Бул бетте идиш-аяктар жонундо кызыктуу, женил жана татаал табышмактар топтолду. Балдарды идиштер менен тааныштырууга, логикасын остурууго жардам берет.

Текем тик туруп суу ичет.

Огородду араласа
Өзүн каз моюндуу көрөт.
Эңкейген жерге
Себелеп сууну төгөт.

Кичине катын жер тебет

Каңгыр-күңгүр үнү бар,
Чычкан кирчү ийни бар,
Айланасы кызыл жар

Сойсо каны жок.

Кочкор мүйүз кодогой,
Башы ичке шордогой.

Бап балпак,
Башы жалпак.
Сууруп алды,
Суусу тамды.

Бап балпак, башы калпак,
Сууруп алмак, суусун канмак.

Сүйрөмө сүрнөт,
Бурама парз.

Эки ээги бар.
Бир тээги бар.

Өйүзгү элдин жылкысы,
Өйүз ылдый куюлат.
Бүйүзгү элдин жылкысы,
Бүйүз ылдый куюлат.
Жаман тумак боз бала,
Тосо албай буюгат.

Керегеде муштай гөш.

Капталды капталдай чапкан байбарак баатыр

Миң койду аралай чапкан Чокчолой баатыр

Эки башы муштумдай,
Ортосу кылдай.

Үй баш сайын кол куржун.

Көгөртүп малдым,
Кызартып сууруп алдым.

Кичинекей сай,
Ичинде эки бала жатат жай.

Ичип жеп ийинге кирет.

Узун-узун улама,
Учу менин колумда.
Сагызгандай сайраган
Сабы менин колумда.

Салмак менен тартат,
Сарысын алып кайтат.

Узун-узун упарым,
Ичидеги жыпарым,
Кара соот каркыным,
Ичидеги жаркыным.

Салмак менен урдурам
Сары бала туудурам.

Гүлдүр-гүлдүр гүлдүрсүн,
Мойнуң толо ак мончок,
Болотбайдын кызысың,
Гүлдүр гүп, гүлдүр гүп

Гүлдүр-гүлдүр гүлдүрман,
Гүлдүрмандын кызымын.
Мойнум толо акдана,
Акылмандын кызымын

Эзели курчанганын чечпеген,
Ичинен жыты кетпеген.

Эки бир тууган суунун жээгине ойнойт,
Үчүнчүсү жээкке жыгылат.

Эки жакшы жолдош,
Сууга киринбеген күнү болбос.

Эки дос,
Сууга түшпөгөн күнү жок,
Баратып ач, келатып ток.

Ийилип турат кулагы,
Ичи тойсо, салмактуу келет бу дагы.
Эртели кеч адамга,
Жардам кылар убагы

Болсо да эки кулагы
Бир гана иймек тагынат.
Келатса суудан жутканы
Көбүнчө экөө кабылат

Эки тоонун арасында
Эбей-себей күн жаайт

«Тап-тап» этет,
Таманы жок лагалак.
Суудан өтүп баратат,
Сүйөгү жок лагалак.

«Тап-туп» этет
Алдынан кербен өтөт.

Каптан сугунуп,
Кар жаадырды.
Тегирменден келгенде,
Уй саадырды.

Бир өзү, бир өзүндө миң көзү

Өзү битта, көзү миңта

Жапжаңы идиш,
Бирок баары жыртык.
Эл устасын мактаса,
Такыр жок кынтык.

Аякка өтсөм урасың,
Быякка өтсөм урасың,
Нанды бирөө жейт,
Мени неге урасың?

Аласа бою бар,
Арчындаган тону бар,
Ыйласа кар жаайт,
Ыйлабаса не жаайт.

Ак күчүгүм бырт-бырт чычат.

Белен-белен, белен ат,
Бели жоон күрөң ат,
Аштан тойдон калбаган,
Арам өлгөн күрөң ат.

Белес ашып келет
Нойгут басып келет.

Үшкүбайдын үч уулу,
Үшкү тартып олтурат.
Андан калган бир уулу,
Дөңгө чыгып олтурат.

Үчүкөнүн үч уулу,
Үшкү тартып отурат.
Айры сакал атасы,
Атка минип отурат.
Тоголок кара баласы,
Сууга тойбой отурат.

Үч буту бар,
Балаадай күчү бар.

Үч буту бар, аксабайт

Карт кара бука,
Мартеке музоо,
Үйөр-үйөр үч өгүз.

