Бир шак,
Бир жагы кара,
Бир жагы ак.

Алаң-алаң, алаң аяк,
Жете албаймын жалаң аяк.

Чапса чабылбайт,
Кессе кесилбейт.

Менин бир тонум бар,
Балка менен урса да айрылбайт,
Таш менен урса да айрылбайт.

Тоого чыктым, жазыны көрдүм.
Айрылбаган балээни көрдүм.

Көмсө көмүлбөс.

Жүрө берет жок болбойт.

Жарык жерден жанашат,
Караңгы жерден адашат.

Бассаң басат, турсаң турат, отурсаң отурат.

Басса басат,
Жатса жатат,
Көмсө көмүлбөйт,
Караңгыда көрүнбөйт.

Бир эчки келатат,
Сакалын сууга салып,
Куйругун кумга малып.

Күүлдөгөн үнү бар,
Коркунучтуу түрү бар.

Отко күйбөс,
Сууга чөкпөс.

Башы менен жерге өсөт,
Кышта эмес жазда өсөт.
Күн чыкканда жылт этип,
Жашын төгүп жок болот.

Агайлар келди балтасыз,
Көпүрө салды тактайсыз.

Карагайсыз тактайсыз,
Көпүрө салдым балтасыз.

Элексиз элеп, даяр ун берет,
Жебейбиз аны, бирок турмушта керек,
Ар жылда келет, бул эмне делет.

Элексиз элеп,
Даяр ун берет,
Жебейбиз аны
Бирок турмушта керек.

Тал башында тал чыбыктай ийилет,
Ак шумкар куштай жыйылат.

Өңү аппак, жылдыз сымак,
Күн жылт этсе, кадим сымап.

Жатып-жатып жазында ийинге кирет.

Жатып-жатып жазында арыкка кирди.

Буура келет буркулдап,
Буту-колу жыбырап.

Бир төөм бар жүрө албайт майы көптөн,
Ал төөм семирбейт жеген чөптөн.
Эгерде каза таап өлүп кетсе,
Сөөгү табылбайт жер менен көктөн.

Асмандан тараша түштү,
Ак үйгө жараша түштү.

Көзү жок, колу жок,
Терезеге сайма саят.

Ак сандыгым ачылды,
Ичинен жибек чачылды.

Сенде бар, менде бар, бүт ааламда бар.

Жеңил бирок көзгө көрүнбөйт,
Жара чапсаң бөлүнбөйт,
Сууга окшоп төгүлбөйт.

Бар десе, бар эмес,
Жок десе, жок эмес.

Уучтасам уучум толбойт,
Кое берсем, жерге сыйбайт.

Төмөнкү элдин буурасы,
Жайылып келет чуудасы.

Талаага талкан чачтым.

Оро-оро, ичи толо шоро.

Жерге түшсө буландай,
Көккө чыкса тунарат,
Эч жеринде жаны жок.

Жерге түшсө буландай,
Көккө чыкса буландай.
Боору бүтүн теңи жок,
Эч биринде жаны жок.

Эки куланды бир кулан жеп келет,
Аркасыны аптапка салып келет.

Самтыр-сумтур энеси бар,
Санга жеткис ботосу бар,
Маңгыл кашка буурасы бар.

Төө жасадым кебезден,
Түртүп ийдим белестен.

Өөдө төмөн лок-лок,
Төөгө минген сок-сок.
Аны тапсаң таптың,
Таппагандын башына
Кара келтек токмок.

Көк көйнөккө пахта жайдым.

Буту жок, басат,
Канаты жок, учат.

Бул айылдын буурасы,
Тиги айылдын буурасы,
Желпилдеп өтөт чуудасы.

Асман-жерди бүркөгөн,
Күңүрт нуру не болот?

Асманда айры жыгач

Он эки жылда бир балалайт.

Такырчаң жерде таз ойнор.

Жетсе, жеткен жерин желпип кетет.

Көзгө көрүнбөйт,
Ийинге илинбейт.

Көзгө көрүнбөйт,
Ийнеге илинбейт.

Бир нерсе бар учпайт бийик,
Жер менен көктүн бетин
Миң мертебе айланса да,
Эч бир жери кетпейт отко күйүп.

Эшик ачар, ээси качар.

Үйүмө кирет, жиниме тиет
Урайын десем, таягым тийбейт.

Кармаласам колго келбейт,
Көрүнбөй келип көзүмдү ирмейт.
Доошу кулагыма чуулдап турат,
Дүйнөдө жансыз учкул зат.

Колу жок, буту жок,
Дарбаза жок.

Буту жок, колу жок,
Эшик ачканга шок.

Тоо борунда кылыч жаркылдайт

Капкара таш жарылат,
Караңгы сеңир айланат.

Жапкара таш жарылат
Караңгы сеңир жаңырат.

Жапкара таш жарылат.

Ыйлаак кыз, тырмаак кыз,
Кызыл кыз, узун кыз.

