Куу карагай башынан,
Куулап өткөн ким болду?
Жаш карагай башынан,
Жалап өткөн ким болду?
Жашты кууну аралап,
Сурап өткөн ким болду?
Кара-Тоонун боорунан,
Капталдай көчкөн ким болду?
Кара чоку башынан
Ат ойноткон ким болду?
Эки жыгач боорунан
Эптеп алган ким болду?
Жалгыз жыгач боорунан
Жамап алган ким болду?
Узун сая жыгачтын
Учун кескен ким болду?
Эки кырга конорбу,
Эмки айткан сөзүңдү
Эптебей тапсам болобу?
Жалгыз кырга конорбу,
Жаңкы айткан сөзүңдү,
Жамабай тапсам болобу?



Анвар шаага агасы Алхактын айткан табышмагы:
Он сегиз миң ааламдын энеси ким?
Эмчеги кайсы?
Он сегиз миң ааламдын атасы ким?
Арадагы кайсы?



Эшик башы түргөндөн
Эңип алган бар бекен?
Жылкы башы төргөндөн
Жылкы тийген бар бекен?

Темингисин тер кылбай
Жорго минген бар бекен?

Бооруна кетмен чаппаган
Тоодо бүтүн бар бекен?

Ташын алып салбаган
Сууда бүтүн бар бекен.

Төбөңдөгү төрт жылдыз
Батар жери кайда экен?
Төрт авлия, бир азиз
Жатар жери кайда экен?
Пешенеңде беш жылдыз.
Батар жери кайда экен?
Беш авлия, бир азиз,
Жатар жери кайда экен?
— Төбөңдөгү төрт жылдыз,
Батар жери кыбыла.
Төрт авлия бир азиз,
Жатар жери Медина.
Бешенеңде беш жылдыз,
Батар жери кыбыла.
Беш авлия бир азиз,
Жатар жери Медина.

Сөздүн башы эмне?
Суунун башы кайсы?
Жолдун башы эмне?
Күндүн батышы менен чыгышы нече күндүк жол?
Асман менен жердин ортосу нече күндүк жол?
Калп менен чындын ортосу нече күндүк жол?

Сапар шаанын (хандын) элине айткан
7 табышмагын кызы Анвар шаа тапкан экен.
Дүйнөдө ким күчтүү?
Дүйнөдө учкул кайсы?
Баатыр деген эмне?
Коркок деген эмне?
Жакшы деген эмне?
Жаман деген эмне?
Жаманга даба кайсы?

Долононун топ бутак,
Такылдаткан ким болду?
Эки жыгач боорунан
Эптей турган ким болду?
Жарты жыгач боорунан,
Жарып алган ким болду?
Ак жамынчы жамынып,
Кериге чыккан ким болду?
Ала-Тоонун боорунан,
Ат ойноткон ким болду?
Кара-Тоонун боорунан
Казан аскан ким болду?

Жол узуну не болот?
Чөп узуну не болот?
Элдин чоңу ким болот?
Токтобостон агуучу,
Суунун чоңу не болот?
Оңой ушул нерсени,
Кана тапчы сен ойлоп?

Бир карыядан бир жигит суроо сурайт:
Экөө менен кандайсыз?

Алыс менен кандайсыз?

Жакын менен кандайсыз?

Кабарчы менен кандайсыз?

Канат эмнеден болот?

Манат эмнеден болот?

Санат кайдан чыгат?

Асмандан бийик эмне?

Суудан терең эмне?

Октон күлүк эмне?

Уудан ачуу эмне?

Кардан муздак эмне?

Оттон ысык эмне?

Казана деген эмне?

Мүлк деген эмне?

Эр эгиз деген эмне?

Эмгектүү жалгыз деген эмне?

дй аяктай болгону, ал эмине болучу?
Күн күрөктөй болгону, бул эмине болучу?
Тоо томуктай болгону, бул эмине болучу?
Жериң чекен тартканы, бул эмине болучу?
Сууң сукан тартканы, бул эмине болучу?
— Ай аяктай болгону, ай тийгени эмеспи.
Күн күрөктөй болгону, күн тийгени эмеспи.
Тоо томуктай болгону, күн жааганы эмеспи.
Жериң чекен тартканы, көк чыкканы эмеспи.
Сууң сукан тартканы, суу киргени эмеспи.

