Тарбаңдап бадал, куурай, чөп башына
Желелеп каршы-терши торун жаят,
Урунган чымын, чиркей, кумурсканы
Чыгарбай тыбыратып чырмап салат.
Кана, балдар, мунун атын ким табат?


Жер үстүндө жетим бала диңилдейт,
Кар үстүндө карып бала диңгилдик,
Муз астында мусаапыр бала диңгилдик

Жер түбүндө жездекемдин аты кишенейт.

Жер астында борколдой семиз.

Жазда жаагы тынбаган,
Кышта бир да иш кылбаган.

Бакак-бакак үн салып
Суу ичинде уктаган.

Саар келер лөк-лөк,
Кеч келер лөк-лөк.
Алаан жүрүш,
Тамагы тырыш.

Ысык-Көлдөн ит үрөт.

Сасык көлдө ит үрөт.

Оргочордо от күйөт,
Ысык-Көлдө ит үрөт.

Суулуу жерге бээсин байлайт,
Кургак жерге өзү жайлайт.

Өзү чөлдө,
Көзү көлдө

Көлдө жатып өбүшмөк.

Жаткан жери чалчык суу,
Жүргөн жери ызы-чуу.

Жатам-жатам жарыкта,
Жазда чыгам арыкка.

Кечинде үнү бар,
Күндүз үнү жок.

Мойну узун, бою пас,
Жону менен боору таш.
Баш, куйругун, төрт бутун,
Катып алат тийсе кас.

Өзү бакыр,
Башы такыр.

Үстү — таш, асты — таш,
Пайгамбарым — таразакеш.

Асты — таш, үстү — таш
Ортосунда гүлдүр баш.

Асты — таш, үстү — таш
Ортосунда Мамадияр жаргак баш.

Асты — таш, үстү — таш,
Орто жери жалпак таш.

Асты — таш,
Үстү — таш.
Орто жери —
Жалпак баш.

Асты — тагара, үстү — тагара
Ортосунда гүлчечек лала.

Асты зороң, үстү зороң
Ортосунда Байназар чороң.

Алды-артында эшиги бар,
Капталында тешиги бар.

Атам — дүпүлдөк,
Энем — күлүк,
Эжем — ырчы.

Атасы — көтөрмө,
Энеси — жорго,
Баласы — ырчы,
Кызы — оюнчу.

Атасы — чертмекчи,
Апасы — жорго,
Кызы — бийчи,
Баласы — ырчы.

Атасы — молдо, энеси — жорго,
Кызы — ашуулачы, баласы — оюнчу

Атасы — ийри-буйру,
Энеси — шылдыр-шулдур.
Бир баласы — оюнчу,
Бир баласы — комузчу.

Сууда сулайман,
Тоодо толоймон,
Чолдо чөлөймөн,
Кыштакта кылайман.

Сууда Сулайман семиз
Отто Алыйман семиз.

Жандуудан тилсиз,
Жансыздан гүлсүз.

Суу ичинде жүгөнү жок жүгүрөт,
Кургакка чыкса жаны жок күйүгөт.

Асмандагы жылдыздарды көрө албайт,
Кургак жерде тура албайт.

Колу жок, ойнойт,
Буту жок, бирок сойлойт.

Канаты бар, учпайт,
Куйругу бар, конбойт.
Буту жок, сойлойт,
Буттуудай ойнойт.

Бугу жок ойнойт,
Буттуудай сойлойт.

Канаты бар, куш эмес,
Суу түбүндө таш эмес.

Жогору жактан сел келет,
Симирилип, силкинип,
Жети серкем бир келет.

Букардан келген буурачам,
Мурдун тартпай суу ичет.

Бирөвү актык үлкөн болсо дагы,
Бирөвү кичиликтен көзгө илмес.
Куштай үнү, айбанчалык жүнү жок,
Үстүнө адам сыпат кийим кийбес.
Жаздын күнү ысык менен жумушу жок,
Кыштын күнү суук деп үйгө кирбес.
Он кадам, он беш кадам жакын жерден,
Каныма атса дагы мылтык тийбес.
Баарында жер жүзүнүн от алса да,
«Кудаанын кудурети» менен отко күйбөс.

Бир куш бар, канаты бар учпас бийик,
Ошондо да жүрбөйт экен жерге тийип.
Арасын жер менен көктүн өрт алса да,
Кетпейт экен эч бир жери отко күйүп

Бир куш бар, учпайт бийик,
Ошондо, ошондо, өлбөйт отко күйүп

Башы бар, мойну жок,
Көзү бар, кашы жок.
Оозу бар сүйлөбөйт.

Башы бар да, чачы жок,
Көзү бар да, кашы жок.

Асты жылма, үстү жылма
Ортосунда кызыл кыйма.

Талаадан таяк ыргыттым,
Тоодон токум ыргыттым.

Чий түбүндө чылгый кайыш.

Кытайдан келген кылкылдак
Куйругунун учу былкылдак.

Узун-узун уз кетти,
Узун бойлуу кыз кетти.
Каш канасы калтырап,
Көз ганасы жалтырап.

Узун-узун уз келет,
Узун бойлуу кыз келет.
Кабыргасы кылт этет
Эки көзү жылт этет.

Узун-узун уз келет,
Узун бойлуу кыз келет.
Кабактары калтырап
Тырмактары жалтырап.

Таноого таяк сойлоттум.

Талаага таяк ыргыттым.

Талаага таяк көмдүм.

Талаа бети көк соймок,
Таяк келет соймоңдоп.

Жолдо майлуу токоч жатат.

Жол четинде майлуу кайыш.

Жол боюнда токоч жатат.

Алдымда алача жип жатат.

Бортум, бортум, бортум ай,
Караңгыда жорттум ай,
Кара көрсөм качтым ай,
Жарылганга түштүм ай.

Бир кушум бар куйругу бажак-бажак.

Шылдыр-шылдыр жүгөнүм,
Шыпты кара кунаным.

Эл жатса да, Эсенбай чунак жатпайт.

Эй-эй сенин жортушуң,
Ала таар жыртышың.

Эй-эй десең качып чыгат,
Кенчир капты тешип чыгат.

Үй ичинде уялайт,
Бирин-бирин кубалайт.
Чыйылдашып ар дайым
Бирин-бири табалайт.

Түгү жокко түгү бар кирип кетти.

Декчеме-декче, Назаркул бачча.

Такта астында жүгүргөн
Музоо кашка тикилдек

Жума койдум журтуңа,
Тайгаланттым бутуңа.
Ана-муна дегенче,
Кирип кетти астыңа.

Жерден жик чыгат,
Эки кулагы тик чыгат.

Дүүр-дүүр дүрүлдөйт,
Жер астында жүгүрөт.

Үй ичинде болпок семиз.

Жер астында жорголок семиз.

Букардан келген мунаажын,
Куйругу чолок кунаажын.

Букардан келген мунажым кашка,
Такымынын тырышы кашка.

Биз, биз элек
Биз отуз-кырк кыз элек
Таң атканча биз ойноп,
Күн чыкканда кетчү элек