Ден соолук жонундо

Бул бетте ден соолук жонундо макалдар чыгарылды.

den sooluk jonundo makal opt
  1. Биринчи байлык — ден соолук, экинчи байлык —ак жоолук, үчүнчү байлык — жүз соолук.
  2. Даана байлык — ден соолук.
  3. Ден соолук — карылар үчүн да кубаныч.
  4. Ден соолук — чоң (терең) байлык.
  5. Ден соолук — биринчи байлык.
  6. Дендин сагы жакшы, пейилдин агы жакшы.
  7. Дене тарбия —ден соолукка табылбас дары.
  8. Дени сактын — руху бийик.
  9. Дени соонун — байлыгы түмөн.
  10. Дени соонун — жаны соо.
  11. Дени тазанын деми таза.
  12. Жашоо ырахаты — ден соолук.
  13. Жаштык менен ден соолуктун кадыры карыганда билинет.
  14. Жыргалдын ана башы — ден соолук.
  15. Күлкү — ден соолуктун мүлкү.
  16. Күлкү — өмүргө күлазык.
  17. Өз ден соолугуңа шалаакылык кылсаң, коомго кошо мүшкүл апкелесиң.
  18. Ырыс алды — ден соолук, андан кийин ак жоолук.
  19. Адам ооруган жеринен колун албайт.
  20. Адамдын кыйноосу — санаа, өлүмү — оору.
  21. Ажал жуучусу — оору.
  22. Айыга турган оорунун дарымчысы (табыбы) өзү келет.
  23. Айыгар оорунун дарысы өзү табылат.
  24. Айыгар оорунун табыбы өзү келет.
  25. Аксактын аягына (сабырына) кара, оорунун тамырына кара.
  26. Аңдабай сүйлөгөн оорубай өлөр.
  27. Ар ким ич оорусун өзү билет.
  28. Асылган оору алмайынча тынбайт, асылган ууру алмайынча койбойт.
  29. Ач кадырын ток билбейт, оору кадырын соо билбейт.
  30. Аш турган жерге оору турбайт.
  31. Байлыкты бөлүм түгөтөт, ооруну өлүм түгөтөт.
  32. Бактылуу — эмгегинде зор, бактысыз — ооруда, кор.
  33. Балалуу үйдө — сыр жок, оорулуу үйдө — ыр жок.
  34. Батмандап кирген оору маскалдап чыгат.
  35. Баш аманда мал таттуу, баш ооруса жан таттуу.
  36. Башы оорубаган кишинин — кудай менен иши жок.
  37. Башы оорубаган кудай менен иши жок.
  38. Башы оорубастын башка менен иши жок.
  39. Башы ооруган бакшыга барат, дөөлөтү ашкан жакшыга барат.
  40. Башы ооруп, балтыры сыздабагандын эчтеме менен иши жок.
  41. Башың ооруса бакшы изде, жаның ооруса жакшы изде.
  42. Бели ооруп көрбөгөн киши, бекерликти жакшы көрөт. Колу жоорубаган киши, кошоматчылыкты жакшы көрөт.
  43. Билимден өткөн досуң жок, оорудан өткөн касың жок.
  44. Билинбей туруп адамга, бир ооз сөз оору дарылайт.
  45. Боор оорусу — киндик толгойт.
  46. Боору ооруган бозорот, табалаган тамылжыйт.
  47. Боорукер жардамга келет, боору таш өлгөнгө күлөт.
  48. Далдал күчөсө — пулуңду алат, оору күчөсө — жаныңды алат.
  49. Доону төлөбөгөн төлөйт, ооруну кенебеген өлөт.
  50. Душманга боор оорусаң, боорго тебет.
  51. Жакшы киши ооруса тойго барып келгендей, жаман киши ооруса көрдөн чыгып келгендей.
  52. Жан — ооруган жерде.
  53. Жаткан оору эмес, баккан оору.
  54. Жейин десе — тиши ооруйт, берейин десе — ичи ооруйт.
  55. Жоголуп табылган мал — олжо, ооруп айыккан жан — олжо.
  56. Илең —салаң оорудан, шара —бара өлүм артык.
  57. Ичи оорулуу күлкү сүйбөйт.
  58. Ички ооруну табуу кыйын, карт адамды багуу кыйын.
