Аял жонундо

Бул баракчада аял жонундо 103 макал кошулду.

ayal jonundo makaldar opt 1
  1. Адеби жок аял кабанаак итке окшош.
  2. Ажаан аялың болгуча, ажаан итиң болсун.
  3. Ажарлуу аял — адамдын периштеси.
  4. Ажарлуу аял адамдын периштеси, акылдуу аял эркектин шериктеши.
  5. Айылды карай аял күлүк, үйдү карай уй күлүк.
  6. Алтын баштуу аялдан, бака баштуу эркек артык.
  7. Алтын баштуу аялдан, бака баштуу эркек артык.
  8. Ат — мингенднкн, тон — кийгендики, аял —тийгендики, эр — элдики.
  9. Ат алсаң минип ал, аял алсаң сүйүп ал.
  10. Атасына баласы аш ичкенди (аял алганды) үйрөтөт.
  11. Аттын жоргосу кызык,суусундун тунугу кызык,аялдын сулуусу кызык.
  12. Ашканада аял көп болсо, аш бышпайт.
  13. Аял — үйдүн куту.
  14. Аял — үйдүн туткасы.
  15. Аял болбосо ашкана жетимсирейт.
  16. Аял жакшы — эр жакшы, вазир жакшы — хан жакшы.
  17. Аял жакшы — эр жакшы.
  18. Аял жакшысы — ырысы мол, аял жаманы —кайгысы зор.
  19. Аял жакшысын — эри сүйөт, эр жакшысын — эли сүйөт.
  20. Аял намыс үчүн кара киет.
  21. Аял сергегинен жумуш бүтөт, эркек сергегинен ырыс түтөт.
  22. Аял турмушу — заман күзгүсү.
  23. Аял — эрдин жарым өмүрү.
  24. Аялды ашынан тааны, баланы башынан тааны.
  25. Аялды ашынан тааны.
  26. Аялдын азабы көп, түйшүгү түмөн.
  27. Аялдын акылын жесиринде көр, баланын акылын жетиминде көр.
  28. Аялдын анткорү улуу болбой кичүү болот, ага болбой жеңе болот.
  29. Аялдын жаманы атыңды булгайт, эрдин жаманы элди булгайт.
  30. Аялдын сулуулугу — ажарында, эркектин сулуулугу — акылында.
  31. Аялдын чачы узун болгон менен акылы кыска.
  32. Аялсыз үй — суусуз тегирмен.
  33. Аялсыз үй суусуз тегирмен менен тең.
  34. Аялың мыкты болсо — бактың, аялың кыйды болсо — каттың.
  35. Аялыңды атым дебе камчы салып, балаңды өзүм дебе эрке багып.
  36. Баатырдын алдынан түлкү чыкса кылактап — олжоболот, аял чыкса булактап — жолтоо болот.
  37. Балдардын буламыгын жеп койду деп, акмак аялын күнөөлөйт.
  38. Балчы менен төлгөчүдөн, өз аялың артык айтат.
  39. Бейжай аял белгисиз ыйлайт.
  40. Бейтаалай эрдин башына, бэйжай аял жолугат.
  41. Бир аял — аял, эки аял — базар, үч аял кошулса жарманке.
  42. Вазир жакшы, кан жакшы, аял жакшы эр жакшы.
  43. Жакшы аял — дөөлөт, жаман аял — мээнет
  44. Жакшы аял — ырыс, жаман аял -уруш
  45. Жакшы аял алгандын тою үйүндө.
  46. Жакшы аял бир айыл элди агартат, жаман аял өз башын эптеп агартат.
  47. Жакшы аял жакын кошот, талыкпай окуу акыл кошот.
  48. Жакшы аял жаман эрди жакшы кылат, жаман аял жакшы эрди жер кылат.
  49. Жакшы аял үй ээси, жаман аял жол ээси.
  50. Жакшы аял үйдүн жайсаңы, жаман аял үйдүн шайтаны.
  51. Жакшы таз башын жашырбайт, жакшы аял ашын жашырбайт.
  52. Жаман атты жал басат, жаман аялды чач басат.
  53. Жаман аял белгиси казаны калат жуулбай, кабы калат буулбай.
  54. Жаман аял кетем деп коркутат, жаман эркек өлөм деп коркутат.
