Макал

  • «Балам бар» деп мактанба, топто бирөө жок болсо, «атам бар» деп мактанба, атаң санда жок болсо.
  • «Балам бар» деп, мактанба, топто бирөө жок болсо.
  • «Бар» таттуу сөз, «жок»— ачуу сөз.
  • «Билбейм» деген бир сөз, «билем» деген миң сөз, «көрбөдүм» деген бир сөз, «көрдүм» деген көп (миң) сөз.
  • «Билем —билем» дей бербе, билгендерди көргөндө.
  • «Болду» дегенден «болот — болот» деген кызык.
  • Баардык жигит кыз тандайт, бактылуу жигит уз тандайт.
  • Баары (бардыгы) бирөө үчүн, бирөө баары (бардыгы) үчүн.
  • Баары шумдук баладан чыгат.
  • Баары эле пайда дейт, зыянды кандай шордуу көрөт?
  • Баарына бар назир.
  • Баарынан — нан улук.
  • Баарынан качып кутулат, өлүмдөн качып кутула албайт.
  • Баарынан өкүнүч жаман.
  • Баатыр — баатырды көзүнөн тааныйт, чечен — чеченди сөзүнөн тааныйт.
  • Баатыр — бир октук, бай бир жуттук.
  • Баатыр – маңдайлаш, чечен – таңдайлаш
  • Баатыр — орток, кут — жалгыз.
  • Баатыр — согушта, акыл —ачуу келгенде, дос — зарылдыкта сыналат.
  • Баатыр (барман) табат, батман ичет.
  • Баатыр (эр жигит, жакшы) өлсө бир өлөт. Коркок (эселек, жаман) өлсө миң өлөт.
  • Баатыр баатыр эмес, мал баккан баатыр.
  • Баатыр баатырды көзүнөн тааныйт, чечен чеченди сөзүнөн тааныйт
  • Баатыр бир өлөт, коркок миң өлөт.
  • Баатыр болмок — маңдайдан, чечен болмок — таңдайдан.
  • Баатыр болсоң — душмандан качпа.
  • Баатыр болсоң — шер бол, коркок болсоң — жер бол.
  • Баатыр болуп бай болсоң — бүрдөп турган терексиң, баатыр болуп жок болсоң — үрүп чыккан серексиң.
  • Баатыр жарасыз болбойт.
  • Баатыр жол баштайт, чечен сөз баштайт.
  • Баатыр жоо барында сыйлуу, бий доо барында сыйлуу.
  • Баатыр жоодо мактанат, коркок үйдө мактанат.
  • Баатыр жоодо таанылат, чечен доодо таанылат.
  • Баатыр намыс үчүн туулуп, намыс үчүн өлөт.
  • Баатыр өлсө аты (наамы) калат, коркок (жанбагар) өлсө неси калат.
  • Баатыр өлсө аты калат, коркок өлсө эмнеси калат
  • Баатыр өлсө да куралын таштабайт.
  • Баатыр өлүмү марадан.
  • Баатыр табат, батман жейт.
  • Баатыр табат, батман ичет.
  • Баатыр туулса — эл ырысы, жамгыр жааса — жер ырысы.
  • Баатыр чөлдө өлбөйт, балык көлдө өлбөйт.
  • Баатыр чын айтат, коркок калп айтат.
  • Баатыр элден өсөт, акмак элден безет.
  • Баатыр элден чыгат, байлык жерден чыгат.
  • Баатырга (эрге) да жан керек, бакырга да жан керек.
  • Баатырга да жан керек, каапырга да жан керек.
  • Баатырга таяк да жарак.
  • Баатырга таяк да жарак. Баатырдыкка даба жок.
  • Баатырга тийген жары эрте тул болот.
  • Баатырды — жоону жеңгенден кийин макта, тамакты бойго сиңгенден кийин макта.
  • Баатырды көрсөң кыдыр тут, букара көрсөң кадыр тут.
  • Баатырдык билекте эмес, жүрөктө.
  • Баатырдыкка даба жок.
  • Баатырдын (эрдин, жакшынын) атын (даңкын) алыстан ук, (эрдин өзүн көрбө, даңкын ук), жанына барсаң бир киши.
  • Баатырдын алдынан түлкү чыкса кылактап — олжо болот, аял чыкса булактап — жолтоо болот.
  • Баатырдын атын алыстан ук, жанына барсаң бир киши.
  • Баатырдын баш ийгени — өлгөнү.
  • Баатырдын жоодон өлгөнү — элине шыпаа.
  • Баатырдын көркү — маңдайда, чечендин көркү — таңдайда.
  • Баатырдын көркү— эрдикте
  • Баатырдын өзү өлсө да, сөзү өлбөйт.
  • Баатырдын өмүрү кыска, даңкы узун.
  • Баатырлар маңдайлашып, чечендер таңдайлашып.
  • Баатырсынган жигитти жоо келгенде көрөбүз.
  • Багы ачыктын маңдайы жарык.
  • Багы бар, багы барга дагы бар, багы жок, багы жокко дагы жок.
  • Багы бардын ташы да өйдө кулайт.
  • Багы башынан качкандан адам да качат.
  • Багы жокко дагы жок
  • Багыштын богун жеген ит кутурат.
  • Багыштын кызы баймалуу (кийиз өтүктүү), багалеги саймалуу.
  • Бадалдуу жерде сайгак көп, балалуу үйдө айгак көп.
  • Бадачы сайгактан коркот.
  • Бажа бажаны көргөндө башы кычышат, балдыз жездени көргөндө төшү кычышат.
  • Бажа бажаны көрсө башы кычышат.
  • Базар — бай, барган — кедей.
  • Базар барга — таттуу, жокко — ачуу.
  • Базар ичи байыбайт.
  • Базар көркү — бакал, эр көркү — сакал.
  • Базарга бар, бактыңан көр.
  • Базарга барат Карыбай, жатып келет жарым ай.
  • Базарда баары бар, издегенди таба албайсың.
  • Базарда миң киши бар, ар кими сүйгөнүнө салам берет.
  • Базардын алысы жок сатаары болсо, падышанын калысы жок таажысы болсо.
  • Базарлуу жоо менен байкуш уул кармашат.
  • Базары жакын байыбайт
  • Базары жакын байыбайт, калп айткан киши жарыбайт.
  • Базары жакын байыбайт, соодагер жакыны жарыбайт, мазары жакын тынбайт.
  • Бай — байга куят, сай — сайга куят.
  • Бай – байга куят, суу – сайга куят
  • Бай — балпаң, жок — жалтаң.
  • Бай — барман менен, жок — дарман менен.
  • Бай баарын киет, жок барын киет.
  • Бай байбиче куймакта, кул менен күң көмөчтө
  • Бай —байлашып ыйлоого, бай Тейиттей эл керек.
  • Бай байлыгын беш жыл эстейт
  • Бай байлыгын, кул чарыгын салат.
  • Бай баласы кубанаар койдон тууган эгизге, арамзалар көз салаар—жылкыдагы семизге.
  • Бай баласы сүйлөсө, төө, тайлакты кеп салат. Чач Тарачтын баласы, устара, кайрак кеп салат.
  • Бай балтаң, кедей жалтаң.
  • Бай барынча, жок алынча.
  • Бай билгенди кул билет, айтайын десе эрки жок.
  • Бай болбогон бай болсо — отоого чөп койбойт, бий болбогон бий болсо — сүйлөөгө сөз койбойт.
  • Бай болбогон бай болсо, корубаган жер калбайт.
  • Бай болбоочу жигитке, өлөсөл мал жолугат. Куу баш болчу жигитке, туубас катын жолугат.
  • Бай болгон адам ток болот, мас болгон адам шок болот.
  • Бай болом деп шашылганың — кедейликке ашыкканың.
  • Бай болсоң — магдыраба, жарды болсоң — мөгдүрөбө.
  • Бай болуп көргөн жокмун, байкуш болуп өлгөн жокмун.
  • Бай болуп көргөнүм жок, жакыр болуп өлгөнүм жок.
  • Бай болуп көргөнүм жок, жарды болуп өлгөнүм жок.
  • Бай болуучу жигитке өлбөгөн мал жолугат.
  • Бай боорун тааныбас, соода жокко карабас.
  • Бай даңкы менен, кедей күчү менен жашайт.
  • Бай жандаган кедей оңбос, кербен жандаган малай оңбос.
  • Бай жарды болсо, үч жылы байлыгын коё бербейт, жарды бай болсо, үч жылы жардылыгын коё бербейт.
  • Бай жегени уча менен куймулчак, кедейдики өпкө менен кекиртек, шыйрак менен шыймылчак.
  • Бай караган марыбайт, жалчы жүргөн жарыбайт.
  • Бай кийсе, «куттуу болсун!» дейт, кедей кийсе, «кайдан алдың?» дейт.
  • Бай көргөндү мен көрөм, тартайын десем күчүм жок.
  • Бай мактанса бир жуттук, эр мактанса бир октук.
  • Бай мактанса табылат, кедей мактанса чабылат.
  • Бай малын айтат, кедей несин айтат.
  • Бай малын жейт, кедей жанын жейт, уятсыз арын жейт.
  • Бай менен байбиче урушса, кул менен күн — куймакта.
  • Бай менен байбиче урушта болсо, кул менен күң куймакта
  • Бай менен кедей баш кошпойт.
  • Бай менен куда болсоң — чиренет, жарды менен куда болсоң — тиленет.
  • Бай өлгөн аттын такасын издеп, алты ай жер казыптыр.
  • Бай салык салса, кул чарык салат.
  • Бай сотко барса — барпаңдайт, кедей сотко барса — калтаңдайт.
  • Бай союуга козу таппай, жардынын жалгыз козусун сураптыр.
  • Бай тойгонунан ыткытат, кедей ачкасынан ыткытат.
  • Бай уулунун назары ач, ыймандуу киши андан кач.
  • Байбиченин амалы кырк эшекке жүк.
  • Байбиченин бардыгы — төөдөй кара сандыгы.
  • Байбиченин түлкүсү түштө улуйт.
  • Байга бар дүйнө, жокко тар дүйнө.
  • Байга жагынам деген жардынын жалгыз эчкиси чыгым болуптур.
  • Байга жанашсаң, башың торго чалынат,
  • Байга кийиз мүлк эмес.
  • Байга күндө майрам, күндө той, кедейге күндө кайгы, күндө ой.
  • Байгамбар – кудай эмес, кудайдан жуда эмес.
  • Байгамбар барына азыр (ыраазы), жогуна кайыл.
  • Байгамбар жашка барганда сууктан кач, ысыкка шаш.
  • Байге аты — караандаш. Байталым, жаның үчүн жорголоорсуң.
  • Байге аты каралдаш (же караандаш).
