Жанылмачтар

ЖАНЫЛБАЙ БАТ АЙТ

Апал сулуубу? Үсөн улуубу?

Үпөл сулуубу?

Асан менен ким эгиз?

Апал менен ким эгиз?

Үсөн менен ким эгиз?

Үпөл менен ким эгиз?

Арала балам, араала,

Атаңа бир аз карала.

Cен аралабаганда,

Ким арааламак эле.

Сен каралабаганда

Ким караламак эле.

Апам алмадан үчтү үздү,

Алмуруттан үчтү үздү.

Жетпегенин кубүсө.

Жерге баары түз түштү.
————————————-

Ал аралда да марал, 
Бул аралда да арал, 
От экен маралга да арал, 
Оттосун аралга да марал.
————————————-
Аттап барып алты кучак отун алдым, 
Алты котур нарга артып алдым.
——————————————————
Ай, Айдарбай! 
Кызыл мүйүз уюңду, 
Үйүнө айдай бар. 

————————————————-
Алабатага алабаталатпастан, 
Алабатага алабаталатып, 
Алабатага алабаталатабыз.
————————————————
Асманда эки айры куйрук: 
Бири ак кыска айры куйрук, 
Бири кара кыска айры куйрук. 
Ак кыска айры куйруктуу айры куйрук 
Кара кыска айры куйруктун жолун тосот. 
Кара кыска айры куйруктуу айры куйрук 
Ак кыска айры куйруктун жолун тосот.
————————————————————————
Бадал арал, бадал арал, 
Бадал аралда оттогон бала марал. 
Бактияр бээсин алабатага 
Алабаталатам деп барып, 
Алабатага өзү алабаталанып калды.
———————————————————-
Бир ак чымчык, 
Эки ак чымчык, 
Үч ак чымчык, 
Төрт ак чымчык.
 —————————
— Бул кай бал каймак?
— Кудагыйга сакталган. 
Сүр (кур) бал каймак. 
—————————————–
— Бул кайсы арал?
— Каргалы арал. 
Камыш башын кайрып,
Карга уялар.
 ——————————————
Бул кайсы оозу май тайлак?
Бул кайдагы сары май бал каймак? 
Бул оозанган оозу май тайлак, 
Бул сур сары май бал каймак.
———————————————————–
Бүркүтчүлөр бүркүтүн томого менен томоголойт, 
Бүркүтчүлөр бүркүтүн томого менен томогологондо, 
Биз бүркүтүбүздү томого менен томоголобой, 
Ким бүркүтүн томого менен томоголойт?
————————————————————————————-
Бир түп тыт, 
Бир түп турп, 
Турп тытты түртөт, 
Тыт турпту түртөт. 
———————————–
Жогор жактан сел келет, 
Сегиз серке тең келет. 
Куйругун кумга малып келет, 
Сакалын сууга салып келет.
—————————————————
Маң-маң кашка коюм, 
Бешөө беш башка коюм. 
Тиши ушак коюм, 
Буту тушак коюм. 
——————————————-
Жылкы жыйырмага чыкпай картаярбы? 
Картайган жылкынын сөөгү аркаярбы? 
Картайган картаң жылкыны 
Картайган киши кайтараарбы?
——————————————————————–
Кулалы деген куш имиш, 
Аны томоголомок кыйын иш имиш.
————————————————————
Жалаярда бар дейт го бир Тайкарбай, 
Менин айткан Тайкарбайым бай Тайкарбай, 
Сенин айткан Тайкарбайың кай Таркарбай? 
Такыр жерге коюңду жай, Тайкарбай.
—————————————————————————-
Сен эмне мага олураясың? 
Олураярыңа олурай! 
Кудаяр менин кудам эле, 
Кудаяр мени кудалай албады, 
Же Кудаярды мен кудалай албадым.
————————————————————
Жаш кайышты токмоктошпойсуздарбы? 
Жаш бүркүттү томоголошпойсуздарбы?
——————————————————————–
Чамгаракта чарт элек, 
Чартылдашкан эки элек. 
Босогодо эки элек, 
Болтулдашкан эки элек. 
——————————————
Эртең аркарлар марчага марчалайт, 
Эртең аркарлар Марчага марчаласа, 
Биздин жердеги аркарлар марчага марчалабай, 
Кимдин жериндеги аркарлар марчага марчалайт?
