Бир тартар өлүп жатыптыр,
Аны он эки карышкыр жеп жатыптыр.
Тартардын бир жилигин алып үйгө киргизсе,
Батпай сыртка чыгып жатыптыр.
Бул эмне болгон үй дейин десе,
Көчкөндө токсон нарга жүк чыгыптыр.
Бул эмне болгон нарлар дейин десе,
Аларды чөгөрүп тистей койсо,
Теректин башындагы бүрүн сындырып жеп жатат.
Бул эмне деген терек десе,
Эртең менен учкан таан кечинде араң жетип конуптур.
Булар гана эмес, дагы бир укмуш,
Кечинде букадан качкан уйлар эртең менен тууп жатыптыр.
— Жыл, он эки ай, жыйылган түшүм (акты-көктү), токсон (үч ай), жерден өсүп
чыккан өсүмдүк, Күн, кечинде баткан Күн, эртең менен чыккан Күн.

Мурун, мурун бир заманда кандын жалгыз кызы бар эле. Анын сулуулугу
перинин кыздарына тең эле. Бул кыз караңгы түндө кай жакка карап жатса,
калк «ошо жактан күн чыктыбы?…» деп калар эле. Бул кызга үч жигит тең
ашык болду. Кыз үчөөнү тең көрдү. Анан үчөө тең «мен аламын, мен аламын»
деп талаш кылды. Кыз айтты:
— Өнөрүңөр ашканыңарга тиемин — деди. Бул үч жигит чет
падышалыктарга жаан кезип жөнөдү. Булар бир канча жыл дүйнө кезип
жүргөндөн кийин, бири өлгөндү тиргизер илеген тапты. Бири дүйнөнүн ар
жагын тең көрсөтөр күзгү тапты. Бири көз ачып жумганча дүйнөнү айланып
чыгар төө тапты. Анан кийин баары бир жерде чогуу сүйлөшүп олтурушса,
күзгү тапкан күзгүсүнө карап:
— Кандын кызы өлүптүр — деди. Анда төө тапкан:
— Жүргүлө менин төөмө минип жаназага жетип баралы — деди.
Андай болсо макул экен деп, үчөө тең аттанып жүрдү. Көз ачып жумганча
кандын сарайына келип түшүштү. Кызды жуумак болуп жаткан экен. Анда
өлгөндү тиргизер илеген тапкан жигит ошо илегенге олтургузуп жуугула деп
илегенди бере койду. Кыз-аял дебей жабылып жууй баштаган эле, кыз
тирилип тура келди. Кан бул жигитке кызын бермек болду. Анда эки жигит
жагында талаш болуп топтогон бийге салмай болду. Бийлер эч кайсысына
буюруп бере албады. Бул кызды булардын кайсысына бересиз?


Бир кыз чыгарды табышмак, Мысыр шаарында кырк тарак, алтымыш энелүү
карышкыр, жетимиш балалуу карышкыр, баарынын көңүлү кой кырмак. Байбиче
турар, токолун тур турлап, укуругу жок, жүгөнү жок, асоо устадым кыр кырлап.
Уугу жок үй үйлөдүм сыр сырлап, туурда шумкар олтурар уңкулдап. Тапкан адам
ак төштө жатар былкылдап.

Илгери бир хан эки вазири менен жол жүрүп, калаага кире бериште бир
куудай сакал карыя тилемчиге кезигет. Бирок ага тыйын бербейт да, өтө
берип, кайра кайтканда, тилемчи дагы «оомийин» дейт. Бирок хан өтө түшүп
кайрылып келет да:
— Сен экини онго неге сатпайсың? — деди.
— Мен сатар элем тиркичим жок, тишим жок — деди.
— Жашыңдан бери тууган жоксуңбу? — деди.
— Үч тууп, үч сүрүндүм — деди.
— Эмесе акмакка арзан болбо — деп жасоолдору менен бастыра берди.
Эки жасоол:
— Ханым, кандай сүйлөштүңөр? — деп сурайт.
— Эй, акмактар мен силерден жашырып сүйлөштүмбү, үч күнгө чейин
таппасаңар башыңарды алам — деди хан. Вазирлер таба алышпайт да,
карыяга эки эрдин кунун берип, баягы табышмак сөздү айттырып алат да,
ханга айтышат. Эртеси хан жалгыз бастырып тилемчиге келет.
— Арзан болдуңбу, кымбат болдуңбу? — дейт хан.
— Кымбат болдум — дейт тилемчи.
— Эх, болуптур — деп, хан бастыра берет.
Хан менен тилемчи эмне деп сүйлөшкөн? «Сен экини онго сатпайсыңбы»
дегени, «эки ай иштеп, он ай жатпайсыңбы» дегени. «Тиркичим жок, тишим
жок» дегени, «карып-арып калдым» дегени. «Тууган жоксуңбу?» дегени, «балачакаң жокпу» дегени. «Үч тууп, үч сүрүндүм» дегени, «үч аял алып, үчөө тең
бала-бакыралуу болгондо өлдү» дегени. «Акмакка арзан болбо» дегени,
«менин эки вазиримден кымбат алып айтып бер» дегени. «Кымбат болдуңбу?»
дегени, «эки вазирден кымбат алдыңбы?» — дегени.

Илгери бир хандын кызы болгон экен. Бул кыз турмушка чыгуу үчүн
хандын элин бүт жыйдырат. Хандын кызы келген элге:
— Менин бул табышмагымды ким тапса, мен ошол жигитке тиемин —
дейт. Жыйылган элдин ичинде бир молдо жигит табышмакты табууга макул
болот. Кыз табышмагын айта баштайт.
Кыз:
Молдо торгой, боз торгой
Канатында каты бар.
Кармап алып сайраткан,
Кайсы-кайсы байгамбар?
Молдо жигит:
Молдо торгой, боз торгой
Канатында каты бар.
Кармап алып сайраткан —
Ибраим байгамбар.
Кыз:
Төбөдөгү төрт жылдыз,
Баткан жери кайсы экен?
Төрт чалыяр биригип,
Жаткан жери кайсы экен?
Молдо жигит:
Төбөдөгү төрт жылдыз,
Баткан жери — кыбыла.
Төрт чалыяр биригип,
Жаткан жери — Медина.
Кыз:
Жатып калган жыгачка,
Жан киргизген ким болду?
Молдо жигит:
Жатып калган жыгачка,
Жан киргизген — кыякчы.
Кыз:
Кумурсканы кой кылып,
Кумга жайган ким болду?
Молдо жигит:
Кумурсканы кой кылып,
Кумга жайган — куу шайтан.
Кыз:
Чегирткени ат кылып,
Чертип минген ким болду?
Молдо жигит:
Чегирткени ат кылып,
Чертип минген — куу шайтан.
Кыз:
Көпөлөктү куш кылып,
Көндүрүп жүргөн ким болду?
Молдо жигит:
Көпөлөктү куш кылып,
Көндүрүп жүргөн — куу шайтан.
Кыз жеңилип, жигит менен турмуш курган экен.