  • Байге бербес күлүктүн жүрүшүнөн байкалат, ашык болгон жигиттин күлүшүнөн байкалат.
  • Байдан май чыкса, кедейден туз чыгат.
  • Байдан чай ичкенче, жоктон суу ич, бийден эт жегиче, байкуштан чай ич.
  • Байдан чай ичкенче, жоктон суу ич.
  • Байдан эт жегиче, байкуштан чай ич.
  • Байды байыткан — кулу.
  • Байды балакет басса, жортуул баштайт. Бээни балакет басса, кулун таштайт.
  • Байды кудай урарда — байталын сатып ат кылат, жакшыны кудай урарда — жакынын сатып жаткылат.
  • Байды кудай урарда конок келсе жашынат, атты кудай урарда аягынан басынат.
  • Байды кул десе күлкүсү келет, кулду бай десе, өлгүсү келет.
  • Байды мактаба, кедейди жектебе.
  • Байды мээнет чырмаса, ашканага жашынат.
  • Байды тууп алат, байбичени сатып алат.
  • Байды чоң сүйлөткөн, короодогу койлору.
  • Байды ээрчиген жарды өлөт.
  • Байдыкы барымта, кедейдики сыйрымта.
  • Байдын ашын байкуш аяйт, байдын ашын Байдөбөт кызганат.
  • Байдын ашын байкуш аяйт.
  • Байдын байлыгы кедейдин көз жашынан жаралат.
  • Байдын башы кычышат, кедейдин курсагы ачышат.
  • Байдын баянасы жугат, жоктун жоорутмасы жугат.
  • Байдын иши барман менен, кедейдин иши арман менен.
  • Байдын казаны тегин жерден кайнабайт, дасторкону тегин жерден жайнабайт.
  • Байдын карманары малы, кедейдин карманары жаны.
  • Байдын катыны өлсө, төшөгү жаңырат, жардынын катыны өлсө, башы каңгырайт.
  • Байдын көп малы көзгө көрүнбөйт, кембагалдын жалгыз эчкиси көрүнөт.
  • Байдын кулу коломтонун кулу.
  • Байдын малы кадырлуу, жардынын жаны кадырлуу.
  • Байдын малын аяба, кете берсин талаага.
  • Байдын малын аяба, суктун чайын аяба.
  • Байдын нээти кара — колу ак, кедейдин колу кара —нээти ак.
  • Байдын тамыры көп, бийдин кулагы көп.
  • Байдын түбү — уурулук.
  • Байдын уулу айраның, айраның болбосо, чыгараар эле ойронуң.
  • Байдын уулу калаада, байкуштун уулу талаада.
  • Байдын уулу назары ач, ыймандуу киши, андан кач.
  • Байдын уулу сүйлөсүн, мурду бучук болсо да.
  • Байкабай туруп баспа, билбей туруп шашпа.
  • Байкуш эңсейт — байлыкты, карыя эңсейт — жаштыкты.
  • Байлаганды билсең, чечкенди да бил.
  • Байлыгың болбосо да баркың болсун.
  • Байлык — байлык эмес, бирдик — байлык.
  • Байлык — куушурат, жоктук — бышырат.
  • Байлык — мурат эмес, жоктук — уят эмес.
  • Байлык адамды эсиртет, эсирген адамдын кесири көпкө тиет.
  • Байлык бакыт эмес.
  • Байлык бирөөнүн маңдайына бүтсө, бирөөнүн таңдайына бүтөт.
  • Байлык жерде, күч элде.
  • Байлык колдун кириндей, бирде келет, бирде кетет, жукса турат, жууса кетет.
  • Байлык мактантат, кедейлик сактантат.
  • Байлык менен бийлик колдун кири, жууса кетет, өлсө калат.
  • Байлык мурат эмес, жоктук уят эмес.
  • Байлык мүлктө эмес — талантта.
  • Байлык не дедирбейт, жоктук не жедирбейт.
  • Байлык өтөт, кедейлик кетет.
  • Байлык эмне дегизбейт, жоктук эмне жегизбейт
  • Байлыксыз эл болбойт, пайгамбарсыз дин болбойт.
  • Байлыктан көрө биримдик артык.
  • Байлыктуу — баатыр, байлыксыз — жалтак.
  • Байлыкты бөлүм түгөтөт, ооруну өлүм түгөтөт.
  • Байлыкты сүйгөн намысты билбейт.
  • Байлыкты эл жаратат, басынткан жер каратат.
  • Байлыкты эмгектен изде, теңдикти күрөштөн изде.
  • Байлыктын атасы — эмгек, энеси — жер.
  • Байлыктын баарысы жакшы, барктуусу билим.
  • Баймын деп, мактанба, жокмун деп, суктанба.
  • Байтал жүгүрүп байге албайт.
  • Байтал күлүк баркта жок, катын чечен наркта жок.
  • Байтал минсе, кул жок, саамал ичсе, кымыз жок.
  • Байталга күнүң түшсө да, байга күнүң түшпөсүн.
  • Байталым, жаның үчүн жорголоорсуң.
  • Байы өлгөн кул дардактайт.
  • Байы чоңдун кулу чоң.
  • Байыганда досуң көп, жакырлансаң доочу көп.
  • Байыдым деп сүйүнбө, ийгилигиңе сүйүн.
  • Байыркынын жомогу, баштаса келер оролу.
  • Бак башыңа консо, колуңа тынарың коноор.
  • Бак карабай кыдыр да даарыбайт.
  • Бак коноор адамдын уулу эптүү, кызы көрктүү болот.
  • Бака баштуу эркекке алтын баштуу ургаачы эби менен тең болот.
  • Бака жеген көлгө кирет, жылан жеген ийинге (чөлгө) кирет.
  • Бака майрыгын билбей, жылаанды ийри – дейт
  • Бака сийсе — көлгө сеп, жамгыр жааса — жерге сеп.
  • Бака сийсе, көлгө сеп.
  • Бакага балыр көл жакшы. Балыкка терең суу жакшы. Жигитке өскөн эл жакшы.
  • Баканы алтын такка отургузсаң да, баткакты көрсө ыргып түшөт.
  • Баканын басканын көрсөң, желгенин сурап нетесиң!
  • Баканын басыгын көрүп, желгенин сураба.
  • Баканын өзү чөлдө болсо да, көзү көлдө.
  • Бакасыз көл болбойт, катасыз киши болбойт.
  • Бакача чардаган, жыланча арбайт.
  • Бакка келет бир кезек, бакка кезек келгенде башында булбул куш сайрайт.
  • Баккан ээси жарашса, кара күчүк сак болот.
  • Баккан ээси жарашса, күйпүл күчүк сак болот. Алган эри жарашса, кара катын ак болот.
  • Баккан ээсине жараша малы семиз, төлү эгиз.
  • Бакпаганды балам дебе, келбегенди өзүм дебе.
  • Бакпаганды балам дебе.
  • Бакпай балааңдан, жаппай жалааңдан сакта,
  • Бакпаса мал кетет, карабаса катын кетет.
  • Бактылуу — эмгегинде зор, бактысыз — ооруда, кор.
  • Бактылуу адам кааласа, муз үстүндө от жанаар.
  • Бактылуу аталган байда да арман болот.
  • Бактылуу болом десең, башкага көз артпа.
  • Бактылуу болуш мүнөздөн, баатыр болуш күрөштөн.
  • Бактылуу менен байлашпа, таалайлуу менен талашпа
  • Бактылуу эмгегинде зор.
  • Бактылууга эки дос келет, бактысызга эки ууру келет.
  • Бактылууну бак карайт да, кыдыр даарыйт.
  • Бактылуунуку маңдайга жазылуу.
  • Бактылуунун касы өлөт, бактысыздын досу өлөт.
  • Бактың ашкан убакта карганы салсаң каз алат.
  • Бактың ашкан убакта, карганы (жапалак) салсаң каз алат. Бактың качкан убакта, шумкар салсаң аз алат.
  • Бактың качкан убакта шумкарды салсаң аз алат.
  • Бактысы ачылар жерине кыз ыйлап барат.
  • Бактысы жоктун эгерим сөзү эм болбойт.
  • Бактысыз адам кааласа, кургак үйдөн суу чыгаар.
  • Бактысыз жокко көнөт, барга көнбөйт.
  • Бактысыз таалайынан көрөт.
  • Бактысыздык өзүңдөн, багынбайт ага түшүнгөн.
  • Бакча баксаң — макта, акча тапсаң — сакта.
  • Бакшы багамын дейт, төшүңө тумар тагамын дейт.
  • Бакшы жакшы болобу, жакшы бакшы болобу.
  • Бакылдаган (бак —бак эткен) текени, суу кечкенде көрөбүз. Шакылдаган катынды, кыз бергенде көрөрбүз. Такылдаган (так —так эткен) келинди, үй чечкенде (эл көчкөндө) көрөрбүз.
  • Бакылдаган (кээде бапылдаган) текени суу кечкенде көрөрбүз, шакылдаган келинди (же такылдаган катынды) үй чечкенде көрөрбүз, менменсинген жигитти жоо келгенде көрөрбүз, чеченсинген жигитти доо келгенде көрөрбүз.
  • Бакылдаган текени суу кечкенде көрөбүз, шакылдаган жеңени үй чечкенде көрөбүз
  • Бакылдаган текени суу кечкенде көрөрмүн, такылдаган катынды үй чечкенде көрөрмүн.
  • Бакылдын багы көгөрбөйт, көгөрсө да көбөйбөйт.
  • Бакыр алдуу, Кой шыйрактуу.
  • Бакыр болсоң, макмал кий.
  • Бакыр киши паанада, сокур киши шоолада.
  • Бакыргандан коркпо, тымызындан корк.
  • Бакыргандын баары эле баатыр эмес, балкайгандын баары эле балбан эмес.
  • Бакырчаак төөнүн бары ийги.
  • Бакыт деген сымап, кырсык деген уйгак.
  • Бакыт деген тоголок, аны токтотууга эп керек, мээнет деген жалпак аны көтөрүүгө күч керек.
  • Бакыт жерде, эринбей эңкейип ал.
  • Бакыт кетсе намыяны кошо кетет.
  • Бакыт менен кайгы үзөңгүлөш.
  • Бакыт оросо, дос торойт.
  • Бакыт сандыкта, ачкычы асманда.
  • Бакыт эмгектен жаралат.
  • Бала — баладай, башы көзү чарадай.
  • Бала — биздики, акылы — өзүнүкү.
  • Бала адамдын канаты.
  • Бала баккандыкы.
  • Бала бар үйдө калп сүйлөбө.
  • Бала билет, билбесе неге күлөт.
  • Бала болсоң шок бол, шок болбосоң жок бол
  • Бала боор эт менен тең.
