийликте кан сурагы калыс болбой,
Каңтарып калк ырысын такыр койбой,
Соруп жеп, жегени үчүн чыгым салып,
Жазалап күнөөсүздү ойлогондой.
Ошондо калк ичинен бир Кары адам,
Алсызга райым сурап ханга барган:
«Аз жумшап, эл сообуна кара» десе,
Хан анын бир жак көзүн оюп алган.
Ал Кары ачууланып үйгө келген,
Мындай деп, кемпирине буйрук берген:
«Токтоосуз балдарды алып тоо таянгын
Көрүнбөй айсыз күндүн түнү менен».
Муну айтып, жерде жаткан кетменди алган
(Шамдагай, жаткан аяр, жаткан балбан)
Суу берген бүт шаарга жалгыз кудук,
Жанына шол кудуктун басып барган.
«Айрылгыс мискин шору-шор болгон соң
Адилсиз хан амири зор болгон соң,
Жокчулук, ачкалыкта өрттөнгөнчө,
Шаардын жер үстүнөн жок болгону оң».
Деп Кары шаты салып түшүп келген,
(Качууга шүдүңкүтүн белендеген)
Кудуктун каканагын жара коюп,
Сел жасап тоого карай чыга берген.
Күр этип кудук суусу бирден каптап,
Алаамат селге батып барлык жан-жак…
Эртеси күрпүлдөгөн Көлгө айланган
Толкуса буурул толкун, көбүгү аппак.
8/ХI 1948
Чолпон-Ата

МҮНӨЗ ОЙНУ

alykul osmonov

Силер жок, биздер тентек бала чакта
Көк орой жашыл ыраң Көлтөр жакта,
Кадимки Кула мерген өзү сүйлөйт,
Болгонун төмөнкүдөй бир окуя.
Кең мейкин, үстү зоока, алды токой,
Чиркин жер, сулуу кыздай айбы жоктой,
Азуулуу, тырмактуулар оюн куруп,
Аркырап, күркүрөгөн чоочуп коркпой.
Бир күнү жата-жата зерикти да,
Жаш эмес өмүрү улуу токсон жашта,
Ээрчитип жалгыз уулун Кула мерген
Аң уулап мында келди жаасын тарта.
Мергендин бир ою бар төмөнкүдөй,
Эрке уулу, калбасын деп өнөр билбей,
Үйрөтүп мергендигин калтырсам дейт,
Күүгүмдөй өчөр кезде, батар күндөй.
Уулум дейт Кула мерген ушундай тур„
Сен эми бала эмессиң эрдикке умтул,
Аркар көп, теке да көп, кулжа да көп,
Сен аткын, мен айдайын сонун учур.
Деди да жер таянбай желдей сызып,
Унутуп карылыгын, жаштай кызып,
Жок болду Кула мерген, шумдук мерген,
Зоокадан, аскалардан аттап зып-зып.
Ошол күн, ошол мезгил бир учурда,
Азуусу албарстан курч, чын кыл кыйма,
Эр каман торопоюн баштап чыкты,
Өнөрүн үйрөтмөккө ойлоп бу да.
Ар жактан калың камыш арасынан,
Жонунан чаар жүнү жаркыраган,
Күркүрөп жаш, карт жолборс келе жатты,
Ирмелбес көздөрү бар канталаган.
Аңгыча зоо жаңырып дүр-дүр этет,
Кең асман тең жарылып гүр-гүр этет.
Калдайып баласына жандап алып,
Чабыттап бир олжо издеп бүркүт келет.
Ар жандын, ар айбандын баласы бар,
Баарынын бул өмүрдөн талашы бар,
Эгерде колу жетип кубат келсе,
Дүйнөнү жалгыз ээлер чамасы бар.
Эмесе бул айтканым адил болсун,
Жаштарга маани берер тамсил болсун,
Көйкөлгөн көп сырга бай Көлтөр бети,
Ушул жер бардыгына далил болсун.
Биринчи сөздү улайлы азаматтан,
Жаш бала бугуп жаткан жанагы айткан,
Корс этип, бала каман сезе коюп,
Чалмакка жөнөп калды арка жактан.
Билбеймин атайыбы, же теккеби,
Карт жолборс, жаш жолборско белги берди,
Баланы каман эми чалар кезде
Жаш жолборс шып дей түшүп серпип кетти.
Жолборстон шонтип каман өлүм тапты,
Жаш мерген арка жагын карай калды,
Караса эр көкүрөк жаш шер турат,
Маңдайга мээлеп туруп атып салды.
Карт жолборс бул жорукка жини келип,
Айкырып жерди чапчып эпкинденип,
Күнөөсүз баласынын күйүтү үчүн,
Баланы жарып кетти эки бөлүп.
Аңгыча шек алгандай айкырыктан,
Кулжа айдап Кула мерген келип калган,
Түш курдуу, көз алдында укмуштуу иш,
Бала өлгөн, ал жер да кан, бул жер да кан.
Чал ыйлайт туш-туш жагын шашып карап,
Бет бойлоп, жолборс качып бара жатат,
Атты эле тийбей калды, бирок жолборс
Аскадан учуп өлдү боюн таштап.
Ал учту баласынын азасы үчүн,
Таанытып чын өрнөгүн эрктин, күчтүн,
Армандуу Кула мерген өзүнчө аң-таң,
Турмушта жаза атканы биринчи күн.
Жанагы кыл кыйма тиш кара каман,
Баятан баарын билип байкап турган,
Мергенден кун алууга чуркап калды,
Дугдуңдап, түз качырып туура жактан.
Ким билсин аядыбы азаматты,
Эл айтат, өзүң талда, чынбы калппы,
Мергенге болушкандай күр дей түшүп,
Каманга бала бүркүт тырмак салды.
Бир колу бата түштү калың жондоп,
Кармады бир түп талды да бир колдоп,
Карт каман күчтүү эмеспи, жулуп кетти,
Жонуна бала бүркүт бир колу орноп.
Эң ылдам, бир дегенче убак өтпөй,
Кичирип, куушурулуп дал көөкөрдөй,
Каманды ата бүркүт илип алып,
Жөнөдү көтөрүлүп көктү көздөй.
Уламдан-улам бийик-бийик учуп,
Күн ыйлап, бороон боздоп, улуп-уңшуп,
Каманды тырмагынан коё берди,
Таамайлап, зоока ташка болжоп туруп.
Антти да кайра ылдыйлап жерге конду,
Камандан кек алганга көңүлү толду,
Бирок да баласы үчүн кайра атылып,
Бир тийип зоока ташка күм-жам болду.
Айрылып Кула мерген баласынан,
Кош жолборс, кош каманды олжо кылган,
Бат эле бала зары унутулду,
Бирок да жаза атканга дайым аң-таң.
27/XI 1944

КАЙГЫ

alykul osmonov

(Илгерки бир мергенчиден)
Бир кедей туура элүү жашты басты,
Ошондо Чолпон деген уул тапты,
Булбулдай таттуу тили чыгар кезде,
Байкуштун жалгыз уулу каза тартты.
Саргайтты сары убайым өңдөн кетти,
Камалып жалгыз үйдө санаа чекти,
Ойдолоп түн уйкусуз ойлоп чыгат
Алдына бала ойногон кызык кезди.
Өткөргөн жаштык доорун замандашы
Тең-тушу бала күндөн чын сырдашы,
Жүр деди сергип капа кетирели,
Биз үчүн көл болду го көздүн жашы.
Замандаш досу анын мергенчи эле,
Ак бараң бош кетчү эмес мээлегенде.
Өзүнүн күндүк гана оокаты үчүн
Зыпылдап желдей учкан жерден жерге.
Эки дос, эки ат минип жолго аттанды,
Мергенчи далыга аскан ак бараңды.
Уулу үчүн жүрөгү ооруп убай чеккен
Досуна дүйнө күңүрт, жер караңгы.
Аралап калың токой кечке жүрдү,
Тыңшашты нечен мукам түркүн үндү,
О, дүйнө ай, жердин бети ый экен го,
Деп досу жараланып ыйлай жүрдү.
Бир жерден карап турса коён качат,
Байкуш ай жан талашып кандай шашат.
Шордууга жерде кордук аз келгенсип,
Асмандан куштар келип тырмакташат.
Кайгылуу досу көрөт жер зорлорун,
Кучсүздөр күчтүүлөргө кор болгонун.
О, дүйнө ай, бизге дагы күн берсеңчи,
Мынчалык таш боор болуп эмне болдуң.
Жүрүштү кечке чейин тоодо аң уулап,
Келишсе бир жайыкка каман турат,
Мергенчи ак бараңды сунар кезде
Асмандан күркүрөгөн үн угулат.
Мергенчи ак бараңды четке ыргытты,
Жүргүн деп досу менен мындай чыкты,
Карап тур өз көзүңө көрсөтөйүн
Жан достум сен көрө элек бир кызыкты.
Күркүрөк асмандагы экөө болду,
Экөөнүн каман экен торогону.
Энеси жар башында карап турат,
Баласы түз атылып сунду колду.
Бар экен бала бүркүт балалыгы,
Каманды алууга күч чалалыгы,
Бир буту жонго тийип, бири калып
Камандын ыгы кетип жара кылды.
Кыраанга кызыгы жок тим туруштун
Чапчыды бала бүркүт бир чоң устун,
Жетерлик душмандын да күчү бар го
Жонуна жулуп кетти бир жак бутун.
Тырмагы далай жерге батып калды,
Камандын жонунан кан атып калды.
Каруусу жаш бүркүттүн аздык кылып,
Талаада жан талашып жатып калды.
Асмандан зуулдап доош шукшурулду,
Күч топтоп эки канат куушурулду,
Каманды асманга лып илип кетип,
Бийиктен үйдөй ташка мээлеп урду.
Аздан соң бүркүт келип ташка конду,
Чиркиндин бар го шумдук ойлогону.
Кандуу жаш, баласына аза тартып,
Чув этип кайра учту тик жогору.
Асмандан аткан октой шукшурулду,
Ызалуу эки канат куушурулду.
Кайгылуу бул дүйнөдө жашоо бекер,
Дегендей ташка келип өзүн урду.
О, дүйнө досум сөзүн чын турбайбы,
Мынчалык неге азап тырмак жайды.
Бала деп өлдү бүркүт сен жанымда
О, досум тегерегим терең кайгы.
Мергенчи жан досуңдун ушул айбы,
Турмуштун агылышы ушундайбы?
Уулуу огу ак бараңдын оокат үчүн,
О, досум кызык эмес, кайгы, кайгы.
16/IV 1937
Жети-Өгүз

ПИОНЕР ЫРЫ

alykul osmonov

Оттой күйгөн жалындап,
Биз:
Баатыр элдин пионерлери!
Ленин жолун кирдетпес,
Биз,
Келечектин ээлери!
Суудай аккан шарылдап,
Биз
Эркин элдин пионерлери!
Ленин жолун кирдетпес,
Биз
Болочоктун ээлери!
Аткан октой жалтанбас,
Биз:
Большевиктин эр балдары!
Ага жогун жоктотпос,
Биз
Болочоктун солдаты.
Кубанычка кулпунган,
Биз
Сонун элдин пионерлери!
Коммунизм куруучу
Биз
Коммунизм ээлери!
20/XI 1948
Чолпон-Ата

ПИОНЕР КИМ

alykul osmonov

Жаш жеткинчек пионер –
Комсомолдун бөбөгү.
Кичи пейил, тартиптүү,
Тазалыктын өрнөгү.
Жаш өспүрүм пионер,
Комсомолдун бөбөгү.
Сылык мүнөз адептүү,
Жакшылыктын өрнөгү.
Жаман окуп мектепте,
Эне тилден «2» албайт.
Жооп айта албай жер карап,
Энесинен уялбайт.
Көңүл койбой сабакка
Жат жазуудан «2» албайт.
Жооп айта албай жер карап
Атасынан уялбайт.
Жок пионер «2» албайт,
Пионер деп ушуну айт.
Ача салсаң дептерин:
Жалаң «4», «5» жаркырайт.
Ошондуктан пионер,
Комсомолдун бөбөгү,
Кайсы жерде болбосун,
Барлык иштин өрнөгү.
20/XI 1948
Чолпон-Ата

МУГАЛИМ

alykul osmonov

Билим менен көгөртүп,
Эстүү болсун деп тилеп:
Заманына жарашкан,
Жакшы балдар болсун деп
Тарбия берип тазартып,
Ырыстуу болсун деп тилеп,
Өлкөсүнө жарашкан,
Өткүр балдар болсун деп,
Жазгы сонун гүлдөрдөй,
Кооздонтуп гүлдөтүп,
Ууз талдай буралтып,
Ак кайыңдай бүрдөтүп.
Маңдайынан нур төгүп,
Күлө карап турган ким?
Ал –
Эмгеги көп ушундай,
Биздин асыл мугалим.
Бизге тирек күч болуп,
Алдыбызда турган ким?
Ал –
Мээнети көп ушундай,
Биздин алтын мугалим.
20/ХI 1948
Чолпон-Ата

БАК ТИГЕЛИ

alykul osmonov

Бак тигели жүргүлө,
Биздин мектеп алдына,
Кең казалы арыгын,
Бирден күрөк алгыла.
Алма, өрүктүү бак өссө,
Биздин мектеп алдына,-
Кубантар жазгы гүлдөрү:
Кызыл-тазыл агына.
Арча, кайың тал өссө,
Биздин мектеп багына,
Тазалык менен сулуулук,
Өзү келер жанына.
Сергип турар көңүлүң.
Жашыл тартса барлык жак.
Жарашык кирер жаштыкка,
Жайкалып турса жашыл бак.
Кыянат кылып сындырбай,
Жакшы баксак кадырлап,
Береке берер өмүргө,
Биздин колдон өнгөн бак.
19/ХI 1948
Чолпон-Ата

КУШТАР КЕТТИ

alykul osmonov

Чабалекей жакшы эле
Жарышып чуркап ойносок,
Бүгүн келип карасак,
Уясы турат өзү жок.
Кара чыйырчык жакшы эле,
Жарышып күлүп ойносок.
Кайда кеткен балдары
Уясы калган өзү жок.
Күз келгенде барлыгы,
Отор кеткен алыска.
Кышкы кийми жок экен,
Болбойт экен калышка.
Сасык үпүп, күкүк жок,
Жакшы эле мында жүргөнү.
Кырк-кырк эткен асмаңда
Кеткен турна үндөрү.
Бизден кеткен келгин куш,
Жакшы жерге консо экен.
Кайра бизге келгенче,
Аман-эсен болсо экен.
19/XI 1948
Чолпон-Ата

КИТЕПТИ СҮЙ

alykul osmonov

Китепти сүй, баркын бил,
Китептин көп акылы.
Ким китепке дос болсо,
Ал ошонун жакыны.
Сүттөй таза тилеги,
Деңиздей кең талабы.
Көктөй тунук акыйкат
Анын ар бир барагы.
Таалайдын жолун көрсөтүп,
Чакырып турат келчи деп.
Арамдыктан тазалап,
Жакшылыкка эрчитет.
Ошондуктан баркын бил,
Кирдебесин бир чети.
Сыя төгүп булгабай
Жакшы сакта китепти.
19/XI 1948
Чолпон – Ата

БИРИНЧИ СЕНТЯБРЬ

alykul osmonov

Күлө карап барлык жак
Келген кенже билимге,
Салам айтат куттуктап,
Сентябрдин бирине.
Кары билим жол ачат,
Кичинекей билимге.
Мектептердин баары аппак,
Сентябрдин биринде
Так келе элек тил менен
Таттуу билим алганы.
Биринчи келди мектепке,
Биринчи класс балдары.
Акыл менен окуткан
Кулак салып апага,
Жети жашар Жеңишкан
Жакшы олтурат партада.
19/XI 1948
Чолпон-Ата

КИТЕПТИН ДУШМАНЫ

alykul osmonov

Ким китепти кирдетсе,
Китеп баркын билбесе,
Жулуп алып барагын
Орой койсо бир нерсе:
Ал китептин душманы.
Ким китепти сүйбөсө,
Кадырына күйбөсө,
Чылым ороп шарт айрып,
Калжың-кулжуң сүйлөсө:
Ал китептин душманы.
Ким китепти кордосо,
Ырайымы болбосо,
Сүрөттөрүн уурдаса,
Уурдап көнгөн колдорчо:
Ал китептин душманы.
Бардыгынан ким жаман?
Китеп жырткан шум жаман,
Китепти сүйгөн балдардан
Наалат алсын ал адам,
Ким китептин душманы?
20/ХI 1946
Чолпон-Ата

УЧКАЯК БОЛГОН БАЛАПАН

alykul osmonov

Учкаяк болгон балапан
Учуп келди жаныма.
Ичине дептер катылган
Китеп кап койду алдыма.
Бирден алып окусам,
Чотурбайдын колу экен,
Тайраң-туйраң эткизип
Шашып жазган жолу экен.
Белгилерин санасам,
Жалаң «2» «3» экен,
Орус тилден катасы
Калп айтпайын, жүз экен.
Башымды чайкап: «ай, айлап»,
Отуруп калдым шол жерде,
Уят,
Уят,
Уят деп,
Балапан учту мектепке.
12/XI 1946
Чолпон-Ата

ЭКИ МЕТР ЭСЕНКУЛ

alykul osmonov

Партасына олтурса,
Башы чыгат Эсенкул,
Бардыгынан бөлүнүп,
Чачы чыгат Эсенкул.
Катар сапка турганда,
Мойну чыгат Эсенкул,
Башкалардан коржоюп,
Бою чыгат Эсенкул.
Биздин балдар айткандай:
Эки метр Эсенкул.
Мындай шылдың болуунун,
Себептери мына бул:
Ата-энеси ээрчитип,
Окууга алып келгенде,
Биринчиге өткөндө,
Билбей калган Эсенкул.
Экинчиге келгенде,
Эки жыл калган Эсенкул,
Үчүнчүгө чыкканда,
Үч жыл калган Эсенкул.
Сая кетип далай жыл,
Ылдый болгон Эсенкул,
Окуусу өспөй, мойну өсүп,
Шыргый болгон Эсенкул.
Катуу айттым түшүнсөң,
Мени кечир Эсенкул,
Окуусу өспөй, мойну өскөн
Эки метр Эсенкул.
12/ХI 1946
Чолпон-Ата

ТЕЛИБАЙ ТЕНТЕК

alykul osmonov

Илгерки өткөн заманда,
Телибай тентек болуптур,
Азыркы биздин Темирбек,
Ошол атка конуптур.
Чектен чыккан тентекти,
Телибай дейт биздин эл,
Темирбек жайын айтайын
Угам десең бери кел.
Өзүнүн аты Темирбек,
Эл койгон ат Телибай,
Тентектигин сурасаң,
Тентектиги момундай:
Эсеп окуу болгондо,
Эчки болуп бышкырат.
Мугалим айткан сөздү укпай
Улар болуп ышкырат.
«Эне тили» болгондо.
Карга болуп какылдайт.
Мугалим эже кой десе,
Кулакка илбейт, тил албайт.
«Физкультура» болгондо,
Бака болуп бакылдайт.
«Ыр үйрөнүү» болгондо
Сагызган болуп шакылдайт..
Дем алуу мезгил болгондо
Парталарга секирет.
Мугалим агай кой десе,
Абийрин такыр кетирет.
Биздин жакшы мектепте,
Тентек болуу жарабайт.
Бул адатын таштасын,
Темирбек деген балага айт.
Катуу айтып, жакшы айтып,
Тыялбайт бекен атасы?
Баласын жаман өстүргөн,
Уялбайт бекен апасы?
12/ХI 1946
Чолпон-Ата

ТОРУ ТАЙ

alykul osmonov

Ай, тору тай, тору тай,
Жоргосу бар сонун тай.
Кунан болсун өскөндө
Кылар ишиң момундай.
Мектеп менен айылдын
Арасы он беш чакырым,
Китеп кабым асынып,
Мен барамын акырын.
Бышты болуп өскөндө,
Жигит болуп өлкөдө,
Чек арада турабыз
Жол бербей жолбун өткөнгө.
Экөөбүз бирдей эр болуп,
Көкүрөктөр кең болуп,
Коёндон жапыс сен болуп,
Куштан илгич мен болуп.

