Бул баракчада кооздуктар жана кийимдер жонундо сонун табышмактар жыйналды. Бала-бакчанын, кенже класстардын мугалимдери колдонсо болот.

Жайсам — түндүк жабуу,
Жыйсам — таяк баалуу.
Чакан үй дубалы жок,
Урунбайт убагы жок.

Кулактарга жармашып,
Көз менен көзү жандашып,
Минип алат мурунду,
Ким билет мындай буюмду?

Чатыр-бутур, чийден котур

Узун Үсөн үч кайгак,
Учу-түбүн билгисиз.
Кызыл, ала күйкөнөк,
Тукумуну билгисиз.

Салдым-салдым сал билекке,
Салып алдым жүрөккө.
Тоголок кочкор мүйүзүн,
Тагынып алдым жүрөккө.

Тамга таяк сүйөдүм.

Кичинекей бою бар,
Кешенеден куру бар.

Жездемдин үйү жез кырчоо.

Кичинекей келинчек,
Күндө тебет декилчек.

Жалама тоодо жалгыз ыргай калтырайт.

Каалгага камчы илдим

Керегеде кекилик муунат

Илип койгон, сасып кетпесин деп,
Орто жерин тилип койгон.
Эки жагына ообасын деп
Бир [нерсесин] илип койгон.

Керегеде кедей шалпык.

Таптап басат, карап туруп калат.

Мен кылдым тигиши жок сулуу кашык,
Кийип көрсө көп адамга куп ылайык.

Барат-барат, оозу ачылып калат.

Дайым биз экөөбүз ага-иниге окшоп басабыз,
Түштө стол алдында, кечинде кровать алдында.

Байлап койсо басып кетет,
Коюп жиберсе жатып калат

Кечке иш кылып, эч качан талбайт,
Түнкүсүн эс алып, таң атканча уктайт.

Саар менен турат
Эки илдинди кармап алып,
Ортосуга урат.

Заарда тигет
Кечинде сөгөт.

Катуу жерди оттогон,
Кайраттуу жерди суулаган,
Чылбырында тээги бар.
Чачпай турган кула атым бар,
Кызыл чийкил жаш бала
Бир нерсеге сугу бар.

Жаш бала бир кийүүгө кумар.

Босогодо бодой шалпык,
Ону таппаган сен шалпык.

Күндүз ток,
Түндө ач.

Каркыра жолу кайык,
Турна жолу туюк.

Күндүз бооз, түндө кысыр.

Бир зат бар эки жолу бар,
Туурасы кенен учу тар.
Урунуп адам тойлойт,
Ансыз жүрүүгө болбойт.

Эки ачакей түбү бир,
Бөксөгө кирсе шону бил.

Эртең менен тура калдым
Эки айрылыш жолго кире калдым.

Заар менен эки жолго кирдим.

Беш кичине үйү бар,
Жалгыз бир эшиги бар.

Алдыма аркан тарттым.

Чыктым чынар башына,
Түштүм жеңем кашына.

Турсам кошо турат,
Отурсам башка отурат.
Такыр жер баспайт,
Аптаптан сактайт.

Кулагы бар, эп келет,
Кийсем, төп келет.

Капталы тилик,
Дайыма кыргызда болот,
Жүн баскан чокуну минип.

Жердиги ак, кыюсу кара,
Ача кайрык, төрт талаа.

Буту жок, колу бар,
Башы жок, ийни бар.

Кыймылдатса, кыймылдайт,
Кишиче эки колу бар,
Карды жарык оозу ачык,
Кичинекей бою бар.

Жүндүүмө жүнсүзүм [оронду].

Ичкиңгиси тышкары, тышгыңгысы ичкери.

Бор менен актап өңдөгөн,
Пайдасын жай көрбөгөн.
Мезгилинде урунуп,
Керегин адам көп көргөн.

Бар десе, барбас,
Барса келбес.