Жаңы жанылмачтар

Ак чайнекте көк капкак,
Көк чайнекте ак капкак.


Маш буурчак таптаттуу,
Таш буурчак капкатуу.
Айтмак белем мен калпты,
Анда өзүң байкаштыр.


Үзүлүп кетип үзөңгү,
Үсөн ооп түзөлдү,
Үсөн күчтүү болбосо,
Үзүлмөкпү үзөңгү.

Токол музоо сүзөнөөк,
Моюнчасын үзөнөөк,
Сүзоноок, узөнөөк,
Байлап салдык үчөөлөп.

Көзү бүтүк, үч күчүк үшүп,
Үч күчүк үшүп, үнү бүтүп.

Аттокурга ат бактырышты,
Атка бат аткастырышты,
Бастырмага атты,
Бат башбактырышты,
Бастырманы бат,
Бат баткак кылышты.


Бар эле бир ала нар,
Анан да бир кара нар,
Ала нарга ак каңкы.


Ала нарга ыргай артам,
Кара нарга шыргый артам,

Карымшак менен Карамат Карагат терди,
Карымшак жарым шак Карагат терди.
Калган карагатты, Кармат терди.
Шайыр шактан өрүк терди,
Көк кызылын бөлүп терди.
Шайыргул шактан өрүк терди,
Эзилгенин бөлүп терди.


Айыл конгон ала бел,
Ала белге бара кел.
Ала белдин алты туп,
Алмасынан ала кел.


Ээрди токуп алдым,
аралды аралап барып отун алдым.
Кылтакка алсам кыргыйды,
Кыйып алсам шыргыйды,
Кыргый көзү кылыгый экен,
Кыйган шыргый чылгый экен


Көйкөлгөн көк чөп жакшы,
Көктөм көк чачты.
Көктөмдө Көчөк чөп чапты,
Көчөк чөпгү көп чапты,
Көчөк көк чөптү көк чапты.


Топоздор топ-топ турушабы,
Топоздор токтоп турушабы,
Топоздор оттоп турушабы,
Топоздор, топозго окшоп турушабы?


Алар ак кууларбы,
Ашкан сак кууларбы,
Аңчыны алар азгырабы,
Аңчыны алдап жазгырабы,
Аңчыга алар аттырабы?


Ашыр менен ашуу ашырышалы,
Ашым менен ашык-машык ашташтырышал


Иште иш иштеш керекпи,
Иште тик тиктеш керекпи?


Ала көлдө бала бар,
Ала көлдөгү ал балага Бала ала бар.


Чымырбай чылым – деди,
Чынарбай чыгым-деди,
Чыпкабай чымын-деди.


Жаңылтмачты жат айтам,
Жаттагандай бат айтам,


Асыл аймак ала бел
Асылынан ала кел.


Топ секирет топулдап,
Топ ойнойбуз топурлап.
Топурласак токтобой,
Топулдайт топ токулдак.


Аралды араладык,
Аларга караладык.
Аларга кабылалбай,
Каралап, араладык.


Биздин айыл Кайырма,
Кайырмада айырма.
Айырма кандай экенин,
Айралбасаң айырба.


Маң-маң кашка,
Бешөө беш кашка коюм.
Тиши жумшак коюм,
Буту тушак коюм.


Сүзбөсүн деп эч кимди,
Байлап салдым эчкимди.


Көл жээгинде көп бала,
Көп балада ак майке,
Аз балада көк майке.

Сай тарапта карт дарак,
Марат жатат өзүнчө,
Чар тарапты сак карап.


Шерип келип,
Берип кетти өрүк.


Адегенде сиз биз дештик,
Андан кийин кишмиш жештик.


Алар менен тик тиктештик,
Булар менен жип тиштештик.


Топ томолокпу,
Же тоголокпу?
Топ томолок болсо,
Топ томолонобу,
Же топ тоголонобу?


Жок экен, бар экен,
Бир кыз, бир бала бар экен,
Бири айдай бар экен,
Бири айдай бала экен.


Мала малалаштык,
Алар менен ала малалаштык,
Булар менен,
Чала малалаштык.