————————————————————————————- 
Мүнүшкөрлөр кыргыйга кырк кыл куйрук алдырат, 
Мүнүшкөрлөр кыргыйга кырк кыл куйрук алдырса, 
Биз кыргыйга кырк кыл куйрук алдырбай, 
Ким кыргыйга кырк кыл куйрук алдырат?
————————————————————————————- 
Сыбызгычылар сыбызгысын сызгырылтат, 
Сыбызгычылар сыбызгысын сызгырылтса 
Биз сыбызгыбызды сызгырылтпай, 
Ким сыбызгысын сызгырылтат?
————————————————————————-
Кулаалы «куш» жүрөт имиш, 
«Куу» дегенди сүйөт имиш, 
Өзүн бүркүтчө томого менен томоголомок,
Ал кушча качырып соного соноломок.
————————————————————————
Оторбай, Оторбай, үйүңдү отоло! 
Аны мен отолобой ким отолойт?
——————————————————-
Кудаяр деген кудам бар эле, 
Кудаярды үч жылы кудаладым эле, 
Кудаяр мени үч жылы кудалай албай койду, 
Кургурум куу жолдо кудалаган эле.
—————————————————————————
Көп көпөлөк көкөлөп өтөт, 
Көп көпөлөк көкөлөп өтөт,
Төрт көпөлөк бөлөк өтөт.
 ———————————————
Үч күчүк үшүп 
Үнү бүтүп.
 ————————–
Кулаалы деген куш имиш, 
Томоголомок мүшкүл иш. 
Жандай басып жанына, 
Алдырып койсоң кыйын иш.
————————————————-
Чоң ача таш, 
Кичи ача таш. 
————————–
Чыт тыштуу эски ичик, 
Чыт тыштуу эски ичик.
 —————————————
Эй конок, эт ашатчы, 
Эт ашатсаң бат ашатчы! 
——————————————
Эртең менен эл коюн жылтыркандатат экен, 
Мен да коюмду жылтыркандатам.
—————————————————————————–
От үстүндө бал каймак, 
Бал, бал каймак, бал каймак.
————————————————
Ат семирсе, соорусун чокмоктошмокчу эмес белек, 
Эки кайыш, бир тизгин токмоктошмокчу эмес белек! 
Мынабу жаш кайышты токмоктошпойсуздарбы?
——————————————————————————————
Бул бал каймак, 
Кудагыйга сакталган сүр бал каймак.
————————————————————–
Өйүзгү арал, бул өйүзгү арал, 
Өйүзгү аралды мал аралар, 
Бул өйүзгү аралды марал аралар.
——————————————————-
Мынабу кай арал?
Көк иримдүү кең арал, 
ал арал.
 ————————————–
Жалайырбай, Тартарбай, Тайтакырбай, 
Такыр жерге коюңду жай, калтырабай, 
Сууга салган чычкандай шүмүрөйүп, 
Кыздар, кайда барасың кой кайтарбай,
—————————————————————–
Беш кашка кой, 
бешөө беш башка кой. 
————————————–
Чоң казандын кырмычык, 
Кырып жедим тырмышып.
 ———————————————
Эки айылдын ортосунда делдир тикен отун бар, 
Кел, жеңелер, келгиле, делдир силкме ойнойлу.
——————————————————————————–
Ак уй өөгүн жалайт, 
Абакем өтүгүн жамайт. 
—————————————–
Жогор жактан сел келет, 
Эки теке тең келет. 
——————————————
Кимдин-кимдин топосу? 
Байсар акемдин топосу. 
Кылтыңдайдын кылтасы, 
Кылда кара топосу. 
———————————————-
Шалгамбайдын шагында бир түп тыт бар экен, 
Тыттын түбүндө бир түп түрп бар экен, 
Түрптү тыт түртүп туруптурбу. 
Тытты түрп түртүп туруптурбу? 
———————————————————————————-
Кырк кызыл куйрук, кызыл куйрук, 
Ичинде кызыл кылдырык кыл куйрук.
—————————————————————-
Жогортодон келемин шыргый минип, 
Шыргыйыма ыргый минип. 
—————————————————————
Белестеги беш кашка кой, 
Бешөө беш башка кой, 
Бешаласы кунан кой, 
Бешаласы дөнөн кой. 
——————————————-
 Кырк кыл куйрук, 
Кырк кызыл куйрук, 
Кырк кыл куйрук ичинде, 
Ылгый кызыл кыл куйрук.
 ———————————————
Кезек-кезек, 
