Бышырса – аш болот
Бышырбаса -куш болот.

Өзү кардай,
Даамы балдай.
Тишке жумшак,
Бирок муздак.

Бышырса аш болот,

бышырбаса куш болот.

Жартысы сары,жартысы ак,

мунун атын ойлоп тап.

Секи-секи, секи таш,
Секи таштын үстүндө,
Сексен койдун изи бар.
Муну тапкан адамдын,
Жүз жыйырма жашы бар.

Бири кара, бири ак,
Башкадан сыйлуу бул тамак.
Жайкы келген конокко
Жасап бериш жакшы салт,
Кайсы тамак болду экен,
Мунун жообун ким табат?

Үйүрдүм, Чүйүрдүм,
Үч камышка кийирдим,
Үч камыштан чыгарып,
Топ камышка кийирдим,
Топ камыштан чыгарып,
Чокудан ары бир койдум.

Ийирдим – ийирдим,
Ийри тамга кийирдим

Керим-керим, керим токой,
Керилишип келген токой.

Бурум-бурум, бурум токой,
Буралышып жаткан токой.
Абил акем айткан токой,
Айкалышып жаткан токой.

Токой толгон кийик,
Толгонуп жаткан кийик,
Атакем аткан кийик,
Айланып, жаткан кийик.

Атакем айткан жомок,
Айлана бүткөн жомок,
Токой толгон жомок,
Толгонуп бүткөн жомок.

Ийри-муйру КӨК чыбык,
Ийлеп койгон ак мамык.

— Кайдан чыктың?
— Кандуу жайдан чыктым.
— Неге жукпайт?
— Калкыбыздын каадасы.
— Кайдан чыктың?
— Топурактуу жайдан чыктым,
— Топурагы неге жукпайт?
— Элибиздин сарасы.

Оягы такта, быягы такта,
Ортосунда гүлгүнай пахта

Кайдан келдиң?
Кандан келдим.
Эмне үчүн кан болгон жоксуң?
«Кудаанын бирлиги» менен кан болгон жокмун.

Эжекем өзү аппак,
Каны ичиге кыштайт,
Каны эмнеге жукпайт.

Каныкей кан жайлайт?
Кан жайлоого жайлайт.
Эмне үчүн кан чыкпайт?
Аппак үчүн кан чыкпайт.

Кан аке, кайда жайлады?
Кан ичиге жайлады.
Немне үчүн жайлады?
Аппак үчүн жайлады.

Кат-кат ырабатка бардым
Этек жеңиме,
Кан тийгизбей кайтып келдим.

Ачыла элек сандыкта
Бычыла элек жоолук бар.

«Башым» деп башын буудурду
Сан жылкыны куудурду.

Кичкине гана сары кыз
Бардык элге дары кыз

Эксем, өнчүдөй эмес,
Көтөрсөм, дүнүйөдөн жеңил эмес.

Ашка салса жоголду,
Анын даамы оңолду.

Бир күчүгүм бар,
Аштан, тойдон калбайт.

Астынан карасам, аңгир-заңгир,
Жанына барсам, капталуу темир.
Оозун ачсам — аппак,
Даамын татсам эмес таттак.

Алты төөдө ашым бар,
Ачыксам да жей албадым.
Тогуз төөдө тонум бар,
Тонумду да кийе албадым.

Алты төөгө аш жүктөдүм
Ачка жүрүп бир иче албай койдум.

Таттуулугу балдай?
Аппактыгы кардай.

Ак бирок, кар эмес
Таттуу, бирок бал эмес.

Кудам кудукка түштү
Курсагы порсоя түштү,
Эки бети кызара түштү.

Кан келди деп,
Каттап-каттап төшөк салдым.
Бек келди деп
Беттеп-беттеп төшөк салдым.

Белден алган бвдре саптуу бычагым,
Калдан алган гадра саптуу бычагым,
Кан келет деп каттап-каттап төшөк салганым

Өл деп урса, курук чыгат,
Я, Мустапа, Мукаммат.

