Жол

Шоссе жолду коштоп, бойлоп,
Көчө менен баратат.
Жөө кишилер баскан ал жол,
“Тротуар” деп аталат
Тротуар чекесине,
Өстүрүлсө бак-дарак.
Анда ал жол саябан бак,
“Аллея” деп аталат.

К. Жунушев

Светофор

Кесилиште өчүп күйөт,
Светофор шам чырак.
Өтүш керек жашыл жарык,
Күйгөн кезде жаркырап.

А. Маделиев