Бул жерде огород жана бакча осумдуктору жонундо кызыктуу коптогон макалдар орун алды. Бала бакча мугалимдерине керектуу табышмактар. тез жана оной табылат.

Тарбаңдап бадал, куурай, чөп башына
Желелеп каршы-терши торун жаят,
Урунган чымын, чиркей, кумурсканы
Чыгарбай тыбыратып чырмап салат.
Кана, балдар, мунун атын ким табат?


Ак болуп гүлдөйт,
Жашыл болуп салаңдайт,
Кызыл болуп түшөт.

Чоң ата отурат тонун кийип,
Тонун чечкендин баары ыйлайт.

Бутакта шарлар турат илинип,
Ысыгында күн табы көгөрүп кетет чыдабай.

Тааладан чаар сызыктуу топ келди.

Жашылы бар, кызылы бар,
Бутакта өсөт жай бою.
Тоголок болуп топтолуп,
Баары аны жактырат.

Сары кыз караңгыда отурат,
Чачы тышта созулат.

Үпүлдөккө кан куюп,
Үлөй талга байладым.

Теңселип жерден туулган камыш сабак,
Чеңгелдүү таманынан тамактанат,
Кучактап, жылуу ороп кабат-кабат,
Капырай колсуз туруп бала багат.

Жерден жек чыкты,
Эки кулагы тик чыкты,
Селдесин ороно чыкты,
Кылычын байлана чыкты.

Жерден тып чыкты,
Эки кулагы тик чыкты,
Көгөндөрүн тарта чыкты.

Сырты бирөө тоголок,
Ичинде миң сан томолок.

Үлбүрчөккө кан куюп,
Үйлөп талга байладым.

Кап, каптын ичинде ун,
Ундун ичинде устун.

Алыстан карасам, аңгыл-дүңгүл,
Жанына барсам, капкалуу кара темир,
Татып койсом, таптаттуу.

Алыстан карасам, аңгыл-дүңгүл,
Жанына барсам, капкалуу кара темир,
Татып койсом, таптаттуу.

Асты такта,
Үстү такта,
Ортосунда бышкан алча.

Асты таш, үстү таш,
Орто жери жашыл аш.
(Мисте)

Кичине гана сары киши,
Өзү ичкери, сакалы тышкары.

Жер астында алтын казык.

Башы күндү ээрчиме,
Төлүн багат бетине.

Жер алдында төлдөгөн,
Төлүн өзү бөлбөгөн.

Токсон катар тону бар,
Тоголок келген бою бар.

Биз бир топ кыз элек,
Шыпка илиндик,
Жипке тизилдик.

Союп жатам, жаны жок,
Эти кызыл, каны жок.

Көк улагым көгөндө жатып семирет.

Короого кой кирип кетти
Куйругун тартып калдым.

Асты таш, үстү таш,
Орто жери жашыл таш.

Асты такта,
Үстү такта,
Ортосунда
Бышкан алча.

Асты такта,
Үстү такта,
Орто жери жашыл бахта.

Сырты толгон кутучак,
Ичи толгон топучак.

Сырты бирөө тоголок,
Ичинде миң сан томолок.

Өзү текче, ичи толгон мыкча.

Кичине текче, ичи толо мыкча.

Кичине гана кутуча,
Ичи толо мукуча.

Асты таш, үстү таш,
Орто жеринде бышкан аш.

Бир аш көрдүм,
Аштын ичинен таш көрдүм,
Таштын ичинде аш көрдүм.

Атасы — узун сары
Энеси — желпиш тавак
Баласы — балдан майлуу.

Туюк челегимдин ашы таттуу.

Оягы жантак,
Быягы
Орто жери сары як.

Кутуча-кутуча,
Кутучанын ичинде,
Төбөнүн бутуча.

Алыстан карасам, аңгыр-дүңгүр,
Жанына барсам, капкалуу кара темир,
Татып койсом, тап таттуу.

Жыгач сандык тоголок
Ичи толо аш болот.

Ар тарабы таш,
Ортосунда бышкан аш.

Товдун бир жагына кар жаайт,
Бир жагына дөмбүр жаайт.

Бир баатыр бар эки ооздуу,
Бир жагынан кар жаайт,
Бир жагынан мөндүр жаайт.

Бир жагына жамгыр жаайт,
Бир жагына кар жаайт.

Бир тоо бар:
Бир жагына кар жаайт,
Бир жагына мөндүр жаайт.

Бир зоо бар:
Бир жагынан кар жаайт,
Бир жагына мөндүр жаайт.

О тоонун жагына кар жаап,
Бер жагында кургак жай.

Ак тоом ары ашты,
Кара тоом бери ашты.

Чыкканда карарып калат,
Бышканда агарып калат.

Жайында карарып чыгат,
Күзүндө агарып бышат.