  55. Жаман жигит той бузат, жаман аял үй бузат.
  56. Жолдошуң жаман болсо алыс жолго түн катпа,аялың жаман болсо, киши алдында үн катпа.
  57. Каракчы үйүнө кирсе, аял да курал көтөрөт.
  58. Качан болсо да аял боорукер келет.
  59. Күйөөсү молдо болсо, аялы ушакчы.
  60. Көп аялдуунун кокую көп.
  61. Оймоксуз аял болбойт.
  62. Оозу чалпоо жигиттин бир ажалы элинен, аягы суюк аялдын бир ажалы эринен.
  63. Өтө жаман — өзүн мактайт, башкы жаман —баласын мактайт, аяккы жаман — аялын мактайт.
  64. Сүйүүсүз аял карыз алган буюмдай.
  65. Сулуу аялдын сузу жакшы.
  66. Турмуштун туткасы — аял.
  67. Уул таппас аял болбос, анын тураарын айт, мал таппас жигит болбос, анын кураарын айт.
  68. Үй кылган да аял, күл кылган да аял.
  69. Үйдү кырк эркек толтуралбайт, бир аял толтурат.
  70. Үйдүн көркү — аялда.
  71. Үйдө олтурган аялдын ашы менен иши бар, кушу менен неси бар.
  72. Чыр аялдын күйөөсү эрте карыйт.
  73. Шайыр аялдан шылдыңчыл уул туулат.
  74. Эки уйлуунун үйү — айран, эки аялдуунун үйү — ойрон.
  75. Эки эчкиң болсо, үйүң толо быштак, эки аялың болсо, үйүң толо мушташ.
  76. Эр картайса эрки кетет, аял картайса көркү кетет.
  77. Эр төркүнү эшиктен кайтат, аял төркүнү төрдөн кайтат.
  78. Эрге жаккан аял элге да жагат.
  79. Эрди жарыткан да аялы, арыткан да аялы.
  80. Эрди эр кылган да, жер кылган да — аял.
  81. Эркек үндүү аялдын уяты жок, катын үндүү эркектин кубаты жок.
  82. Эркек опкогу үй толтурат, аял опкогу үй түгөтөт.
  83. Эркекке жүрөк, аялга жөлөк керек.
  84. Эркектин көй сойгону, аялдын сайма сайганы менен тең.
  85. Эрте турган аялдын, бир жумушу артык.
  86. Азазил азгырганда катын эрин чанат.
  87. Азансыз молдо болсо да, казансыз катын болбойт.
  88. Айланайын молдоке, катын алып берсең, канаке.
  89. Айлаш катын — муңдаш, жылдаш катын — сырдаш.
  90. Айт күнү — катын алба, жамгыр күнү — ат чаппа.
  91. Айыл десе катын күлүк, үй десе уй күлүк.
  92. Ак селделүү кожодон, ак жоолуктуу катын артык.
  93. Акылдуу атын мактайт, акылсыз катынын мактайт.
  94. Алган эри жарашса, кара катын ак болот.
  95. Алган эри жарашса, кара катын ак болот, баккан ээси жарашса, кара күчүк сак болот.
  96. Алжаке эркекке жалжаке катын туш келет.
  97. Алты катын азага барса (же келсе), ар кимиси өз муңун айтат.
  98. Ана катын мас болсо, беш көкүл менен урушат.
  99. Асыранды баланы айылчы катын чыгарат.
  100. Ат качаган болгон соң, аштан, тойдон калган соң, күлүктүгү не пайда!Катының сулуу болгон соң, аркырап беттен алган соң, сулуулугу не пайда!
  101. Ат менен катынга ишенич жок.
  102. Эр сыйлабас катындын, тулчулук берээр сазайын.
  103. Ат сыйлаган азамат жөө баспайт, эр сыйлаган катын эшикте калбайт.

Автор

Аватар пользователя

Салта

Мугалим бул – оор нерселерди оңой кылуучу адам. (Р. Эмерсон)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

восемнадцать − пятнадцать =