КУМУРСКАЛАР ЫРЫ

Созу: Г. Эсенгулованыкы
Обону: Т. Чокиевдики

Биргелешип иш кылып,
Бири-бириңе жөлөк бол!
Өргө карай өр таштап,
Өлкөбүзгө өбөк бол!

Кайырма:
Ата-эненин, ата-эненин сөздөрүн,
Эки кылбай, эки кылбай угабаз, угабыз.
Эң бир сонун, эң бир сонун,
Алтын уя, алтын уя курабыз.

КАРА УЛАК


Энеңден алыс секирип
Эркелейсиң кара улак.
Көк шибер оттоп ууз ичип,
Темселейсиң кара улак.
Шалпаңдатып кулакты,
Сыланасың кара улак.
Артыңдан балдар ээрчисе
Кубанасың кара улак.
Балдар менен жарышып,
Кууланасың кара улак.

ЖЭЭРДЕ ТАЙ


Жээрде тайым, желесиң
Кырууласам келесиң.
Жээрде тайга токулган
Айырмачым жарашат,
Минип алып бастырсам,
Көргөндөр мени карашат.
Кыруу-кыруу жээрде тай:
Кыруулаймын өзүңдү,
Ырдап айтам сөзүңдү.
Жээрде тайым ат болор,
Сураган киши жат болор.

УЛАГЫМ


Татынакай улагым,
Улагымдын маарашын
Кулак коюп угамын.
Жар бооруна токтобой,
Таштан-ташка октолду ай
Ойнойт менин улагым.
Улагымдын маарашын,
Кайта-кайта угамын.

ТОРПОГУМ


Ак каптал, кызыл торпогум
Адырдын чөбүн оттогун.
Адырдын чөбүн кар басса
Ач калам деп коркпогун.
Кызыл кашка, торпогум
Кырдын чөбүн оттогун.
Кырдын чөбүн кар басса
Кыйналам деп коркпогун.
Кыр чөбүнө ачыксаң,
Силос берем ачыткан.
Ферме башчы атакем
Саманды көп ташыткан.

ТӨЛ


(1-вариант)
Биздин малдар төлдөдү,
Айран жуурат көлдөдү,
Жаздоодон көчүп айлыбыз
Көк колотту өрдөдү.
Көк ала майдан көк шибер
Жайкалып өстү толгону.
Көк шибердин үстүнө
Айлыбыз барып конгону.
Байчечекей гүл жайнап,
Жайып чыктык тоо жакка.
Козуларды биз айдап,
Сабада кымыз күрүлдөп,
Басып кирди үйлөргө,
Жетимиш сексен жаштагы,
Абышкалар күрсүлдөп.
Талаа толгон балдыркан,
Бетеге, шыбак, жылтыркан.
Тоонун бетин карасак
Карагат, ышкын, бүлдүргөн.
Бул жарыктык жемиштер
Жаш балдарды күлдүргөн.
Чабак урдук суусуна
Балдардын ызы-чуусуна,
Кулак тынат тынымсыз.
Оромпой менен шабият
Жагыштуу экен балдарга.
Жайдын күнкү табият,
Суу мылтык атып ойнодук.
Агып жаткан суулардан
Балык кармап ойнодук.
Жыргап жедик курутту,
Козуларды кайтарбай
Жамыраткан балдарды,
Жолотпостон үйүнө
Ата-энеси курутту.

БИЗДИН КОЙ


Биздин койлор төлдөдү,
Айран, жуурат көлдөдү.
Козумду жүрөм кайтарып,
Ит, куштун мизин майтарып.
Көөкөрдө көөрчөк айраным,
Көңүлүмдү жайладым.

ТАЙЛАК

Татыраңдайт тайлагым,
Сүт үстүндө каймагым.
Каймагым көп болгон соң
Көңүлүмдү жайладым.
Ак тайлагым бакырат,
Энекесин чакырат.
Ак тайлагым боздоду,
Энесинин эмчектен
Сүт куюлуп тоздоду.

