Балдарга жана чоңдорго арналган кызыктуу логикалык сууролор. Жооптору менен!

Мени конокко чакырышкан. Ал жерден мен абдан сейрек кездешүүчү сааты бар адамды көрдүм. Бул саат уурдалганын мен кайдан билем?

clock

Топту сизге кайра кайтып келиш үчүн кандай ыргытуу керек?

1

Бир киши төшөктө оонап, көпкө уктай албай жатты… Анан ал телефонду алып, бирөөнүн номерин терип, бир нече узун коңгуроо кылып, трубканы коюп, тынч уктап калды. Суроо: Эмне үчүн ал буга чейин уктай алган эмес?

1681

Сиздин алдыңызда электрондук саат турат. Циферблаттын бардык уячалары (саат, мүнөт, секунд) бирдей санга толушу үчүн алар күнүнө канча жолу убакыт көрсөтөт?

6256429

Бир мырза досуна сүрөтчү тарткан портретти көрсөтүп: «Менин эжелерим да, агаларым да жок, бирок бул кишинин атасы менин атамдын уулу болчу», – дейт. Портретте кимдин суроту тартылган?

kak narisovat khudozhnika 29

Элдин баары кимге барганда, баш кийимдерин чечишет?.

dep

90% ы күйүп, 10% ы ысырап болгон айыл чарба өсүмдүгүн атаңыз.

pn

Адамдардын он эки жуп кабыргасы бар. Кайсы жандыктын үч жүздөй кабыргасы бар?

ist

Космонавт космостон эмнесин жоготот?

kosmose

Кирпиде 4 г, итте 100 г, жылкыда 500 г, пилде 4–5 кг, адамда 1,4 кг. Бул эмне?

cartoon animals birds collection cute 260nw 1894344466

Кулагы бар жалгыз канаттууну атаныз?

ptits

Адамдар кайсы курт-кумурсканы колго үйрөтүшкөн?

nasekomie

Эң чоң казанга эмне батпайт?

kazan

Короз өзүн канаттуу дей алабы?

petukha

Деңизде көп кооз майда таштар болот, бирок бир таш болбойт. Ал кандай таш?

more kamushki

Бир бала бир жерде отурат, бирок ал ордунан туруп кетсе, сен анын ордуна отура албайсың. Ал кайда отурду эле?

son sitting 1

Кандай идиштен эч нерсе жегенге болбойт?

posude

Эки ата, эки баласы менен жүрүп, үч апельсин таап алышты. Апельсинди бөлүшө келгенде бардыгы бирден алышты. Бул кандайча болушу мүмкүн?

apelsin

Отуз эки жоокердин бир командири бар.

soldat

Жапайы жаратылышта ак аюулар эмне үчүн пингвиндерди жешпейт?

medved

Жумулган көз менен эмнени көрсө болот?

post

Он метрлик тепкичтен өзүнө зыян келтирбестен кантип секирсе болот?

lestnisia

Ит он метрлик арканга байланып, эки жүз метр түз жол менен басып өткөн. Ал муну кандайча кылган?

sobaka

Кайсы айларда 28 күн бар?

tabyshmak esep1 1
Суроо белгисинин ордуна кайсыл сан болот?
tabyshmak parkovka 2
Парковка орунунун номери канча?
tabyshmak esep
tabyshmak stakan 1
tabyshmaktar 4
tabyshmaktar 3
tabyshmaktar 2
tabyshmaktar 1
tabyshmaktar

Столдо 10 шам күйүп турат, эгер 3 нү өчүрүп салсак канча свеча калат?

svecha jonyndo logikalyk suroo

Сүрөттө кайсы стаканда суу көп?

stakan suu logikalyk surro

Бир мезгилде бир көпүрөөдөн үч адам өтөт:
бири басып, экөө баспай, экөө көрүп, бирөө көрбөй.

Бирөө кашындагы баласын сураса,
Байымдын иниси,
Атамдын баласы,
Өзүмдүн бир тууган жээним.

Энеңдин сиңдисинин жездесинин баласы ким болот?

Бирөө келип,
Колуңду бооруңа таңып,
Өпкөнү оозуңа тыгып,
Жаактан ары чуу тартып жиберсе,
Ошол адамды эмне кылар элең?

Бул жигиттин энеси —
Менин энемдин кайненеси.
Мен боломун бул жигиттин
Жүрөк боор эркеси.

Бир кишинин артына бир кыз учкашып келе
жатат эле.
Бирөө келип кыздан кимдин кызы болосуң деп
сурады.
Анда кыз төмөндөгүчө жооп берди:
«Бу жигит жан энемдин жан денеси,
Акылымдын бир даанасы,
Бу жигиттин энеси,
Менин энемдин кайын энеси» — деди.
Бул кимдин кызы болот?