Бир хандын кызын дагы бир хандын уулу алмак болот. Анан отуз күнү той
берет. Дүнүйө-тамашанын баарын жасайт. Эр да сайыштырат, төө да чечтирет.
Анан өргөсүн көтөрүп, тойду таратып жөнөтө турган болот кызды. Ошондо
кыздын атасы оолугуп кетип мындай деген табышмак айтат:
— Он ит, жыйырма карышкыр, отуз жолборс, кырк аюу, элүү өгүз,
алтымыш аркандаган ат, жетимиш үч буттаган ат, сексен жумуртка, токсон
торгой. Ушул табышмакты тапсаңар кызымды алгыла, таппасаңар бербейм, —
дейт.
Бул табышмакты эч ким таба албай, сегиз ат коштоп киши алдырат. Келген
киши мындай деп чечкен экен:
— Он — ит: он жаштагы бала, итче ыркырашып турбайбы. 20 —
карышкыр: карышкырдай тытышып, жулкушуп турбайбы. 30 — жолборс:
отузунда жолборстой эле алдуу-күчтүү болот да. 40 — аюу: кыркында кандай
болбосун бастап калат го киши. 50 — өгүз: элүүсүндө өгүздөй жоош тартып,
муңайып калат да. 60 — арканданган ат: алтымышка чыкканда аттай болуп
калат да. 70 — үч буттаган ат: үч буттаган дегени, үч буттап тушап койгон
аттай болалбай каласың дегени. 80 — жумуртка дегени: 80 деги кезде
жумурткадай чайкалып калбайбы. 90 — торгой дегени — торгойдой эле
сайрап калбайбы.
Ошентип кызын берген экен

Бир байдын койчуманынын ашкан сулуу аялы болгон экен. Бай «Жакшы аял
койчуманга ылайык эмес» деп ыраа көрбөй, тартып алмакчы болуп табышмак
айтат:
— Таба албасаң катының меники, таап алсаң беш жүз кой сеники — дейт.
Кантмек эле, койчу макул болуптур.
— Бир коонду он эки тилсе болот, он бир тилимин жесе болот, бир
тилимин жебесе болот, бир тилимин жеген кишини мусулман дебесе болот —
дейт бай. Он эки күн мөөнөт бериптир. Он күн ойлонуп таппай, жигит арыктап
бүтүптүр. Он биринчи күнү аялы:
— Эмне арыктап кеттиң? — деп сурап калат. Жигит бай менен болгон
окуяны айтып берет.
— О, кокуй десе, анын жарасы жеңил — дейт аялы. Анан күйөөсүнө
табышмактын жандырмагын айтып берет.
— Бир коон дегени — бир жыл; он эки тилим дегени — он эки ай; он бир
тилим жесе болот дегени — он бир ай ооз ачык болот, бир тилимин жебесе
болот дегени — бир ай ичинде орозо кармабаган кишини мусулман дебесе
болот — дептир.

Эсенаман:
Бурай-бурай сөз келди,
Балам, бурачу жерге кез келди.
Толгой-толгой сөз келди,
Балам, толгочу жерге кез келди.
Алыс менен жакындын,
Ченин алган бар бекен?
Кызыл жылан ширгелеп,
Кымыз ичкен бар бекен?
Сары жылан ширгелеп,
Саамал ичкен бар бекен?
Узун жыгач башынан,
Улап алган ким экен?
Эки жыгач башынан,
Эптеп алган бар бекен?
Туура жаткан жыгачтан,
Чек чыгарган бар бекен?
Тубар-тубар жыгачты,
Туурап алган ким экен?
Аштан ырдап ат алдың,
Тойдон ырдап тон алдың.
Муну таап айтып бер,
Муну таап айтпасаң,
Чонду аке, алганыңды кайтып бер.
Чонду:
«Кудайдын» жайын билбейсиң,
«Кудайдын» сөзүн сүйлөйсүң,
Кадимки каапыр болдуң сен.
Чалыяр жайын билбейсиң,
Чаар китеп сөзүн сүйлөйсүң,
Чала капыр болдуң сен.
Бериште жайын билбейсиң,
Байгамбар сөзүн сүйлөйсүң,
Билбестен капыр болдуң сен.
Асмандагы Айыңдын,
Батар жери кыбыла.
Азизтериң чогулуп,
Жатар жери Медина.
Алакандай никенин
Адалдыгы Алемдуу,
Муну билбес ырчынын
Ичкен ашы арам да,
Анын өз башына залал да.
Эсенаман:
Бурай-бурай сөз келсе,
Бурачу жерге кез келсе,
Толгой-толгой сөз келсе,
Толгочу жерге кез келсе,
Беш убакыт намаздын,
Ак сакалы кайсы экен?
Таңга маал болгондо
Келбейт сопу уйкусу,
Кайсы болот, Чонду аке,
Кураныңдын кулпусу?
Кой кыштатып короого,
Сооп алган бар бекен?
Өткөн менен кеткенден,
Жооп алган бар бекен?
Куу ылачын теппеген,
Кууда бүтүн бар бекен?
Кара ылачын теппеген,
Канатта бүтүн бар бекен?
Боору бүтүн башы эсен,
Калкта бүтүн бар бекен?
Чонду:
Беш убаккы, беш намаз
Аксакалы багымдат,
Таңга маал болгондо
Келбейт сопу уйкусу,
Кайда болот дегениң
Кураныңдын кулпусу,
Кулкулдават эмеспи.
Өткөн менен кеткенди,
Сооп алат дегениң
Оң ийниңде периште,
Сактап турат турбайбы.
Сол ийниңде периште,
Күнөөң менен соопту,
Каттап турат турбайбы.
Куу ылачын теппеген,
Кулдуюп жерге түшпөгөн,
Кууда бүтүн куркулдай.
Кара ылачын теппеген,
Калдайып жерге түшпөгөн,
Канатта бүтүн карлыгач.
Боору бүтүн, башы эсен
Алда жараткан гана бир кудай.
Эмесе мен — периште, сен — шайтан,
Билбесем сөздү неге айтам.
Эсенаман:
Камыш башы калк этет,
Бул эмне болучу?
Жекен башы желп этет,
Бул эмне болучу?
Жер чапчыган чал буура,
Бул эмне болучу?
Желини сүттүү куу инген,
Бул эмне болучу?
Кумурсканы кой кылып,
Кумга жайган бар бекен?
Чегирткени кой кылып,
Черүүгө минген бар бекен?
Көпөлөктү ат кылып,
Көл кыдырган бар бекен?
Сокбилекти кыз кылып,
Эрге берген бар бекен?
Кара тоонун боорунда,
Казык КЙККЯН бар бекен?
Кунан койдун куйкум эт,
Бутун жеген бар бекен?
Бедел менен жайыктын,
Белин ашкан бар бекен?
Узун чыбык колго алып,
Жар кыдырган бар бекен?
Токумдугун тердетип,
Түндө жүргөн бар бекен?
Карлуу тоонун боорунда,
Кар бургуткан бар бекен?
Эки таштын түбүндө,
От жактырган бар бекен?
Чонду:
Камыш башы калк этсе,
Казы элечек эмеспи.
Жекен башы желп этсе,
Желке чачың эмеспи.
Желини сүттүү куу инген,
Өз энекең эмеспи.
Жер чапчыган чал буура,
Өз атаңыз эмеспи.
Кумурсканы кой кылып,
Кумга жайган шайтаның.
Чегирткени ат кылып,
Черүүгө минген шайтаның.
Көпөлөктү ат кылып,
Көл кыдырган шайтаның.
Сокбилекти кыз кылып,
Эрге берген шайтаның.
Кара тоонун боорунда,
Казык каккан капканчы.
Кунан койдун куйкум эт,
Бутун жеген карышкыр.
Жети төрдүн башына,
Шерне жеген боз балдар.
Бедел менен жайыктын,
Белин бууган арыкчы.
Узун чыбык колго алып,
Жер кыдырган балыкчы.
Токумдугун тердетип,
Түндө жүргөн каракчы.
Кара-Тоонун башынан,
Ат ойноткон бүркүтчү.
Карлуу тоонун бооруна,
Кар бургуткан куу түлкү.
Эки таштын түбүнө,
От жактырган жылкычы.