  • Бала жакшысы атанын даңкы, кыз жакшысы эненин даңкы.
  • Бала жетиге чыкканча, жерден таяк жейт
  • Бала калса — мал табат, катын калса — бай табат.
  • Бала калса мал (эл) табат, катын калса бай (эр) табат. Чымын жаның чыркырап, кайда барып жай табат.
  • Бала калса эл табат, катын калса эр табат.
  • Бала көргөнүн кылат, көсөө түрткөнүн кылат.
  • Бала күлкүгө тойбойт, жалкоо уйкуга тойбойт.
  • Бала оюнга тойбойт, жалкоо уйкуга тойбойт.
  • Бала оюнга тойбос, жаман уктаганын койбос.
  • Бала падышадан кудуреттүү.
  • Бала суу төксө, андан чоң тайып жыгылар.
  • Бала тапкандыкы эмес, баккандыкы.
  • Бала таттууга өч.
  • Бала чуркаса, чалдын буту зыркырайт.
  • Бала ыйлабай эмчек кайда?
  • Бала ыйламайынча эмчек жок.
  • Бала ыйламайынча эмчек кайда?
  • Бала, баланын иши чала.
  • Балаадан — машаяк да качыптыр.
  • Балага — атасы сынчы. (Ата балага сынчы).
  • Балага ойлоп айтсаң угат, ойлобой айтсаң отко жыгат.
  • Баладан да пайгамбардык сөз чыгат.
  • Балакет — аяк астында.
  • Балакет кылбаган балакетке жолукпайт
  • Балалуу болбогон, — кубанганды көрбөгөн (билбеген), баласы өлбөгөн — күйүттү көрбөгөн (билбеген).
  • Балалуу каргага бок артпайт.
  • Балалуу каргага бок тийбейт (артпайт).
  • Балалуу өрдөк талпынса, балалары чуу болот.
  • Балалуу үй — базар, баласыз үй — мазар.
  • Балалуу үй — бактылуу үй.
  • Балалуу үй — гүлүстөн, баласыз үй — көрүстөн.
  • Балалуу үй — күлкүнүн куту, баласыз үй — кубанычтын жуту.
  • Балалуу үй — падышалуу үй.
  • Балалуу үйдө — сыр жок, оорулуу үйдө — ыр жок.
  • Балалуунун багы бар, баласыздын жүрөгүндө муңу бар.
  • Балалуунун баласын алганча, колунан ишин ал.
  • Балалуунун бели тынат, баласыздын бели сынат.
  • Балалык — падышалык, карылык — катуулук.
  • Балалык кишиге эки келет: бири карыганда, бири жашында.
  • Балалыктын өмүрү сууда.
  • Балам, балалуу болгондо билерсиң.
  • Баланы — жашынан, катынды — башынан.
  • Баланы бак, жоону чап.
  • Баланы жакшылыкка жетелеп жанаштыр, жамандыктан кубалап адаштыр.
  • Баланы жашынан, катынды башынан
  • Баланы кебезге ороп бага албайсың.
  • Баланы мээнет чырмаса, саргара түшүп таз болот.
  • Баланы тарбиялоо — ташты кемиргенге тете.
  • Баланы таяк менен урба, сөз менен ур.
  • Баланы таяк менен эмес, акыл менен тарбияла.
  • Баланы чыйрак өстүр, жоодо сына.
  • Баланын балакайы да бар, калакайы да бар.
  • Баланын жогу да балээ, бары да балээ.
  • Баланын өзүн төрөйт, кыял —жоругун (кошо) төрөбөйт.
  • Баланын сегизинде тиши түшөт, сексенинде эрдин эрге иши түшөт.
  • Баланын тарбиясы жашынан, баланын тентек болмогу үйүнөн, эрдин тентек болмогу бийинен.
  • Баланын тентек болмогу үйүнөн.
  • Баланын тентек болушу үйдөн, таалим — тарбиядан.
  • Баланын тили «апа» деп чыкса да, атанын тарбиясын алат.
  • Баланын туулганына кубанба (же сүйүнбө), тураарына кубан (же сүйүн).
  • Баланын үйү — бапанын алачыгы.
  • Баланын ырайына жараша ат кой.
  • Балаң жакшы болсо өргө чыгарат, балаң жаман болсо, көргө тыгат.
  • Балаң мыкты болсо даңкың.
  • Балаң пайдалуу болсо, аштыгың айдалуу. Катының жакшы болсо, малың байлануу.
  • Балаңдан бөлүп кутуласың, небереңден өлүп кутуласың.
  • Балаңды жашынан тарбияла.
  • Балаңды элиң мактаса, андан ашкан бакыт жок.
  • Балапандарды күзүндө санайт.
  • Баласы баатырдын, атасы ардактуу.
  • Баласы жоктун — ырысы жок.
  • Баласыз — бир азап, балалуу — миң азап.
  • Баласыз өрдөк талпынса, жез канаты куу болот.
  • Баласыз үй — бактысыз.
  • Баласынан намыс кетет, катыны айыңчы, келини ууру болот.
  • Балбан (күчтүү) менен күрөшпө, түптүү менен тирешпе, шамал менен жарышпа.
  • Балбан менен күрөшпө, түптүү менен тирешпе, шамал менен жарышпа.
  • Балдар эмне дедирбейт, ачкалык эмне жедирбейт.
  • Балдардын буламыгын жеп койду деп, акмак аялын күнөөлөйт.
  • Балдарыбыз — биздин келечегибиз.
  • Балды сүйсөң, аарынын ачуусуна чыда.
  • Балдыз күйөөнүн кулагын чоет, жылкычы ышкырып коет.
  • Балдыздары келгенде, күйөөнүн чери жазылат.
  • Балкачынын миң урганы — барсканчынын бир урганы.
  • Балта көтөргөнчө, дөңгөч эс алат.
  • Балталууга отун жокпу, байталдууга катын жокпу.
  • Балтасыз бай болбойт, калтасыз кайырчы болбойт.
  • Балтасын сууга түшүргөн орустай болуп.
  • Балчы менен төлгөчүдөн, өз аялың артык айтат.
  • Балык башынан сасыйт
  • Балык жеген багышпайт, пейили кеткен бекишпейт.
  • Балык жеген байыбайт, бейли кеткен беришпейт.
  • Балык иримчил, кары ырымчыл, жаман арызчыл.
  • Балык менен акындын, ойноок мүнөзү окшош.
  • Балыкка тил, дөңгөчкө жан киргизгенди сыйкырчы дейт.
  • Балыкты сууга салып коркутпа.
  • Балыктын күнү – көл менен, жигиттин күнү — эл менен.
  • Балыктын өз майы менен өзүн эмде.
  • Балыктын өмүрү сууда.
  • Балыктын суусуз күнү жок, «Күнүм жок» дешке үнү жок.
  • Балыктын тирилиги суу менен, эрдин тирилиги элменен.
  • Балыктын тиричилиги суу менен.
  • Балыкчыны балыкчы, алыстан тааныйт.
  • Балыкчынын аты чөлдөп өлөт.
  • Балырлуу жерде бака бар, тулпар атта така бар.
  • Балээ кетсе, бакыт келет.
  • Бар — балтаң, жок — калтаң.
  • Бар — барын айтат, жок — зарын айтат.
  • Бар — батаң, жок — катаң.
  • Бар — шаттантат, жок — какшантат.
  • Бар барын жейт, уятсыз арын жейт.
  • Бар болбой малың чачылбайт, жок болбой жолуң ачылбайт. Башыңа мүшкүл иш түшпөй, малың арзан сатылбайт.
  • Бар болсо — айымчылык, жок болсо — кайырчылык.
  • Бар болсо — көрө албайт, жок болсо — бере албайт.
  • Бар болсо — ташыба, жок болсо — шашпа.
  • Бар болсо — чачпа, жок болсо — шашпа.
  • Бар болсо бакмагы кыйын, жок болсо тапмагы кыйын.
  • Бар карындаш батууда болсун, жок карындаш жолдо болбосун.
  • Бар качаган кутулбас, жок качаган тутулбас.
  • Бар мактанса табылаар, жок мактанса чабылаар.
  • Бар не дедирбейт, жок не жедирбейт.
  • Бар окшотот, жок какшытат.
  • Бара турган жериңе какырба да түкүрбө.
  • Бараар жери жоктун, басаар тоосу жок, барбага жерде жыргал көп, барсаң аны таппайсың.
  • Баракелде көзөлүм, чаап алган өз элин.
  • Барбаган жери жоктун, баспаган жолу жок, кечпеген суусу жоктун, ашпаган ашуусу жок.
  • Барбаймын десе эрки жок, башына тиет керки чот.
  • Барга — бар, жокко — жок.
  • Барга — майрам, жокко — ойрон.
  • Барга бар дүйнө, кедейге кем дүйнө.
  • Барга канаат, жокко сабыр.
  • Барга көппө, жокко чөкпө.
  • Барга майрам, жокко ойрон.
  • Барга мактанба, жокко кайгырба.
  • Барган жериң от болсун, балакети жок болсун.
  • Барда аябаган жокко тойбойт.
  • Бардар киши байлыкка мас, акылга пас, кедей киши акылга мас, байлыкка кас.
  • Бардар менен дос болсоң, каалаганың аласың, жаман менен дос болсоң, кара өзгөй — доого каласың.
  • Барды аябаган, жокко тойбойт.
  • Барды аяган, жокко тойбойт
  • Барды көрө албайт, жокко бере албайт.
  • Барды сурабайт, жокту тилебейт
  • Бардыгын турмуш өзгөртөт, байкагын өмүр, күч кетет.
  • Бардык жарашып турат, жоктук талашып турат
  • Бардын акыры — ада, алп акыры — кор.
  • Бардын иши барман менен, жоктун иши арман менен.
  • Бардын малын чачам, жоктун уятын ачам.
  • Баркыңды билбегенге барба.
  • Бармак басты, көз кысты.
  • Барса — базар, келсе — кербен.
  • Барчылык — жарашып турат, жокчулук — талашып турат.
  • Барыктаса, башка чыгат.
  • Барына шүгүр, жогуна тобо.
  • Баскандан эринген, бир кезекте жүгүрөөр.
  • Баскандан эринсең жүгүрөрсүң.
  • Басмайылдын батканын ээси билбей ат билет, эр жигиттин кадырын агайын билбей жат билет.
  • Баспаган атка «чу» деген сөз дем берет.
  • Баспас ат, өтпөгөн бычак эрди тез карытат.
  • Бассаң бутуңа этият бол, сүйлөсөң тилиңе сак бол.
  • Бастырган – бараар, чапкан калаар.
  • Бастырганды билбеген жолду бузат, башкарганды билбеген элди бузат.