Муун-муун мундуз,
Муун ала кундуз.
Аба кийик териси,
Алты кочкор мүйүзү.
Кап ооз — кийиз
Карга оозу — мүйүз
Кой баласы — шишек.

Кап оозу кийиз,
Карга оозу мүйүз,
Кой баласы шишек,
Аны таппаган киши эшек.

Чекилдектин түбүндө чекилдеткен ким экен?
— Ийикчи.
Асман менен жердин ортосу канча?
— Каш, кабак.
Төгөрөктүн түбүндө төкүлдөткөн ким экен?
— Кырманчы.
Ким сүйлөбөй окутат?
— Китеп.
Кара тоонун боорунда карап жаткан ким экен?
— Саятчы.

Аркайган кара тоо өлөбү?
— Бетин туман басканы.
Тийип турган күн өлөбү?
— Бетин булут чалганы.
Калдайган кара жер өлөбү?
— Кар астында калганы.
Аккан суу өлөбү?
— Муз астында калганы.

Эмнеде каймак жок?
— Кара сууда каймак жок.
Эмнеде тамыр жок?
— Ташта тамыр жок.
Эмнеде көпүрө жок?
— Көлдө көпүрө жок.
Эмнеде тирөөч жок?
— Асманда тирөөч жок.
Эмнеде жан жок?
— Дөңгөчтө жан жок.
Эмнеде тил жок?
— Балыкта тил жок.
Эмнеде кан жок?
— Чөптө кан жок.
Эмнеде өт жок?
— Жылкыда өт жок.
Эмнеде сүт жок?
— Кушта сүт жок.
Эмнеде түк жок?
— Жыланда түк жок.
Эмнеде кыр жок?
— Кыңырыкта кыр жок.
Эмнеде сыр жок?
— Ыңырчакта сыр жок.

Дүйнөдө эмне кызык?
— Турмуш.
Дүйнөдө эмне күлүк?
— Кыял, (санаа).
Дүйнөдө эмне күчтүү?
— Илим.
Дүйнөдө эмне таттуу?
— Уйку.
Дүйнөдө баарынан эмне семиз?
— Баарынан семиз — Жер.

Дүйнөдө эмне күлүк?
— Ой.

Дүйнөдө ким берекелүү?
— Жер.
Эмне отсуз күйөт?
— Күн.
Кезектешип жарык берген эмне?
— Күн, Ай.
Асман, жерди бүркөгөн күңүрт нуру не болот?
— Булут.
Мээрими менен нур берип, жылытып турган не болот?
— Күн.

Соонун атасы ким?
— Жан.
Сөздүн атасы ким?
— Кулак.
Жолдун атасы ким?
— Туяк.

Суунун атасы ким?
— Булак

Суунун атасы ким?
Жолдун атасы ким?
Сөздүн атасы ким?
www.bizdin.kg
— Суу атасы — булак
Жол атасы — туяк
Сөз атасы — кулак

Жумшактын жумшагы эмне?
— Кебез.
Катуунун катуусу эмне?
— Таш.
Ачуу менен таттууну бирдей берген ким экен?
— Туз.

Жердин ээси ким?
— Дөбө.
Суунун ээси ким?
— Булак.
Кептин ээси ким?
— Кулак.

Тарлыктын тарлыгы кайсы?
— Тарлыктын тарлыгы — өкүмү күч хандын асты

Аяктын оозу кайсы?
Түбү кайсы?
— Оозу бысмылла,
Түбү аллоакпар.

Ширинден ширин эмне ширин?
Катуудан катуу эмне катуу?
Оордон оор эмне оор?
— Ширинден ширин жар ширин,
Катуудан катуу жокчулук катуу,
Оордон оор төрт түлүк мал оор.

Таттуунун таттуусу эмне?
— Таттуунун таттуусу — жан.

Көтөрүмдүүнүн көтөрүмдүүсү кайсы?
— Эл.

Алтын тондун жакасын
Тек кайырткан ким экен?
Алтын казык кактырып,
Бек байлаткан ким экен?
— Бүркүтчү

Ала-Тоонун боорунда,
Ат ойноткон ким экен?
— Жылкычы.

Акыл кайда,
Кубат кайда,
Уят кайда?
— Акыл — башта,
Кубат — сөөктө,
Уят — көздө.