Найманбай мени (Токтогулду — К. И.) сынагысы келди окшойт. Ал
табышмактуу ырдап баштады.
Найманбай:
Долононун боорунан,
Токулдаткан ким болот?
Эки жыгач боорунан,
Эптеп алган ким болот?
Жалгыз жыгач боорунан,
Жарып алган ким болот?
Кара сууну кайнатып,
Каймак алган ким болот?
Тумшугу жок куш салып,
Турна алган ким болот?
Токтогул:
Долононун боорунан,
Токулдаткан токмокчу.
Эки жыгач боорунан,
Эптеп алган элекчи.
Жалгыз жыгач боорунан,
Жарып алган челекчи.
Кара сууну кайнатып,
Каймак алган эмгекчи.
Тумшугу жок куш салып,
Турна алган тузакчы.
Туура сөзүн айтпаган,
Тумшуксуз сендей ушакчы.

Талым кыз:
Адам зат пендеси,
Сүйгөн нуру ким болот?
Асман менен закымдап,
Жүргөн нуру ким болот?
Арасында тунарык,
Кирген нуру ким болот?
Асман-жерди жаркыткан,
Ачык нуру ким болот?
Асман жерди бүркөгөн,
Сасык нуру ким болот?
Асман-жердин сыйнаты,
Канык нуру ким болот?
Жан бүткөндүн баарысын,
Тазалаган ким болот?
Жарды дебей, бай дебей
Жабыр кылган ким болот?
Эл ортосун ынтымак,
Кылган нуру ким болот?
Бир ордуна кебелбей,
Турган нуру ким болот?
Талымдын тартпа домогун,
Таба салгын жомогун.
Менин атым Талым кыз,
Ченеп мага жологун.
Көбөк:
Адам заат пендеси,
Сүйгөн нуру таң болот.
Асман менен закымдап,
Жүргөн нуру Ай болот.
Арасында тунарык,
Кирген нуру түн болот.
Асман-жерди жаркыткан
Ачык нуру Күн болот.
Жер-асманды бүркөгөн,
Сасык нуру туман дейт.
Жер-асманды жаркыткан,
Анык нуру жылдыз дейт.
Жан бүткөндүн баарысын,
Тазалаган эки көз.
Жарды, байды кейитип,
Жабырлаган суук сөз.
Эл ортосун ынтымак,
Кылган нуру жакшы сөз.
Бир ордуна кебелбей,
Турган нуру убада.
Таптымбы, Талым, сөзүңдү,
Келтирдимби кезиңди?
Аптыкпагын, Талым кыз,
Ачмак болдум көзүңдү.
Талым кыз:
Жер сиңип кеткен жети атан,
Ал эмне, Көбөк чоң?
Жерди жемире баскан чал буура,
Ал эмне, Көбөк чоң?
Желини сүттүү куу инген,
Ал эмне, Көбөк чоң?
Жез буйлалуу нар тайлак,
Ал эмне, Көбөк чоң?
Оргочордон от күйөт,
Ал эмне, Көбөк чоң?
Ысык-Көлдөн ит үрөт,
Ал эмне, Көбөк чоң?
Жан бүткөндөн баарынан,
Каргыш алган ким болот?
Жанга залал кылбастан,
Алкыш алган ким болот?
Түйүлгөндүн түйүнүн,
Чечип турган ким болот?
Түндөп-күндөп токтобой,
Көчүп турган ким болот?
Сөөгүңдү ысытып,
Эзип турган ким болот?
Көбөк:
Жер сиңип кеткен жети атан,
Жети атабыз эмеспи.
Жерди жемире баскан чал буура,
Түп атабыз эмеспи.
Желини сүттүү куу инген,
Өз энебиз эмеспи.
Жез буйлалуу нар тайлак,
Карындашым эмеспи,
Оргочордон от күйсө,
Эки көзүң жайнаган.
Ысык-Көлдөн ит үрсө,
Бака болот чардаган.
Жан бүткөндүн баарынан,
Каргыш алган карышкыр.
Жанга салал кылбастан,
Алкыш алган байкуштар.
Түйүлгөндүн түйүнүн,
Чечип турган чечендер.
Түндөп-күндөп токтобой,
Көчүп турган санаа дейт.
Сөөгүңдү ысытып,
Эзип турган бала дейт.
Талым кыз:
Узун-узун, узун жол,
Учун билген ким экен?
Күндөп-түндөп жүгүрүп,
Аянбай жүргөн ким болот?
Алыс менен жууктун,
Ченин билген ким болот?
Ачуу менен чүчүүнүн,
Даамын таткан ким экен?
Кара сууну кайнатып,
Таттуу кылган ким болот?1
Оолуктуруп адамды,
Чечен кылган ким болот?
Ойдо жокту ойлонтуп,
Кесел кылган ким болот?
Мүңкүрөтүп адамды,
Карып кылган ким болот?
Мууну-жүүнүн бошотуп,
Арык кылган ким болот?
Кызыл жүзүн оңдуруп,
Сарык кылган ким болот?
Көбөк:
Узун жолду узартып,
Учун билген кербенчи.
Күндөп-түндөп жүгүрүп,
Аянбаган мергенчи.
Алыс менен жууктун,
Ченин билген базарчы.
Ачуу менен чүчүүнүн,
Даамын таткан казанчы.
Кара сууну кайнатып,
Таттуу кылган туз болот.
Кан төгүшкөн душманды,
Жакын кылган кыз болот.
Калжыраган тантыкты,
Асыл кылган мал болот.
Кайраты бар жигитти,
Баатыр кылган эл болот.
Оолуктуруп адамды,
Чечен кылган тил болот.
Ойдо жокту ойлонтуп,
Кесел кылган жин болот.
Мүңкүрөтүп адамды,
Карып кылган ургачы.
Муунун-жүүнүн бошотуп,
нускада — «Каймак алган ким болот?»
Арык кылган убайым.
Кызыл жүзүн оңдуруп,
Сарык кылган бересе.
Жана сөзүң бар болсо,
Жообун берем бир нече.
Талым кыз:
Куу ылаачын теппеген,
Кулдуюп жерге түшпөгөн.
Кууда бүтүн бар бекен?
Кара ылаачын теппеген,
Калдайып жерге түшпөгөн,
Казда бүтүн бар бекен?
Башынан алыш албаган,
Таш оодарып салбаган,
Сууда бүтүн бар бекен?
Качырганын кайсаган,
Иттин чоңу бар бекен?
Кармашканын куткарбас,
Куштун чоңу бар бекен?
Көбөк:
Куу ылачын теппеген,
Кулдуюп жерге түшпөгөн,
Кууда бүтүн куркулдай.
Кара ылаачын теппеген,
Калдайып жерге түшпөгөн,
Каздан бүтүн карлыгач.
Башынан алыш албаган,
Таш оодарып салбаган,
Суудан бүтүн Ысык-Көл.
Качырганын кайсаган,
Иттин чоңу Кумайык.
Кармаганын куткарбас,
Куштун шери Буудайык.
Каргашалуу, Талым кыз,
Ушул кимге ылайык?
Талым кыз, сен да шайтансың
Дагы айтар кебиң калдыбы?
Бар болсо кебиң айтарсың.
Талым кыз:
Акыр заман калкынын,
Алпы белең, эр Көбөк?
Алптардын калган соңунда,
Артыгы белең, эр Көбөк!
Тим жүрбөстөн сөзүңө,
Тийиштик кылдым өзүңө,
Күнөөм болсо кечкин деп,
Күрмөгөн жибим чечкин деп,
Таппадым деп ыгыңды,
Талым кыз сөзгө жыгылды.