Тезек терсек, 
Керек дешет, 
Кезек тезек. 
———————-
Көзү бүтүк, 
Үч күчүк үшүп, 
Үч күчүк үшүп 
Үнү бүтүп. 
————————–
Былкы-былкы былкы таш, 
Былкылдаган кызыл таш, 
Таар токум чаар таш, 
Тайгаланма кара таш.
Бул аралда да арал, 
От экен маралга да арал, 
Оттосун аралга да марал.
—————————————-
Аттап барып алты кучак отун алдым, 
Алты котур нарга артып алдым.
—————————————————————
Ай, ай, Айдарбай! 
Кызыл мүйүз уюңду, 
Үйүнө айдай бар. 
————————————
Алабатага алабаталатпастан, 
Алабатага алабаталатып, 
Алабатага алабаталатабыз.
—————————————————
Асманда эки айры куйрук: 
Бири ак кыска айры куйрук, 
Бири кара кыска айры куйрук. 
Ак кыска айры куйруктуу айры куйрук 
Кара кыска айры куйруктун жолун тосот. 
Кара кыска айры куйруктуу айры куйрук 
Ак кыска айры куйруктун жолун тосот.
———————————————————————-
Бадал арал, бадал арал, 
Бадал аралда оттогон бала марал. 
Бактияр бээсин алабатага 
Алабаталатам деп барып, 
Алабатага өзү алабаталанып калды.
————————————————————
Бир ак чымчык, 
Эки ак чымчык, 
Үч ак чымчык, 
Төрт ак чымчык.
 —————————-
— Бул кай бал каймак?
 — Кудагыйга сакталган. 
Сүр (кур) бал каймак. 
——————————————
— Бул кайсы арал?
— Каргалы арал. 
Камыш башын кайрып,
Карга уялар.
 —————————————–
Бул кайсы оозу май тайлак?
Бул кайдагы сары май бал каймак? 
Бул оозанган оозу май тайлак, 
Бул сур сары май бал каймак.
————————————————————-
Бүркүтчүлөр бүркүтүн томого менен томоголойт, 
Бүркүтчүлөр бүркүтүн томого менен томогологондо, 
Биз бүркүтүбүздү томого менен томоголобой, 
Ким бүркүтүн томого менен томоголойт?
————————————————————————————-
Бир түп тыт, 
Бир түп турп, 
Турп тытты түртөт,
Тыт турпту түртөт. 
———————————-
Жогор жактан сел келет, 
Сегиз серке тең келет. 
Куйругун кумга малып келет, 
Сакалын сууга салып келет.
————————————————-
Маң-маң кашка коюм, 
Бешөө беш башка коюм. 
Тиши ушак коюм, 
Буту тушак коюм. 
—————————————–
Жылкы жыйырмага чыкпай картаярбы? 
Картайган жылкынын сөөгү аркаярбы? 
Картайган картаң жылкыны 
Картайган киши кайтараарбы?
———————————————————————
Кулалы деген куш имиш, 
Аны томоголомок кыйын иш имиш.
————————————————————
Жалаярда бар дейт го бир Тайкарбай, 
Менин айткан Тайкарбайым бай Тайкарбай, 
Сенин айткан Тайкарбайың кай Таркарбай? 
Такыр жерге коюңду жай, Тайкарбай.
Сен эмне мага олураясың? 
Олураярыңа олурай! 
—————————————————————————–
Кудаяр менин кудам эле, 
Кудаяр мени кудалай албады, 
Же Кудаярды мен кудалай албадым.
————————————————————
Жаш кайышты токмоктошпойсуздарбы? 
Жаш бүркүттү томоголошпойсуздарбы?
———————————————————————
Чамгаракта чарт элек, 
Чартылдашкан эки элек.
Босогодо эки элек, 
Болтулдашкан эки элек. 
—————————————–
Эртең аркарлар марчага марчалайт, 
Эртең аркарлар Марчага марчаласа, 
Биздин жердеги аркарлар марчага марчалабай, 
Кимдин жериндеги аркарлар марчага марчалайт?
———————————————————————————–
Мүнүшкөрлөр кыргыйга кырк кыл куйрук алдырат,
Мүнүшкөрлөр кыргыйга кырк кыл куйрук алдырса, 
Биз кыргыйга кырк кыл куйрук алдырбай, 
Ким кыргыйга кырк кыл куйрук алдырат?