Өлдөп урса, кургак чыгат.

Ойдо олоң,
Кырда кылаң,
Бир кап жылан.

Котур тоом күлгө оонайт.

Жым-жым, жым кийиз,
Жымылдаган ак кийиз.

Жулмаласа жаны жок,
Мууздаса каны жок.

Жулмаласа жүнү чыкпайт,
Кессе каны чыкпайт.

Былк-былк, былк семиз,
Кабыргасы жок семиз

Албарсты, күлбарсты,
Ак кемерди жоо басты.

Дөбө-дөбө дөбөлөйт,
Дөбөгө жамгыр себелейт.

Кайдан чыктың?
Тупурактуу жерден чыктым.
Тупурагы эмнеге жукпайт?
Элибиздин сарасы.

Шайбыр-шайбур борколдой баатыр,
Ташка койсоң эрип кетет,
Сууга салсаң тоңуп калат.

Жүк астында борколдой семиз

Өзү сары, бардыгына дары.

Боз боолуу чечек,
Мойну ала чечек,
Тапталуу чечек,
Тамагы ал чечек

Сүттүн сүзүп коюусун,
Казанга салып кайнатам,
Эңсеп келген адамга,
Бир-экиден чайнатам,
Баштыкка салып, бек катып,
Жайдан кышка жайлатам.

Суусу ичилет, коюусу калат.

Мытан бышкан ашты көрдүм.

Ичсең ток,
Тура калсаң жок

Суюк, бирок суу эмес,
Ак, бирок кар эмес.

Кудам кудукка түштү,
Кулагы шалпыя түштү.

Узунунан кесилет,
Сууга салса эзилет

Кызартып салып алып,
Бозортуп сууруп алды.

Узун-узун упарым,
Ичиндеги жыпарым,
Кара тору каркыным,
Ичиндеги жаркыным.

Кара саңа каркыным,
Башындагы жаркыным.
Узун-узун упарым,
Учундагы жыпарым.

Кара каркыным,
Ичиндеги жаркыным.

Карападай кабы бар,
Кылычы мизсиз, сабы бар,
Төрт анжылуу чөлү бар,
Көйкөлгөн аппак көлү бар.

Карападай кабы бар,
Токмогунун сабы бар,
Төрт анжылуу чөлү бар,
Көйкөлгөн ак көлү бар.

Бурамадан сабы бар,
Булгаарыдан кабы бар.
Чатыр-Көлдөй көлү бар,
Чардап ичер эби бар.
Эртең менен болгондо,
Сагалап ичер эли бар.

Бурамадан сабы бар,
Булгаарыдан кабы бар.
Айдаркан деген көлү бар,
Аны издеп келген эли бар.

Саап алса суу чыгат,
Ичип алса мээр канат.

6Кырымдын кызы
Төрөмдүн кырк кызынын энесидирмин.

Кырымдан келген кыздырмын,
Кырк кыздын энесидирмин.
А чакадан бу чака,
Жалгыз-жарым жаткан эместирмин
Жана эле кайтып кыздырмын.

Кызымдын кызыдырмын,
Кырк кыздын энесидирмин.

Аппак суусун кандырат,
Ачкыл, бетиң албырат.
Арак деп айта көрбөгүн
Дарылыкка ал жарайт.

Бозоруп кирип, кызарып чыгат.

Ашка салсам жоголду.
Анын даамын оңдоду.

Былк-былк, былк семиз,
Кабыргасы жок семиз.

Бир чынынын ичинде эки тамак бар.

Өзү таттуу, мупмуздак,
Бирок аны ичпейсиң.
Алып берсе идишин,
Катыратып бүт жейсиң.

Мейли оку оңунан,
Мейли оку соңунан.
Тынбай желчү кайсы даам,
Тамактардын баарынан.

Сууда өнөт,
Сууда өсөт.
Сууда бышып,
Суу менен желет.

Өзү ачуу,
Тамакка салсаң таттуу.