Талим кыз деген падышанын кызы бар экен. Табышмакты кыйын билет экен.
Ал: «Мени менен айтышып, мени ким жеңсе, ошол кишиге тийемин. Айтышып
менден жеңилген кишинин башын кесип өлтүрөмүн» — деп, көп киши менен
айтышып, жеңген кишилерин өлтүрүп койгон экен. Айтышууга эч бир адам
чыкпаган соң, бир күнү Көбөк деген ханга жолугуп: «Сени кыйын акын деп уктум,
сени менен айтышам. Менден жеңилсең хандыгыңды таштап менин атама кул
болгун. Агер мени жеңсең, мен сага тиемин» деди.
Көбөк хан кыздын сөзүн макул көрүп, айтышмак болду. Экөө тең жети
атасынан бери журт сураган падышалардан экен. Экөө тең убаданы бир жерге
коюп,
ошондо Талим кыз баштайт:
Аркы айдын ичинде,
Берки айдын башында,
Желигип кеткен жети атан.
Бу немине болучу?
Жерди жемире баскан чал буура,
Ал немине болучу?
Желини сүттүү куу инген,
Бул немине болучу эле?
Жез буйлалуу нар тайлак,
Бул немине болучу?
Кара-Тоо башын кар чалды,
Бул немине болучу?
Ала-Тоо башын күн чалды,
Бул немине болучу?
Камыш башы калк этет42,
А немине болучу?
Чийдин башы чилиет,
Бул немине болучу?
Көбөктүн жообу:
Наркы айдын ичинде,
Берки айдын башында,
Желигип кеткен жети атан,
Түпкү жети атаң турбайбы.
Жерди жемире баскан чал буура,
Сенин өз атаңыз турбайбы.
Желини сүттүү куу инген.
Өз энеңиз болбойбу.
Жез буйлалуу нар тайлак,
Талим кыз өзүң эмеспи.
Кара-Тоо башын кар чалса,
Атаңдын ак сакалы болбойбу.
Ала-Тоо башын күн чалса,
Энеңдин элечеги эмеспи.
Камыш башы калк этсе,
Кас элечек болбойбу.
Жекендин башы желп этсе,
Энеңдин бүркөнчөгү турбайбы.
Анда Талим кыз:
Ак таман тору ат баспаган,
Жерде бүтүн бар бекен?
Бөрү бөлбөс, жоо чаппас,
Элде бүтүн бар бекен?
Боору бүтүн, башы эсен
Адамда бүтүн бар бекен?
Таш оодарып салбаган,
Тоодо бүтүн бар бекен?
Арык буруп албаган,
Сууда бүтүн бар бекен?
Анда Көбөктүн жообу:
Ак таман тору ат баспаган,
Жерде бүтүн Индистан.
Бөрү бөлбөс, жоо чаппас
Жерде бүтүн Меке де.
Боору бүтүн, башы соо
Адам эмес, «бир кудай».
Таш оодарып салбаган,
Тоода бүтүн Ала-Тоо.
Арык буруп албаган,
Сууда бүтүн Ысык-Көл.
Таптым бекен, Талим кыз.
Акын болсоң карайын
Дагы айтың, Залим кыз.
Анда Талим кыз:
Кара ылачын теппеген,
Казып жерге түшпөгөн,
Канаттууда бүтүн бар бекен?
Куу ылачын теппеген,
Куруп жерге түшпөгөн,
Түшкөнүн адам билбеген,
Куйруктууда бүтүн бар бекен?
Анда Көбөктүн жообу:
Кара ылачын теппеген,
Казып жерге түшпөгөн,
Түшкөнүн адам билбеген,
Канаттууда карлыгач.
Куу ылачын теппеген,
Куруп жерге түшпөгөн,
Куйруктууда куркулдай.
Таптым бекен, Талим кыз.
Акын болсоң карайын
Дагы айтчы, Залим кыз.
Талим кыз:
Сары жылан чиргелең,
Саамал ичкен ким экен?
Куба жылан чиргелең,
Куруп алган ким экен?
Кумурсканы кой кылып,
Кумга жайган ким экен?
Чегирткени ат кылып,
Черүүгө минген ким экен?
Көпөлөктү куш кылып,
Көл кыдырган ким экен?
Куурчакты кыз кылып43,