————————————————————————————- 
Сыбызгычылар сыбызгысын сызгырылтат, 
Сыбызгычылар сыбызгысын сызгырылтса 
Биз сыбызгыбызды сызгырылтпай, 
Ким сыбызгысын сызгырылтат?
————————————————————————
Кулаалы «куш» жүрөт имиш, 
Куу» дегенди сүйөт имиш, 
Өзүн бүркүтчө томого менен томоголомок,
Ал кушча качырып соного соноломок.
———————————————————————–
Оторбай, Оторбай, үйүңдү отоло! 
Аны мен отолобой ким отолойт?
—————————————————–
Кудаяр деген кудам бар эле, 
Кудаярды үч жылы кудаладым эле,
Кудаяр мени үч жылы кудалай албай койду, 
Кургурум куу жолдо кудалаган эле.
————————————————————————
Көп көпөлөк көкөлөп өтөт, 
Көп көпөлөк көкөлөп өтөт, 
Төрт көпөлөк бөлөк өтөт.
 ——————————————–
Үч күчүк үшүп 
Үнү бүтүп.
 ————————
Кулаалы деген куш имиш, 
Томоголомок мүшкүл иш. 
Жандай басып жанына, 
Алдырып койсоң кыйын иш.
———————————————–
Чоң ача таш, 
Кичи ача таш.
————————
Чыт тыштуу эски ичик, 
Чыт тыштуу эски ичик.
 ————————————–
Эй конок, эт ашатчы, 
Эт ашатсаң бат ашатчы! 
—————————————-
Эртең менен эл коюн жылтыркандатат экен, 
Мен да коюмду жылтыркандатам.
————————————————————————–
От үстүндө бал каймак, 
Бал, бал каймак, бал каймак.
————————————————-
Ат семирсе, соорусун чокмоктошмокчу эмес белек,
Эки кайыш, бир тизгин токмоктошмокчу эмес белек! 
Мынабу жаш кайышты токмоктошпойсуздарбы?
————————————————————————————- 
Бул бал каймак, 
Кудагыйга сакталган сүр бал каймак.
————————————————————-
Өйүзгү арал, бул өйүзгү арал, 
Өйүзгү аралды мал аралар, 
Бул өйүзгү аралды марал аралар.
——————————————————-
Мынабу кай арал?
Көк иримдүү кең арал, 
ал арал.
 ————————————-
Жалайырбай, Тартарбай, Тайтакырбай, 
Такыр жерге коюңду жай, калтырабай, 
Сууга салган чычкандай шүмүрөйүп, 
Кыздар, кайда барасың кой кайтарбай,
—————————————————————-
Беш кашка кой, бешөө беш башка кой. 
—————————————–
Чоң казандын кырмычык, 
Кырып жедим тырмышып.
 ——————————————–
Эки айылдын ортосунда делдир тикен отун бар, 
Кел, жеңелер, келгиле, делдир силкме ойнойлу.
——————————————————————————–
Ак уй өөгүн жалайт, 
Абакем өтүгүн жамайт. 
—————————————
Жогор жактан сел келет, 
Эки теке тең келет. 
—————————————–
Кимдин-кимдин топосу? 
Байсар акемдин топосу. 
Кылтыңдайдын кылтасы, 
Кылда кара топосу. 
——————————————–
Шалгамбайдын шагында бир түп тыт бар экен, 
Тыттын түбүндө бир түп түрп бар экен, 
Түрптү тыт түртүп туруптурбу. 
Тытты түрп түртүп туруптурбу? 
——————————————————————————-
Кырк кызыл куйрук, кызыл куйрук, 
Ичинде кызыл кылдырык кыл куйрук.
—————————————————————-
Жогортодон келемин шыргый минип, 
Шыргыйыма ыргый минип.
—————————————————————
Белестеги беш кашка кой, 
Бешөө беш башка кой, 
Бешаласы кунан кой, 
Бешаласы дөнөн кой. 
——————————————-
Кырк кыл куйрук, 
Кырк кызыл куйрук, 
Кырк кыл куйрук ичинде, 
Ылгый кызыл кыл куйрук.
 ——————————————–
Кезек-кезек, 
Тезек терсек, 
Керек дешет, 
Кезек тезек. 
———————-
Көзү бүтүк, 
Үч күчүк үшүп, 
Үч күчүк үшүп 
Үнү бүтүп. 
————————-
Былкы-былкы былкы таш, 
Былкылдаган кызыл таш, 
Таар токум чаар таш, 
Тайгаланма кара таш.