Ар жагында жука тоо,
Бер жагында жука тоо,
Ортосунда жумшак тоо.

Кара өгүзүм карап турат,
Кызыл өгүзүм жалап турат.

Туулду бир кара куш, бир балапан,
Бошто алып, ар бир жерге ала чапкан.

Өлөбай акем өлөм дейт,
Үч уулу үч жагынан жөлөйм дейт.

Бирөөнүн төшү күйүк,
Үчөөнүн өзү күйүк.

Бирөөнүн төшү күйүк,
Бирөөнүн өзү күйүк.

Бир заттын арты күйүк,
Бир заттын төшү күйүк.

Карагул аттан жыгылды,
Калкы-журту жыйылды.

Карабай акем аттан түштү,
Балдары чуркап келди.

Жеңем жерге түштү,
Балдары аны күтүштү.
Кара катын аттан жыгылды,
Балдары апакелеп чуркады.

Кара кожокем аттан түштү

Кулагы бар, башы жок,
Курсагы бар, чачы жок.

д3ү бирөө,
Кулагы төртөө

Күн үстүндө кара таш.

Кулактуудан кагылбас

Ашкананын кал кызы ыйлайт

Башы менен казанга түшөт,
Суюгун таштап, коюусун сүзөт

Чөөкөр атым чөгүп кетти,
Куйругу сорок этти.

Кула бээм кундуга кирсе
Куйругу сорок дей түштү.

Топусу бар, башы жок

Суудан башка ашы жок,
Томпок курсак бөйтөгөй

Өрдөк көлдө,
Куйругу сыртта

Бир малым бар тамга жармашып сиет.

Башы бартмак,
Учу бөртмөк.
Сууга салмак,
Сууруп алмак,
Суусу таммак,
Сумсайып калмак

Жомогум жомок,
Куйругу чомок.

Кичинекей бечел,
Сүңгүп барып суу ичер.

Жупжумуру таш бака,
Сөөгү бар, жалбырак жейт,
Суу ичет, жаны жок.

Биздин үйдө бир килем,
Түрдүү түстүү сыр килем.

Эзилген таш,
Чийилген таш,
Абакка түшүп
Ийилген таш.

Карчыгам өзү жансыз колго конду,
Дем болсо, байдөбөлдөн оозум толду.
Мен өзүм карчыгадан алдым демди,
Жигиттер табышмактын чечүүсү кайсы болду?

Кулундары сары ала,
Куйруктары тору ала.

Иштен келсек чөгөлөшүп таазим кылат,
Ишке кетсең ал өзүнчө төрдө отуруп мейман болот.

Атасы бүкүрү кожо,
Энеси шапелек айым.

Башы бөрктүү,
Түбү көрктүү,
Мойну кооз,
Ичи бооз,
Аркасы илмек.
Акылдуу балдар билмек.

Үчүкөнүн үч уулу
Үшкү тартып отурат.
Тентек кара баласы
Ийик ийрип отурат.

Бул эмне муруят,
Мурду эмне жырыят,
Оозу туруп сүйлөбөйт,
Отту эмне үйлөбөйт?

Карды бар, калтасы жок
Шосу бар, дорбосу жок.

Кароолчунун катыны
Көрдөй болуп отурат.
Тарайын десе чачы жок,
Таздай болуп отурат.

Чакалап сууну берсе — ичет, кусат,
Оюнда жок тоюп коймок.

Уй курсак тумшугу узун, бото мойнок,
Күйбөстөн өрт-жалынды кечет ойноп,
Чалкалап сууну берсе — ичет, кусат,
Ысапсыз, оюнда жок тоюп коймок.

Курсак тумшугу узун бото мойнок,
Күйбөстөн өрт-жалынды кечет ойноп.

От ичинде отурган оен

От жанында дөңгөлөк,
Тура калып сийгелек.

От боюнда очоет,
Такыясы чочоет.

От башында ойрон шалпык.

От башында күйбөс чанач.

Мурду бучук,
Карды катта,
Жөө жүрбөс,
Атка минбес.

Карды карсак,
Мурду барсак,
Атка минбес,
Жөө жүрбөс

Жөө жүрбөс,
Атка минбес

Мурду мур таз,
Карды кар таз.

Эшикке чыгып от жебейт,
Башатка барып суу ичпейт.

Жатса жамбашы талыйт,
Турса суусу чууруйт.

Чук-чук, чук терек,
Чук терекке суу керек.