Эрге берген ким экен?
Көбөк:
Сары жылан чиргелең,
Саамал ичкен шайтаның.
Кара жылан чиргелең,
Куруп алган шайтаның.
Кумурсканы кой кылып,
Кумга жайган шайтаның.
Чегирткени ат кылып,
Черүүгө минген шайтаның.
Көпөлөктү куш кылып,
Көл кыдырган шайтаның.
Куурчакты кыз кылып,
Эрге берген шайтаның.
Таптым бекен, Талим кыз,
Акын болсоң карайын,
Дагы айтчы, Залим кыз.
Талим кыз:
Алыс менен жууктун,
Ченин алган ким экен?
Ачуу менен таттуунун,
Даамын алган ким экен?
Узун-узун торгундун,
Учунан кыйган ким экен?
Кыска-кыска торгундун,
Түбүнөн кыйган ким экен?
Эки жыгач боорунан,
Эптеп жеген ким экен?
Чырканактын түбүнө,
Үйүн тиккен ким экен?
Эки таштын ортосуна,
Отун жаккан ким экен?
Көбөк:
Алыс менен жууктун,
Ченин алган — жолоочу.
Ачуу менен чүчүүнүн,
Даамын таткан — ашмачы.
Узун-узун торгундун,
Учунан кыйган — уукчу.
Кыска-кыска торгундун,
Түбүнөн кыйган — түндүкчү.
Эки жыгач боорунан,
Эптеп жеген — кырмачы.
Жалгыз жыгач боорунан,
Жарып жеген — чертмекчи.
Чырканактын түбүнө,
Үйүн тиккен — саятчы.
Эки таштын ортосу,
От жакканың — жылкычы.
Таптым бекен, Талим кыз,
Акырын кеп айтышып.

Нурмолдо:
Долононун топ бутак,
Токулдаткан ким болду?
Эки жыгач боорунан,
Эп кыйдырган ким болду?
Жалгыз жыгач боорунан,
Жарып алган ким болду?
Ак жамынчы жамынып,
Кериге чыккан ким болду?
Тумшугу жок куш салып,
Турна алдырган41 ким болду?
Ала-Тоонун боорунан,
Ат ойноткон ким болду?
Кара-Тоонун бооруна,
Казан аскан ким болду?
Он эки та бээ бар,
Алтоо бооз дегеним,
Алтоо кысыр дегеним,
Кара кашка дулдулдун,
Сойгон жери кайсы жер?
Чын Мухаммед өзүнүн,
Койгон жери кайсы жер?
Баркырак сары жылдыздын,
Баткан жери кайсы жер?
Бар олуя биригип,
Жаткан жери кайсы жер?
Тоголок сары жылдыздын,
Баткан жери кайсы жер?
Топ олуя биригип,
Жаткан жери кайсы жер?
Казы ылачын теппеген,
Казда бүтүн бар бекен?
Куу ылачын теппеген,
Кууда бүтүн бар бекен?
Жээ тору ат таман баспаган,
Жерде бүтүн бар бекен?
Жам Кулубек чаппаган,
Кенде бүтүн бар бекен?
Муса:
Долононун топ бутак,
Токулдаткан токмокчу.
Карагай менен ыргайдын,
Башын бууган түндүкчү.
Эки жыгач боорунан,
Эп кыйдырган комузчу.
Жалгыз жыгач боорунан,
Жарып алган челекчи.
Ак жамынчы жамынып,
Кериге чыккан жылкычы.
Тумшугу жок куш салып,
Турна алдырган тузакчы.
Канаты жок ок салып,
Каз алдырган мергенчи.
Казан аскан саятчы.
Он эки та бээ бар
Алтоо бооз дегениң,
Алтоо кысыр дегениң,
Үч ай, токсон, үч ай кыш,
Үч ай жаз, үч ай күз.
Кара кашка дулдулдун,
Сойгон жери Мекедир.
Чын Мухаммед өзүнүн,
Койгон жери Мекедир.
Баркырак сары жылдыздын,
Баткан жери Мекедир.
Бар олуя биригип,
Жаткан жери Мекедир.
Жээ тору ат таман баспаган,
Жерде бүтүн Индостан.
Жам Кулубек чаппаган,
Кенде бүтүн Индостан.
Куу ылачын теппеген,
Кууда бүтүн куркулдай.
Каз ылачын теппеген,
Казда бүтүн карлыгач.
Табышмагың таптымбы,
Оозуңду жаптымбы?