  • Басыгын бузган ат аксайт, алкымын бузган эр аксайт.
  • Бата менен эр көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт.
  • Батар күндүн атар таңы бар.
  • Батмандап кирген оору маскалдап чыгат.
  • Бахылдын (сараңдын) багы көгөрбөйт, көгөрсө да, көбөйбөйт.
  • Баш — акыл үчүн, акылман — эл үчүн.
  • Баш — акылдын кабы, көз — жандын айнеги
  • Баш айрылса — бөрк ичинде, кол сынса — жең ичинде.
  • Баш айрылса, бөрк ичинде.
  • Баш аман (соо) болсо — бөрк табылат.
  • Баш аманда мал таттуу, баш ооруса жан таттуу.
  • Баш болуу оңой, баштап кетүү кыйын.
  • Баш жарылса — бөрк ичинде, кол сынса — жең ичинде.
  • Баш иштебесе бутка күч келет.
  • Баш иштебесе буттун шору
  • Баш канжыгада, кан — көөкөрдө.
  • Баш кесмек бар, тил кесмек жок
  • Баш көбөйсө — ырыс, кас көбөйсө — уруш.
  • Баш көйрөң — тузчу, орто көйрөң — отунчу, аяккы көйрөң — уйчу.
  • Баш куйрукту күтпөйт.
  • Баш мээси менен, мал ээси менен.
  • Баш соо болсо, бөрк табылат.
  • Баш экөө бөлбөй, мал экөө болбойт.
  • Баш эсен болсо, топу табылат.
  • Башка бирөө менен дешпе, дешсең башканы аралаштырып жешпе.
  • Башка жерден көк асманды көргөнчө, өз жериңде кара булутту көр.
  • Башка иш тушсө, байтал жорго болот, мата торко болот.
  • Башка келген балаага, кулак —мурун садага.
  • Башка келгенде — көз көрөр.
  • Башка келсе (же чапса), байтал жорго болот, мата торко болот.
  • Башка түшкөндү көз көрөөр.
  • Башка түшсө — байтал жорго болот.
  • Башка түшсө, бала да көнөт.
  • Башка элге барып султан болгуча, өз элиңде ултан бол.
  • Башкага жасаганың да өзүңө пайда.
  • Башканы танса да, токочту танбайт.
  • Башканын кайгысына кубанба, бактысына кубан.
  • Башта уткан — байыбайт, кийин уткан — кейибейт (же кемибейт).
  • Баштагы болбой мал болбойт, башчысы болбой эл болбойт
  • Баштагы болбой, мал болбойт, башчысы болбой, эл болбойт. Какаары болбой, кыш болбойт, катыны болбой, эр болбойт.
  • Баштагынын жашы болсоң, эмикинин карысы болоорсуң.
  • Башталганча мактанбай, бүткөндө мактан.
  • Баштан ашкан убара.
  • Баштоочу болсо, коштоочу табылат.
  • Баштуу тойдун ыры көп, башсыз тойдун чыры көп.
  • Башты — балта бузат, жылкыны — маңка бузат.
  • Башты асыраган — эки кол.
  • Башты балта чабат, жылкыны маңка бузат.
  • Башты башкара билген башкага үлгү.
  • Баштык ичпейт, баш ичет.
  • Баштыктагы түгөнгүчө баш аман болсун.
  • Башчы дурус болбосо — журт бузулат, соода дурус болбосо — нарк бузулат.
  • Башчы экөө болсо акыл — жалгыз
  • Башчысы болбой марыбайт, башаламан жарыбайт.
  • Башы — бапан, аягы — сапан.
  • Башы барга май токтойт.
  • Башы батпагандын балтыры сыйат.
  • Башы бүтүн аман жүрөт.
  • Башы бүтүн, боору аман — адам жок.
  • Башы жок бака, көзү жок көгөн.
  • Башы катуунун, аягы таттуу.
  • Башы оорубаган кишинин — кудай менен иши жок.
  • Башы оорубагандын кудай менен иши жок.
  • Башы оорубастын башка менен иши жок.
  • Башы ооруган бакшыга барат, дөөлөтү ашкан жакшыга барат.
  • Башы ооруп, балтыры сыздабагандын эчтеме менен иши жок.
  • Башы тоголоктун бардыгы адам боло бербейт
  • Башым канжыгада, каным көөкөрдө.
  • Башымдан өтпөгөнгө баламын, башың өткөн жерден өзүң өтөсүң.
  • Башын аманда малың түгөлдө.
  • Башын баштайт, аягын таштайт.
  • Башына тартса — аягына жетпейт, аягына тартса, башына жетпейт.
  • Башынан багы качкандан — адам да качат.
  • Башың аманында малыңды түгөлдө.
  • Башың баш, багалчагың кара таш.
  • Башың ооруса бакшы изде, жаның ооруса жакшы изде.
  • Башыңа иш түшкөндө жакшы кейип өтөт, жаман күлүп өтөт.
  • Башыңа иш түшсө, төбөң менен кудук казаарсың.
  • Башыңа күч келсе, башмандак атасың.
  • Башыңа тоо түшсө да чымындай көр.
  • Башыңа төө түшсө, чымындай көр, чымын консо төөдөй көр.
  • Башыңдан ким сыласа, машаягың ошо, жаныңда ким отурса, сулууң ошо.
  • Башыңы ким сыласа машаягың ошо, маңдайыңда (жаныңда) ким отурса, сүйгөнүң да (же сулууң да) ошол.
  • Баягы, баягы — Байкожонун таягы.
  • Бегиңе жеткиче белиңди сындырам.
  • Бедели жок жигиттен, белес жорткон жел артык.
  • Бедери жок торкодон бек токуган бөз жакшы.
  • Бейжай аял белгисиз ыйлайт.
  • Бейишти бөтөн жерден эмес, киндик каның тамган жерден изде!
  • Бейиштин ашын көрмөк бар, жемек жок.
  • Бейкайратка бейиш жок.
  • Беймаал конок душмандан жаман.
  • Беймаал кыйкырган короздун, башын жулуш керек (кесмек парыс).
  • Бейтаалай эрдин башына, бэйжай аял жолугат.
  • Бек байлагын атыңды, жайына кое бербегин, эси жок эсер катынды.
  • Бек зикир чалса, бек эместер бакшы болот.
  • Бекем катсаң, оңой табасың.
  • Бекер алгандын берекеси болбойт.
  • Бекер жерден мышык аптапка чыкпайт.
  • Бекер жүргөнчө, бекер оку.
  • Бекер ичкен — бей таалай, таап ичкен — чоң таалай.
  • Бекер ичкен бей таалай, таап ичкен чоң таалай.
  • Бекер киши таз болбойт.
  • Бекер турганча, бекер иште.
  • Бекерден кепин табылса, чулганып алып өлүш керек.
  • Бекерден теңирим безер.
  • Бекердин атасы өлүптүр.
  • Бекердин чолоосу жок, устанын тогоосу жок.
  • Бекеринен кепин табылса өлүш керек.
  • Бекеринен мал тапсаң, берекеси жок болот.
  • Бекерчиден безе кач, өнөрлүүгө өтө кач.
  • Бекерчиден безе кач, ушакчыдан көчө кач, жатакчыдан алыс кач.
  • Бекерчиден безе кач, ушакчыдан көчө кач.
  • Бекке жанашсаң, белчеңден азапка батасың.
  • Бел бекчейсе, көз чекчеет
  • Бел кырчоодон сарала.
  • Белден күч кеткенде, колдон иш кетет.
  • Белек баалуу эмес, сый баалуу.
  • Бели ооруп көрбөгөн киши, бекерликти жакшы көрөт. Колу жоорубаган киши, кошоматчылыкты жакшы көрөт.
  • Бер десең — үтүрөйөт, ал десең — жылмаят.
  • Бербеген кудайга чоң дооң барбы.
  • Бербегенди берип уялт, келбегенди барып уялт.
  • Бербегенди берип уялт.
  • Бербес жерде буюм бар, жакпас жерде отун бар.
  • Бербес кыздын салыгы оор.
  • Бербесең — алышпайсың, келбесең — алыстайсың.
  • Бербеске эртең менен саамал, берерге бешимде кымыз.
  • Бербестин ашы бышпас, бышса да казандан түшпөс.
  • Бербестин ашы бышпас, бышса да очок башынан түшпөс.
  • Бербестин ашы бышпас.
  • Бербестин шылтоосу көп.
  • Берген алат, эккен — орот.
  • Берген баатыр эмес, алган баатыр.
  • Берген жоомарт эмес, алган жоомарт.
  • Берген колум алаган, майлуу колум жалагам.
  • Берген кудайына жагат.
  • Берген март эмес, алган март.
  • Бергенге беш да көп, алганга алтымыш да аз.
  • Бергенге бир да көп, алганга жүз да аз.
  • Бергенин алган — жамандын иши, ичкенин кускан — чабалдын иши.
  • Береген колум алаган.
  • Береке байда эмес — элде, кетмендеп иштелген жерде.
  • Берекенин баары жерде калган эмеспи, жер дүйнөнүн туткасы элде калган эмеспи.
  • Берекесин маа берсин, көлөкөсүн саа берсин.
  • Берерге бешимде — кымыз, бербеске шашкеде — саамал.
  • Берерге бешөө чыкпаса, аларга алтоо чыгат.
  • Бересеге бешөө көп, аласага алтоо аз.
  • Берешен колум алаган.
  • Берешенден бешиктеги бала да үмүт кылат.
  • Бери болуп төрдө жок, ары болуп көрдө жок.
  • Бери карап күлүп, ары карап ыйлаган жаман.
  • Берип берен болгончо, бербей сараң бол. Берип сараң (суу) болгуча, бербей уят бол. Берип эки жаман көрүнгөнчө, бербей бир жаман көрүн.
  • Берип берен болгуча, бербей сараң бол.
  • Берип жаман көрүнгөнчө, бербей жаман көрүн.
  • Берип жаман көрүнгүчө бербей жаман көрүн
  • Берсе — ал, урса — кач.
  • Берсе да бай жакшы, бербесе да бай жакшы, жесе да май жакшы, жебесе да май жакшы.
  • Берсен — аларсын, эксең — орорсун.
  • Берсең — ичем, урсаң — өлөм.
  • Берсең — ичпейт, бекитсең — койбойт.
  • Берээрге акчаң болбосо, молдо үйүңө да кирбейт.
  • Берээрге бешимде кымыз, бербеске эртең менен саамал жок.
  • Бетеге кетет, бел калат.
  • Бетеге кетип бел калат, бектер кетип эл калат.
  • Бетеге өзүн бий ойлойт, караган өзүн кан ойлойт.
  • Бети башы терден арылбагандын колу, буту чордон арылбайт.