ТОРПОГУМ

(1-вариант)
Жетим торпок байкушум,
Атка саман салганда,
Аңдыганын кантейин.
Төөгө саман салганда.
Тегеректегенин кантейин
Алтыбайдын аралын,
Аралаган торпогум,
Кыштан өлүп калат деп
Торпогумдан коркомун.
Өлөң түбү көк дүмүр,
Өлө көрбө торпогум.
Бетеге түбү көк дүмүр,
Жүдөй көрбө торпогум,

МЫШЫК

Мыёлогон мышыгым,
Чычкан алган кызыгып.
Мышыгым-мышыгым,
Жүнүң жумшак эң эле,
Жакшы көргөн ысыгым

ТОРПОГУМ-2

(2-вариант)
Кидиң-кидиң торпогум,
Анжияндын камышын,
Аралаган торпогум,
Атка саман салганда,
Сагалаган торпогум.
Бурган сууга барганда
Булкулдаган торпогум
Ийри сууга барганда
Илкилдеген торпогум.
Тескейдеги бедени,
Терип жеген торпогум
Күңгөйдөгү бедени
Күбүп жеген торпогум,
Өлүп калар бекен деп
Торпогумдан коркомун.
Ашка барган катындар,
Алчаңдабай басыңар,
Жолдо торпок көрүнсө
Бир кабарын айтыңар,
Тойго барган катындар,
Тойтоңдобой басыңар.
Жолдо торпок көрүнсө
Бир кабарын айтыңар
Торпогумдун
талпагы ташка жайылды.
Куйругу кумга сайылды.

ТОРПОГУМ

(1-вариант)
Жетим торпок байкушум,
Атка саман салганда,
Аңдыганын кантейин.
Төөгө саман салганда.
Тегеректегенин кантейин
Алтыбайдын аралын,
Аралаган торпогум,
Кыштан өлүп калат деп
Торпогумдан коркомун.
Өлөң түбү көк дүмүр,
Өлө көрбө торпогум.
Бетеге түбү көк дүмүр,
Жүдөй көрбө торпогум,

Аюунун ыры

Кышы бою уктаймын,
Чээнден түк чыкпаймын.
Карагайлуу токойду,
Турак кылып уктаймын.

Аары уюгун табамын,
Балына кол саламын.
Ошол үчүн мен кээде,
Азап көрүп каламын.

А. Кыдыр уулу

Сак күчүк

Айлана мемиреп,
Ала-Тоо керилет.
Бөбөктер,
Бөжөктөр,
Козулар,
Кулундар,
Уларлар,
Улактар,
Уйкуга берилет.
Бир гана сак күчүк,
Уктабайт көрүнөт.
Арсайган тоо жомоктой,
Ай көрүнөт ороктой.
Сак күчүк борсулдайт,
Ууруну,
Бөрүнү жолотпой,
Тоскоолду майтарып,
Уктабайт сак күчүк.

Т. Кожомбердиев

Төө жумушка келатса

Өчөң-өчөң төө желип,
Келе жатса жумушка.
Чакырып калды конокко
Чай ичип кет деп кумурска.

Тамак-ашын түрдүүлөп,
Дасторконго жайнатып,
Кумурска чай апкелди,
Самооруна кайнатып.

Кичинекей чынысы,
Кичинекей табагы.
Кичинекей кумурсканын
Кыпындай да тамагы.
Буларды төө көрө албай,
Бүркөлүп турду кабагы.

К. Жунушев

Таш бака

Саякатчы таш бака
Caхарага барыптыр.
Чөлдөн ысык өтөт деп,
«Чөйчөк» кийип алыптыр

Сайран куруп бир далай
Таң-тамаша салыптыр.
Анан далай жылдан соң,
Ал таш бака карыптыр.
А «чөйчөгү» жонунан,
Түшпес болуп калыптыр.

И. Токтогулов