Ээр жээрденики, жээрде жезденики
Жезде жээниникинде, ээрди жездесиз бербейм деди.

Ээрчигендер ээрчибегендерди ээрчибединер деп
Ээрчибегендер ээрчигендерди ээрчидинер деп
Ээрчигендер менен ээрчибегендер айтышты кеп
Же эми ээрчибегендер ээрчигендерди жеңет
Же ээрчигендер ээрчибегендерди жеңет.

Үйдөн уйду уурдады,
Уйду үйдөн уурдады.
Уй үйдө беле,
Үйдө уй беле,
Ууру үйдөбү,
Үй күйгөнбү,
Ууру Чүйдөнбү?

Үйдөн уйду уурдады,
Уйду үйдөн уурдады.
Уй үйдө беле,
Үйдө уй беле,
Ууру үйдөбү,
Үй күйгөнбү,
Ууру Чүйдөнбү?

Мүйүздүү козунун колунун кооздугун кара,
Мүйүздүү козунун колунун жоондугун кара.
Мүйүздүү козунун колунун карасын кара,
Мүйүздүү козунун колунун аласын кара.

Топ тебелиби,
Таш терелиби
Ташты терип топ тебели.
Топту тебип таш терелиби,
Таш тербей топ тебели
Топ теппей таш терели.

Бугунун бугун кара
Бугунун мунун кара.
Мундуу бугунун бугун кара
Бугунун бугун айтайын сага.

Жез кемпирди тез кетир,
Тез кетирбесен жез кемпир,
Жез тырмагын желпилдетээр,
Бир балээни тез келтиртээр.

Кундун кызы – Кумушай
Айдын кызы – Алтынай
Алтынай менен Кумушай
Биринен отуп бири ай
Аййдай кыздар пай, пай, пай!

Таягын каякта?
Таягын саякта.
Саяк каякта?
Саяк тээ жакта.