  • Бети бетиме тийген тууганыма баркым жок, эти этиме тийген катыныма баркым жок.
  • Бети бетиме тийген тууганыма баркым жок.
  • Бети жокко безетки чыгат.
  • Бетим жаман болсо да, ниетим жакшы.
  • Бетинен бедер кеткен соң, кымкап да болсо бөзгө тең. Кадырман болсо зайыбың, картайса да кызга тең.
  • Бетке (көзгө) айткан сөздүн заары жок.
  • Бетке айткандын — заары жок.
  • Бетке айткандын жүзү жарык.
  • Бетке чабар терс кыял, бөөдө кырсык тарттырар.
  • Беттешүүдө өзүн жоготкон адам жетелеме болот.
  • Бечарага тумоонун кереги не.
  • Бечел турса (басса), жер өрттөйт.
  • Бечелге жөтөл үйүр (же бечелден жөтөл кетпейт).
  • Бечелге жөтөлдүн кереги жок.
  • Бечелге көк жөтөлдүн кереги эмне.
  • Бечелди бекер көрбө (ойлобо), мүмкүн арстандай мыкты чыгар.
  • Беш кол оозго батпайт.
  • Беш кол тең эмес.
  • Беш колду оозго салса береке кетет.
  • Беш тогоол болбой (өтпөй) бел чечпейт.
  • Беш тогоол өтпөй бел чечпейт.
  • Бешик баласы беш түлөйт.
  • Бешиктеги баланын Бек болоорун ким билет, карындагы баланын Хан болоорун ким билет.
  • Бешиктеги баланын ким болорун ким билет?
  • Бешиктен чыгып, тешикке киргенче.
  • Бешимде туруп кеп айтсаң, беш күнгө чейин оолугат.
  • Бешимден кийин тийген күн жылуу болбойт.
  • Бешимден кийин тийген күндүн жылуулугу болбой койбойт.
  • Биз да катын болорбуз, капка таруу саларбыз.
  • Биз да киши болорбуз, атка кишен саларбыз.
  • Биз жакка дагы күн чыгаар
  • Биз тирүүлөй бир дөбөдөбүз, өлгөндө бир көрдөбүз.
  • Биздин көчөдө да майрам болоор.
  • Бий экөө болсо, доо төртөө болот.
  • Бийди кул десе күлкүсү келет, кулду кул десе өлгүсү келет.
  • Бийдин максаты — бийлик кылуу, бай максаты — байлык жыйноо.
  • Бийик дөбөгө (же тоого) чыксаң — көзүң ачылат. Жакшы менен сүйлөшсөң — көңүлүң ачылат.
  • Бийик тоону жанынан көр, башына чыкпа. Жакшы кишини алыстан ук, жанына барба.
  • Бийик тоону көрөмүн десең, башына чыкпа.
  • Бийик тоонун чокусуна, бир күндө басып — чыгам дебе.
  • Бийикке чыксаң көзүң ачылат, билимдүүгө жолуксаң көңүлүң ачылат.
  • Бийиктен кулаган катуу тиет, бийликтен кулаган кара киет,
  • Бийиң кылаң болсо, журтуң ылаң болор.
  • Бийлик бар жерде зордук бар, зордук бар жерде кордук бар.
  • Бийлик бар жерде кулдук бар.
  • Бийлик жаратканда андан кийин элде.
  • Билбеген — уят эмес, билгиси келбеген — уят.
  • Билбеген киши жылкыда бөйрөк жок дейт.
  • Билбеген уу ичет.
  • Билбегенге уруят, билгендерге уят.
  • Билбегенди бил, билимдүү —пир.
  • Билбегенди эшитсең билги болосуң.
  • Билбес кудайды билбейт.
  • Билбеске айтпа, толбоско куйба, тойбоско бербе.
  • Билген жолуңду атаңа бербе.
  • Билген миң балаадан кутулат, билбеген миң балаага тутулат.
  • Билген миңди башкарат.
  • Билген суу ичет, билбеген уу ичет.
  • Билген таап айтат, билбеген каап айтат.
  • Билгенге бата аяк, билбегенге ант аяк
  • Билгенден биле элегиң көп, көргөндөн көрө элегиң көп.
  • Билгенди айтуудан тартынба.
  • Билгениң бир тогуз, билбегениң токсон тогуз.
  • Билгениңе кеңеш аяк, билбегениңе ажыраш аяк.
  • Билеги жоон бирди жыгат, билими зор миңди жыгат.
  • Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү (же толук) миңди жыгат.
  • Билек — бир, бармак (же манжа) — башка.
  • Билек бирге болсо да, манча (же бармак) башка, тилек бирге болсо да, жүрөк башка.
  • Билек жирей албаганды — билим жирейт.
  • Билем десең миң сөз, билбейм десең бир сөз
  • Билемин десен тутулдуң, билбеймин десең кутулдуң.
  • Билерман болсо иниси, бийлейт экен агасын.
  • Билиги жок чырак жарылбайт, иштегиси жок жигит жарыбайт.
  • Билим — адамдын канаты.
  • Билим — деңиз, акыл — кайык.
  • Билим — жанып турган чырак.
  • Билим — жашоо чырагы, өнөр — элдин курамы.
  • Билим — карыбас, өнөр — арыбас.
  • Билим — кенч, эмгек анын ачкычы.
  • Билим — мейман, акыл — ээ.
  • Билим — оошот, ырыс — жугушат.
  • Билим — өнөр азыгы, өнөр — эрик казыгы.
  • Билим — ырыс азыгы
  • Билим — элге, суу — жерге.
  • Билим алуу – ийне менен кудук казгандай
  • Билим алууну бешиктен башта.
  • Билим болбой, илим болбойт.
  • Билим издеген өсөөр, бүлүк издеген өчөөр.
  • Билим көптүк кылбайт, өнөр аздык кылбайт.
  • Билимден өткөн досуң жок, оорудан өткөн касың жок.
  • Билимди сатып албайт, аны казып алат.
  • Билимди элден изде, алтынды жерден изде.
  • Билимдин кени китепте.
  • Билимдин күчтүүсү — адамдык.
  • Билимдүү баарына түшүнөт, билимсиз өз ишине күтүлөт.
  • Билимдүү билимин берет, акылдуу акылын берет.
  • Билимдүү билсе да сурайт, билимсиз билбесе да сурабайт.
  • Билимдүү болсоң озорсуң, билимсиз болсоң осолсуң.
  • Билимдүү бөлмөк — оңой, адам болмок — кыйын,
  • Билимдүү зор, билими жок кор.
  • Билимдүү көп, билген аз
  • Билимдүү көп, билген аз, күйүмдүү көп, күйгөн аз.
  • Билимдүү миңди жыгат, билимсиз бирди жыгат.
  • Билимдүү молдо пиво сатат.
  • Билимдүү мээге салат, билимсиз мээден алат.
  • Билимдүү өлсө кагазда каты калат, уста өлсө балтасы менен чоту калат.
  • Билимдүүгө дүйнө — жарык, билим өмүр азыгы
  • Билимдүүгө дүйнө жарык.
  • Билимдүүдө бедер бар, билимсизде нелер бар.
  • Билимдүүдөн акыл сура.
  • Билимдүүнүн — билими жугат, билимсиздин — ириңи жугат.
  • Билимдүүнүн белгиси, билгенин келет бергиси, акылдуунун белгиси, акылын келет бергиси.
  • Билимдүүнүн билими жугат, билимсиздин кири жугат.
  • Билимдүүнүн сөзү өткүр, мергенчинин көзү өткүр.
  • Билимдүүнүн түнү — күн, билимсиздин күнү — түн.
  • Билими бар — ар балаадан кутулат, билими жок — миң балаага тутулат.
  • Билими жокко күн да түн.
  • Билими күчтүү миңди жыгат, билеги күчтүү бирди жыгат.
  • Билимиңди элге бере албасаң бекерсиң.
  • Билимсиз бирди көрсө, билимдүү миңди көрөт.
  • Билинбей туруп адамга бир ооз сөз адамды дарылайт.
  • Билинбей туруп адамга, бир ооз сөз оору дарылайт.
  • Бир агарган сакалың, кайрадан чыгып карарбас.
  • Бир ай минбей атыңды мактаба.
  • Бир айткан сөздү кабыл алганды падыша де.
  • Бир айтканын эки айткан, төп айтпай сөзүн чеки айтат.
  • Бир акмак атасы өлгөндө көбөт, бир акмак катын алганда көбөт.
  • Бир акмак сууга таш ыргытса, жүз акылдуу ала албайт.
  • Бир амал менен, эки алдай албайсың.
  • Бир ата — эне отуз уулду багат, отуз уул бир ата — энени бага албайт.
  • Бир ата он баланы багаар, он бала бир атаны талаар.
  • Бир аял — аял, эки аял — базар, үч аял кошулса жарманке.
  • Бир баатыр—согушта, акыл — ачуу келгенде, дос — зарылдыкта (сыналат).
  • Бир байдын журтун эки чычкан талашат.
  • Бир барган жериңе миң жолу салам айт.
  • Бир баш — миң ой.
  • Бир башта миң үмүт.
  • Бир буту — көрдө, бир буту — жерде.
  • Бир бээнин эки эмчеги, бири кетсе, экинчисинин сүтү жок, бир төөнүн эки өркөчү, бири кетсе, экинчисинин күчү жок.
  • Бир дарак бакча эмес, бир таш дубал эмес.
  • Бир жакшы — бар журттун камын жейт, бир жаман — бар малын жейт.
  • Бир жакшы бар — журттун камын жейт, бир жаман бар — журттун малын жейт. Эр жигит элдин камын жейт, эселек элдин малын жейт.
  • Бир жакшы бар журттун камын жээр, бир «жакшы» бар айылдын малын жээр.
  • Бир жакшылык, бир жамандык унутулбайт.
  • Бир жамандык бир жакшы — эгиз болуп келет, бир караңгы бир жарык — түндөн кийин күн келет.
  • Бир жамандык, бир жакшылык — эгиз болуп, бир келет.
  • Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарылды.
  • Бир жеңден кол, бир жакадан баш, бир ооздон сөз чыгарсаң жоого алдырбайсың.
  • Бир жерде чеки иш кылган ар жерде кепке кемтик, сөзгө сөлтүк.
  • Бир жердин ала каргасы бир жерге келип телик куш болот.
  • Бир жигиттин атагы көп жигитке даңк берет.
  • Бир жолу калп айтсаң, ишенимден ажырайсың.
  • Бир жолу калпың билинсе, сөзгө алгысыз болорсуң.
  • Бир жолу калпың чыкса, сөзгө алгысыз болосуң.
  • Бир ирет даам таткан жериңе миң ирет салам бер.