БАЛА ТИЛИ

alykul osmonov

Биз балапан кездерде,
«Апага» тил келгенде,
«Апа», «Ата» дечү элек.
Азыркы балдар башкача,
Апа, атасын чакырса:
«Папа», «Мама» кел дешет.
Мейли десе, – дей берсин,
«Ата» менен «папа» нын,
Угулмагы бир экен.
«Апа» менен «мама» нын
Уйкаштыгы бир экен.
Ата менен папанын
Апа менен маманын
Короо жайы бир экен,
Азыркы жаңы бөбөктүн,
Антиши жакшы кеп экен.
7/ХI 1946
Чолпон-Ата

ФИЗКУЛЬТУРА

alykul osmonov

Кышында куштай сызып лыжаңды ойно,
Конёк теп, конёгуңду теппей койбо.
Атка мин, ат өнөрүн жакшы үйрөнгүн,
Секиртип сур коёндой кырдан ойго.
Жазында, жайында, жылуулукта,
Көлгө түш, күнгө кактан, жаткын кумга.
Унутпа, эсиңе тут, барлык байлык:
Баатырлык, сулуулук да, мына ушунда.
Футбол теп, шахматты бил, чебер жүрүп,
Жеңип чык жигиттерди четке сүрүп,
Жарышкын, секиришкин, диска көтөр,
Антпесең теңтуштарың жүрөр күлүп.
Жарашпайт жабык жүрүү жаш муунга,
Ачык бол, өнөр үйрөн бекер турба.
Ооруну соолор сүйбөйт, оору жаман,
Соолуктун атасы. ким? -физкультура!
7/ХI 1946
Чолпон-Ата

КУЛОЙ, КУЛОЙ, ТОРПОГУМ

alykul osmonov

Кашка музоо кашка уйдан,
Жакшы музоо жакшы уйдан, –
Ургаачы белем жарыктык,
Сүйүнчү, апа, сүйүнчү,
Сузгуга ууз сүт куйсаң!
Сузгудан ууз сүт ичип,
Кулойлоюн моминтип:
Кулой, кулой, торпогум,
Карышкырдан алыс жүр!
Уурулардан оолак жүр!
Буудай уурдап жебей жүр,
Коонумдан албай жүр,
Картөшкөмдү ачпай жүр
Бакчаларга баспай жүр,
Көк мээ көрбөй кетсин,
Айланпаш аттап кетсин,
Кулой, кулой торпогум,
Кулой, кулой торпогум!
Жорго болсун торпогум,
Соргок болсун торпогум,
Кулой, кулой, торпогум,
Кулой, кулой, торпогум!
7/ХI 1946
Чолпон-Ата

ТАЙ КҮЛҮК

alykul osmonov

Борбуй байлап борсоюп,
Торгойдой учуп торсоюп,
Тай-тайдан мурда талпынып,
Каз-каздан өтүп каз туруп
Басат экен, Акентай,
Шашат экен, Акентай.
Бир колуңа май берем,
Бир колуңа эт берем.
Кел, келегой жүтүрүп
Тай күлүк,
Тай күлүк!
Тай күлүк,
Тай күлүк!
Сен жетиге келгенде,
Чайнап таруу жегенде,
Мектебиңе жиберем
Жетелетип эжеңе.
Басат экен, Акентай,
Шашат экен, Акентай,
Бир колуңа кат берем
Бир колуңа .кант берем
Алыс эмес жети жыл,
Кел, келегой жүгүрүп
Тай күлүк,
Тай күлүк!
Тай күлүк,
Тай күлүк!
Сен он бешке чыкканда,
Он беш көйнөк жыртканда,
Иш кадырын билсин деп,
Ишке салам кырманга.
Бир колуңа ат берем,
Бир колуңа дан берем,—
Алыс эмес он беш жыл,
Басат экен, Акентай,
Шашат экен, Акентай,
Кел, келегой, жүгүрүп
Тай күлүк,
Тай күлүк!
Тай күлүк,
Тай күлүк!
Он жетиден ашканда,
Окуп кумар жазганда,
Учкучтукка жаздырам
Ойноп жүргөн асманда.
Бир колуңа ант берем,
Бир колуңа даңк берем,—
Алыс эмес он жети.
Басат экен, Акентай,
Шашат экен, Акентай
Кел, келегой, жүгүрүп
Тай күлүк,
Тай күлүк!
Тай күлүк,
Тай күлүк!
6/ХI 1946
Чолпон-Ата

КАЛПЫЧЫ КАНЫМКҮЛ

alykul osmonov

Канымкүл быйыл жетиде
Жаңы кирген мектепке,
Тили келбейт эрке өскөн
«й» деп сүйлөйт «Р» десе.
Кечээ неге келбедиң?
Бутум ооюп…
Бейшембидечи?
Муйдум ооюп…
Бешиндечи?
Мысыгым ооюп.
Онундачы?
Күчүгүм ооюп.
Үчүндөчү?
Бассым ооюп.
Айткыла балдар Канымкүлгө
Жакшы окусун,
Калп ооруп,
Калп айтканын коюп.
6/ХI 1946
Чолпон-Ата

«2» МЕНЕН ЭМИЛБЕК

alykul osmonov

Эмилбек, Эмилбек,
Эбелектей жеңилбек,
Биздин берген суроого
Жооп берет мындай деп.
Кырк алтынчы жыл кетти,
Кырк жетинчи жыл жетти,
Жарым жылдык белгиңиз,
Кандай экен билели.

«2»иң канча?

жети!

«4» үңчү?

Эки.

«3» үң канча?

«3» үмбү…
Үчүм…
Таң…
Эсимен чыгып кетти,
Айтор
Төртпү… Бешпи…

Тартибиңчи?

Тартибимби…
Тартиптен:
«1» жок,
Эмесе «1» берет элек дешти:
Андыктан,
Андан да «2».

«5» иң канча?

«5» им…
Тиги… тиги…
(Башын тырмап)
«Ж» ны
«Ш» кылып
(Мурдун тартып)
«5» им «Шок» деди.
5/ХI 1946
Чолпон-Ата

НҮРГҮЛ

alykul osmonov

Ысык-Көлдө Койсары,
Койсарыда бир кыз бар.
Көктөгүдөн сулуурак
Нургүл деген жылдыз бар.
Кундуздай кара чачы бар,
Сегизге келген жашы бар.
Жүрөгү бар дикилдек
Мектеп десе ашыгар.
Оңой менен кеч кирбейт,
Оңой менен таң атпайт,
Эки төртүң сегиз деп
Жадыбалды бат жаттайт.
Өз үйү сонун болсо да,
Мектеби андан жакшырак.
Апасы тамак ич десе,
Партасына жашынат.
Арипти түгөл үйрөнүп,
Калем учун колго алып,
Энекем деп жазат да
Күлүп калат кубанып.
1 1 / X I I 1 9 4 5
Койсары

САМОЛЁТ ЫРЫ

alykul osmonov

Самолёт, самолёт,
Кайда шашып барасың?
Чөнтөгүңө сала кет,
Командирдин баласын.
Самолёт, самолёт,
Кайда шашып барасың?
Канатыңа ката кет,
Ударниктин баласын.
Самолёт, самолёт,
Кремлге бара кет!
Кремлде атага
Бизден салам айта кет!
10/XII 1945
Койсары

БАЛДАР МЕНЕН ТУРНАЛАР

alykul osmonov

Эй, эй, каркыра, турна,
Кайдан келе жатасың?

Алтын саамай кыз алып,
Кыштан келе жатамын.

Эй, эй, каркыра, турна,
Эми кайда барасың?

Күмүш көкүл бала алып,
Күнөс жерге барамын.

Эй, эй каркыра, турна,
Күнөс жерде эмнең бар?

Жакшы окуган байкем бар,
Таза жүргөн эжем бар,

Эй, эй, каркыра, турна,
Бизден таза, ак бекен?

Силердей эмес эжекем,
Мектебинен кечиккен.

Эй, эй каркыра, турна,
Кана дагы бирдеме айт.

Коңгуроолор шыңгырайт,
Бизге эрчибей кайра кайт.
10/XII 1945
Койсары

КАРА ЧЫЙЫРЧЫК

alykul osmonov

Кара чыйырчык көрсөңөр,
Урбагыла таш менен.
Жыгачтан уя салгыла,
Ала шалбырт жаз менен.
Кара чыйырчык көрсөңөр,
Атпагыла жаа менен.
Тал башына кооздоп
Үй салгыла кепкенен.
Эгинге зыян келтирген,
Чегиртке менен кармашат.
Жазмыштын өжөр колунан,
Адамдын багын талашат.
Чоңго айланат акыры,
Турмушта майда кырсыктар,
Майданын, майда баатыры,
Биздин кара чыйырчыктар.
10/XII 1945
Койсары

ЖАМГЫР ЫРЫ

alykul osmonov

Жаа, жаа
Жамгырым, жамгырым,
Жумшарт эгин тамырын.
Кара көсөө көз ачпай,
Өлсүн каран калгырың.
Жаа, жаа
Жамгырым, жамгырым,
Кызылчаны кандыргын.
Жаштайынан түйүлтүп,
Жанга кубат алдыргын.
Жаа, Жаа
Жамгырым, жамгырым,
Гүлдөт шактын бардыгын,
Алма, өрүктү бүрдөтүп,
Текши мөмө алдыргын.
Жаа, жаа
Жамгырым, жамгырым,
Жыргат жердин жандыгын.
Карлыгачты чакырып,
Короомо үй салдыргын.
Жаа, жаа
Жамгырым, жамгырым,
Жыргат элдин бардыгын,
Колу тарды март кылып,
Сандыктан нан алдыргын.
Жаа, жаа
Жамгырым, жамгырым,
Семирт малдын арыгын.
Кайын энем катуу баш,
Карын майын жардыргын.
Жаа, жаа
Жамгырым, жамгырым,
Көгөрт тоонун ой, кырын,
Коңшубуздун сүр этин
Казанына салдыргын.
Жаа, жаа
Жамгырым, жамгырым,
Күтпө күндүн сабырын,
Эки бетин ийлеп өт,
Ысык деген бабырдын.
Чегирткени чертип өт,
Ташбаканы таптап өт,
Ударникти мактап өт,
Жалкоолорду каптап өт.
5/XII 1945
Койсары

ЧЫМЫН-ЧИРКЕЙ ЫРЛАРЫ

alykul osmonov
  1. Ч ы м ы н
    Чымын, чымын чымылдак,
    Чыга калат дыңылдап.
    Жумуш кылып жаткансып,
    Мурдунан ырдап кыңылдап.
    Абийри жок балитбай,
    Аш-тамакты бүт булгап.
    Балдар муну жолотпо,
    Үйүңөн айда, ыраактат.
  2. Ч и р к е й
    Чиркей, чиркей чекчегей,
    Аштык жыйнап экчебей,
    Күзгү мезгил болгондо,
    Эрте дебей, кеч дебей.
    Шишитип кетет этиңди
    Көйнөгүңдү чеч дебей.
    Безгек деген заары бар,
    Балдар,
    Муну койбогула эстебей.
    3 . И й н е л и к
    Ийнелик, ийнелик,
    Иш кылуудан ийменип.
    Кыш болгондо карды ачып,.
    Жатып калат иймейип.
    Сен жалкоосуң, ийнелик,
    Сени менен дос болбойм,
    Тамагыңды ичпедик,
    Көйнөгүңдү кийбедик.
    К у м у р с к а
    Кумурска, кумурска,
    Кыйын экен жумушка.
    Талыкпаган мээнеткеч,
    Татынакай турмушта.
    Ачууңду кой аке,
    Жер талашып урушпа.
    А а р ы
    Аары, аары арбагай,
    Аягы бар тарбагай.
    Адашып кетип кокустан
    Аары айлына барба ай.
    Чачып алса ачуусу-ай,
    Ак балынын таттуусу-ан.
    К ө г ө н
    Көгөөн, көгөөн дөөпөрөс,
    Маңдайында жалгыз көз,
    Сайгак менен санаалаш,
    Тийген жери кызыл көш.
    Мындан өжөр неме жок,
    Себеп болбос айткан сөз.
    Ж а а ч ы .
    Жаачы баатыр түк коркпос,
    Көк айбанга саал окшош,
    Боорукерлүү жайы бар
    Карлыгачка жан жолдош.
    Жылаанды көрсө көзгө уруп,
    Бир ордунан козголтпос,
    Бала кезде жаа менен
    Далай күнү болгом дос.
  3. Ч е г и р т к е :
    Чегиртке, чегиртке,
    Секирип кетет эликче, ‘
    Ырдай берет чырылдап,
    Карды тоюп эриксе.
    Эмгекке алган даны жок,
    Бир малы жок кериште.
    Мындан өткөн жалкоо жок,
    Мындан өткөн аңкоо жок.
    17/II 1945
    Койсары

КОЛЯ

alykul osmonov

Эл эс алчу, жай менен күз айында,
Койсары аттуу, бир жайда, көл боюнда,
Ат баккычтын сүйүктүү тун баласы,
Жандай көргөн досум бар аты Коля.
Күлөм, жыргайм эң ширин тилдерине,
Кыялынын бардыгы али эсимде,
Жашы канча, көп эмес, «а» ны тааныйт,
Эмки жылкы биринчи сентябрде.
Узун кайыш камчыны колуна алып,
Ат сарайдын артына далдаланып,
Кош ат чеккен арабага ыргып түшөт,
Атасынын жогунан пайдаланып.
Айдап кетет жигиттей жумшак буруп,
Кадимкидей акетай сабап-уруп.
Бир каткырат кумары жазылгандай,
Айраң азыр таң калам карап туруп.
Коля досум ким болот, турмуш сынаар,
Танкист болор, а, балким, учкуч чыгар,
Бирок анын, ата ишин сүйгөндүгү,
Ар эмгектин өзүнчө жыргалы бар.
6/II 1945
Койсары

ЖАШ ЖЕТКИНЧИКТЕР

alykul osmonov

Кайрылып арт жагыңды караганча,
Канча деп жыл эсебин санаганча,
Жарк этет көз алдыңда жаңы өспүрүм
Окшогон тунук мөмө, бышкан алча.
Алардын баары тааныш, баары жакын,
Бирок да бардыгынын билбейм атын;
Сылагам акындыктын колу менен
Ката элек алтын саңоо ак канатын.
Кээ бирин колума алып көтөргөмүн,
Көтөрсөм көтөрүлгөн көктөп көңүлүм,
Келишкен кең далылуу улан болгон
Кечеги кетик тиштүү жаш бөбөгүм.
Көз сараң, көкүрөк арсыз, үмүт терең,
Өткөн жаш, өчкөн күнүн билдирбеген;
Тил алса, эгер өмүр кастык кылбай
Көп күндү кайра жашап келер элем.
Кой болбос, карттык деген жакшы каада,
Жетүүгө картчылыктын заманына
Сак дене, сансыз ырыс, бакыт керек,
Тилегим: жүзгө жетип карыгыла.
Кел, иним, кел, бөбөгүм, жолуң ачык,
Замандын кызматына биздей машык.
Өлкөнү өз көркүнө келтирели
Сынган таш, кирпичтерин кайра ташып.
9/II 1945
Койсары

БАТ АЙТМА

alykul osmonov

( Жаңылтмач )
Көпкөк
Көгүчкөн,
Көгүлтүр
Көрккө
Көмүлгөн.
Көрдүңбү
Көйкөлүп
Көрүнгөн,
Көк түстүү
Көлдү өөп
Көлбүргөн.
Көпкөп
Көпөлөк,
Көп болуп
Көкөлөп,
Көргүн деп,
Көксөтүп
Көңүлдү
Көтөрөт.
Көңүлдү
Көтөрүп,
Көк, кызыл
Көйнөгүн
Көп кызга
Көрсөтөт.
Аппак
Ак ыргай,
Ак ыргай
Агын ай.
Алсам дейм,
Акыйтат,
Аска таш,
Алдырбай.
Аска таш
Акыйтат,
Атаны
Арман ай.
Азабы
Аз эмес,
Ар иштин
Ар кандай.
Бек тоо,
Бекем тоо,
Бер жагы
Бермет зоо,
Бермет зоо
Берметин
Берери
Бекер го.
Белгисиз
Бир бейбаш,
Бей жайлуу
Бек зоого,
Бермет деп,
Бекерге
Бек атты
Берген го.
Балдар,
Баарыңар,
Бул ырды
Башынан,
Байкап,
Барыңар,
«Б» ны
Бат «б» лап,
Бат окуп
Багыңар.
Бабыр,
Бабырар,
«Ба-ба» лап
Балдырар,
«Бай-бай»
«Бай, байлап»
Баш чайкар,
Бабырлар.
3/II 1945
Койсары

ТҮЛКҮ МЕНЕН КАЗДАР

alykul osmonov

Т ү л к ү :
Каа, каа калың каз,
Кача албайсың, алың аз.
К а з д а р :
Ой, ой, куу түлкү,
Куулук кылбай оозуң бас.
Т ү л к ү :
Каа, каа калың каз,
Кармап жеймин кардым ач.
К а з д а р :
Ай, ай ач түлкү
Андай дебе балам жаш.
Т ү л к ү:
Май, май, майпаңдап,
Майпаңдабай бери бас!
К а з д а р :
Кой, кой шум түлкү,
Кичүү балам жылаңбаш.
Т ү л к ү :
Бой, бой бойтоңдоп,
Бойтоңдошуң эң ырас.
К а з д а р :
Эй, эй куу түлкү,
Эки балам жылаңбаш.
Т ү л к ү :
Укпаймын сөзүңдү,
Кармап жеймин, кана кач!
(каздар качышат, түлкү кубалайт, аңгыча күчүк чыга калат).
Ау, ау, ач түлкү,
Казды күчүк алдырбас.
Т ү л к ү :
Борс, борс борсулдак,
Кайдан чыктың корсулдап?
К ү ч ү к :
Шып, шып шыпылдак,
Шыпылдаган куу чунак.
Т ү л к ү :
Мага үрүүгө
Сенин башың жаш.
К ү ч ү к :
Ау, ау ач түлкү,
Баатыр болсоң кел кармаш.
(түлкү качат, күчүк кубалайт).
К а з д а р :
Ка, ка, ка, ка,
Нээти жаман ач түлкү,
Бизди жебей жегин таш,
Ка, ка, ка, ка,
Бизди жебей жегин таш.
(Түлкү качып кетет, күчүк каздарды кайтарып калат).
3/II 1945
Койсары

КҮЛЖАМАЛ

alykul osmonov

Биздин жолдон өткөндөр,
Бизге келе кеткиле!
Үйдөгү ойнок Гүлжамал
Быйыл туура жетиде.
Биздин үйгө келгендер
Баары бирден көтөрөт.
Гүлжамалды кучактап
Баары сүйөт, баары өбөт.
Неге десең энеси:
Ак ишинен даңк алган.
Кадыр кылып урматтап,
Өкмөт сүйгөн жакшы адам.
Бизге дагы ушул салт
Парс экен го ойлосок.
Өкмөт сүйгөн сүйүүдөн
Ашып түшкөн сүйүү жок.
9 / V I I I 1949
Чолпон-Ата

КОЛХОЗЧУГА

alykul osmonov

Суу башында колхозчу эл,
Суусун ичкен тазарсын,
Жүзү жарык, дени сак
Колхозчулар жашасын.
Тоо алдында калың бак,
Бакка барган тазарсын.
Пейли кенен, колу март
Колхозчулар жашасын.
Бак ичинде ак кыштак,
Кыштак көргөн жашарсын.
Жаным, боорум, алтыным,
Колхозчулар жашасын.
Жай толугу, күн ысык
Алмага бур суу башын!
Алма терип, жүзүм жеп
Колхозчулар жашасын.
Саратан ай күнү ысык,
Коонго бур суу башын.
Коон жеген калк гүлдөп
Колхозчулар жашасын.
Келди күздүн алтын күн
Орсун буудай, арпасын.
Айланайын колхозчу эл
Миң мертебе жашасын.
8 / V I I I 1949
Чолпон-Ата

ПУШКИНГЕ

alykul osmonov

Куюн өңдүү боз айланткан алыстан
Мен жыңайлак бактым менен жарышкам
Он үчүмдө ыр көлүнөн суу ичип,
Он бешимде сени менен таанышкам.
Кыялы терс бир кез эле ал күнүм,
Анда күчтүү өзүмчүл курч бүтүмүм.
Ар бир кыйын, ар бир улуу акындан
Көңүлүм калып муздаганды сүйчүмүн.
Ошол өңдүү кез келишип өзүңө,
Күч жетпеске үстөм кылган күнүмдө.
Мен өзүңдү чөктүрүүнү ойлогом
Жарым кашык дарыямдын түбүнө.
Бирок, чөкпөй, сен күчүмдү кенебей,
Кантсең дагы калкып чыгам дегендей,
Ошондо эле ызат кылып баш ийгем
Бүт өмүрүмө зор жаралган немедей.
Ошондуктан акындыктын жолу улуу
Илимдүүлөр баарЫ өзүңдөн окуду,
Неге десең акын түзөт эмеспи:
Университет,
Академия, доктурду.
30/ V I I 1949
Чолпон-Ата

МОСКВА

alykul osmonov

Тунук үмүт, кетпей ууз көңүлдөн,
Санааркатып мени аздырып өңүмдөн.
Москва шаары суу башына конгондой
Мен эч качан жетпес жердей көрүнгөн,
Өттү күндөр, заман озду зуулады,
Келди күндүн жамгырлуу жаз убагы.
Сагындырды бактылуу жаш күнүмдү
О ал жактын чыгышка аккан суулары!
Көз ачкандан түк көрө элек жер кандай..
Баарын каалап, баарын сүйөт тандабай
Оңумдабы, солумдабы Москва деп
Бир күн, бир түн карап баргам уктабай.
Көптү билип, көптү үйрөнүп, көп жүрүп,
Оройлукту сылыктыкка көндүрүп,
Москва мага биринчи азиз сүйүүдөй
Улам сулуу, улам жакшы көрүнүп.
Өңдө шаттык, көкүрөктө жаңы ой,
Акыл кеңип, асылданып бүткөн бой,
Жакшы колдон түлөк алган куш өңдүү
Кайра кайткам мурункума окшобой.
Кара мүртөс анткор болсом мен мурун,
Эми адилдик, көңүлү аппактын досумун.
Кеңдик, марттык адөөлөттүк сыпатты,
Ошол жактан ала келген болчумун.
Мендеги жок жана ушундай далайды
Ал бергенин айтпаганым жарайбы…
Ким бир ирет Москва шаарын көрбөсө,
Мен өзүмдөн жапыс санайм андайды.
Унутулгус бир элес бар эстеткен…
Түн Москваны таңкы уйкуга терметкен…
Л1авзолейде алмашылган часовой
Тең кадамдуу бут дабышы жарк эткен…
Жарык болуп баткан күндөн өзгөсү,
Сокур болуп карай албайт түн көзү,
Ошондуктан Москванын түнкү аты:
Жылдыз шаары,
Жылдызстан өлкөсү.
28/ V I I 1949
Чолпон-Ата

КОШТОШУУ

alykul osmonov

Чымыр өсүп, кубат алып заводдон,
Көркү чыгып, өңү өзгөрүп оңолгон,
Кетти Асанкул, эл коргоонун милдети
Жигиттиктин ак милдети болгон соң.
Эне күтөт: келет го деп жөнөр күн,
Андан жакшы завод ээлеп жүрөгүн.
Үч кайрылып кайрыла албай деп анан:
Кош садага, кош жанымдай сүйгөнүм.
Заманды ээлеп жыл жаңырткан муундар,
Калкты эңсеткен тынчтык ээси ушулар,
Бир ок болсо – эгер адам ажалы,
Эки окко да былк этпөөчүү тукумдар.
25/VII 1949
Чолпон-Ата