Айган Алты шаардын каны болуп, ордосу Уч деген жерде, кан уюгу деген ордо
болуп, тагы Уч болуп аталган. Бара-бара Турпан деген атак пайда болот. Бул шаар
Уч жерге салынгандыктан Уч, үчкө айланып, Үч турпан болуп кеткен. Бул жердин
каны Айган болуп, баласы токтобой өлүп турат. Бир баласы токтоор бекен деп
ырым кылып, жарташтын бооруна атайлап үй салдырып ошондо бактырат. Бала
6—7 жашка келгенде жемиш менен кара курт барып, баласы Канбачаны
чагып өлтүрөт. Калк чогулуп, Кетбука деген комузчу комуздун күүсү менен
угузат.
Кетбуканын күүсү:
Туу куйругу бир кучак,
Тулпар качты Айганым.
Туурунан бошонуп,
Шумкар качты Айганым.
Алтын така күмүш мык,
Дулдул качты Айганым.
Алтын туур ордунан,
Туйгун качты Айганым.
Алтын ордо багынан,
Булбул качты Айганым.
Деңиз толкуп чайкалып,
Көл бөксөрдү Айганым.
Терек түптөн жулунуп,
Жер бөксөрдү Айганым.
Ала-Тоо кулап бас болуп
Бел бөксөрдү Айганым.
Берекелүү нур качып,
Эл бөксөрдү Айганым.
Төрөлөрдүн уругунан,
Төл бөксөрдү Айганым.
Агын дайра соолуп,
Көл бөксөрдү Айганым.
Кара жандан таптаттуу,
Ынак көчтү Айганым.
Касиети башкача,
Чырак көчтү Айганым.
Айгандын жообу:
Кет-кет Кетбука,
Кеби суук ит Бука.
Карап турган кашыңда
Кашыңда курсун ит Бука.
Күү менен сүйлөгөн
Сөзүң курсун ит Бука.
Комуз чертип ырдаган,
Ырың курсун ит Бука.
Кара жанды кашайткан,
Чырың курсун ит Бука.
Атайы келген алдыма,
Ишиң курсун Кетбука,
Комуз чертип жоруган
Түшүң курсун Кетбука.

Жеңижок:
Баятан айткан сөзүмө
Капа болбо чырагым,
Жүрөгүңдү чыгарып,
Бир аз сени сынадым.
Өйдө өтөт көк дөбөт,
Ылдый өтөт боз дөбөт,
Эки дөбөт айрымын
Акыл менен ким бөлөт?
Барпы:
Өйдө өткөн көк дөбөт
Амал болот, Жеңижок.
Ылдый өткөн боз дөбөт
Шамал болот, Жеңижок.
Муну Барпы билбесе,
Жаман болот Жеңижок.
Жеңижок:
Дүнүйөдө бирөө бар,
Турбай кетет жолунан.
Бөлөк жакка өзүнү
Бурбай кетет оңунан,
Бул эмне болучу?
Барпы:
Өзүң айткан касиет
Адашпаган оңунан,
Тайгылбаган жолунан,
Күндүн өзү, Жеңижок.
Шуну чечпей такалса,
Болбойбу Барпы эби жок!
Жеңижок:
Кыйын жерде көз билген,
Кысталышта сөз билген,
Калышпайсың, карагым,
Ак таңдай акын эстүүдөн.
Ошо, Күндөй жүргүн жолуңда,
Акындык салттын оңунда…

Ракыйма:
Асманда бир жылдыз бар жылыстаган,
Базарда бир ногой бар күл устаган.
Көзөлгөн көмөкөйүң акын болсоң
Сүөгүн Мухаммеддин ким устаган.
Буурабай:
Мухаммеддин сүөгүн апасы куюп, Аалы жууган,
Келме айтып Калый Молдо тыңлап турган.
Эми, өзөк менен өзөк менен,
Болмойду каапыр жолдош Тезек менен,
Өлөңдү мен айтайын кезек менен.
Арпада алың түөң кымбат экен,
«Аллага» төрт периште тил кат экен,
Көзөлгөн көмөкөйүң акын болсо,
О дүйнө, бу дүйнөдө не таттуу экен?
Ракыйма табышмакты чече албай калганда
Буурабай өзү чечет:
Алмага шекер кошкон бал таттуу экен,
Кошулган он бешинде жар таттуу экен,
«Жебирейил периште» укурукту салган чакта,
Бир чымындай жан таттуу экен.
Ракыйманын суроосу боюнча экинчи
табышмагын айтат:
Бүтүптүр ай талаага ак бай терек,
Жаман сөз жарабаган кимге керек.
Көзөлгөн көмөкөйүң акын болсо,
Отуз үч миң жалбырак,
Төрт бутагын тапсаң керек.
Ракыйма муну да чече албайт. Буурабай өзү
Ак бай терек дегеним — ак пайгамбар,
Отуз үч миң дегеним — саабалары,
Төрт бутагы дегеним — төрт чалыяр,
Өлөңүңдү таап алдым, өлөңүңдү ал.

Ыбырай:
Энеси өлсө жетим бала кече болот,
Көзөлгөн көмөкөйүң акын болсоң,
Сакалы өз акеңдин эче болот?
Буурабай:
Кушка алдырбас куу өрдөк жез канаттыр,
«Кудайга» аяң, «периштеге» ак
Сакалын өз акемдин ким санаптыр — деп
табат да, өзү айтат:
Апар-сапар, апар-сапар,
Аштыкчынын колунда ала кап бар,
Акын болсоң алдыңа сал айтайын
Бир дөбөнүн боорунда канча чөп бар?
Ыбырай муну таппайт. Ушуга чейин эч ким
таба элек.

Бөрүбай менен Ибраим бир жыйында айтышып калган экен.
Бөрүбай:
Ала-Тоонун бооруна,
Ат ойноткон ким экен?
Кара-Тоонун боорунда,
Карсылдаткан ким экен?
Өйүз менен бүйүздүн,
Аңышын алган ким экен?
Баркыраган жылдыздын,
Баткан жери кайда экен?
Жамы олуя биригип,
Жаткан жери кайда экен?
Мунун маанисин айтып бер.
Айта албасаң маанисин,
Журттан алган тонуңду
Жай-жайыга кайтып бер.
Ибраим:
Ала-Тоонун боорунда,
Ат ойноткон жылкычы.
Кара-Тоонун боорунда,
Карсылдаткан мылтыкчы.
Өйүз менен бүйүздүн,
Аңышын алган бүркүтчү.
Баркыраган жылдыздын,
Баткан жери кыбыла.
Жамы олуя биригип,
Жаткан жери Медина.
Бөрүбай:
Илек-илек, илген куш,
Тал тагинде балыкты
Бал көргөндөй билген куш.
Путу неге узарган,
Тумшугу неге кызарган?
Мунун маанисин айтып бер.
Айталбасаң маанисин.
Журттан алган тонуңду
Жай-жайыга кайтып бер.
Ибраим:
Илек-илек, илген куш,
Суу тагинда балыкты
Бал көргөндөй билген куш.
Путуну менден сурасаң,
Амир болуп кудайдан
Анан путу узарган.
Тумшугуну сурасаң,
Чокуй берип кызарган.