  • Бир ит көрүп үрөт, бир ит көрбөй үрөт.
  • Бир казан сүттү иритиш үчүн, бир тамчы айран жетиштүү.
  • Бир казанда эки кочкордун башы кайнабайт.
  • Бир кайгы бир кайгыны унуттурат.
  • Бир караңгы, бир жарык — түндөн кийин күн келет.
  • Бир карасаң — камчы сап, бир карасаң — ийнелик.
  • Бир карын майды бир кумалак чиритет.
  • Бир катындын мекери — кырк эшекке жүк деген.
  • Бир кезде биз да бөрү элек, тайлак басып жээр элек.
  • Бир кемпир бир кемпирди «кыз» деп тергептир.
  • Бир киши арык казса, миң киши суу ичет.
  • Бир кишиге бир киши, аздык кылбайт, алдырбайт.
  • Бир кишинин арыгы, миң кишиге суу берет.
  • Бир кишинин дөөлөтүнө миң киши мас болот.
  • Бир койлууга миң койлуунун иши түшөт.
  • Бир колуңду ачсаң, бир колуңду жум.
  • Бир конгон конок кут, эки конгон конок жут, үч конгон конок курут.
  • Бир коркоктун кесири миңге тиет.
  • Бир көргөн — билиш, эки көргөн — тааныш, үч көргөн — алыш.
  • Бир көргөн — билиш, эки көргөн — тааныш, үчүнчү көргөн — тууган.
  • Бир көргөн — билиш, эки көргөн — тааныш.
  • Бир көргөн билиш, эки көргөн тааныш, үч көргөн алыш
  • Бир көргөн кишиңе, миң салам бер.
  • Бир көргөндө — тон сыйлуу, таанышканда — бой сыйлуу.
  • Бир кумалак бир карын майды чиритет
  • Бир күн болсо да, күн көргөн жакшы.
  • Бир күн кетмен чапкан нандын даамын билет.
  • Бир күн туз таткан жериңе миң күнү салам бер.
  • Бир күн укмуш укпаса, кулак керең болот.
  • Бир күндө эки шашкени көрбөйсүң, бир жылда эки жазды көрбөйсүң.
  • Бир күндүк өмүрүң болсо — түштүгүнө жорго мин.
  • Бир күнкү таанышка, миң күнү салам бер.
  • Бир күнү калпың билинсе, сөзгө алгысыз болорсуң.
  • Бир күнү тузун татсаң, кырк күнү таазим кыл.
  • Бир күнү уруш болгон үйдөн, кырк күнү береке кетет.
  • Бир күнү шумдук укпаса, кулак дүлөй болот.
  • Бир мунарага жеталбай атып, бир мунарага бутун арткан.
  • Бир мыскал дөөлөттү көтөрүш үчүн, миң мыскал токтоолук керек.
  • Бир ок менен эки коён атам дебе.
  • Бир ок менен эки коёнду аткан
  • Бир ок менен эки коёнду атыш өтө оор.
  • Бир ооз сөз абийир каралайт, бир ооз сөз жүрөк жаралайт.
  • Бир ооз сөз жүрөк жаралайт, бир ооз сөз абийиркаралайт.
  • Бир ооздон чыккан сөз миң оозго жайылат.
  • Бир өзөктөн күйгөн өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман.
  • Бир сап ырдан бир кап чыр да чыгат.
  • Бир сөз — оозго алгыс, бир сөз — издесе тапкыс.
  • Бир сөз бар — кут, бир сөз бар — жут.
  • Бир сүйлө, эки ук.
  • Бир тамчы суу — кумурскага дарыя көрүнөт.
  • Бир тамчы таш жарат, бир сөз баш жарат.
  • Бир таш тоо эмес, бир баш эл эмес.
  • Бир тентек—бала, бир тентек — кан.
  • Бир теңге (тыйын) берип айттыра албаганды, миң теңге (тыйын) берип койдура албайсың.
  • Бир тойдо эки жар болбойт.
  • Бир тоодон бир тоого арзыган кийик ачтан өлүптүр.
  • Бир тоокко да жем керек.
  • Бир төөнүн эки өркөчү, бири кетсе экинчисинин күчү жок.
  • Бир тыйын берип айттыра албаганды, миң тыйын берип койдура албайсың
  • Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт.
  • Бир урууда бир жинди болот.
  • Бир уядан — бир сасык.
  • Бир уядан бир сасыткы чыгат.
  • Бир үйдүн ашы бир үйгө сонун.
  • Бир үйдүн жарыгы бир үйгө тийбейт, бирөөнүн көрүнө бирөө кирбейт.
  • Бир үйдүн жарыгы экинчи үйгө тийбейт.
  • Бир чайнасаң — май чайна, былчылдасын оозуңда.
  • Бир чайнасаң май чайна, былчылдасын (чылпылдасын) оозуңда. Бирди минсең жорго мин, кылтылдасын астыңда.
  • Бир чөптүн гүлүнөн аары бал соруп алса, жылан уу — оруп алат.
  • Бир чыбык менен миң кой айдалат.
  • Бир чымчымдан көңүл алат, бир чымчымдан көңүл калат.
  • Бир эрден чыккан жакшыраак, эки эрден чыккан как шыйрак, үч эрден чыккан катындан жолдо турган жоор инек жакшыраак.
  • Бир этегин жаза баскан, бир этегин үзө басат.
  • Бир этегин үзө баскан, бир этегин жаза басат.
  • Бирге билиш болгуча, миңге тааныш бол.
  • Бирге болсо тебишет, ажырашса кишинешет.
  • Бирге жүрмөк бар, бирге өлмөк жок.
  • Бирге тааныш болгончо, миңге билиш бол.
  • Бирде жигит жөө жүрөт, бирде жигит төө минет.
  • Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт.
  • Бирде манап, бирде кул — пикири жок бир эргул.
  • Бирди аяган миңден кур калат.
  • Бирди аяган миңдин убалына калат.
  • Бирди бакпасаң, жокко зар болосуң.
  • Бирди билгенче, миң менен тааныш бол.
  • Бирди жеп уятың чыкканча, миңди жеп атың чыксын.
  • Бирди капа кылган, миңге чуу түшүрөт.
  • Бирди кессең — онду тик.
  • Бирди минсең жорго мин, кылтылдасын астыңда.
  • Бирди тапсаң, кийип өт, бирди тапсаң, ичип өт.
  • Бирдик болбой тирдик болбойт.
  • Бирдик болгон жерде — тирдик.
  • Бирдик жок жерде тирдик жок.
  • Бирдики — миңге, көптүкү — түмөнгө.
  • Бирдиктүү болбой дөөлөттүү болбойт.
  • Бирдиктүү эл — кебелбес аскадай.
  • Бирдин билгени — сыңар эмчектин сүтү, көптүн билгени — ташып аккан дайра.
  • Бирдин катасы миңди азапка салат.
  • Бирдин кесепети — миңге, миңдики — түмөнгө.
  • Бирдин кесепети миңге тиет.
  • Бири кетсе экинчисинин сүтү жок.
  • Бири кетти, неси калды?
  • Бири тентек чыкса, бири жөнтөк болот.
  • Биригишсе тиштешкен, ажырашса кишинешет
  • Бириктирбейт жек көрүү, бел сындырат бөксөрүү.
  • Бирин эки кылып, битин сирке кылып.
  • Биринчи байлык — ден соолук, экинчи байлык — ак жоолук, үчүнчү байлык — жүз соолук.
  • Бирлик бар жерде тирлик бар.
  • Бирөө алдында жатып, «турсам өлөсүң» дептир.
  • Бирөө ашы менен кыйын, бирөө башы менен кыйын.
  • Бирөө билбегенди бирөө билээр, бирөө ыйлай турганга бирөө күлөөр.
  • Бирөө билбегенди, бирөө билет.
  • Бирөө бузуп айтат, бирөө түзөп айтат.
  • Бирөө десем миң экен, жалгыз десем сан экен.
  • Бирөө жашаш үчүн иштейт, бирөө жеш үчүн жашайт.
  • Бирөө жете албай жүрсө, бирөө кете албай жүрөт, бирөө өлүп жатса, бирөө күлүп жатат.
  • Бирөө жете албай жүрсө, бирөө кете албай жүрөт.
  • Бирөө кечээрге кечүү таппай жүрсө, бирөө ичээрге суу таппай жүрөт.
  • Бирөө менен дешпе, дешсең бок жешпе.
  • Бирөө өлмөйүнчө, бирөө күн көрбөйт.
  • Бирөө өлүп жатса, бирөө күлүп жатат.
  • Бирөө утулмайынча, бирөө куталбайт.
  • Бирөө эрте, бирөө кеч, барабыз кербен жолуна.
  • Бирөөгө бак, бирөөгө баш берет.
  • Бирөөгө бергис өгөө бар, экөөнө бергис бирөө бар.
  • Бирөөгө жамандык кылсаң өз башыңа тиерин унутпа.
  • Бирөөгө кор бала, бирөөгө зар бала.
  • Бирөөгө көр казсаң, кенен каз, өзүң барып түшөсүң.
  • Бирөөгө күлөм деп, өзүң күлкүгө калба.
  • Бирөөгө күлсөң өзүң ыйлайсың.
  • Бирөөгө нан кайгы, бирөөгө жан кайгы.
  • Бирөөгө ор казсаң тайыз каз, өзүң секирип чыгарга.
  • Бирөөгө ор казсаң, өзүң түшөсүң.
  • Бирөөгө таш ыргытсаң, ал сага ок атат.
  • Бирөөлөргө нан кайгы, бирөөлөргө жан кайгы.
  • Бирөөнө жамандык кылсаң, өз башыңа (түшөөрүн) тийерин унутпа.
  • Бирөөнү эки кылган — эпчил.
  • Бирөөнүкүнө көз артсаң, өзүңкүнөн кол жууйсуң.
  • Бирөөнүн — өзү баатыр, бирөөнүн — сөзү баатыр.
  • Бирөөнүн — өзү сыйлуу, бирөөнүн — сөзү сыйлуу.
  • Бирөөнүн (душманыңдын) өлүмүн тилегенче, өзүңдүн өмүрүңдү тиле.
  • Бирөөнүн (жамандын) өзү (өңү) суук, бирөөнүн (өзүнөн да) сөзү суук.
  • Бирөөнүн ажалы оттон, бирөөнүн ажалы топтон, бирөөнүн ажалы уудан, бирөөнүн ажалы суудан.
  • Бирөөнүн айдап жүргөн малы бар; бирөөнүн ат көтөргүс даны бар.
  • Бирөөнүн арканы менен үңкүргө түшпө.
  • Бирөөнүн ат көтөргүс бөзү бар, бирөөнүн ат көтөргүс сөзү бар.