ЖЕҢИШКАНДЫН АТАСЫ

alykul osmonov

Ырыс берип ырааттуу иштин аркасы,
Таш майдалап астында аттын такасы,
Айсыз түндө үзөнгүсү жаркылдап,
Тизгин каккан Жеңишкандын атасы.
Атак берип кылган иштин тазасы,
От чыгарып, минген аттын такасы.
Караңгыда ооздугу шалдырлап,
Аттан түшкөн Жеңишкандын атасы.
Үй ичинде алсыз күйүп май чырак,
Сөз сүйлөнбөй үнсүз болуп бир убак…
Баатыр деген наамды алды дегенде,
Маңдайынан жылдыз учуп жылтылдап.
Нур төгүлүп, жарык басып үй ичин,
Мындагылар кана карап бир-бирин.
Чокою да алтын болуп көрүнүп
Жакшы көрүп өкмөт сүйгөн кишинин.
Текке келбей ушул урмат, атактар
Өз ишинде эрдик кылган бир катар.
Момун койлор адал жолун кең кылып,
Багын ачып тил билбеген улактар.
Баатыр ойлуу, сыймык көлбөп, сый толкуп
Даражасын боо жетпес зоо окшотуп.
Жүрөк жарар көкүрөктө ташкынын
Балдай ширин бала жыты токтотуп.
Колхоз күчтүү, данга толук, малга бай
Үйлөрү аппак сүт булактын шаарындай,
Жеңишкандын атасындай бир баатыр —
Керек болчу көзгө сүртөр дарыдай.
25/VII 1949
Чолпон-Ата

ЭРИККЕНДЕ

alykul osmonov

Эриккендин ыр эрмеги, ал ырас,
Ыр кубаты: чыккан күлкү, чыккан жаш.
Ыр күүлөрү канчалык көп ботсо да,
Мен ырдоочу эсте калган күүлөр аз.
Жакшы күнүн жакшы ыр менен белгилеп
Кантсин көңүл, эстейт аны эригет…
Бир сүйлөмү бир гана ырдын бир күүсү –
Бир доорду түгөл эске келтирет.
19/VII 1949
Чолпон-Ата

ТҮҢКҮ КЕҢЕШ

alykul osmonov

Бүгүн ээн, бакчачы жок коруучу,
Кары үйүндө меймандар бар конуучу!
Музоо кирген четки арыктын боюнда
Сары коон бышып калган болучу:
Асман таза, бүгүнкү түн ай жарык,
Жүргүлө балдар, Карынын коонун
уурдайлык!
Кары үйүндө жолоочу бар конуучу,
Чолосу жок, анан кантип коруучу?.. ,
Бөдөнө учкан беде аңыздын четинде,
Кара дарбыз бышкан өңдүү болучу.
Көк да тунук, бүгүнкү түн ай жарык,
Жүргүлө балдар, дарбызынан уурдайлык!
Жетер кезде торгой болуп чулдурлап,
Чымчык болуп көккө чыга качалык!
Асман тунук, бүгүнкү түн ай жарык,
Жүргүлө балдар, жүзүмүнөн уурдайлык!
Ушул кезде берки туштан ит үрөт,
Чалгын салып Айша апа сак жүрөт.
Сезе коюп, чөп алачык ичинен
Ай,-ай, ким! деп
Кары калптан жөткүрөт.
Элең этет, турган балдар кол курап,
Миң кайрылып келер беле бул убак?..
Дарбыздардын караласы кашканып,
Коондордун жыты чыгып буркурап.
Кантет анан, жүрөк дегдеп ич күйөт

Ай, ай ким! деп
Кары калптан жөткүрөт.
19/VII 1949
Чолпон-Ата

ЖЫЛДЫЗ КАЛАА

alykul osmonov

Мен айлымды көп сагынам, көп барам,
Таттуу аккан сууларына эс алам.
Койлор чуулап, уйлар кайтар мезгилде
Кырдан туруп кең калаама көз салам.
Жашыл түзү көз учуна илинбей,
Бой талашкан бактар гана бириндей,
Чаңда чыкпай жапыс тартып дүнүйө
Ээси жоктой жүргөн дабыш билинбей.
Алсыз тартып көрк жоголуп, түр жүдөп –
Бир аз жатып жылт дей түшүп түн күлөт,
Ээсиз тынчтык жылдыз тагып боюна,
Көккө карай агым алат күлдүрлөп.
Ушул ойду, ушул кырды билгендер
Өзү көргөн кереметке баа берер.
Жылт-жылт этип күн өмүрүн гүлдөткөн
Жылдыз калаа биздин шаар, биздин жер.
18/ VII 1949
Чолпон-Ата

ОРУС ЭЛИ

alykul osmonov

Кетти бир кез, алтын элге болгон жат,
Орус десе кире качкан жапан чак!
Бул эл бизге бир боор болду жанга ысык
Акылы көп адалдыгы сүттөн ак.
Биздин өмүр жер кырына токтолуп –
Ар-жагына чур дей түшөр окшодук,
Нечен кылым агып келип азайып,
Дайра суудай кургар кезде жок болуп:
Колдон алып, колдоп калды ушул эл
Деди бизге гүлдөп, жайнап жашай бер!
Мекен болду өлөр элдин өзүнө,
Бала өстүрүп, баба көмгөн ээсиз жер.
Ачыктыгы түнт кыялдан тазартты,
Калыстыгы ырыскы ачып жашартты.
Кытмыр, сараң, арамзасыз салттары
Кыргыз элин кайра жасап жашартты.
Үйрөнгөнгө зергек экен биздин калк,
Жарык жолго жетип келдик жакындап.
Бизди үйрөткөн улуу журтка түз карап,
Кремлде сөз сүйлөдүк шакылдап.
Жалтак элек өткүр кылды кеңдиги
Чоркок элек эстүү кылды теңдиги.
Ишмер кылып каныктырды илимге
Нээти таза, улуу калыс элдиги.
Мен бир акын талабы курч, эрки артык,
Күрдөлүмө күрпүлдөгөн көл чалкып,
Өз элимдин көрбөгөнүн көрөт деп,
Орус элин таянч кылган жан тартып.
7/VII 1949
Чолпон-Ата

БАЛАЛЫК

alykul osmonov

Жарык көрүп көз ачканы ойгонуп,
Биз турмуштун таш жолдорун бойлодук.
Чарчоо тартып, аз эс ала калганда:
Сагынычтуу жылуу сезим ойгонуп.
Эрке желдей беттен сылап желп эткен .
Ал кез калып, токтоо, толук жаш жеткен,
Эстүү болуп бүгүнкүдөн эртеңи,
Кечекиге уялышкан кез кеткен.
Тарчылыкка-мартчылыкка көнүгүп,
Жокчулукта – ашып, ташып өнүгүп,
Жапыс болуп кечээ көргөн бийиктер,
Ыраактыктын баары жакын көрүнүп.
16/VII 1949
Чолпон-Ата

ЖАМГЫР ЖААДЫ

alykul osmonov

Жамгыр жаап
жакшыртканы дүйнөнү,
Жаш жашарды биздин жапыс үйдөгү.
Биринчи ирет Бекен козу кайтарып,
Тармал козу биринчи отту1
үйрөндү.
Көзү да окшош, кашы да эне каштанып,
Тилге көнбөс тентектикке баштанып.
Так секирип ойноп турган улактын
Жашоо күнү эми гана башталып.
Жамгыр жаады, жааганына ыракмат.
Чөп өнгөндөй дүр дей түштү ыракат.
Бекен жайган козу улактын үйүнүн –
Эшигинде күткөн кызык күн жатат.
Жаасын жамгыр, колхоз даны көгөрсүн
Эл кубансын береке аксын, көлдөсүн.
Жакшы ыр менен жакшы күндөр туулуп,
Багы ачылып жаш балдардын көңүлү өссүн!
14/VII 1949
Чолпон-Ата

РАЙКОМДУН СЕКРЕТАРЫ

alykul osmonov

Алалык жок кең оюнда кенедей,
Калк да өзүндөй адал өссүн дегендей.
Айлыбызга райком келди деген сөз:
Жер көктөтөр бир касиет немедей.
Дайым сергек, дайым таза, жаш болуп,
Жыргатсам деп көптүн камын ойлонуп.
Секретарь келип кетти деген сөз:
Бир жарк этип тийип өткөн күн болуп.
Тарчылыкта жол тапканга баттыгы,
Жокчулукка ырыс төгөр марттыгы,
Колхозчу элде жемиш болуп мөмөлөп
Тууралыгы-калыстыгы, актыгы.
Жалтак, бошоң, жашыктыкка көнбөгөн,
Мокоп, чарчап, кемип, өчүп сөнбөгөн:
Анын сынбас, солбой турган себеби:
Кремлдин жамгырында көгөргөн.
Баары азамат, баары ак көңүл, баары кең
Мүнөзү окшоп, акыл оошкон Ильичтен,
Тууралыктын тузун татып колунан
Бул замандын “булагынан суу ичкен.
Ошондуктан иши таза, жолу улуу,
Урмат күтүп кадырлайбыз биз муну.
Өмүр болуп өтүп жатат колхоздо
Ар күнүнүн тоодой болуп чоңдугу.
13/VII 1949
Чолпон-Ата

***

alykul osmonov

Кыйратам деп мейли кыян сел акса,
Өчүрөм деп караңгы түн басса да,
Бир кыядан – ар жагынан алардын
Чыга келет ыракат күн бир паста.
Өмүр жолу кээде бийик, кээде тар,
Тардыгы эмне күч болгон соң кармашар.
Көңүлдү эзип, жан кейиткен кайгынын –
Ар жагында түгөнбөгөн шаттык бар.
Кең сапарда учкан мезгил зуулдап,
Кандуу агын тосмолорго урунат,
Жетишпестик, кемчиликтин ичинен –
Намысы күч ырыс деген туулат.
Мен турмуштан көптү үйрөндүм көп көрүп,
Бек чыдамкай жигит болдум өзгөрүп…
Адам күнү – өлүм менен бүтүүнүн
Адатымда чындыгы жок өңдөнүп.
12/VII 1949
Чолпон-Ата

КОЛХОЗДОГУ ТҮН

alykul osmonov

Колхоздо күз жылда келчү бир майрам,
Буудай оргон, кырман баскан кең сайран.
Бул бир алтын эстен кеткис мезгилдер,
Күлай сулуу түндө комбай1
айдаган.
Мында достук, ызааттуулук, курбулук,
Пейли тоюп, токчулуктун жыты уруп.
Бир гектардан бир жүз сексен пуд деген,
Март колдордон жаңы сөздөр туулуп.
Дан түшүмүн былтыркыдан мол алып,
Кеңип, көктөп, улам эски жол калып,
Жүз сексен пуд деген жаңы сөз менен:
Мен колхоздо дагы бир жыл жашарып.
Түндөр жакшы… түндөр жакшы колхоздо,
Дагы эртеңки кемчиликти оңдоого.
Ай жарыгы тийбес эле мынчалык,
Комбайнчы Күлай сулуу болбосо.
11 /VII 1949
Чолпон-Ата

КЕТМЕНИМ

alykul osmonov

Көктөсүн деп мээнет менен эккеним,
Тер агызып терең айдап сепкеним.
Тегиз бөлүп колхоз данын сугарган,
Тең эмгектен теңтушумсуң, кетменим.
Кимдер билбейт кубанычым экенин
Чымга тийип сенин бир жарк эткениң!
Күн ысыкта бирге кулак байлашкан,
Тең кубатташ курдашымсың, кетменим.
Билбейм сени ким кетилтип кеткенин,
Тегиз чыңдап кемтигиңди эптедим.
Ташын бузуп, жаңы арыкты казышкан
Ак тилектеш артыгымсың, кетменим.
Түзөп, оңдоп кыңырт жердин беттерин,
Сенсиң менин жанга тирек эткеним.
Бизге тийген таттуу бакыт ичинде:
Сени менен мен экөөмүн, кетменим.
11 /VII 1949
Чолпон-Ата

СҮЙҮНҮҮ

alykul osmonov

Сүйүнүүдө мээнет даамын билбесе,
Сүйүнүүнүн касиети бир эсе.
Таттуулугу биздикинен башкача,
Колхозчуда сүйүнүү бар бир нече.
Жайда көрктүү ой-талаалар жашыл-көк,
Жал-жал болуп жакшы бригад үйгөн чөп.
Колхозчу аба: ак өзөндүн буудайы,
Эми он күндө орулат деп сүйүнөт.
Бул сүйүнүү үмүт берген дилине,
Өмүрдөгү ырыскынын миңине ээ.
Бышыкчылык бизге сүйүнч жеткирет,
Окшобогон ар жылда бир бирине.
10/VII 1949
Чолпон-Ата

***

alykul osmonov

Көңүлүм сергек улам көктөн тургандай,
Жылдагыдай колхоздомун ушул жай.
Бир башкача кооз кылды түнүмдү,
Көл бетине нурун төккөн толгон ай.
Кайда кетти кечээ баштан өткөндөр?..
Бүгүнкүмдү бир кайрылып карап көр…
Бүтпөчүдөй кымбат баа сезими,
Неге сулуу, неге мынча жароокер?
Көз ирмебей, таң атканча уктабай,
Ырдап, күлүп, кубанайын бир далай,
Күлүп туруп эми гана ыйлаган –
Теңтушуна кыт-кыт күлгөн баладай.
10/VII 1949
Чолпон-Ата

***

alykul osmonov

Айлык сапар кетсең дагы агылып,
Жүз көрүшөр ырыстуу күн табылып,
Жыл айланбай кайра келем кайрылып,
Ысык-Көлдү жан боорумдай сагынып.
Бир аз жүрүп, көңүл тынчып дегдеген,
Пейли кенен кенч эмеспи эл деген…
Чаң ызгытып кайра жөнөө эң кызык,
Акылдуулар жаралуучу жер менен.
10/VII 1949
Чолпон-Ата

***

alykul osmonov

Кээде жымжырт сүзүлүңкү тартканың,
Кээде сүрдүү, күчтүү толкуп жатканың.
Баары сонун, сенсиң менин канатым,
Сенсиң бакыт, күч-кайратым, кубатым.
Сүйөм сени өмүр күнүн сүйүнтүп,
Санар-кабай нечен сансыз жыл күтүп,
Бала сүйүү, эне сүйүү, жар сүйүү
Сени чындап сүйгөнүмө бир күндүк.
10/VII 1949
Чолпон-Ата

СУГАТ МААЛЫ

alykul osmonov

Жамгыр жаабай көктө булут айланып,
Күндүз бүркөө, түндө кайра ай жарык,
Ушул маалда мурап Кармыш каардуу,
Канжыгага кашкар кетмен байланып.
Түн уйкусуз өйдө чабат сороктоп
Жети кулак суум бар деп көңүлү ток.
Байламтанын баш жагынан караса:
Жаңы уурдалган эки кулак суусу жок.
Кайдан тапсын, кантип билсин ууру изин,
Ударниктин ууру десин кимисин…
Сүттөй таза, көңлү жарык, боорукер
Он беш жашар кыз уурусун ким билсин?
Аксын аба, сууну жөн кой бир сагат,
Жаратылыш жаш өмүрдөн күч алат,
Ууз .колдуу кыз жытына мас болуп
Ак буудайлар термелиңки тынч жатат.
7/VII 1949
Чолпон-Ата

ВАСИЛИЙДИН САРЫ ТОРУ АТ

alykul osmonov

Кээде көмүр, кээде чоюн таш тартат,
Жаралгандан оор кызмат аткарат.
Элпек, жоош ырайымы жанга ысык,
Васенька аттуу Василийдин сары тору ат.
Оор жүктүн оордугун кенебей,
Чымырканат намыстанган немедей.
Мээнетинин тазалыгын көргөндө,
Четтеги адам: жарыктык ай дегендей.
Мындай адат ак жашоонун татыгы,
Мына жигит, азаматтын артыгы,
Сар тору аттын кыялынан белгилүү:
Ат ээсинин ниетинин актыгы.
7/VII 1949
Чолпон-Ата

ЖАРАЛДЫМ

alykul osmonov

Жаралдым сыйлаш үчүн тууган жерди,
Бир баштан өткөрмөккө нечендерди.
Жаштыгым бул сапарда тең келе албай,
Кайдадыр тоо артында кала берди.
Өмүрдө күндөр өттү не бир сонун,
Жакшы өстүм таап алып жолдун оңун.
Бир гана жарык үмүт күнүмө эмес,
Ыракмат, ымдуу кара борошонум.
Кече эле эл ичинде биз жаңы элек,
Бизге да ракмат айтып кетмек керек.
Шонтсем да, ошол “тоолор арасында,
Жаштыгым аман-эсен жүрө берет.
6/VII 1949
Чолпон-Ата

АРЫК СУУСУ

alykul osmonov

Дайым акпайт арык суусу,
Көп сагынтып бир агат.
Акканы үчүн жаш алмага,
Миң аккандай мактанат.
Дайым акпайт кичине суу.
Кээде гана бир агат.
Жаш арыкта акканы үчүн
Миң жашарып мактанат.
Бул аккан суу жээги жакшы,
Жайдын күнү эс алса.
Кейиш бүтүп, келе калат
Таттуу ыракат бир паста.
Кенен жайып ырыскысын
Жаш баладай булдурайт,
Кичине суу күчтүүсүн көр,
Сүйлөгөн сөзү угулбайт.
Жүзүм, алма, бакчаларга,
Өмүр берип дандарга.
Райымдуу суу тунук агат,
Райымдуу күн алдында.
6/VII 1949
Чолпон-Ата

САГЫНУУ

alykul osmonov

Кадыр сыйлап калк тапшырган иш улуу
Эл ишинде жаштык өссүн жалындуу…
Кай жактадыр кен каскандын тоосунда,
Кандай жакшы сүйгөн шаарын сагынуу.
Анда калып ойноп-күлгөн достору,
Балалыктын эң бир ысык, бир доору,
Жарыгы жок айы эскирген түндөрдө,
Тоодо жанган көмүрчүнүн оттору…
Сагынычтуу шаарын көрсө алтын баш
Жашарганга тең болору ыпырас!
Кандай кымбат, кандай таттуу курдаштар
Ошондогу бир тамчы жаш… тамчы жаш.
4/VII 1949
Чолпон-Ата

КЕЛИП КЕТКЕН МЕЙМАНГА

alykul osmonov

Л. П. га
Үйүбүздө ширин уктап, тынч жатып
Өзүң сүйгөн күндө эртеңки таң атып,
Жашыл калаа, алма жыттуу көчөмдө
Мейман болуп баскан изиң бир бакыт.
Жарык көңүл, адамдыгың бал татып,
Үйүбүздө бир күлгөнүң – бир бакыт.
Узак турбай кайра кеткен элесиң:
Санааркатып, көөнүмдү сыздатып.
Бул жерлерден ким өтпөгөн бир конбой
Курбулук кез мезгил тура ошондой.
Ырыскыны канча алсак да билинбей,
Жарык дүйнө бир жеринен коробой.
Бүгүн келдим, эртең кетем делинбей,
Жашайт тура достук кездей эринбей.
Бул дүйнөдөн канча бакыт алсак да,
Сынган бир тал бутагынан кемибей.
Биз алыстап баскан сайын бир кадам,
Нечен жарык жылдар учкан арадан.
Биз билинбей, азайганды билгизбей
Артыбызда көктөп турган жаңыдан.
Элдер асыл, жерлер жакшы сен кеткен
Эстүү, сонун жаңы өспүрүм келсе экен!
Коммунизм түнүндө учкан жылдыздар
Кечекинин жылдызыбыз десе экен.
4/VII 1949
Чолпон-Ата

ЖОГОЛГОН ДЕПТЕР

alykul osmonov

Мен казынамды –
Ачык колдо кармагам,
Аз-көптүгүн капарыма албагам,
Ич күйгүзгөн: таза мүчө, көрктүү кез:
Кырк бөлүнүп кайда сынып калбаган!..
Мен энчимди эркин колдо кармагам,
Сараң тартып, сан-эсебин албагам,
Көзгө толуп күйүп турган соолук кез:
Миң быркырап кайда сынып калбаган?
Бирок ошол, сынгандардын ичинен
Жокко кетип, жоголгондун изинен,
Кайра тийди эски чөнтөк дептерим
Табылгандай: жаштык кезим, кичинем.
Ачып көрсөм: жазуулар көп четинде,
Бүгүнкүдөй баскан издер эсимде,
Бул күндөгү: кары жүздүү Нуржамал
Шол күнүндөй таза турат бетинде.
Окуп көрсөм: не жазуу жок четинде,
Ал балалык бүгүнкүдөй эсимде,
Алда качан каза тарткан Айжамал
Шол күнүндөй аман турат бетинде.
Ой нелер жок, өчөр-өчпөс изинде…
Өкүнүч күн көп экен го кишиде
Кээ бир оору, кээ бир алсыз курдаштар,
Шол күнүндөй сопсоо турат ичинде.
Кетсе кетсин, кереги эмне ал кездин?
Достор эми күчтүү күндө кездешсин.
Канда калды, бирок ошол дептерден
Өлүп кайра тирилгендей бир сезим.
7/ХI 1948
Чолпон-Ата

ПАРОВОЗ

alykul osmonov

Таза кийген аппактан,
Ташкен менен абам дос.
Ташкенимди сагындым,
Таякеме таарындым.
Алып кет мени
Паравоз, паравоз!
Табагынан май тамган,
Баку менен байкем дос.
Баку шаарын сагындым.
Эжекеме таарындым,
Алып кет мени –
Паравоз, паравоз!
Билегинен күч тамган,
Маскөө менен балам дос,
Ой Маскөнү сагындым
Санаасындай жанымдын,
Менин балам таарынчак,
Таарынчакты таштап кет,
Паровоз, паровоз!
7/ХI 1948
Чолпон-Ата