Беш таш – ак таш
Бешинчиси – баш таш.
Беш ташка акиташ алышты
Беш ташты актай салышты.

Беш-Терекке беш киши керек
Беш киши Беш-Терекке келет.
Беш-Теректен беш терек кесиш керек
Беш теректи Беш -Теректен кесууго бербеш керек.

Биздин айыл Ак-Терек
Ак-Теректе – коп терек,
Ак-Теректе – кок терек,
Кок терек – бизге керек,
Коп терек Ак-Терекке корк берет.

Булакты турак кылдым,
Булагым – турак,
Турагым – булак.
Турактын булагы бар,
Булактын улагы бар.
Улак – булактыкы,
Булак – турактыкы.

Кункарама – кун караба,
Кун караба – кункарама.
Кункарама кун карабадан чыккан
Кун карап кункарама бышкан.

Белдин усту белеске
Белек баатыр келет де
Белек белдеги белесте
Беруучусун берет де.

Ай ак кеме, ак кеме
Ак кеме келер бат эле
Бат эле келсе ак кеме
Ак кеме келди бат дебе.

Кыргыз десе, Чынгыз дейбиз
Чынгыз десе, кыргыз дейбиз.
Кыргызды Чынгыз дейбизби
Чынгызды кыргыз дейбизби?

Асманда жылдыз коппу,
Жерде кыргыз коппу?
Жылдыз кыргыздарбы,
Кыргыздар жылдыздарбы?
Жылдыздын жарыгы кыргызга тиер,
Кыргыздын жарыгы жылдызга тиер.
Кыргыз жылдызды суйот,
Жылдыз кыргызга куйот.

Бул – булбул,
Булбул – бул.
Бул булбулдун булбулдугун кара,
Бул булбулдун булдурашын сана.

Босогодо босого таяк болбосо,
Босого босогодой болбойбу?
Босого таяктын ордуна башка эле койбойбу?

Божондогон божоктор,
Божондогон болунгуло.
Болунбой божоктосонор,
Борулор бокторушот,
Божондотпой жеп тынышат.

Тойдогулар тойдунарбы?
Тойдогулар тойбодунарбы?

Ойногондор болдунарбы,
Ойногондор болбодунарбы?

Кызыл аяк – бул таяк,
Таяк – кызыл аяк.
Таяктан кызыл аяк кылалы,
Кызыл аякты таяктан кылалы.

Шар суусунун шапатасы салкын,
Шапатасы салкын шар суунун.
Шуулдагы шумдук,
Шуулдагы шумдук шар суунун,
Шапатасы салкын.

Саамал кымыз алынды,
Сары май ага салынды.
Сабаа менен сабалды,
Сары май саамалга таралды.

Оймокту ортого коймокмун
Ортого оймокту коймокмун.
Оймокчу оймокту бербесе,
Кайсы оймокту ортого коймокмун?

Ойногондор ойнобогондорду ойлошобу,
Ойнобогондор ойногондорду ойлошобу?
Ойлошкондор ойнобогондорбу,
Ойлошкондор ойногондорбу?

Ормокту кормокко,
Омор озу келиптир.
Омордун озуно ормокту,
Эч ким бербептир.

Оскон бою оскон тал,
Оскон талдан тандап ал.
Остондо оскон тал,
Оргоого ото мыкты ал.

Саамай чачтуу сары кыз,
Саамал куйган дары кыз.
Саамайын саамалга салынбайбы,
Саамалга саамайын малынбайбы?

Тотунун токтусуна,
Кокунун козусуна,
Чеберенин чебичине,
Улардын улагына.
Кыштынын быштысына,
Коконун кочкоруна,
Соконун соолугуна,
Койчунун колу тийбейт,
Кишилер муну билбейт.

Талаадагы таруунун,
Тазасынан терели.
Тарууну талкандыкка берели,
Тарууну талаага себели,
Тарууну тазалап берели.

Ташбака таарынып,
Таштарды аттап,
Бет алдын беттеп,
Бегишти кектеп,
Бемишти жектеп,
Безип кетти.