Калыяга Салыя асылды:
-Катырбай айтчы башымды,
-Чалыяр Даныярды чакырдыбы,
Даныяр Чалыярды чакырдыбы?


Кара балапан
Кайра акыят, карап алакан.
Карды кампайсын, Таруу, күрүчкө толсун алакан.
Топ-топ чокулап, тойсун балапан.


Тоонун тегизи болобу,
Түлкүнүн семизи болобу.
Төөнүн эгизи болобу,
Табылгынын сүтү болобу
Таранчынын күчү болобу?


Ай талаада кар ышкырат,
Андан коркпойт карышкыр, ат.


Куюшканын куткундады,
Мудаяр Кудаярдын
Куюшканын куткундады.


Ана арал,
мына арал,
Мына арал-марал арал,
Ана арал-мал арал,
Мал аралды марал аралаарбы,
Марал аралды мал аралаарбы.


Чоң казанда кырмычык,
Кырып жедим тырмышып,
Өйдо чыктым тырмышып,
Ылдый түштүм жылмышып.


Мүнүшкөрлөр кыргыйга кырк кыл куйрук алдырат,
Мүнүшкөрлөр кыргыйга кырк кыл куйрук алдырса.
Биз кыргыйга кырк кыл куйрук алдырбай,
Ким кыргыйга кырк кыл куйрук алдырат?


Кулаалы куш жүрөт имиш,
Куу дегенди сүйөт имиш.


Өзүн бүркүтчө томого менен томоголомок,
Ал кушча качырып, соного соноломок.


Оторбай, Оторбай, үйүңдү отоло!
Аны сен отолобой ким отолойт?


Бак-бак, бак-бак, Бака жайы баткак.
Бак-бак десе мактап, Бат-бат аттайт бак-бак.


Асманда эки айры куйрук,
Бирөө ак кыска куйруктуу айры куйрук,
Бирөө кара кыска куйруктуу айры куйрук,
Ак кыска куйруктуу айры куйруктун жолун,
Кара кыска куйруктуу айры куйрук торойт.
Кара кыска куйруктуу айры куйруктун жолун,
Ак кыска куйруктуу айры куйрук торойт.


Атам баккан уйлардын.
Көпчүлүгү карала,
Көпчүлүгү сарала,
Ишенбесең уйлардын,
Бүт баарысын арала.


Чамгаракта чарт элек,
Чартылдашкан эки элек.
Босогодо эки элек,
Бортулдашкан эки элек.


Асан менен Үсөн эгиз,
Апал менен Үпөл эгиз,
Асан улуубу, Апал сулуубу,
Үсөн улуубу, Үпөл сулуубу,
Асан менен ким эгиз,
Апал менен ким эгиз,
Үсөн менен ким эгиз,
Үпөл менен ким эгиз


Кезек-кезек
Тезек терсең
Керек дешет,
Кезек тезек.


Бул кайсы алар каргалы арал?
Камыш башын кайрып, каргалар уялар.


Ак дептер,
Көк дептер,
Жыкжыйма көп дептер,
Көңүлгө төп дептер
Алсак деп, ак кептер.
Көрсөк деп, көк кептер.
Көңүлдөн көп дегдээр

Бул – май каймак, бал каймак,
Балдан чыккан ал каймак.
Балда май, бал болбосо,
Кайдан чыккан ал каймак.
Бул – бал каймак, бал каймак,
Бул – бал каймак, май каймак,
Тең келет буга кай каймак.


Аралга алар барабы?
Аларга арал барабы?
Алардан анар алабы?
Анардан алар алабы?


Ала-Арчада да арча бар,
Аралчада да алча бар.
Аралчаны Ала-Арча деп,
Ала-Арчаны аралча деп,
Адашып жүрөт канчалар.


Кырк ыргайды кыркып туруп,
Кыркбай кылды кырк укурук.

Кырк укурук кырк туруп,
Кырктыгын кырк уктуруп.


Көк көпөлөк көк гүлгө конду,
Көп көпөлөк көп гүлгө конду.
Көп көпөлөк көбөйүп учту,
Көп көпөлөк көгөрүп учту.