ТУРСУН САКЧЫ

alykul osmonov

Турсун апа, бай колхоздун сакчысы,
Сан байлыктын ушунда алтын ачкычы:
Кампа ичинде чычкан изи шырп этсе,
Бул уурунун колу,
Бул чычкандын жолу,
Ой бул шырп эткизген ким болду?
Деп, кыраакы айла тапчысы.
Турсун сакчы, колхозчу элдин сакчысы,
Калктын данын өз данындай бакчусу.
Түн жармында күбүр, шыбыр үн чыкса
Я койдогу бала,
Я уйдагы бала,
Я жылкыдагы уул
Деп, мында да амал тапчусу!
Турсун сакчы, бай колхоздун сакчысы,
Он сегиз жыл колунда алтын ачкычы.
Миң центнердин бир кадагы кемисе:
Ууруну көзүнөн таанып,
Алганды жүзүнөн таанып,
(Өзү соттоп, өзү каарып)
Жаздым кылбай тапчусу.
Ошондуктан Турсун апа дайым шат,
Адал ишин колхозчулар жакташат.
Урмат кылып төргө өткөзүп ар бир үй,
Өзүн эмес уулун кошо макташат.
Турсун апа коюу чайдан кана ичип:
Жыргал табат ак эмгекте миң жашап.
6/ХI 1948
Чолпон-Ата

МАРЖАНКҮЛ

alykul osmonov

Таңкы урулган гудок менен тең турган,
Завод менен багы ачылып кулпурган.
Биздин эмки өспүрүмдүн көркөмү
Ай Маржанкүл,
Ай Нуржанкүл
Бир тууган.
Ак эмгектин ызатына кол жууган
Жумушчудан багы ачылып кулпурган.
Биздин эмки сулуулардын тунугу,
Ай Маржанкүл,
Ай Нуржанкүл
Бир тууган.
Ударниктин даңкы менен кол жууган,
Кайнаган от, курч ичинде кулпурган.
Биздин эмки тукумдардын асылы,
Ай Маржанкүл,
Ай Нуржанкүл
Бир тууган.
5/ХI 1948
Чолпон-Ата

КАРАБЕК

alykul osmonov

Бул Карабек кыргызымдын эң туну,
Мыкты иштейт деп кадырлуу угам мен муну,
Заводумдун ууз сүтүн кана ичкен,
Заводумдун дулдул канат кулуну.
Баатыр болот, балбан чоюн агасы,
Жигит темир, баатыр балка бабасы.
Биздин үйдө туулганы болбосо,
Ал акылдуу Станоктун баласы.
Бул: заводдун жаны күйгөн жарыгы,
Бул: заводдун жаңы түшкөн жалыны.
Зор денеге кубаттуу жаш кан берип
Жүрөгүнүн жүрүп турган тамыры.
Көптөн берки менде жүргөн бир тилек,
Уулум болуп ушундай бир Карабек,
Чийки болуп менде өскөнчө эркелеп,
Чоңойсо экен Карабектен каккы жеп.
5/XI 1948
Чолпон-Ата

УСТАНЫН СӨЗҮ

alykul osmonov

Эмгектүү жаз алыс эмес балдарым,
Бекер жатып эрикпейли бол камын
Күчү менен, күрс-күрс урган балканын,
Шыгын төксүн шыркыраган кек жалын,
Тракторга бурама,
Кемтигине курама,
Сыныгына улама,
Он тиш соко шай болсун,
Катар-катар чубама.
Иш зарылын күтмөк жок,
Сок! Сок! Сок!
Намысы бар азаматтар, болгула!
Касиеттүү калк тагдыры колунда.
Кызуусунда алдагыны бери тарт,
Кыя чапчуу кыйын уста оңунда.
Соколорго бурама,
Сыныгына курама,
Кемтигине улама,
Кырк тиш мала шай болсун
Кырка, кырка чубама.
Иш зарылын күтмөк жок,
Сок! Сок! Сок!
Күчүм сендик, каруу кетип талганча,
Карылык дарт катуу бийлик алганча,
Жерде калар жерге кирген ушул кол,
Элде калсын жерде чирип калганча.
Кемтигиңе курама,
Тетигиңе бурама.
Сыныгыңа улама,
Жасап берет ушул кол
Үйрөнүп кал жаш бала;
Тукум сепкич шай болсун
Катар-катар чубама.
Иш зарылын күтмөк жок,
Сок! Сок! Сок!
5/ХI 1948
Чолпон-Ата

ПЛОТНИК

alykul osmonov

Бул усталар кайда бар да, кайда жок,
Булар менен коңшу турсам көңлүм ток.
Чебердиктен теңирге тең неме экен.
Колуңдагы жөп жөнөкөй фуганок
Булар жөн эл: ойнойт, күлөт, шоктонот,
Ырдайт, иштейт, токтоор жерге токтолот.
Күчөйт, өсөт. Колдон көөрү төгүлгөн,
Олжосу мол куюшкандуу журт болот.
Мен ырларда мындан алам үнүмдү,
Мен жазарда мындан алам күүмдү,
Түз жолунда эп келишкен жакшы ырдай,
Мага кымбат, ар бир сүргөн сүрүндү.
Мага кымбат, ар бир каккан болот мык,
Ар жагынан жаңы кубат, күч чыгып,
Турмуш көзүн, бүт мүчөсүн жасаган,
Мага кымбат ушул өнөр, ушул шык.
4/XI 1948
Чолпон-Ата

ПРЖЕВАЛЬСКИЙГЕ

alykul osmonov

Жөн гана:
«Жолум улуу-кичүү» дешпей,
Эсен соо сен жеримде жүргөн кездей,
Озунуп менден мурда сүйгөн Көлдө,
Сен менен тургум келди, маңдай тескей.
Көл бою кандай сулуу, кандай кызык,
Үстүндө күн өткөрсөң куштай сызып…
Ал бир кеп… Толкуну күч түндөрү асыл,
Сен менен сүйлөшүүгө кыйкырышып.
Сүйлөр сөз: өнөр кууган саякатың,
Узарткан сапарыңды, өлбөс бактың.
Дал ошол бактың турган көл боюнда
Бир турса кичинекей менин атым.
Ызаттап мрамор ташка тамга баскан,
Эстүү журт арбагыңды кадырлашкан.
Сага окшоп көл боюнда атым турса,
Эмне арман?.. Муштумдай бир кара таштан.
Көл сонун… Алдан тайбайт кышта тоңуп,
Бул көлдө бир учалы, бирге конуп.
Үстүндө сенин жаның бүркүт болсо,
Үстүмдө менин жаным жылдыз болуп.
4/ХI 1948
Чолпон-Ата

ЗАВОД КӨРДҮМ

alykul osmonov

Курдаштар завод көрдүм, өнөр көрдүм,
Өрттөй курч өмүрүнө түштү көңлүм.
Чыдамкай өзүндөй кең болуш үчүн,
Ушунун кешигин жеп өсүп өндүм.
Мен муну жан боорумдай жакын көрдүм,
Салтына, адатына жакшы көндүм.
Өзүндөй кыраан, балбан болуш үчүн,
Нанын жеп, тузун ичип өсүп өндүм.
Мен мындан нечен ирет сабак алдым,
Мына бул ошол менин алгандарым:
Элимдин бир ишине жарасын деп,
Жанымды тартуу кылып берип салдым.
Тапкан мүлк, байлыгымды калкка салдым,
Калк үчүн канатымды канга малдым.
Өлкөмө тыйынчалык зыян кылбай,
Бир сомго бир күн берип иштеп алдым.
Заманам кайда ээрчитсе, эрчип бардым,
Атамдай насаатына кулак салдым.
Бир минут ооруп, чарчап калганымды
Өлүмдөй өмүрүмө уят алдым.
Дал ушул заводдуку – турган шаарым,
Дал ушул завод кызы – сүйгөн жарым.
Жаткан үй, салган төшөк ушунуку
Ичкен суу. Жана башка, дагыларым.
З/ХI 1948
Чолпон-Ата

ДУБАЛЧЫ

alykul osmonov

Эй, дубалчы, бийик кетти дубалың,
Кызыл, кызыл кыштарыңа кубандым.
Көңүл үчүн кол тездигин мага бер,
Сен бербесең, кимге менин убалым?
Бүгүн башка, кечеки мен караган,
Түздүгүнө, бектигине таң калам.
Чык, чык урган чың үнүңдү мага бер,
Сен бербесең, кимге кадыр сала алам?
Ушул ак шерт, кечээ элиңе берген шерт:
Менин шаарым андан жаңы, андан бек.
Сынык өлкөм курч болотко куюлуп,
Шылдың болду согуш деген кара бет.
Барган үйгө, дагы он ирет барамын,
Билбегенге, көңүлүм түшүп карармын.
Ачык кыял, марттыгыңды алгандай
Муну дагы бекер сурап алармын.
3/ХI 1948
Чолпон-Ата

ЖУМУШЧУ

alykul osmonov

Жумушчу калк: дал өзүмдөй жөнөкөй,
Анда каруу, менде таттуу көмөкөй.
Бизсиз: ырсыз жана эмгексиз
Бул турмуштун бир минуту жөн өтпөй.
Нечен дайра нечен суулар байланып
Өлкөбүзгө нечен шаар жайланып
Жумушчу калк, кана соруп чылымын,
Мен үстүндө ак куш болуп айланып.
Жумуш күчөп, жыл артынан жыл кууп,
Оңдоп, бүтөп улам бийик, кең куруп,
Жумушчу калк чайын ичип үйүндө
Мен үстүндө алтын канат ыр тууп.
Бакыт жасап кур темирден чапкылап
Тынчтык жасап, отту арыга тарткылап
Бул жашоонун жаны бизде экенин
Мен жар салам, канатымды каккылап.
3/ХI 1948
Чолпон-Ата

МАЛЯР

alykul osmonov

Маляр келди, бир чоң үйдү майлады,
Кабак түйгөн капалыкты айдады.
Ушул адам, ушул сырдуу кийимчен.
Бул дүйнөнүн үстүндөгү каймагы.
Кетти, кетти, кетти чоң үй капасы,
Кеткенине кубанды уул атасы.
Ушул адам, ушул эски кийимчен,
Бул дүйнөнүн үстүндөгү тазасы.
Үй тазарды, жарк деп кабак ачылды,
Өмүргө кас, учкан чаңдар басылды.
Сөздөрү орой, чала кызуу бул адам,
Бул дүйнөнүн асылынын асылы.
Эң кеч жатып, элден эрте тура алган,
Ойлогонун ойдогудай кура алган.
Касиеттүү мындай кымбат кесиптен,
Менин атам, билбейм неге кур калган?
3/ХI 1948
Чолпон-Ата

ФЗОдогу ИНИМЕ

alykul osmonov

Билем иним, мени жакшы көрөсүң
Агаң аны жакшы ыр менен төлөсүн.
Эс тартканда көңүлүң калар менден да,
Себеби сен: менден ары өнөсүң.
Жакшы көрсөң, агаң аны тыябы?
Жакшылыкты: жамандыкка кыябы?
Экөөбүздү теңдеп өлчөп карасаң,
Жумушчунун кененирээк кыялы.
Сага жакшы, бул турмуштун алысы,
Өз колуңда: урмат, даңкы намысы.
Экөөбүздү бирдей өлчөп карасаң:
Жумушчунун бекемирээк далысы.
Мендей эмес, анын жарык көңүлү,
Менден жоомарт, менден сыйлуу көрүндү.
Таразага теңдеп өлчөп карасаң,
Жумушчунун узагыраак өмүрү.
Мени чанба, таамай карап байкап ал,
Жакшымды алып, жаманымды бөлүп сал,
Атак сүйбөс, көтөрүлбөс жагымды:
Жумушчулук сыпатымды сактап кал.
3/ХI 1948
Чолпон-Ата

КЕЧКИ УБАК

alykul osmonov

Күндөгүдөн үйлөрүнө кеч чубап,
Колхозчулар кайткан кезде кечки убак.
Көркөм сулуу, тиричиликтин өлчөмү,
Кыз кийминдей жарашыктуу, эң бир чак.
Мына мобул кеч маал үйгө кайткандар,
Ага, жеңе, төгөрөк бет жаш балдар.
Ыракаттай ысык сүйүп чарчоосун
Тагдырына, кагылайын айткандар.
Мына мобул кеч мал үйгө келгендер,
Чымыр ава, буудай жүздүү жеңемдер.
Кээде аз ичип, кээде басып жыңайлак –
Өскөн жерим, алтын жерим дегендер.
Кайткан калктын эс алганы туюлат,
Кемегеде жанган оттор суюлат.
Кең казандан, берекелүү сузгудан,
Табак толо таттуу тамак куюлат.
2/ХI 1948
Чолпон-Ата

БИЗДИН КЫЗЫЛЧА

alykul osmonov

Белоруссту айланып,
Түгөл кыдырса:
Табылбас дейм достор,
Мындай кызылча.
Сонун кызылча,
Жолу орусча да –
Тили кыргызча,
Ой, биздин кызылча.
Украинды айланып,
Түгөл кыдырса:
Табылбас дейм балдар,
Мындай кызылча.
Сонун кызылча,
Тили орусча да –
Кийми кыргызча,
Ой, биздин кызылча.
Казак жерин айланып,
Түгөл кыдырса:
Табылбас дейм достор,
Мындай кызылча.
Сонун кызылча,
Жаны орусча да –
Каны кыргызча,
Ой, биздин кызылча.
Жер дүйнөнү айланып,
Түгөл кыдырса:
Табылбас дейм балдар,
Мындай кызылча.
Таттуу кызылча,
Таттуусунун себеби:
Даамы кыргызча.
2/Х1 1948
Чолпон-Ата

КҮНГӨ

alykul osmonov

Сен адамга жашоо күнүн тараттың,
Кызыктырдың, таңгалдырдың, караттың.
Төрөөтүңдө өлүп кайра тирилген
Энеге окшоп бул дүйнөнү жараттың.
Алыс сапар кеткенине сүйүнө,
Далай жылдар келбей коюп үйүнө…
Ата кургур ооруп калар бекен деп,
Корккон өңдүү… коркконуң бул дүнүйө
Бирок, дүйнө андайыңа карабай,
Бул дартыңды бир угууга жарабай,
Шоктук кылып чаң салууда эркинче,
Ата-энеге таш боор өскөн баладай.
1/ХI 1948
Чолпон-Ата

ЖУМУШЧУНУН МҮНӨЗҮ

alykul osmonov

Көрүү керек, аманчылык бар чакта
Ким кызыкса: сулуулукка, гул-бакка.
Таң калдырып чыгышка аккан суулары
Жумушчу аттуу бир дүйнө бар биз жакта.
Колдору алдуу, аяктары басарман,
Жүргөн жери жамандыктан тазарган.
Сакалдуусу: Ваня, Сергей, аталып,
Кары өмүрлөр ушул жакта жашарган.
Барга ташып, жокко моюн бербеген,
Адөөлөттүк таразасын тездеген.
Бирин бири: кыздар, балдар аташып,
Карылыктын айлына бир келбеген.
Арам байлык, сөөлөт жыйбай тамына,
Кайрат кылып өзүнүн күч-алына.
Куштар болуп шол дүйнөгө
барганды
«Сен» деп сүйлөп ысык кылган жанына.
Соолур кезде, мени өндүрдү, тургузду,
Кымбат жасап, арзан берди турмушту.
Ошондуктан: акын атым болбосо –
Турмушумда мен да кара жумушчу.
3/ХI 1948
Чолпон-Ата

ВИНО

alykul osmonov

Ичем вино, ичем – ичким келгенде,
Адалдыкты арамдыгым жеңгенде!
Мен жогортон башка ырым да айткандай:
Экөөнүн тең тамырлары тереңде,
Бирок: |
Арамдыкы бир,
Адалдыкы миң!
Ичем вино, бирок ичким келгенде,
Ууландырып ушак мени жеңгенде!
Калк айткандай чагым менен мактоонун
Тамырлары эң бир терең, тереңде.
Бирок:
Чагымдыкы бир,
Мактоонуку миң!
Вино куюп курбалыма, теңиме,
Курсант болуп курбулуктун демине,
Өз жаныма бардыгымды дем кылып,
Урматыма ичпегенде эмне? •
Турар күнүм бир,
Калар күнүм миң!
1/ХI 1948
Чолпон-Ата

ПАМИДОР

alykul osmonov

Мен келгенде бул жерге
Коңшу турган короолор,
Айда деди Алыкул:
Памидор,
Памидор!
Чын пейилден ошентип,
Көрсөткөн соң жакшы жол,
Кырка, кырка сап кылып
Айдап алдым:
Памидор,
Памидор!
Кезек күтпөй суу жыгып,
Кыялым бар ороңдор,
Анан мага коңшулар:

  • Бизде дагы:
    Памидор,
    Памидор!

Жакшы айтканга, терс айтып,
Кыялым бар короңдор,
Анда берки коңшулар:
— Бизде дагы:
Памидор,
Памидор!
Урушчудай теригип:

Бул эмнең дейм, жолдоштор!
Анда берки коңшулар:

Кээде таяк жегизет,
Памидор,
Памидор!
Мен жаш кезден турмушка
Катуу бышкам жолдоштор!
Суу тарттырган теңиме:
Чабал белем
Памидор,
Памидор!
1/ХI 1948
Чолпон-Ата

КОММУНИЗМ КОЛХОЗУ

alykul osmonov

Береке тапты түгөнгүс,
«Коммунизм» колхозу –
Ушул беш жыл ичинде,
Алма болуп жолдошу.
Байып алды дүркүрөп,
«Коммунизм» колхозу.
Кийинки үч жыл ичинде
Жүзүм болуп жолдошу.
Атчан өтүп баратсаң,
Алманын жыты бур этет,
Салаалаган ак жүзүм,
Көңүлүңдү желдетет.
Шарап болчу бир түрү,
Мейиз болчу бир түрү,
Ден соолукка бекем күч,
Ар бир сабак бүтүнү.
Пияздары бир катар,
Сабиздери бир катар,
Мурда колхоз билбеген.
Нечен кымбат уруктар.
Казандагы майлуу эт,
Кылымдар жашап келатат,
Оройлугу болбосо,
Эмнесине таң калат?
Табактагы таттуу эт,
Замандар жашап келатат,
Жалкоолугу-болбосо,
Эмнесине таң калтат?
Жебе дебейм этиңди,
Жей бер он беш кадактан.
Түрлөндүрүп жиберсек,
Чыйрак тукум жаратат.
Ошондуктан Билаалы,
Акыл менен айдаткан.
Берекелүү айлына: –
Белдүү тукум жайнаткан.
Аны билип Билаалы,
Ак ой менен айдаткан
Сулуу, балбан балдарды
Колхозуна жайнаткан.
Коммунизм колхозун
Уландырган Билаалы,
Ыйык план жагынан
Бүт колхоздун ири алды.
Муну сүйүп колхозчу,
Башкармага шайлаган.
«Коммунизм» атанган
Колхозуңан айланам.
Мыкты иштейт деп колхозчу,
Башкармага шайлаган:
Бүткөн бою бүт акыл
Башкармаңан айланам.
З1/Х 1948
Чолпон-Ата

БӨК, БӨК БӨДӨНӨМ

alykul osmonov

Бөк, бөк, бөк
Бөдөнөм, бөдөнөм, бөдөнөм,
Турумтайм көрөгөн.
Бекер жатып, бекер жеп,
Беш пулуң жок төлөгөн.
Таруу аңыздан таруу жеп,
Беде аңыздан беде жеп,
Арпа менен буудайды
Көңүлү өч терип жеп.
Токтук сени мас кылып,
Мастыгыңан ыр чыгып:
Быт, быт, бытпылдык,
Бытпылдык, бытпылдык!
Бөк, бөк, бөк
Бөдөнөм, бөдөнөм, бөдөнөм,
Жагалмайым көрөгөн.
Жатып ичип, жатып жеп,
Бир пулуң жок төлөгөн.
Сени тооруп басайын,
Семиздигиң байкайын,
Пырр… деп учуп кетерде
Топум менен басайын.
Бастырбайсың балакет
Сенде куулук, көп кылык…
Кеңири айдап, кен жеген
Колхозчулук мас кылып,
Мастыгыңа чыдабай
Быт, быт, бытпылдык,
Бытпылдык, бытпылдык,
Бытпылдыктан ыр чыгып.
Берекелүү биздин эл,
Берешен кол биздин жер,
Эмгек алды колхозчу
Он күнүнө бир центнер,
Байгерчилик күн берди
Кеткен мээнет, аккан тер
Биздин колхоз тоюна
Өзүң басып, өзүң кел,
Эгер колуң тийбесе,
Берекенин ичинде:
Ойноп күлүп жүрө бер.
Кененчилик мас кылып,
Мастыгыңан ыр чыгып,
Кубанганың салтанат,
Өлөңүңдү айта бер:
Быт, быт бытпылдык,
Бытпылдык, бытпылдык,
Бөк, бөк, бөк
Бөдөнөм, бөдөнөм,
Кыргиегим көрөгөн.
Эми качар айлаң жок,
Кармап алар өндөнөм.
Менде сонун капас бар,
Ырыс менен жөлөгөн.
Бир жылына беш жолу
Тынчтык өмүр төрөгөн.
Калк жашасын тынч күндө,
Катуу иштен, тыныгып,
Сен, бөдөнөм, сайрай бер
Тынчтык күндү ыр кылып.
Бытпылдык, бытпылдык,
Сени тооруп басайын
Бөк, бөк, бөдөнөм,
Бөдөнөм, бөдөнөм.
31/Х 1948
Чолпон-Ата