Таш ташыткан Таштан,
Таш тапшыдык алыштан.
Таштан ташы ткан таштан,
Таш үй салат кайра баштан.

Таштабадыңарбы баштаганыңарды,
Баштабадыңарбы таштаганыңарды.
Таштасаңар баштаганынарды,
Таштадыңарбы баштабаганыңарды?

Асманда ак булут,
Асманда туруп.
Карарып-карарып бары
Мөндүрүн төктү уруп,
Жамгырын төктү куюп.

Тоодон түшүп таш кулап,
Томурайды кашкулак.
Тамаша кылды жаш улак,
Тайраландады башка улак.

Тоокто томого болорбу,
Томогосуз тоок тоок конокко конорбу?

Тоонун тегизи болобу,
Түлкүнүн семизи болобу?
Тоонун эгизи болобу,
Табылгынын сүтү болобу,
Таранчынын күчү болобу?

Жел боону келе,
Жел боону жоготтуң беле?
Жердеги жел боо жерге оонап,
Желимдей болуп жатпады беле?

Төрөкулдун төөсүнүн төбөсүндө агы бар,
Төрөкулдун өзүнүн төбөсүндө калы бар.

Тулпарды туяк сактайт дешсе,
Тулпар туякты сактайбы,
Туяк тулпарды сактайбы?
Тулпардан туяк сакталабы,
Туяктан тулпар сакталабы?

Тулпарын темингенде Телибайдын тебетейи тегеренип,
Тегеренген Телибайдын тебетейи тебеленип,
Тебеленген Телибайдын тебетейи тоголонуп,
Телибайдын тулпарынын туягында калды конуп.

Кой, койлугуңду кой,
Койлугуңду кой босоң, ой.
Кечинде биздикинде той,
Келини кайнатасына айтар:
Ушул койду эле сой!

Талааларда таш көппү,
Таш тапшыган Ташбай көптү.
Ташын талаадан ташыбай ушу,
Ташбайдыкы өттү.

Күүнүн башы -«Камбаркан»,
Күү чыгарган Камбардан.
Калып келген чалдардын,
Эчен-эчен жандардан.
Арабызда Камбар бар,
Ал Кам барда не кам бар?

Боёкчунун боёгунун боздугунан,
Боёкчунун боёк билбес баёолугунан,
Балконумду боёкчунун боегуна боётпостон,
Боёкчунун боёкторун коротпостон,
Боёктобос боекчуну бошоттурдум.

Кийикчинин кийикке келип кейигенин көрүп,
Кейикчээлдин кешпирине кейий берип,
Билбей калдык кайберен дин этин кандайча жедик?

Жоргологон жоргонун жорткону неси,
Жоргологон жорго жолдо чын эле жортот дечи,
Жоргологон жоргонун жолунан чыкпагылачы дечи?

Мергендин тергенин кара,
Терилген мергендин ууларын сана.
Терилген ууларын мерген,
Терисин береби сага,
Тең белүп береби мага?

Бийиктеги кийиктин кыйыктыгын кара,
Кыйык кийиктин бийиктигин кара.
Бийиктеги кыйык кийик келмек беле сага,
Келбеген бийиктеги кыйык кийикке бара кал анда.

Бак – шагы менен бак,
Шак -багы менен шат.
Шаттуу бактын шагы көп,
Шактуу бактын баары көп.

Күүчүнүн күүсүнүн күүлөн үшү,
Күүлөнгөн күүчүнүн күүсүнөн күүчүнүн күңгүрөнүшү,
Куңгүрөнгөн күүчүнүн күүсүнүн күчүн карачы ай.

Кезек – керек,
Кезек келет,
Керек кезек келет деп,
Кезек күтүп кезерип,
Кетпейбизби безерип.

Ак улактын кулагын кара,
Кулагы кара ак улак,
Караны кайдан тапты бу чунак.
Ак улактын кулагы – кара.