Акылың болсо аңдап бил
Эсиң болсо эстеп бил.
Энеңдин сиңдисинин жездеси ким?

9Кичине аралдан өрт чыкты.
Ортосунда койлор оттоп жатат.
Тегереги суу. Шамал бир жакка карай бет алган.
Койлорду кантип куткаруу керек?

Бир киши карышкыр, козу, чөп алып келе жатып бир чоң сууга кез болду.
Көпүрөдөн бирөөн гана араң алып өтө алат. Карышкырды алып кетсе,
козу чөптү жеп коет. Айтор, бир-бирден суунун аркы өйүзүнө алып өтүп, бирибирин жедирбей аман сакташ керек. Бул үчүн кандай жол табууга болот?

Үйдүн төрт бурчунда төрт мышык.
Ар биринин каршысында бирден мышык.
Баары бириксе, канча мышык?

Үч мышык олтурат.
Карама-каршысында экиден мышык.
Бардык мышыктар канча?

Топ чымчык, топ чырпык.
Топ чымчык топ чырпыкка экиден консо,
Артып калат бир чырпык39.
Топ чымчык топ чырпыкка бирден консо,
Артып калат бир чымчык?
Канча чымчык? Канча чырпык?

Бир кызды бир жигит ала качып келе жатса, жолдон жыйырма каракчы
чыгып, жигитти өлтүрүп кызды тартып алмакчы болот. Ошондо кыз мындай
дейт: «Силер муну өлтүргөндө жыйырмаңар тең албайсыңар. Ошондуктан мен
силерди да, бул жигитимди да катарга тургузам да, башынан санап жыйырма
биринчиңерди ата берем» дейт. Каракчылар макул болушат. Ошондо кыз
жигитин аман алып калат.
Жигитти кыз канчанчы кылып тургузган?

Эшектерди, төөлөрдү, жылкыларды, уйларды базарга айдап келе жатат элем.
Бардыгы отуз туяк болучу. Базарга келгенде төөнү бир сомдон, жылкыны отуз
тыйындан, уйду жыйырма тыйындан, эшекти беш тыйындан саттым. Баарын
сатып бүткөндөн кийин талаага чыгып, акчамды санасам, отуз теңге болуптур.
Малым да отуз, теңгем да отуз.
Канча эшек, канча төө, канча жылкы, канча уй саткан боломун.

Кырк табак, кырк табактын ар кайсысында кырк куйруктан, ар куйрукта кырк
бычактан.
Канча бычак болот.

Жаңгыз каз өйдө учуп келе жатат, бир топ каз ылдый учуп келе жатат. Жаңгыз
каз «ассолом алеким жүз каз» деди. Анда бир топ каз айтты «биз жүз эмеспиз,
биздей бир болсо, анан жарым болсо, анан дагы жарым болсо анда сени менен
жүз болобуз» деди.
Бул каздар канча?

Бирөөнүн отуз кою бар эле.
Ошону үч баласына бөлүп бериштин акылын таппады.
Он кою бирден, он кою экиден, он кою үчтөн тууду. Энесин баласынан
ажыратпай, баласын энесинен ажыратпай туруп, үч уулуна кандайча тең
бөлүп берүүгө болот.

Алтымыш араба,
Ар арабада алтымыш кап,
Ар капта алтымыштан алма,
Канча болот?

Атамдын жашы 31де болгондо мен болгону 8 жашта элем, ал эми азыр атам менден эки эсеге улуу. Ошондо менин жашым канчада?

Мейманканада 7 кабат бар. Биринчи кабатта төрт адам жашайт. Ар бир кийинки кабатта алдыңкысына караганда 2 адамга көп. Лифтти эң көп чакырган кайсы кабаттын жашоочулары?

Мараттын он беш кою бар эле. Он төртүнөн башкасынын баары өлүп калды. Ошондо Мараттын анча койу калды?

Аны жерден көтөрүү оңой, ыргытуу кыйын.

Адам анын иштегенин каалайт. Бирок, иштеген кезде ачууланып өчүрүүгө шашылат.

Чийки түрүндө жебейт. Бышкан соң таштандыга таштайт. Бул эмне?

Адамдар менен унаалар басып өтүүчү жаныбар кандай аталат?

Кандай идиштен тамак иче албайбыз?

Кандай суроого “ооба”деп жооп берүүгө болбойт?

Эки адам беш партиядан шашки ойнойт. Ар бири беш жолудан утту. Бул мүмкүнбү?

1. Эки күн катарынан жамгыр жаашы мүмкүнбү?