КООНЧУ

alykul osmonov

Кана жесем, сен айдаган коондон,
Каным сергип кубаттанам, оңолом.
Кабак ачар колхозчунун байлыгы
Калың чыккан шекер көкчөң, тордомоң.
Мен кайрылдым, эңсеп сени, чоң жолдон,
Ушул жолдо он беш жылдай жоголгом.
Даам жесем коон үзгөн колуңан
Оорусу жок он бешимдей оңолом.
Мен бул жолдо жыйырма жылдай жоголгом
Сени сыйлап бир күн калып конбогом.
Коон жесем сенин кары колунан
Кайгысы жок он бешимдей оңолом.
Алтын бактым кайтсын үчүн жоголгон
Сабагыңан коонуңду үзүп оңолом.
Тер жыттанган алачыгың ичинде
Сенин терчил чапаныңа ороном.
Сенин терчил чапаныңа ороном,
Оорусу жок он бешимдей торолом,
Желдетке окшоп коон башын шарт алып,
Мээрими кең калыс жолдо оңолом.
31/Х 1948
Чолпон-Ата

ШААРЫМ – АСЫЛ ФРУНЗАМ

alykul osmonov

Эрте туруп тереземен карасам,
Сүттөн бүткөн таза калаа көрүнөт.
Жарыша аккан жаштык менен сулуулук
Ушул жерден эки айрыкка бөлүнөт,
Кубанычтуу тунук үндүү үн каккан:
Шаарым, шаарым,
Асыл шаарым – Фрунзам.
Кең ачылган каалгамдан карасам,
Канттан бүткөн таттуу калаа көрүнөт.
Эң бир кымбат достук менен ынтымак
Ушул жерден бир дайрага чөмүлөт.
Жүзү жарык,
Мобул өтүп бараткан.
Шаарым, шаарым,
Асыл шаарым – Фрунзам.
Сыртка чыгып үй алдынан карасам,
Жөн турбаган бир шок калаа көрүнөт.
Таза тукум, эсенчилик, токчулук:
Ушул жерден миң табакка бөлүнөт.
Өскөнүнө,
Көркөмүнө таң калткан:
Шаарым, шаарым,
Асыл шаарым – Фрунзам.
30/Х 1948
Чолпон-Ата

СУУ КЕЛАТАТ

alykul osmonov

Суу келатат,
Суу келатат бир кулак,
Момун сууну мактап алчуу жакшы убак,
Ураа, достор! Арык толо аккан суу
Колхозчуга табылбаган кадыр-барк.
Жер атасы, эл атасы мына ушул,
Өз колунан бере турган бекер даңк.
Ак, ак,
Суум, ак,
Эгиниме балдай жак!
Суу келатат,
Суу келатат бир кулак,
Арзан сууну кымбат алчуу бул убак,
Көрүшө элек тууганымдай сүйүнттү
Турган кезде, кызылча өнбөй, ,жер кургап,
Ураа, достор! Сууга кулдук кылалы,
Мына дөөлөт, мына шекер, мына кант!
Ак, ак,
Шашпай ак,
Түшкөн эмдей жакшы жак.
Ак, ак,
Айланайын, суум, ак!
Эжем менен көрүшкөндөй көңүлүм шат.
Арпа, буудай, жүзүм, коон, дарбызга
Бир туугандай кенен уктап, коно жат.
Тиричиликке сенден кыйын табып жок
Тамырын бил, кетсин оору, кетсин дарт!
Ак, ак,
Суум, ак,
Калкты сыйла, калкты бак.
Шашпа, жаным, жайыла түш кең тарап,
Калк эккендин керегине тең жарап,
Жара түшөр биздин жарык өмүргө,
Бек турбасаң, так текшерип, так карап,
Ураа, достор! Кечеги ичип мас болгон
Мына – бозо,
Мына – вино, мына – арак!
Жок вино эмес, биздин дүйнө – биздин мүлк,
Биздин абийир,
Биздин сыймык, биздин даңк!
Ак, ак, ак,
Кенен ак,
Элди сыйла, элди бак!
Бат, бат,
Шашпай ак,
Жерди сыйла, бизди бак,
Ак, ак,
Эркин ак,
Элди сыйла, элди бак.
29/X 1948
Чолпон-Ата


ЖАЗ

alykul osmonov

Жаздын таттуу…
Эртеңкиси, күүгүмү,
Жаздай сүйсөм бардык жашаар күнүмү
Ташка тийип сынган болот үнүндөй,
Кулагымда шыңгыр эткен бир үнү.
Жаздын алтын…
Эртеңкиси, күүгүмү,
Жаздай сүйсөм, барлык көрөр күнүмү!
Чөнтөгүмдөн сууга түшкөн дүйнөмдөй
Кулагымда шылдырт эткен бир үнү…
Тил албассың, жакшылыкка жолдосо,
Оңолбоссуң, кемтигиңди оңдосо…
Ай, жаным жаз, кымбаттыгың эмнеде?
Жоголгонуң, сынгандыгың болбосо?..
28/Х – 1948
Чолпон-Ата

Билбейм кандай,
Эмне ойдо экен катарым?..
Мен өзүмдүн тагдырыма капамын.
Заманымдын керегине жарабай,
Эрте кургап, муздап бара жатамын.
Билбейм кандай,
Кайсы ойдо экен катарым?..
Мен өзүмдүн жазмышыма капамын.
Кыйын күндүн пайдасына жарабай,
Кыйган талдай сынып бара жатамын.
Мен жашадым өз күнүмө таарынбай,
Кара тилек, жаман ойго багынбай,
Түк билинбей өтүп кетет окшоймун,
Бир кеченин жаап кеткен карындай.
Таза жүрдүм кастык ишке камынбай,
Адал жүрдүм арамдыкка малынбай,
Досторума аппак болду максатым:
Бир кеченин аппак жааган карындай.
29/Х 1948
Чолпон-Ата

ӨЗҮМДҮ ӨЗҮМ

alykul osmonov

Мен өзүмдү үй сыртынан тыңшасам,
Күрс, күрс эткен оор жөтөл үн чыгат…
Бүткөн экен кайран өмүр, кайран жан…
Деп жалооруп, көңүлүм шондо бир сынат.
Мен өзүмдү бир көчөдөн карасам,
Баскан өңдүү алсыз, арык сөлөкөт…
Албуут бала, эми болуп араң жан
Айыкбас дарт болгон өңдүү өнөкөт.
Мен өзүмдү уктаганда карасам,
Жаткан өңдүү бир өлүк жан, каны жок.
Жүрөк күчүн тамырынан санасам,
Чарчагандай араң согот алы жок.
Мен өзүмдү өлгөн кезде карасам,
Күлүмсүрөп керилген бир шер жатат.
Бул акыйкат жазмышына жарашкан
Тагдырына ракмат айткан азамат.
Билген билер, билбегенге не чара,
Менсинген жаш, муну кимден кем көрөт?
Кең пейилдүү, ачык колдуу бечара
Кыйын жашап, жакшы жазган өңдөнөт.
Мен өзүмдү бир кылымдан карасам,
Тээ алыста чаң ызгыткан шаң чыгат.
Өлбөстүктүн өжөр эркин талашкан
Эрдигинен нечен тирүү жан чыгат.
28/Х – 1948
Чолпон-Ата

ЖҮЗҮМ АЙЫ

alykul osmonov

Ойдогу оюм чыккан менен оңунан,
Аз кечиктим убакыттын жогунан,
Жылдагыдай эми айылга жөнөөрдө,
Жүзүм айы кармап калды колуман.
Ичте санаам чыккан менен оюнан,
Аз кечиктим даярдыктын жогунан,
Машинага эми олтуруп жөнөөрдө
Жүзүм айы тосуп калды жолуман.
Мына ошентип мен айылга барарда,
Кымыз ичип чын суусунум канарда,
Жүзүм айы бир өпкөн соң кучактап,
Жаным жыргап калып калдым калаада.
Мен жүзүмдү капа кылып ар дайым,
Жалгыз таштап, кетип жүргөм жыл сайын.
Сагыныпмын келчи жакын жаныма,
Жаным айым, ширин айым, бал айым.
28/Х – 1948
Чолпон-Ата

МУЗЫКА

alykul osmonov

Мен суу ичпейм, таңдай катып турганда,
Мен нан жебейм алдан тайып курганда,
Музыкадай мага таттуу суусун жок,
Берчи мага,
Берчи мага
Жарым кашык музыка!
Мен ыйлабайм, капа тартып турганда,
Мен кубанбайм, бак дөөлөткө тунганда.
Дарым ушул, кайгы жана шаттыкка,
Берчи мага,
Берчи мага,
Жарым ууртам музыка!
Эмнелер жок, бул дүйнөдө – жарыкта,
Не бир сонун… не бир кымбат асыл баа…
Мен кетерде, ошончонун ичинен
Сагынарым,
Эң аярым
Эң кымбатым – музыка!
28/Х – 1948
Чолпон-Ата

ДЕН СООЛУК

alykul osmonov

Жаш кезиңден жаркылдап,
Жакшы болсо ден соолук,
Кор болбойсуң, өскөндө:
Бирде жатып, бирде ооруп.
Бала кезден жаркылдап
Бекем болсо Ден соолук.
Кем болбойсуң өскөндө:
Кээде жатып, кээде ооруп.
Окуп билим аларда,
Теңтушуңа тең болуп,
Керек экен ошондо,
Темирдей бекем ден соолук.
Эл коргоого барарда,
Эр көкүрөк кең болуп,
Керек экен ошондо,
Эң биринчи ден соолук.
Тоодон шахты казарда,
Тоодой ташты омкоруп,
Керек экен анда да,
Эң биринчи ден соолук
Жолдошуңдун жанында,
Жолборстой кыраан шер болуп,
Теңеле басып тең жүрүп,
Мактанарың ден соолук.
Илимпоз болсоң өскөндө,
Элдин камын ойлонуп,
Талыктырбас эч качан,
Жан жолдошуң ден соолук.
Сүйгөнүңдүн жанында
Сүрүң кайрат дем болуп,
Сүттөй көңлүң агарып,
Сүйүнөрүң ден соолук.
Алсыз болуп арбайып,
Алты күндө бир ооруп,
Арман айтып зар ыйлап
Жалынсаң келбейт ден соолук.
Жашоо керек жадырап,
Заманыңа бел болуп.
Бакыт-ырыс таалайың,
Ушул эле ден соолук.
Түгөнбөгөн адамзат,
Кебелбеген кем болуп,
Тукумдан-тукум калтырчуу
Мурасы ушул ден соолук.
28/Х 1948
Чолпон-Ата

МЕН ЖҮРГҮНЧҮ

alykul osmonov

Мен жүргүнчү көз ачкандан жөө баскан
Жөө басуудан көңүлүм түк жүдөбөйт.
Алган сапар алыс экен карасам,
Баса берем, баса берем,
Баса берем… түгөнбөйт.
Мен жолоочу эс тарткандан жөө баскан,
Мээнет тартып жөө баскан жол түк өлбөйт.
Алган сапар арбыбаптыр карасам,
Баса берем, баса берем,
Басар жолум түгөнбөйт.
Кырдан туруп, арт жагыман карасаң:
Мен аткан ок, токтоосу жок учкан шыр…
Түзгө чыгып каршы алдыман карасаң,
Мен айбаттуу, тоо көтөргөн бир баатыр.
27/Х 1948
Чолпон-Ата

КҮЗ

alykul osmonov

Калкка берген карыздарын кыя албай
Мүлкүн чачкан шок балдарын тыя албай,
Кабын алып айлыбызга күз келди
Жазгы айдаган картошкасын жыя албай.
Элге берген өз энчисин кыя албай,
Ээ-жаа бербес шок балдарын тыя албай,
Кабын алып айлыбызга күз келди,
Жакшы чыккан капустасын жыя албай:
Бул күз өзү, көптөн бери көпкөлөң,
Мерес болсом деген оюн көп көрөм.
Жүзүм кызы катуу ооруп жатканда
Кадыр улап, боору жумшап өппөгөн.
Бул күз өзү көптөн бери көпкөлөң
Таш боор болсом деген оюн көп көрөм.
Өрүк уулу быйыл каза тапканда
Боору жумшап бир тамчы жаш төкпөгөн.
Ай, ай балдар атка минип чапкыла,
Күз кайда экен барып издеп тапкыла!
Көзүн ачсын, колхоз деген кыйын журт
Жакасынан катуу силкип тарткыла.
Урсаңар да, ал ак көңүл таарынбайт
Катуу сынып капалыкка багынбайт,
Эрки жетпейт бизди таштап кетүүгө,
Качам десе: качар жагы табылбайт.
Алды жакта жайдак атчан жай мырза,
Арткы жакта ач кыйкырык кыш мырза.
27/Х 1948
Чолпон-Ата

КАР ЖААДЫ

alykul osmonov

Жааган бул кар, баягы кар,.. кар эле…
Зергек, чыйрак сезим берген денеге,
Кур олтурбай куп камынып алганбыз,
Бул ак келин биздин үйгө келерде.
Сүт эмем деп кыш эмчегин сааганга,
Бул жааган кар, баягы эле жааган кар…
Бутка муштаар, беттен чымчыр келинди,
Көзүнө илбей ойноп жүрөт жаш балдар…
Ойноп жүрөт, от болгон соң денеде,
Балдар эмне, бир-биринен кем беле…
Мылтык атмай, бомбу ыргытмай, сайышмай.
Оюндары коркунучтуу эң эле…
Быйылкы кыш шашып түштү эң эрте,
Ала-карга эрте конду терекке.
Карап туруп ушул балдар оюнун,
Ыйлайм… Ыйлайм… Эч кимге айтпа энеке.
Мен бар болсом, жарарым чын керекке,
Тилегим бар, себеп болор себепке.
Бул оюнду жакшылыкка жоруйлу,
Ичикий суук…
Эшикти жап, энеке.

КАЗАКБАЙ

alykul osmonov

Жакшы айдабай, картөшкөнү жаратпай,
Майдан салып бирөөнө бир кадактай,
Картошканы алдап жейсиң ошентип,
Ай куусуң да…
Ай куусуң да Казакбай.
Күз болгондо жүз пуд эгин табасың,
Отуз сомдон пудун сатып саласың.
Жаз болгондо ошол эле эгинди,
Үч жүз сомдон араң сатып аласың.
Алда сенин соодагерлик каадаң ай,
Куп саткычсың… куп алгычсың Казакбай.
Кечээ келген тууган элдер бир далай
Мейманчылап келгенине карабай,
Бакча айдады, заңгыраган үй салды,
Чарбасы да сенден мыкты, сенден бай…
Алда сенин эпчил өскөн каадаң ай,
Жыртык тамың жыртык бойдон Казакбай
Тапкан акчаң үч миң сомдон ар бир ай,
Өз сырымды айткым келет уялбай,
Үй-жайым жок, чай ичерге чыным жок,
Төшөгүм жок, мейман келсе салардай;
Мына ушундай сенин иниң кайран ай,
Жашаганды менден үйрөн Казакбай,
Айтар сөздү айтуу керек калп айтпай,
Элдер жаман,
Же биз жаманбыз
Казакбай!
26/X 1948
Чолпон-Ата

ЫСЫК-КӨЛ

alykul osmonov

Ысык-Көл, сени сүйдүм, сени ырдадым.
Ырыма өзүң болдуң бел кылганым.
Күнүмдүн ичкен суудай берекеси
Өзүңдүн бир көйкөлүп ыргалганың.
Ысык-Көл, сен ырыскым, сен жыргалым,
Ырыма өзүң болдуң дем кылганым.
Өзүнчө урматтуу бир салт экен го,
Күрпүлдөп көбүк чачып турган маалың.
Ысык-Көл, өзүң барда, менда бармын,
Сен жарым, кереги эмне башка жардын…
Тагдырдын марттыгына мен ыраазы,
Бар тура, кубанарым, мактанарым…
Эй, көлүм, тунугундай тунуп турсаң,
Бирок да тунук акыл уул туусаң…
Кубатсыз мендей начар акындарды
Шарпылдап толкуп туруп, жээкке урсаң.
26/X 1948
Чолпон-Ата

МЕНИН ҮЙҮМ

alykul osmonov

Үйүм сонун, ойдогумдай кең турам,
Ырыскымдан ыраазылык сөз угам…
Түн жармында из жашырган уурудай

Ким ой бул?
Тереземди: тырс, тырс урган,
Тырс урган?

Жакырчылык сен белемсиң?
Мен бир убак коломтоңдо жылынгам:
Болду эми жетет, ары кет,
Киргизбейт сени,
Эшигимде дөбөтүм бар жулунган.
Кет ары, кет ары,
Кет ары менден ант урган!
Үйүм таза, мыкты жашайм, бай турам,
Досторуман жылуу, сылык сөз угам.
Түн жармында мени уйкумдан чочутуп

К-и-м ой бул?
Тереземди тырс, тырс урган,
Тырс урган?

Учук оору сен белемсиң?
Мен бир убак очогуңда жылынгам.
Болду эми жетет, ары кет!
Киргизбейм” сени
Эшигимде дөбөтүм бар жулунган.
Кет ары, кет ары,
Кет ары менден ант урган!
Оокатым мол, мейман күтөм, март турам,
Тилегим ак, уу сунганга: бал сунам.
Түн жармында, сүттүү уйкуман чочутуп,

Ким ой бул?
Тереземди тырс, тырс урган,
Тырс урган?

Тынчтык өмүр сен белемсиң?
Мен ар убак сууңду ичип кулпургам!
Кел бери,
Мен жалгыз: аял, баласыз,
Аял менен ыркым келбес, мен урган!
Мейли сокур, дөдөй бала туусаң да,
Антым ушул; өлгөнүмчө сени менен бир турам…
26/Х 1948
Чолпон-Ата

ТАШЧЫЛАР

alykul osmonov

Колдоруна майышпаган лом алып,
Таш омкоруп, арабага таш салып,
Араң тарткан кош өгүзгө дем берип:

Соп, соп,
Соп! деп, айдап баратып;
Таш казгандар кеп кылышат өз ара:

Мобул акын өз өзүнчө убара,
Ойлойт, басат, бирдеме айтып күңгүрөйт,
Кыйын экен… кыйын экен буларга. .
Андай эмес, кыйын эмес абалар,
Силер антип аёо көрбөй караңар,
Кээ бир күнүм:

Соп, соп десең, баса албаган
Кош өгүздүн жаманына барабар.
Кээ бир күнүм: көктө сызган тулпар ат!
26/Х 1948
Чолпон-Ата

ЭМГЕГИҢ

alykul osmonov

Сентябрь , коон жыттуу сонун ай,
Бышыкчылык… Барлык элдин көңүлү жай.
Эмгек күнгө жаңы буудай бөлүнүп
Жакшы иштеген ударниктин баары бай.
Дал ушул ай, үстүдөгү сонун ай,
Мобул буудай сенин энчиң
Бери кел ой, Курманбай!
Октябрь ай, жийде жыттуу сонун ай,
Жакшы иштеген колхозчунун баары бай.
Эне эмизген сүтүнөн ак мээнетиң,
Байлыгыңа туура кара уялбай.
Дал ушул ай ошол айткан сонун ай,
Отуз центнер сенин энчиң
Көтөр, көтөр, Курманбай!
Кыйын күндүн кыйынына каржалбай,
Ак иштедиң, ала жүргөн балбандай.
Адалдыгың, адал эне сүтүндөй,
Өз бактыңа туура кара жалтанбай.
Бүгүнкү ай, эмгек бөлгөн сонун ай,
Кырк беш центнер сенин энчиң
Көтөр, көтөр, Курманбай!
25/Х 1948
Чолпон-Ата

АТА-ЖУРТ

alykul osmonov

Жылуу кийин, жолун кыйын үшүрсүң,
Кыш да катуу… бороон улуп, кар уруп…
Суугунду өз мойнума алайын,
Жол карайын, токтой турчу Ата-Журт!
Түндөр жаман… кырсык салып кетпесин,
Наалат келип ат тизгинин шарт буруп…
Азабыңды өз мойнума алайын,
Из карайын, токтой турчу Ата-Журт!
Жазда башка… Жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас, мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн Ата-Журт!
24/Х 1948
Чолпон-Ата

ДАН ЖОМОГУ

alykul osmonov

-Ушул буудай, ушул дан,
Биздин өмүр, биздин жан.
Колдо кубат, белде күч
Жүрөктөгү жылуу кан.
Сонун шаар, сулуу там,
Көккө карай жулунган,
Завод, фабрик, шахтылар
Баары, баары ушундан.
Пароходдор көлдөгү,
Паровоздор чөлдөгү,
Сан жетпеген машина
Баары нандын бөбөгү.
Дүр-дүнүйө, ак, сары,
Көз тайгылткан тыштары,
Алтын, күмүш, жакуттар
Баары нандын кыздары.
Танке менен замбирек,
Көп түрлөрүн ким билет?
Болот канат самолет
Оюн салган көк жиреп.
Ааламды жарган ардагы,
Кылымды бузган салмагы,
Өнөрпоз, чебер, көсөмдөр –
Баары нандын ардагы.
Колхозчу эккен ушул дан –
Биздин өмүр, биздин жан.
Комунизм байлыгы: –
Ушул буудай, ушул нан.
24/Х 1948
Чолпон-Ата

КЫЗЫЛ ЖҮК

alykul osmonov

Дан беребиз, берген данды эл алат,
Алган элдин өмүрүнө саламат:
Берген белек жокко сиңип кетпестен
Кайра айылга ырыс болуп таралат.
Бат жөнөсүн кызыл жүк,
Бол, жигиттер, ылдамдат.
Атадан калган насаат бар:
Берген март эмес,
Алган март!
Бол, жигиттер, ылдамдат.
Эгин төкмөк өзүнчө бир салтанат,
Эмгек менен көтөрүлмөк биздин даңк,
Берген белек дөөлөтүнөн кемибей
Кайра айылга байлык болуп таралат.
Бат жөнөсүн кызыл жүк,
Машинаны бери тарт!
Ашык бүтсүн пландан,
Берген март эмес
Алган март!
Бол, туугандар, ылдамдат!
Эгин бермек биздин урмат, биздин бак,
Сыйлоо керек ата журтту кадырлап.
Ушул буудай калк санаасын тындырып,
Кайра айылга тынчтык болуп таралат.
Бат жөнөсүн кызыл жүк,
Бол, туугандар, ылдамдат!
Бергениңе кубангын,
Берген март эмес,
Алган март!
Бол, туугандар, ылдамдат!
24/Х 1948
Чолпон-Ата