Бу баланын башынын чачы чала,
Чачы чала баланын башын кара.
Башындагы чачынын карасын кара,
Башындагы чачынын аласын кара,
Чачын дагы алдырбаса уят го таза.

Козучу Козубайдын козусу,
Козубай козунун койчусу.
Козу да, Козубай да бөлүнчү эмес але,
Карачы,
Козубай да, козу да көрүнбөйт дейби?

Кой семиз болсо, козусу – эгиз,
Эгиз козунун энеси – семиз.
Семиз койдун козусу тегиз,
Тегиз койдун козусу – эгиз,
Ошон үчүн койго от жегиз.

Кол көтөргөндөр кол көтөрбөгөндөрдү көңүлгө албагыла,
Кол көтөрбөгөндөр кол көтөргөндөрдү бир карагыла.
Кол көтөрбөгөндер қол көтөргөндөрдү жандагыла,
Кол көтөрбөгөндөр кол көтөргөндөрдөн калбагыла.

Асманда жүз көгүчкөн,
Бөлүнүшүп үч-үчтөн,
Учуп өттү үстүбүздөн,
Үстүбүздөн өткен жүз когучкон,
Белүнүптүр уч-учтон.

Аш катыкты,
Аяш катып,
Аш катыксыз,
Баш катып.
Аш катыксыз аш катып,
Ашсыз калдык таш катып.

Эзип айтсаң эчен кур,
Ээ бербеген Эсентур.
Ээликкенде эчен кур,
Ээрчип алган Эсентур.
Ээрчитпедим эчен кур,
Эрегишкен эчен жыл.
Эбелектей Эсен бул?
Эми канттиң эсиң жый,
Эстен кетпей эсен тур.

Ала-була балык алабуга,
Алабуга балык болбойт экен,
Ала-Бука сууда.

Көчкөндөр көчпөгөндөрдү көчкүлө дебеди,
Көчпөгөндөр көчкөндөргө көчөлү дебеди.

Саадатбектин саатынын тактыгынанбы,
Самыйбектин сагызгандай сактыгынанбы.
Сай боюндагы сайраган сагызганды,
Секирип туруп серпип кетели.

Үймөлөктөшкөн жөжөлөрдү.
Үймөлөктөшпөгөн жөжөлөр,
Үшүн алып үркүттү.

Ала улагымдын туягында аласы,
Ала улагымдын кулагынын тазасы ай.
Ала улагымдын туягынын аласы ай,
Ала улагымдын туяктарын,
Кулактарын карачы ай.

Обу жок Орунбайдын оолжуганын кара,
Орунбайдын обу жоктонуп оолжуганын сана.
Оолжуган Орунбай обу жоктонуп,
Оодарылып атынан түшпөдүбү жана.

Керегелерди ашташтырдыңарбы?
Ууктарды машташтырдыңарбы?
Отургузгандарды жашташтырдыңарбы?

Базардан Базарбай базарлык алды,
Базарбайдын базарлыгын базардан Базаргүл алды,
Базаргүл Базарбайдын базардан алган
Базарлыгын балдарына алып барды,

Беш бала “беш” алат,
“Беш” алган беш бала,
Беш алманын жанына барат.
Беш ама «беш” алган беш баланы
Башына чыгарып алат.

Курут – куруду,
Курутту — унут.
Курутту куруттук,
Куруган курутту,
Кантип унуттук?

Курутту камышка куруттуңарбы,
Курутту камышка курутпадыңарбы?

Куурай куураган,
Куураганына кубангам.
Куураган деген куурайым,
Куураган куурайды кууратпа деп,
Куураган тура ылайдан.
Куурай сурангандыр кудайдан.

Жорунун жоругу жолдо калсын,
Жоболоңдуу жоругун жоготуп алсын,
Жоболондуу жоругун жоготпосо,
Жоголгур жоруң жаныбызга жакындабасын.













Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

18 + 2 =