Үчөө ынтымактуу дешет,
Бирөө куюлуп түшөт,
Бирөө кубанып ичет,
Бирөө кулпунуп өсөт.

Чычкан ийниге киргенде «ың» дейт.

Кыдың чолок жер каздайт.

Чолок мылтык жер тешет.

Жездемин бычагы менен жер чукудум.

4 Жети кемпир жер көөлөйт,
Жер көөлөсө да мол көөлөйт.

Жетим бала жер чукуйт.

Тиги үйдө да «тып-тып»,
Бул үйдө да «тып-тып».

Чык этти чыгып кетти.

Кызыл куурай барчылдайт,
Жетим бала тырсылдайт.

үйгө кирсем «чык-чык» дейт.
Эшикке чыксам «кир-кир» дейт.

Дыбыр-дыбыр, тып чыкты,
Чыгар замат жып болду.

Ал эмнедир көктүн жерге айланганы
Ал эмнедир жерден көккө дууланганы
Ал эмнедир теминерге жаны жок.

Тоодон топ түштү,
Буту-колу жок түштү.

Көтөрүлүп деңизден,
Асманга бийик барамын.
Бийиктен кайра түшкөндө,
Өңү кирет талаанын.

Тап-тап, тап жорго,
Таба албасаң боз жорго,
Желип кетсе жеткирбейт,
Жерге түшсө көрүнбөйт.

Кара-кара, кар тоо,
Кандар өтүп баратат.
Бийик-бийик, бийик тоо,
Бийлер өтүп баратат.
Бийдин уулу Шадыкан,
Шабыратып баратат.

Талаага таруу чачтым,
Тарпылдап үйгө качтым.
Музга буудай чачтым,
Буркурап үйгө качтым.

Талаага таруу чачтым,
Талпылдап үйгө качтым.

Чилдиң бут чий казат.

Сандыктагы сары айгыр,
Сандап-сандап кишинейт,
Куйруктары карала,
Көчүктөрү сарала.

Сандыктагы сары айгыр,
Сандап-сандап кишинейт.
Куйруктары көк ала,
Баш жактары сарала,
Бул эмине тапкыла?

Калдыр-шалдыр дүңгүрөгөн,
Карт энеге суу берген.
Аны ичсе жаңырып кийими,
Алка-шалка тердеген.

Күр-күр буурам, күр кирет,
Жерде мончок жылтырайт,
Жесир ала корголойт.

Күр-күр буурам күркүрөйт,
Жерде жылтырайт.
Жесир ала корголойт.

Букардан буурул айгыр кишинесе,
Жаркенттен жетимиш байтал боозуйт.
Кулундары көк ала,
Куйруктары сарала.

Буура-буура буркурайт,
Буту колу титирейт.

Айдан азан чакырса,
Ааламга угулуптүр.

Ай-айга багышат,
Алтын табак кагышат.
Күн-күнгө багышат,
Күмүш табак кагышат.

Мен кыйкырсам чокудан,
Ал заңгырайт коктудан,
Өзү түгүл изи жок,
Бул эмне деп чочусам.

Кыпкызыл алма,
Эр болсоң карма.

Жездекем жез тумшугу менен жер чукуйт.

Суу качан тик турат?

Көктөн түшкөн көк буурчак,
Көз ачырбайт сабалап.
Жемиш бакты кыйратты,
Денелерин жаралап?

Атасы молдо,
апасы жорго,
кызы бийчи,
баласы ырчы.

Элексиз элеп, даяр ун берет.
Жебейбиз аны, бирок турмушта керек.
Ар жылда келет.

Алтын көкүл атасы Аалам көркүн ачып турат,
Күмүш нурдуу карындашы көлөкөлөп качып турат.
Атасын айланып жүрөт, карындашы байланып жүрөт.

Асманда койлор жайнайт,
Артынан койчусу айдайт.

Кубарбайт да, куурабайт,
Жайы дагы, кышы да.
Дайм кетпей сакталат,
Буркураган жыты да,
Бул эмне болучу?

Жылгаяк тээп, жылып басат,
Кыш ичи иштеп, жай ичи жатат.
Алар жансыз, бирок төртөө,
Экөө бутта, экөө колдо,
Тогуз ай баспай,
Кыш түшкөндө болот жорого.

Ийнеси жок, жиби жок,
Тереземди саймалайт.
Тызылдатып эрте-кеч,
Бети-колум аймалайт.

Колу жок, буту жок,
Терезеге сайма саят

Нөшөрлөп жамгыр басылды
Күн жаркып нуру чачылды.
Асмандан түстүү боёк жип
Ийилип жерге тартылды.

Абзий Кадыров

Күнү-түнү тынбаган,
Бөлө чапса сынбаган.

Тап, табышмак
Өзү тегерек,
Жарыгы эң керек
Күндүз көрөм,
Түндөсү көрбөйм.