ЖАҢЫЛУУ

alykul osmonov

Көл боюнда, биздин колхоз жанында,
Жакшы тамдуу бир топ орус калкы бар.
Тыңшап турсаң күн кеч кирер маалында,
Уйларынын не бир сонун аты бар.
Көңүлү жылып ушул жакшы адатка,
Кийизбай да башын чайкап, жактырат.
Элди туурап, уй пададан кайтканда,
Дөңгө чыгып:
Зоя! Зоя!
Зоинкалап чакырат.
Муну укканда кыт-кыт күлөт келиндер,
Кыздар, чалга, таң калгандай жалт карап,
Карт орустар, көптөн сырын билгендер,
Ай Кийизбай, Ай Кийизбай деп калат.
Ага болбойт, дөңдөн туруп Кийизбай:
Зоя, Зоя,
Зоинкалап чакырат.
Ай аксакал, адаттан терс бул кандай?
Жигит атын койгун дешип каткырат.
Кабыл көрбөй жогорудай сөз оңун,
Биздин ата, өз кылганын жактырат:
Дөңдөн туруп, эркек кашка торпогун:
Зоя! Зоя!
Зоинкалап чакырат.
23/Х 1948
Чолпон-Ата

ФРУНЗЕНИН ТҮНҮ

alykul osmonov

Бир мен эмес, чын сүйөрүң баарыңдын:
Түндөрү алтын… Түндөрү алтын, шаардын.
Анда калган: күзгү сонун түндөрдү
Мени өлтүрбөс эмгегимдей сагындым.
Жылт жылт этип, жылдыз көлү аккандай,
Куттуу бүлө кубанчына баткандай,
Көк мунарык, жашыл шоокум ичинде:
Ырыс көлбөп, фонтан болуп аткандай.
Угулса экен, түнкү бөбөк күлгөнү,
Кубанса экен, жаш бөбөктүн жүрөгү…
Неге десең:
Колун жайган, колун каткан бооруна,
Менин шаарым, акылмандар түнөгү.
23/Х 1948
Чолпон-Ата

ПРАГАДА

alykul osmonov

Прагада ушул өткөн майданда
Бир азамат чексиз эрдик кылган дейт.
Жоону кырып, алдан чарчап тайганда,
Танка астына жата калып тынган дейт.
Бул дүйнөгө бир келгени чын болчу,
Бирок үйгө дайнын жазган каты жок.
Эл жыйналып ат бергени чын болчу,
Атагы бар, мүрзөсүнүн аты жок.
Шол мүрзөгө барар элем жөө басып,
Турпагынан бир ууч алып келүүгө.
Арстандын жүрөк канын канатып,
Ага кошуп балдарыма берүүгө.
18/Х 1948
Чолпон-Ата

БУЛ ТУРМУШТА

alykul osmonov

Бул турмушта нечен сонун издер бар
Бороон уруп, кар жааса да кетпеген.
Не бир укмуш, чебер – уста адамдар –
Миң тепкичтүү шаты коюп жетпеген.
Бул турмушта нечен бекем издер бар,
Добул уруп, сел жүрсө да кетпеген.
Не бир чечен, не бир эстүү адамдар
Дайрадан кең акыл менен жетпеген.
Бул турмушта нечен чоң-чоң издер бар,
Өрттөймүн деп, күн сынса да кетпеген.
Не бир баатыр, не бир канкор адамдар
Балта урса да, ордунан былк этпеген.
Мен да адаммын, мен дагы бир акынмын,
Билинбеген көп майданын бириндей.
Бул турмушка мен да изимди калтырдым,
Кичинекей, кудум шайтан
изиндей.
17/X 1948
Чолпон-Ата

ЖАКТЫРДЫМ

alykul osmonov

Кайдан таптым, билбейм мындай мүнөздү?
Дос, туугандар күнөкөр деп күлбөспү?
Тирүүлүккө ирегелеш салынган –
Жаман көрөм, калың мүрзө – күмбөздү.
Бирок сүйдүм, бир күмбөздү жактырдым,
Кубангандан күлүп ийдим, каткырдым.
Көргөн кезде койчу Жапар күмбөзүн
Жарык күндөн, кайткан ал бир асылдын.
Кымбат эле кой кайтарган убагы.
Жакшы адамдын жакшысы эле бул дагы.
Күмбөзүнүн күн жагында керилип,
Уктап жатат төрт кара ала улагы.
Муну көрүп эске түшөт ак тилек,
Колдон кармап, айтпаса да асыл кеп,
Күлө карап мен бармын деп тургандай
Баягы эле тирүүсүндөй сезилет.
Мейли түндө, мейли бешим, күүгүмдө,
Жапар күнү башка түшкөн күнүмдө,
Мен өзүмчө – өлбөс күн деп эсептейм
Бир тирүү жан тепсеп турса үстүмдө.
17/X 1948
Чолпон-Ата

КУБАНАМ

alykul osmonov

Силерге окшоп, мен да күлөм, кубанам,
Орой сүйлөйм, арак ичем, бууланам…
Калк башына кайгы түшсө, кайгырып,
Калкым үчүн таштай катуу тура алам.
Силерге окшоп мен да гүлдөйм, уланам,
Күнөөм болсо кечиргин деп суранам.
Сокур байкуш көздүү бала төрөсө:
Чын пейлимден ушунда бир кубанам.
Силерге окшоп менин да бир убадам,
Мен да аяйм, мен да корком убалдан.
Дудук уулу сүйлөп турса жанымда,
Чын пейлимден ушунда бир кубанам.
Силерге окшоп, мен да жүдөйм, кубарам,
Мен да жыргайм, мен да түтөйм, куралам.
Ырымды укпай, жазганымды көрбөсө:
Ыйлабасам, эмнесине кубанам?
17/X 1948
Чолпон-Ата

ЭНЕ ТИЛИ

alykul osmonov

Тил үйрөнүү:
Жакшы көрмөк – сүймөктөн,
Энем тилин жакшы көрүп үйрөткөн,
Ойротто жок, оңой тил бейм, биздин тил,
Бир жашымда:
Ата, апа,
ат, эт дегенди сүйлөткөн.
Тил кадырлоо:
Чын көңүлдөн сүймөктөн,
Атам тилин: сүйгөндүктөн сүйлөткөн.
Эрдик өнөр билим менен сүйлөшүп –
Бир жүрсүн деп бир жашымда үйрөткөн.
Бирге жүрөм, эне тилин кадырлайм,
Бул тил менен: иштейм, сүйлөйм, ыр ырдайм,
Башка тилди жандай жакшы көрсөм да:
Эне тилин сүйгөнүмдөн жаңылбайм.
17/X 1948
Чолпон-Ата

СӨЗҮ БАР

alykul osmonov

Түк кайгырбайм, алсыз-чабал түрүмө,
Уу тамса м, алтын сабак бүрүмө,
Тирүү кезде мындай элек деп айтып…
Сүйлөшүүгө жер табылбас күнүмө…
Мен кетсем да: тирүүлүктүн көзү бар,
Мен бүтсөм да: тирүүлүктүн өзү бар,
Бирок мага табылбачуу эч качан,
Тирүүлүктүн:
Эң бир, эң бир
Жанды ысыткан сөзү бар.
2/Х 1948
Чолпон-Ата

МЕН КЕМЕ

alykul osmonov

Мен кеме, келчүү жерге эрте жеткен,
Кебелбей эки жагым кычыр эткен,
Көз жеткис бул деңиздин аркы учуна,
Жыңайлак жаштыгымды таштап кеткем.
Мен бир куш, учар жерге учуп жеткен,
Жем алган жалама зоо жайдак беттен,
Кайдадыр бийик тоолор арасына,
Таарынчак жаштыгымды таштап кеткем.
Ал кездин алтындыгын эсиме албай,
Жаштыктын ар жагында жаштык бардай,
Ыйлатып уруп-сабап кете бергем,
Бир өппөй, маңдайынан бир сылабай.
Картайып азайтууга кезек келет,
Бир жүргөн жакшы күндө жакшы эл элек.
Бирок да, ошол тоолор арасында,
Жаштыгым ойноп-күлүп жүрө берет.
17/X 1948
Чолпон-Ата


ДАГЫ АЯЛ ЖӨНҮНДӨ

alykul osmonov

Аял сүйдүм, бирок ичтен кектедим,
Арам ойлоп, арамдыктан кетпедим,
Жаманынан көңүлдү эзген оору алып,
Жакшысынын кадырына жетпедим.
Анткен менен:
Колум ачык, мен кенен,
Жүз кайталап дагы аялга баа берем:
Аял деген:
Чаалыккан көсөм –
Сайдырган берен –
Бактыдан тайган жигитке,
Кемибеген, кебелбеген бир мекен!
21/Х 1948
Чолпон-Ата

ТӨӨҢДҮ БЕР

alykul osmonov

Эй, Төлөгөн, төөңдү бер,
Төмөн түшүп барайын,
Быйыл эмгек мол тийди,
Түгөл ташып алайын.
Эй, Ысмайыл, төөңдү бер,
Ылдый түшүп барайын,
Быйыл эмгек көп тийди,
Баарын ташып алайын.
Байбичем сынчыл киши эле,
Сынына бир жарайын,
Байбичем катуу киши эле,
Кабагына карайын.
Сынына толсо кылганым,
Муштап өтөт жаныман.
Узарар болсо урматым,
Чымчып өтөт далыман.
Мал кыштан түгөл чыкчу эле,
Муштап, муштап алганда,
Ырыскым колдон акчу эле,
Чымчып, чымчып алганда.
16/Х 1948
Чолпон-Ата

КӨЗҮМ ӨТКҮР

alykul osmonov

Көзүм өткүр, өрттү өчүрө караган,
Өз жанымдын жамандыгын көрө алам.
Колум ачык журтка маалым марттыгым,
Бир чыны уудан,
Бир чака бал бөлө алам.
Көңүлүм жарык; музда көктөп өнө алам,
Өз жанымдын арамдыгын көрө алам.
Пейлим таза, чаккын десем чага албайт,
Жылаң кызын колдон кармап өбө алам.
Сырдаш болсоң ачык сөзгө келе алам,
Мен өзүмдүн тардыгымды жеңе алам.
Керек болсо; чебердигим жетишет,
Дөңгөчкө жан, балыкка тил бере алам.
15/Х 1948
Чолпон-Ата

МЕН КЫРГЫЗДЫН АКЫНЫ

alykul osmonov

Ким берсе да жакшы берген бактымды,
Ким койсо да жаман койгон атымды,
Ушакчыдан: не кылам деп сурасам,
Беш тыйынга мага сат дейт даңкыңды!
Сатам!
Алсын!
Кайдан билсин баркымы?
Чайга салып жутар кезде:
Заар тилин куйкалачуу
Мен кыргыздын акыны!
Карлуу күнү берсе керек бактымды,
Аяз күнү койсо керек атымды.
Ичи арамдан: не кылам деп сурасам,
Бир тыйынга мага сат дейт даңкыңды!
Сатам!
Алсын!
Кайдан билсин баркымы?
Кантка салып жутар кезде:
Кара көңлүн куйкалачуу,
Мен кыргыздын акыны!
Таш идишке куйса керек бактымды,
Татты идишке куйса керек атымды,
Кароолчудан: не кылам деп сурасам,
Балам алсын, бекер бер дейт даңкыңды.
Берем,
Алсын!
Сатпайм, кадыр-баркымды,
Уйчу, койчу,
Кетменчинин
Менмин кымбат акыны.
15/Х 1948
Чолпон-Ата

БУЛ КАНДАЙЧА

alykul osmonov

Баары өзгөрөт, баары өчөт дейт турмушта,
Мен өзгөрбөй, өчпөй койсом не болот!
Өчөр күнүм үйгө бара жатканда,
Токмок жактан келбей койсом не болот?
Токмок жөнөйм,
Таттуу коонун тандап жейм.
Миң жыл бою,
Кайра үйүмө бир келбейм.
Айт, кимдин карзы бар?
Баары агат дейт, баары өтөт дейт өмүрдөн,
Мен элге окшоп өтпөй койсом не болот?
Баратканда тааный коюп өңүнөн,
Аксуу жактан келбей койсом не болот?
Аксуу жөнөйм,
Жүзүмүнөн үзүп жейм.
Миң жыл бою,
Кайра үйүмө бир келбейм.
Айт, кимдин карзы бар?
Баары сынат, баары өлөт дейт турмушта,
Мен тил албай өлбөй койсом не болот?
Башка коюп, тумшукка тээп, урушса,
Нарын жакка качып кетсем не болот?
Нарын жөнөйм!
Айран ичип, майын жейм.
Миң жыл бою,
Кайра үйүмө бир келбейм.
Айт, кимдин карзы бар.
15/Х 1948
Чолпон-Ата

КӨҢҮЛ АЙТАЛЫК

alykul osmonov

Кетменчинин ак эмгегин азайткан,
Кесепеттүү Наамат деген бир шайтан,
Момунду алдап, элди жазгап, эбин таап,
«Ичиш керек, жеш керек!» – деп көп айткан
Бүгүн өлдү.
Барып көңүл айталык,
Жылаан салып мүрзөсүнө,
Ыйлап кайталык!
Журттан тапкан күн көрбөгөн мүлкү бар,
Бирөө барса кашык сууга ичи тар,
Алгыч, жегич, азган-тозгон уурулар,
Буга курдаш, буга жолдош, буга жар.
Наамат өлдү,
Жүргүлө көңүл айталык,
Мүрзөсүнө бака ыргытып,
Ыйлап кайталык!
Ажал күчтүү, кимдер андан талашат,
Жолу туура, кантип анан адашат?
Ушакчынын, кытмыр арам неменин
Бул дүйнөдөн жок болгону жарашат!
Наамат өлдү,
Жүргүлө көңүл айталык,
Таш ыргытып мүрзөсүнө,
Ыйлап кайталык!
14/Х 1948
Чолпон-Ата

БАЙКА, ЖИГИТТЕР

alykul osmonov

Калк мүлкүнө карышкырдай кол салган,
Жүз тармактуу каргашалуу жол салган,
Мөөрүн басып акты менен толтурган
Он чөнтөгү ону бирдей бүт жалган;
Эмки кууну
Жакшы тааны,
Байка, жигиттер!
Жорго минген Шермат келет
Кара жигиттер!
Мойну калың кашкулактай буржуйган,
Тердеп тапкан бир күнү жок бир урган.
Ошентсе да арак көрсө арсаңдап,
Алтын сомдун жүз сомдугун суурган:
Жат адамды
Жакшы тааны,
Байка, жигиттер?
Күлүк минген Шермат келет
Кара жигиттер!
Арамдыкка мас болгондой энтелеп,
Мен келатсам акырайып жалт карап,
Ыркты бузган мына мобул «жазгыч» деп,
Үтүрөңдөп «бир чапсам ээ» деп алат.
Бузукуну
Жакшы тааны,
Байка, жигиттер!
Анын бири ушул Шермат
Ана жигиттер!
14/Х 1948
Чолпон-Ата

БИЗГЕ ТҮНӨЙ КЕТ

alykul osmonov

Көңүлүм капа, башым туман кеңгиреп
Үч күн болду бизге мейман келе элек.
Жолоочунун бул кандайча шылдыңы,
Даамы жоктой,
Жеген токоч, жеген эт,
Сыйлап берер, белен кыргыз даамы бар,
Эй, жолдош,
Биздикине коно кет.
Мейман. келбейт, келбегени жаман кеп,
Үйүм капа, эмне болуп кетти деп.
Ууру болсоң, тор атымды уурдап ал,
Касым болсоң каргап өткүн, тамак жеп.
Чаалыкканга соопчулук даамым бар,
Эй, жолдош,
Биздикине түнөй кет!
Биздин үйдө көптөн жүргөн жалгыз шерт:
Кымбат ашты мейман бекер жесе деп,
Ач көз болсоң өз башымды сурап ал
Кегиң болсо: сабап өткүн, тамак жеп.
Жолоочуга нечен түркүн даамым бар,
Эй, жолдош,
Биздикине түнөй кет!
13/Х 1948
Чолпон-Ата

МЕНИН КҮНҮМ

alykul osmonov

Менин күнүм кирген суудай күрүлдөйт,
Күзүн күтүп мөмөсүнөн күбүлбөйт.
Ыза кылып жарыкчылык дүйнөнү
Карыганда жаш уландай бир гүлдөйт.
Менин күнүм, өлбөсүнө түңүлбөйт,
Толкун урса, тайызына сүрүлбөйт:
Тирүүлүктө жоктугуна жол бербей
Жер түбүндө чирисе да бир гүлдөйт.
Бар бололу, түгөнбөйлү курдаштар,
Узак, узак, узак болсун бул сапар,
Кылым бүтүп, дүйнөдөн жок болсок да
Кайра кайтып жолугушчуу жолдор бар.
13/Х 1948
Чолпон-Ата

ЖАЗЫМА

alykul osmonov

Кош бол жазым,
Көк көпөлөк, ак казым,
Ыр жаза албай, мендей жүдөп – азбасым.
Антсем мейли, бирок өзүң айта жүр:
Азгын көңүл, тилегимдин тазасын.
Кош бол жазым, сени алыска узатам,
Сенден кымбат калк ичинде мен калам.
Кыйын жолдо – канча жабыр көрсөм да,
Өз доорума актыгыма мактанам!
Кош бол жазым, сен кетсең да биз аман,
Биздин балдар, биздей болсун биларман.
Жер үстүндө – ыразылык күнүмдү,
Жердин жети
түпкүрүнөн дей алам!
Кош бол жазым,
Көк көгүчкөн, ак казым,
Кенен сайда дайым толо акпасым,
Көз ачкандан ынак болгон жаныма
Картайбаган кулун жаштуу жашташым.
12/Х 1948
Чолпон-Ата

ТАРАНЧЫ

alykul osmonov

Бышыкчылык сонун ай,
Колхозчулар сагынып,
Күн саноодон эринбейт,
Дан кыярып калганда:
Бышсын, бышсын,
Быша түшсүн эгин дейт.
Ошондо ушул таранчы,
Кудайдан мурда уурдап жейт.
Жанын жеген желмогуз:
Чырк, чырк, чырк, чырк
Дейт да жебирейт.
Коон быша калганда
Чиригенин жек көрөт.
Жыттап туруп эң мурда
Ширининен жеп көрөт.
Дарбыз быша калганда
Ак эттүүсүн жек көрөт.
Чертип, чертип эң мурда
Бышканынан жеп көрөт.
Алма быша калганда
Курт түшкөнүн жек көрөт.
Коно калып ыргыштап
Кызылынан жеп көрөт.
Теңине албай өрүктү
Тээп өтөт чыртылдап.
Түшкөнүнө кубанып
Күлүп калат кытылдап.
Жатып алып жүзүм жейт,
Салааланган шагынан.
Ширининен, балынан,
Таттуусунан, агынан.
Муну көрүп колхозчу
Жүрөгү ооруп зырпылдайт.
Бул кезекте таранчы
Сууга түшүп чыркылдайт.
Ушул көпкөн шайтанга
Кандай айла кылабыз?
Колхозчунун доосуна
Кандай кылып жыгабыз?
Чынын айтсам, ал бизди:
Өзүнө анча теңсинбейт.
Кыйын болсо атасы:
Баласына бышырган –
Май токочтон берсин дейт.
Анткени эмей эмне,
Менин эшик алдымда,
Боорсок сурап, кант сурап
Чырк, чырк, чырк, чырк
Чырк, чырк
Дейт да безилдейт.
1/Х 1948
Чолпон-Ата

УЙДУН ТИЛИ

alykul osmonov

Уйдун сүтүн ичерде,
Ырайым бар биздерде
Алдап-соолап чакырып:
Оу, хоу, оу, хоу
Оу хоу десек,
Үнүбүз коңур, жумшак
Сылык чыгат деги эле.
Макул болот анткенге
Уйдун тили жалгыз тил:
Мөө… деп гана үн бере.
Уй майына кирерде,
Уят да бар биздерде:
Бул баягы таргылдан,
Таргыл баягы кашкадан,
Кашка баягы маладан,
Маланы миң сомго алган.
Деп –
Жети атасын бүт мактайбыз
Тим эле.
Уй бечара тим болот
Айтар сөзү жалгыз сөз:
Мөө… деп гана үн бере.
Чөп саларга келгенде,
Чөпчөңдөйбүз эң эле
Чоң кепшемин кызганып:
Өш ай, өш, өш
Десек:
Сөзүбүз өрттөй өткүр –
Деги эле.
Капа болот байкуш уй,
Сүйлөр сөзү жалгыз сөз:
Туруп калат жалдырап:
Мөө… деп гана үн бере.
Уй жаюуга келгенде
Айдайбыз такыр жерлерге,
Бул кордукка чыдабай
Өңкүлдөп чуркап калганда
Кара кыяк дегенге:
Өлөт ал! Өлөт ал!
Арам маңка!
Деп сөксөк
Тилибиз заар чыгат эң эле.
Билген сөзү жалгыз сөз,
Жүрө берет тил угуп:
Мөө… деп гана үн бере.
Чай бергенге май берген,
Кой бергенге тай берген,
Деп кубанта сүйлөгөн
Биздин кыргыз март эле;
Жарыктык уй канетсин,
Жакшы сөздөн кем беле?
Ушул кыял, ушул сыр
Кырсык болуп пейилге –
Тармак жайып жүрбөсүн,
Тамыр салып тереңге.
1/Х 1948
Чолпон-Ата