Барпы уккун тилимди,
Сен келтирдиң мага жиниңди.
Сен кимге айттың табышмак,
Менин ким экеним билдиңби?
Эшмамбет элге ырдаган,
Эл чогулуп сындаган.
Санат ыр менен термени
Ак калпак кыргыз тыңдаган.
Барпы, алты ооз айттың табышмак
Айтканыңа мен уялдым,
Мен табышмагың ырдайын.
Кара тоо башын кар чалса,
Ал энекең болучу?
Житип кеткен жети атаң,
Жети атакең болучу.
Желини сүттүү куу инген,
Ал өз энекең болучу.
Жерди жемире баскан чал буура,
Ал өз атакең болучу.
Узун-узун, узун жол
Учуна чыккан соодагер.
Кыска-кыска, кыска жол
Кырына чыккан соодагер.
Ачуу менен чүчүүнүн,
Даамын таткан ашмачы.

Көр Барпы келип жолукту,
Бар бекен мунун оюнда
Ырдашым деп оолукту.
Барпы ырдайт табышмак:
Эшмамбет, Кара-Тоо башын кар чалган,
Бул эмне болучу?
Кызыл-Тоо башын күн алган,
Бул эмне болучу?
Жетип кеткен жети атам,
Бул эмне болучу?
Желини сүттүү куу инген,
Бул эмне болучу?
Жерди жемире баскан чал буура,
Бул эмне болучу?
Узун-узун, узун жол
Учуна чыккан ким экен?
Кыска-кыска, кыска жол
Кырына чыккан ким экен?
Ачуу менен чүчүүнүн,
Даамын таткан ким экен?

Кыз:
Чөптүн башы эмне?
Суунун башы эмне?
Элдин башы эмне?
Жолдун башы эмне?
Муну таап алчы, Байгабыл.
Байгабыл:
Чөптүн башы мыядыр,
Жолдун башы кыядыр.
Суунун башы дарыя,
Элдин башы карыя.
Тобо теңир, «кудай, а»
Таптым бекен, кудача.
Кыз:
Баракелде, Байгабыл,
Кара ылачын теппеген,
Казда бүтүн бар бекен?
Куу ылачын теппеген,
Кууда бүтүн бар бекен?
Таап алчы, Байгабыл.
Байгабыл:
Кара ылачын теппеген,
Калдайып жерге түшпөгөн.
Казда бүтүн карлыгач.
Куу ылачын теппеген,
Кулдуюп жерге түшпөгөн,
Кууда бүтүн куркулдай.
Кыз:
Үч чырпыктын башынан,
Түйүп алган ким экен?
Жалгыз жыгач башынан,
Ийип алган ким экен?
Кара жыгач түбүнөн,
Казып алган ким экен?
Таап алчы, Байгабыл.
Байгабыл:
Үч чырпыктын башынан,
Түйүп алган саятчы.
Жалгыз чырпык башынан,
Ийип алган түндүкчү.
Кара жыгач түбүнөн,
Кесип алган ээрчи.
Кыз:
Ачуу менен чулунун,
Даамын алган ким экен?
Ыраак менен жакындын,
Ченин алган ким экен?
Түлкү менен бөрүнүн,
Намызын алган ким экен?
Кара тоонун бооруна,
Казан аскан ким экен?
Улуу тоонун бооруна,
Ат ойноткон ким экен?
Кумурсканы кой кылып,
Кумга жайган ким экен?
Чегирткени ат кылып,
Черге минген ким экен?
Кара сууну кайнатып,
Каймак алган ким экен?
Таап алчы, Байгабыл.
Байгабыл:
Ачуу менен чулунун,
Даамын алган ашмачы.
Ыраак менен жакындын,
Ченин алган жортуулчу.
Түлкү менен бөрүнүн,
Намызын алган капканчы.
Кара тоонун бооруна,
Казан аскан кийикчи.
Улуу тоонун бооруна,
Ат ойноткон бүркүтчү.
Кумурсканы кой кылып,
Кумга жайган бу шайтан.
Чегирткени ат кылып,
Черге минген бу шайтан.
Кара сууну кайнатып,
Каймак алган бу шайтан.
Тобо теңир, кудай, я
Таптым бекен, кудача.
Кыз:
Отуз өрдөк, беш чүрөк,
Эки сонор, бир чүрөк
Таап алчы, Байгабыл.
Байгабыл:
Отуз өрдөк дегениң
Отуз күнкү орозоң.
Беш эле чүрөк дегениң
Беш убак эле намазың.
Эки сонор дегениң
Бири улуу айт болбосун да,
Бири кичи айт болбосун.
Жалгыз чүрөк дегениң
Ноорустама болбосун.

