Макал

  • Жабагы жалдуу экен деп сатып алба, жаманды малдуу экен деп жакын кылба
  • Жабылган аяк, жабылган бойдон калсын
  • Жаз жарыш, күз күрөш
  • Жазгы суук жандан өтөт
  • Жаздыктан өлгөн жаманат, жоодон өлгөн салтанат
  • Жай кийгенин кыш кийген жарды кайдан байысын
  • Жайыл дасторкон – марттыктын белгиси
  • Жайын билбей – жер тандаган кызык, алын билбей – эр тандаган бузук
  • Жакасы жок тон болбойт, жабуусу жок үй болбойт
  • Жакшы – сөздү таап сүйлөйт, жаман – каап сүйлөйт
  • Жакшы – эл камын ойлойт, жаман өз камын ойлойт
  • Жакшы атанын кашыктап чогултканын, жаман уул чөмүчтөп чачат
  • Жакшы атка – бир камчы, жаман атка – миң камчы
  • Жакшы бала баарына үлгү, жаман бала баарына күлкү
  • Жакшы бала элпек, жаман бала тентек
  • Жакшы болсо катының, табыла берет акылың
  • Жакшы жигит сыртта мырза, үйдө кул, жаман жигит үйдө мырза, сыртта кул
  • Жакшы жигит элин өргө сүйрөйт, жаман жигит элин көргө сүйрөйт
  • Жакшы жүрмөк бар, жакшы өлмөк жок
  • Жакшы ит өлүгүн көрсөтпөйт
  • Жакшы ишке келет, жаман ашка келет
  • Жакшы катын жарым ырыс, жаман катын күндө уруш
  • Жакшы көргөн досунан мал аяган жигитпи, Эл четине жоо келсе жан аяган жигитпи
  • Жакшы малдын тишин ачпа, жакшы адамдын жашын сураба
  • Жакшы менен бир жүрсөн жетесиң муратка, жаман менен бир жүрсөң каласың уятка
  • Жакшы менен тоого чыксаң кудаалашып түшөсүң, жаман менен тоого чыксаң кубалашып түшөсүң
  • Жакшы сөз – жан эритет, жаман сөз – жан кейитет
  • Жакшы тамак калганча, жаман курсак айрылсын
  • Жакшы тилек – жарым ырыскы
  • Жакшы уул эл ишине жарайт, жаман уул колуңду карайт
  • Жакшыга бир сөз, жаманга миң сөз
  • Жакшыдан башчы койсоң, элди түзөтөөр, жамандан башчы койсоң, элди жүдөтөөр
  • Жакшыдан жаман туулса чыгаша, жамандан жакшы туулса киреше
  • Жакшылык жан эритет, жамандык жан кейитет
  • Жакшылык кылсаң бирөөгө бир жамандык ойлонот, жамандык кылсаң бирөөгө тагдырым – деп тим болот
  • Жакшылыкты унуткан, жамандыкка жолугат
  • Жакшыны жатым дебе, жаманды өзүм дебе
  • Жакшынын – шарапаты, жамандын – кесепети
  • Жакшынын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт
  • Жакыныңа жат болбо, өз элиңе кас болбо
  • Жалгыз бээлүү жан сактайт, эки бээлүү эл сактайт
  • Жалгыз дарак токой болбойт
  • Жалгыз жүргөн жарыбайт, жарыса да марыбайт
  • Жалгыз иттин үргөнү билинбейт, жалгыз кишинин жүргөнү билинбейт
  • Жалгыз таруу ботко болбойт, жалгыз адам тутка болбойт
  • Жалкоонун жаны таттуу, эмгекчилдин наны таттуу.
