Тил жонундо учкул создор

Тил деген үйүбүздүн ачкычы го,
Бирде жаап, бирде эшигин ачып салган.
Үйүңдү ачкыч менен ачып туруп,
Билесиң ким экенин ээлеп алган.
(Саади)

Сөздүн ыгын билбесе,
Сөөдүрөп топто сүйлөсө
Тантыктыктын белгиси
Көңүл сүйгөн жер болсо
Айткан сөзүң эм болсо,
Акындын келет келгиси,
Бермет сөздү тергиси.
Орду менен сүйлөсө,
Кызыл тилин бүлөсө,
Таасындыктын белгиси
Кадырлуу болсо журтуна,
Сүйлөгөн сөзү тек кетпей,
Кары жаш укса, умсунса,
Акылдуунун белгиси.
(Арстанбек Буйлаш уулу)

Сөз маанисин билгендер
Сөздүн пири булбулдай
Сөз маанисин билбесе,
Согум чалыш дүмбүлдөй.
(Молдо Нияз)

Жакшы чыккан азамат
Элин билет.
Элин билген ал адам
Билим билет.
Окуп-карап ойлонуп,
Илим билет.
Эчен түрдүү адамдын
Тилин билет.
(Калыгул)

Ыр деген тоодон аккан тунук булак.
Мөлтүрөп, бермет болуп тунуп турат.
Ууну же балды жүрөк катып алат,
Аны тил чыдамсиздан айтып салат.
(Жами)

Жашоодо тилден ачуу жана тилден таттуу эч нерсе жок. (Эзоп)

Жашоодо тил азабынан өткөн азап жок. (С. Я. Надсон)

Тили чулдур булбул болгуча, тили так чакчыгай бол. (И. А. Крылов)

Тилине ээ боло албаган адам, оюна да ээ боло албайт. (Л. Н. Толстой)

Тил – жазуучунун, мылтык жоокердин куралы. Курал канчалык кубаттуу болсо, анын ээси ошончо күчтүү болот. (М. Горький)

Жараткан бергенин бүт койбой алат, бир гана жагымдуу сөз аман калат. (Фирдоуси)

Сөздүн оту да бар, музу да бар,
Сөздүн балы да бар, тузу да бар.
Балдай сөз учурунда супсак келип,
Болуп калат бир татым тузга да зар.
(Абу Шукур)

Сөз ооздон чыгып учуп жүрөт, коноор жерин өзү гана билет. (Асади Туси)

Тил – ойлонуунун куралы. Тилге жеңил-желпи мамиле жасоо, ал ойго, ойлонууга жеңил желпи мамиле жасоо: так эмес, жакындата гана, ишенимсиз ойлоо. (А. Н. Толстой)

Улуттун тили дайыма элдин улуттук руху менен тыгыз байланышта. (А. Н. Толстой)

Тилдин байлыгы ал ойдун байлыгы. (Н. М. Карамзин)

Тил аң-сезим сыяктуу эле эң байыркы болуп эсептелет. (К. Маркс, Ф. Энгельс)

Тил – достуктун, макулдашуунун эң мыкты ортомчусу. (Эразм Роттердамский)

Чет тил бул, жашоо үчүн болгон күрөштө бизге курал. (К. Маркс)

Кимде-ким чет тил билбесе, ал өз эне тилин да жакшы билбейт. (И. Гёте)

Чет тилдерди үйрөнүү – эне тилди байытат, аны ачык, даана, ийкемдүү, көркөм кылат. (Н. К. Крупская)

Бөтөн элдердин адеп-аклак, кулк-мүнөзүн билищ үчүн, алгач алардын тилин үйрөнүүгө аракет кыл. (Пифагор)

Көп тил билүү – демек бир кулпуга түшө турган көп ачкычтуу болуу. (Ф. Вольтер)

Жусуп Баласагындын айткандары

Илим менен билимге көпүрө – тил,
Көкөлөткөн адамды тили деп бил.

Тил адамды бакытка бөлөп салат,
Тил адамды шорлотот башын алат.

Тил арстан босогоңдо комдогон
Бошоп кетсе, өзүңдү да жеп койгон.

Миң сан калкты Теңир өзү жаратты,
Тилдүү сүйлөп, тилсиз үнсүз карашты.

Тирүү жанга эки нерсе керектир,
Бири – тили, бири – дили ак көңүл.

Сөздү, дилди жаратты адилет деп,
Жалганчылар жалынга күйгөнү эп.

Туура сөздөн чексиз пайда табарсың,
Жалган сөздөн каргыш-сөгүш аларсың.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

4 × 2 =