Илим, билим жонундо

Бул бетте илим, билим жонундо макалдар чыгарылды.

ilim bilim jonundo makal opt
  1. Айдабай аштык чыкпайт, үйрөнбөй билим жукпайт.
  2. Адамдагы эң сонун нерсе — акыл менен билим.
  3. Акыл — деңизден терең, билим — тоодон бийик.
  4. Акыл — деңизден терең, билим — тоодон бийик.
  5. Акыл — тозбогон тон, билим — түгөнбөгөн кенч.
  6. Акыл азбайт, билим тозбойт.
  7. Акыл менен билим эр адамдын сөөлөтү.
  8. Акылдуунун иши дагы акылдуу, билимсиз жан баалай албайт акылды.
  9. Акылдын өбөгү билим, жөлөгү тажрыйба.
  10. Акылы бар билимди самайт, акылы жок кийимди самайт.
  11. Байдасыз билим — жаансыз булут.
  12. Байлыктын баарысы жакшы, барктуусу билим.
  13. Бийикке чыксаң көзүң ачылат, билимдүүгө жолуксаң көңүлүң ачылат.
  14. Билбегенди бил, билимдүү —пир.
  15. Билеги жоон бирди жыгат, билими зор миңди жыгат.
  16. «Билем —билем» дей бербе, билгендерди көргөндө.
  17. Билек жирей албаганды — билим жирейт.
  18. Билемин десен тутулдуң, билбеймин десең кутулдуң.
  19. Билим — адамдын канаты.
  20. Билим — деңиз, акыл — кайык.
  21. Билим — жанып турган чырак.
  22. Билим — жашоо чырагы, өнөр — элдин курамы.
  23. Билим — жашоо чырагы, өнөр — элдин курамы.
  24. Билим — мейман, акыл — ээ.
  25. Билим — оошот, ырыс — жугушат.
  26. Билим — өнөр азыгы, өнөр — эрик казыгы.
  27. Билим — элге, суу — жерге.
  28. Билим алууну бешиктен башта.
  29. Билим болбой, илим болбойт.
  30. Билим издеген өсөөр, бүлүк издеген өчөөр.
  31. Билим көптүк кылбайт, өнөр аздык кылбайт.
  32. Билимден өткөн досуң жок, оорудан өткөн касың жок.
  33. Билимди сатып албайт, аны казып алат.
  34. Билимди элден изде, алтынды жерден изде.
  35. Билимдин кени китепте.
  36. Билимдин күчтүүсү — адамдык.
  37. Билимдүү баарына түшүнөт, билимсиз өз ишине күтүлөт.
  38. Билимдүү билимин берет, акылдуу акылын берет.
  39. Билимдүү билсе да сурайт, билимсиз билбесе да сурабайт.
  40. Билимдүү бөлмөк — оңой, адам болмок — кыйын.
  41. Билимдүү болсоң озорсуң, билимсиз болсоң осолсуң.
  42. Билимдүү зор, билими жок кор.
  43. Билимдүү өлсө кагазда каты калат, уста өлсө балтасы менен чоту калат.
  44. Билимдүү көп, билген аз, күйүмдүү көп, күйгөн аз.
  45. Билимдүү мээге салат, билимсиз мээден алат.
  46. Билимдүүгө дүйнө — жарык, билим өмүр азыгы.
  47. Билимдүүгө дүйнө жарык.
  48. Билимдүүдө бедер бар, билимсизде нелер бар.
  49. Билимдүүдөн акыл сура.
  50. Билимдүүнүн — билими жугат, билимсиздин —ириңи жугат.
  51. Билимдүүнүн белгиси, билгенин келет бергиси, акылдуунун белгиси, акылын келет бергиси.
  52. Билимдүүнүн билими жугат, билимсиздин кири жугат.
  53. Билимдүүнүн сөзү өткүр, мергенчинин көзү өткүр.
  54. Билимдүүнүн түнү — күн, билимсиздин күнү — түн.
  55. Билими бар — ар балаадан кутулат, билими жок — миң балаага тутулат.
  56. Билими жокко күн да түн.
  57. Билимиңди элге бере албасаң бекерсиң.
  58. Билимсиз бирди көрсө, билимдүү миңди көрөт.
  59. Дүйнөнүн шамы — билим, жашоонун шамы — эмгек.
  60. Жакшылык болсо билип ал, жаш куракта билим ал.
  61. Жер — ырыстын киндиги, билим — ырыстын тизгини.
  62. Жердин көркү — эгин, эрдин көркү — билим.
  63. Жылдыздын көбү — асмандын көркү, билимдин көбү — акылдын көркү.
  64. Илим — ийне менен кудук казгандай.
  65. Илим — окуу булагы, өнөр — турмуш чырагы.
  66. Илим — турмуш чырагы, өнөр — эрдин куралы.
  67. Илим — элдин көркү, токой — жердин көркү.
  68. Илим акылдын кайрагы.
  69. Илим албай — мактанба, өнөрлүү болбой — баптанба.
  70. Илим башка жугат, кына ташка чыгат.
  71. Илим өнөрсүз болбойт, куш канатсыз болбойт.
  72. Илим — тозбогон кудук, билбеген киши —дудук.
  73. Илимдин падышасы — акыл, сөздүн падышасы — макал.
  74. Илимдүү баштайт, илимсиз ээрчийт.
  75. Илим—элге, суу — жерге.
  76. Ишке ашпаган илим—жемишсиз дарак, ишке ашчу илим инсанды ойго жеткирет.
  77. Кийим менен мактанбай, билим менен мактан.
  78. Китеп — билим ачкычы.
  79. Китеп — билимдин булагы.
  80. Күч кетет, билим кетпейт.
  81. Окуу — билим азыгы, билим — ырыс азыгы.
  82. Окусаң озосуң, окубасаң тозосуң.
  83. Окуган — жарык, окубаган — чарык.
  84. Окуганыңды айтпай, токуганыңды айт.
  85. Окуй берсең — көзүңдү ачат, отура берсең жалкоолук басат.
  86. Окуу — билим азыгы, билим — ырыс азыгы.
  87. Окуу — жакшылык, окуусуз — караңгылык.
  88. Окуунун түбү жок.
  89. Өмүрдүн чеги бар, илимдин чеги жок.
  90. Өмүрдөн өткөн бакыт жок, өнөрдөн өткөн билим жок.
  91. Өнөр — аккан булак, билим — күйгөн чырак.
  92. Суу — жерге, илим (билим, байлык)— элге.
  93. Тобокелге салгандык—илимден артта калгандык.
  94. Ырыс жугушат, билим (же акыл) оошот.
  95. Эмгек — дайра, билим — кеме.
  96. Эмгекчинин — эмгеги байлык, билимдүүнүн — пикири байлык.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

5 − один =