Макал

  • “Көңүлүмө жагат” деп көрүнгөн менен дос болбо
  • “Көрдүм” деген көп сөз, “Көрбөдүм” деген бир сөз
  • ‘’Кел” демек бар, “кет” демек жок
  • Кагаз жазып колу жоорубагандын, иштеп бели да оорубайт
  • Казды туурап карганын буту сыныптыр
  • Казына – казына эмес, эл – казына
  • Кайгы жокто кайын энем өлүп кайгыртты
  • Кайгыдан адам картаят, шаттыктан адам жашарат
  • Кайгысы жок кара сууга семирет
  • Кайгысызга уйку таттуу
  • Кайда барсаң да, казандын кулагы төртөө
  • Кайда барсаң Мамайдын көрү
  • Кайнага калтайбаса, келин келтейбейт
  • Кайраттуу – карыса да жаштай, кайратсыз жаш болсо да карыдай
  • Кайрылгандан – айрылба
  • Калк айтса – калп айтпайт
  • Калп – ырыс кесет, кайгы – өмүр кесет
  • Калп айткан киши жарыбайт
  • Калптын казаны кайнабайт
  • Калптын сөзү суу кечпейт
  • Калптын сөзү ушак, чындын сөзү тузак
  • Калыс арыбайт, калпычы жарыбайт
  • Каман өлсө тиши калат, адам өлсө иши калат
  • Канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай
  • Кандан ажырасаң да, калктан ажыраба
  • Кандан, Бектен кайра тартпаган
  • Кандын да бир татым тузу кемиптир
  • Кара далы – эр тандабайт, өлөөр адам – жер тандабайт
  • Кара жерди жамандаба, башка кайда барасың, Калың элди жамандаба, каргышына каласың
  • Кара жылды как жарган – калыс
  • Кара кыздын агынан эмес, багынан
  • Кара эчкиге жан кайгы, касапчыга мал кайгы
  • Карга баласын аппагым дейт
  • Карга карганын мээсин чокубайт
  • Каргайын десем – жалгызсың, каргабайын десем – байкушсуң
  • Каргыш албай, алкыш ал
  • Карды тойгон канга салам бербейт
  • Картаңдан ыйман кетсе, жаштардан уят кетет
  • Кары адам үйдүн куту
  • Кары алжыса – баладай
  • Кары келсе – ашка, жаш келсе – ишке
  • Карыганда жан таттуу, жандан дагы мал таттуу
  • Карылыктын алды, жаштыктын арты
  • Карын ачты, кайрат качты
  • Карыны токтун кайгысы жок
  • Карынын кебин капка сал
  • Карысы бардын ырысы бар
  • Карыш – карыш, сөөм – сөөм
  • Кастын ою бөлөк, достун ою жөлөк
  • Катуудан тиш оору кыйын, жумшактан ич оору кыйын
  • Катын албай кайын ал
  • Катын алсаң отун ал, бир кучагын ашык ал
  • Катын жакшы – эр жакшы
  • Катын өлсө камчы сап
  • Катының долу болсо, замандын тынчтыгынан не пайда
  • Качан көрсөм тойдон көрөм
  • Качкан да кудай дейт, кууган да кудай дейт
  • Каш коём деп, көзүн чукуп алыптыр
  • Кашыктап чогултканды, чөмүчтөп чачпа
  • Каяшачыл карыш узабайт
  • Кедей байга жетейин, бай кудайга жетейин дейт
  • Кедейди көчкөндө көрөсүң
  • Кедейдин бир тойгону орто байыганы
  • Кедейлик кемтик эмес
  • Кежир жек көрүнөт, элпек эп көрүнөт
  • Келин жаман эмес, келген жер жаман
  • Келме кезек – терме тезек
  • Кембагал болсоң көчүп көр!
  • Кемчилигин моюнга албаган, келечегин оюна албайт
  • Кеңешип кескен бармак оорубайт
  • Кеп чынынан бузулбайт
  • Керегем сага айтам, келиним сен ук. Уугум сага айтам, уулум сен ук
  • Керектүү таштын оору жок
  • Керкисинде да бар, кемигинде да бар
  • Кетмен чаппай нан кайда, чеке терсиз мал кайда?!