Сарала ат, карала ат,
Санарлап бара алат.
Каалгыса карала ат,
Каралап сарала ат,
Жанында кала алат.


Бара алсам бара алармын,
Бара албасам бара албаармын.
Баралбасам баралбады дебегиле,
Баралсам бааланбады дебегиле.


Апам Асылга акыл айтат,
Асыл Акылга акыл айтат.
Акыл Асылдын акылын укпайт,
Алдыртан көзүн акырайтат
Акылды кайра Акыл айтат
Айтканда катыра айтат
Асыл Акылга көзүн акырайтат
Акыл Асылга көзүн бакырайтат
Асыл Акылга сөзүн бакыра айтат.

Суу боюнда дарак өсөт,
Сууну дайым карап өсөт.
Сулуу чачын тарап өсөт,
Суусуз калса араң өсөт.


Ороз кууду корозду,
Короз кууду Орозду.
Кокуй дешип ошону
Короздун жолун торошту.


Сенин бүркүтүң томоголуу,
Менин бүркутүм томоголуу.
Томоголуу бүркүттөрдү,
Томоголоштурбайлыбы.


Топ-топ тоодон тоголонду,
Тоголонгон топту тоодон тоголотту,
Тоодон тоголонгон топту,
Толгон тосуп алды.


Урал тоолорунда,
Улар болбойт.
Улар болсо
Курал болбойт.


Суй уйду айдай бар, суй уйду,
Айдай бар, сүйрөңдөбөй суй уйду.
Капталдагы кара уйду,
Үйгө айдай бар суй уйду.


Түшкө кирет
Түстүу шаар
Түшкө кирген
Түстүү шаардан
Түшүнбөдүм канча бар


Бердибектин белегин Белек алды,
Белектин белегин Бердибек алды.


Беш коюм бар
Баш кашка коюм бар
Беш коюм Беш башка.


Тигил арал, бул арал
Тигил аралды мал аралар
Бул аралды марал аралар.


Чал чалгы чапты
Чалгы чаянды чапты
Чаян чалды чакты
Чал чайканага качты.


Ишти жаз башынан башташыбыз керек.
Жаз башынан ишти баштабасак,
Ал ишти таптакыр ташташыбыз керек.


Ак карлуу Ала-Тоодо аралча бар.
Ал аралчада ала арча бар,
Ала арча ичин араласаң,
Ала арча ичинде бал арча бар.


Айылдашка айылдаш,
Кылабыз деп айырбаш.
Алып келип айырмач,
Кылбадыбы айырбаш


Апам алмадан үчтү үздү,
Алмуруттан да үчтү үздү
Бою жетпегенин күүсө,
Жерге баары түз түштү.


Багыш бадалды аралады,
Багыштын артынан бала бадалды аралап,
Багышка бара алабы?
Багыш бадалды ары аралады,
Багыш баласына каралады,
Баласына каралаган багышты
Бадал аралаган бала табалабы?


Адырандаган Адыраңбайды,
Калпты көп айткан Кадыраңбай
Сен ардандыра албасаң,
Мен ардандыра аламбы?
Мен ардандыра албасам,
Сен ардандыра аласыңбы?


Оюнсаак Омор
Ойлонсо оңоор
Обу жок оюнун
Ойнобой коер.


Оттойт сайда ак торпок,
Сайгак жокто ал корпойт.
Сайгактабайт ак торпок,
Сайгагына сак болсок.


Кара балапан
Карап алакан
Карды кампайсын
Кана балапан
Балапанга алакан
Алаканга балапан
Толсун алакан
Тойсун балапан


Бир туп тыт,
бир туп турп,
бир туп тытты,
бир туп турп туртуп турат,
бир туп турпту бир тыт туртуп турат.


Чал чалгы чапты.
Чалгы чапкан чалды чаян чакты.
Чаян чаккан чал чанкырып чайканага чапты.
Чаян чаккан чалга чайканадагы чалдар чайдын чамасын чайкап-чуйкап чачты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4 + тринадцать =