ч0ң энемдин көмөчү
Күйбөдү да бышпады.

Кара кемпир какылдайт,
Сөөктөрү шакылдайт.

Ичи бар ичегиси жок.

Букардан келген боз тайлак,
Боздоп туруп суу ичет.

Кокондон келген коң карга,
Буту-колу жок карга.

Кытайдан келген лөк,
Эки көзү көк,
Күлгө келип чөк

Кашкардан келген лөк,
Күлгө келип чөк.

Эки оозу бар, бир боосу бар,
Жоголсо, козулу койлук доосу бар.

Жөө, бир мүйүзү кер
Оозу эки, көзү бир.

Жоор,
Үстү кир,
Оозу эки,
Түбү бир.

Япир
Үстү кир,
Оозу эки,
Түбү бир.

Йаапырым — мойну бир,
Оозу эки, түбү кир.

Жабык үстү,
Оозу эки, түбү бир.

Кичинекей келинчек,
Мейман келсе таазим этет,
Күйөөсүнө колун берет.

Дүңк кемпир, дүңгелек кемпир,
Кайда барса азиз кемпир.

Эки тоонун арасынан
Бөөн-чаян күйүп турат.
Күйгөнүнө чыдабай
Бөйрөгүнөн агып турат.

Эки кулактуу,
Такалуу жылкы сыяктуу,
Уй курсактуу.

Эки кулагы бар,
Төрт туягы бар,
Маңдайында күйүп турган чырагы бар,
Ортосунда кайнап турган булагы бар.

Эки ийнинде медери бар,
Үстүндөгү калканы куп жарашкан.

Чын күмүш чинди күмүш,
Чын дөбөгө конду күмүш,
Элге салам берди күмүш.

Чин кушум, чинди кушум,
Чин дөбөгө конду кушум,
Элге салам берди кушум.

Оргочордон от күйөт,
Ь1сык-Көлдөн ит үрөт.

Төрт аягын теңдей баскан,
Төпөсү төпөсүнө куп жарашкан,
Ортосуна тилмеч коюп кулдурашкан.

Оозунан жалын чачкан
Төрт аягын тең баскан.

Төө моюндуу, уй курсактуу,
Тегереги булактуу, орто жери чырактуу.

Тегереги от,
Ортосу — суу,
Бир аздан соң
Көтөрүлүп буу,
Салат чуу.
Тезинен тап
Эмне экен бу?

Сырты сары саламат,
Ичи кызыл кыямат.

Өзөнү жок, сайы жок,
Суусу чыгар мөлтүлдөп.
Ортосунда кызарып,
Башы чыгар кылтылдап.
Кокон бөркү башында,
Кош куржуну кашында
Чуу деп кеткен бир жумбак.

Өзөнү жок, сайы жок,
Суусу чыгат мөлтүлдөп,
Ортосунда карарып,
Мору чыгат калкылдап,
Кооз калпак кийип алган жылтылдап.

Өзөн эмес сай эмес,
Суу агады зырпылдап,
Ортосунда бир нерсе
Кызарады кыпылдап.
Кожом бөркү башында
Жакшылардын барысы
Мына ошонун кашында

Кокон бөркү башында,
Кош куржуну жанында.

Оозун ачкан,
Жалын чачкан,
Ойлогондор
Бат эле тапкан.

Жазаганга жазган,
Оозунан заар отун чачкан.

2Мойну кооз,
Ортосу бооз,
Түбү илмек,
Аны акылдуу киши билмек.

Карасам бир тоодон, бир тоо бийик,
Коюптур ортосуна чаян ийип.
Чаяндын заарына чыдай албай
Бутуна жибереди сийип-сийип.

Калаада бир буюм бар тоту куштай,
Кандай адам жасаган ичи бышпай.

Биринен бири бийик турат,
Ичинен жалын күйүп турат,
Каалаганда саан болуп,
Уйдан бетер ийип турат.

Базардан сатып келген кобул сандык,
Он жигит оозун ачып, кулпу салдык.
Суу ичип, куу отун жеп, көмүр таштайт,
Сандыктын өнөрүнө айран калдык.

Базардан алып келген сары сандык,
Кулпусун он кишилеп араң салдык.
Чамынды чайнап, күл чычкан,
Мунусуна айран калдык.

Базардан алып келген сары сандык,
Кулпусун он кишилеп араң салдык.

да десе, аарын ачкан,
Аарына заарын чачкан.
Башында калканы бар куп жарашкан.