МЕН МАСКӨӨНҮ КӨРГӨНДӨ

alykul osmonov

Мындан он беш жыл мурун,
Биринчи көргөм Маскөөнү,
Эсимде калды Укемдеп
Мени сүйүп өпкөнү.
Он беш жыл өтүп арадан
Кайра көрдүм Маскөөнү.
Баштагыдан тазарган,
Башкача экен көркөмү.
Амансыңбы, балам, деп,
Мени Маскөө карады.
Шекер салган чай берип,
Маңдайымдан сылады.
Сынап турсам Маскөөнү,
Көрк жасанып алыптыр
Өмүр алга өтсө да,
Көп жашарып калыптыр.
Тандап сүйгөн сулуудай,
Улам сулуу көрүнөт.
Тандап тапкан баатырдай
Улам баатыр көрүнөт.
1947

ЧОЛПОН-АТА

alykul osmonov

Чолпон-Ата көл жээгинде көрктүү жер,
Алмасы көп ак кыштактар орногон,
Менде болду далай ысык сүйүүлөр
Мындай жерге, бирок ашык болбогом.
Бир жай жүрсөм, жашым кайра жангандай
Жашаргандай, жаштыгындай жүрөгүм,
Тагдырымдан кайра сурап алгандай
Ушунда өттү эң бир таттуу күндөрүм.
9/I 1947
Чолпон-Ата

АЙРӨК

alykul osmonov

Ак иштеген, ак жүрөк,
Ачык көңүл шат жүрөт.
Арамзаада кытмырды,
Ким кадырлап, ким сүйөт?
Ай, ай, сен да кордоо сал,
Көлдө жаткан көп өрдөк.
Айрөк,
Айрөк
Жакшы ударник, ак ниет,
Өңү жарык, шат күлөт.
Жарыбаган жалкоону
Ким кадырлап, ким сүйөт?
Ай, ай, сен да кордоо сал
Көлдө жаткан сан өрдөк.
Айрөк,
Айрөк!
Кең пейилдүү кең тилек,
Кеңири өмүр өткөрөт.
Кешиги жок жалкоону
Колхозубуз жек көрөт.
Ай, ай, сен да кордоо сал
Жарашыктуу каз, өрдөк
Айрөк,
Айрөк!
3/I 1947
Чолпон-Ата

КОШ АЙДОО

alykul osmonov

Жан сергитип, жаңы өмүрдү ойлотот,
Күн күркүрөп жарк-журк эткен чагылган.
Жазга салам, жазга урмат, суук жок,
Жарык дүйнө сапарынан табылган.
Келди мезгил, өлбөгөн жан көгөрөр,
Жашоо баркы, кош айдоого уруксат.
Быйыл көрбөс жүз жыл мурун көргөндөр
Тирүүлүк күн, жаңы ырлардай жыттанат.
3/I 1947
Чолпон-Ата

КЫШКЫ БОРООН

alykul osmonov

Кышкы бороон жаныма дос, жаш бороон,
Өмүрүмө ынтымактуу бурганак…
Чырак жанган, бала ыйлаган короодон
Бүркүт шаңшып учарына суранат.
Алдуу бороон, алгыр бүркүт эркинен,
Жаз жаралат, ошол бала түшүндөй…
Күндөр келет, күндөр келет кепкенен,
Күзгү бышкан ак буудайдын күчүндөй.
3/I 1947
Чолпон-Ата

ЖЕТИМ КОЗУ

alykul osmonov

Жетим козу, жетим козу,
Сөз сурайын токточу:
Кайда барасың?
Отунга.
Отунду не кыласың?
Камыр жууруп нан кылам.
Нанды не кыласың?
Мейман болуп кетсин деп,
Үйүмө сотту чакырам.
Сотту чакырып не кыласың?
Атам менен энемди
Союп жеген беренди
Соттобогон немени
Уят кылып кызартам.
1946

ЭМГЕК КҮН

alykul osmonov

Жаз, жай тынбай тер агызган бермет күн,
Азабы жок тамашалуу эрмек күн,
Жеңем тууган аппак эркек уулдай
Колхозчуга жаратылган эмгек күн.
Тирүүлүктө, адам тынбас тентек күн,
Тентек эмес, ырыс, кешик бермек күн,
Жаштык кезде биринчи өпкөн сулуудай
Колхозчуга сүйкүмү бар эмгек күн.
Эмгек күндө чын курбулук, досчулук,
Нечен акыл, нечен тилек кошулуп,
Нан эмгеги канча күчтүү болсо да,
Андан күчтүү колхоз жеңген токчулук.
30/XI 1946
Чолпон-Ата

БАЛАЛЫК

alykul osmonov

Кетти, кетти балалыгым кайрылбай,
Аткан октой кайрылууга айныбай.
Күтүлбөгөн көп күндөргө туш болдум,
Майрам түшкөн колхозчунун айлындай.
29/ХI 1946
Чолпон-Ата

ЫРЛАРЫМ

alykul osmonov

Мен сурадым сен сараңдык кылбадың,
Сенден алдым сергек өмүр жыргалын.
Уяты жок уйку, өлүмдөн башкасы
Өзүмдүкү… өзүмдүкү, ырларым.
29/XI 1946
Чолпон-Ата

ЖЕҢЕМДИН ЫРЫ

alykul osmonov

Башка жерге кетсең да,
Баселкемди сыйлай жүр,
Баселкенин балдарын,
Жамандыкка кыйбай жүр.
Кайсы жерде жүрсөң да,
Колхозумду сыйлай жүр,
Колхозчунун балдарын,
Жамандыкка кыйбай жүр.
Айлыбыз Сары-Ой, кең өзөн.
Өзөн бою бай колхоз,
Кайсы күнү көрсөң да,
Он бешке толгон айга окшош.
29/XI 1946
Чолпон-Ата

САГАТЫМА

alykul osmonov

Чык-чык эткен сагатым,
Кайда шашып барасың?
Куштан учкул белемсиң,
Болбосо да канатың.
Чык-чык эткен сагатым,
Кайда шашып барасың?
Тулпар аттай айланып,
Ай менен күн арасын.
Чык-чык эткен сагатым,
Шашканыңды танасың,
Чылым тартып болгончо
Чыр айланып аласың.
Чык-чык эткен сагатым
Билем кайда барасың.
Жыргал жерге жүр дейсиң
Советстан баласын.
29/ХI 1946
Чолпон-Ата

УЧКУЧТАРДЫН ЫРЫ

alykul osmonov

Мейли болсун, капкараңгы түн айсыз,
Мейли болсун, бороону күч ызгар кыш.
Жерде турмуш күлкү менен өткөндөй,
Асманда да күлүп гана жашайбыз.
Күмүш канат,
Биздин кубат,
Оюн салсын жаркылдап,
Ай асманга,
Ак булутка,
Көтөрүлгүн, азамат.
Күр… күр… эткен биздин куштун дабышы,
Күндүн, Жердин бир карыштай алысы,
Ар бир мотор буроосунун ичинде,
Жандай кымбат ата журттун намысы.
Күмүш канат,
Биздин кубат,
Оюн салсын жаркылдап,
Ай асманга,
Ак булутка,
Көтөрүлгүн, азамат.
Кирдебесин самолёттун канаты,
Өлбөс кылып сени заман жаратты.
Ошондуктан сени менен жүрөктөш,
Тынчтык күндүн ар бир минут сагаты.
Күмүш канат,
Биздин кубат,
Оюн салсын жаркылдап,
Ай асманга,
Ак булутка,
Көтөрүлгүн азамат.
29/ХI 1946
Чолпон-Ата

СЕКИТЕГИ ЖАПЫС ТАМ

alykul osmonov

Келгин куштай, улам жазга кайткандай,
Мен да өмүргө улам кайра кайта алам.
Бирок мени, сүйбөгөнгө уялбай,
Өзүм аны сүйгөндүгүм айта алам.
Эч сөз айтпай, жактырбастай карашың,
Жанды үшүткөн күзгү түнгө барабар
Бийлиги зор, сүйбөгөндүн кубатын:
Кулдук кылып сүйгөн гана биле алар.
Сен жашаган секидеги жапыс там,
Миң катарлуу алтын үйдөн жаркырак,
Кайраты жок жүзүңдөгү нуруңдан,
Коркуу билбес баатыр жүрөк калтырак.
29/XI 1946
Чолпон-Ата

АККАН СУУ

alykul osmonov

Ай, аккан суу, аккан суу,
Ар адамга жаккан суу,
Алтын аяк ичинде
Абийир, ынсап тапкан суу.
Ай, аккан суу, аккан суу,
Мүлдө ааламга жаккан суу,
Каухар идиш ичинде
Кадыр урмат тапкан суу.
Ай, аккан суу, аккан суу,
Шылдыр мончок таккан суу,
Турмушта канча түйшүктүн
Баарына жетип арткан суу.
Ай, аккан суу, аккан суу
Алыска канат каккан суу,
Айдалган жерге жан берип
Апаппак болуп жаткан суу.
29/XI 1946
Чолпон-Ата

КОШТОШУУ

alykul osmonov

Кайда жүрбөйт эр жигиттин жаш башы,
Кайда калбайг сүйгөн жардын көз жашы,
Алыс сапар, кең Маскөөгө жол алып,
Коштошорго толкуну жок көл жакшы.
Аман болсун эр жигиттин жаш башы,
Неге керек сүйгөн жардын көз жашы!
Жолтоо кылып, кош дегенди угузбай
Коштошордо күздүн күнкү жел жакшы.
Кайда жүрбөйт эр жигиттин жаш башы,
Кимге керек ата-эненин көз жашы.
Эгер «кел!» деп ата мекен чакырса,
«Аманбы» дан «кош» деп айткан сөз жакшы.
29/XI 1946
Чолпон-Ата

БИР ЧАКА СУУ

alykul osmonov

Бир чака суу мөлдүр кашка тунук суу,
Кайнар суусу, эмес бул суу кудук суу,
Канатка окшоп, бир жак колу делбиреп
Суудай таза кыз көтөргөн шумдук суу.
Бир чака суу, суу экенин байкагам,
Жаным сергип, кангандыгын айта алам,
Биздин күндөй анын таза күчүнө
Толкун урган кораблдей чайпалам.
28/ХI 1946
Чолпон-Ата

ЖОГОТТУМ

alykul osmonov

Кең Фрунзе шаарынан
Балыкчыга келатсам,
Он беш тоонун орду жок,
Кең Фрунзе шаарынан
Тянь-Шанга баратсам,
Отуз тоонун орду жок.
Айткылачы жолдоштор,
Ачык айткан сөз калппы?
Тоо жоготтум ким тапты?
Түшүрбөдүм колумдан,
Алдырбадым жолумдан,
Уурдатпадым жанымдан,
Жулдурбадым жонумдан.
Ошол тоонун ордунда,
Орто токой көлү бар,
Кардуу Боом ичинен,
Жол жыргалын көрүп ал.
Күм жам кылып майдалап,
Түзгө айлантты биздин эл,
Мен жоготкон тоолорду
Билгиң келсе мага кел.
28/XI 1946
Чолпон-Ата

АК КАЙЫҢ

alykul osmonov

Жарашыктуу жаштайың,
Жадыраган жаз сайын,
Жаш күнүмдөн тең өскөн,
Жакшынакай ак кайың.
Тамашалуу жаштайың,
Тармалдаган жаз сайын,
Тай күнүмдөн тең өскөн,
Татынакай ак кайың.
Мен өзгөрдүм, сен көрдүң,
Мен да көрдүм өнгөнүң…
Жаштыгымды кайра бер,
Сурабайм андан бөлөгүн.
Бутагыңа коноюн,
Кыштын жолун тороюн,
Жаштыгыңды менден ал,
Аккан сууң болоюн.

КӨЛДҮН КЕЧКИ КӨРҮНҮШҮ

alykul osmonov

Көлдө жүрдүм, көл боюнда бойлодум,
Токсон ирет, көргөнүмө тойбодум,
Кызгылт көйнөк кийгендиги эсимде,
Уурдап алып күндүн батар боёгун.
Билбейм неге… эң жарокер ысыгым,
Кайрат, кубат, оюн-күлкү кызыгым,
Кыз баладай уялганы эсимде,
Уурдап алып күндүн батар кызылын.
Көргүм келет, көргүм келет миң ирет,
Айткым келет, сүйөм көлүм, сүйөм деп,
Элесимде, көл жатпаса шарпылдап,
Ырларымда анда кайсы касиет!
28/XI 1946
Чолпон-Ата

АТА ЖУРТУМ

alykul osmonov

Ата журтум, тууган элим, Мекеним,
Жан кубатым, сүйгөн жерим секетим.
Тоо-ташыңдын, турпагыңдын, сууңдун
Мен көрбөдүм пайдасы жок бекерин.
Тууган жерим ата журтум – бир боорум,
Мен өзүңдүн гүл багыңда төрөлдүм.
Заманыңдын мен ырыстуу акыны,
Дарбыз, коон, жүзүмү бар корооңдун.
Сүйөм сени, сүйгөндүгүм сүттөн ак,
Сени сүйгөн тагдырыма рахмат.
Өлгөндө да сенин таттуу жытыңды,
Жаткым келет көкүрөккө кучактап.
Мендеги өмүр, меники эмес сеники,
Менин ырым, меники эмес, элдики,
Ар бир демим, ар бир соккон секунтум –
Өзүңдүкү, алар эмес желдики.
21/ХI 1946
Чолпон-Ата

МЕН КӨЛҮМӨ КЕЛГЕНДЕ

alykul osmonov

Мен келгенде, токтоно элек баладай,
Бирок өзүн балалыкка санабай,
Жаткан экен Ысык-Көлүм күрпүлдөп,
Толкуп алган толкунунан жаналбай.
Мен келгенде, албуут акын баладай,
Бирок өзүн акынмын деп санабай,
Жаткан экен, Ысык-Көлүм шарпылдап,
Ташып алган ташкынынан жаналбай.
Бүттү бороон. Улан жели токтоду,
Түптү түрө Санташ шамал сокподу.
Бул мезгилде мемиреген Ысык-Көл
Өз элиндей күчтүү, сулуу окшоду.
1946
Чолпон-Ата

КАЧКЫНБАЙ КАЧАК

alykul osmonov

Ата-энесин кубантып,
Бир топ акча-пул алып,
Фрунзеден окуйм деп
Окууга барды Качкынбай.
Маданият үйрөнүп,
Далай жакшы эл көрүп,
Сонун киши болот деп
Колхозунун көңүлү жай.
Арадан үч ай өткөн жок,
Мындай жорук ойдо жок,
Чемоданын колго алып
Качып келди Качкынбай.
«Окуусун жакшы билбей»…- деп,
«Аябай жүдөп кетти» – деп,
Жылмайып коёт уялбай.
Турмушунан бөлүнүп,
Колхозго жаман көрүнүп,
Үйүндө жүрөт Качкынбай.
«Атам кетпей түшүмөн,
Качып келдим кантем» – деп,
Күлүп коёт уялбай.
Жаш кезинде окубай,
Алга карай умтулбай,
Качак болгон Качкынбай.
Замандын калып соңунда,
Китеби жок колунда,
Мазак болгон Качкынбай.
1946
Чолпон-Ата

ЛЕНИНДИН КҮМБӨЗҮНӨ

alykul osmonov

Акак таштан салынган
Артык экен күмбөзүң,
Кыйын экен өмүргө
Кайра келбес мүнөзүң.
Мрамор таштан салынган
Мыкты экен күмбөзүң,
Тирүүлүккө келбеген
Кыйын экен мүнөзүң.
Бирок сенсиң атаке,
Сендей болгон сонун күн,
Өлгөн атың болбосо,
Тирүүлүктөй өмүрүң.
20/ХI 1946
Чолпон-Ата

ӨМҮРГӨ

alykul osmonov

Шамал айдап көлдүн киргил көбүгүн,
Кашка суудай мөлт дей түшкөн өмүрүм,
Жыл айланып, өткөн сайын жаштык күн
Улам сулуу, улам ысык көрүндүң
Мива бактай, жемишимен күбүлбөй
Өстүм дуулап, эртеңкимен түңүлбөй,
Ай балалык, асыл нерсе экен го
Учкан куунун канатынын күүсүндөй.
Кеттим алыс, кеңдигимен кемибей,
Кери тарткан кербестикке жеңилбей,
Ай балалык, жыргал нерсе экен го
Карлыгачтын канатынын желиндей.
Жарым саат, кабак чытып кайгырбай,
Арамдыкка абийиримди алдырбай,
Өмүр деген – сергек Нерсе экен го
Жаздын күнү тып-тып тамган жамгырдай.
Күлдүм ачык, бир да жерди карабай,
Досторума кылдай кастык санабай,
Өмүр деген – дайым жапжаш нерсе экен
Улам жаңы жаратылган баладай.
Билсин бизди, жаш муундар мактасын,
Эскиртпесин эстеринде сактасын,
Алдыбызда өмүр турат түгөнгүс
Артыбызда өлбөй турган эл калсын.
Жериме бороон өткөрбөс
Океан болсом толкуган,
Картайбас болуп эч качан
Жаралсам өлбөс отунан.
Элиме ызгаар өткөрбөс
Чоң деңиз болсом толкуган,
Атактуу уста мен болсом
Жан жаратып олтурган.
Калкыма оору жолотпос
Касаба болсом калдайган,
Жаз күнүндөй жашарса
Өлкөмдө болбой саргайган.
Журтума өлүм жолотпос
Аска зоо болсом бой жеткис,
Ленин атам жолунда
Бул санаага жетербиз.
20/ХI 1946
Чолпон-Ата

БЕКБЕКЕЙ

alykul osmonov

Түнөргөн айсыз түн экен эй!
Түгөнгөн ууру күнү экен эй!
Карарган айсыз түн экен, эй!
Кан жуткан бөрү күнү экен, эй!
Малыбыз колхоз малы экен, эй!
Мал баккан элдин жаны экен, эй!
Бул малдын ээси ким экен, эй!
Бекбекей айткан биз экен, эй!
Бөрү келсе уштайбыз, эй!
Бөйрөгүн жара муштайбыз, эй!
Ууру келсе уштайбыз, эй!
Ууртун айра муштайбыз, эй!
Адырдан ашса табабыз, эй!
Алганын сууруп алабыз, эй!
19/ХI 1946

ТОСУП АЛУУ

alykul osmonov

Алыс кетип кайра кайткан тулпардай,
Күлүк поезд Фрунзеге учкандай,
Күзгү жүргөн үшүк күнгө ысуулап,
Келгин болуп, тоого конгон шумкардай
Кайтты иним солдаттан,
Үйүңө бар, аман бол.
Жүзү жарык, пейли кең
Мына ушундай заман бол.
Темир аяз, карлуу бороон, бурганак
Ырак, ырак, ырак кетип ырактап,
Кургак сайга, тунук кашка суу толуп,
Жадыраган жаз жамынып барлык жак;
Кайтты абам солдаттан,
Шаарыңа бар, аман бол.
Ачык колдуу, март пейил
Мына ушундай заман бол.
Токчулук күн, айылдарга жайылып,
Жокчулук күн, бороонго учуп кайыгып,
Бөксөргөн жай, бөксөсүнөн ашкандай,
Жаралуулар жарасынан айыгып;
Кайтты боорум солдаттан,
Үйүңө бар, аман бол
Ойлогону жакшылык,
Мына ушундай заман бол.
19/ХI 1946
Чолпон-Ата

БОТОЮМ

alykul osmonov

Жарашыктуу жалжал көз,
Ыйлак белем ботоюм.
Узун шыйрак, айры өркөч
Чыйрак белем ботоюм.
Сүткө тойсо тайраңдап,
Тентек белем ботоюм.
Чөк дегенде бук деген
Элпек беле ботоюм.
Бала кезде тартайып,
Атадан чоң ботоюм.
Чоңойгонун билбеген,
Уяты жок ботоюм.
Куулук, шумдук ою жок
Момун белем ботоюм.
Чоңдугундай күчү бар,
Сонун белем ботоюм.
Кичинени шылдыңдап,
Күлө берсин ботоюм.
Кереги зор колхозго,
Жүрө берсин ботоюм.
19/XI 1946
Чолпон-Ата

УЗАТУУ

alykul osmonov

Кош, Жеңиштай, аман барып, аман кел,
Тааныш болсун талабыңа далай жер.
Сен бактылуу, тынчтык күндүн жигити,
Токой желсиз, толкуну жок деңиздер.
Ырас, ырас учкан мезгил урматтуу,
Бирок тынбас туш тараптан түрлүү чуу.
Асман бети канча тунук болсо да,
Аска үстүндө шаңшыган үн кубаттуу.
Кош, Жеңиштай кол кармашып калалы
Колуңдагы тынч өмүрдүн жарагы!
Шоокум салбай тынч уктасын, айтып кой
Океандын… океандын ар жагы.
19/ХI 1946
Чолпон-Ата

МУРАПТЫН ЫРЫ

alykul osmonov

Айткыла, балдар, ким экен
Мураптын жайын билбеген?
Буудайы жакшы келинге
Өзөндөн
Эки кулак суу берем.
Күзүндө күлүк минбеген,
Күрдөлсүз мурап мен бекен?
Күздүгү жакшы келинге
Дайрадан –
Алты кулак суу берем.
Жазында жакшы ат минбеген
Жарыбас мурап мен бекен?
Жаздыгы жакшы келинге
Деңизден
Жети кулак суу берем.
Кубанкам1 жатат жайкалып,
Түшүмү бизге байкалып
Суктанткан суунун атасы,
Келиндер,
Мураптын жайын айталык.
19/XI 1946
Чолпон-Ата

КЫЗ ӨПМӨЙ

alykul osmonov

Курдаштын курдаш жары экен,
Кубанткан кубат алы экен.
Колхозчунун кызындай,
Кара көз сулуу бар бекен?
Теңтуштун теңтуш жары экен,
Деңиздей терең алы экен.
Инженердин кызынан,
Ак жуумал сулуу бар бекен?
Жолдоштун жолдош жары экен,
Жоругун билсе зар экен.
Жумушчунун кызындай,
Ак жуумал сулуу бар бекен?
Жүргөнүм кыргыз шаары экен,
Ойноп-күлгөн шаңы экен.
Ушундай сулуу кыздардан
Бир өпкөн жигит бар бекен.
19/ХI 1946
Чолпон-Ата