  • Жалтанбаган жоону жеңет, жадабаган тоону жеңет
  • Жалындуу жаштык кезинде, жазгы суудай ташкында
  • Жаман айгыр үйүрүнө тап
  • Жаман айтпай жакшы жок
  • Жаман атты жал басат
  • Жаман аял белгиси, казаны калат жуулбай, кабы калат буулбай
  • Жаман болсо катының, ичтен жеген митедей
  • Жаман болуу бир паста, жакшы болуу аста аста
  • Жаман жигит жан сактайт, жакшы жигит эл сактайт
  • Жаман иттин аты ‘’Бөрүбасар’’
  • Жаман көргөндүн бөркү казанбактай
  • Жаман көрсө жармасын бербей койсун
  • Жаман малын катат, жакшы ашын койот
  • Жаман уй жайытын бир күндө түгөтөт
  • Жаман үйдүн коногу бийлейт
  • Жаманга сый жарашпайт
  • Жамандан жарты кашык аш калат
  • Жаманды төө үстүнөн ит кабат
  • Жамандыгы болбосо жаштыгы калган жок
  • Жамандыкты көрбөгөн, жакшылыктын баркын билбейт
  • Жамандыкты унуткан жакшы, жакшылыкты унуткан жаман
  • Жамандын барынан жогу
  • Жамандын бир өнөрү артык
  • Жамандын жакшысы болгончо, жакшынын жаманы бол
  • Жамандын жолдошу көп, жанына пайдасы жок
  • Жамандын миң сөзү, жакшынын бир сөзүнө татыбайт
  • Жамандын өзү коркок, сөзү чоркок
  • Жаманчылыкты аманчылык жеңет
  • Жан бар жерде өлүм бар
  • Жаны бардын жели бар
  • Жанын баккан жарыбайт да марыбайт, элин баккан карыбайт да арыбайт
  • Жаңдооч кийик аттырат
  • Жаңылбас жаак мүдүрүлбөс туяк болбойт
  • Жара айыкса так калат, жаман сөздөн кек калат
  • Жаргылчактуу катын жакшы катын, электүү катын эрке катын
  • Жарды байыйт, жаш чоңоёт
  • Жата берсе ат арыйт, жүрө берсе жол арбыйт
  • Жатаар курсак жармадан айлансын
  • Жаткан оору эмес, баккан оору
  • Жатып ичеер жигиттен, сарамжалдуу чал жакшы
  • Жатып өлгүчө, атып өл
  • Жаш – күчү менен, кары – кеңеши менен
  • Жаш курдаш эмес, заман курдаш
  • Жаш чыбыктын ийилгени – сынганы, жаш жигиттин уялганы – өлгөнү
  • Жашка – кызмат, карыга – урмат
  • Жашоо ырахаты – ден-соолук
  • Жаштардын басканы – жыргал, карылардын – жатканы жыргал
  • Жаштык бар жерде жалын бар
  • Жаштык бар жерде шаттык бар
  • Жаштык жашынып кетет, карылык камынтпай келет
  • Жаштык кезиң мастык кез
  • Жаштын кайраты бар, карынын айбаты бар
  • Жаштын тилегин берет
  • Жашында мылжың болсо, карыганда кылжың болот
  • Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү
  • Жашыңдан жаман жолго баспаганың, адамдык сапатыңды сактаганың
  • Жегенде тойбогон жалаганда тоймок беле
  • Жегендин – кусмайы бар
  • Жел жүрбөсө, чөптүн башы кыймылдабайт
  • Жел чыкпаса, жан чыгат
  • Желеде кулун жетилсе, аргымак күлүк ат болот
  • Желмогуздун эң кичинекейи кыйын
  • Жеңилди жерден, оорду колдон алат
  • Жерде жаткан жумуртка асманда учкан куш болот
  • Жери байдын, эли бай
  • Жети күндүк жаандан, желип өткөн суу жакшы
  • Жети күндүн бири өлүм
  • Жети өлчөп бир кес
  • Жетим жүрүп жетилет
  • Жигит өлөр жерине күлүп барат
  • Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат
  • Жигиттин өзүнө караба, сөзүнө кара
  • Жигиттин сөзү өлгөнчө, өзү өлсүн
  • Житкен окту аткан ок табат
  • Жогологон бычактын сабы алтын
  • Жокко суу да жок
  • Жоктун бир арманы бар, бардын миң арманы бар
  • Жоктун жону катуу, өгүздүн мойну катуу
  • Жол азабы, көр азабы
  • Жол бирге болсо да, тагдыр башка
  • Жолдун тегизин бил, (сөздүн негизин бил)?
  • Жолоочу болсо атын ал, тоноочу болсо башын ал
  • Жолоочунун жолдогусу жакшы, жолдо болбосо – үйдөгүсү жакшы
  • Жолуң шыдыр жолдошуң кыдыр болсун
  • Жоо кеткен соң, кылычыңды ташка чап
  • Жоого барсаң баарың бар, доого барсаң бириң бар
  • Жоону сайса эр сайды аты калды Манаска
  • Жоор семирсе баш бербейт, жаман сөз бербейт
  • Жооштон жоон чыгат
  • Жорго минген жолдошунан айрылат, көп жашаган курдашынан айрылат
  • Жоргодон жорго чыкса төрт аягы тыбырайт, чеченден чечен чыкса оозу-мурду кыбырайт
  • Жоргонун тери, эркенин жашы кургабайт
  • Жөжөнү күзүндө санайт
  • Жөө жүргөнчө, төө минген жакшы
  • Журт мазар, журттан чыккан азар
  • Жуткан жутабайт
  • Жуурат төгүлсө жугу калат
  • Жүгүргөн албай – буюрган алат
  • Жүз дос – аз, бир кас – көп
  • Жүз жолу айткандан, бир жолу көргөзгөн жакшы
  • Жыгылган күрөшкө тойбойт
  • Жыгылган оогонго күлөт
  • Жыгылсаң төөдөн жыгыл, буйласын кармай жыгыл
  • Жылаандын куйругун баспа
  • Жылкыңа ченеп ышкыр, алыңа ченеп бышкыр
  • Жылуу сүйлөсө жыла-жыла жылаан ийинден чыгат
  • Жылуулук от бар жерде, сулуулук кал бар жерде
  • Жыя албаган жыйынга шүмшүк, асырай албаган айылга шүмшүк
  • Жээн эл болбойт, желке тон болбойт