  • Кечтим байдын кызынан
  • Кечээ көргөн бүгүн жок, ушундай экен дүйнө шок
  • Кимди ким көрдү Баржыбайды там басты
  • Кимдин жерин жердесең, ошонун ырын ырдайсың
  • Кичүү болгуча иттин күчүгү бол
  • Киши дүйнөгө түркүк болбойт
  • Киши жаманы кирип чыкканча билинет, өз жаманың өлгөнчө билинбейт
  • Коён өз көлөкөсүнөн коркот
  • Коёнду камыш, эрди намыс өлтүрөт
  • Коёндун териси бир жыл чарыкка чыдаптыр
  • Кожонун өзү тойсо да көзү тойбойт
  • Койчу көп болсо, кой арам өлөт
  • Койчунун кызы кой келгенде жумуш жасайт
  • Кол ийрисине тартат
  • Кол кудайдын мөөрү
  • Колдо бар алтындын баркы жок
  • Колу менен жасаган, мойну менен тартат
  • Колунда талканы бар бала – сүйгүнчүктүү
  • Колуңдан келбес жумушту, оюң менен бүтүрбө
  • Конок айтып келбейт, өлүм сурап келбейт
  • Конок койдон жоош, май берсе жейт, суу берсе ичет
  • Конокко аш кой эки колун бош кой
  • Коңшу жакшы болсо, сокур кыз эр табат
  • Коркконго кош көрүнөт
  • Коркок жанын сактайт, чоркок малын бакпайт
  • Корксо да кой өлөт, коркпосо да кой өлөт
  • Котур ташы койнунда
  • Кошоматка кой соёт
  • Кошунаң көр болсо көзүңү кысып өт
  • Көз жетпеген жерге сөз жетет
  • Көз коркок, кол баатыр
  • Көздүн курчу болот, сөздүн мурчу болот
  • Көзүнө чөп салган, душмандыктын белгиси
  • Көйнөктүн кирин жууса кетет, көңүлдүн кири айтса кетет
  • Көк итти көп ит талаптыр
  • Көктөн тилегеним жерден табылды
  • Көлөкөгө тон бычкан
  • Көмүскө достон көрүнөө душман артык
  • Көңүл ооруткан – наадандык, көңүл көтөргөн – адамдык
  • Көөдөнү жукадан, чөнтөгү жука артык
  • Көп байкаган көсөм, сөз байкаган чечен
  • Көп баскан аяк бок басат
  • Көп жашаган билбейт, көптү көргөн билет
  • Көп жойлогон түлкү ачтан өлөт
  • Көп түкүрсө көл болот, көл толкуса сел болот
  • Көп уктаган көптөн кур калат
  • Көп үйлөсө жел болот, көп ыйласа сел болот
  • Көпкөндүн көчүгүнөн чыгат
  • Көптөн көп акыл чыгат
  • Көптү көрбөй көсөм болбойт, көп сүйлөбөй чечен болбойт
  • Көптүн көзү көрөгөч
  • Көрбөйт деп ууру кылба, укпайт деп ушак айтпа
  • Көргөнүңдөн – көрө элегиң көп, укканыңдан уга элегиң көп
  • Көрө-көрө көсөм болот, сүйлөй-сүйлөй чечен болот
  • Көрөөр күнү бардын, ичеер суусу болот
  • Көрүнгөн тоонун ыраагы жок
  • Көсөөнүн акылы түштөн кийин
  • Көч жүрө-жүрө түзүлөт
  • Көчкөн журттун баркын, конгон журтуңда билесиң
  • Көчүктү кыскан бай болот
  • Кудай деген кул өлбөйт
  • Кудай кошкон куда болот, пайгамбар кошкон дос болот
  • Кудай кылса, кубаарыңдын акысы барбы
  • Кудайдын кулагы сүйүнсүн
  • Кул кутурса, өтүгү менен төргө өтөт
  • Кулда кулак жок
  • Кулдай иштеп – хандай жаша
  • Кунаажын көзүн сүзбөсө, бука мурунтугун үзбөйт
  • Курсак ток-кайгы жок
  • Куру аякка бата жүрбөйт
  • Куру кайрат баш жарат, куркыйкырык таш жарат
  • Кутту үйдөн кур чыкпа
  • Куурайды бирден сындырган оңой, тобу менен сындырмак кыйын
  • Куш жаңылса торго түшөт, эр жаңылса колго түшөт
  • Куш канаты менен учуп, куйругу менен конот
  • Куюшканга кыпчылган боктой
  • Күйөө карыса – жээн
  • Күлгөндүн билгени бар
  • Күлкү ден соолуктун – мүлкү
  • Күлүктөн күлүк өтөт, күйүкпөгөнү марага жетет
  • Күлүктү табына келтирген – саяпкер, кушту кыраан кылган – мүнүшкөр
  • Күлүктү таптайт саяпкер, сүрөөгө алат талапкер
  • Күн караган – суукка тоңот, бай караган – ачтан өлөт
  • Күн тийген жердин күкүгү
  • Күн тийип туруп жааган күндөн түңүл, күнгүрөнүп сүйлөгөн кишиден түңүл
  • Күндө келген күл ууртайт, айда келген май ууртайт
  • Күрүчтүн арты менен күрмөк суу ичет
  • Күч атасын тааныбайт
  • Күч бербеген тулпардан, сүтүн берген уй жакшы
  • Күч биримдикте
  • Күчтүү болсоң жердей бол – баарын чыдап көтөргөн. Таза болсоң суудай бол – баарын жууп кетирген
  • Кыз боосуп энесин коркутат
  • Кыз жыргаар жерине ыйлап барат
  • Кыздын көзү кызылда
  • Кыздын кыздай, кыштын кыштай болгону жакшы
  • Кыздын кырк чачы улуу
  • Кызды кырк жерден тыюу
  • Кызмат – колдун кири
  • Кызы бар үйдө кыл жатпайт
  • Кызыл кекиртек, кыйла жерге секиртет
  • Кылгылыкты кылып коюп, кымызга сууну куюп коюп, кыл жип менен бууп коюп
  • Кыңыр иш – кырк жылдан кийин билинет
  • Кыргыз акам тандап жейт, анан баарын жейт
  • Кыргыз байыса катын алат, өзбек байыса там салат
  • Кырсык – каш-кабактын ортосунда
  • Кысаз кыяматка кетпейт
  • Кысыр уй мөөрөк болот
  • Кыялаган кырга чыгат
  • Кыян өзүн сел ойлойт, коркок өзүн эр ойлойт