КООН ҮЗМӨЙ

alykul osmonov

Быйылкы күздүн күчүн ай,
Дарбыздын миң-миң жүзүн
Коону койдой жер жайнап,
Баракелдай түшүмү ай!
Байлыгы канча? ойлойлу,
Карасаң көзүң тойбойбу,
Аксуудагы таякем,
Мейманга келсе болбойбу.
Дөөлөтү канча ойлойлу,
Көргөндө көңүлүң тойбойбу.
Кайыңдылык эжекем
Конокко келсе болбойбу.
Кайдан келсин таякем,
Кайдан келсин эжекем.
Коонго бизден бай экен,
Дарбызга бизден шай экен.
Кайдан келсин таякем,
Кайдан келсин эжекем,
Мени келер бекен деп,
Күндө күндө түш көргөн.
17/XI 1946
Чолпон-Ата

ФИЗКУЛЬТУРНИКТЕРДИН МАРШЫ

alykul osmonov

Ачык көңүл,
Таза дене,
Жакын жолдош
Биздерге
Колхоздордо,
Заводдордо –
Түк талыкпай
Иштерге.
Шилте бутту,
Көкүрөктү кер
Аван салалы,
Куландай соо,
Куштай ыкчам,
Кең өлкөнүн
Болот балдары.
Зергек көңүл
Чымыр дене,
Жакын жолдош
Биздерге.
Курулушта,
Фабриктерде
Чарчоо билбей
Иштерге.
Шилте бутту,
Көкүрөктү кер
Аван салалы
Куландай соо,
Куштай ыкчам,
Кең өлкөнүн
Болот балдары.
Таза жүрөк,
Сулуу мүчө.
Айныбас дос
Биздерге.
Каналдарда,
Түрлүү кенде,
Түк талыкпай
Иштерге.
Шилте бутту,
Көкүрөктү кер,
Аван салалы,
Куландай соо.
Куштай ыкчам,
Кең өлкөнүн
Болот балдары.
17/ XI 1946
Чолпон-Ата

ЖҮЗҮМ АЛУУ

alykul osmonov

Кыз баладай буралган,
Тараткандай кумардан,
Өзөн суудан суу алып,
Булбул келип сугарган.
Саамай жүзүм,
Салаа жүзүм,
Шербет жүзүм
Ак жүзүм.
Жаш сулуудай буралган,
Жандыргандай кумардан.
Көк дайрадан суу алып,
Күкүк келип сугарган.
Саамай жүзүм,
Салаа жүзүм,
Шербет жүзүм
Ак жүзүм.
Борум кыздай буралган,
Кандыргандай кумардан.
Кашка суудан суу алып,
Каз каркыра сугарган.
Саамай жүзүм,
Салаа жүзүм,
Шербет жүзүм
Ак жүзүм.
17/XI 1946
Чолпон-Ата

КОЙ ТӨЛДӨТҮҮ

alykul osmonov

Төлдүн башы сур эчки,
Төрт улактуу улуу эчки.
Ырысыма келгендей,
Жолу жакшы бул эчки.
Төлдүн соңу куба кой,
Жаныбарым тура кой,
Эгиз кара козулуу
Бул да ушундай ак жолтой.
Мага келген күнүңдөн,
Макмалдай сулуу жүнүңдөн
Мойтоң, мойтоң секирип,
Маарап койгон үнүңдөн.
Кенен болуп төрүбүз,
Тегиз болсо төлүбүз,
Абийирибиз жабылып,
Кызыл болор өңүбүз.
Оолак болсун оорудан,
Кетсин кырсык тооруган,
Төл тилеги туш келсин
Жакшылыкка жоруган.
17/XI 1946
Чолпон-Ата

МОСКВА

alykul osmonov

Үйлөрү окшош биздин бийик аскага,
Жолдору түз биздикинен башкача.
Суулары да, тереңирээк, кеңирээк,
Элдери окшош, өз энеме, атама.
Жаштары бар күлкү менен чоңойгон,
Жаштарындай жүрөгү жаш Москва.
Бүркүт окшош куштары бар асманда,
Чамасы бар, айдан ары ашканга.
Түздүгүндө: адилдиктин бакчасы,
Гүлдөрү көп: жай, күздөн да, жаздан да.
Бул ааламда, барлык бүткөн шаардын
Эң сулуусу, эң сүрдүүсү Москва.
Ырлары бар, ырдап ырлар жазганга,
Күлкүсү бар күлүп көңүл ачканга,
Уйкусу бар эң бир таттуу, эң ширин,
Өмүрү бар, кызыктыгы башкача.
Сөздөрүнө баарыбызды сүйүнткөн
Акылмандар сүйгөн шаар Москва.
17/ХI 1946
Чолпон-Ата

АЛМА ЖЫЙНОО

alykul osmonov

Албаган адам армандуу,
Бир жеген адам дармандуу,
Алмасы калың түнт токой,
Биздин колхоз «Алмалуу».
Коромжу колго кыйбайлы,
Келгиле, алма жыйнайлы,
Алма уурдаган жалкоону
Алма менен сыйлайлы.
Ысырап колго кыйбайлы,
Келгиле алма жыйнайлы.
Алмасы жок колхозду
Алма же деп кыйнайлы.
Дабыр, дабыр дабырлап,
Алма жыйсак ыр ырдап,
Сүйүктүү Маскөө үстүнөн
Алмадан жамгыр жаадырсак.
Шабыр, шабыр шабырлап,
Алма жыйсак ыр ырдап,
Урматтуу Маскөө үстүнөн
Алмадан ак кар жаадырсак.
Албаган адам армандуу,
Бир жеген адам дармандуу,
Алмасы калың, түнт токой –
Биздин колхоз «Алмалуу».
17/XI 1946
Чолпон-Ата

КЫЗДЫРДЫН КҮҮСҮ

alykul osmonov

Атам Ленин алып берген жыргалды,
Атам Ленин жеңип берген жылдарды.
Ого бетер гүлдөтөлү саймалап,
Жаңы өлкөнүн жайдары ачык кыздары.
Алга, кыздар,
Алга, кыздар,
Күндөр бүттү,
Биз уялып
Жер карар.
Мугалим бол,
Инженер бол,
Жумушчу бол,
Акылман бол,
Не кааласаң
Баары бар.
Совет элим жеңип берген жеңишти,
Ал жеңиштин большевиктер негизи.
Көтөр кыздар, оң ийинге салалы,
Беш жылдыктай касиеттүү зор ишти.
Алга, кыздар,
Алга, кыздар,
Күндөр бүттү,
Биз уялып
Жер карар.
Мугалим бол,
Инженер бол,
Жумушчу бол,
Акылман бол,
Не кааласаң
Баары бар.
Тынчтык күндүн тынбай турган иши бар,
Кандуу күндүн камчы тактай изи бар.
Совет кызы кандай кылар экен деп,
Байкап турат батыштагы уу… чуулар.
Алга, кыздар,
Алга, кыздар,
Күндөр бүттү,
Биз уялып
Жер карар.
Мугалим бол,
Инженер бол,
Жумушчу бол,
Акылман бол,
Не кааласаң
Баары бар.
15/XI 1946
Чолпон-Ата

ЖЕҢИШ ЫРЫ

alykul osmonov

Башка күндөн майрамы көп ушул ай,
Баарыбызга бакыт ачкан сулуу май.
Тоодой токсон
Тогузунчу май күнү –
Жүрөгүмдөн жаратылган уулумдай.
Жеңиш күнгө салтанат!
Жеңгендерге салтанат!
Башка күндөн күлкүсү көп ушул май,
Баарыбызга өмүр берген улуу ай,
Жердей жети,
Тогузунчу май күнү –
Мага кымбат аба менен суумдай.
Жеңиш күнгө салтанат!
Жеңгендерге салтанат!
Башка күндөн гүлдөрү көп ушул май,
Баарыбызга жыргал берген улуу ай.
Күндөй сексен
Тогузунчу май күнү –
Мага кымбат, мүлдө ааламдын күнүндөй.
Жеңиш күнгө салтанат!
Жеңгендерге салтанат!
15/XI 1946
Чолпон-Ата

ЧӨП ҮЙМӨК

alykul osmonov

Биз жайлоодон түшкөндө
Чабылып барлык жашыл кыр.
Тоодой бийик жол жасап,
Чөп үймөктөп жатыптыр.
Жутунган жуттан коркпойм деп
Кара атымдын карды ток.
Кызыл көз кыштан коркпойм деп,
Көк өгүздүн көңүлү ток.
Колхозум камчыл колхоз деп,
Ак төбөл козум бойтоңдойт.
Башкармам эстүү адам деп,
Ак серкечим койкоңдойт.
Малына күчүм жетпейт деп,
Аксак бут аяз алаңдайт.
Калкына алым жетпейт деп,
Жыңайлак чилде жалаңдайт.
15/ХI 1946
Чолпон-Ата

АРТИЛЛЕРИСТТЕРДИН МАРШЫ

alykul osmonov

Күрсө-күрсө күңгүрөгөн үнү бар,
Күркүрөгөн күзгү түндөй сүрү бар.
Күчкө келсе күкүм кылып тоолорду,
Кара жерди топтой ойнор түрү бар.
Артиллерия,
Артиллерия –
Согуш кудайы.
Согуш кудайын
Жакшы сыйлайлы.
Сырын жат билип,
Анан ырдайлы.
Эсте, курдаш, бекем туткун эсине,
Кэчее душман эсиркеген кезинде,
Берлин менен Токиодон келген ажалдын
Башын жулкуп, канын бүрккөн ким эле?
Артиллерия,
Артиллерия –
Согуш кудайы!
Согуш кудайын
Жакшы сыйлайлы.
Күчүн үйрөнүп
Анан ырдайлы.
Согуш бүттү азыр бизде тынчтык күн,
Беш жылдыктын көркүн ачкан кызык күн.
Эми биздин тынчтык сүйгөн бул курал
Тынчтыгына таң калтырсын жер жүзүн.
Артиллерия,
Артиллерия –
Тынчтык кудайы!
Тынчтык кудайын
Жакшы сыйлайлы,
Сырын жат билип
Анан ырдайлы.
15/ХI 1946
Чолпон-Ата

МЕН, ПОЧТОБАЙ, ПОЧТОБАЙ

alykul osmonov

Мен почтобай, почтобай,
Кат ташыймын дем албай,
Аларча менен Акбашат
Барар жерим бир далай.
Мен почтобай, почтобай,
Чоң-кичүүнү карабай,
Чоочубай кирип барамын
Чогоол өскөн баладай.
Газет берем, кат берем,
Аткан октой бат берем.
Күлкү берем, күч берем,
Көз жаш эмес, шат берем.
Кең өлкөмө жыйналган,
Күлкүнүн баары меники.
Кең өлкөмө жыйналган
Сүйүүнүн баары меники.
Ал күлкү элдин энчиси,
Мен почтобай элчиси.
Калкыма тийген жыргалды,
Бир тыйын албай берчиси.
15/XI 1946
Чолпон-Ата

МАРИЯ

alykul osmonov

Кудукта тунук суу турса,
Арыктан келип суу алган,
Мария кимдин жары экен?
Ак марал сындуу суналган.
Башатта тунук суу жатса,
Өзөндөн келип суу алган,
Мария кимдин жары экен?
Өрдөктөй мойну суналган.
Айланасы калың бак,
Беш бөлмө тамы бар экен,
Калкына ак нан жедирген
Комбайчынын жары экен.
Тегереги жемиш бак,
Он бөлмө тамы бар экен,
Элине ак май чайнаткан
Механиктин жары экен.
15/XII 1946
Чолпон-Ата

ЖЕҢЕМДИН СӨЗҮ

alykul osmonov

Жазгы суук жанга өтөт,
Жааган күнү жаай берсин.
Жалтактык кылып жанды аяп,
Суук тийди дебесмин.
Жай ысыгы жанга өтөт,
Мейли чекем тердесин. ,
Кызылчамдан кол үзүп,
Ысык өттү дебесмин.
Күзгү шамал күркүрөп,
Мейли күчөп желденсин.
Эгинимден кол үзүп,
Күчүм кетти дебесмин.
Өттү, кетти далай жыл,
Кыйынчылык бир катар.
Бирок колхоз ишинен
Оорубадым бир сапар.
Бул кандай деп сурасаң,
Касиеттүү колхозум
Жамандыкты жолотпойт,-
Ак тилектүү жолдошум.
Анча мынча ажалдан
Алып калат колхозум,
Анча мынча оорудан
Сактап калат колхозум.
14/ХI 1946
Чолпон-Ата

АЙ, ЖАМИЙЛА, ЖАМИЙЛЯ

alykul osmonov

Миң центнерчил Жамийла,
Ааламды бузган дайныңа,
Кусадар болуп өзүңдү
Күндө көрөм деп жүрүп,
Камчым калды айлыңда.
Алып бер үйгө кетейин,
Ай, Жамийла,
Нур Жамийла
Жамийла!
Бир гектарчыл Жамийла,
Бүткүл эл билген дайныңа…
Ынтызар болуп жүзүңдү
Күндө көрөм деп жүрүп,
Күрмөм калды айлыңда.
Алып бер үйгө кетейин,
Ай, Жамийла,
Нур Жамийла
Жамийла!
Атактуу кыз Жамийла,
Биздин эл билген дайныңа,
Ашык болуп өзүңдү,
Күндө көрөм деп жүрүп,
Калп эле таштап камчымды,
Калп эле таштап күрмөмдү,
Эми өзүм калдым айлыңда
Алып бербе катып кой,
Ай, Жамийла,
Нур Жамийла
Жамийла!
14/ХI 1946
Чолпон-Ата

НАРЫН ДАЙРА

alykul osmonov

Салтанат салтын чачып сайдан сайга
Кабландай катуу тийип капчыгайга,-
Күрпүлдөп күчү кайнап күкүктөнүп,
Буурадай буркулдаган Нарын дайра.
Жаңылбай жарык нуру кыштан жайга,
Куш учпас, буудан баспас капчыгайга.
Түрлөнтүп жаңы өндүрүш үйүн тигип
Ильичтин шамын Жаккан Нарын дайра.
14/XI 1946
Чолпон-Ата

ЖЫЛКЫЧЫ

alykul osmonov

Эрдин эри ат токуп,
Ат мине албас аязда,
Жылкычы жылкы кайтарып,
Жылкыга чыгат бир паста.
Жигиттен жигит тандалып,
Жол жүрө албас суукта,
Мурутуна муз тоңуп,
Жылкысын жаят булутка.
Жылкылар тентек, түн узун,
Чыкылдайт чилде күн кыска,
Кабагына кар тоңуп,
Жылкысын жаят жылдызга.
Жылкыда алтын зери бар,
Жылкычы семиз кыпкызыл,
Кемпирлери күлкүчүл,
Келиндери шылдыңчыл.
Жылкычынын дени сак,
Кызынын өңү кыпкызыл,
Уландары оюнчул,
Кунандары уйкучул.
Жылкычы жылкы бакпаса,
Санаага түшүп саргаят,
Бул кесибин алдырса,
Кайгыга түшүп картаят.
14/XI 1946
Чолпон-Ата

КҮЙГӨН

alykul osmonov

Эжеңизге келгеним,
Ал менин
Сизди көрсөм дегеним,
Окууң канча дегеним,
Ал менин
Жашыңды билсем дегеним.
Жигиттен жигит иргейсиң,
Жылмая карап күлбөйсүң,
Ферманын кызы Күкүшжан,
Сен менин
Күйгөнүмдү билбейсиң.
Чачыңды сылап көргөнүм:
Ал менин –
Акылың бар дегеним,
Топчуңду кармап көргөнүм,
Ал менин –
Жүрөгүң асыл дегеним.
Ак, кызыл алма бергеним:
Ал менин –
Сүйсөң да сүйгүн дегеним:
Тор атка минип желгеним:
Ал менин:
Той жасаймын дегеним.
Уландан, улан иргейсиң,
Уяла карап күлбөйсүң,
Ударник кызы Күкүшжан
Сен менин
Убалымды билбейсиң.
Баладан бала иргейсиң,
Кашкая карап күлбөйсүң,
Койчунун кызы Күкүшжан
Сен менин
Күйгөнүмдү билбейсиң.
14/ХI 1946
Чолпон-Ата

БААТЫР ЭНЕ

alykul osmonov

Күн болбосо, Жер да болбос, Ай болбос,
Ай болбосо турмуш көркү шай болбос.
Июль түнү бешик жасап өрүктөн,
Баатыр эне жылдыз тууган айга окшош.
Көл болбосо, жел да болбос, жер оңбос
Жер болбосо жемиш болбос, эл болбос,
Күз болгондо: арча бешик жасатып,
Баатыр эне өмүр берген жерге окшош.
Биздин заман – баатырлардын заманы.
Баатыр эмет эне берген маманы,
Оңой эмес ойдогудай өстүрмөк,
Он бир бала – он бир баатыр кабланды.
Чакыр эне, балдарыңды, көрөйүн,
Мен да балаң, мен эмесмин өгөйүң.
Чын энелик эрдигиңе багынып
Келчи энеке маңдайыңан өбөйүн.
13/ХI 1946
Чолпон-Ата

ЖАЙЛОО

alykul osmonov

Жутсаң көңүл ачылган,
Жайлоонун суусу көк кашка,
Жаңы кийим жытындай,
Жайлоонун жыты бир башка.
Жатсаң көңүл сергиген,
Жайлоонун чөбү бир башка.
Жаш баланын жытындай,
Жайлоонун жыты бир башка.
Ар адамга жагымдуу,
Айран, жуурат, кымызы,
Колхозчунун кызынын,
Кийгендери кырмызы.
Көз жетпеген өрдөштө,
Сан жетпеген мал жатат,
Колхозуң болсо дөөлөттүү,
Жүрөгүңдү жашартат.
13/ХI 1946
Чолпон-Ата

ПАРТОРГ КЕЛЕТ РАЙОНДОН

alykul osmonov

Парторг келет райондон
Бир машина пул1
алып.
«Анан барып алам» – деп,
Бээ саагандар кубанып.
Парторг келет райондон
Үч машина пул алып,
«Болсун, болсун, болсун!» –
деп,
Кой саагандар жарданып.
Карыядан сурасаң:
Кара баркыт тийди –
дейт, –
Жакшы койчу кийсин деп, –
Маскөөдөн берип ийди,- дейт.
Жеңемдерден сурасам:
Жалаң шайы тийди, –
дейт, –
Саанчылар кийсин деп,
Маскөөдөн берип ийди, –
дейт.
13/ХI 1946
Чолпон-Ата

КОШУМЧА ЭМГЕК

alykul osmonov

Биздин койчу Коёнбай,
Чылк кара боз койго бай.
Ак иштеген иши үчүн,
Сыйлык алды ушул ай.
Он беш кызыл козу алды,
Он беш тармал кошо алды.
Он беш айлык иши үчүн,
Он беш жылга жашарды.
Кою койго кошулсун,
Мен сүйөм мунун турмушун,
Улагын сүйгөн кызындай,
Козусун сүйгөн уулундай.
Соогатташып эл барды,
Бири калбай тең барды.
Элди сыйлап меймандап
Отуз жылга жашарды.
13/XI 1946
Чолпон-Ата

ТУЮК АСКА

alykul osmonov

Кызыл кыйма коолору,
Заңгыраган зоолору
Зымырык куш жете алгыс,
Кылдан ичке боолору,
.Жаламасы жалтырап,
Шагылдары жаркырап,
Аскалары арсайып,
Таштар кулап каркырап.
Куюндары куюлгуп,
Тумандары уюлгуп,
Ошол туман ичинде,
Куштар түнөп туюлгуп.
Оолору кууш тар болуп,
Оолугуп көңүл зар болуп,
Өткөн… өткөн доордо
Адамдын колу кар болуп,
Жете албай баатыр кайгырып,
Кабландан чалгын тай кылып,
Тулпардан туяк жешилип,
Учкулдан келет кайрылып.
Ушул күндө карасак: .
Туюк өскөн күн чубак,
Ар жылында бир мезгил
Шумкар бала учурат.
Ушул күндө карасак:
Туюк аска чалкалап,
Куш жетпеген зоолору
Баатырлар зоосу аталат.
13/ХI 1946
Чолпон-Ата

ЖЕЗДЕМ КЕЛЕ ЖАТЫРЫ

alykul osmonov

Шатыр, шатыр, шатырап
Угулуп жамгыр шыбыры.
Ооздугу шалдырап
Обулустук жыйындан
Жездем келе жатыры.
Ай асмандан көрүнбөй
Билинбей түндүн акыры.
Үзөнгүсү жаркылдап,
Ударниктер жыйнынан
Жездем келе жатыры.
Аттан түштү, атты алдык,
Алы-жайын сурадык,
Чыныда чайды колго алып,
Бул сөздү айтты кубанып:
«Дүкөнүнө киргизди
Чайы менен кант алдык,
Кеңсаларга киргизди
Ударник деген ат алдык».
13/XI 1946
Чолпон-Ата

КҮНДӨР

alykul osmonov

Күндөр өтөт, күндөр өтөт билинбей
Өткөн күндүн миңдеринин бириндей.
Кир жукпаган атлас, жибек кийимдей
Тизмектешкен тизмегине илинбей.
Күндөр өтөт, күндөр өтөт зуулдап
Көптөн чыккан күлүк аттай дуулдап,
Тоодон түшкөн дарыядай шаркырап,
Шамал соккон токойлордой шуулдап.
Күндөр өтөт, күндөр өтөт зыпылдап,
Карлыгачтын канатындай лыпылдап,
Күлүк күндөр өткөн сайын заманам
Күлүп карап, жашка айланып
Жылтылдап
Күндөр өтөт, күндөр өтөт байкалбай,
Өткөн күнүн үйүрүнө кайтарбай,
Ого бетер күчкө толот заманам
Өткөн күндүн өткөнүнө карабай.
13/ХI 1946
Чолпон-Ата