Жер үстүндө жетим бала диңилдейт,
Кар үстүндө карып бала диңгилдик,
Муз астында мусаапыр бала диңгилдик

Эшигин жаппай эч качан,
Элейип дабыш тыншаган.

Кырда кылыч жарк этет,
Өөндө эшик шалп этет.

Шылдыр-шылдыр, шылайкан,
Колго түшкөн кедейкан,
Маңдайы кашка баатыркан,
Кулагы чунак капыркан.

Кырда кылайма,
Отто олоймо,
Сууда сулайма.

Сууда сулайманды көрдүм,
Тоодо тулайманды көрдүм.

Көк торпок болуп жээктен чыктым,
Кулун болуп тээктен чыктым.
Закымданып талаадан чыктым,
Жүгөн катынбай желеден чыктым.

Дүбүр-дүбүр, дүбүркан,
Дүбүркандан бууракан,
Бууракандан бугушкан,
Бугушуп терек жыгышкан.
Жаан-жаан жанаркан,
Колго түшкөн кедейкан,
Кул кулагын култуйткан
Кулагы чунак Норускан.

Кандар!
Дүмбүр-дүмбүр, дүмбүркан,
Дүмбүркандан бууракан,
Бууракандан бугушкан,
Бугушуп терек жыгышкан.
Жаан-жаан, жаан аркан,
Колго түшкөн кедейкан.

Баар-баар, бар эки,
Бармактары он эки,
Пати шайы тону бар,
Соорусунда калы бар.

Ары кетет торучан,
Бери кетет торучан.
Ортосунда чалчык суу,
Тандап ичет торучан.

Аякка өтөт торучан,
Быякка өтөт торучан.
Тал түбүндө тунук суу,
Тандап ичет торучан.

Тишин кара ташка бүлөгөн,
Ырысын кара жерден тилеген.
Качырганын койбогон,
Караңгыда жойлогон.

Ылдыйга аста келет, жай кетет,
Өйдөгө өр кетет, октой кетет.

Күндүз жатып, түндө жүрөт,
Муну көргөн адам күлөт
Айсыз караңгыда көзү көрөт

Күндүз жатып, түндө жүрөт,
Муну көргөн адам күлөт
Айсыз караңгыда көзү көрөт

Кыртышы кара жаргактай,
Канаты кадимки чатырдай.
Учат дайым талыкпай,
Күндүзү жатат жансыздай.

Көргүлөчү куйругун,
Куйругунан мурду узун,
Атын атап андан соң,
Тапкылачы тумшугун.

Төрт буттуу,
Төөдөн күчтүү.

Эчкини куйругуна жапырган,
Эшекти башына көтөргөн.
Бөксө тоону жайлаган,
Чөп сарасын аймаган.

Эшек кулак, уй мурун,
Жазы маңдай кургуруң.
Ача туяк, казык бут,
Кескен өңдүү куйругун.

Букардан келген мунаажын,
Куйругу чолок кунаажын.
Бул неменин жүрүшү,
Тумшугунун чүрүшү

Конок башын керткен экен
Ажырык түбүн жеген экен,
Үйүн карай жорткон экен.

Бүлдүр-бүлдүр бүлдүркөн,
Жер айлана жүгүргөн,
Наясаттын баласы
Мылтык ала жүгүргөн.

Бүгүр, бүгүр, бүгүргөн,
Муз алдынан жүгүргөн
Шаанын уулу Шамурза
Мылтыгын ала жүгүргөн

Көчөгө чыгып «дат» деп ыйлайт.

Тону бар, киерине чапаны жок,
Муруту бар, ээгинде сакалы жок,
Пайдасы үй ичинен табылган соң,
Талаага кирип чыгар сапары жок.

Тамак жесе сокур,
Аң ууласа соо.
Үй жаныбар болгон менен
Тилеги жаман ошо.

Өзүнөн чоңду коркуткан,
Чокчолой баатыр.

От жанында кумган,
Эки көзүн жумган.

Кырдан келген кылкылдак,
Эки көзү былкылдак.

Үй ичинде лөк,
Эки көзү көк.

Кашкардан келген лөк,
Эки көзү көк.

Каз акемин кыздары.
Каздай болуп отурат.
Таранарга чачы жок,
Таздай болуп отурат.

Итче отуруп,
Адамча жуунат.

Бар-бар, бар эки,
Бармактары көп эки,
Куур ала тону бар
Куралагай көзү бар.
Муну ойлоп табыңдар?

Бар-бар, бар эки,
Бармактары он эки,
Кулаалыдан тону бар,
Куйругунун учунда
Кыркка жакын калы бар.

Баркы жок өлүптүр,
Кунан чаап кетиптир.

Караңгыда какылдак,
Түнүндөсү түпүлдөк,
Саары менен чыпылдак.

Көчсө көттө, консо четте.

Бир чексе, элүү баксага карыздар.

Үйдүн чырагы,
Эшиктин кулагы.

Атасы куш, энеси чычкан дешет,
Муну өзү да оңойсуз сезет.
Жашынып күндүз кечке жарда жатып,
Кечинде кадалаңдап жерди кезет.

Атасы молдо,
апасы жорго,
кызы бийчи,
баласы ырчы.

Гүлдөн гүлгө конушат.
Балдар кармап ойношот,
Бардык жерде болушат.

Бука моюндуу,
Буура сандуу,
Карчыга канаттуу,
Шумкар буттуу,
Жылан боорлуу,
Кылыч куйруктуу.

Аркалуудан оонабас,
Куйруктуудан шыйпаңдабас,
Жаактуудан кепшебес.

Жүнүн көрсөң үлпүлдөк,
Күндүз уктайт сүлкүлдөп.
Кечте көзү көрөгөн,
Жемин издеп жөнөгөн.

Абзий Кадыров

Уккан сөзүн кайталайт,
Өзүнчо эле кайкалайт.
Уят кылып койбосун,
Орой создү байкап айт.

Абзий Кадыров

Кызыл селде молдо бар,
Таңдан азан чакырат.
Кыя баспай дан көрсө,
Ошол замат катырат.
,
Абзий Кадыров

Узун куйрук, кызгылт жүн,
Шек алдырбай жойлогон.
Айбан туруп өтө куу,
Ал эмне, ойлогун.

Муруту бар, ээгинде сакалы жок,
Тону бар киерине, чапаны жок.
Пайдасы үй ичинен табылган соң,
Талаага барып келер сапары жок.

Уктаарында бүрүшүп,
Аяк-бутун жазданат.
Колтугун жыттап кырылдап,
Коңуругу таш жарат.

Тиши жок, тили бар,
Шаңшыган үнү бар.
ООзу курч ороктой
Алгырды билип ал.

Абайла, ага тийбе,
Үстү толо ийне.

Айткулу Мамбетисаев

Чапаны ала-була,
Учканда кара буга.
Бирдеме көрүп калса,
Шакылдап салат чууга.

Бели ичке кылдай,
Бир мүнөт жөн турбай.
Көтөрөт тал куурай,
Өзүнөн кырк курдай.