Күз болгондо талаага бермет чачылат,
Бирок ал өсүмдүктөн ачылат.

Бир түп мыя,
Он эки кыя
А дүнүйө, бу дүнүйө.

Ундан ак,
Кардан жумшак.

Кулактан көтөрүп муну сыйлайт,
Бетин тытып ыйлайт,
Мунун жашына адам жыргайт.

Ыргал-ыргал ыргалган,
Ыргала басып жыргалган.

Миңдеген бир тууган,
Баары окшош нурданган.
Ынтымагын карачы,
Бир гана кур курчанган.

Талаада кырк кыз бар,
Кыркы да ичи жарык.

Өзү кызыл, өзү кызык,
Боорунда бар жалгыз сызык.
Берекелү балбан колдор
Күз айында алат сузуп.

Кичинекей ырбыгый.

Кичинекей чебичим, аягы менен суу ичет.

Кичинекей текечер, жата калып суу ичер.

Өзү семиз майы жок,
Териси бар сөөгү жок.

Жер турат ороп-курчап белин бууп,
Көчүгү жер алдында бала тууп.
Күн көрбөй жер түбүндө тууп келет
Шондо да адамзатка пайда берет.

Жер алдында төлдөгөн,
Төлүн өзү бөлбөгөн.

Биз бир топ кыз элек,
Шыпка илиндик,
Жипке тизилдик.

Жерден чыгар арып,
Супурасын жайып.

Атасы — Аалы бүкүр,
Энеси — каман кулак,
Кызы — татуу бийкеч,
Уулу — арамза бөрү.

Арча терек,
Алтымыш бутак,
Бутак сайын уя,
Уя сайын жумуртка

Кызыл кап, ичи жык ун,
Бейнесиз тигилген,
Ортосунда жети кырдув сутум
Бейтешесиз чабылган.

Сапсары кап, сапсары кап,
Ичинде топтоло ун,
Ун ичинде узунчараак жыгач отурат.

Бир кап ун,
Ун ичинде устун.

Ун, ундун үстүндө устун.

Токсон кабат тону бар
Тоголок келген бою бар.

Тамдын башында чал олтурат,
Теспеси жерде турат.

Ай талаада туулган,
Тамагынан буулган.

Пас-пас бою бар,
Мала тону бар.

Куйругу катта дүм кемпир,
Башы муштай шум кемпир.

Кырк тону бар,
Бир да бүчүсү жок.

Башы күндү ээрчиме,
Төлүн багат бетине.

Өзү көгөрөт, башы тегерек.

Жерден лык чыкты,
Эки кулагы тик чыкты,
Көгөндөрүн тарта чыкты.

Жерден чыгат жалманып,
Сагактарын байланып.

Кызынын аты — татты бийке,
Атасынын аты — байбүкүрү,
Энесинин аты — жайма челек.

Жазындагы гүлистан,
Кышындагы гөристан.

Энеси ийри-буйру,
Баласынын тили ширин.

Энеси ийри-буйру,
Баласы шекер-шербет.

Митин-митин мития,
Миң жыгачта мития,
Көнөк суусун көйкөлтүп,
Көп жыгачта мития

Кичинекей кызым бар,
Көчүгүндө кылы бар.

Биздин үйдө кырк кыз бар,
Кыркынын (тең) бигизи бар.

Ал өйүздүн жылкысы,
Бул өйүздүн жылкысы,
Кыл куйругун салышат.

Үстү жашыл,
Асты кызыл,
Жерде өсөт.

Жерге чокчо гөш койдум.

Жерге чексе көөмп койдум.

Жер астында кызыл эт.

Жер астында жаткан эт.

Кырсаң жарымы кетет,
Жуусаң даамы кетет.
Сүрт жаныңа,
Ур кардыңа.

Кырып жесең жарымы кетет,
Жууп жесең даамы кетет.

Айымчасы ичкерде
Чачымчасы тышкерде.

Сарыбай акем илгери
Сакалдары тышкары.

Сары боом ичкери,
Сакалы тышкары

Кичине гана сары киши,
Өзү ичкери, сакалы тышкары.

Өзү бир карыш
Сакалы миң карыш.

Жер астында алтын казык.

Денесин жерге жашырган
Сабагын жерден ашырган.

Жер түбүндө жейрен ат,
Жейрен атты сойгондо,
Жер тепкилеп ыйлап жат.

Токсон кабат тону бар,
Тоголок тарткан жону бар

Пастек бойлуу
Тогуз тондуу.

Бепбелекей бою бар,
Жети кабат тону бар.

Аласа гана бою бар
Алты кабат тону бар.

Чарбакта топтой таш бар,
Ичи толо бышкан гөш бар.