  59. Иши кыйшык кишинин жүгү кетээр артына. Ооруп өлөөр кишинин, дабаа болбос дартына.
  60. «Келе» деген доон жок болсо, ыңк эткен (онтогон) ооруң жок болсо, башкы бакыт ошол да.
  61. Кагаз жазып колу жоорубагандын, иштеп бели да оорубайт.
  62. Кайгыга жеңдирбеген көңүл сергек, оору — сыркоодон алыс.
  63. Кайгырып уктасаң, ооруп ойгоносуң.
  64. Калп — оору, чындык — дары.
  65. Катуу кыштан калган мал олжо, катуу оорудан калган жан олжо.
  66. Катуудан тиш оору жаман, жумшактан ич оору жаман.
  67. Оорубай өлөйүн десең, эски дубалдын түбүнө жат.
  68. Көзүң ооруса колуңду тый, ичиң ооруса оозуңду тый.
  69. Көзүң чалыр болсо да, сөзүң, кыңыр болбосун.
  70. Кордук — оору, муңдук — өлүм, зарлык — жокчулук.
  71. Кызганчаактын ашы ич оорутат.
  72. Март марттыгын карматса, сараңды сары оору басат.
  73. Миң киши сөөмөйүн кезесе, оорубай өлөсүң.
  74. Мээнет пилди карып кылат, оору дөөнү карып кылат.
  75. Ойлобой сүйлөгөн онтобогон ооруга жолугат.
  76. Ойлогонун бербеген онтотпой ооруга жолугат.
  77. Онтоткон — оору, мөгдөткөн — карылык.
  78. Оозу оорубагандын, кулагы (таңдайы) жоорубайт.
  79. Оору — аштан, доо — карындаштан.
  80. Оору — өмүр бычагы, орой сөз — көңүл бычагы.
  81. Оору — кор, өлүм — зар.
  82. Оору батмандап кирип, мыскылдап чыгат.
  83. Оору кадырын сак билбейт, өлүк кадырын тирик билбейт.
  84. Оору кадырын соо билбейт, ач кадырын ток билбейт.
  85. Оору кайда болсо, жан ошол жерде.
  86. Оору калса да, адат калбайт.
  87. Оору оору эмес, оору баккан оору.
  88. Оору тилинин эми барды издебей, колунун эми барды издейт.
  89. Оору эмгектен качат, эмгек көңүлдү ачат.
  90. Оорубаган өлүмдөн коркпойт.
  91. Оорубаган онтобойт.
  92. Ооруган жерден кол кетпейт.
  93. Ооруган жериң урунду болот.
  94. Ооруганды сураса айыкканга тете (кээде эсе).
  95. Ооруда чанчуу жаман, сөздө каңкуу жаман.
  96. Ооруң жок болсо — котур бол, дооң жок болсо кепил бол.
  97. Оорулуу жылмайса — айыкканга тете, арамза жылмайса — алдаганга тете.
  98. Оорулууга жардам берсең эсели эсинен кетпейт.
  99. Оорулуунун ою онго бөлүнөт.
  100. Оорулуунун оюна эмне келип, эмне кетпейт.
  101. Ооруну жашырсаң, өлүм ашкерелейт.
  102. Ооруну кенебеген өлөт.
  103. Оорунун жакшысы жок, дарынын таттуусу жок.
  104. Ооруп турсаң, ойноп турдум де.
  105. Өлүм өксүтөт, оору кор кылат.
  106. Сүйлөсөм тилим ооруйт, сүйлөбөсөм дилим ооруйт.
  107. Тил ооруткан дос эмес.
  108. Тишиң ооруса — жулуп тын, коңшуң жаманбы — көчүп тын.
  109. Тишим кетик болсо да, көөнүм тетик.
  110. Тишиң барда таш чайна, тишиңден кийин аш кайда.
  111. Чыйкандан жаман оору жок, аны сурар киши жок.
  112. Ылай суу — оору булагы.
  113. Эки доо бир келсе амалыңдын кеткени, эки оору бир келсе ажалыңдын жеткени.
  114. Эл жасаса жүрөгүм ооруйт, өзүм жасасам белим ооруйт.
  115. Эл энчисин жеп алып сары ооруга баткан бар.
  116. Элдин көөнүн оорутпа, аттын жонун оорутпа.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

11 − два =