  • Бирөөнүн ат көтөргүс даңкы бар, миңге бергис баркы бар.
  • Бирөөнүн аты терчил, бирөөнүн кийими кирчил.
  • Бирөөнүн ашына — мойнуңду созбо.
  • Бирөөнүн бетине түкүрсөң, өз көзүңө тыпын түшөт.
  • Бирөөнүн жакшы жаманы кирип чыкканча билинет, өз жаманы өмүр өткөнчө билинбейт.
  • Бирөөнүн жарчысын коюп, өз жарчыңды жарып ал.
  • Бирөөнүн ичи — деңиз, бирөөнүн ичи — коңуз.
  • Бирөөнүн катыны, бирөөгө кыз көрүнөт.
  • Бирөөнүн кеңешин ук, бирок өз күчүңө ишен.
  • Бирөөнүн колу менен от кармаба.
  • Бирөөнүн көзүнөн, бирөөнүн сөзүнөн.
  • Бирөөнүн көрүнө бирөө жатпайт.
  • Бирөөнүн кызматына көз артканча, өз мээнетиңе ишенгениң дурус.
  • Бирөөнүн өзү баатыр, бирөөнүн сөзү баатыр.
  • Бирөөнүн өзү сыйлуу, бирөөнүн сөзү сыйлуу.
  • Бирөөнүн өлүмүн тилегиче, өз өмүрүңдү тиле.
  • Бирөөнүн өңү суук, бирөөнүн сөзү суук.
  • Бирөөнүн өрдөгүн жесең, каз байла.
  • Бирөөнүн тоогун жесең, каз байла; малын жесең, кыз байла.
  • Бирөөнүн убалына калгыча, экөөнүн сообуна кал.
  • Бирөөнүн үйүн чечмек бар, тикмек жок.
  • Бирөөнүн элинде Султан болгуча, өз элиңде ултан бол.
  • Битке ачууланып, тонуңду отко жакпа.
  • Битке өчөшүп көйнөгүңдү отко салба.
  • Биттейде бириктик, бармактайда баш коштук.
  • Биттин ачуусун сиркеден алат.
  • Биттин ичегисине кан куйган эпчил.
  • Биттин өчүн сиркеден алба.
  • Биттүү конок батат, иттүү конок батпайт.
  • Боёкчуну боёкчу десе, атасынын сакалын боёптур.
  • Боз койдон жоош (же момун), ак койдон аңкоо (же маңоо).
  • Боздоп улуйт тууган жердин шамалы, боор толгоп учуп — күйүп жаналы.
  • Боздукта (жашында) бенде өлбөсүн, боз топурак көрбөсүн.
  • Бозмаштуу жерде бото өлбөйт, аңыздуу жерде ат өлбөйт.
  • Бозмоштуу жерде бото өлбөйт.
  • Бозо — болгондуку, токоч — тойгондуку.
  • Бозодогу сөз бокко жарабайт.
  • Бозодогу сөз бокко өтпөйт
  • Бозойдун мыйыгынан күлгөнү — селкинин оюн билгени.
  • Бозоң бозоруп болбогон тамак, ичсе — тойбогон тамак.
  • Бозочу — боорукер болбос, борукчу — кайрыкер болбос.
  • Бозочунун үйү кыйкырык менен өкүрүк, өтүкчүнүн үйү апырык менен сапырык, насбайчынын үйү какырык менен түкүрүк.
  • Бозынач болсо, ботом өлөт беле?
  • Бой көтөргөн суук көрүнөт, орой сүйлөгөн жек көрүнөт.
  • Бойлукта байлык жок.
  • Бок жесең, жүрөгүңдү байлана жүр.
  • Бокко тийбе – сасыйт
  • Бокту баспа — сасыйт.
  • Бокту чапса бетке чачырайт.
  • Болбогонго болушпа, какаганды бек мушта.
  • Болбогондо болушпайт (болбогонго болушпа).
  • Болбой турган уулуңду, коё бергин казанга.
  • Болгон сайын болгусу келет, толгон сайын толгусу келет.
  • Болгонуңда болуп өт, боз жоргодой желип өт.
  • Боло турган азамат болоттон кылыч байланат.
  • Боло турган уулуңду, жибербегин базарга.
  • Болоор бала богунан.
  • Болоор иш болду, боёсу канды.
  • Болоор кулун желеде жулкунат, болоор бала бешикте булкунат.
  • Болоору болду, боёсу канды.
  • Болооруңа келгенде боз жоргоңду такала, болбосуңа келгенде болгон эрди жакала (жака —белинде жүр).
  • Болооруңда болуп өт, боз жоргодой желип өт.
  • Болор — болбос өлүптүр, ат чаптырып коюптур.
  • Болор бала бешикте булкунат, болор кулун желеде жулкунат.
  • Болор бала богунан.
  • Болор кулун — желеде булкуйт, болор бала — бешикте булкуйт.
  • Болор музоо богунан.
  • Болору болду, боёсу канды.
  • Болот (кылыч) кында жатпайт.
  • Болот бычак кынсыз калбайт, болот ийилбейт, чорт сынат.
  • Болот ийилбейт, чорт сынат.
  • Болот кылыч кында жатпайт.
  • Болот отто чыңалат, адам иште чыңалат.
  • Болот сынат, бирок ийилбейт.
  • Болоюн деген балаңды жибербегин базарга, болбоюн деген балаңды коё бергин казанга.
  • Болоюн деген уул бар, болтурбайм деген кудай бар.
  • Болсоң болоттой бол.
  • Боор ооруган бозорот, табаалаган тамылжыйт.
  • Боор ооруса, боорго тебет.
  • Боор оорусу — киндик толгойт.
  • Боору бүтүн, башы эсен адам болбойт.
  • Боору ооруган бозорот, табалаган тамылжыйт.
  • Боорукер жардамга келет, боору таш өлгөнгө күлөт.
  • Борбаш канчалык кыраан болсо да, боз торгойчолук алы жок.
  • Бороонду тоотпой боорун тоспогон муздак желден коркот.
  • Бороонду тоотпой боорун тоспогон, болбогон муздак желден коркот.
  • Бороондуу күндө бок кычайт.
  • Бороондуу күнү бок кычайт, болжолдуу күнү жок кычайт.
  • Босогодон мүдүрүлсөң, төрдө эмне бар!
  • Ботко майдан бузулбайт.
  • Бош кап тикесинен турбайт.
  • Бош челек катуу калдырайт.
  • Бош челек катуу калдырайт. Бою пекененин — үнү бийик.
  • Бою бир карыш сакалы миң карыш.
  • Бою карыш, ою жапыс.
  • Бою келтенин ою келте.
  • Бою пакененин ою бийик.
  • Боюна бүткөндөн кийин төрөбөй койбойт.
  • Боюнун узунун кантейин, акылынын кыскасын кантейин.
  • Боюңа карап тон быч.
  • Боюңа мактанба, оюңа мактан.
  • Боюңдай бой табылса да, оюңдай ой табылбайт.
  • Бөдөнө бөлтөйүп, кыргый кымпыйып, тоодак томпоюп мындай жаткыла, эки сартка бир тартар, бир саны бизге артар.
  • Бөдөнө жеп тарууну, чымчык калат балаага.
  • Бөдөнөнү кыргыйга, жем жараткан — сен дүйнө, эки эгиздин бирөөнү, кем жараткан — сен дүйнө.
  • Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун.
  • Бөдөнөнүн жатагын көр да, этине таарынба.
  • Бөдөнөнүн үйү жок, кайда барса «бытпылдык».
  • Бөздүн көркү менен мата өтөт.
  • Бөзчү белбоого жарыбайт, темирчи такага жарыбайт.
  • Бөзчү бөзгө жалчылбайт.
  • Бөйрөктөн шыйрак чыгарат, бөдөнөдөн куйрук чыгарат.
  • Бөйрөктөн шыйрак чыгарат.
  • Бөйрөктөн шыйрак чыгарган, бүргөдөн май сызгыргысы келет.
  • Бөйрөктөн шыйрак, жумурткадан кыр чыгарып.
  • Бөкөндү минсе ат болбойт, тууган менен үч бөлүнсө жат болбойт.
  • Бөксө чайнек бат кайнайт.
  • Бөксө чайнек катуу кайнайт. Бөөдө аракет бел сындырат.
  • Бөксөсүндө — бөрү, түзүндө — түлкү.
  • Бөлөм, бөлөм үчүн өлөм.
  • Бөлтүрүктү ит деп бакпагын, иттей болбойт кыялы, душманга өйдө караба, тийбей койбойт зыяны!
  • Бөлтүрүктү ит деп бакпагын, иттей болбойт кыялы.
  • Бөлүнгөндү бөрү жейт
  • Бөөдө аракет бел сындырат.
  • Бөөдө каргыш бөрүгө жетпейт.
  • Бөөдө каргыш өзүңө тиет.
  • Бөөдө чыгым баш жарат.
  • Бөөдө чыгым бөлөккө жетпес.
  • Бөрк ал десе — баш алган.
  • Бөрк алдында не болбойт.
  • Бөрк алмак бар, баш алмак жок.
  • Бөрк алып кел десе, баш кескен.
  • Бөрк астында — бөрү жок дебе, ээк астында — жоо жок дебе.
  • Бөрк кийгендин тамагы бир, жол жүргөндүн тилеги бир.
  • Бөрү — жарды, кузгун — тойду.
  • Бөрү — койго тойбойт, кулак — сөзгө тойбойт, көңүл — ойго тойбойт, көз — көргөнгө тойбойт, жер — жутканга тойбойт, куш — учканга тойбойт.
  • Бөрү азыгы — жолдон.
  • Бөрү азыгы менен эр азыгы жолдон.
  • Бөрү арыгын билгизбей, итке жүнүн үрпөйтөт.
  • Бөрү атар жигиттин бөркүнөн тааны.
  • Бөрү атар уулду бөркүнөн тааны, журт баштаар уулду сөзүнөн тааны.
  • Бөрү ачыкпай, жортуулга чыкпайт, тойгон бөрү, ууга чыкпайт.
  • Бөрү баласы — ит болбойт.
  • Бөрү баласы ит болбойт, бөтөн бала өз болбойт.
  • Бөрү баласына баш тоголотот.
  • Бөрү бөрк астында же бөрк астында бөрү бар.
  • Бөрү жарды кузгун тойду.
  • Бөрү жебесе да күнөөлүү.
  • Бөрү жегенге маш, молдо алдаганга маш.
  • Бөрү жок десе бөрк астында, ууру жок десе жер алдында.
  • Бөрү жыргаганга маш, молдо алганга маш.
  • Бөрү каргышы койго жетпейт.
  • Бөрү карыса — чычканчыл болот.