Чылбыры бар, жүгөнү жок,
Жетелеп адам жүргөнү жок.
Эти семиз майы жок,
Териси калың жүнү жок.

Өзү семиз, сөөгү жок,
Чылбыры бар, жүгөнү жок,
Жетелеп адам жүргөнү жок

Тышы көгөрөт,
Ичи кызарат.

Көп бир тууган,
Үйлөрү терезесиз, эшиксиз.
Башкалар кирбейт,
Анткени ал үй тетиксиз.
Үйдүн ичи кыпкызыл,
Кар үстүнө мал сойгондой,
Сырты болсо, түркүм жашыл,
Тукаба жаап койгондой.

Бир үйүм бар,
Эшиги да жок,
Тешиги да жок.
Бирок ичи толо адам.

Ары кызыл, ары таттуу
Жеген жанды таңыркатты.

Чылбыры бар жүгөнү жок,
Жетелеп адам жүргөнү жок.
Эти семиз сөөгү жок,
Териси калың жүнү жок.

Маңдайыда жыртышы,
Тамагыда кыртышы.

Мен көрдүм бир дөбөдөн узун бир жол,
Шол жерде жуушап жаткан он сан миң кол,
Жигиттер акылың болсо ойлоп тапкын,
Негизинде ар жагынан кайыры мол.

«Кудайдын кудуретинин» даанасы,
Баласынын ичинде жатыр энеси.
Баласын өлтүр, энесин жерге көм!
Тирилер жана кылсаң байганасы.

«Кудайдын кудуретинин» даанасы25,
Баласынын ичинде жатыр энеси.

Кашкардан келген пил,
Жонунан жоон кайыш тил.

Анжияндан келген алты пил,
Аркасынан кайыш тил,
Акылың болсо аңдап бил.

Териси калың, жүнү жок.

Көк улагым көгөндө туруп семирет.

Түшө албай бир нар турар тоо башында
Кыркалбай, эч ким барбайт аркасынан.
Турат экен күндүз-түндүр суу ичинде
Болгон соң мекени суу, жашайт экен ал үшүбөй.

Сексен күнү сабакта,
Токсон күнү табакта.

Күмүш мүйүз текечер,
Күндө туруп суу ичер.
Алтын мүйүз текечер,
Айда туруп суу ичер.

Жер тагида желер таш.

Адырашман актады
Ак төөгө жүктөдү.

Бувун-бувун жанывар,
Бувунуп турат жанывар.
Оозу-мурдун түк басып
Ийрилип турат жанывар.

Үн баскан, айланасын жүк баскан.

Өзү кичине келин
Чачпагы ийге узун.

Кийгени кат-кат жашыл шайы,
Бетин ачып кишини карабайт.
Жашыл чачы саксайса да,
Эч качан жууп тарабайт.

Кат-кат тондуу, пастек бойлуу.

Барат-барат,
Башы ийрейип калат.

Ак төөм асманга карап суу ичет.

Азамат акем ичкери,
Сакалдары тышкары.

Жерден чыгат шып-шып,
Эки кулагы типтик

Жерден жик чыгат шайланып
Апдестесин байланып.

Жерден жик чыкты,
Эки кулагы тик чыкты.
Селдесин ороно чыкты,
Кылычын байлана чыкты.

Жерден жик чыгат,
Эки кулагы тик чыгат.
Кылычын байлана чыгат,
Мынтыгын асына чыгат.
Селдесин ороно чыгат.

Бою бир карыш,
Сакалы эки карыш.

Бою бир карыш,
Сакалы миң карыш

Абдыкалык — мойну салык.

Шагы сайын уялатып,
Өстүргөнбүз байтерек.
Уя башы жумуртка,
Башка терек не керек?

Бир дарак,
Бир даракта миң нече бутак,
Бутак сайын уя
Уя сайын жумуртка.

Алаша терек, алтымыш бутак
Бутак сайын 40—40 тан уя.
Уя сайын 40—40 тан жумуртка.

Алача терек алтымыш бутак,
Бутак сайын уя,
Уя сайын жумуртка.

Чачаланган башы бар
Коймолжуган ашы бар.

Көлөкөсү көйкөлгөн,
Көк шиберде жайкалган.

Кичинекей чымбаш,
Жерге тийсе сынбас.

Кичинекей текечер
Аягы менен суу ичер.

Ачылуу сары атасы бар,
Майда сары балдары бар.

Оллоума ыңыраят,
Калласи аяк-быякка кыңыраят.

Буун-буун жаныбар,
Буунуп турат жаныбар.
Оозу-мурдун түк басып,
Ийрилип турат жаныбар.

Бул эмне муңаят,
Тегерегин түк басып
Мунун башы кыңаят.

Бул эмне муңаят,
Башы бир жагына кыйшаят.
Эки жагын жүн басып,
Орто жери кызарат.