Илгери кыргызда бир чоң аш болуп, ошондо Байгабыл деген ырчы келип
ырдап жүрсө, Көк шалкы байдын Чата кыз дегени айтышамын деп келе жатканда
Байгабыл «бул өзү байдын кызы болсо, мен жалаң аттуу жайдак токумдуу бир
киши болсом, кызына жаман кеп айтып жыгып койсом мени өлтүрүп койбойбу»
деп качып берет. Анда баякы кыз артынан бара жатып:
Ай Байгабыл акетай
Арыз айтамын угатур.
Атыңдын башын бура тур.
Ай, Байгабыл акетай
Жооп айтамын угатур.
Жоргоңдун башын бура тур.
Анда Байгабыл токтобой эле:
Атымын башын бурбаймын,
Ай кудача, таяже,
Арзыңды угуп турбаймын.
Жоргомдун башын бурбаймын
Ай кудача, таяже,
Жообуңду угуп турбаймын —
Деп эле кетип бара жатканда Байгабылдын астынан бир жигит чыгып:
— Ой, Байгабыл, сен айтышкын, мен турганда сага өлүм жок, деди.
Ошондо Байгабыл кубаттанып:
Абийирим мындай жабылды,
Атан төөдөй азамат
Ушул жерден табылды.
Ырысымды көрөйүн,
Ырдашып жатып өлөйүн.
Азабымдан көрөйүн,
Сени менен айтышып жаттып өлөйүн — деп, кайрылып келип турду.
Кыз келип:
Ай, Байгабыл, акетай,
Көпкөр кепти таштайлы.
Айтышканга жараша
Санат ырдан баштайлы — деди.
Байгабыл:
Ай, кудача таяже,
Минген атым ток эле
Бекер кыйнап турбагын
Санат ырым жок эле — деди.
Кыз:
Минген атың ток болсо,
Санат ырың жок болсо,
Санат ырды таштайлы,
Табышмактан баштайлы — деди.
Байгабыл:
Ойду бороон боросо,
Тоону бороон боробос,
Ай, кудача, таяже,
Айтышып жеңип алганда
Баякеңдин эч эчтемеси коробос — деди.
Ошондо Чата кыз төмөнкүдөй деп табышмак айтты:
Кара ылачын теппеген,
Калдайып жерге түшпөгөн,
Канатта бүтүн бар бекен?
Куу ылачын теппеген,
Кундуюп жерге түшпөгөн,
Куйрукта бүтүн бар бекен?
Боору бүтүн, башы эсен,
Адамда бүтүн бар бекен?
Муну тапчы Байгабыл?
Байгабыл:
Кара ылачын теппеген,
Калдайып жерге түшпөгөн,
Канатта бүтүн карлыгач.
Куу ылачын теппеген,
Кундуюп жерге түшпөгөн,
Куйрукта бүтүн куркулдай.
Боору бүтүн, башы эсен
Адамда бүтүн «бир кудай»,
Мунун несин айткыдай.
Теңирим тобо, «кудайга, ай»,
Таптык бекен кудача, ай.
Кыз:
Ото тоонун бооруна,
Отоо тиккен ким экен?
Ала-Тоонун бооруна,
Ат ойноткон ким экен?
Алтын казык кактырып,
Бек байлаткан ким экен?
Беш чыбыктын башынан,
Түйүп алган ким экен?
Кара жыгач түбүнөн,
Казып алган ким экен?
Эки жыгач түбүнөн,
Эптеп алган ким экен?
Жалгыз жыгач башынан,
Жарып алган ким экен?
Түн уйкусун үч бөлүп,
Түндө жорткон ким экен?
Жылаңайлак, жылаңбаш,
Суу кыдырган ким экен?
Муну тапчы Байгабыл?
Байгабыл:
Ото тоонун бооруна,
Отоо тиккен жылкычы.
Ала-Тоонун бооруна,
Ат ойноткон бүркүчтү.
Алтын казык кактырып,
Бек байлаткан капканчы.
Беш чыбыктын башынан,
Түйүп алган саятчы.
Кара жыгач түбүнөн,
Казып алган кырмачы.
Эки жыгач түбүнөн,
Эптеп алган ээрчи.
Жалгыз жыгач башынан,
Жарып алган чоорчу.
Түн уйкусун үч бөлүп,
Түндө жорткон каракчы.
Жылаңайлак, жылаңбаш
Суу кыдырган балыкчы.
Мунун несин айткыдай
Теңирим тобо, «кудайга, ай
Таптык бекен, кудача, ай.
Кыз:
Башынан булак бурбаган,
Буруп алыш албаган.
Суусун бөлөк бурбаган,
Ак сары башыл сойбогон,
Сууда бүтүн бар бекен?
Байгабыл:
Башынан булак бурбаган,
Сууда бүтүн Ысык-Көл.
Теңирим тобо, «кудай, ай»
Мунун несин айткыдай
Таптык бекен, кудача, ай.
Кыз:
Ай асмандын эркинде,
Айды берген ким экен?
Күн асмандын эркинде,
Күндү берген ким экен?
Телегейдин баарысын,
Тегиз берген ким экен?
Минип турган атыңды,
Семиз берген ким экен?
Суусап өлүп кетет деп,
Булак берген ким экен?
Өзүң угуп турсун деп,
Кулак берген ким экен?
Ачка өлүп кетет деп,
Аштык берген ким экен?
Аштык салып ичсин деп,
Баштык берген ким экен?
Эгиз бала туудуруп,
Койду берген ким экен?
Тал чыбыктай буралтып,
Бойду берген ким экен?
Муну тапчы, Байгабыл.
Байгабыл:
Ай асмандын эркинде,
Айды берген, «бир кудай».
Күн асмандын эркинде,
Күндү берген, «бир кудай».
Телегейдин баарысын,
Тегиз берген, «бир кудай».
Минип турган атыңды,
Семиз берген, «бир кудай».
Суусап өлүп кетет деп,
Булак берген, «бир кудай».
Өзүң угуп тургун деп,
Кулак берген, «бир кудай».
Ачка өлүп кетет деп,
Аштык берген, «бир кудай»
Аштык салып ичкин деп,
Баштык берген, «бир кудай»
Эгиз бала туудуруп,
Койду берген, «бир кудай».
Тал чыбыктай буралтып,
Бойду берген, «бир кудай».
Мунун несин айткыдай,
Теңирим тобо, «кудай, ай».
Таптык бекен кудача, ай.
Кыз:
Узун-узун, узун жол
Учуна чыккан ким экен?
Жер ортосу боз дөбө,
Болжоп калган ким экен?
Төгөрөктүн төрт бурчун,
Төрт айланган ким экен?
Мээриянын беш бурчун,
Беш айланган ким экен?
Кара кийик терисин,
Кайыш кылган ким экен?
Кара киши баласын,
Каныш кылган ким экен?
Көпөлөктөн куш кылып,
Көл кыдырган ким экен?
Кара сууну кайнатып,
Каймак алган ким экен?
Муну тапчы, Байгабыл.
Байгабыл:
Узун-узун, узун жол
Учуна чыккан жолоочу.
Жер ортосу боз дөбө,
Болжоп калган жылкычы.
Төгөрөктүн төрт бурчун,
Төрт айланган кербенчи.
Мээриянын беш бурчун,
Беш айланган мергенчи.
Кара кийик терисин,
Кайыш кылган мергенчи.
Кара киши баласын,
Каныш кылган суусарчы.
Көпөлөктү куш кылып,
Көл кыдырган бул шайтан.
Кара сууну кайнатып,
Каймак алган бул шайтан.
Мунун несин айткыдай,
Теңирим тобо, кудайга, ай,
Таптык бекен, кудача, ай… — деп, кызды Байгабыл жеңип алып, үйүн көздөй
жүрүп кетиптир.