  • Бөрү карыса да, бир койлук алы бар.
  • Бөрү карыса, итке күлкү болот.
  • Бөрү карысын жектейт.
  • Бөрү сууну шалпылдатып, кой кечкен суу экен дептир.
  • Бөрү түндө күч, жоо камсыз кезде чабат.
  • Бөрү этектен, жоо жакадан алат.
  • Бөрүгө кой кайтартпа.
  • Бөрүдөн бөлтүрүк гана туулат.
  • Бөрүнү аясаң, өзүңдү жарат.
  • Бөрүнүкү тең орток, кузгундуку куркулдайдын башында.
  • Бөрүнүн ажалы көтү күйүк иттен.
  • Бөрүнүн жолу миң, мергенчинин жолу бир.
  • Бөрүнүн кулагы (эки көзү) ууда, баланын кулагы чууда.
  • Бөрүнүн күчү — тишинде, кишинин күчү — ишинде.
  • Бөрүнүн тоюна барсаң, бөрүбасарыңды ала бар.
  • Бөрүнүн эки көзү ууда.
  • Бөрүчү бүркүт өлүүчү.
  • Бөтөлкө менен достошкон, өмүрү менен коштошот.
  • Бу да болсо пайда, мунун түбү кайда.
  • Бу дүйнөдө не карып? Замандашы болбосо карыя болор тез карып. Кадырын жеңе билбесе, бойго жеткен кыз карып.
  • Бу дүйнөдөн үмүтүн үзгөн акыретинин камын көрөт.
  • Бу тоодон бу тоого арзыбаган кийик ачка өлүптүр.
  • Бузук бар жерде кусур бар.
  • Бузуку ажо — жолдо турган дөңгөч.
  • Бузуку киши оңолбойт, калыстык наам жоголбойт.
  • Бузуку менен муңдашпа, типтүү менен тирешпе.
  • Бузукунун үйү күйсүн.
  • Бузулаар үйдөн ырк кетет, атасынан адилдик кетет.
  • Бузулган элге бучуктан молдо (же улук).
  • Бузулмак оңой, түзөлмөк кыйын.
  • Бузулуп калган ашка, ачка болсоң да караба.
  • Буйга минген төөсү бар, чабаганчы жөөсү бар.
  • Буйругу жок ашка тиш тийбейт.
  • Бука жокто — торпок бий.
  • Бука мүйүздүү уйдун сүтү болбойт, уй мүйүздүү буканын күчү болбойт.
  • Бука мүйүздүү уйдун сүтү болбойт, уй мүйүздүү.
  • Бука өлбөгүдөй, инек соолбогондой болсун.
  • Букада кайын жок, уйда төркүн жок.
  • Буканы кутурткан эки энек.
  • Буканы өкүрткөн эки энек.
  • Буканын жаманы музоого теңтуш.
  • Буканын күчү болбойт.
  • Буканын мурду карыбайт, эрдин көөнү карыбайт.
  • Буканын өзү карыса да, мурду карыбайт.
  • Букарда пулу бардын көөнү ток.
  • Бул жөргөмүштүн жөтөлгөнүн билген неме, бул
  • Бул түбү жок жыртык дүйнөнүн түбүнө ким жеткен.
  • Булак өзүн көлмүн дейт.
  • Булакты жыйсаң көл болот, майданы жыйсаң эл болот.
  • Буламыктан — тиш сынат, кыламыктан — бут сынат.
  • Буламыкты да жасаган катын жасайт.
  • Булбул багына конот, падыша такка конот.
  • Булбул түндө сайрап, күн чыкканда эс алат.
  • Булбулдан чечен бир куш жок, тырмактай — ак карасы.
  • Булбулдун доошун эшитпей, буралып талаа ачылбайт.
  • Булбулдун мукам үнү бар, тайлактын таза жүнү бар, боло турган азамат, болоттон кылыч байланып, жоого тийсе сүрү бар.
  • Булбулдун мукам үнү бар, торгойдун жумшак тили бар.
  • Булбулдун унун укпай, жайкы талаа ачылбайт.
  • Булбулдун ырын карга кайдан түшүнсүн.
  • Булду берсең, сүткө бер.
  • Булдурсун камчы тийсе да, баатырдын жүзү түктөйбөс.
  • Булут ала — жер чоло.
  • Булут минип, муз бүркүп, сен да өтөрсүң дүйнөдөн. Илкий — силкий жөө жүрүп, мен да өтөрмүн дүйнөдөн.
  • Булут шамалга каршы жылбайт.
  • Булуттан чыккан — күн ачуу, жамандан чыккан — сөз ачуу.
  • Булуттун кадыры жок — ай жанында.
  • Булуттун көркү жери менен, буудайдын көркү тери менен.
  • Бура сүйлөгөн сөз күлөөргө жакшы.
  • Бура сүйлөнүлгөн сөз күлөргө жакшы, булкунган ат минерге жакшы.
  • Буран, белдин кайгыга батканы — бозойдун кабарсыз жатканы.
  • Буран, иштин — арты ылаң.
  • Бурган сөз — урган сөз.
  • Бут — басар, кол — табар.
  • Бут серпкенге ал келбейт, ажал жетип күн бүтсө.
  • Бутагың сынса сынсын, бирок тамырың соолубасын.
  • Буту менен басып, мурду менен тынгандын баары адам атала бербейт.
  • Буту сынган — жатып алып семирет, колу сынган — басып жүрүп арыктайт.
  • Буту сынган – жатып семирет, колу сынган – басып арыктайт
  • Бутунан кулаган турат, оозунан кулаган турбайт.
  • Бутунан мүдүрүлгөн турат, оозунан мүдүрүлгөн турбайт.
  • Буудай наның болбосо да, буудайдай сөзүң жокпу.
  • Буудай сепкен таалайсыздын, аңызына арпа чыгат.
  • Буудай сепсең, бузуп арпа айдаба.
  • Буудай токочуңду бербесең да, буудайдай сөзүңдү аяба.
  • Буудайдын барар жери – тегирмен, кыздын барар жери – күйөө.
  • Буудайдын барар жери — тегирмен.
  • Буурусун чийген чийин жок, суур казган ийин.
  • Бучук мурдун жашырбайт, сыпайы сырын жашырбайт.
  • Буюкканга жылдыз — от.
  • Буюм керек учурунда жакшы.
  • Буюмду адам жаратат, адамды кудай жаратат.
  • Буюмдун кирин самын жууйт, көңүлдүн кирин акыл жууйт.
  • Буюрбаган ашка мурун канайт.
  • Буюрбаган аштан үмүт этпе.
  • Буюрбаган ашыңа, жөө конок келсин кашыңа.
  • Буюрса — Букардан аш келет.
  • Бүгүн — пэшэ (бай), эртең — гэдэ (кедей).
  • Бүгүн бар да, эртең жок, атаңдын көрү дүйнө бок.
  • Бүгүн бүтүрүүчү ишти эртеңкиге калтырба, өз колуңдан келүүчү ишти бирөөгө тапшырба.
  • Бүгүн конок — эртең жомок.
  • Бүгүн көргөн — эртең жок, бүгүнкү ач — эртең ток, тоюнганда топук күт, толгоп салар дүнүйө шок.
  • Бүгүн көргөн — эртең жок, ушундай белең (же атаны кайран) дүйнө бок.
  • Бүгүн көргөн эртең жок.
  • Бүгүн чачылсаң, эртеңден үмүт үзбө.
  • Бүгүнкү ачууну эртеңкиге кой.
  • Бүгүнкү ачууңду эртеңкиге калтыр.
  • Бүгүнкү көргөн эртең жок, атаңдын көрү дүйнө бок.
  • Бүгүнкү мээнетиң — эртеңки дөөлөтүң.
  • Бүгүнкүнү көргөн да бар, көрбөгөн да бар.
  • Бүгүнкүнүн эртеңи бар, кечээгиңди бүгүндөн издебе.
  • Бүгүнкүнүн эртеңкиси (же эртеси) бар.
  • Бүгүнкүңдү эртеңкиге калтырба.
  • Бүкүлүү жебей этке тойбойт, коно жатпай кепке тойбойт.
  • Бүлдүргө болор жип, бүлкүлдөп үрөр ит жок.
  • Бүлөөгө бергис өгөө бар, экөөнө бергис бирөө бар.
  • Бүлүнгөндөн бүлдүргү алба.
  • бүргөнү такалап минген неме.
  • Бүркүт алжыса кулаалы менен дос болот.
  • Бүркүт картайса, чычкан уулайт.
  • Бүркүт карыса чычканчыл болот, каракчы карыса алдамчы болот.
  • Бүркүт салсаң, алтайдын кызыл түлкүсүн киесиң.
  • Бүркүттүн ээси болсо, түлкүнүн кудайы бар.
  • Бүткөн ишке сынчы көп, бышкан ашка жечү көп.
  • Бүтпөгөн иш сыртта болсо кар басат, үйдө болсо чаң басат.
  • Былтыркыдан калган иш жок.
  • Бысмылданын ашын шайтан түгөтөт.
  • Бычагы курч байыбайт.
  • Бычагыңды чыны менен бер, чыны менен берсең, кыны менен бер.
  • Бычак берсең — кындап бер, кындап берсең — чындап бер.
  • Бычак жарасы айыгат, сөз жарасы айыкпайт.
  • Бычак канча өткүр болсо да, өз сабын жонбойт.
  • Бычакты өзүңө ур, оорубаса бирөөгө ур.
  • Бычактын көркү — курчунда, суусардын көркү — сыртында.
  • Бычмачынын күчүгүндөй шыпылдап.
  • Бышаарына күйүп, чыгараарына күйбөйсүңбү?
  • Бышкан жемиш сабагында турбайт, бышыксынган адамдар бересеге чалынат.
  • Бышкан жемиш сабагында турбайт.
  • Бышпастан мурда бышырдың, күйбөйстөн мурда күйгүздүң.
  • Бышты, ат башына чычты.
  • Бышык болом деп жатып, жек — жаатыңдан кол үзбө.
  • Бышыксынган адамдар бересеге чалынат.
  • Бышылуу тамактын күйүтү жаман.
  • Бээ баласын чапчыса да, берт кылбайт.
  • Бээ десе – төө дейт
  • Бээ десең төөгө кетет (же төө дейт).
  • Бээ карыса чөл, сыйыр карыса көл.
  • Бээ кулунун катуу тепсе да, мерт кылбайт.
  • Бээ туугуча — байтал, катын төрөгүчө — келин.
  • Бээ туумайынча байтал аты калбайт, катын төрөмөйүнчө келин аты калбайт.
  • Бээ туумайынча байтал аты калбайт, катын төрөмөйүнчө келин аты өчпөйт.